Салам айтып жалпына.
Кирип келдим айлына.
Амансырабы акындар?
Орундуу созго жакындар.
Экинчи турда...
Салмактап созду айтынар.
Байгенерди алдынар.
Кут болсун алган байгенер,
Ардайым эле ушунтип
Байге устундо болундар.
Еретик берген байгеден.
Менда куру калбадым,
Уч жуз бирдик алганмын.
Рахмат айтып отойун.
Демоорчу болгон бизге
Еретик мырза менен Айечка айымга.
Ден-соолукта болгула,
Ишинер журуп алдыга
Бар болгула дайыма.........
Эс алуу болуп ортодо
Калдык окшойт эс алып
Учунчу тур башталды
Башкармабыз СССР
Оюн салып ортого
Тандагыла тема деп
Кенешти айтты жалпыга.
Аруу кыз айткан Заман
Колдого алды аны
Биздин башкарма
Замана деген тема.
Ортого эми ташталды.
Замандан чыкбай алыстап,
Айтышалы биз эми.
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#662 13 Июнь 2009 - 22:06
Июнга 11 болгондо,
Кичине түш оогондо,
Жека акын ырын ырдаптыр.
Ошондон кийин ”Айтыштын” ,
Арыгы бошоп, кургаптыр.
Акын деген көп эле,
Улантууга ”Айтышты” ,
Астейдил көңү л бурбаптыр.
Мага жооп бербестен,
СССРден дайын жок.
”Чымынын” издеп кетти эле,
Локуйган менин ”тайым” жок.
”Мынча койдум приз!”- деп,
Же кызыктырчу байың жок.
Кокустан байге жок болсо,
Кагылайын, акындар,
Калабы шунтип шайың ооп?
Башкалар билет бир нерсе...
Мен болсо ырдай беремин,
Анткени,
куулук кылар жайым жок.
Архи менен Лимонтай,
Кантсе да экөө жаш эле,
Махабатка мас эле,
Дем алыш деп чечкенби,
Жай келип калды, а балким,
Көпөлө к кууп кеткенби?..
Акындардын бири жок,
Демейде жүргөн топурап.
Жека болсо, күүлө нүп,
өзүнчө эле сүйлөнү п,
Арууну күтүп отурат.
Жай саратан чилдеде,.
Салкындык берчү ”Айс” кайда?
Чанда кирип ырдачу,
Чалгынчы биздин Вайс кайда?
Акын болуп калышкан,
Катталышып туруктуу.
Мери менен Ханзада,
Ырчылар кайда кылыктуу?
Көтөрө бүз дешти эле,
Дал ушул ”Айтыш” аркылуу,
Кымбаттуу Кыргыз улутту.
О, ”Айтышка” жакындар,
Ооматы бар акындар,
Ушул заман жөнүндө ,
Оюңарды айткыла.
Токтотом ырды деген бир,
Жаман ойдон кайткыла.
Аягында мындай деп:
"Барс аке менен Талантбек
Чарчаса уксун биздин кеп"
деп ырдаптыр Жекабек.
Көрдүң бекен тоодогу,
Жапжашыл турган арчаны.
Аныкташ кыйын азырчы,
Өткөрдү жылдан канчаны.
Жөн гана кезек бергенмин,
Ойлобо дагы: "Чарчады! !!"
Ден соолук болсо дайыма,
Барс акеңдин кыйын го,
Ырдагандан чарчаары!
Кичине түш оогондо,
Жека акын ырын ырдаптыр.
Ошондон кийин ”Айтыштын” ,
Арыгы бошоп, кургаптыр.
Акын деген көп эле,
Улантууга ”Айтышты” ,
Астейдил көңү л бурбаптыр.
Мага жооп бербестен,
СССРден дайын жок.
”Чымынын” издеп кетти эле,
Локуйган менин ”тайым” жок.
”Мынча койдум приз!”- деп,
Же кызыктырчу байың жок.
Кокустан байге жок болсо,
Кагылайын, акындар,
Калабы шунтип шайың ооп?
Башкалар билет бир нерсе...
Мен болсо ырдай беремин,
Анткени,
куулук кылар жайым жок.
Архи менен Лимонтай,
Кантсе да экөө жаш эле,
Махабатка мас эле,
Дем алыш деп чечкенби,
Жай келип калды, а балким,
Көпөлө к кууп кеткенби?..
Акындардын бири жок,
Демейде жүргөн топурап.
Жека болсо, күүлө нүп,
өзүнчө эле сүйлөнү п,
Арууну күтүп отурат.
Жай саратан чилдеде,.
Салкындык берчү ”Айс” кайда?
Чанда кирип ырдачу,
Чалгынчы биздин Вайс кайда?
Акын болуп калышкан,
Катталышып туруктуу.
Мери менен Ханзада,
Ырчылар кайда кылыктуу?
Көтөрө бүз дешти эле,
Дал ушул ”Айтыш” аркылуу,
Кымбаттуу Кыргыз улутту.
О, ”Айтышка” жакындар,
Ооматы бар акындар,
Ушул заман жөнүндө ,
Оюңарды айткыла.
Токтотом ырды деген бир,
Жаман ойдон кайткыла.
Аягында мындай деп:
"Барс аке менен Талантбек
Чарчаса уксун биздин кеп"
деп ырдаптыр Жекабек.
Көрдүң бекен тоодогу,
Жапжашыл турган арчаны.
Аныкташ кыйын азырчы,
Өткөрдү жылдан канчаны.
Жөн гана кезек бергенмин,
Ойлобо дагы: "Чарчады! !!"
Ден соолук болсо дайыма,
Барс акеңдин кыйын го,
Ырдагандан чарчаары!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#663 14 Июнь 2009 - 01:57
Айтыштын азыр темасы
Калп айтпасам ЗАМАНбы?
Бал тилдүү эчен акындар,
Тани-жаның аманбы?
Барс агамдан башкасы,
Талкан жутуп алганбы
Же болбосо эргүүгө
Эртелеп чыгып алганбы,
Сүрөө сү жок күлүктө й
Жарым жолдо калганбы?
Келгиле, камчы салдырбай,
Чыгаралы арманды...
Заманыбыз тегиз деп
Көп айтпайлы жалганды,
Ансыз да дүйнө караңгы ...
Көйгөйдү айтып жашырбай,
Чечилсек ошол жаманбы.
Токтогулга суу толбой,
Жарык өчкөн замана.
Туруштук бербей кырсыкка,
Райкомол аттуу айылда
Жерлер көчкөн замана.
Канчалаган улан -кыз
Ырыскы издеп чет жерде,
Тентип жүргөн замана.
Базарлар куруп, жүк ташып,
Толгон кытай жеримди,
Тооруп жүргөн замана.
Чоңу эле эмес жаш балдар,
СПИД менен ВИч менен
Ооруп жүргөн замана.
Унутулуп айкөлдү к,
Байлык, бийлик баардыгын
Чечип турган замана.
Болоор-болбос акча үчүн,
Атасынан баласы
Кечип турган замана.
Бийликтин көрүп үзүрү н,
Депутат менен министр
Сүткө тойгон мышыктай
Жыргап жургон замана.
Бүгүнкү сү бул болсо,
Эртеңкиси бүдөмү к
Болуп турган замана.
Айтылбай канча көйгөйлө р,
Армандар ичке жык болуп,
Толуп турган замана...
Калп айтпасам ЗАМАНбы?
Бал тилдүү эчен акындар,
Тани-жаның аманбы?
Барс агамдан башкасы,
Талкан жутуп алганбы
Же болбосо эргүүгө
Эртелеп чыгып алганбы,
Сүрөө сү жок күлүктө й
Жарым жолдо калганбы?
Келгиле, камчы салдырбай,
Чыгаралы арманды...
Заманыбыз тегиз деп
Көп айтпайлы жалганды,
Ансыз да дүйнө караңгы ...
Көйгөйдү айтып жашырбай,
Чечилсек ошол жаманбы.
Токтогулга суу толбой,
Жарык өчкөн замана.
Туруштук бербей кырсыкка,
Райкомол аттуу айылда
Жерлер көчкөн замана.
Канчалаган улан -кыз
Ырыскы издеп чет жерде,
Тентип жүргөн замана.
Базарлар куруп, жүк ташып,
Толгон кытай жеримди,
Тооруп жүргөн замана.
Чоңу эле эмес жаш балдар,
СПИД менен ВИч менен
Ооруп жүргөн замана.
Унутулуп айкөлдү к,
Байлык, бийлик баардыгын
Чечип турган замана.
Болоор-болбос акча үчүн,
Атасынан баласы
Кечип турган замана.
Бийликтин көрүп үзүрү н,
Депутат менен министр
Сүткө тойгон мышыктай
Жыргап жургон замана.
Бүгүнкү сү бул болсо,
Эртеңкиси бүдөмү к
Болуп турган замана.
Айтылбай канча көйгөйлө р,
Армандар ичке жык болуп,
Толуп турган замана...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#664 14 Июнь 2009 - 16:54
Ассолому алейкум
Супер-форум аманбы?
Издеп келдим атайын
Акылман Барс авамды.....
Экообуз ырды токтотуп
"Пауза" алсак болбоду
Айтылуу башка акындар
Купулга неге толбоду?
Арууну издеп Жека "дос"
Оштон нары жоголду
"Мен мындамын аке" деп
Же Аруужан карындаш
Кабарын берип койбоду.....
Вайс акын гана келиптир
Мыктап ырын илиптир
Жекеге чыгаар кишини
Таппай издеп кетиптир..... .
Ойлогон ойго жеткирбей
Турмуш кыстап жатканбы
Акындардын баарынын
Ушул ысык аптапта
Баштары ооруп калганбы?
Кок чайдан ичип дембе-дем
Ныксырап баары калганбы?
Чогулуп келип акындар
Ырдагыла заманды
"Келгиле" деп какшатпай
Аксакал Барс авамды.....
Уруксат берсен аваке
Баштайын мен жамакты
Озунуз берген "пауза"
Аябай мени тажатты.....
Бизди уккан акындар
Кызыгып келип калаттыр
Уятынан болсо да
Эки ооз ырын жазаттыр..... .
.....
Заманан тушкур кызык дейт
Баскан жолун карасан
Ийри-буйру сызык дейт
Кээде туптуз дангырап
Кээ бир жери сынык дейт
Ордоп баскан жери бар
Кээде туптуз "спуск" дейт.......
Мезгилдин тарткан тамырын
Мыктылар бизде бар бекен?
Кун алыс билген заманды
Корогоч бизде бар бекен?.....
Жарышка тушчу аттардай
Шайлоого койду мыктылар
Арасында бар бекен
Кыргызстанды тын кылаар?
Ушул менин суроомо
Барсымдан жообун кутомун
Жоголуп кетти дебениз
Мен ушул жакын ортодо
"Чымын" тутуп журомун
Супер-форум аманбы?
Издеп келдим атайын
Акылман Барс авамды.....
Экообуз ырды токтотуп
"Пауза" алсак болбоду
Айтылуу башка акындар
Купулга неге толбоду?
Арууну издеп Жека "дос"
Оштон нары жоголду
"Мен мындамын аке" деп
Же Аруужан карындаш
Кабарын берип койбоду.....
Вайс акын гана келиптир
Мыктап ырын илиптир
Жекеге чыгаар кишини
Таппай издеп кетиптир..... .
Ойлогон ойго жеткирбей
Турмуш кыстап жатканбы
Акындардын баарынын
Ушул ысык аптапта
Баштары ооруп калганбы?
Кок чайдан ичип дембе-дем
Ныксырап баары калганбы?
Чогулуп келип акындар
Ырдагыла заманды
"Келгиле" деп какшатпай
Аксакал Барс авамды.....
Уруксат берсен аваке
Баштайын мен жамакты
Озунуз берген "пауза"
Аябай мени тажатты.....
Бизди уккан акындар
Кызыгып келип калаттыр
Уятынан болсо да
Эки ооз ырын жазаттыр..... .
.....
Заманан тушкур кызык дейт
Баскан жолун карасан
Ийри-буйру сызык дейт
Кээде туптуз дангырап
Кээ бир жери сынык дейт
Ордоп баскан жери бар
Кээде туптуз "спуск" дейт.......
Мезгилдин тарткан тамырын
Мыктылар бизде бар бекен?
Кун алыс билген заманды
Корогоч бизде бар бекен?.....
Жарышка тушчу аттардай
Шайлоого койду мыктылар
Арасында бар бекен
Кыргызстанды тын кылаар?
Ушул менин суроомо
Барсымдан жообун кутомун
Жоголуп кетти дебениз
Мен ушул жакын ортодо
"Чымын" тутуп журомун
#665 14 Июнь 2009 - 18:54
Дал бүгүн 18:30да,
ача салсам компуму.
СССР ырын илиптир...
Кубанып көөнү м толкуду.
Вайс го ырдап кириптир,
Көрүнбө й жатат анан не,
Топ акындын толкуну.
Түшүнбө й турам негедир,
Көп акындын ичинде,
ушундай олку-солкуну?
СССР иним сураптыр,
Замана чындап тарбы деп.
Бара жаткан жолубуз,
Кулап кетчү жарбы деп.
Кыялыбыз эңсеген,
Жарылып калчу шарбы деп.
Ушулады оңдоочу,
Манастын жолун жолдоочу,
Талапкерлер ичинде,
Татыктуусу барбы деп.
Олдо иним СССР,
Как жүрөккө сайылган,
бурама мыктан бурапсың .
Адамдын эсин оодарган,
Ажайып суроо сурапсың .
Ар дайым даңктап жүрөбү з,
Кокондун ишин оңдогон,
Аксыдан чыккан Нүзүптү .
Улаган дешет кыргызда,
Үзүлү п калган үзүктү .
Кутумдар аны жайлаган,
ортого салып бузукту.
Алмаша берсе ажобуз,
Оңолуп кетпейт жашообуз.
Манас жок экен арада,
Бардык жакта Абил бий,
Кайсыл тушту караба!
Ошондуктан, дагы беш жылга,
Курманбек эле өзү түзүк го!!!
ача салсам компуму.
СССР ырын илиптир...
Кубанып көөнү м толкуду.
Вайс го ырдап кириптир,
Көрүнбө й жатат анан не,
Топ акындын толкуну.
Түшүнбө й турам негедир,
Көп акындын ичинде,
ушундай олку-солкуну?
СССР иним сураптыр,
Замана чындап тарбы деп.
Бара жаткан жолубуз,
Кулап кетчү жарбы деп.
Кыялыбыз эңсеген,
Жарылып калчу шарбы деп.
Ушулады оңдоочу,
Манастын жолун жолдоочу,
Талапкерлер ичинде,
Татыктуусу барбы деп.
Олдо иним СССР,
Как жүрөккө сайылган,
бурама мыктан бурапсың .
Адамдын эсин оодарган,
Ажайып суроо сурапсың .
Ар дайым даңктап жүрөбү з,
Кокондун ишин оңдогон,
Аксыдан чыккан Нүзүптү .
Улаган дешет кыргызда,
Үзүлү п калган үзүктү .
Кутумдар аны жайлаган,
ортого салып бузукту.
Алмаша берсе ажобуз,
Оңолуп кетпейт жашообуз.
Манас жок экен арада,
Бардык жакта Абил бий,
Кайсыл тушту караба!
Ошондуктан, дагы беш жылга,
Курманбек эле өзү түзүк го!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#666 14 Июнь 2009 - 23:38
Ассалоому алейкум,
Жалпы акындар аманбы?
Аечка окуп шашылып,
Берип турат саламды
Замана жакшы теманы
Аруужан сунуш киргизди
Эки-экиден айтышып
Акындар катуу киришти
Мен аламын "пауза"
Эс аламын жайында
Инетке коп киралбай
Чанкап турам азыр да
3- турун айтыштын
Кызыктуусун каалаймын
Акындар турсун ырдашып
Замананын кызыгын
Болсун дайым ынтымак
Элге берсин куч-кубат
Шайлап алып ажону
Тынчтык болсун ар убак.
Ошол эми акындар
Мага абдан жакындар
Ийгилик каалайм баарына
Аман-эсен болундар!
Жалпы акындар аманбы?
Аечка окуп шашылып,
Берип турат саламды
Замана жакшы теманы
Аруужан сунуш киргизди
Эки-экиден айтышып
Акындар катуу киришти
Мен аламын "пауза"
Эс аламын жайында
Инетке коп киралбай
Чанкап турам азыр да
3- турун айтыштын
Кызыктуусун каалаймын
Акындар турсун ырдашып
Замананын кызыгын
Болсун дайым ынтымак
Элге берсин куч-кубат
Шайлап алып ажону
Тынчтык болсун ар убак.
Ошол эми акындар
Мага абдан жакындар
Ийгилик каалайм баарына
Аман-эсен болундар!
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#667 14 Июнь 2009 - 23:49
Акылманым Барс ава
Туура созду айттыныз
Ининиздин журоктогу
Ниетин даана таптыныз
"Курманбек озу тузук" деп
Бутага таамай аттыныз.
Оюнунузду кубаттайм
Рахматым кабыл алыныз.......
Жаман десен жаманды
Жакадан алып "ит кылат"
Жаман десен жакшыны
Жылмайып гана кутулат
Мактанбай кылган иштерин
Журокко карап иш кылат......
Ажо болуш онойбу
Айрыкча ушул заманда
Коралбай турса жакшысын
"Быкыйын" чукуп жамандап.
Ажолукка умтулган
Талапкерлер коп экен
Кээ биринин алардын
Тогорогу т8п экен.
Кандидаттын кээ бири
Эне тилин билгенден
"Эки" эмес,"нол" экен.....
Сынагын коруп алардын
Биякта мен кызардым
"Айла жок,бирок ай лав ю"
Айла жоктон чыдадым....
Эне тилин билбеген
Элин суйуп жарытпайт
Баалабай койсо комиссия
Кээ бир "кыйын" кандидат
Ташбоонун(Жумагулов) озун айыптайт.
Тантырап окуп кыргызча
Биринчи класс балача
Буларын ажо болуп жарытпайт... .
Баарынан да кызыгы
Шайлоосунун фондуна
Бир эргул алты сом гана топтоптур
Мышыктын ыйын келтиртпей
Жок дегенде устуно жуз сом кошпоптур.....
Туура созду айттыныз
Ининиздин журоктогу
Ниетин даана таптыныз
"Курманбек озу тузук" деп
Бутага таамай аттыныз.
Оюнунузду кубаттайм
Рахматым кабыл алыныз.......
Жаман десен жаманды
Жакадан алып "ит кылат"
Жаман десен жакшыны
Жылмайып гана кутулат
Мактанбай кылган иштерин
Журокко карап иш кылат......
Ажо болуш онойбу
Айрыкча ушул заманда
Коралбай турса жакшысын
"Быкыйын" чукуп жамандап.
Ажолукка умтулган
Талапкерлер коп экен
Кээ биринин алардын
Тогорогу т8п экен.
Кандидаттын кээ бири
Эне тилин билгенден
"Эки" эмес,"нол" экен.....
Сынагын коруп алардын
Биякта мен кызардым
"Айла жок,бирок ай лав ю"
Айла жоктон чыдадым....
Эне тилин билбеген
Элин суйуп жарытпайт
Баалабай койсо комиссия
Кээ бир "кыйын" кандидат
Ташбоонун(Жумагулов) озун айыптайт.
Тантырап окуп кыргызча
Биринчи класс балача
Буларын ажо болуп жарытпайт... .
Баарынан да кызыгы
Шайлоосунун фондуна
Бир эргул алты сом гана топтоптур
Мышыктын ыйын келтиртпей
Жок дегенде устуно жуз сом кошпоптур.....
#668 15 Июнь 2009 - 00:10
Көнөктө
п жаап жамгырлар,
Кыйла күн селдер каптады.
Эми гана суюлуп,
Асманда булут таркады.
Күндүн да курчуп аптабы,
Табына бизди кактады.
Элге окшоп мындай аптапта,
Эс алып жатсаң эң сонун.
А бирок аттиң турмуш ай...
Келсе да жаркып жай айы,
Сезону калып жайлоонун,
Шамалы согот шайлоонун...
USSR досум айтмакчы
Ажолукка ат салып,
Мыктылар чыгат жарышка.
Карапайым калк болсо
Жаралган го бир гана урнага
Бюллетенди салышка...
Барс авам эстеп Коконду,
Колдойлу деди Кукемди.
Жүйөсү бар бул сөздүн,
Ашууда ат алмашпайт...
Кыйналып турган кыргызга
Ажонун көбү жарашпайт.
Анткен менен адамдар,
Баарын тегиз карашпайт...
Томуктай гана жерибиз,
Жети дубан элибиз.
Азыр болсо чамынып,
Ажо тандаган кезибиз.
Барс ава, сиздин оюңуз-
Мен мындай деп түшүндү м:
Сактасак эгер тартипти,
Эртеңки жечү куйруктан-
Өнтөлө п зорго жүрсөк да,
Бүгүнкү өпкө артыкпы.
Каршы эмесмин Кукеме
Бийлей берсин дагы эле.
Митингчилер жүдөтү п,
Эки жылы кетти талаага.
Токтогул толбой, свет жок
Андан да калды балаага.
Жакшы иши да аз эмес,
Школьниктин курсагын
Тойгозуп койду чай менен.
Дагы бир мөөнө т олтурса
Нанды да жешеер май менен.
Камбар- Ата курулса
Жарык болор Кыргызстан.
Россиялык туугандар,
Гумжардамдан ыргыткан...
Телтору аты жоорубай,
Турса болду оорубай.
Кыргызстан оңолоор,
Корупция жоголоор...
Кыйла күн селдер каптады.
Эми гана суюлуп,
Асманда булут таркады.
Күндүн да курчуп аптабы,
Табына бизди кактады.
Элге окшоп мындай аптапта,
Эс алып жатсаң эң сонун.
А бирок аттиң турмуш ай...
Келсе да жаркып жай айы,
Сезону калып жайлоонун,
Шамалы согот шайлоонун...
USSR досум айтмакчы
Ажолукка ат салып,
Мыктылар чыгат жарышка.
Карапайым калк болсо
Жаралган го бир гана урнага
Бюллетенди салышка...
Барс авам эстеп Коконду,
Колдойлу деди Кукемди.
Жүйөсү бар бул сөздүн,
Ашууда ат алмашпайт...
Кыйналып турган кыргызга
Ажонун көбү жарашпайт.
Анткен менен адамдар,
Баарын тегиз карашпайт...
Томуктай гана жерибиз,
Жети дубан элибиз.
Азыр болсо чамынып,
Ажо тандаган кезибиз.
Барс ава, сиздин оюңуз-
Мен мындай деп түшүндү м:
Сактасак эгер тартипти,
Эртеңки жечү куйруктан-
Өнтөлө п зорго жүрсөк да,
Бүгүнкү өпкө артыкпы.
Каршы эмесмин Кукеме
Бийлей берсин дагы эле.
Митингчилер жүдөтү п,
Эки жылы кетти талаага.
Токтогул толбой, свет жок
Андан да калды балаага.
Жакшы иши да аз эмес,
Школьниктин курсагын
Тойгозуп койду чай менен.
Дагы бир мөөнө т олтурса
Нанды да жешеер май менен.
Камбар- Ата курулса
Жарык болор Кыргызстан.
Россиялык туугандар,
Гумжардамдан ыргыткан...
Телтору аты жоорубай,
Турса болду оорубай.
Кыргызстан оңолоор,
Корупция жоголоор...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#669 15 Июнь 2009 - 13:30
Саламдашып алайын
Ырымды анан курайын.
Салам айтам жалпыга
Жамы журт кыргыз калкымы.
Аманбысырабы туугандар?
Айыл кыштакта тургандар
Эсенсинерби туугандар?
Борбор шаарда тургандар.
Жагдайынар жакшыбы?
Супердеги туугандар.
Озгочо салам айтамын!
Кызгыздын салтын улагын
Токмолукту бел туткан
Курдо ырын кураган
Акындарым аманбы?
Жайдын ысык аптабы
Аптабына кактады
Шандуу кылган айтышты
Акындарда кайда качышты
Ысыктан качып акындар
Уйлорундо жатканбы?
Отпеске алып же баары
Айылга кетип калганбы?
Ысыктан такыр качбаган.
Колоколоп жатбаган
Торт акыным ырдагы
Ырларын жакшы курады
Оош кыйыш Заманды
Айтып,
Акындарым ырдады.
Заманадан баштасам
Ырымды менда курасам.
Пайгамбардан баркы бар,
Нарктуу жакшы созу бар.
Олия Калыгул айткан...
Келип турган замана.
Узун ичик кыскарып,
Дубленка болуп турган замана
Узун кийбей кыздарын
Жоон сандан откоро
Болтойтуп жартысын корсото
Шорта кийген замана
Оймолуу койнок жондо жок,
Фурболга болду замана.
Абийирин сатып акчага,
Кочо бойлоп тундосун.
Кыздарын, кополок болгон замана.
Иштегенге иши жок,
Айдаган же малы жок,
Кучко толгон балдарын,
уйдо олтурган замана.
Алдуурагы алсысыз.
Тоноп турган замана,
Оз динин чанып башка.
Сектага отуп турган замана,
Акарат айтып улууга,
Жаштарын согуп турган замана.
Ыйман кылбай, келме айтбай
Арам болгон арака,
Ууланып турган замана.
Аздан сон улантам эми калганын
Ырымды анан курайын.
Салам айтам жалпыга
Жамы журт кыргыз калкымы.
Аманбысырабы туугандар?
Айыл кыштакта тургандар
Эсенсинерби туугандар?
Борбор шаарда тургандар.
Жагдайынар жакшыбы?
Супердеги туугандар.
Озгочо салам айтамын!
Кызгыздын салтын улагын
Токмолукту бел туткан
Курдо ырын кураган
Акындарым аманбы?
Жайдын ысык аптабы
Аптабына кактады
Шандуу кылган айтышты
Акындарда кайда качышты
Ысыктан качып акындар
Уйлорундо жатканбы?
Отпеске алып же баары
Айылга кетип калганбы?
Ысыктан такыр качбаган.
Колоколоп жатбаган
Торт акыным ырдагы
Ырларын жакшы курады
Оош кыйыш Заманды
Айтып,
Акындарым ырдады.
Заманадан баштасам
Ырымды менда курасам.
Пайгамбардан баркы бар,
Нарктуу жакшы созу бар.
Олия Калыгул айткан...
Келип турган замана.
Узун ичик кыскарып,
Дубленка болуп турган замана
Узун кийбей кыздарын
Жоон сандан откоро
Болтойтуп жартысын корсото
Шорта кийген замана
Оймолуу койнок жондо жок,
Фурболга болду замана.
Абийирин сатып акчага,
Кочо бойлоп тундосун.
Кыздарын, кополок болгон замана.
Иштегенге иши жок,
Айдаган же малы жок,
Кучко толгон балдарын,
уйдо олтурган замана.
Алдуурагы алсысыз.
Тоноп турган замана,
Оз динин чанып башка.
Сектага отуп турган замана,
Акарат айтып улууга,
Жаштарын согуп турган замана.
Ыйман кылбай, келме айтбай
Арам болгон арака,
Ууланып турган замана.
Аздан сон улантам эми калганын
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргызымдын жигиттери
Чокудай бол кыргызымдын жигиттери
#670 15 Июнь 2009 - 13:34
Вайс, алмагул, аечка сулуулар, чамдагыла
#671 16 Июнь 2009 - 08:17
Эээ атандын гору замана
Ушундайы жаман аа
Ишенген кожон сууга акса
Алды-алдынан тал кармаааа.....
Ушундайы жаман аа
Ишенген кожон сууга акса
Алды-алдынан тал кармаааа.....
#672 16 Июнь 2009 - 08:41
Дынгыр-дынгыр-
дынгыр.... 
Комузду колго алайын,
Ырды тогуп салайын.
Чон айтыштын салтын кылып.
Менда салым салайын,
Элден артта калбайын,
Жыргалын коруп замандын.
Билгендимди жазайын.
Замана деп сыздаптыр.
Эдил досум буякта,
Адамдарга сын айтып,
Куурулгансыйт замана,
Замана деп сыздайбыз,
Деги кандай замана?
Кээ бироого кор дуйно,
Башкаларга зор дуйно,
Соодагерге пул дуйно,
Аларманга сат дуйно,
Сойкуларга жат дуйно,
Ууруларга кат дуйно,
Бул дуйно озу бок дуйно,
Бугун бар эртен жок дуйно,
Кыска кундук омурдо,
Убактынды тек откорбо,
Мына ушундай замана,
Аял эркек алмашып,
Тетири болду замана,
Жигиттерибиз казанда,
Аялдар болсо базарда,
Такыбасын колго алып,
Журуп калган замана,
Мышык менен чычканын,
Жакын болгон замана.
Модалары кобойуп,
Закым болгон замана
Акча болсо болгону,
Баары болгон замана,
Айта берсен арман коп,
Суйунуч аз куйут коп,
Наалый бербей жашоондо,
Ойноп кулуп жашап от.
(Калганын кийин улантайын)
Комузду колго алайын,
Ырды тогуп салайын.
Чон айтыштын салтын кылып.
Менда салым салайын,
Элден артта калбайын,
Жыргалын коруп замандын.
Билгендимди жазайын.
Замана деп сыздаптыр.
Эдил досум буякта,
Адамдарга сын айтып,
Куурулгансыйт замана,
Замана деп сыздайбыз,
Деги кандай замана?
Кээ бироого кор дуйно,
Башкаларга зор дуйно,
Соодагерге пул дуйно,
Аларманга сат дуйно,
Сойкуларга жат дуйно,
Ууруларга кат дуйно,
Бул дуйно озу бок дуйно,
Бугун бар эртен жок дуйно,
Кыска кундук омурдо,
Убактынды тек откорбо,
Мына ушундай замана,
Аял эркек алмашып,
Тетири болду замана,
Жигиттерибиз казанда,
Аялдар болсо базарда,
Такыбасын колго алып,
Журуп калган замана,
Мышык менен чычканын,
Жакын болгон замана.
Модалары кобойуп,
Закым болгон замана
Акча болсо болгону,
Баары болгон замана,
Айта берсен арман коп,
Суйунуч аз куйут коп,
Наалый бербей жашоондо,
Ойноп кулуп жашап от.
(Калганын кийин улантайын)
#673 16 Июнь 2009 - 18:10
Эээ атандын гору замана
Ушундайы жаман аа
Ишенген кожон сууга акса
Алды-алдынан тал кармаааа.....
Ушундайы жаман аа
Ишенген кожон сууга акса
Алды-алдынан тал кармаааа.....
Сатираң а сатирам!.. Хе-хе...
Кожоң сууга акса да,
Өзүң сууга акпагын.
Кыйкыра берип курулай,
чыгып кетет акмагың.
Сен кыйкырсаң :"Жардамга! !!"
кайрылып койбойт бир жан да.
Булгаласаң , көрүп келишет,
Көп пулуң болсо карманда.
Эгерде пулуң жок болсо,
кетесиң агып арманда.
"Колуң ду бер,"-деп угулат,
Жээктен чыккан улам үн.
Узатпайсың ага колуңду!
Анткени, ушул заманда
"Бер..." - дегенди укпай дайыма,
"Ме!.." - дегенге көнгөн кулагың.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#674 17 Июнь 2009 - 19:52
Кечээ саат 18 болгондо
Барс авам баш багыптыр
Сатирага сатира
Кыска ырын жазыптыр..... .
Сатира го сатира
Жылмайтып койду бир азга
Кантсе да маани-манызы
Такалат экен заманга.....
Менин айтаар созумдун
Ток этээр жери ал эмес
Жооп бербей койсом ырына
Барс аксакал "каап" дебес.....
Туягым кызып калганда
Жоголуп Барс авамда
СССР деген иниси
Отурат азыр арманда.....
Оюмду женип бул турмуш
Айтышта жалгыз калганга
Кантейин эми,айла жок
Бул да болсо заман да...
Барс авам баш багыптыр
Сатирага сатира
Кыска ырын жазыптыр..... .
Сатира го сатира
Жылмайтып койду бир азга
Кантсе да маани-манызы
Такалат экен заманга.....
Менин айтаар созумдун
Ток этээр жери ал эмес
Жооп бербей койсом ырына
Барс аксакал "каап" дебес.....
Туягым кызып калганда
Жоголуп Барс авамда
СССР деген иниси
Отурат азыр арманда.....
Оюмду женип бул турмуш
Айтышта жалгыз калганга
Кантейин эми,айла жок
Бул да болсо заман да...
#675 17 Июнь 2009 - 21:26
"...
Барс авам баш багыптыр
Сатирага сатира
Кыска ырын жазыптыр..... ."
Айланайын, СССР,
Ушу сенин
мурунку бир куплет ырыңдан,
Менин үч куплетим кыскабы?
Түшүнө м дечи аныңды,
мааниси жок миң саптан,
Төрт сап ыр кымбат нускалуу.
Ушунуча эле начарбы,
мен жазган ыр, кыскасы?!!
"Туягым кызып калганда
Жоголуп Барс авам да
СССР деген иниси
Отурат азыр арманда....."
Абдан жаман кейидим,
"Туягың кызып калганда" ,
Келбегенге жардамга.
Ыкшоо таратат адамзат,
Билесиң кийин карганда.
жашыма менин барганда.
Кечигип көрүп ырыңды,
калды менде ич күйүп.
Жумуштун таштап баарысын
Олтурсам болмок экен деп,
Өчүрбө й компту тикчийип...
Ошентсе дагы, СССР,
Жаныңдын тилейм аманын.
Отургузбайт бир жерге,
ушундай экен заманың.
"Жоголду- десең-Барс авам",
Эки анжы ойдо каламын.
Бар адамды жок десе,
Барктап жүргөн адамың?..
Кайгырбагын, СССР,
Мейли күздө, жай, кышта,
Ден соолук берсе Кудайым,
Бирге болот сен менен,
Барс аваң дайым "Айтышта"!..
Сатирага сатира
Кыска ырын жазыптыр..... ."
Айланайын, СССР,
Ушу сенин
мурунку бир куплет ырыңдан,
Менин үч куплетим кыскабы?
Түшүнө м дечи аныңды,
мааниси жок миң саптан,
Төрт сап ыр кымбат нускалуу.
Ушунуча эле начарбы,
мен жазган ыр, кыскасы?!!
"Туягым кызып калганда
Жоголуп Барс авам да
СССР деген иниси
Отурат азыр арманда....."
Абдан жаман кейидим,
"Туягың кызып калганда" ,
Келбегенге жардамга.
Ыкшоо таратат адамзат,
Билесиң кийин карганда.
жашыма менин барганда.
Кечигип көрүп ырыңды,
калды менде ич күйүп.
Жумуштун таштап баарысын
Олтурсам болмок экен деп,
Өчүрбө й компту тикчийип...
Ошентсе дагы, СССР,
Жаныңдын тилейм аманын.
Отургузбайт бир жерге,
ушундай экен заманың.
"Жоголду- десең-Барс авам",
Эки анжы ойдо каламын.
Бар адамды жок десе,
Барктап жүргөн адамың?..
Кайгырбагын, СССР,
Мейли күздө, жай, кышта,
Ден соолук берсе Кудайым,
Бирге болот сен менен,
Барс аваң дайым "Айтышта"!..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#676 17 Июнь 2009 - 22:38
Албетте ава,тушуном
Бошобой журдун ишинен
Кабар алган экенсиз
Бугун келип,
Форумдагы "бейбаш" ининен.....
Экзамен алуу ташпиши
Башталган окшойт мектепте
Окууну бутком илгери
Ал жагы жок экен эсте.....
Кантсе да,
Ырынызды окудум
Ысып бир журок толкудум
Кое берген тайымды
Тутуп келип токудум
Ырыныз мага дем берип
Шак эле компко отурдум
Короодо суум ташылбай
Жарылбай калды отунум
Сиздей акын келгенде
Ичкен ашым таштадым
Илхам деген жон койбой
Тамакка табит тартпады
Тамагынды жеп ал деп
Апам да
Жакшы эле наалып какшады
Апакем кайдан тушунсун
Бу форум менен сайттарды...
Азыркы кундо замандын
Жетишкенин карачы
Инет деген онугуп
Жакындап калды алыс жак
Аралыктын арасы
Эшигинди черткилеп
Бу "комп" дегениндин эрасы
"Сотка" деген балакет
Каалаган жерден чаласын
Интернет деген жакшы экен
Издегенинди табасын
Окуучу менен студентин
Инеттен алат даярын
Реферат,курстук, дипл
ом иш
Жана башка сабактарын
Инеттен жоет турбайбы
Окурмандар сабатын....
Чейрек кылым илгери
Эсил эСэСэСэРдин доорунда
Жека дос мактап ырдаган
Коммунисттер доорунда
Мындай заман жок болчу
Ала-Тоонун койнунда
Уктасан тушко кирчу эмес
Учурдагы сонундар.....
Китебин издеп студенттер
Библиотеканы талачу
Кочурбой даяр нускасын
Оз колу менен жаратчу,
Илим-билим кудугун
Мээнетин менен казчусун..... .
Алыс жак менен суйлошсон
Телеграфка барчусун
Кыйкырып жакшы угулбай
Кабина ичин жарчусун....
Конвертке салып уч буктоп
Коркомдоп катты жазчусун
Шашылыш болсо кабарын
Телеграмма салчусун..... ...
....
...... Эми мындай аваке
Сизге суроом бар аке
Ойлордон башым чаташты
Жандырмагын тап аке
Инеттин пайда-зыянын
Айырмасын жаз аке......
Бошобой журдун ишинен
Кабар алган экенсиз
Бугун келип,
Форумдагы "бейбаш" ининен.....
Экзамен алуу ташпиши
Башталган окшойт мектепте
Окууну бутком илгери
Ал жагы жок экен эсте.....
Кантсе да,
Ырынызды окудум
Ысып бир журок толкудум
Кое берген тайымды
Тутуп келип токудум
Ырыныз мага дем берип
Шак эле компко отурдум
Короодо суум ташылбай
Жарылбай калды отунум
Сиздей акын келгенде
Ичкен ашым таштадым
Илхам деген жон койбой
Тамакка табит тартпады
Тамагынды жеп ал деп
Апам да
Жакшы эле наалып какшады
Апакем кайдан тушунсун
Бу форум менен сайттарды...
Азыркы кундо замандын
Жетишкенин карачы
Инет деген онугуп
Жакындап калды алыс жак
Аралыктын арасы
Эшигинди черткилеп
Бу "комп" дегениндин эрасы
"Сотка" деген балакет
Каалаган жерден чаласын
Интернет деген жакшы экен
Издегенинди табасын
Окуучу менен студентин
Инеттен алат даярын
Реферат,курстук, дипл
ом иш
Жана башка сабактарын
Инеттен жоет турбайбы
Окурмандар сабатын....
Чейрек кылым илгери
Эсил эСэСэСэРдин доорунда
Жека дос мактап ырдаган
Коммунисттер доорунда
Мындай заман жок болчу
Ала-Тоонун койнунда
Уктасан тушко кирчу эмес
Учурдагы сонундар.....
Китебин издеп студенттер
Библиотеканы талачу
Кочурбой даяр нускасын
Оз колу менен жаратчу,
Илим-билим кудугун
Мээнетин менен казчусун..... .
Алыс жак менен суйлошсон
Телеграфка барчусун
Кыйкырып жакшы угулбай
Кабина ичин жарчусун....
Конвертке салып уч буктоп
Коркомдоп катты жазчусун
Шашылыш болсо кабарын
Телеграмма салчусун..... ...
....
...... Эми мындай аваке
Сизге суроом бар аке
Ойлордон башым чаташты
Жандырмагын тап аке
Инеттин пайда-зыянын
Айырмасын жаз аке......
#677 18 Июнь 2009 - 00:11
Алгачкы жолу кыргызга
калкулятор келгенде,
Жадыбал жаттоо жоголду,
Эсептөө үчүн жергемде.
Абдан жакты мына ушул,
Жалкоо болгон элдерге.
Чеченирээк кээси:
”Жадыбал жаттап не кылам?
Жапондун турса мээси...
Жакшы гана болду”,- дээшти.
Маалыматты алганга,
Инетте абдан пайда чоң.
Кары-жаш дебей баарысы,
Аны билип алган оң.
А бирок өзүң айткандай,
Өздөрү илим ачпаса,
Уурдап алса инеттен,
Өз оюн дадил жазбаса.
Кыргызда илим өспөстө н,
Ит болобуз го таптаза!
Ошондуктан, ЖОЖдордо,
Олчойто пара алган көп.
Окуттук деп билимге,
Окмуштууларда жалган көп.
Көңдө йлүгүн билишпей,
Көтөрү п мурдун баскан көп.
А тургай ушул форумда,
”Эле" ни ”ле” деп жазган көп.
Эки сөз башын кошушуп,
Сүйлөй албай калган көп.
Башканы кой, көрдүң го,
Президенттикке талапкер
Кыргызча эптеп жаза албайт,
Өз оюн жөндүү айта албайт...
Атаны кокуй, арман көп!! !
Аракет кылып сабатка,
Билейин деген мүдөө жок.
Андыктан бизде кемчилдик.
Инетте такыр күнөө жок!.
калкулятор келгенде,
Жадыбал жаттоо жоголду,
Эсептөө үчүн жергемде.
Абдан жакты мына ушул,
Жалкоо болгон элдерге.
Чеченирээк кээси:
”Жадыбал жаттап не кылам?
Жапондун турса мээси...
Жакшы гана болду”,- дээшти.
Маалыматты алганга,
Инетте абдан пайда чоң.
Кары-жаш дебей баарысы,
Аны билип алган оң.
А бирок өзүң айткандай,
Өздөрү илим ачпаса,
Уурдап алса инеттен,
Өз оюн дадил жазбаса.
Кыргызда илим өспөстө н,
Ит болобуз го таптаза!
Ошондуктан, ЖОЖдордо,
Олчойто пара алган көп.
Окуттук деп билимге,
Окмуштууларда жалган көп.
Көңдө йлүгүн билишпей,
Көтөрү п мурдун баскан көп.
А тургай ушул форумда,
”Эле" ни ”ле” деп жазган көп.
Эки сөз башын кошушуп,
Сүйлөй албай калган көп.
Башканы кой, көрдүң го,
Президенттикке талапкер
Кыргызча эптеп жаза албайт,
Өз оюн жөндүү айта албайт...
Атаны кокуй, арман көп!! !
Аракет кылып сабатка,
Билейин деген мүдөө жок.
Андыктан бизде кемчилдик.
Инетте такыр күнөө жок!.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#678 18 Июнь 2009 - 00:54
СССР менен Барс ава,
Алым-сабак айтышат...
Ал эми калган акындар,
Эргүүдө н качан кайтышат?
СССР досум чечилип,
Инеттен кепти козгойсун.
Кереели кечке тиктейм деп,
"Компум" ай деп боздойсун...
Кулпунай бышкан заманда,
Компум ай деп олтурсаң ...
Клубдан артык экен го,
Купулга баарын толтурсан...
Азыргы заман жарчысы
Инетте деп мактапсын.
Байланыш түгүл окууга
Андан артык таппапсын...
Айтканын туура бир чети,
Азыркы ушул заманда-
Комп менен бутот көп ишиң,
Ал жок болсо жаман да!
А бирок кээде кызыгып,
Өлтүрө сүң убактың!
Кыйла пул кетет Инетке
Тиштеген бойдон кулакты...
Анысы деле мейличи,
Кеткенде увакыт узарып,
Көздөрң ооруйт кызарып.
Уйкудан калып кыйла күн,
Жүрөсү ң өңү ң куварып.
Таштай албай бирок да,
Кетет кайра уланып...
Кызык го ушул табигат,
"Инетоман" оорусу,
Канткенде деги айыгат?
Алым-сабак айтышат...
Ал эми калган акындар,
Эргүүдө н качан кайтышат?
СССР досум чечилип,
Инеттен кепти козгойсун.
Кереели кечке тиктейм деп,
"Компум" ай деп боздойсун...
Кулпунай бышкан заманда,
Компум ай деп олтурсаң ...
Клубдан артык экен го,
Купулга баарын толтурсан...
Азыргы заман жарчысы
Инетте деп мактапсын.
Байланыш түгүл окууга
Андан артык таппапсын...
Айтканын туура бир чети,
Азыркы ушул заманда-
Комп менен бутот көп ишиң,
Ал жок болсо жаман да!
А бирок кээде кызыгып,
Өлтүрө сүң убактың!
Кыйла пул кетет Инетке
Тиштеген бойдон кулакты...
Анысы деле мейличи,
Кеткенде увакыт узарып,
Көздөрң ооруйт кызарып.
Уйкудан калып кыйла күн,
Жүрөсү ң өңү ң куварып.
Таштай албай бирок да,
Кетет кайра уланып...
Кызык го ушул табигат,
"Инетоман" оорусу,
Канткенде деги айыгат?
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#679 18 Июнь 2009 - 09:58
Урматтуу акын агалар
Айтканынар туурадай
Арасында чындык коп
Кыпкызыл дан буудайдай... .
Бирок....бирок деген жери бар
Ушул инеттин да кеми бар
Ырас,каршы эмесмин
Инетте
Казылбас билим кени бар...
Дуйнонун баардык кызыгы
Бир "желеге" чогулган
Вайс акем озу айткандай
Азыркы маалдын жаштары
"Инетоман" болуп ооруган.....
Коомчулук кагып конгуроо
Ортого таштайт бир суроо
Канткенде биздин адамзат
Кутулат бул оорудан?
Сабактан калып жаш балдар
Чыгышпайт дейт оюндан
Ушул тармак оюну
Артык экен окуудан.
Ушинтип журуп отурсак
Кубалап комптун артынан
Кетпейбизби алыстап
Чыныгы жашоо баркынан?
Копчулук инет сайттарда
Бузуку маныз камтылган
Акмакчылык коп экен
Адам эмес,
Айбандын оозун ачырган.....
Азыркы кыргыз жаштары
Европа коздой качырган
Алыстап бара жаткансыйт
Кыргыздын кымбат салтынан
Кандай кенеш айтасыз
Аксакалдар атынан?
Же фильтр коюш керекпи
Же такыр жоюш керекпи?
Же ушул бойдон калтырып
Коелубу инетти?
Айтканынар туурадай
Арасында чындык коп
Кыпкызыл дан буудайдай... .
Бирок....бирок деген жери бар
Ушул инеттин да кеми бар
Ырас,каршы эмесмин
Инетте
Казылбас билим кени бар...
Дуйнонун баардык кызыгы
Бир "желеге" чогулган
Вайс акем озу айткандай
Азыркы маалдын жаштары
"Инетоман" болуп ооруган.....
Коомчулук кагып конгуроо
Ортого таштайт бир суроо
Канткенде биздин адамзат
Кутулат бул оорудан?
Сабактан калып жаш балдар
Чыгышпайт дейт оюндан
Ушул тармак оюну
Артык экен окуудан.
Ушинтип журуп отурсак
Кубалап комптун артынан
Кетпейбизби алыстап
Чыныгы жашоо баркынан?
Копчулук инет сайттарда
Бузуку маныз камтылган
Акмакчылык коп экен
Адам эмес,
Айбандын оозун ачырган.....
Азыркы кыргыз жаштары
Европа коздой качырган
Алыстап бара жаткансыйт
Кыргыздын кымбат салтынан
Кандай кенеш айтасыз
Аксакалдар атынан?
Же фильтр коюш керекпи
Же такыр жоюш керекпи?
Же ушул бойдон калтырып
Коелубу инетти?
#680 18 Июнь 2009 - 14:15
Жаш балдарга өзгөчө
инет абдан жагыптыр.
Ошону ойной беришип,
"Инетоман" болуп калыптыр.
Ошол ойноок балдардын,
Бар бекен деги атасы?
Талим тарбия берүүчү ,
Же
алардын жокпу апасы?
Кызыкпаган оюнга,
Адамзаттын жок мууну.
Чүкөгө деле кызыкса,
Жаш балдар
таштап салат окууну.
Ошондуктан жаштарга,
керек дайым көзөмө л.
Үйрөтө т пайда, зыянын,
Улуулар айтып сөзөмө л.
Жол-жобосун компттун балдарга,
Үйрөтү ү абзел башынан.
Жаман сайтка жолобойт,
Адеп көрсө жашынан...
Биз. кыргыздар, инеттен
Байланышууну го үйрөндү к.
Ошондон улам кыйынсып,
Кыйраткандай гүүлдө йбүз.
Бирок,пайдалануу шарттарын
жана жол- жобосун билбейбиз.
Анан чала түшүнү п,
Инет жаман, зыян деп,
Келтирип туруп тилдейбиз.
инет абдан жагыптыр.
Ошону ойной беришип,
"Инетоман" болуп калыптыр.
Ошол ойноок балдардын,
Бар бекен деги атасы?
Талим тарбия берүүчү ,
Же
алардын жокпу апасы?
Кызыкпаган оюнга,
Адамзаттын жок мууну.
Чүкөгө деле кызыкса,
Жаш балдар
таштап салат окууну.
Ошондуктан жаштарга,
керек дайым көзөмө л.
Үйрөтө т пайда, зыянын,
Улуулар айтып сөзөмө л.
Жол-жобосун компттун балдарга,
Үйрөтү ү абзел башынан.
Жаман сайтка жолобойт,
Адеп көрсө жашынан...
Биз. кыргыздар, инеттен
Байланышууну го үйрөндү к.
Ошондон улам кыйынсып,
Кыйраткандай гүүлдө йбүз.
Бирок,пайдалануу шарттарын
жана жол- жобосун билбейбиз.
Анан чала түшүнү п,
Инет жаман, зыян деп,
Келтирип туруп тилдейбиз.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия