Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#622 30 Май 2009 - 21:01
Ушуну менен "Айтыштын"
- 2 туру аягына чыкты окшойт, эмесе ушул турдун катышуучулары,
баарынарга терен ыраазычылык билдирип кетим келет. Талантынар ташкый(туура жаздымбы ушул созду?) берсин, калеминер озу эле чие берсин, тандайынардан ырлар чуурула берсин. Канча кундон бери коп адамдарга жакшы маанай тартууладынар,
ырларынарды окуп канчадан бери бекилип жаткан сырынарга, ичинердеги бугунарга биз тилектеш болдук. Чоооооон рахмат алтышкалар,
бар болгула дайыма ушул форумдун багына!
Урматым менен Анара Кытаевна, АеЧКа.
Р/S: Тан атаар менен ушул турдун жыйынтыгын окуйсунар (буюрса).
Урматым менен Анара Кытаевна, АеЧКа.
Р/S: Тан атаар менен ушул турдун жыйынтыгын окуйсунар (буюрса).
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#623 30 Май 2009 - 21:17
"Ташкый берсин" туура эмес, "Ташкындай берсин" десе туура болот го!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#624 30 Май 2009 - 21:23
Чоооон рахмат Барс акын, ошол созду унутуп коюптурмун.
Талантынар ташкындай берсин акындар!!
!
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#625 01 Июнь 2009 - 18:00
Айтыштын келип акыры,
Акындар кутуп жатыры.
Ким болот деп бул жолу
Айтыштын чын баатыры?
Антсе да биздин байкоодо
Акындар бар саналуу.
Атай кетсек аларды,
Ашык болбос, жарамдуу.
Мырзалардан: Барс ага,
СССР жана Вайс ага.
Лимон, Жека, Эдилбай,
Айтыштын коркун чыгарып,
Ал жакта бир топ ой айтып,
"Алышып" да, "чабышып"
Акыры кайра "табышып"
Алышты бугун чыгарып.
Бийкечтерден: Аруужан,
Архи менен Ханзада,
Аечка да бул жакта
Конулкош болбой бул тапта,
Ыр майрамын курушту.
Бирин-бири угушту,
Бири-бирине ар дайым
Дем-куч берип турушту.
Эми,
Бар болгула, акындар,
Ыр дуйного жакындар.
Муну менен токтобой
Алдыга дайым жылынар.
Кыргыздын ушул онорун
Аздектеп алып журолу,
Кыргыз учун куйолу!
Акындар кутуп жатыры.
Ким болот деп бул жолу
Айтыштын чын баатыры?
Антсе да биздин байкоодо
Акындар бар саналуу.
Атай кетсек аларды,
Ашык болбос, жарамдуу.
Мырзалардан: Барс ага,
СССР жана Вайс ага.
Лимон, Жека, Эдилбай,
Айтыштын коркун чыгарып,
Ал жакта бир топ ой айтып,
"Алышып" да, "чабышып"
Акыры кайра "табышып"
Алышты бугун чыгарып.
Бийкечтерден: Аруужан,
Архи менен Ханзада,
Аечка да бул жакта
Конулкош болбой бул тапта,
Ыр майрамын курушту.
Бирин-бири угушту,
Бири-бирине ар дайым
Дем-куч берип турушту.
Эми,
Бар болгула, акындар,
Ыр дуйного жакындар.
Муну менен токтобой
Алдыга дайым жылынар.
Кыргыздын ушул онорун
Аздектеп алып журолу,
Кыргыз учун куйолу!
#626 01 Июнь 2009 - 21:59
Ассалому алейкум,
Саламым айтам калкыма.
Улуу, кичүү, тең курбу,
Жана олтурган жалпыңа.
Ырдап турам мен азыр,
Ырчыларга көргөзгө н,
Ыраазы болуп шартыңа.
Айрыкча, айтам ырахмат
Еретик иним мырзага.
Ар дайым турсун айтылып,
Арноо, Мактоо ыр сага. ( ”Мактоо ыр”- Ода)
Өрүк комуз ыйгарды.
Ийгиликтү ү болду бейм,
Дал экинчи тур мага.
Комуздун болсо дээшти,
Кадамжайлык устасы.
Жалгыз даана чабат дейт,
Жок имиш башка нускасы.
Буйрук болсун дегиле,
Илинип турмай болду окшойт.
Аксылык үйдүн төрүндө .
Ал комуз эми кыскасы.
Анан кантип айтпайсың ,
Аечка сындуу айымды.
Алмашпас элем аны мен.
Алдыма койсо Айыңды.
Жолго таштайт ар кандай,
Чык татырбас байыңды.
Аечканын эсептен,
Анча эле байге сайылды.
Ошондуктан ”Айтыштын”
Ооматы элге жайылды.
Акындардын ичинде.
Ажайып экен Жека акын.
Айтышып алы жетпейт-ов,
Ар кандай эле жеке акын.
Айткан сөзү орундуу,
Алмаз сындуу бек акын.
Ар кандай жерде мактаса,
Даңктаса анын эп атын.
Мындай акын форумга,
Кире бербейт ай сайын.
Жека менен айтышып,
Ар ыкма менен чарпышып,
Ырахатка батканды,
Ыраазы болуп айтайын.
Кийинкиси Вайс акын,
Билинбейт анын кесиби,
Философбу, биологбу?
Сымап издеп, жер кезсе,
Же чалгынчы геологбу?
Акындыгы жогору,
Кара сөз жазса эгерде,
Жолго таштап кетчүдө й,
Чыныгы орус Беловду!
Акырын келип чарпышы,
Элестет кишиге,
Америкалык елиотту. (Америкадагы жырткыч жаныбардын атын туура эмес жазсам, оңдоп кой!..)
Андан соң айтуу керек го,
Айтылуу Лимон акынды.
Экинчи турда элирип,
Эң эле сонун ачылды.
Ордуна келип келатат,
Сөзүнү н тузу татымы.
Өзү алгач тийишип,
Келтирип алат ”кашыңды” .
Чычалайт жооп сөз айтсаң,
Чырга бир аз жакын бу.
”Ушинте берсем дайыма,
Жегизбейм” ,- дейби акымды?
Сүйгөнү мө жетсем дейт,
Жери анын алыс, жакынбы.
Жеңилбес акын болот го,
Жетилген кезде акыры...
”Айтыштын” өзүн баштаган,
Айтыштан такыр качпаган,
СССР деген акындын
Кызматын айтып мактасам:
Кишинин көөнү н оорутуп,
Жаман сөз бир да айтпаган,
Бет алган ишин бүтөрбө й,
Бет буруп артка кайтпаган.
Чоң акын гана эмес ал,
Баарыбызга башкарма.
Үлгүлү ү жүрүш- турушу,
Үлгү болчу жаштарга.
Күлүп гана кутулат,
Калбай калса башка арга.
Күкүк болуп сайрайт да,
Көз алдыңа келтирет
Көк көйнөк кыздын элесин.
Аны окуп алып кайра эле,
”Айтышка” калбай келесиң.
Акын деген ушул деп,
Аргасыз там бересиң.
Ак таңдай акын-СССР,
Аны сен
Айтышып кантип жеңесин! !!
Алардан кийин ак көйнөк
Аруунун ырын уктук биз.
Ажайып көркөм ырынан,
Ак чокуга чыктык биз.
Анын ыры- дарыя,
Кошулуп ага актык биз.
Жоготуп алган илхамды,
Дал ошерден таптык биз.
Айласыз ооз ачылып,
Алакан чаап жибердик.
Кушубак кылчу ырларын,
Кучакка тарта имердик.
Көңү лгө келип чоң ойлор,
Жоголду бизден кибирдик. (”кибирдик” -”майдалык” деген мааниде.)
Булактай тунук ырларын,
Чаңкообуз канбай, шимирдик...
Алтындай акын Архини,
Айтпасам болбос тарпини. (”тарпи” -Барпы акын пайдаланган сөз. ”Жөн-жайын, ажайыптыгын” деген мааниде.)
Атпай форум акыны,
Лимонбайдын жаркыны.
Ажайып ырлар жараттың ,
Акындар билет баркыңы.
Тилинде мөөр курчу бар,
Калемпир менен мурчу бар.
Беттешкенден качышты,
Менменсинген ырчылар.
Мен кыйын деп турчулар.
Гүлдөсү н дайым жаш чагың,
Өңү ңдөн эч бир азбагын.
Айта турган ырыңды,
Мындан да мыкты саздагын.
Курч болоттой, Архитай,
Ушунуңдан жазбагын.
Ырын угуп Меринин,
Кайрадан дагы ээридим.
Талантты дагы аябай,
Тартуулаптыр Теңирим!
Айтыла элек ыры көп,
Жазыла элек сыры көп,
Элестетет анда шык,
Эльбурс тоонун сеңирин.
Дүбүртү жерди жаңырткан
Дагы бир акын Ханзада.
Ырыңа канбайт угарман,
Сөзүң ө сезим канса да...
Көп жигиттер ырыңан,
Түшүп жүрөт ”танцага” .
Жөн уктурбай бийлеткен,
Жакшы жактан ”бан” сага!!! Хе-хе!
Турушуң жанды тамшантат,
Туш келет кандай жан сага!??
Ылайым эле жолуксун,
Ырды сүйгөн хан сага!!!
Жашылы менен баарыңа,
Жашын берсин арчанын.
Таарынбагын акындар,
Баарыңды санап бүтө албай,
Бабырап жатып чарчадым.
Соолубасын талантың ,
Сообун алгын канчанын.
Илхамың өчпөй эч качан,
Иштериң жүрсүн барчаңын. ( ”барчаңын”-”баарыңын”)
Саламым айтам калкыма.
Улуу, кичүү, тең курбу,
Жана олтурган жалпыңа.
Ырдап турам мен азыр,
Ырчыларга көргөзгө н,
Ыраазы болуп шартыңа.
Айрыкча, айтам ырахмат
Еретик иним мырзага.
Ар дайым турсун айтылып,
Арноо, Мактоо ыр сага. ( ”Мактоо ыр”- Ода)
Өрүк комуз ыйгарды.
Ийгиликтү ү болду бейм,
Дал экинчи тур мага.
Комуздун болсо дээшти,
Кадамжайлык устасы.
Жалгыз даана чабат дейт,
Жок имиш башка нускасы.
Буйрук болсун дегиле,
Илинип турмай болду окшойт.
Аксылык үйдүн төрүндө .
Ал комуз эми кыскасы.
Анан кантип айтпайсың ,
Аечка сындуу айымды.
Алмашпас элем аны мен.
Алдыма койсо Айыңды.
Жолго таштайт ар кандай,
Чык татырбас байыңды.
Аечканын эсептен,
Анча эле байге сайылды.
Ошондуктан ”Айтыштын”
Ооматы элге жайылды.
Акындардын ичинде.
Ажайып экен Жека акын.
Айтышып алы жетпейт-ов,
Ар кандай эле жеке акын.
Айткан сөзү орундуу,
Алмаз сындуу бек акын.
Ар кандай жерде мактаса,
Даңктаса анын эп атын.
Мындай акын форумга,
Кире бербейт ай сайын.
Жека менен айтышып,
Ар ыкма менен чарпышып,
Ырахатка батканды,
Ыраазы болуп айтайын.
Кийинкиси Вайс акын,
Билинбейт анын кесиби,
Философбу, биологбу?
Сымап издеп, жер кезсе,
Же чалгынчы геологбу?
Акындыгы жогору,
Кара сөз жазса эгерде,
Жолго таштап кетчүдө й,
Чыныгы орус Беловду!
Акырын келип чарпышы,
Элестет кишиге,
Америкалык елиотту. (Америкадагы жырткыч жаныбардын атын туура эмес жазсам, оңдоп кой!..)
Андан соң айтуу керек го,
Айтылуу Лимон акынды.
Экинчи турда элирип,
Эң эле сонун ачылды.
Ордуна келип келатат,
Сөзүнү н тузу татымы.
Өзү алгач тийишип,
Келтирип алат ”кашыңды” .
Чычалайт жооп сөз айтсаң,
Чырга бир аз жакын бу.
”Ушинте берсем дайыма,
Жегизбейм” ,- дейби акымды?
Сүйгөнү мө жетсем дейт,
Жери анын алыс, жакынбы.
Жеңилбес акын болот го,
Жетилген кезде акыры...
”Айтыштын” өзүн баштаган,
Айтыштан такыр качпаган,
СССР деген акындын
Кызматын айтып мактасам:
Кишинин көөнү н оорутуп,
Жаман сөз бир да айтпаган,
Бет алган ишин бүтөрбө й,
Бет буруп артка кайтпаган.
Чоң акын гана эмес ал,
Баарыбызга башкарма.
Үлгүлү ү жүрүш- турушу,
Үлгү болчу жаштарга.
Күлүп гана кутулат,
Калбай калса башка арга.
Күкүк болуп сайрайт да,
Көз алдыңа келтирет
Көк көйнөк кыздын элесин.
Аны окуп алып кайра эле,
”Айтышка” калбай келесиң.
Акын деген ушул деп,
Аргасыз там бересиң.
Ак таңдай акын-СССР,
Аны сен
Айтышып кантип жеңесин! !!
Алардан кийин ак көйнөк
Аруунун ырын уктук биз.
Ажайып көркөм ырынан,
Ак чокуга чыктык биз.
Анын ыры- дарыя,
Кошулуп ага актык биз.
Жоготуп алган илхамды,
Дал ошерден таптык биз.
Айласыз ооз ачылып,
Алакан чаап жибердик.
Кушубак кылчу ырларын,
Кучакка тарта имердик.
Көңү лгө келип чоң ойлор,
Жоголду бизден кибирдик. (”кибирдик” -”майдалык” деген мааниде.)
Булактай тунук ырларын,
Чаңкообуз канбай, шимирдик...
Алтындай акын Архини,
Айтпасам болбос тарпини. (”тарпи” -Барпы акын пайдаланган сөз. ”Жөн-жайын, ажайыптыгын” деген мааниде.)
Атпай форум акыны,
Лимонбайдын жаркыны.
Ажайып ырлар жараттың ,
Акындар билет баркыңы.
Тилинде мөөр курчу бар,
Калемпир менен мурчу бар.
Беттешкенден качышты,
Менменсинген ырчылар.
Мен кыйын деп турчулар.
Гүлдөсү н дайым жаш чагың,
Өңү ңдөн эч бир азбагын.
Айта турган ырыңды,
Мындан да мыкты саздагын.
Курч болоттой, Архитай,
Ушунуңдан жазбагын.
Ырын угуп Меринин,
Кайрадан дагы ээридим.
Талантты дагы аябай,
Тартуулаптыр Теңирим!
Айтыла элек ыры көп,
Жазыла элек сыры көп,
Элестетет анда шык,
Эльбурс тоонун сеңирин.
Дүбүртү жерди жаңырткан
Дагы бир акын Ханзада.
Ырыңа канбайт угарман,
Сөзүң ө сезим канса да...
Көп жигиттер ырыңан,
Түшүп жүрөт ”танцага” .
Жөн уктурбай бийлеткен,
Жакшы жактан ”бан” сага!!! Хе-хе!
Турушуң жанды тамшантат,
Туш келет кандай жан сага!??
Ылайым эле жолуксун,
Ырды сүйгөн хан сага!!!
Жашылы менен баарыңа,
Жашын берсин арчанын.
Таарынбагын акындар,
Баарыңды санап бүтө албай,
Бабырап жатып чарчадым.
Соолубасын талантың ,
Сообун алгын канчанын.
Илхамың өчпөй эч качан,
Иштериң жүрсүн барчаңын. ( ”барчаңын”-”баарыңын”)
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#627 01 Июнь 2009 - 22:46
ээээээ кандай кандай кындар
барсынарбы ырга жакындар
келдим менда бир карап
ырлардан силерге арнап
илхамым келсе жазамын
келбесе качып каламын
(хи хи хи окшошпой калдыбы?)
барсынарбы ырга жакындар
келдим менда бир карап
ырлардан силерге арнап
илхамым келсе жазамын
келбесе качып каламын
(хи хи хи окшошпой калдыбы?)
#628 02 Июнь 2009 - 09:58
Барс ага жана СССР,
Мэрини мактап салыптыр.
Бул создорго Мэри кыз
Кубанып бир алыптыр.
Ошону менен бирге эле
Уялып бир калыптыр.
.........
Антсе да бул онордун
Билемин оор экенин.
Ошондуктан дайыма
Абайлап мен келемин.
Жакшы чыксын ырым деп
Аракет кылып журомун.
.......
Аздан жазсам эгер мен
Ал - мааниге конул болгонум.
Жоопкерчиликтин бул жерде
Чон экенин сезгеним.
.........
Бар болгула акындар,
Кыргыздан чыккан кыраандар.
Кобойо берсин ушинтип
Кыргыз деп куйуп-жангандар.
Мэрини мактап салыптыр.
Бул создорго Мэри кыз
Кубанып бир алыптыр.
Ошону менен бирге эле
Уялып бир калыптыр.
.........
Антсе да бул онордун
Билемин оор экенин.
Ошондуктан дайыма
Абайлап мен келемин.
Жакшы чыксын ырым деп
Аракет кылып журомун.
.......
Аздан жазсам эгер мен
Ал - мааниге конул болгонум.
Жоопкерчиликтин бул жерде
Чон экенин сезгеним.
.........
Бар болгула акындар,
Кыргыздан чыккан кыраандар.
Кобойо берсин ушинтип
Кыргыз деп куйуп-жангандар.
#629 03 Июнь 2009 - 21:51
Жымжырттык го бул жерде?
Эч ким унун кошпойбу...
Акындарга аут- тайм
Берип койгон окшойбу...
Же кечээ кечке сел журуп,
Копуро таппай журушот...
Же бензиндер кымбаттап
Унаа издеп журушот...
Айтышка жолду МАИ лер,
Бууп койгон ондонот...
Азилдеп койдум туугандар,
Силерсиз айтыш кор болот...
Эч ким унун кошпойбу...
Акындарга аут- тайм
Берип койгон окшойбу...
Же кечээ кечке сел журуп,
Копуро таппай журушот...
Же бензиндер кымбаттап
Унаа издеп журушот...
Айтышка жолду МАИ лер,
Бууп койгон ондонот...
Азилдеп койдум туугандар,
Силерсиз айтыш кор болот...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#630 03 Июнь 2009 - 22:55
Салам айттык жалпыга
Суперфорум калкына
Сагынып кайра мен келдим
Супер.kg сайтына.....
Эрте менен турганда
Суперден кунум башталат
Ооо тун бир оокумда
Суперден мени уйку алат.....
Анчамынча чарчасам
окуп бир журсом ырахат
Жасаган ушул форумду
Супер-инфого ырахмат.....
Эмиии....акындар чарчап тургансыйт
Экинчи турду аяктап
Жее.....утуп алган сыйлыгын
Журушкондур майрамдап... ..
Анда эмесе келгиле
Айтышыбыз уланат
Куттурбостон эл журтту
Учунчу тур башталат.....
Суперфорум калкына
Сагынып кайра мен келдим
Супер.kg сайтына.....
Эрте менен турганда
Суперден кунум башталат
Ооо тун бир оокумда
Суперден мени уйку алат.....
Анчамынча чарчасам
окуп бир журсом ырахат
Жасаган ушул форумду
Супер-инфого ырахмат.....
Эмиии....акындар чарчап тургансыйт
Экинчи турду аяктап
Жее.....утуп алган сыйлыгын
Журушкондур майрамдап... ..
Анда эмесе келгиле
Айтышыбыз уланат
Куттурбостон эл журтту
Учунчу тур башталат.....
#631 04 Июнь 2009 - 00:00
Ассалому алейкум,
Ырдайлы илхам барында,
Ыр калбасын ылайым,
Калса калсын, аш калса..
Баариң жакшы ачылат,
Бардык эле иштерди,
СССРдей башкарса:
“Үчүнчү туру “Айтыштын”,
Башталды! ”- дейби башкарма?
Аябай эле эс алдык,
Башталсынчы башталса.
Мен да ырым төгөйү н,
Аралашып жаштарга.
“Айтыш” деген теманы.
Тапкан жанга ырахмат.
Аны колдоп ыр ырдап,
Жаткандарга ырахмат.
Байгеге кошуп кызыл тил
Чапкандарга ырахмат.
Демөөрчү болуп колдошуп,
Дүнүйө сүн ыр үчүн,
Чачкандарга ырахмат.
Убакытын коротуп,
Күнү-тү нү форумга
Киргендерге бали дейм.
Айтылган сайын сыр чыгып,
Алтындай сөздү ыр кылып,
Илгендерге бали дейм.
Акак сөздөр табышып,
Ырдагандарга бали дейм.
Ак сүйүү сүн нак айтып.
Жыргагандарга бали дейм.
Калжың сөзгө көңү лүн.
Бурбагандарга бали дейм.
Айтсаң кооз көркөмдү ү,
Аскар зоолуу жер бизде.
Айтканда ыры төгүлгө н,
Акындыктан эр бизде.
Анда эмесе, СССР,
Үчүнчү турга карата,
Тапшырмаң ды бер бизге.
Оймок ооз, кымча бел.
Кыздар бизде бойтогой,
Ырын уксаң алардын,
Таң каласың ой тообо ой!..
Алар да даяр турушат,
Бул турда кантип ырдайбыз?
СССР акын, айта гой!!!
Ырдайлы илхам барында,
Ыр калбасын ылайым,
Калса калсын, аш калса..
Баариң жакшы ачылат,
Бардык эле иштерди,
СССРдей башкарса:
“Үчүнчү туру “Айтыштын”,
Башталды! ”- дейби башкарма?
Аябай эле эс алдык,
Башталсынчы башталса.
Мен да ырым төгөйү н,
Аралашып жаштарга.
“Айтыш” деген теманы.
Тапкан жанга ырахмат.
Аны колдоп ыр ырдап,
Жаткандарга ырахмат.
Байгеге кошуп кызыл тил
Чапкандарга ырахмат.
Демөөрчү болуп колдошуп,
Дүнүйө сүн ыр үчүн,
Чачкандарга ырахмат.
Убакытын коротуп,
Күнү-тү нү форумга
Киргендерге бали дейм.
Айтылган сайын сыр чыгып,
Алтындай сөздү ыр кылып,
Илгендерге бали дейм.
Акак сөздөр табышып,
Ырдагандарга бали дейм.
Ак сүйүү сүн нак айтып.
Жыргагандарга бали дейм.
Калжың сөзгө көңү лүн.
Бурбагандарга бали дейм.
Айтсаң кооз көркөмдү ү,
Аскар зоолуу жер бизде.
Айтканда ыры төгүлгө н,
Акындыктан эр бизде.
Анда эмесе, СССР,
Үчүнчү турга карата,
Тапшырмаң ды бер бизге.
Оймок ооз, кымча бел.
Кыздар бизде бойтогой,
Ырын уксаң алардын,
Таң каласың ой тообо ой!..
Алар да даяр турушат,
Бул турда кантип ырдайбыз?
СССР акын, айта гой!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#632 04 Июнь 2009 - 02:00
Вау, мен да келдим сагынып
Жазайын деп камынып
Салам айтсам ким угат?
Алик алчу ким турат?
2- турду аяктап
Акындарым эс алды
Бирок суусап калгандай
Издешиптир бул жакты
Еретиктин алып бирдигин
Купундашып суйунот
Ыраазы болуп баарысы
Ырахматын айтышат
Менден бирдик кете элек
"очередьдеп" салалы
Алдым деп менден белекти
Лимон "уже" адашты.
Буюрса белек салынат
Номерине акындар
Жигит бутсун жонотуп
Ар-бирине бирдикти
Ошооол эми акындар
Мага абдан жакындар
3-турду баштайлы
USSR койсо талапты.
Жазайын деп камынып
Салам айтсам ким угат?
Алик алчу ким турат?
2- турду аяктап
Акындарым эс алды
Бирок суусап калгандай
Издешиптир бул жакты
Еретиктин алып бирдигин
Купундашып суйунот
Ыраазы болуп баарысы
Ырахматын айтышат
Менден бирдик кете элек
"очередьдеп" салалы
Алдым деп менден белекти
Лимон "уже" адашты.
Буюрса белек салынат
Номерине акындар
Жигит бутсун жонотуп
Ар-бирине бирдикти
Ошооол эми акындар
Мага абдан жакындар
3-турду баштайлы
USSR койсо талапты.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#633 04 Июнь 2009 - 17:34
Оп балли учунчу тур башталды,Архидея саламыны таштады.
Амандык сурап жай сурап
Келдим мына ыр курап
Таланты бийик акындар
Калбасын эч ак оюнар
Ал акбалын сурайын
Сак амансынбы тууганым
Мен да карап турбайын
Учунчу тур айтышка
Дагы ырлар курайын
Акындар менен айтышып
Бир топ женил алайын
Учунчу турду кызытып
Вайс акыным кириптир
Аралашып жаштарга
Барс акыным келиптир
Ыраазычылык билдирип
Эки созду кийдирип
СССРим келиптир
Жакшы тема жарат деп
Аечка эжем келиптир
Азамат ушул эжемда
Ереттик мырза авамда
Демоорчу болуп бериптир
Сиздер бизди колдосон
Алахым силер колдосун
Ар убакта кунунор
Кубаныч менен толгосун
Эмне дейм эми акындар
Эсендештик эмесе
Эй ,кудай бер береке
Тема берсе бир байке
Сунулат анда ыр кесе
Экинчи тур айтышта
Нечен менен айтышкам
Суйуу созго жакындап
Сезимдер менен калкыгам
Мындан кийин сиз менен
Калышпай эми айтышам
Кана кеттик акындар
Токмо акын туугандар
Сиздей улуу инсандар
Журогу ырга жакындар
Жарал бербейт дуйнодо
Тилинде балы тамгандар
Тороло бербейт кун деле
Толкундап жаткан илхамдар
Жарала бербейт кундо эле
Кулку менен шаттык да
Улана бербейт кундо эле
Айтышып жургон кундор да
Келе бербейт кундо эле
Кийин барып турмушта
Ак кагаз болуп тарыхта
Калат экен чын эле
Анда эмесе келгиле
Булбулдай сайрай бергиле
Кудайым берсе куч кубат
Кундо ырдап бергиле.
Амандык сурап жай сурап
Келдим мына ыр курап
Таланты бийик акындар
Калбасын эч ак оюнар
Ал акбалын сурайын
Сак амансынбы тууганым
Мен да карап турбайын
Учунчу тур айтышка
Дагы ырлар курайын
Акындар менен айтышып
Бир топ женил алайын
Учунчу турду кызытып
Вайс акыным кириптир
Аралашып жаштарга
Барс акыным келиптир
Ыраазычылык билдирип
Эки созду кийдирип
СССРим келиптир
Жакшы тема жарат деп
Аечка эжем келиптир
Азамат ушул эжемда
Ереттик мырза авамда
Демоорчу болуп бериптир
Сиздер бизди колдосон
Алахым силер колдосун
Ар убакта кунунор
Кубаныч менен толгосун
Эмне дейм эми акындар
Эсендештик эмесе
Эй ,кудай бер береке
Тема берсе бир байке
Сунулат анда ыр кесе
Экинчи тур айтышта
Нечен менен айтышкам
Суйуу созго жакындап
Сезимдер менен калкыгам
Мындан кийин сиз менен
Калышпай эми айтышам
Кана кеттик акындар
Токмо акын туугандар
Сиздей улуу инсандар
Журогу ырга жакындар
Жарал бербейт дуйнодо
Тилинде балы тамгандар
Тороло бербейт кун деле
Толкундап жаткан илхамдар
Жарала бербейт кундо эле
Кулку менен шаттык да
Улана бербейт кундо эле
Айтышып жургон кундор да
Келе бербейт кундо эле
Кийин барып турмушта
Ак кагаз болуп тарыхта
Калат экен чын эле
Анда эмесе келгиле
Булбулдай сайрай бергиле
Кудайым берсе куч кубат
Кундо ырдап бергиле.
#634 04 Июнь 2009 - 18:02
Эми мындай калайык
Кенешип биз да алалык
Ынтымак мен суйлошуп
Учунчу турга баралык.....
Экинчи турда "хан" болдум
Озумчул "жаман" жан болдум
Отугум торго илгемин
Озумду озум билгемин
Озумо жаккан теманы
Баарынарга бергемин....
Демократия доорунда
Бул кылганым ката го
Кайсы темада ырдашты
Салайын жалпы ортого....
Бир бутумго келген сон
Чогуу тема тандайлы
Андан кийин аз аздан
Чогуу чаран ырдайлы...
Кенешип биз да алалык
Ынтымак мен суйлошуп
Учунчу турга баралык.....
Экинчи турда "хан" болдум
Озумчул "жаман" жан болдум
Отугум торго илгемин
Озумду озум билгемин
Озумо жаккан теманы
Баарынарга бергемин....
Демократия доорунда
Бул кылганым ката го
Кайсы темада ырдашты
Салайын жалпы ортого....
Бир бутумго келген сон
Чогуу тема тандайлы
Андан кийин аз аздан
Чогуу чаран ырдайлы...
#635 04 Июнь 2009 - 23:19
Башталгыча жаңы тур,
Баштайын сөздү ырааттап.
Дем берген ушул "Айтышка" ,
Демөөрчү лөргө ырахмат!
Акындын калбай баарысы,
Көп бирдиктү ү болушту.
Еретик деген жигиттен
Аябай кооз, добуштуу,
Алдым мен өрүк комузду.
Жаңырытып ырдайм деп турам,
Ала-Тоо- Ата конушту.
Ар ким эле кыла албайт,
”Айтышка” мындай сооп ишти.
”Айтыштагы” байге деп,
Аечка салды беш жүз сом.
Байкап турган кишиге,
Байлык бул билсең эпсиз чоң.
Анткенимдин себеби,
Мунун сыйлык деген аты бар.
Кубаныч берген тартууга,
Муну оор салмак заты бар.
Ошондуктан, досторум,
”Айтышта” жеңип алгандын,
Өзүнчө сонун шарты бар.
Жөнөкө й алган беш миңден,
Өйдө турган наркы бар.
Оголе бийик баркы бар.
Алкыш айтам баарыңа,
Сый алган акын катары.
Үчүнчү турда ачылсын,
Көп акындын ажары...
Улана берсин түгөнбө й,
”Айтыштын” узу-ун сапары!
Күүлдө сүн, гүлдөсү н,
Күн сайын кызып "базары"...
Баштайын сөздү ырааттап.
Дем берген ушул "Айтышка" ,
Демөөрчү лөргө ырахмат!
Акындын калбай баарысы,
Көп бирдиктү ү болушту.
Еретик деген жигиттен
Аябай кооз, добуштуу,
Алдым мен өрүк комузду.
Жаңырытып ырдайм деп турам,
Ала-Тоо- Ата конушту.
Ар ким эле кыла албайт,
”Айтышка” мындай сооп ишти.
”Айтыштагы” байге деп,
Аечка салды беш жүз сом.
Байкап турган кишиге,
Байлык бул билсең эпсиз чоң.
Анткенимдин себеби,
Мунун сыйлык деген аты бар.
Кубаныч берген тартууга,
Муну оор салмак заты бар.
Ошондуктан, досторум,
”Айтышта” жеңип алгандын,
Өзүнчө сонун шарты бар.
Жөнөкө й алган беш миңден,
Өйдө турган наркы бар.
Оголе бийик баркы бар.
Алкыш айтам баарыңа,
Сый алган акын катары.
Үчүнчү турда ачылсын,
Көп акындын ажары...
Улана берсин түгөнбө й,
”Айтыштын” узу-ун сапары!
Күүлдө сүн, гүлдөсү н,
Күн сайын кызып "базары"...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#636 05 Июнь 2009 - 08:29
Коп акын келип кириптир,
Ырларын мында илиптир.
Ак ниеттен Барс аке
Ак тилегин тизиптир
Теманы сурап СССР.
Тапшырманы бериптир.
Жалпы акындын баарысы
жашы жана карысы
Учунчу турга баралы,
Угуп терган элдерди
уютуп гана салалы
Туура келсе баарына
Ырдайлы анда ЗАМАНДЫ
Ырларын мында илиптир.
Ак ниеттен Барс аке
Ак тилегин тизиптир
Теманы сурап СССР.
Тапшырманы бериптир.
Жалпы акындын баарысы
жашы жана карысы
Учунчу турга баралы,
Угуп терган элдерди
уютуп гана салалы
Туура келсе баарына
Ырдайлы анда ЗАМАНДЫ
#637 05 Июнь 2009 - 08:36
Коп акын келип кириптир,
Ырларын мында илиптир.
Теманы сурап СССР.
Тапшырманы бериптир.
Учунчу турга баралы,
Угуп
Ырдайлы анда ЗАМАНДЫ
Ырларын мында илиптир.
Теманы сурап СССР.
Тапшырманы бериптир.
Учунчу турга баралы,
Угуп
Ырдайлы анда ЗАМАНДЫ
теманы айтты Аруу кыз
Дагы кимде сунуш бар?
Менимче ЗАМАН темасы
Абыдан эле дурустай....
#638 05 Июнь 2009 - 16:29
Цитата(Jeka @ 5.6.2009, 16:23) <{POST_SNAPBACK}>Аруунун сунушун колдойм, анткени ЗАМАН - универсалдуу тема. Баарын айтса боло берет заманга байланыштырып.
Эми менин сунушум:
СССР досумун ачкан темасы "Акындар айтышы" деп аталат, бирок биздики дайыма дебейин, бирок көбүнчө жеке ой-пикирди чагылтуу, терме болуп кетип жатат.
Ал эми айтышта акындар бири-бири менен берилген теманын алкагында айтышат. Ошондуктан айтышка катышкандар баары бири-бири менен темага жараша айтышсак жакшы болоор эле. Мисалы, мен Барс аке, Вайс, СССР, Лимон, Аечка, Архидей, Аруу, Мэри, Ханзаада ж.б. жаңы кошулган акындар менен, а калгандары да ошондой. Ошондо ким менен кимдин айтышы кандай болгонун байкамакпыз, үйрөнмө кпүз дегендей. Не дейсиздер акын достор?[/quote]
Туура колдойм Жеканы мына ошондо айтыш айтышка окшойт.Заман, Ыйман,К
ыргыз элинин турмушу,азыркы жаштарды сыноо,келечек, туурал
уу да соз айтсак болобу?
СССР досумун ачкан темасы "Акындар айтышы" деп аталат, бирок биздики дайыма дебейин, бирок көбүнчө жеке ой-пикирди чагылтуу, терме болуп кетип жатат.
Ал эми айтышта акындар бири-бири менен берилген теманын алкагында айтышат. Ошондуктан айтышка катышкандар баары бири-бири менен темага жараша айтышсак жакшы болоор эле. Мисалы, мен Барс аке, Вайс, СССР, Лимон, Аечка, Архидей, Аруу, Мэри, Ханзаада ж.б. жаңы кошулган акындар менен, а калгандары да ошондой. Ошондо ким менен кимдин айтышы кандай болгонун байкамакпыз, үйрөнмө кпүз дегендей. Не дейсиздер акын достор?[/quote]
Туура колдойм Жеканы мына ошондо айтыш айтышка окшойт.Заман, Ыйман,К
ыргыз элинин турмушу,азыркы жаштарды сыноо,келечек, туурал
уу да соз айтсак болобу?
#640 06 Июнь 2009 - 14:39
Аруу деген акын кыз,
"Айтыштагы" теманы,
ЗАМАНА деп болжоду.
Башкармабыз СССР,
Аны дароо колдоду.
Жека болсо ”Айтыштын” ,
Жол-жобосун оңдоду.
Колдошуптур негедир,
Архи менен Ханзада,
Кара сөз менен болгону.
Ыр менен айт да оюңду,
Ишибиз го ал колдогу.
Бүтөрсө к кантет, акындар,
Кезексиз алган ”отпускту” .
Ырдачу элек дайыма,
Санап күндөн отузду.
Мындагылар баарыбыз,
Сыйлык алган жаныбыз,
Демөөрчү күтүп дагы бир,
Жаман көнгөн жокпузбу?
Болбосо неге башталбайт,
Булбулдардын жарышы?
Алиге чейин ташталбайт,
Дулдулдардын арышы?
Отура берсек ушинтип,
Күн батат да күн чыгат.
Акындардан алгычкы,
Кана, кимден үн чыгат?
Эмесе баштап берейин,
Мага кана ким чыгат?
Мурун кандай болду эле,
Азыр кандай заманың?
Азыркы жана мурунку,
Жакшы менен жаманын.
Иргеп ырдап берели,
Кооз, куник таманын.
Ырда дагы, баянда,
Жетишинче чамаңын.
Образын түзөлү ,
Көрсөтө лү баарына
Азыркы заман Адамын.
"Айтыштагы" теманы,
ЗАМАНА деп болжоду.
Башкармабыз СССР,
Аны дароо колдоду.
Жека болсо ”Айтыштын” ,
Жол-жобосун оңдоду.
Колдошуптур негедир,
Архи менен Ханзада,
Кара сөз менен болгону.
Ыр менен айт да оюңду,
Ишибиз го ал колдогу.
Бүтөрсө к кантет, акындар,
Кезексиз алган ”отпускту” .
Ырдачу элек дайыма,
Санап күндөн отузду.
Мындагылар баарыбыз,
Сыйлык алган жаныбыз,
Демөөрчү күтүп дагы бир,
Жаман көнгөн жокпузбу?
Болбосо неге башталбайт,
Булбулдардын жарышы?
Алиге чейин ташталбайт,
Дулдулдардын арышы?
Отура берсек ушинтип,
Күн батат да күн чыгат.
Акындардан алгычкы,
Кана, кимден үн чыгат?
Эмесе баштап берейин,
Мага кана ким чыгат?
Мурун кандай болду эле,
Азыр кандай заманың?
Азыркы жана мурунку,
Жакшы менен жаманын.
Иргеп ырдап берели,
Кооз, куник таманын.
Ырда дагы, баянда,
Жетишинче чамаңын.
Образын түзөлү ,
Көрсөтө лү баарына
Азыркы заман Адамын.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия