Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#842 24 Январь 2010 - 15:05
Акындар кайда, капырай,
тоотпогон жай-кышты?
Кышында тили катуучу,
булбул сымал байкушпу?
Анан не ээн таштадык,
акындар толо "Айтышты" ?
Үмүт менен келди эле,
күлкүнү кымтып ууртуна.
Мухит болуп толкууга,
"Мен-кыргызмын" журтуна.
Кабар алган эч ким жок,
Калыптыр го умсуна.
"Ашуудан отчет берем",- деп,
Жека акын бир күн кириптир.
Анан эле Нарынга ,
ат тизгинин буруптур.
Азалуубу так билбейм...
Аягы жакшы болсунчу,
Алла өзү улуктур...
Алын жакшы түшүнө м,
СССР азыр күйүттө .
Акындык тагдыр ушулбу,
Жетпей калуу сүйүп же?..
Анткен менен ырлары,
Абдан эле бийикте!
"Айтышка" кирер бир күнү,
алдырбастан күйүткө .
"Айтыш" деген улуу салт,
аны баары билишет.
Андыктан оту өчпөстө н,
арабызда жүрүшү эп.
Кайгырган жерде кайгырып,
күлгөн жерде күлүшө т.
Ошондуктан акындар,
Жазды күтүп жатпастан,
жакында мында киришет.
тоотпогон жай-кышты?
Кышында тили катуучу,
булбул сымал байкушпу?
Анан не ээн таштадык,
акындар толо "Айтышты" ?
Үмүт менен келди эле,
күлкүнү кымтып ууртуна.
Мухит болуп толкууга,
"Мен-кыргызмын" журтуна.
Кабар алган эч ким жок,
Калыптыр го умсуна.
"Ашуудан отчет берем",- деп,
Жека акын бир күн кириптир.
Анан эле Нарынга ,
ат тизгинин буруптур.
Азалуубу так билбейм...
Аягы жакшы болсунчу,
Алла өзү улуктур...
Алын жакшы түшүнө м,
СССР азыр күйүттө .
Акындык тагдыр ушулбу,
Жетпей калуу сүйүп же?..
Анткен менен ырлары,
Абдан эле бийикте!
"Айтышка" кирер бир күнү,
алдырбастан күйүткө .
"Айтыш" деген улуу салт,
аны баары билишет.
Андыктан оту өчпөстө н,
арабызда жүрүшү эп.
Кайгырган жерде кайгырып,
күлгөн жерде күлүшө т.
Ошондуктан акындар,
Жазды күтүп жатпастан,
жакында мында киришет.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#843 14 Февраль 2010 - 12:51
Казанына айтыштын
Откондо келип Барс аба
жакшылап отту жагыптыр
убакыт отуп анысы
очойун деп калыптыр
Которо келдим отунум
мен дагы жагып коёюн
аз да болсо очпосун
болгонун салып коёюн
Салымын кошуп силер да
Отунун жагып тургула
суу болуп куйбой баратса
майынан дагы куйгула
Ысытып улам турбасак
Кышында тонуп калбайбы
Чер жазган жерин акындын
Жоготуп эми албайлы
Чогуу туруп суросок
Кыш менен айтыш алышаар
жазга чыкса, акындар
ийинден чыгып калышаар
Откондо келип Барс аба
жакшылап отту жагыптыр
убакыт отуп анысы
очойун деп калыптыр
Которо келдим отунум
мен дагы жагып коёюн
аз да болсо очпосун
болгонун салып коёюн
Салымын кошуп силер да
Отунун жагып тургула
суу болуп куйбой баратса
майынан дагы куйгула
Ысытып улам турбасак
Кышында тонуп калбайбы
Чер жазган жерин акындын
Жоготуп эми албайлы
Чогуу туруп суросок
Кыш менен айтыш алышаар
жазга чыкса, акындар
ийинден чыгып калышаар
#844 22 Февраль 2010 - 00:40
Ассолому алейкум
Акын айтыш аманбы?
Эчен кун мында келелек
Эсесер айтат саламды.
Кызыктуу эле илгери
Кымбаттуу айтыш аманбы?
Баштагыдай шаани жок
Бечара айтыш аманбы?
Кызыткан бир да акын жок
Кунарсыз айтыш аманбы?
Жылан сыйпап кеткендей
Жымжырт айтыш аманбы?
Коп акын алган жарандык
Коркомдуу шаарым аманбы?
Калчаган жакшы жаманды
Асылдарым аманбы?
Ырдаган ар кыл заманды
Аалымдарым аманбы?
Оозунан ыры тогулгон
Акындарым аманбы?
Катарлаш бирге бастырган
Жакындарым аманбы?
Жарданып турган калайык
Жалпына айтам саламды
Супер сайт бул форумдун
Калкына айтам саламды.
Корушпой канча кун отту
Ак тоонун карды жарылып
Берекелуу куз отту.
Эскирип эски жыл отту
Кылычын суйроп кычырап
Кар баскан аппак кыш отту.
Коодонду тээп илхамым
Карангы тундо уктатпай
Ыр жазууга кусотту.
Атагы кеткен алыска
Акылман Барсым аманбы?
Бакайдын куткон соолотун
Даанышман Барсым аманбы?
Форумдан тапкан агайым
Авакем Барсым аманбы?
Тосуп ал,ава,кечиргин
Кайрылып келген эсесер
Эси жок мендей баланды.
Торт тилде тогуп ырдаган
Тулпарым Жека аманбы?
Чондордун берген сазайын
Шумкарым Жека аманбы?
Ангеме жазган зерикпей
Жан акем Жека аманбы?
Форумдун алган тактысын
Президент Жека аманбы?
Кубанып ырым тосуп ал
Ининиз айтат саламды.
Кадырман менин вайс акем
кыйла жашка чыкса да
кыздар учун жаш акем
кыялбай сиздин конулду
кайрылып келдим жан акем.
Саламым кабыл алыныз
сагынып калды калын журт
тамаша ырдан жазыныз.
Озунуз айтып жургондой
эки коон,бир дарбыз
кечке чейин жыргайбыз
Айтыштын ичин жаныртып
Вайс аке качан ырдайбыз?
Куйоо бала kom иним
Сен дагы бери келгинин
Уулдуу болуп калганын
мында келип ыр менен
суйунчулоп бергинин.
Жогорку уч акындын
каалоо-тилек, куттуктоо
Баталарын тергинин.
Акын айтыш аманбы?
Эчен кун мында келелек
Эсесер айтат саламды.
Кызыктуу эле илгери
Кымбаттуу айтыш аманбы?
Баштагыдай шаани жок
Бечара айтыш аманбы?
Кызыткан бир да акын жок
Кунарсыз айтыш аманбы?
Жылан сыйпап кеткендей
Жымжырт айтыш аманбы?
Коп акын алган жарандык
Коркомдуу шаарым аманбы?
Калчаган жакшы жаманды
Асылдарым аманбы?
Ырдаган ар кыл заманды
Аалымдарым аманбы?
Оозунан ыры тогулгон
Акындарым аманбы?
Катарлаш бирге бастырган
Жакындарым аманбы?
Жарданып турган калайык
Жалпына айтам саламды
Супер сайт бул форумдун
Калкына айтам саламды.
Корушпой канча кун отту
Ак тоонун карды жарылып
Берекелуу куз отту.
Эскирип эски жыл отту
Кылычын суйроп кычырап
Кар баскан аппак кыш отту.
Коодонду тээп илхамым
Карангы тундо уктатпай
Ыр жазууга кусотту.
Атагы кеткен алыска
Акылман Барсым аманбы?
Бакайдын куткон соолотун
Даанышман Барсым аманбы?
Форумдан тапкан агайым
Авакем Барсым аманбы?
Тосуп ал,ава,кечиргин
Кайрылып келген эсесер
Эси жок мендей баланды.
Торт тилде тогуп ырдаган
Тулпарым Жека аманбы?
Чондордун берген сазайын
Шумкарым Жека аманбы?
Ангеме жазган зерикпей
Жан акем Жека аманбы?
Форумдун алган тактысын
Президент Жека аманбы?
Кубанып ырым тосуп ал
Ининиз айтат саламды.
Кадырман менин вайс акем
кыйла жашка чыкса да
кыздар учун жаш акем
кыялбай сиздин конулду
кайрылып келдим жан акем.
Саламым кабыл алыныз
сагынып калды калын журт
тамаша ырдан жазыныз.
Озунуз айтып жургондой
эки коон,бир дарбыз
кечке чейин жыргайбыз
Айтыштын ичин жаныртып
Вайс аке качан ырдайбыз?
Куйоо бала kom иним
Сен дагы бери келгинин
Уулдуу болуп калганын
мында келип ыр менен
суйунчулоп бергинин.
Жогорку уч акындын
каалоо-тилек, куттуктоо
Баталарын тергинин.
#845 23 Февраль 2010 - 15:39
Укканым чынбы, жалганбы,
Кудайым берип салганбы?
Кирбей калган "Айтышка" ,
Акындыгы башкача,
СССР келип калганбы?
Келегой, СССР, келегой,
Келтирип ырдап берегой.
Жазма ырларың окусам,
Таң аткансып чокудан,
Баарында көркөм, терең ой.
Ошондон улам ойлодум:
"Бул акын төкмөлү ктү таштады!
Жазгыч боло баштады.
Айтышпайт окшойт биз менен,
өнөрү н жээрип баштагы..."
Баарбызда тилек бир:
"Ушул "Айтыш" көгөрсө ,
Калкынын алып алкышын,
Кадыр-баркка бөлөнсө ."
СССР кайра кайтыптыр,
жаңылган экем мен көрсө.
Эми төкмөлө р баары келсе экен,
Төгүп ырдап берсе экен.
Акындары мында келсе экен,
"Айтышта" ырдап берсе экен.
Ченден чыгып жаз келди,
Ыкшоолукту жеңсе экен.
Окугум келип мен күтөм,
Төкмөлө рдүн "кат ырын".
Уксам деймин күн-тү нү,
Төгүлгө н ырдын шатырын.
Бишкек, Оштон алысмын,
Ортосу бир топ чакырым.
Уксам деп ырды силерден,
Аксыда күтүп жатырым...
Кудайым берип салганбы?
Кирбей калган "Айтышка" ,
Акындыгы башкача,
СССР келип калганбы?
Келегой, СССР, келегой,
Келтирип ырдап берегой.
Жазма ырларың окусам,
Таң аткансып чокудан,
Баарында көркөм, терең ой.
Ошондон улам ойлодум:
"Бул акын төкмөлү ктү таштады!
Жазгыч боло баштады.
Айтышпайт окшойт биз менен,
өнөрү н жээрип баштагы..."
Баарбызда тилек бир:
"Ушул "Айтыш" көгөрсө ,
Калкынын алып алкышын,
Кадыр-баркка бөлөнсө ."
СССР кайра кайтыптыр,
жаңылган экем мен көрсө.
Эми төкмөлө р баары келсе экен,
Төгүп ырдап берсе экен.
Акындары мында келсе экен,
"Айтышта" ырдап берсе экен.
Ченден чыгып жаз келди,
Ыкшоолукту жеңсе экен.
Окугум келип мен күтөм,
Төкмөлө рдүн "кат ырын".
Уксам деймин күн-тү нү,
Төгүлгө н ырдын шатырын.
Бишкек, Оштон алысмын,
Ортосу бир топ чакырым.
Уксам деп ырды силерден,
Аксыда күтүп жатырым...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#846 23 Февраль 2010 - 18:02
Сагынып келген баласын
Зарыктырбай жооп жазган
Барс авам озу азамат!
Жабыркап жургон акындын
Жем таштап илхам кушуна
Койгонунузга ырахмат!
Башкалар мында келгиче
Ойлонуп ырын илгиче
Айтышты улай берели!
Майрамды нары узатып
Акындар мында келгиче
Ырлардан жаза берели.
Туш болуп жаман иштерге
Темселеп журдум чынында
Байкап да жургон чыгаарсыз
Сиз айткан жазма ырымда.
Акындык тагдыр ушулбу
Ооруттум журок тушумду
Чиймелеп жаздым ыр менен
Чыгарып кайгы-мунумду.
"Жээриди" деп айтышты
Ойлобонуз аваке
Унуткан жокмун онорду
Жазган ырым мынаке.
Жылытып кундун илеби
Келгенсийт жаздын бир деми
Корк кошуп коктом кунуно
Жакшы ырдан иле берели.
Кыйналып коптоп куч менен
Кар баскан кышты узаттык
Кулмундоп кулуп кун чыкты
Журокко берип кубаттык.
Жашыл тус кирип онуно
Айтыш да эми корктонсун
Жадырап толуп ырларга
Акындар эми коп келсин!
Зарыктырбай жооп жазган
Барс авам озу азамат!
Жабыркап жургон акындын
Жем таштап илхам кушуна
Койгонунузга ырахмат!
Башкалар мында келгиче
Ойлонуп ырын илгиче
Айтышты улай берели!
Майрамды нары узатып
Акындар мында келгиче
Ырлардан жаза берели.
Туш болуп жаман иштерге
Темселеп журдум чынында
Байкап да жургон чыгаарсыз
Сиз айткан жазма ырымда.
Акындык тагдыр ушулбу
Ооруттум журок тушумду
Чиймелеп жаздым ыр менен
Чыгарып кайгы-мунумду.
"Жээриди" деп айтышты
Ойлобонуз аваке
Унуткан жокмун онорду
Жазган ырым мынаке.
Жылытып кундун илеби
Келгенсийт жаздын бир деми
Корк кошуп коктом кунуно
Жакшы ырдан иле берели.
Кыйналып коптоп куч менен
Кар баскан кышты узаттык
Кулмундоп кулуп кун чыкты
Журокко берип кубаттык.
Жашыл тус кирип онуно
Айтыш да эми корктонсун
Жадырап толуп ырларга
Акындар эми коп келсин!
#847 23 Февраль 2010 - 18:04
Сагынып келген баласын
Зарыктырбай жооп жазган
Барс авам озу азамат!
Жабыркап жургон акындын
Жем таштап илхам кушуна
Койгонунузга ырахмат!
Башкалар мында келгиче
Ойлонуп ырын илгиче
Айтышты улай берели!
Майрамды нары узатып
Акындар мында келгиче
Ырлардан жаза берели.
Туш болуп жаман иштерге
Темселеп журдум чынында
Байкап да жургон чыгаарсыз
Сиз айткан жазма ырымда.
Акындык тагдыр ушулбу
Ооруттум журок тушумду
Чиймелеп жаздым ыр менен
Чыгарып кайгы-мунумду.
"Жээриди" деп айтышты
Ойлобонуз аваке
Унуткан жокмун онорду
Жазган ырым мынаке.
Жылытып кундун илеби
Келгенсийт жаздын бир деми
Корк кошуп коктом кунуно
Жакшы ырдан иле берели.
Кыйналып коптоп куч менен
Кар баскан кышты узаттык
Кулмундоп кулуп кун чыкты
Журокко берип кубаттык.
Жашыл тус кирип онуно
Айтыш да эми корктонсун
Жадырап толуп ырларга
Акындар эми коп келсин!
Зарыктырбай жооп жазган
Барс авам озу азамат!
Жабыркап жургон акындын
Жем таштап илхам кушуна
Койгонунузга ырахмат!
Башкалар мында келгиче
Ойлонуп ырын илгиче
Айтышты улай берели!
Майрамды нары узатып
Акындар мында келгиче
Ырлардан жаза берели.
Туш болуп жаман иштерге
Темселеп журдум чынында
Байкап да жургон чыгаарсыз
Сиз айткан жазма ырымда.
Акындык тагдыр ушулбу
Ооруттум журок тушумду
Чиймелеп жаздым ыр менен
Чыгарып кайгы-мунумду.
"Жээриди" деп айтышты
Ойлобонуз аваке
Унуткан жокмун онорду
Жазган ырым мынаке.
Жылытып кундун илеби
Келгенсийт жаздын бир деми
Корк кошуп коктом кунуно
Жакшы ырдан иле берели.
Кыйналып коптоп куч менен
Кар баскан кышты узаттык
Кулмундоп кулуп кун чыкты
Журокко берип кубаттык.
Жашыл тус кирип онуно
Айтыш да эми корктонсун
Жадырап толуп ырларга
Акындар эми коп келсин!
#848 23 Февраль 2010 - 18:14
....aiavai jakwu urdait ekensizder... men da urdagum kelet. uraazu4uluk bildirem.
#849 23 Февраль 2010 - 20:12
Азаматым СССР,
Аялдабай кирипсиң .
Ак жаандай төккөн ырыңды,
Эрээркип кеткен белемсиң ,
Балам,
эки жолу илипсиң.
Ушундан эле билинет,
Аргымагы күлүктү н.
Салабаттуу жигитсиң ,
салыштырмалуу жашыңа.
Эмнелер түшпөйт жашоодо,
Эр жигиттин башына.
Болуп, өткөн "иштерге" ,
Болбостордой жашыба!
Жыйынтыкты чыгарба,
Шашмалардай шашыла.
Канча жыргал туш келет,
Кабагыңа, кашыңа.
Аз болсо соолуп чулдурап,
Көп болсо көөп, ташыба!
Кубана турган күндөр көп,
өткөн күндөн ашыра.
Мындан кийин о балам,
Кайгы, санааң жок болуп,
Сага
Кубаныч менен Сүйүнү ч,
Колтукташ болсун ашына*!! !
____________________
*Ашына (ашна, ашина)- (өзбекче) дос, курбу.
Аялдабай кирипсиң .
Ак жаандай төккөн ырыңды,
Эрээркип кеткен белемсиң ,
Балам,
эки жолу илипсиң.
Ушундан эле билинет,
Аргымагы күлүктү н.
Салабаттуу жигитсиң ,
салыштырмалуу жашыңа.
Эмнелер түшпөйт жашоодо,
Эр жигиттин башына.
Болуп, өткөн "иштерге" ,
Болбостордой жашыба!
Жыйынтыкты чыгарба,
Шашмалардай шашыла.
Канча жыргал туш келет,
Кабагыңа, кашыңа.
Аз болсо соолуп чулдурап,
Көп болсо көөп, ташыба!
Кубана турган күндөр көп,
өткөн күндөн ашыра.
Мындан кийин о балам,
Кайгы, санааң жок болуп,
Сага
Кубаныч менен Сүйүнү ч,
Колтукташ болсун ашына*!! !
____________________
*Ашына (ашна, ашина)- (өзбекче) дос, курбу.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#850 23 Февраль 2010 - 21:47
....aiavai jakwu urdait ekensizder... men da urdagum kelet. uraazu4uluk bildirem.
Айланайын, IndiGo,
"Аябай жакшы ырдайт..." деп,
Баа берипсиң акынга.
Ырдагың келсе сенин да,
Талантың ды жашырба.
Айтышка түшүп аза-аздан,
Акындык шыгың ашыр да.
Айбыгып жүрүп, капырай,
Ал өнөрү ң качырба.
Алкышын айтат турган эл,
Оозуңдан чыккан жакшы ырга.
Тамшанбас киши болбогон,
Талант деген таксырга.
Талантың болсо канакей,
Ушул турган "Айтышты" ,
Жакшы ырларга бастыр да...
Канакей ырың төгө кой,
Мына бу алп акындар астында.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#851 24 Февраль 2010 - 09:32
Ээ аваке кандайсыз
ырынызды каран аа
создун гулун тандайсыз.
Берген мага батаныз
ишке ашсын ылайым
бата тиет озу деп
жата бербей керилип
мен да аракет кылайын.
Талаштан чындык жаралат,
кол дайрадан куралат,
башка тушкон мушкулдон
адам ичтен чыйралат.
Чыйралып турам мен бугун
канатым байлап жаныдан
жыгылган тойбойт курошко
реванш сурайм тагдырдан
кокурок толуп дымакка
жашоо тушту ыргакка
эси жок балан эсесер
комдонуп жатат жолборстой
секирчудой узакка.
Башымды ичи толтура
Идея коп,ойлор коп
ээ аваке суйунун,
алдыда майрам,тойлор коп.
ырынызды каран аа
создун гулун тандайсыз.
Берген мага батаныз
ишке ашсын ылайым
бата тиет озу деп
жата бербей керилип
мен да аракет кылайын.
Талаштан чындык жаралат,
кол дайрадан куралат,
башка тушкон мушкулдон
адам ичтен чыйралат.
Чыйралып турам мен бугун
канатым байлап жаныдан
жыгылган тойбойт курошко
реванш сурайм тагдырдан
кокурок толуп дымакка
жашоо тушту ыргакка
эси жок балан эсесер
комдонуп жатат жолборстой
секирчудой узакка.
Башымды ичи толтура
Идея коп,ойлор коп
ээ аваке суйунун,
алдыда майрам,тойлор коп.
#852 24 Февраль 2010 - 10:14
ырынар жакшы ырдалган
ырдайм деп мен да тынбагам
аракет кылып ыр таппай
мен дагы ичтен сырданам
ыр жазып мен да уйронуп
сиздердей болсом деп келем
ырдайм деп мен да тынбагам
аракет кылып ыр таппай
мен дагы ичтен сырданам
ыр жазып мен да уйронуп
сиздердей болсом деп келем
мин уккандан бир коргон артык.....
.
#853 24 Февраль 2010 - 18:40
Алтындай жигит СССР,
Айтканың келип ылайым,
алдыңда майрам, той болсун!
Көңү л чөкмө кайгыга,
Келишпеген "бой"* болсун.
Жараткан өзү жар болуп,
Жакшыдан куру койбосун.
Ушунтип шаңдуу үндү соз,
Булагы ырдын соолбосун!
Келди эле Кетмен-Тө бөдөн,
Ырлары абдан жакты эле.
Өгүнү эле отун термелеп,
Казанына "Айтыштын" ,
Отундан жагып жатты эле.
"Ийинден качан чыгат?"-деп,
Акындарга айтты эле.
Ули деген жаш акын,
"Азыр мына чыгат,"-деп,
Бир ийниндин оозунда
уктап калган жок бекен,
Күтө берип жаш неме???
Акын окшойт бу дагы,
Азыр көрдүм Rimди.
Ашык-кемсиз алты сап,
Андан да бир ыр илинди.
Алта саптын ичинде,
шыктуулугу билинди.
Айтылуу акын чыккыдай,
Алпечтесе инимди...
Кезекти бербей ырдаган,
"Мен эле, мен!"-деп жулунуп,
Мелдешпестен турбаган,
Мега акындар кайда я?
Чоң спонсор күтүшү п,
жатышабы теңсинбей,
Көңү лдү бурбай майдага?..
________________
Бой- (орусча) кармаш, согуш, мушташ...
Айтканың келип ылайым,
алдыңда майрам, той болсун!
Көңү л чөкмө кайгыга,
Келишпеген "бой"* болсун.
Жараткан өзү жар болуп,
Жакшыдан куру койбосун.
Ушунтип шаңдуу үндү соз,
Булагы ырдын соолбосун!
Келди эле Кетмен-Тө бөдөн,
Ырлары абдан жакты эле.
Өгүнү эле отун термелеп,
Казанына "Айтыштын" ,
Отундан жагып жатты эле.
"Ийинден качан чыгат?"-деп,
Акындарга айтты эле.
Ули деген жаш акын,
"Азыр мына чыгат,"-деп,
Бир ийниндин оозунда
уктап калган жок бекен,
Күтө берип жаш неме???
Акын окшойт бу дагы,
Азыр көрдүм Rimди.
Ашык-кемсиз алты сап,
Андан да бир ыр илинди.
Алта саптын ичинде,
шыктуулугу билинди.
Айтылуу акын чыккыдай,
Алпечтесе инимди...
Кезекти бербей ырдаган,
"Мен эле, мен!"-деп жулунуп,
Мелдешпестен турбаган,
Мега акындар кайда я?
Чоң спонсор күтүшү п,
жатышабы теңсинбей,
Көңү лдү бурбай майдага?..
________________
Бой- (орусча) кармаш, согуш, мушташ...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#854 24 Февраль 2010 - 23:20
Оо акылман Барс авам
Тамаша-чыны аралаш
Чымчып откон ыр жазган.
Куйкум ширин соз тапкан
Таамай тийген ырына
Чынын айтсам,тан калам.
Мега акындар жоголду
Айтыштан берген отчетун
Жека акеме не болду?
Отчетту бердим,бутту деп
Жатып алган шекилди,
Президент жок,айтыштын
Тузу жок экен,сездинби?
Жумушу коп чачтан да
Чарчап турган кезиби?
Вайс акем да койкашка
Бироого жемин жедирбес,
Жекеме-жеке чыкканда
Ат устунон энилбес.
Мында келип Вайс аке
Ыр куржунун казсаныз
Оштун дарбыз-коонундай
Ширин создон жазсаныз.
Акындар ырын айтууда
Четте карап турбаныз,
Кезекти алып биздерден
Айтыштын жолун уланыз.
Токтогулдун урпагы
Ули кайда кеткенсин?
Отунду коп которуп
Кайрылып келер бекенсин?
Караанын сенин корунбойт
Отун эмес комур деп
Мотуевге кеткен белемсин?
Таштагын иним отунду
Жаз келди,кун да жылыды
Мешти чукуп отурбай
Жаза бер эми ырынды.
Кайда кеткен,советтик
Куйоо балам Кымбатбек
Майрамдап журот сыягы
Ата болдум,мына! деп.
Келе гой иним батыраак
Куттуктап бата берели,
Пул ордуна ыр менен
Суйунчунду берели!
Тамаша-чыны аралаш
Чымчып откон ыр жазган.
Куйкум ширин соз тапкан
Таамай тийген ырына
Чынын айтсам,тан калам.
Мега акындар жоголду
Айтыштан берген отчетун
Жека акеме не болду?
Отчетту бердим,бутту деп
Жатып алган шекилди,
Президент жок,айтыштын
Тузу жок экен,сездинби?
Жумушу коп чачтан да
Чарчап турган кезиби?
Вайс акем да койкашка
Бироого жемин жедирбес,
Жекеме-жеке чыкканда
Ат устунон энилбес.
Мында келип Вайс аке
Ыр куржунун казсаныз
Оштун дарбыз-коонундай
Ширин создон жазсаныз.
Акындар ырын айтууда
Четте карап турбаныз,
Кезекти алып биздерден
Айтыштын жолун уланыз.
Токтогулдун урпагы
Ули кайда кеткенсин?
Отунду коп которуп
Кайрылып келер бекенсин?
Караанын сенин корунбойт
Отун эмес комур деп
Мотуевге кеткен белемсин?
Таштагын иним отунду
Жаз келди,кун да жылыды
Мешти чукуп отурбай
Жаза бер эми ырынды.
Кайда кеткен,советтик
Куйоо балам Кымбатбек
Майрамдап журот сыягы
Ата болдум,мына! деп.
Келе гой иним батыраак
Куттуктап бата берели,
Пул ордуна ыр менен
Суйунчунду берели!
#855 25 Февраль 2010 - 13:57
Бар бекен деп жаңылык
Кире калсам "жаңылып"
Айтыш жакка көп ырлар
Илиниптир жаңырып
Жаңы жылдын алдында
Мен да айтышка киргемин
Жок болсо да акындар
Отчет ыр деп илгемин
Отчет бир ай турган соң
Барс аке ырын илиптир
Андай кийин эч ким жок
Өчкөн белем иликтир
Дагы бир ай өткөн соң
СССР акын ырдаптыр
Барс аке ага кошулуп
Айтыш эми жыргаптыр
"Отчет бердим, бүттү" деп
Жатып алсам жарабайт
"Жумуш көп" деп кирбесем
Акын деп эч ким санабайт
Анда эмесе мен дагы
Айтыш салтын улайын
Салам айтып баарына
Анан ырды чубайын
Ош, Бишкектен алыста
Жашап, иштеп Аксыда
Жүрсө да IT жагынан
Барс аке бир топ алдыда
Атына заты келишкен
Талант деген иним бар
Айтма, жазма ыр жактан
Тең жарышчу кимиң бар
Күйөө бала Ком үкам
"Ата болду" деп угам
Жетсе да башың булутка
Айтышты иним унутпа
Кире калсам "жаңылып"
Айтыш жакка көп ырлар
Илиниптир жаңырып
Жаңы жылдын алдында
Мен да айтышка киргемин
Жок болсо да акындар
Отчет ыр деп илгемин
Отчет бир ай турган соң
Барс аке ырын илиптир
Андай кийин эч ким жок
Өчкөн белем иликтир
Дагы бир ай өткөн соң
СССР акын ырдаптыр
Барс аке ага кошулуп
Айтыш эми жыргаптыр
"Отчет бердим, бүттү" деп
Жатып алсам жарабайт
"Жумуш көп" деп кирбесем
Акын деп эч ким санабайт
Анда эмесе мен дагы
Айтыш салтын улайын
Салам айтып баарына
Анан ырды чубайын
Ош, Бишкектен алыста
Жашап, иштеп Аксыда
Жүрсө да IT жагынан
Барс аке бир топ алдыда
Атына заты келишкен
Талант деген иним бар
Айтма, жазма ыр жактан
Тең жарышчу кимиң бар
Күйөө бала Ком үкам
"Ата болду" деп угам
Жетсе да башың булутка
Айтышты иним унутпа
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#857 26 Февраль 2010 - 21:56
Азамат, Жека, азамат!
Акын жана Президент
адам гана ушундай
ажайып ырды жаза алат.
Ушу сенин ырың укканда,
көңү лүм чайттай тазарат.
Кимдин качан киргенин,
Таптак гана ылгапсың .
Аны да жөн айтпастан,
уйкаштыра ырдапсың .
Айтышта өнөк жан элең,
Азыр да мени жыргаттың .
Ош, Бишкектен алыста,
Аксыда чындап турагым.
"Алдыда- депсиң- IT жактан",
Ана шуңа делдейип,
түшүнө албай турамын?
Айтып кой, баатыр маанисин,
Аны эми кимден сурадым!..
Кыргызча кылып окусам,
Ал эки тамгаң, капырай,
Окулуп жатат "ИТ" болуп.
Ушундай алып түшүнү п,
Төбө чачым тик болуп,
Акылым кетип жок болуп,
Турамын азыр шок болуп.
Өзүң дөн жардам күтөмү н,
Түшүндү р, бажа, топтолук! !!
Өзүң дөн жооп болгон соң,
ырымды анан улайын.
Оң жооп эле болсо экен,
О сактай гөр эми, Кудайым!
Акын жана Президент
адам гана ушундай
ажайып ырды жаза алат.
Ушу сенин ырың укканда,
көңү лүм чайттай тазарат.
Кимдин качан киргенин,
Таптак гана ылгапсың .
Аны да жөн айтпастан,
уйкаштыра ырдапсың .
Айтышта өнөк жан элең,
Азыр да мени жыргаттың .
Ош, Бишкектен алыста,
Аксыда чындап турагым.
"Алдыда- депсиң- IT жактан",
Ана шуңа делдейип,
түшүнө албай турамын?
Айтып кой, баатыр маанисин,
Аны эми кимден сурадым!..
Кыргызча кылып окусам,
Ал эки тамгаң, капырай,
Окулуп жатат "ИТ" болуп.
Ушундай алып түшүнү п,
Төбө чачым тик болуп,
Акылым кетип жок болуп,
Турамын азыр шок болуп.
Өзүң дөн жардам күтөмү н,
Түшүндү р, бажа, топтолук! !!
Өзүң дөн жооп болгон соң,
ырымды анан улайын.
Оң жооп эле болсо экен,
О сактай гөр эми, Кудайым!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#858 27 Февраль 2010 - 12:32
Арбаңыз, аке, арбаңыз
Жаман ойдо калбаңыз
Мен жазган эки тамганы
Оң жагынан талдаңыз
IT ни айтайын болбоду
Акемин көөнү толбоду
Анын анык мааниси
Information Technology
Мен мактагам Барс аке
Адатымча жарк эте
Өзү тилчи болсо да
“IT жактан алдыда”
Эми сөздү улайлы
Унчукпастан турбайлы
Айтыш салтын улантып
Ыр саптарын курайлы
Жаман ойдо калбаңыз
Мен жазган эки тамганы
Оң жагынан талдаңыз
IT ни айтайын болбоду
Акемин көөнү толбоду
Анын анык мааниси
Information Technology
Мен мактагам Барс аке
Адатымча жарк эте
Өзү тилчи болсо да
“IT жактан алдыда”
Эми сөздү улайлы
Унчукпастан турбайлы
Айтыш салтын улантып
Ыр саптарын курайлы
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#859 27 Февраль 2010 - 14:21
Бакырай, Барсым, бакырай,
"Ит" эмес тура такыр ай!
"Information Technology=IT" экен,
Күлкүм келип жатыры ай.
Инженер эмес агаңа,
Узартып жаз да баатыр ай!
Кыргыз тилден мактанбайм,
Түзүк эле айнекмин.
Жакшы эле билем алымча,
Кыргыз тилде бай кепмин.
Мойнума алам чынында,
Чет тил менен компуңдан,
Чычалап не, чайнекмин! ("чайник" )
Көңү лдө кирим калбады,
Көрүп ал мына ырымга.
Кошпостон төгүп жүрсөң дейм,
Көп терминди ырыңда.
Көңү лгө муну түйбөсө ң,
Менде да азыр бийлик бар,
Туш болосуң "чырымга" !!!
Анткенимдин себеби,
"Жыл мыктысын" тактоодо,
Модурлардын кимиси
көп берип салса "чырымды" ,
ошолор турат мактоодо.
Кимди "банга" айдаса,
Ошолор аны жактоодо...
Кытмыр күлүп караба,
Билемин сен да "Эгесиң ".
Өзүң ө айткан себебим:
Башкалар "корксун" дегеним!
"Ит" эмес тура такыр ай!
"Information Technology=IT" экен,
Күлкүм келип жатыры ай.
Инженер эмес агаңа,
Узартып жаз да баатыр ай!
Кыргыз тилден мактанбайм,
Түзүк эле айнекмин.
Жакшы эле билем алымча,
Кыргыз тилде бай кепмин.
Мойнума алам чынында,
Чет тил менен компуңдан,
Чычалап не, чайнекмин! ("чайник" )
Көңү лдө кирим калбады,
Көрүп ал мына ырымга.
Кошпостон төгүп жүрсөң дейм,
Көп терминди ырыңда.
Көңү лгө муну түйбөсө ң,
Менде да азыр бийлик бар,
Туш болосуң "чырымга" !!!
Анткенимдин себеби,
"Жыл мыктысын" тактоодо,
Модурлардын кимиси
көп берип салса "чырымды" ,
ошолор турат мактоодо.
Кимди "банга" айдаса,
Ошолор аны жактоодо...
Кытмыр күлүп караба,
Билемин сен да "Эгесиң ".
Өзүң ө айткан себебим:
Башкалар "корксун" дегеним!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#860 27 Февраль 2010 - 19:20
Ана,кызык башталды!
Айтыш деп айт ушуну!
Кайталап уч окудум
Котордум конул кушумду.
Адатынча Барс авам
Азил-куйкум соз менен
Жакшы эле жарга такады.
Барсты басыш онойбу
Президент менин Жека акем
Жооп табалбай "какады" .
Оо бали,бали эки акын
Черибизди жаздынар
Ыкыс берип,тоорушуп
Айтыштын ичин "жардынар".
Айтыш деп айт ушуну!
Кайталап уч окудум
Котордум конул кушумду.
Адатынча Барс авам
Азил-куйкум соз менен
Жакшы эле жарга такады.
Барсты басыш онойбу
Президент менин Жека акем
Жооп табалбай "какады" .
Оо бали,бали эки акын
Черибизди жаздынар
Ыкыс берип,тоорушуп
Айтыштын ичин "жардынар".

Супер-Инфо
super.kg
видео














Мобилдүү версия