Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 203
  • 204
  • 205
  • 206
  • 207
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#4081 Пользователь офлайн   jai   10 Август 2016 - 14:19

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: 28 Июн 2025 23:33

Кой,сиз мага назар салбаныз,
Издегенден талбаныз.
Коруп калып жакшысын,
"Аттин" -деп,сыздап калбаныз)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4082 Пользователь офлайн   kaidasyn   10 Август 2016 - 15:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Ойлонбо "jai"-ым ал жагын,
Бир сени озум тандадым.
Жакшысы чыкса карабайм,
Оор турат сенин салмагын.

Ватсапптан, номер алышып,
Королу бир ааз жазышып.
Не кылмак элем жакбасам
Анан сага мен "jai"-ым жабышып.

Купуяна барайын,
Номеринди алайын.
Кандай кыз болду бул "jai"-ым,
Суротун коруп алайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4083 Пользователь офлайн   kaidasyn   10 Август 2016 - 15:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения nargis (10 Август 2016 - 10:00) жазган:

Коз ачын жумганча эле жылдар отот
Бул жашын сен айтканга качан жетет
Он келсе бакыт кушун учурбагын
Жакшы кыз оз жарыны таап кетет.

Мейли иним сен айткандай боло калсын
Жакшы "кыз" оз жанындан оорун тапсын
Айтчы анда "билимин ким?" "кесибин ким?"
Озуно, ашык кыздар ,окуп алсын.



Ооба отот турбайт жаштык ордунда,
Ойдогуну айтып эже койдум да.
Жакшылар кетсе жакшысы бар артында,
Жакшылар басат эже кеткендин ордун да.

Ооба,эже он келген бакыт кушун кутуп журом,
Жалгыз жатып тошогумдо ушуп журом.))
Жылытаар адам издеп азырынча,
Чуркап мен ар куну бышып журом.

Ашык кыздар жок да эже форумда,
Андыктан кесибим жазыш жок эже менин оюмда.
Ырчыларга окшоп ырдап калчу адатым бар,
Аспабым бар жалгыз азыр колумда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4084 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Август 2016 - 02:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Ассолому алейкум!
Анырап калды уйубуз,
Эки кун тынбай киришкен.
Эки кыз очту унунуз,
Эркектер жок зеериктим
Эрмектешкен адам жок.
Кыздар да жок зеериктим,
Кызганганга адам жок.
Кызыксыз болот негедир,
Колдоп келген караан жок.


Каарылык келет акырын,
Олумго баштап жакынын.
Каарыганча ойноп-кулолу да,
Жаштыктын коруп асылын.
Жакындарыбыз менен бир болуп,
Сезели анын баркынын.
Согунбой жакшы иш кылалы,
Создордун суйлоп алтынын.
Кулдуруп дайым журолу,
Башканын жазып жарпынын.


Кыргызда аккан канча жаш,
Кыйналып журуп ар жерде.
Кыйналып дале иштешет,
Кыргыздар журот канча элде?
Кыйналса да билгизбей,
Ичинен эле ушкурот.
Алар коргон жашоону,
Мекенинен алыста жургондун кобу тушунот.


Бутка турам деп коюп,
Окууну бутуп коптору
"Мигрант" -болуп кетишкен.
"Мигрант" -болбой журбойт белек,
Мамлекет болсо жетишкен.
Окууну буто электери,
Калышты айыл жактарда.
Техникалар онугуп,
Кызыкбай кобу калышты
Кулук-кулук аттарга.
Суу жок куурап кооп айыл,
Картайды турган бактар да.
Эч-нерсе калбай калды да,
Саясатчылар сатканга.
Суур,кекилик калбады мергенчилер атканга,
Садиктер жакшы ачылды бирок,балдарды карап бакканга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4085 Пользователь офлайн   nargis   13 Август 2016 - 07:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кош колунда комуз бар ,кырчындай иним кандайсын.
Калчап ,калчап создордун ,кереметин тандайсын .
Намыстуу кыргыз жигити,
Ойлонуп кыргыз элимди
Ой толгоонду жазыпсын
Нааразы болуп бийликке
Саясатка арык казыпсын

Анысын коё турайын
Созду озумо бурайын
Колдоп келген эжендин
Себебинен улайын

Жай бийкечке жармашып
Ватсап номер сурадын
Жаштарга оорун берейн деп
Анан четтеп турамын
Таанышуунар не болду
Кепти шодон улагын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4086 Пользователь офлайн   nargis   13 Август 2016 - 07:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кош колунда комуз бар ,кырчындай иним кандайсын.
Калчап ,калчап создордун ,кереметин тандайсын .
Намыстуу кыргыз жигити,
Ойлонуп кыргыз элимди
Ой толгоонду жазыпсын
Нааразы болуп бийликке
Саясатка арык казыпсын

Анысын коё турайын
Созду озумо бурайын
Колдоп келген эжендин
Себебинен улайын

Жай бийкечке жармашып
Ватсап номер сурадын
Жаштарга оорун берейн деп
Анан четтеп турамын
Таанышуунар не болду
Кепти шодон улагын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4087 Пользователь офлайн   narime   13 Август 2016 - 07:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 31 Янв 2021 11:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:@@@@@@@@

Просмотр сообщения kaidasyn (12 Август 2016 - 20:06) жазган:

Ассолому алейкум!
Анырап калды уйубуз,
Эки кун тынбай киришкен.
Эки кыз очту унунуз,
Эркектер жок зеериктим
Эрмектешкен адам жок.
Кыздар да жок зеериктим,
Кызганганга адам жок.
Кызыксыз болот негедир,
Колдоп келген караан жок.


Каарылык келет акырын,
Олумго баштап жакынын.
Каарыганча ойноп-кулолу да,
Жаштыктын коруп асылын.
Жакындарыбыз менен бир болуп,
Сезели анын баркынын.
Согунбой жакшы иш кылалы,
Создордун суйлоп алтынын.
Кулдуруп дайым журолу,
Башканын жазып жарпынын.


Кыргызда аккан канча жаш,
Кыйналып журуп ар жерде.
Кыйналып дале иштешет,
Кыргыздар журот канча элде?
Кыйналса да билгизбей,
Ичинен эле ушкурот.
Алар коргон жашоону,
Мекенинен алыста жургондун кобу тушунот.


Бутка турам деп коюп,
Окууну бутуп коптору
"Мигрант" -болуп кетишкен.
"Мигрант" -болбой журбойт белек,
Мамлекет болсо жетишкен.
Окууну буто электери,
Калышты айыл жактарда.
Техникалар онугуп,
Кызыкбай кобу калышты
Кулук-кулук аттарга.
Суу жок куурап кооп айыл,
Картайды турган бактар да.
Эч-нерсе калбай калды да,
Саясатчылар сатканга.
Суур,кекилик калбады мергенчилер атканга,
Садиктер жакшы ачылды бирок,балдарды карап бакканга.

Азаматсын! !! Озумдун укамсин да.Дагы да болсо,акындар айтышын гулдотуп, создун гулун терип,форумга жакшы маанай тартуулай бер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4088 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Август 2016 - 10:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Жай,бийкеч мага жаккан да,
Жакшы жубай болот деп ойлогом
Каарыган кезде бакканга.))
Жабышып ага тартылсам,
Жок эже ошол бойдон качкан да.
Жонун эми эстетбен,
Журок кургур Жай,ымды унутуп жатканда.))

Токтотуп азыр турайын,
Кол бошосун туруп турун
Калганын анан келип улайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4089 Пользователь офлайн   kaitpas   13 Август 2016 - 12:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Кетирип көптүн айласын,
Көздөгөн элдин пайдасын.
Төкмөлүк жактан шыгы бар,
Аманбы акын Кайдасың?
Сөздөрдүн терип "майдасын"
Ырлардын курап саймасын.
Акындык жактан шыгы бар,
Эсенсиңби Кайдасың?

Суроолуу никти жамынып,
Мен үчүн чыны жаңылык.
Ким "имиш" деген ой менен.
Ат салдым "че то" жаңылып....
Этият кылып жооптойсуң,
Калбайын буттан чалынып.
Берилип кетсем иш калып,
Кетире албайсың анан жалынып...

Эскилер эстен танганбы?
Же акындыгы жалганбы?
Көрбөдүм көптөн бери эле
Барс, Усср, Ликви балбанды.
Унутта койсок болбостур,
Айылга "асфальт" салганды.
Бир жанып өчкөн жалындай,
Кызматты кылып калганды.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4090 Пользователь офлайн   nurka_85   13 Август 2016 - 14:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 166
  • Катталган: 28 Февраль 12
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия, Красноярск

Кандайсынар акындар
Коодону ырга жакындар
Коптон бери корунбой
Колокодо жаткандар.
Карап корсом бул жакты
Кобойуп абдан кеткенби
Тугой издеп жаткандар.
Кубандырат албетте
Жаштардын кобу жамактап
Айтышып ырдап жаткандар.
Корунбой кобу калыптыр
Соз гулдорун баккандар.

Келгиле анда баарынар
Кечке эле арзуу айтышпай
Бир тема алып талкуулап
Тарткылашып королу
Болбосок да Аалыдай
Бакылдашып королу
Катылып жаткан коодондо
Ой гулдорун терели
Чебердеп токуп ырларды
Соз берметин терели.
Эмнени айтып ырдайбыз
Келгиле анда акылдашып королу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4091 Пользователь офлайн   kaidasyn   14 Август 2016 - 00:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Аял бакыт,аял деген энедир,
Аял сулуу,аял аруу немедир.
Апамды эстеп аз кундо эле сагынып,
Апалардан ырдагым келди негедир.

Аял кызын,аял апан уйдогу,
Аял деген кее бироонун суйгону.
Апалардын кадамдары баскан жер,
Алтындан да кымбат экен билгени.

Апалар бар дуйно жарык биз учун,
Апа карайт оз баласын куну-тун.
А бирок ай ошол бала актабайт,
Апа баккан бапестеген умутун.

Апа деген аты сонун жарашкан,
Апаларга омур берсин жараткан.
Апасы учун аз да болсо куйгонго,
Бейишинен орун берсин Жараткан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4092 Пользователь офлайн   kaidasyn   14 Август 2016 - 01:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения kaitpas (13 Август 2016 - 12:20) жазган:

Кетирип көптүн айласын,
Көздөгөн элдин пайдасын.
Төкмөлүк жактан шыгы бар,
Аманбы акын Кайдасың?
Сөздөрдүн терип "майдасын"
Ырлардын курап саймасын.
Акындык жактан шыгы бар,
Эсенсиңби Кайдасың?

Суроолуу никти жамынып,
Мен үчүн чыны жаңылык.
Ким "имиш" деген ой менен.
Ат салдым "че то" жаңылып....
Этият кылып жооптойсуң,
Калбайын буттан чалынып.
Берилип кетсем иш калып,
Кетире албайсың анан жалынып...

Эскилер эстен танганбы?
Же акындыгы жалганбы?
Көрбөдүм көптөн бери эле
Барс, Усср, Ликви балбанды.
Унутта койсок болбостур,
Айылга "асфальт" салганды.
Бир жанып өчкөн жалындай,
Кызматты кылып калганды.



Амандыгым сураган,
Ар-кандай создор улаган.
Акындын озу келди эми,
Соз учугун улаган.

Кайтпас,акын кыйын да,
Ырдаса керек деп ойлойм
Той-топурда, жыйында.
Конкрент болуп чыга келет,
Ар-дайым эле кыйынга.))
Анда эмесе баштадым мен,
Ар-кандай создор чыгып кетет
Жаза турган ырымда.

Акын эмес,жон эле мен адаммын чынын да,
Акын болуш бизге ага негедир абдан кыйын да.
Ырдап деле корбогом,
Эл чогулган жыйында.
Жон эле акын айтышты угуп кееде журомун,
Ошолордой болсом деп женимди кееде туромун.
Уксам дейм мен да ар куну,
Бакырган элдин суроонун.
Негедир эле дилимден,
Уйкашкан созду суйомун.
Коруп алып айтышты,
Жыргап мен абдан куломун.

Билдирүүнү түзөткөн: kaidasyn: 14 Август 2016 - 02:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4093 Пользователь офлайн   nargis   14 Август 2016 - 02:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ии кана жигиттер
Кеп кезеги келиптир
Акындар келип мурдагы
Жакшы ырлар териптир
Жогору бироо айткандай
Жакшы тема ачкыла
Кызыгып уккан адамдын
Алкышына таткыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4094 Пользователь офлайн   kaitpas   14 Август 2016 - 15:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Көтөрүп акын намысын,
Төгөлү ырдын жаңысын.
Төкмөлүк өнөр аз эле
Бүт дүйнө бизди таанысын.
Күзөтүп четтен калысым,
Бааласа ырдын жарышын.
Комузду колго алгыла
Чакырам мында баарысын.

Деп, ырдан "шиңгил" баштадым,
Айтышка кадам таштадым...
Күйөрман болсо форумда
Жыргамак ырдан жаш жаным.
Көңүлүн бурсам башканын,
Билиңиз ырга шашканым.
"Шоколад" жеген немедей
Жыргамак эле жаш жаным.

Көрүнбөй калдык чынында,
Азгырылып бир аз "тыйынга"
Ыр менен тойбойт курсак деп,
Иштебесең азыр кыйын да.
Катышпай көп ыр жыйынга,
Айтышуу деген оюнга.
Камчылап кеттик алыска,
Ала-куржун моюнда...

Келгенче чаңды тазалап,
Ыр менен көптү жазалап.
Ким келсе дароо айтышкан
Кайдасың акын азамат.
Эки сөз курап ыр кылган
Дагы ким уйкаш жаза алат?
Көбөйгөн тура айылда
Көз көрүп, дилиң тазарат.

Жаңыдан таанып турамын,
Кыздарга көңүл бурамын.
Айымдар жүрсө айтышып,
Кимдигин келди сурагым.
Сенби же сизби дей албай
Наргиз айымдын жаш курагын.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4095 Пользователь офлайн   nargis   14 Август 2016 - 17:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Турмушун эшек араба
Туулсан калдын балаага
Тытынып иштеп журушот
Кыргызым ботон калаада

Оодарып таштап туйшукту
Форумга кайра келипсин
Чыныгы акын окшойсун
Соз мончогун терипсин
Баарысына коз салып
Озумо суроо берипсин

Сурапсын мейли айтайын
Жаш элемин жездене
Жон эле сурооп келгенмин
Мактанбайын шердене
Силерди окуп кызыгып
Жазып койдум мен деле

Маалыматын карасам
Иним болот экенсин
Жаш дебегин Андыктан
Жакшы ырлар коп жазгын
Колдоп четте турайын
Калыс болуп силерге
Жообунага ыр сунайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4096 Пользователь офлайн   Shaa-82   14 Август 2016 - 22:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Оо азаматтар болот экенгоСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4097 Пользователь офлайн   akylbekovich   14 Август 2016 - 22:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 207
  • Катталган: 03 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 21:38

:кола-жүгөрү:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4098 Пользователь офлайн   kaidasyn   15 Август 2016 - 00:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Экии акын кылып басымын,
Этекте калдым басылып.
Экоосу жаман коркутат го,
Келгендин баарын качырып.))
Экоосуно соз менен,
Койсом окшойт асылып.
Кайтпас агам Наргиз,жеге
Соз айтат го шашылып,
Калганбы дейм Кайтпас,ага
Наргиз,жеге ашыгып.

Мейли эми тамаша,
Бул жагын эми таштайын.
Макул болсо башкалары,
Башка создон баштайын.

Кыргызстан, деген мамлекет,
Ар-жерден кетти согулуп.
Башкалар кетти онугуп,
Биз калдык ага комулуп.
Кедей деген статус,
Алып калдык болунуп.
Акча,сурап ар-жактан
Тыйылбай "Президент" -аягы,
Ар-жерде иштеп журушот
Кыргыздын,эркек- аялы.
Ошентсе да онукбой,
Мамлекет турат баягы.

Карызга,алып акчаны,
Карабай алар башканы.
Корунсо да эл айтбай,
Какшатат мени карап туруп
Сатканды айтбай жатканы.

120-депутат карашбайт азыр башканы,
Жургон жери ак-уйдо
Жашы алтымыш ашканы.
Пенсияга,кетишбей,
Аларга эмне жетишбей?
Журушот далее кызматта,
Же бир маселе чечишбей.

Алар го мейли иштесин,
Аракты,опшуп ичпесин.
Ажыкем,айтса жакшы соз,
Ага да алар тийишбесин.

Ажыкем,чи жанагы,
Алты миллиен Кыргыздын.
Чубак (ажы) агайы,
Аферистер,аны айыптап,
Жаман соз менен сабады.
Бул терорист,жон эмес деп,
Андан кумон санады.

Тероист,болуп ажыкем бизден эмне аяды,
Кунт коюп угат кобу аны тасирлуу болот баяны.
Баарына эле белгилуу го,
Туурабы? Эми аягы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4099 Пользователь офлайн   Zhannarbek   15 Август 2016 - 00:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 26 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 01:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения kaidasyn (28 Июль 2016 - 02:51) жазган:

Аманмын да Жора,
Жактыбы сага тор а?
Жыйырма беште айтышты корсон,
Мындан кийин дайыма бул жакка конул бол а?

Абалым менин жакшыраак,
Айтайын эми жакшылап.
Атым айтбайм а бирок,
Укбаганын жакшыраак.

Жерим менин сурасан,
Ээн талаалар кенири.
Азыр бойдок убагым,
Издеп жургон теними.
Бойдок кыздар болсо айт,
Куйоо бала болуп мен сага
Коройун сенин жерини эээ..


Жакшылап келсе Кыргыздар,
Сурасша тууган болчу эле.
Кайсы уруудан экенин сурашып да койчу,
Жети атасын билгенди азамат деп койчу эле.
Мен дагы сенден сурайын,
Ата-бабан,жашаган эл
Кайсы уруудан болчу эле эээ..

Коптон бери кирбедим,
Колум бошобой калды эле.
Акындар кобоюп кетиптир,
Булар мурда кайда эле.
Ата-Бабам сурадын,
Айтып берем шарт эле...

Кайсы уруудансын деп сурадын,
уруум болот "Мундуз" тан.
Эми озундон сурайын,
Болосун кайсы уруудан?


Атынды айтпай койдун,
А мен болсо тим болдум...

Билдирүүнү түзөткөн: Zhannarbek: 15 Август 2016 - 00:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4100 Пользователь офлайн   kaidasyn   15 Август 2016 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Zhannarbek (15 Август 2016 - 00:15) жазган:

Коптон бери кирбедим,
Колум бошобой калды эле.
Акындар кобоюп кетиптир,
Булар мурда кайда эле.
Ата-Бабам сурадын,
Айтып берем шарт эле...

Кайсы уруудансын деп сурадын,
уруум болот "Мундуз" тан.
Эми озундон сурайын,
Болосун кайсы уруудан?


Атынды айтпай койдун,
А мен болсо тим болдум...



Экообуз айтышкан кундон бери
Кыйла кун отту арадан,
Качан жазат болду экен деп,
Бул жакты тез-тез карагам.
Акындар жетип эрезеге,
Чонойду да баладан.))

Атым болсо айтканга оной,
Сен Учун болуп турайын
Азырынча "Азамат" .
Чынында башка туурасы,
Коюлуп калган азан ат.

Уурум болсо Жорудан
Тараган досум билип жур,
Жору корсон кокустан,
Тууган деп башын ийип жур.
Коп куттурбой мындан кийин,
Бул жакка тез-тез кирип жур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 203
  • 204
  • 205
  • 206
  • 207
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июн 2025 04:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: