Кыздарды тим эле жибиткен.
Аял затын сыйлаган,
Барктай билип баалаган.
Колумду сен сурапсың ,
Айтыш жээгин бойлоого.
Карап кантип турамын,
Романтика курамын.
Сендей жигит турганда мен,
Кантип башты чайкаймын.
Өмүрү м сенин колуңда деп,
Сууга боюм таштаймын.
Ыр стилин танда деп,
Таштапсың мага сунушту.
Чоң акындар жогунда,
Эркелеп бир алайын.
Анан алар келген соң,
Олуттуу каада салттан баштайын.
Азыр "чоңдор" жогунда,
Чоёктоп бир алайын.
Бу "айтыштын" майданында,
шоктонуп да алайын.
Барктаймы-ын. ..
Мындай жигиттерди,
Айткан сөзгө бек турган,
Намысына чеп курган.
Кыргызмын деп мактанган,
Ата салтын сактаган.
Инеттен сунган гулуңду,
Кабыл алдым ырыңды.
Маанайды сен көтөрү п,
"Таалайлуу жигит" болупсуң .
Жылмаюу ойноп жүзүмдө мен,
"Бактылуу кыз" болупмун.

Супер-Инфо
super.kg
видео














Мобилдүү версия