Ээ Барс ава,Барс ава
Ким даайт сиздей адамга?
Жараса жарайт Жека "дос"
Чакырайын жардамга....
Сурунузду коргондо
Коркуп аз-маз турамын
Каргылданган ун менен
Торт сапты аран курадым.....
Шыгынызга там берип
Таазим этип турамын
Сиздей кулук инсанга
Даай албай жарышка
Ташыркап турат туягым.....
Сизге ылайык того албай
Барс ава,чыны уялдым
Чоочуп кеткен илхамды
Алдап-соолап чакырып
Ырымды аран курадым
Талантым сиздей кучтуу эмес
Куурадым ай,куурадым.
...
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#642 06 Июнь 2009 - 15:48
Олдо, СССР, акыным.
Көңү лгө абдан жакыным.
Мактайсың -ов, мактайсың ,
Ошентип жатып сен мени ,
ар балээден сактайсың .
Анткен менен неге сен,
жаштардан анан таппайсың .
Ырдайлы деп тезирээк,
Аларга өзүң айтпайсың .
Качан эми баштайт деп,
Канча болду күттүм да.
Башталбай калат окшойт деп,
Араң шунча түттүм да.
Анан ырдап чыктым да.
Дагы свет өчтү я....
Көңү лгө абдан жакыным.
Мактайсың -ов, мактайсың ,
Ошентип жатып сен мени ,
ар балээден сактайсың .
Анткен менен неге сен,
жаштардан анан таппайсың .
Ырдайлы деп тезирээк,
Аларга өзүң айтпайсың .
Качан эми баштайт деп,
Канча болду күттүм да.
Башталбай калат окшойт деп,
Араң шунча түттүм да.
Анан ырдап чыктым да.
Дагы свет өчтү я....
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#643 06 Июнь 2009 - 17:12
3-туру "Айтыштын"
Башталып да калыптыр.
Теманы сурап СССР
Форумга суроо салыптыр.
Анда Аруу мындай дейт:
- Заманды кошуп ырда,- дейт.
Баарына жагып бул тема
Колдоптур аны Жека.
Эшигин ачып "Айтыштын"
Барс ага келип шашылып
Суроону таштап бул жерге
Кетиптир кайра "жашынып" .
Башталып да калыптыр.
Теманы сурап СССР
Форумга суроо салыптыр.
Анда Аруу мындай дейт:
- Заманды кошуп ырда,- дейт.
Баарына жагып бул тема
Колдоптур аны Жека.
Эшигин ачып "Айтыштын"
Барс ага келип шашылып
Суроону таштап бул жерге
Кетиптир кайра "жашынып" .
#644 06 Июнь 2009 - 17:45
Эми жазып баштасам,
УПСим калды чыйкылдап.
Ток өчкөндө дайыма,
Адаты анын кыйкырмак...
Ошондон улам баарысын,
Айталбай калган элем мен.
Абдан мактап жибердиң ,
Араң эле "желем" мен.
"Айтышта" керек бир кары,
деген үчүн тынбастан,
Дем бергени келем мен.
Сыйлык алдым "Айтыштан" ,
Качпайын деп ырдадым,
Аксакал деген атым бар,
Баштайын деп ырдадым.
Эгер жаштар айтышса,
Алардын угуп айтышын,
Келип эле турат жыргагым.
Коркутпа, СССР, жаштарды,
Атым Барс болгон менен да,
Менин жок апчы-ыр "тырмагым" .
Жактырбайм аны билесиң,
Негизи жок чыр жагын.
Түгөл турган жалпы акын,
Көтөрсө к деген тилегим,
Төкмөлү ктүн "кырманын" ...
...Кыздардан күтөм ырлардын,
Патири менен ширманын.
Өксүбө йт билем айтышта,
ырдаган акын бир дагын...
Жазында форум биригип,
Тигалбай калдык арманда
Супердин сулуу гүл багын.
Келгиле эми "Айтышта" ,
Оң болот дайым айтышка
Тигели "Супер Ыр багын!"
Тартынбастан ырдап сал,
Келип турса ырдагың.
Сенин ошол "Ыр бакка",
Көчөтү ң тиккен-ырларың ...
P.S.
Ток келгенде компту күйгүзү п,
Адатымча шашылып.
Ырымдын жазып калганын,
Илген кезде ашыгып,
Меринин ырын окудум...
Кечигипмин баары бир
Кычышкан "жерим" кашынып...
Капталдан Мери согуптур:
"Суроону таштап бул жерге,
Кетиптир,- деп -"жашынып" ...
Кайра келдим алдыңа,
Кечир, Мери, "баш уруп"...
Качпайт элем мынчалык,
Жарык (ток) койду жашырып...
УПСим калды чыйкылдап.
Ток өчкөндө дайыма,
Адаты анын кыйкырмак...
Ошондон улам баарысын,
Айталбай калган элем мен.
Абдан мактап жибердиң ,
Араң эле "желем" мен.
"Айтышта" керек бир кары,
деген үчүн тынбастан,
Дем бергени келем мен.
Сыйлык алдым "Айтыштан" ,
Качпайын деп ырдадым,
Аксакал деген атым бар,
Баштайын деп ырдадым.
Эгер жаштар айтышса,
Алардын угуп айтышын,
Келип эле турат жыргагым.
Коркутпа, СССР, жаштарды,
Атым Барс болгон менен да,
Менин жок апчы-ыр "тырмагым" .
Жактырбайм аны билесиң,
Негизи жок чыр жагын.
Түгөл турган жалпы акын,
Көтөрсө к деген тилегим,
Төкмөлү ктүн "кырманын" ...
...Кыздардан күтөм ырлардын,
Патири менен ширманын.
Өксүбө йт билем айтышта,
ырдаган акын бир дагын...
Жазында форум биригип,
Тигалбай калдык арманда
Супердин сулуу гүл багын.
Келгиле эми "Айтышта" ,
Оң болот дайым айтышка
Тигели "Супер Ыр багын!"
Тартынбастан ырдап сал,
Келип турса ырдагың.
Сенин ошол "Ыр бакка",
Көчөтү ң тиккен-ырларың ...
P.S.
Ток келгенде компту күйгүзү п,
Адатымча шашылып.
Ырымдын жазып калганын,
Илген кезде ашыгып,
Меринин ырын окудум...
Кечигипмин баары бир
Кычышкан "жерим" кашынып...
Капталдан Мери согуптур:
"Суроону таштап бул жерге,
Кетиптир,- деп -"жашынып" ...
Кайра келдим алдыңа,
Кечир, Мери, "баш уруп"...
Качпайт элем мынчалык,
Жарык (ток) койду жашырып...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#645 06 Июнь 2009 - 17:49
Эми жазып баштасам,
УПСим калды чыйкылдап.
Ток өчкөндө дайыма,
Адаты анын кыйкырмак...
Ошондон улам баарысын,
Айталбай калган элем мен.
Абдан мактап жибердиң ,
Араң эле "желем" мен.
"Айтышта" керек бир кары,
деген үчүн тынбастан,
Дем бергени келем мен.
Сыйлык алдым "Айтыштан" ,
Качпайын деп ырдадым,
Аксакал деген атым бар,
Баштайын деп ырдадым.
Эгер жаштар айтышса,
Алардын угуп айтышын,
Келип эле турат жыргагым.
Коркутпа, СССР, жаштарды,
Атым Барс болгон менен да,
Менин жок апчы-ыр "тырмагым" .
Жактырбайм аны билесиң,
Негизи жок чыр жагын.
Түгөл турган жалпы акын,
Көтөрсө к деген тилегим,
Төкмөлү ктүн "кырманын" ...
...Кыздардан күтөм ырлардын,
Патири менен шарманын.
Өксүбө йт билем айтышта,
ырдаган акын бир дагын...
Жазында форум биригип,
Тигалбай калдык арманда
Супердин сулуу гүл багын.
Келгиле эми "Айтышта" ,
Оң болот дайым айтышка
Тигели "Супер ЫР багын!"
Тартынбастан ырдап сал,
Келип турса ырдагың.
Сени ошол "Ыр бакка",
Көчөтү ң тиккен ырларың.. .
УПСим калды чыйкылдап.
Ток өчкөндө дайыма,
Адаты анын кыйкырмак...
Ошондон улам баарысын,
Айталбай калган элем мен.
Абдан мактап жибердиң ,
Араң эле "желем" мен.
"Айтышта" керек бир кары,
деген үчүн тынбастан,
Дем бергени келем мен.
Сыйлык алдым "Айтыштан" ,
Качпайын деп ырдадым,
Аксакал деген атым бар,
Баштайын деп ырдадым.
Эгер жаштар айтышса,
Алардын угуп айтышын,
Келип эле турат жыргагым.
Коркутпа, СССР, жаштарды,
Атым Барс болгон менен да,
Менин жок апчы-ыр "тырмагым" .
Жактырбайм аны билесиң,
Негизи жок чыр жагын.
Түгөл турган жалпы акын,
Көтөрсө к деген тилегим,
Төкмөлү ктүн "кырманын" ...
...Кыздардан күтөм ырлардын,
Патири менен шарманын.
Өксүбө йт билем айтышта,
ырдаган акын бир дагын...
Жазында форум биригип,
Тигалбай калдык арманда
Супердин сулуу гүл багын.
Келгиле эми "Айтышта" ,
Оң болот дайым айтышка
Тигели "Супер ЫР багын!"
Тартынбастан ырдап сал,
Келип турса ырдагың.
Сени ошол "Ыр бакка",
Көчөтү ң тиккен ырларың.. .
#646 07 Июнь 2009 - 10:11
Ассалому алейкум!
Айтыштагы фанаттар!
Силер токкон ыр кенчи,
Фанардай болуп жанаттар...
Форумга кирген инсандар
Айран болуп калаттар...
Очурбой онор очогун,
Алдыга баары бараттар...
Айтыштын берип адебин,
Улактай кылып чаптынар...
Арыбасын атынар,
Аман болгун жалпынар.
Убайын коруп жашоонун,
Улана берсин салтынар...
p.S.Акындарга саламдап
Азыраак жаздым каалоону,
Жалан "Р" менен тамамдап.
Олтура берип столдо
Курсактар кетти саландап.
Андан коро келсем бейм
Замана деген теманы
Акырын барып иликтеп...
Анан айтып берем го,
Устукандап - жиликтеп.
Айтыштагы фанаттар!
Силер токкон ыр кенчи,
Фанардай болуп жанаттар...
Форумга кирген инсандар
Айран болуп калаттар...
Очурбой онор очогун,
Алдыга баары бараттар...
Айтыштын берип адебин,
Улактай кылып чаптынар...
Арыбасын атынар,
Аман болгун жалпынар.
Убайын коруп жашоонун,
Улана берсин салтынар...
p.S.Акындарга саламдап
Азыраак жаздым каалоону,
Жалан "Р" менен тамамдап.
Олтура берип столдо
Курсактар кетти саландап.
Андан коро келсем бейм
Замана деген теманы
Акырын барып иликтеп...
Анан айтып берем го,
Устукандап - жиликтеп.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#647 07 Июнь 2009 - 13:53
Заманага жараша ырым тогом тамаша.
Акын достор аманбы
Заманын абдан жаманбы
Тема атап Аруу кыз
Ырдабай кетип калганбы
Кризис болгон заманды
Артка карай таштайлы
Акыйкаттык саптардан
Ырдап тогуп калалы
Илгери откон заманда
Аталар айткан арманда
Азыркы жаштар балдардай
Кутурган эмес эч чакта
Улууларды кичуулор
Сыйлап жургон кашында
Кыздары болсо ал чакта
Кыска юбка кийбеген
Балдар болсо ал чакта
Жынсы шымдан кийбеген
Кара жумуш артынан
Кетмен тээп тердеген
Азыркы заман жаштары
Ото назик жан келген
Насыяттуу инсандан
Мына ушундай кайгысын
Угуп дайым келгенмин
Аттин аттин заман деп
Айласыздан коомго
Баш ийип мен келгемин
Келгин достор эртели
Кыямат кыйын замандын
Жакшысын алып келели
Эстен кеткис замана
Элдерге куруп берели
Залкар акын тизмесин
Тердеп ырдап берели
Кыйын кезен заманда
Женилин издеп берели
Азыркы заман жаштары
Журогу ташка айланган
Ыйманы болсо журокто
Такыр эле калбаган
Акыр заман жаштарын
Алга карай угуттоп
Куч кубаттан берели
Заман заман заман деп
Заман арты аман деп
Аманчылык сурашып
Тамаша ыр курашып
Создон созду талашып
Акындарча айтышып
Журолучу кылымдарга
Комуз кармап колуна
Куулоп тургун дайыма
Коркко чыгат кезек келип
Мына ошондо ЗАМАНА.
Акын достор аманбы
Заманын абдан жаманбы
Тема атап Аруу кыз
Ырдабай кетип калганбы
Кризис болгон заманды
Артка карай таштайлы
Акыйкаттык саптардан
Ырдап тогуп калалы
Илгери откон заманда
Аталар айткан арманда
Азыркы жаштар балдардай
Кутурган эмес эч чакта
Улууларды кичуулор
Сыйлап жургон кашында
Кыздары болсо ал чакта
Кыска юбка кийбеген
Балдар болсо ал чакта
Жынсы шымдан кийбеген
Кара жумуш артынан
Кетмен тээп тердеген
Азыркы заман жаштары
Ото назик жан келген
Насыяттуу инсандан
Мына ушундай кайгысын
Угуп дайым келгенмин
Аттин аттин заман деп
Айласыздан коомго
Баш ийип мен келгемин
Келгин достор эртели
Кыямат кыйын замандын
Жакшысын алып келели
Эстен кеткис замана
Элдерге куруп берели
Залкар акын тизмесин
Тердеп ырдап берели
Кыйын кезен заманда
Женилин издеп берели
Азыркы заман жаштары
Журогу ташка айланган
Ыйманы болсо журокто
Такыр эле калбаган
Акыр заман жаштарын
Алга карай угуттоп
Куч кубаттан берели
Заман заман заман деп
Заман арты аман деп
Аманчылык сурашып
Тамаша ыр курашып
Создон созду талашып
Акындарча айтышып
Журолучу кылымдарга
Комуз кармап колуна
Куулоп тургун дайыма
Коркко чыгат кезек келип
Мына ошондо ЗАМАНА.
#648 07 Июнь 2009 - 14:58
Салаам алайкум акындар
Баарынарга жакшылык
Каалагандан салайын...
Алыбыздын келишинче
Силер менен таймашып
Марага чейин барайын....
Кокурокто онордон
Коп эмес аз болсо да
Тартуу кылып жанайын....
Акындар созум силерге
Утуп алган байгенер
Куттуу болсун дайыма....
Жалгыз калбай эч жерде
Таман баскан бар жерин
Журттуу болсун дайыма....
Ырды курап темага
Кичинеден кыбырап
Ыр саптардан курайлы...
Ынтымакты бек сактап
Саламдашып жытташып
Амандыкты сурайлы...
Башталса эми жакшыдыр
Ушул журуш он эле
Тобо кылып турайлы...
Замана деген кыйын соз
Баардык мезгил учурду
Камтып турат жайланып....
Адамзаттын омуру
Калган ага байланып...
Ушкурунтуп пендени
Куураткан да замана....
Утурлатып жакшысын
Кубанткан да замана....
Башка тушсо айла жок
Байталын да жорго дейт...
Кыйын болсо заманын
Үйүң дү кошуп элине
Эринди кошуп жериңе
Намыс менен корго дейт....
Себеби адам сыноодон
Отуп кетет зорго дейт....
Замана деп акындан
Анык кептер айтылсын...
Кокурокто катылган
Сырлары да ачылсын...
Кыяматтын заманында
Ар бир адам жакшына
Орунуна татысын....
Азырынча кыскача
Ушинтип жаза туралы....
Анан дагы короорбуз
Келеерки акын сооройго
Микрофонду суналы...
Баарынарга жакшылык
Каалагандан салайын...
Алыбыздын келишинче
Силер менен таймашып
Марага чейин барайын....
Кокурокто онордон
Коп эмес аз болсо да
Тартуу кылып жанайын....
Акындар созум силерге
Утуп алган байгенер
Куттуу болсун дайыма....
Жалгыз калбай эч жерде
Таман баскан бар жерин
Журттуу болсун дайыма....
Ырды курап темага
Кичинеден кыбырап
Ыр саптардан курайлы...
Ынтымакты бек сактап
Саламдашып жытташып
Амандыкты сурайлы...
Башталса эми жакшыдыр
Ушул журуш он эле
Тобо кылып турайлы...
Замана деген кыйын соз
Баардык мезгил учурду
Камтып турат жайланып....
Адамзаттын омуру
Калган ага байланып...
Ушкурунтуп пендени
Куураткан да замана....
Утурлатып жакшысын
Кубанткан да замана....
Башка тушсо айла жок
Байталын да жорго дейт...
Кыйын болсо заманын
Үйүң дү кошуп элине
Эринди кошуп жериңе
Намыс менен корго дейт....
Себеби адам сыноодон
Отуп кетет зорго дейт....
Замана деп акындан
Анык кептер айтылсын...
Кокурокто катылган
Сырлары да ачылсын...
Кыяматтын заманында
Ар бир адам жакшына
Орунуна татысын....
Азырынча кыскача
Ушинтип жаза туралы....
Анан дагы короорбуз
Келеерки акын сооройго
Микрофонду суналы...
Акыл дос, ачуу душман.
#649 07 Июнь 2009 - 15:55
Салам айтып мен кирсем
Бугун жекшемби кун кун турбайбы
Форумда киши аз экен
Бугун дем алыш кун турбайбы..... .
Кулак салып тыншасам
Лимон досум ырдайбы
Аны улап ырдасам
Каршылык мага кылбайбы.....
Эээ Лимонтай иничек
Замандын ырын ырдадын
Мунканып чыгып добушун
Ушу сен чындап сыздадын.....
Замана ушул экен деп
Эсирди го кыргызым
Европанын салттарын
Синирди го кыргызым
Чет олконун сектасын
Ээрчиди го кыргызым
Эскиден калган илдет деп
Атадан калган кааданы
Жекирди го кыргызым
Кыйын кезди башынан Кечирди го кыргызым
Кылымдан берки мекенин
Чет-четинен коншуга
Кетилди го кыргызым
Аркандай болуп чыйралган
Эшилди го кыргызым
Эскирген буюм сыяктуу
Жешилди го кыргызым
Бою жетпес нерсеге
Секирди го кыргызым
АКШны туурайм деп
Жапондордой болом деп
Казды туурап карганын
Буту сынды болдук кеп.....
Эл байлыгын тоногон
Чиновниктер кутурду
Четинен атып мыктысын
Криминалын кутурду
Отугун илип торумо
Дипломаттык статус деп
Чет олколук кутурду
Кокого жетип коррупция
Акуйго барып отурду
Билим берген мекеме
Акчага сатат окуунду
Сунбасан акча, карабайт
Врачтар сени оорунду
Арасында абдан коп
Айырмасын билбеген
Бойрок менен боорундун... ..
Мамлекеттин тагдыры
Тыйын болду замана
Кун откон сайын оорлошуп
Кыйын болду замана
Пикет болуп байма-бай
Жыйын болду замана
Адамдын асыл омуру
Чымын болду замана
Кочодо болгон пробкадай
Тыгын болду замана......
Заманан бору экен деп
Бору болдун шумпайлар
Уруш-талаш,ызы- чуу
бирин-бирин жулмайлар
Аферисти андан коп
Чонтокчусу мындан коп
Ууру-кески,алдамчы
Тободон кудай урган коп.....
Карылардан нарк кетти
Ыйман кетти жаштардан
Арак ичип мас болгон
Шприц сайынган наркоман..... .
Кыздарын сатып денесин
Базар болгон замана
Кызга айланып эркегин
Баччабаз болду замана
Эл байлыгын жегенде
Ашар болду замана
Кайсы бирин айтайын
Кайгырганда не пайда
Начар болду замана
Жакшылап ук Лимонум
Сага эми соболум
Карангы болбой нур чачып
Заман качан онолот?
Качан биздин кочодо
Майрам болот,той болот?
Кыргыздын аты дуйного
Таанымал болуп оболойт?
Бугун жекшемби кун кун турбайбы
Форумда киши аз экен
Бугун дем алыш кун турбайбы..... .
Кулак салып тыншасам
Лимон досум ырдайбы
Аны улап ырдасам
Каршылык мага кылбайбы.....
Эээ Лимонтай иничек
Замандын ырын ырдадын
Мунканып чыгып добушун
Ушу сен чындап сыздадын.....
Замана ушул экен деп
Эсирди го кыргызым
Европанын салттарын
Синирди го кыргызым
Чет олконун сектасын
Ээрчиди го кыргызым
Эскиден калган илдет деп
Атадан калган кааданы
Жекирди го кыргызым
Кыйын кезди башынан Кечирди го кыргызым
Кылымдан берки мекенин
Чет-четинен коншуга
Кетилди го кыргызым
Аркандай болуп чыйралган
Эшилди го кыргызым
Эскирген буюм сыяктуу
Жешилди го кыргызым
Бою жетпес нерсеге
Секирди го кыргызым
АКШны туурайм деп
Жапондордой болом деп
Казды туурап карганын
Буту сынды болдук кеп.....
Эл байлыгын тоногон
Чиновниктер кутурду
Четинен атып мыктысын
Криминалын кутурду
Отугун илип торумо
Дипломаттык статус деп
Чет олколук кутурду
Кокого жетип коррупция
Акуйго барып отурду
Билим берген мекеме
Акчага сатат окуунду
Сунбасан акча, карабайт
Врачтар сени оорунду
Арасында абдан коп
Айырмасын билбеген
Бойрок менен боорундун... ..
Мамлекеттин тагдыры
Тыйын болду замана
Кун откон сайын оорлошуп
Кыйын болду замана
Пикет болуп байма-бай
Жыйын болду замана
Адамдын асыл омуру
Чымын болду замана
Кочодо болгон пробкадай
Тыгын болду замана......
Заманан бору экен деп
Бору болдун шумпайлар
Уруш-талаш,ызы- чуу
бирин-бирин жулмайлар
Аферисти андан коп
Чонтокчусу мындан коп
Ууру-кески,алдамчы
Тободон кудай урган коп.....
Карылардан нарк кетти
Ыйман кетти жаштардан
Арак ичип мас болгон
Шприц сайынган наркоман..... .
Кыздарын сатып денесин
Базар болгон замана
Кызга айланып эркегин
Баччабаз болду замана
Эл байлыгын жегенде
Ашар болду замана
Кайсы бирин айтайын
Кайгырганда не пайда
Начар болду замана
Жакшылап ук Лимонум
Сага эми соболум
Карангы болбой нур чачып
Заман качан онолот?
Качан биздин кочодо
Майрам болот,той болот?
Кыргыздын аты дуйного
Таанымал болуп оболойт?
#650 07 Июнь 2009 - 17:51
Замана деп ырдообуз
Башталды окшойт абыдан....
Эл учун куйгон ырлардан
Кетпесин эми бул демдер
Омур бою табыдан...
Пайда булсун десемби
Козү ачык көрлөргө
Темадан жаны ачылган....
Баардыгыбыз билебиз
Жан куураткан замандын
Ачуу таттуу сыноосу
Бир гана Аллах тараптан....
Башка түшкөн заманды
Ар бир элдин пейлине
Жараша кылып жараткан....
USSR улуу акындын
Суроолору орчундуу.....
Аракетимди кылайын
Таштап нары чортумду...
Кантсе да таалим сеники
Түшүнө өрсүң өз сортуңду. ...
Айтып өткөн маселен
Журок оорутаар жери бар...
Кимдин жетсе мээсине
Тупкурундо шери бар...
Аллах таала куранда
Кыйынчылык артынан
Жакшылык созсуз келет дейт....
Ынтымак болсо ал элде
Озу берген ниматка
Берекесин берет дейт....
Кудайым берген омурго
Шугурчулук кылбаса
Башчы кылып аларга
Каапырлардан терет дейт....
Пейил кенен болбосо
Айтыш кыйын чынында....
Муну айтып коздогон
Пайгамбар оз сынында....
Коррупция бул сүткорлук
Өнүгү п кеткен биз жакта
Мунун баарын ойлосок
Эл учун баары бүт кордук...
Адилет эмес падыша
Чуркап турат байлыка
Напсиси менен жарыша
Зулумдук мындан башталат....
Кыйраттым деп башканы
Журогу эмес тил менен
Элге чыгып мактанат....
Ачка жатса кыргыз эл
Акча санап миллиондоп
Байлыгына мактанат...
Кор болуп журсо кыргыздар
Коргонго кол бербей
Хандыгына мактанат....
Башка элдер кыргызды
Тоноп жатса тоо ташын
Сасып жаткан уйдогу
Сандыгына мактанат....
Ыймансыз болсо кокурок
Жамандан кантип сактанат....
Арамдыктын айынан
Бошобосо орундук
Береке кайда сакталат....
Мунун баары жок болсо
Заман ошондо онолот....
Убалдан корксо бу чондор
Ак эмгек кылса жебестен
Экономика басымы
Азайбастан чоноет....
Коркпогон болсо Кудайдан
Эсептешет бир озу
Окунгондон сороет.....
Ал эми биз бул жакта
Жонокой гана элденбиз....
Бирок бизден чон талап
Жакшылыкты коксойлу....
Дуа кылып пейилди
Ондогон жолду беттейли....
Таасири чон мунун да
Алга жылчу кез келди
Алкымды тыйып кичине
Напсинин оюн чектейли.....
Кудайым берген омурдун
Баркына жетип ар дайым
Ырыскыдан кечпейли....
Умутсуз шайтан демекчи
Бузулду биздин чондор деп
Аракабыздан кетпейли....
Негизи кеп чынында
Жонокой эл сырында...
Себеби чондор кылыгы
Эл журттун кылык айынан
Курулган дубал кырында...
Онойлсо биздин дилибиз
Заманга жаны жан кирсе
Жакшылык келет жармашып....
Чондорубуз ойлонуп
Адал жолго бет алып
Иш алышат жандашып....
Азыркы чондор жок болот
Тытышып атып кыргандар
Орун талашып кармашып...
Акыйкат сурот окумун
Акылсыз бейбаш сынары
Торго илбей отугун....
Ошентип заман онолот
Адилет адам чон болот,
Дунгурогон кыргыз деп
Кочолордо той болот...
Атагы чыгып ааламга
Атана кыргыз зор болот....
Адилет окум олко деп
Албетте алда оболойт....
Албетте бул жогордо
Кээ бир айткан кептерим
Маселенин чети эле....
Анын баарын келтирсем
Узарып эле кетчу эле...
Кээбир сынчы акындар
Мааниси кайда калды деп
Ыргыта мени тепчу эле....
Батыргансып бир нерсе
Жазгансыдым бул ырга
USSR акын ылгачы....
Жалганы болсо аны жаз
Чындыгы болсо аны жаз
Бизге тогуп ырдачы....
Алмайынча ырахат
Акылдуу жигит тынбачы....
Эмне деген кеп кетет
Ырларын менен тыңдачы.. ..
Чубалтуу менин адатым
Жакпаса мейли чырдачы....
Анда эмесе бүтүрдү м
Жамандык алыс болсун деп
Ары бери түкүрдүм....
Башталды окшойт абыдан....
Эл учун куйгон ырлардан
Кетпесин эми бул демдер
Омур бою табыдан...
Пайда булсун десемби
Козү ачык көрлөргө
Темадан жаны ачылган....
Баардыгыбыз билебиз
Жан куураткан замандын
Ачуу таттуу сыноосу
Бир гана Аллах тараптан....
Башка түшкөн заманды
Ар бир элдин пейлине
Жараша кылып жараткан....
USSR улуу акындын
Суроолору орчундуу.....
Аракетимди кылайын
Таштап нары чортумду...
Кантсе да таалим сеники
Түшүнө өрсүң өз сортуңду. ...
Айтып өткөн маселен
Журок оорутаар жери бар...
Кимдин жетсе мээсине
Тупкурундо шери бар...
Аллах таала куранда
Кыйынчылык артынан
Жакшылык созсуз келет дейт....
Ынтымак болсо ал элде
Озу берген ниматка
Берекесин берет дейт....
Кудайым берген омурго
Шугурчулук кылбаса
Башчы кылып аларга
Каапырлардан терет дейт....
Пейил кенен болбосо
Айтыш кыйын чынында....
Муну айтып коздогон
Пайгамбар оз сынында....
Коррупция бул сүткорлук
Өнүгү п кеткен биз жакта
Мунун баарын ойлосок
Эл учун баары бүт кордук...
Адилет эмес падыша
Чуркап турат байлыка
Напсиси менен жарыша
Зулумдук мындан башталат....
Кыйраттым деп башканы
Журогу эмес тил менен
Элге чыгып мактанат....
Ачка жатса кыргыз эл
Акча санап миллиондоп
Байлыгына мактанат...
Кор болуп журсо кыргыздар
Коргонго кол бербей
Хандыгына мактанат....
Башка элдер кыргызды
Тоноп жатса тоо ташын
Сасып жаткан уйдогу
Сандыгына мактанат....
Ыймансыз болсо кокурок
Жамандан кантип сактанат....
Арамдыктын айынан
Бошобосо орундук
Береке кайда сакталат....
Мунун баары жок болсо
Заман ошондо онолот....
Убалдан корксо бу чондор
Ак эмгек кылса жебестен
Экономика басымы
Азайбастан чоноет....
Коркпогон болсо Кудайдан
Эсептешет бир озу
Окунгондон сороет.....
Ал эми биз бул жакта
Жонокой гана элденбиз....
Бирок бизден чон талап
Жакшылыкты коксойлу....
Дуа кылып пейилди
Ондогон жолду беттейли....
Таасири чон мунун да
Алга жылчу кез келди
Алкымды тыйып кичине
Напсинин оюн чектейли.....
Кудайым берген омурдун
Баркына жетип ар дайым
Ырыскыдан кечпейли....
Умутсуз шайтан демекчи
Бузулду биздин чондор деп
Аракабыздан кетпейли....
Негизи кеп чынында
Жонокой эл сырында...
Себеби чондор кылыгы
Эл журттун кылык айынан
Курулган дубал кырында...
Онойлсо биздин дилибиз
Заманга жаны жан кирсе
Жакшылык келет жармашып....
Чондорубуз ойлонуп
Адал жолго бет алып
Иш алышат жандашып....
Азыркы чондор жок болот
Тытышып атып кыргандар
Орун талашып кармашып...
Акыйкат сурот окумун
Акылсыз бейбаш сынары
Торго илбей отугун....
Ошентип заман онолот
Адилет адам чон болот,
Дунгурогон кыргыз деп
Кочолордо той болот...
Атагы чыгып ааламга
Атана кыргыз зор болот....
Адилет окум олко деп
Албетте алда оболойт....
Албетте бул жогордо
Кээ бир айткан кептерим
Маселенин чети эле....
Анын баарын келтирсем
Узарып эле кетчу эле...
Кээбир сынчы акындар
Мааниси кайда калды деп
Ыргыта мени тепчу эле....
Батыргансып бир нерсе
Жазгансыдым бул ырга
USSR акын ылгачы....
Жалганы болсо аны жаз
Чындыгы болсо аны жаз
Бизге тогуп ырдачы....
Алмайынча ырахат
Акылдуу жигит тынбачы....
Эмне деген кеп кетет
Ырларын менен тыңдачы.. ..
Чубалтуу менин адатым
Жакпаса мейли чырдачы....
Анда эмесе бүтүрдү м
Жамандык алыс болсун деп
Ары бери түкүрдүм....
Акыл дос, ачуу душман.
#651 07 Июнь 2009 - 22:12
Менин ырым 13 жашар баланын арманындагы ырдын мотивине окшош.
Саламым айтам ээй баарына,
Тынчылык болсун ээй жалпына,
Алыста жургон эй кулунунду,
Тосуп ал элим эй жакында.
Карасам тема аай тарыхын
Кулкуго тунуп ай жыргадым,
Соз багып жургон эй чечендер да,
Жаткан го мындаң ааай акынын.
Турнирдин башы эй деп угам.
Ордого чыксам деп ашыгам.
Карасам улуу ээй агаларды,
Алардан бир аз ээй тартынам.
Барс байке деген эй гигант бар
Кантсе дагы устаз эй наамы бар,
Айтышка кимдер эй чыкбасын да,
Кайышбай койчуу эй жагы бар.
СССР деген эй алпы бар,
Айтышта кыйла ле аты бар,
Таанылып калган эй жалпыга да
Эл ичинде ээй баркы бар.
Унутуп кантип ай калайын да,
Лимонду эске ээй салайын,
Куйкумдуу суйлоп эй тийишкен,
Жээз жаак досту айтайын.
Кыздардан дагын эй чечен коп,
Чекчендетип койоор эй созго эп,
Чечкиндуу суйлоп эй турбасан,
Аларда жатат эй узун кеп.
Активдуу эжем эй АеЧКА да,
Атагы кеткен ээй алайга,
Данкы кеткен оой далайга,
Тынч болсом мага да буюрар да эжеге чыкмак ай мандайга,
Айтышсам деймин эээй эжеке,
Айтыш деген эй майданда.
Элдерден "дуу-дуу" эй кеп угам,
Архидей деген эй деп угам,
Эч кимди тоготбой айтышам деп,
Дайыма алга ээй жулунган.
Балээсин кара ээй мунундун,
Убакыт учкан эй куш дешет,
Зымырап откону эй курусун,
Тун жарым ооп баратат эй
Кийинки менден эй чуурсун.
Атабады деп томсорбо,
Жолугабыз эми ордодо!
Саламым айтам ээй баарына,
Тынчылык болсун ээй жалпына,
Алыста жургон эй кулунунду,
Тосуп ал элим эй жакында.
Карасам тема аай тарыхын
Кулкуго тунуп ай жыргадым,
Соз багып жургон эй чечендер да,
Жаткан го мындаң ааай акынын.
Турнирдин башы эй деп угам.
Ордого чыксам деп ашыгам.
Карасам улуу ээй агаларды,
Алардан бир аз ээй тартынам.
Барс байке деген эй гигант бар
Кантсе дагы устаз эй наамы бар,
Айтышка кимдер эй чыкбасын да,
Кайышбай койчуу эй жагы бар.
СССР деген эй алпы бар,
Айтышта кыйла ле аты бар,
Таанылып калган эй жалпыга да
Эл ичинде ээй баркы бар.
Унутуп кантип ай калайын да,
Лимонду эске ээй салайын,
Куйкумдуу суйлоп эй тийишкен,
Жээз жаак досту айтайын.
Кыздардан дагын эй чечен коп,
Чекчендетип койоор эй созго эп,
Чечкиндуу суйлоп эй турбасан,
Аларда жатат эй узун кеп.
Активдуу эжем эй АеЧКА да,
Атагы кеткен ээй алайга,
Данкы кеткен оой далайга,
Тынч болсом мага да буюрар да эжеге чыкмак ай мандайга,
Айтышсам деймин эээй эжеке,
Айтыш деген эй майданда.
Элдерден "дуу-дуу" эй кеп угам,
Архидей деген эй деп угам,
Эч кимди тоготбой айтышам деп,
Дайыма алга ээй жулунган.
Балээсин кара ээй мунундун,
Убакыт учкан эй куш дешет,
Зымырап откону эй курусун,
Тун жарым ооп баратат эй
Кийинки менден эй чуурсун.
Атабады деп томсорбо,
Жолугабыз эми ордодо!
#652 08 Июнь 2009 - 18:55
Салам айтам баарына
Улуу-кичуу жалпыга.
Жакшы тема тандалып
Акындар тушту жарышка.
Барс аганы "чымчысам"
Бат эле жообун жазыптыр...
"Кечиримди сурайм",- деп
Созго мени жыгыптыр...
Таазим сизге, жан ага.
Тамашакой Барс ага.
.....
Адам учун техника
Кызмат кылган замана
Илим-билим онугуп
Озуп чыккан замана.
Биз жашаган бул заман
Баары даяр, бар заман.
Ошентсе да адамдан
Пейил кеткен "жок" заман.
......
Арак ичкен мындан коп
Уйдон качкан бала коп.
Уй-жайынан ажырап
Бомж болгон мындан коп.
Ата-энеге соз кайрып,
Ал тургай кээде кол кайрып
Жургондор дагы мындан коп.
Келечекти коро албай
Кочуп кеткен мындан коп.
Башка улутка баш байлап
Турмуш курган кыздар коп.
Карыядан нарк кетип,
Каада-салттан барк кетип
Карып болгон мындан коп.
......
Акча бийлеп акылды
Акча билет адамды
Азыркы биздин заманда
Адам акчага коз каранды.
Жерибиз жатат сатылып,
Элибиз кетти чачылып.
Жер тургай биздин заманда
Адамдар да сатылып!
......
Материалдык байлыкты
Максат кылган замана.
Жан дуйнонун байлыгы.
Жарды болгон замана.
Батышты туурап баарыбыз
Баш айланган замана.
Батыштан издеп бактыны
Баш ооруп турган чак мына.
Кыйын кез отуп башынан
Кыргызым турат кыйналып.
Ушундай кырдаал, мезгилде
Улуулар кайда бул кезде?
Кыргызыма бел болчу
Кыраандарым ким болчу?
......
Ошентсе да
Суйуно турган жагдай бар
Кубана турган маанай бар.
Улуттук кайра жаралуу,
Жанданып жаткан сыяктуу.
Ушуга кылып каниет
Ушуну тилейм Кудай деп.
Онолор биздин заман деп
Ойлоп коем, суранып.
Улуу-кичуу жалпыга.
Жакшы тема тандалып
Акындар тушту жарышка.
Барс аганы "чымчысам"
Бат эле жообун жазыптыр...
"Кечиримди сурайм",- деп
Созго мени жыгыптыр...
Таазим сизге, жан ага.
Тамашакой Барс ага.
.....
Адам учун техника
Кызмат кылган замана
Илим-билим онугуп
Озуп чыккан замана.
Биз жашаган бул заман
Баары даяр, бар заман.
Ошентсе да адамдан
Пейил кеткен "жок" заман.
......
Арак ичкен мындан коп
Уйдон качкан бала коп.
Уй-жайынан ажырап
Бомж болгон мындан коп.
Ата-энеге соз кайрып,
Ал тургай кээде кол кайрып
Жургондор дагы мындан коп.
Келечекти коро албай
Кочуп кеткен мындан коп.
Башка улутка баш байлап
Турмуш курган кыздар коп.
Карыядан нарк кетип,
Каада-салттан барк кетип
Карып болгон мындан коп.
......
Акча бийлеп акылды
Акча билет адамды
Азыркы биздин заманда
Адам акчага коз каранды.
Жерибиз жатат сатылып,
Элибиз кетти чачылып.
Жер тургай биздин заманда
Адамдар да сатылып!
......
Материалдык байлыкты
Максат кылган замана.
Жан дуйнонун байлыгы.
Жарды болгон замана.
Батышты туурап баарыбыз
Баш айланган замана.
Батыштан издеп бактыны
Баш ооруп турган чак мына.
Кыйын кез отуп башынан
Кыргызым турат кыйналып.
Ушундай кырдаал, мезгилде
Улуулар кайда бул кезде?
Кыргызыма бел болчу
Кыраандарым ким болчу?
......
Ошентсе да
Суйуно турган жагдай бар
Кубана турган маанай бар.
Улуттук кайра жаралуу,
Жанданып жаткан сыяктуу.
Ушуга кылып каниет
Ушуну тилейм Кудай деп.
Онолор биздин заман деп
Ойлоп коем, суранып.
#653 09 Июнь 2009 - 18:10
Атаганат, аз убак
менде ашык болгондо
алтын создон ыр курап
журокко ыр толгондо
байкемден сап ыр сурап
ырдын гулу соолгондо
болгон ойду бир чубап
ыр суусу копкок тоңгондо
илхом аска дегенден
таш аралаш ыр кулап
турган кезде коргонбо
себеп ал ыр жаралды
чын журоктон, толгоно.
Коптон бери жазышпай
ыр тостторун айтышпай,
шампан эмес бир гана ,
ыр стаканын кагышпай.
Окуп алып ырларды
Эсинен ооп талышпай
Такыр эле силерден
Туштум окшойт алыстай.
Анда эмесе куйкум ооз
Акындарга чон салам
Айкын айткан, таамай соз
Токмолорго чон салам
Тез убакыт ичинде,
Арбап алган озуно
Сулууларга чон салам
Айткан создон кайтпаган
Байкелерге чон салам
Мындан ары ар дайым
Алга гана жылгыла
Конулдорго жагынган
Ишти гана кылгыла
Ушундай жай темп менен
Чон-чон кырды ашкыла
Арман айтпай,жакшылык
Айтыш учун шашкыла
Каалоо менен ырды бул
Терен-терен урматтап
Жаздым мен -Алмагул
менде ашык болгондо
алтын создон ыр курап
журокко ыр толгондо
байкемден сап ыр сурап
ырдын гулу соолгондо
болгон ойду бир чубап
ыр суусу копкок тоңгондо
илхом аска дегенден
таш аралаш ыр кулап
турган кезде коргонбо
себеп ал ыр жаралды
чын журоктон, толгоно.
Коптон бери жазышпай
ыр тостторун айтышпай,
шампан эмес бир гана ,
ыр стаканын кагышпай.
Окуп алып ырларды
Эсинен ооп талышпай
Такыр эле силерден
Туштум окшойт алыстай.
Анда эмесе куйкум ооз
Акындарга чон салам
Айкын айткан, таамай соз
Токмолорго чон салам
Тез убакыт ичинде,
Арбап алган озуно
Сулууларга чон салам
Айткан создон кайтпаган
Байкелерге чон салам
Мындан ары ар дайым
Алга гана жылгыла
Конулдорго жагынган
Ишти гана кылгыла
Ушундай жай темп менен
Чон-чон кырды ашкыла
Арман айтпай,жакшылык
Айтыш учун шашкыла
Каалоо менен ырды бул
Терен-терен урматтап
Жаздым мен -Алмагул
Адамдын конулу гул сымал ,бат соолуйт.Аны аздекте!
#654 09 Июнь 2009 - 23:51
Иргеп турган ырында,
Жакшы менен жаманды.
Сөз менен көркөм ыр менен,
Чарк айланган ааламды.
«Айтыштагы» азамат,
Акындарым, аманбы?
Айтып ырдап жатыпсың ,
Оомал- төкмөл ЗАМАНды.
Ага мен да кошулсам,
Билбеймин эптей аламбы?
Оңдоп кетер жаштарым,
Ойт берип кеткен чаламды.
Ойлонтуп уккан адамды.
Калыгул айткан заманды.
Арттырып ичте санааңды,
Арстанбек айткан заманды.
Ойнотуп колдо каламды,
Кылыч жазган заманды.
Ошолордун ырлары,
Өткөн доор заманда,
Жараксыз деп каралды.
Өздөрү өлүп жок экен,
“Заманчыл” деген ат менен,
Ырлары көп жыл камалды.
Өткөндү көксөп ырдайт деп,
Өкмөттү к токтом чыгартып,
“Өлтү рчү” жарлык жамалды.
Ошолорду жасашкан,
Ошондон “ чоң аш” ашашкан,
Өзүбү здүн эле кыргыздар,
Табышкан айла-амалды. ..
Акындыктан чени жок,
Атаңдын көрү, эми жок,
Топтолук айткан заманды,
Токтогул менен Жеңижок.
Колуна алып көргөндө й,
Замандын алды, аркасын.
Келтире ырдап беришкен,
Коргол ырчы, Барпы акын.
Замандын оош-кыйышын,
Ырдашып өттү дүйнөдө н,
Булардан башка канча акын.
Куру эмес ууч калкымда,
Ошолордун салтында,
Ырдашып жатат акындар,
Өсүшү п жаткан артында.
Форумга кирсек кайрылып,
Кээ бир акын мактаптыр,
Кээ бир акын жактаптыр.
Ушул биздин заманды.
“Постунуна тыгып саманды”,
Кээ бир акын “баптаптыр”,
Кээ бирине жакпаптыр.
Бир нерсесин замандын,
Бири кара деп айтса,
Бири аны актаптыр.
Мына ушинтип отуруп,
“Айтыштын” кызып ордосу,
Бутактаптыр, шактаптыр.
“Айтышта болбойт терме деп,
Алды-алдың дан ырдай бербе!”- деп,
Жека акын өнөк тааптыр:
“Ырдайлы, Аруу, бери ке!”-деп.
Бетме-бет жакын келишти,
Ырлардын гүлүн теришти.
Лимон менен СССР,
Чечишти окшойт экөөсү
Заманды ырдап беришти..
Калгандары белгисиз,
Ким ким менен ырдашат.
Туш келет деп кайсы акын,
Барс акынды сүр басат?!!
Жакшы менен жаманды.
Сөз менен көркөм ыр менен,
Чарк айланган ааламды.
«Айтыштагы» азамат,
Акындарым, аманбы?
Айтып ырдап жатыпсың ,
Оомал- төкмөл ЗАМАНды.
Ага мен да кошулсам,
Билбеймин эптей аламбы?
Оңдоп кетер жаштарым,
Ойт берип кеткен чаламды.
Ойлонтуп уккан адамды.
Калыгул айткан заманды.
Арттырып ичте санааңды,
Арстанбек айткан заманды.
Ойнотуп колдо каламды,
Кылыч жазган заманды.
Ошолордун ырлары,
Өткөн доор заманда,
Жараксыз деп каралды.
Өздөрү өлүп жок экен,
“Заманчыл” деген ат менен,
Ырлары көп жыл камалды.
Өткөндү көксөп ырдайт деп,
Өкмөттү к токтом чыгартып,
“Өлтү рчү” жарлык жамалды.
Ошолорду жасашкан,
Ошондон “ чоң аш” ашашкан,
Өзүбү здүн эле кыргыздар,
Табышкан айла-амалды. ..
Акындыктан чени жок,
Атаңдын көрү, эми жок,
Топтолук айткан заманды,
Токтогул менен Жеңижок.
Колуна алып көргөндө й,
Замандын алды, аркасын.
Келтире ырдап беришкен,
Коргол ырчы, Барпы акын.
Замандын оош-кыйышын,
Ырдашып өттү дүйнөдө н,
Булардан башка канча акын.
Куру эмес ууч калкымда,
Ошолордун салтында,
Ырдашып жатат акындар,
Өсүшү п жаткан артында.
Форумга кирсек кайрылып,
Кээ бир акын мактаптыр,
Кээ бир акын жактаптыр.
Ушул биздин заманды.
“Постунуна тыгып саманды”,
Кээ бир акын “баптаптыр”,
Кээ бирине жакпаптыр.
Бир нерсесин замандын,
Бири кара деп айтса,
Бири аны актаптыр.
Мына ушинтип отуруп,
“Айтыштын” кызып ордосу,
Бутактаптыр, шактаптыр.
“Айтышта болбойт терме деп,
Алды-алдың дан ырдай бербе!”- деп,
Жека акын өнөк тааптыр:
“Ырдайлы, Аруу, бери ке!”-деп.
Бетме-бет жакын келишти,
Ырлардын гүлүн теришти.
Лимон менен СССР,
Чечишти окшойт экөөсү
Заманды ырдап беришти..
Калгандары белгисиз,
Ким ким менен ырдашат.
Туш келет деп кайсы акын,
Барс акынды сүр басат?!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#655 10 Июнь 2009 - 17:09
Ассолому алейкум
акындарым аманбы?
Жардап турган калайык
Калкыма айтам саламды
Мында турган акындар
Жалпына айтам саламды,
Таазим кылып ийилип
Барсыма айтам саламды....
Эки-экиден ээрчишип
Айтышмай болуп калганбы?
Жека менден озунуп
(койбодун да шашманды
)
Арууну тандап алганбы?
СССР менен Лимон деп
Кайран гана Барсым ай
Бизди жабыштыра салганбы?
Атандын гору арман деп
Барс озу жалгыз калганбы?
Илгертен жаш акындар
Аксакалын жандаган
Онорунон уйронсом деп
Артынан ээрчип калбаган
Аш-тойлордо ээрчишип
Тилдерин безеп сайраган
Ошентип талант тулпарын
Сабак алып таптаган....
Айланайын Барс агам
Анда мындай аваке
Жорго салып желдирсен
Куйрук улаш журойун
Таскактап катуу чуркасан
Мен да чуркап коройун
Талантымды тапташка
Сенин да тийсин комогун
Кандай дейсиз Барс ава
Мен сиз менен айтышып коройун?
Жыгылсан т88д8н жыгыл дейт
Мен олсом
Ушу сиздин колдон олойун
Айланайын Барс аке
Акылга дыйкан жан аке
Ининиз сизди тандады
Бир айласын тап аке
Батырак жообун жаз аке
Ининдин черин жаз аке
Замандын сыры тугонгус
Казынасын каз аке
Жаны осуп келаткан
Ининиздин кунанын
Жем-суу берип бак аке....
Аксакалы "айылдын"
Айланайын Барс аке
Мени "жыга чапсан" да кайылмын
Айтышам деп сиз менен
Мен баардыгына дайынмын
Анткени ава мен сиздин
Намыска чабаар тайынмын....
акындарым аманбы?
Жардап турган калайык
Калкыма айтам саламды
Мында турган акындар
Жалпына айтам саламды,
Таазим кылып ийилип
Барсыма айтам саламды....
Эки-экиден ээрчишип
Айтышмай болуп калганбы?
Жека менден озунуп
(койбодун да шашманды
Арууну тандап алганбы?
СССР менен Лимон деп
Кайран гана Барсым ай
Бизди жабыштыра салганбы?
Атандын гору арман деп
Барс озу жалгыз калганбы?
Илгертен жаш акындар
Аксакалын жандаган
Онорунон уйронсом деп
Артынан ээрчип калбаган
Аш-тойлордо ээрчишип
Тилдерин безеп сайраган
Ошентип талант тулпарын
Сабак алып таптаган....
Айланайын Барс агам
Анда мындай аваке
Жорго салып желдирсен
Куйрук улаш журойун
Таскактап катуу чуркасан
Мен да чуркап коройун
Талантымды тапташка
Сенин да тийсин комогун
Кандай дейсиз Барс ава
Мен сиз менен айтышып коройун?
Жыгылсан т88д8н жыгыл дейт
Мен олсом
Ушу сиздин колдон олойун
Айланайын Барс аке
Акылга дыйкан жан аке
Ининиз сизди тандады
Бир айласын тап аке
Батырак жообун жаз аке
Ининдин черин жаз аке
Замандын сыры тугонгус
Казынасын каз аке
Жаны осуп келаткан
Ининиздин кунанын
Жем-суу берип бак аке....
Аксакалы "айылдын"
Айланайын Барс аке
Мени "жыга чапсан" да кайылмын
Айтышам деп сиз менен
Мен баардыгына дайынмын
Анткени ава мен сиздин
Намыска чабаар тайынмын....
#656 10 Июнь 2009 - 20:37
Андай мындай дегиче
Түктүү сүнө жолуктум.
Акын тандайм деп жүрүп,
Күчтүү сүнө жолуктум.
Кое турбай кичине,
Билбеймин неге оолуктум?
Таалайлуу Жека сыяктуу,
Туш келет го деди элем,
Мага да бири жоолуктун. (Акын кыздардын деген мааниде. Туура эмес атасам кечирим...)
”Мен чыгам сизге!” - дегенде,
Калтырак жүрүп денемде,
Ачылып көзүм- соолуктум.
Кайран гана СССР,
Адатыңча акырын
Күтүп турган экенсиң.
Оңтою келер маалга
түтүп жүргөн экенсиң.
Келтиргени бир жөнүн
Бүтүп жүргөн экенсиң.
Айтышканга качантан
даярланган экенсиң.
Таштап суроо Лимонго,
Аярланган экенсиң.
СССРдин иллеге (амалга)
Бай болгонун карасаң.
Акыры-ын гана билинбей
”тай” болгонун карасаң.
Жашырсаң да канчалык,
Сенин булбулдугуң ким билбейт.
Алты ай чапса чаалыкпас,
Сенин дулдулдугуң ким билбейт.
Биринчи турда ГРАНПРИ
Алганыңды ким билбейт.
Акын болуп атактуу
калганың ды ким билбейт.
Дагы ”Бирди” алгандан
Тартынганың билебиз.
Экинчи өрүк комузду,
Барс аваңа атайын
Калтырганың билебиз.
Отуз жылдыз бириксе,
Жарыгы аппак Ай болбойт.
Байге алып жүргөн аргымак,
Майласаң дагы ”тай” болбойт.
Күн жылымдап калса эле,
Кыш эч качан жай болбойт.
Булкунуп турган буудан ат,
Миң айткан менен ”тай” болбойт.
Коркуму-уш болуп аткансың ,
Ырыңда илген кечээ эле.
Адептүү жансың билемин,
Аны кой, азыр чекеге.
Корккондон жүрөк айрылып,
Сүйүнгө ндөн, капырай,
Жарылмак беле бешене. (же маңдай, хе-хе!)
Андыктан, СССР, түз эле:
”Чакырдым,- десең- жекеге!!!
Түктүү сүнө жолуктум.
Акын тандайм деп жүрүп,
Күчтүү сүнө жолуктум.
Кое турбай кичине,
Билбеймин неге оолуктум?
Таалайлуу Жека сыяктуу,
Туш келет го деди элем,
Мага да бири жоолуктун. (Акын кыздардын деген мааниде. Туура эмес атасам кечирим...)
”Мен чыгам сизге!” - дегенде,
Калтырак жүрүп денемде,
Ачылып көзүм- соолуктум.
Кайран гана СССР,
Адатыңча акырын
Күтүп турган экенсиң.
Оңтою келер маалга
түтүп жүргөн экенсиң.
Келтиргени бир жөнүн
Бүтүп жүргөн экенсиң.
Айтышканга качантан
даярланган экенсиң.
Таштап суроо Лимонго,
Аярланган экенсиң.
СССРдин иллеге (амалга)
Бай болгонун карасаң.
Акыры-ын гана билинбей
”тай” болгонун карасаң.
Жашырсаң да канчалык,
Сенин булбулдугуң ким билбейт.
Алты ай чапса чаалыкпас,
Сенин дулдулдугуң ким билбейт.
Биринчи турда ГРАНПРИ
Алганыңды ким билбейт.
Акын болуп атактуу
калганың ды ким билбейт.
Дагы ”Бирди” алгандан
Тартынганың билебиз.
Экинчи өрүк комузду,
Барс аваңа атайын
Калтырганың билебиз.
Отуз жылдыз бириксе,
Жарыгы аппак Ай болбойт.
Байге алып жүргөн аргымак,
Майласаң дагы ”тай” болбойт.
Күн жылымдап калса эле,
Кыш эч качан жай болбойт.
Булкунуп турган буудан ат,
Миң айткан менен ”тай” болбойт.
Коркуму-уш болуп аткансың ,
Ырыңда илген кечээ эле.
Адептүү жансың билемин,
Аны кой, азыр чекеге.
Корккондон жүрөк айрылып,
Сүйүнгө ндөн, капырай,
Жарылмак беле бешене. (же маңдай, хе-хе!)
Андыктан, СССР, түз эле:
”Чакырдым,- десең- жекеге!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#657 11 Июнь 2009 - 01:47
Барс авам жон жатпаптыр
Ашыра чаап мактаптыр
Тамаша-чыны аралаш
Аябай эле "баптаптыр"
Мактоо создор мен жакка
Кара сел болуп каптаптыр
"Шпаклевканы" бетиме
Болушунча "чаптаптыр"
Мудурулуп кетчи элем
Бироолор мени мактаса
Жараткан озу жар болуп
Сактасын эми сактаса.....
.....
Кумуш ээр,токулга
Аттуусу баштайт айтышты
Кумуш тустуу ак кирген
Чачтуусу баштайт айтышты
Эл башкарып,сый коргон
Баштуусу баштайт айтышты
Кадыр-барк,жургон- турганы
Жакшысы баштайт айтышты
Элге созу отумдуу
Жарчысы баштайт айтышты
Булардан бироо жок менде
Кантип баштайм айтышты?
Келиниз эми Барс ава
Акындар кутуп калышты
Баштаныз эми айтышты....... .
Алгач сизди угайын
Кулагыма куяйын
Андан кийин ары жагын
Эптеп-септеп термелеп
Сизден кийин улайын.....
Ашыра чаап мактаптыр
Тамаша-чыны аралаш
Аябай эле "баптаптыр"
Мактоо создор мен жакка
Кара сел болуп каптаптыр
"Шпаклевканы" бетиме
Болушунча "чаптаптыр"
Мудурулуп кетчи элем
Бироолор мени мактаса
Жараткан озу жар болуп
Сактасын эми сактаса.....
.....
Кумуш ээр,токулга
Аттуусу баштайт айтышты
Кумуш тустуу ак кирген
Чачтуусу баштайт айтышты
Эл башкарып,сый коргон
Баштуусу баштайт айтышты
Кадыр-барк,жургон- турганы
Жакшысы баштайт айтышты
Элге созу отумдуу
Жарчысы баштайт айтышты
Булардан бироо жок менде
Кантип баштайм айтышты?
Келиниз эми Барс ава
Акындар кутуп калышты
Баштаныз эми айтышты....... .
Алгач сизди угайын
Кулагыма куяйын
Андан кийин ары жагын
Эптеп-септеп термелеп
Сизден кийин улайын.....
#658 11 Июнь 2009 - 07:00
Беме-бет туруп айтышка,
Берилди мага ыр чыны.
Айтышам деди астейдил,
СССР аттуу азыркы
Акындардын кырчыны.
Ал деген азыр чоң акын,
Алдастатып коюучу,
Анча-мынча ырчыны.
Айтышам десе, алактап,
Качып турса, жалтактап,
Ошол да төкмө ырчыбы?
Андыктан, абдан айтышып,
Аткарайын калайык
Акындык адал бурчуму. ( Бурч-милдет, вазийпа...)
Акыркы турда "Айтыштын" ,
Айттым эле аз-көппү ,
замандын ар кыл жактарын.
"Сонундан" бир топ келтиргем,
Айтпасам да тактап аттарын.
Өзүң да мисал келтирдиң ,
Ушул заман чоңдору
коррупцияга батканын.
Адамды алдап, элди алдап,
Арамдан акча тапканын.
Ичи тардык менен көрө албай,
Байлык, бийлик талашып,
бирин-бири атканын.
Анда ушул заманда
Агы жок, баары карабы?
Андай болсо таптакыр,
Айыкпас шишик жарабы?
Ак эмгек менен таппастан,
Алганы жалаң парабы?
Миң кылсак дагы бул заман,
Ушул бойдон калабы?
Кылымдап келген КЫРГЫЗЫМ,
Даңгыр жол таппай эч качан,
Туңгуюкка барабы?
Кожожаштай камалып...
Аскабы бардык тарабы?
Мына ушулар ойду он бөлүп,
Күчөтмө к болду санаамы.
Оңолуш үчүн бул заман,
кантсе болот кана, аны?
Ушулардан сүйлөчү ,
Убайга салбай аваңы.
Бийик созуп үнүң дү,
Комузуң бетин тырмачы.
Кантсек заман жакшырат
Жаамы кыргыз жыргачу?
Көтөрү лсүн көңү лдөр,
Биз жашаган замандын
Жакшы да жагын ырдачы.
Берилди мага ыр чыны.
Айтышам деди астейдил,
СССР аттуу азыркы
Акындардын кырчыны.
Ал деген азыр чоң акын,
Алдастатып коюучу,
Анча-мынча ырчыны.
Айтышам десе, алактап,
Качып турса, жалтактап,
Ошол да төкмө ырчыбы?
Андыктан, абдан айтышып,
Аткарайын калайык
Акындык адал бурчуму. ( Бурч-милдет, вазийпа...)
Акыркы турда "Айтыштын" ,
Айттым эле аз-көппү ,
замандын ар кыл жактарын.
"Сонундан" бир топ келтиргем,
Айтпасам да тактап аттарын.
Өзүң да мисал келтирдиң ,
Ушул заман чоңдору
коррупцияга батканын.
Адамды алдап, элди алдап,
Арамдан акча тапканын.
Ичи тардык менен көрө албай,
Байлык, бийлик талашып,
бирин-бири атканын.
Анда ушул заманда
Агы жок, баары карабы?
Андай болсо таптакыр,
Айыкпас шишик жарабы?
Ак эмгек менен таппастан,
Алганы жалаң парабы?
Миң кылсак дагы бул заман,
Ушул бойдон калабы?
Кылымдап келген КЫРГЫЗЫМ,
Даңгыр жол таппай эч качан,
Туңгуюкка барабы?
Кожожаштай камалып...
Аскабы бардык тарабы?
Мына ушулар ойду он бөлүп,
Күчөтмө к болду санаамы.
Оңолуш үчүн бул заман,
кантсе болот кана, аны?
Ушулардан сүйлөчү ,
Убайга салбай аваңы.
Бийик созуп үнүң дү,
Комузуң бетин тырмачы.
Кантсек заман жакшырат
Жаамы кыргыз жыргачу?
Көтөрү лсүн көңү лдөр,
Биз жашаган замандын
Жакшы да жагын ырдачы.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#659 11 Июнь 2009 - 09:12
Бир толкундап,бир сурдоп
Буткон боюм дурулдоп
Комузум черте баштадым
Кайра-кайра бир куулоп....
Ойду-тоону бир суйлоп
Адашып создон доодуроп
Мандайымда тогуп жатса
Акындардын акыны
Онору менден кучтуурок... ...
Башын баштап жайыраак
Унум чыкты каргылдап
Жооп беруу Барска онойбу
Бут денен турса калтырап?
Келме айтып ичимден
Жаратканга сыйындым
"Чымындарды" бут топтоп
Баштайын эми ырымды.......
3амана бузук-сынык деп
Токконум чын арманды
Айтынызчы Барс ава
Же айттымбы жалганды?
Илгертеден келаткан
Оомал-токмол замандыр
Кээде болсо ак жагы
Кээде кара,жамандыр. .....
Кыйын кезден куткарчу
Кыргыздан кыраан эр чыгаар
Ойлогон ою салмактуу
Билими кучтуу эр чыгаар
Кыргыздын данкын котороор
Билеги кучтуу эр чыгаар
Убадага так турган
Айткан созго бек чыгаар
Кыргызды алга сурочу
Куч-кубат берээр дем чыгаар.....
Бирок,
Жалгыз жоокер жыланач
Канча мыкты болсо да
Аскер болбойт турбайбы
Жалгыз кирпич озунчо
Канчалык катуу болсо да
Дубал болбойт турбайбы
Лидер-башчы дегенин
Кылычтын мизи,найзанын
Учу болот турбайбы
Улуттан чыккан каймагын
Колдобосо калайык
Элди кудай урбайбы......
Бир жакадан баш чыгып
Бир женден кол чыгарсак
Замана шондо онолоор
Алакандай жайылбай
Муштум болуп туйулсок
Замана шондо онолоор
Бири-бирибизди ондосок
К8т8рм8л8п колдосок
Замана шондо онолоор
Билбеген угуп билгенди
Токтотсо "отук илгенди"
Замана шондо онолоор
Карынын созун капка салып
Урматтап турса жаштары,
Кобойсо кыргыз ичинде
Акылга дыйкан баштары.....
Напсини тыйсак ооздуктап
Антпесе,
Жалгызга да жетпей калат
Казан толо аш дагы......
Мына ушул менин билгеним
Эптеп септеп илгеним
Жаксын эми Барска деп
Ичимден жуз тиледим
Элде бар билим менде жок
Барсым озун билесин
Кабыл ал эми ининдин
Акылдан эмес,журоктон
Астейдил чыккан тилегин...
Мен болсо азыр кетейин
"Чымындарды" издейин
"Келтектеп" койбой Барс ава
Жылмайып ырдын кезегин
Озунузго берейин....
Буткон боюм дурулдоп
Комузум черте баштадым
Кайра-кайра бир куулоп....
Ойду-тоону бир суйлоп
Адашып создон доодуроп
Мандайымда тогуп жатса
Акындардын акыны
Онору менден кучтуурок... ...
Башын баштап жайыраак
Унум чыкты каргылдап
Жооп беруу Барска онойбу
Бут денен турса калтырап?
Келме айтып ичимден
Жаратканга сыйындым
"Чымындарды" бут топтоп
Баштайын эми ырымды.......
3амана бузук-сынык деп
Токконум чын арманды
Айтынызчы Барс ава
Же айттымбы жалганды?
Илгертеден келаткан
Оомал-токмол замандыр
Кээде болсо ак жагы
Кээде кара,жамандыр. .....
Кыйын кезден куткарчу
Кыргыздан кыраан эр чыгаар
Ойлогон ою салмактуу
Билими кучтуу эр чыгаар
Кыргыздын данкын котороор
Билеги кучтуу эр чыгаар
Убадага так турган
Айткан созго бек чыгаар
Кыргызды алга сурочу
Куч-кубат берээр дем чыгаар.....
Бирок,
Жалгыз жоокер жыланач
Канча мыкты болсо да
Аскер болбойт турбайбы
Жалгыз кирпич озунчо
Канчалык катуу болсо да
Дубал болбойт турбайбы
Лидер-башчы дегенин
Кылычтын мизи,найзанын
Учу болот турбайбы
Улуттан чыккан каймагын
Колдобосо калайык
Элди кудай урбайбы......
Бир жакадан баш чыгып
Бир женден кол чыгарсак
Замана шондо онолоор
Алакандай жайылбай
Муштум болуп туйулсок
Замана шондо онолоор
Бири-бирибизди ондосок
К8т8рм8л8п колдосок
Замана шондо онолоор
Билбеген угуп билгенди
Токтотсо "отук илгенди"
Замана шондо онолоор
Карынын созун капка салып
Урматтап турса жаштары,
Кобойсо кыргыз ичинде
Акылга дыйкан баштары.....
Напсини тыйсак ооздуктап
Антпесе,
Жалгызга да жетпей калат
Казан толо аш дагы......
Мына ушул менин билгеним
Эптеп септеп илгеним
Жаксын эми Барска деп
Ичимден жуз тиледим
Элде бар билим менде жок
Барсым озун билесин
Кабыл ал эми ининдин
Акылдан эмес,журоктон
Астейдил чыккан тилегин...
Мен болсо азыр кетейин
"Чымындарды" издейин
"Келтектеп" койбой Барс ава
Жылмайып ырдын кезегин
Озунузго берейин....
#660 11 Июнь 2009 - 09:54
А, акын балам СССР,
Азыркы заман кеселин,
Келтирип туруп ак айттың.
Аны алчу сакайтып,
Даарысын дагы так айттың.
"Билимим аз..."- деп кейибе,
Билимдүү мүн деген кээ бирден,
дагы да өзүң жарайсың !
Замандын аки-чүкү сүн,
Сын көз менен карайсың .
Аны дагы ыр менен,
Келтирип туруп жамайсың .
Чын айтасың, СССР,
Ырыс алды-ынтымак.
Ынтымагы жок элдин
арасынан чыр чыгат.
Биригүү нүн ордуна,
Бөлүнү п кетет тыркырап.
Ый курайбыз анда акындар,
Ырдабастан ыр курап.
Бир башчыны укпастан,
Сүйлөй берсек чуркурап.
Жоготуп алып элдикти,
Кеч болот анда, сактай гөр,
Ыйлаган менен буркурап.
Эл ичи кенч эмеспи.
Элдин муңун угуучу,
Оң жолго бизди буруучу,
Арасынан тың чыгат.
Көрөсү ңөр акыры,
Айтылган сөздөр чын чыгат.
Ошондуктан, жарандар,
Азгырылбай ар кимге,
Киребиз дебей ар "динге" ,
Жашаган жакшы тынчыраак.
Аз да болсо, күн сайын
Оңоло берет заманаң.
Элдин баары бек турса,
Эл жыргалы деп турса,
ичтеги ирик, былыктар,
Жоголо берет арадан.
Күндөргө биз да жетебиз,
Кылымдар бою самаган.
Тазарсын ниет, каныбыз,
Ошондуктан, баарыбыз,
Сурайлы жардам Алладан.
Ниетибизди оңобой,
Кутулбайбыз эч качан
Коррупция, мафия...
Жана башка балаадан.
Эми баатыр СССР,
жоопту берсең ырыма,
Экөөбү з бир аз токтойлу.
Акын деген бизде көп,
Алардын көөнү чөкпөйбү .
"Кезекти беребейт, энең..." -деп.
Аларың ичтен сөкпөйбү .
Дем алышып алды го,
Бук болушуп калды го,
Заман деп ырын төкпөйбү да,
Сынынан элдин өтпөйбү!!!
Азыркы заман кеселин,
Келтирип туруп ак айттың.
Аны алчу сакайтып,
Даарысын дагы так айттың.
"Билимим аз..."- деп кейибе,
Билимдүү мүн деген кээ бирден,
дагы да өзүң жарайсың !
Замандын аки-чүкү сүн,
Сын көз менен карайсың .
Аны дагы ыр менен,
Келтирип туруп жамайсың .
Чын айтасың, СССР,
Ырыс алды-ынтымак.
Ынтымагы жок элдин
арасынан чыр чыгат.
Биригүү нүн ордуна,
Бөлүнү п кетет тыркырап.
Ый курайбыз анда акындар,
Ырдабастан ыр курап.
Бир башчыны укпастан,
Сүйлөй берсек чуркурап.
Жоготуп алып элдикти,
Кеч болот анда, сактай гөр,
Ыйлаган менен буркурап.
Эл ичи кенч эмеспи.
Элдин муңун угуучу,
Оң жолго бизди буруучу,
Арасынан тың чыгат.
Көрөсү ңөр акыры,
Айтылган сөздөр чын чыгат.
Ошондуктан, жарандар,
Азгырылбай ар кимге,
Киребиз дебей ар "динге" ,
Жашаган жакшы тынчыраак.
Аз да болсо, күн сайын
Оңоло берет заманаң.
Элдин баары бек турса,
Эл жыргалы деп турса,
ичтеги ирик, былыктар,
Жоголо берет арадан.
Күндөргө биз да жетебиз,
Кылымдар бою самаган.
Тазарсын ниет, каныбыз,
Ошондуктан, баарыбыз,
Сурайлы жардам Алладан.
Ниетибизди оңобой,
Кутулбайбыз эч качан
Коррупция, мафия...
Жана башка балаадан.
Эми баатыр СССР,
жоопту берсең ырыма,
Экөөбү з бир аз токтойлу.
Акын деген бизде көп,
Алардын көөнү чөкпөйбү .
"Кезекти беребейт, энең..." -деп.
Аларың ичтен сөкпөйбү .
Дем алышып алды го,
Бук болушуп калды го,
Заман деп ырын төкпөйбү да,
Сынынан элдин өтпөйбү!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия