Салам айтып кирбесең
Салт бузулат турбайбы
Тамашаны - билбесең
Барк бузулат турбайбы
“Жаңы” келген акындар
Жакшы төгөт турбайбы
Тамашага таарынсам
Айтыш "өлөт" турбайбы
Стратег мени аким дейт
Тааныбаймын,
ал ким дейт
Ага до болбой каары дейт
Айтышкыдай ал ким дейт
“Токсон сегиз” жаштамын
Досум сенден качпаймын
Азил-чыны аралаш
Тооруп бир аз таштаймын
Андан ары улантып
Арбын сөздөн чубалтып
Жакшы тосуп алыпсын
Димон досум кубантып
Ооруп калса бармагың
Абайлап, жакшы кармагын
Үйлөп койсоң айыгат
Мындан ары байкагын
Айтаар сөзүм дап-дайын
Айтышка сени тандайын
Байкасам сен да жөн эмес
"Сөз бакканың"
байкайын
Аватар элди каратаар
Маанайды бир аз таратаар
Айтышып жатып сен менен
Макулмун болсом жарадар
Алыста жүрсөң зарыгып
Ала-Тоо жерин сагынып
Азамат досум, жүрө бер
Чет жерлерди багынтып
Мекениңе сен кайтсаң
Кош келгин деп мен айтсам
Мына ошондо шашылбай
Таанышаарбыз качпасаң
Бирок,
Ага чейин байкашып
Анча-мынча чайлашып
Окурмандар баа берсин
Айтышалы таймашып
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#942 23 Август 2010 - 18:06
Саламатсынарбы акындар,
Сагынып ырды жазгандар.
Саламын айтат Мэри кыз,
Саламын баарын кабыл ал.
Сурасанар абалды,
Суйунуп анан каламын.
Сапарды улап мен дагы,
Саптардан ыр кураймын.
Мен журомун акырын
Ыр жазганда кубанып.
Мурдагыдай чон айтыш
Кетсе деймин уланып.
Сагынып ырды жазгандар.
Саламын айтат Мэри кыз,
Саламын баарын кабыл ал.
Сурасанар абалды,
Суйунуп анан каламын.
Сапарды улап мен дагы,
Саптардан ыр кураймын.
Мен журомун акырын
Ыр жазганда кубанып.
Мурдагыдай чон айтыш
Кетсе деймин уланып.
#943 24 Август 2010 - 16:02
Салам айтып айтышка
Кирип келди Мэри кыз
Мурда болгон жарышта
Жеңип келди Мэри кыз
Абалың айтчы абалы
Кубанып биз да калалы
Арабызда жалгыз кыз
Суранып сизге жагалы
Мурда болгон айтышта
Айтыша албай калгамын
Эми болсо - акындар
Аз экен, “ээлеп” алайын
Мартта болгон кечеге
Бардың беле Мэри кыз
Марттык толгон шаттыкка
Баттың беле Мэри кыз
Мурдагыдай чоң айтыш
Уланса болмок жакшы иш
Турбагыла – акындар
Улантып кетүү - жалпы иш.
Кирип келди Мэри кыз
Мурда болгон жарышта
Жеңип келди Мэри кыз
Абалың айтчы абалы
Кубанып биз да калалы
Арабызда жалгыз кыз
Суранып сизге жагалы
Мурда болгон айтышта
Айтыша албай калгамын
Эми болсо - акындар
Аз экен, “ээлеп” алайын
Мартта болгон кечеге
Бардың беле Мэри кыз
Марттык толгон шаттыкка
Баттың беле Мэри кыз
Мурдагыдай чоң айтыш
Уланса болмок жакшы иш
Турбагыла – акындар
Улантып кетүү - жалпы иш.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#944 25 Август 2010 - 12:39
Анда эмесе туугандар
Айтышты мен улайын
Айтышыштан мен мурун
Амандашып алайын
Ден-соолукту сурайын
Үй-бүло аман-эсенби?
Ага көңүл бурайын.
Саламдашып алган соң
Анан сөздү чубайын.
Мэри деген акын кыз
Болду мага табышмак
Жашы менден улуубу
Же карындаш сулуубу
Коройун десем сүрөтүн
Профилине койбоптур
Жашын дагы көрсөтпөй
Жашырам деп ойлоптур
Жакыныраак танышпасам
Эми сизге болбостур
Анткени
Жаттан көрө өз жакшы
Ыйлабаган көз жакшы
Сыйлаймын сөзгө чеберди
Туура айтылган сөз жакшы.
Жека мырза айтышка
Ортого кебин салыптыр
"Ээлеп алам" деп өзү
Эмнени деги айтыптыр?
Ээлейсизби Мэрини?
Же бул айтышкан жердиби?
Түшүндүрүп кетсеңиз
Келгенде эми, мейлиби?
Айтышты мен улайын
Айтышыштан мен мурун
Амандашып алайын
Ден-соолукту сурайын
Үй-бүло аман-эсенби?
Ага көңүл бурайын.
Саламдашып алган соң
Анан сөздү чубайын.
Мэри деген акын кыз
Болду мага табышмак
Жашы менден улуубу
Же карындаш сулуубу
Коройун десем сүрөтүн
Профилине койбоптур
Жашын дагы көрсөтпөй
Жашырам деп ойлоптур
Жакыныраак танышпасам
Эми сизге болбостур
Анткени
Жаттан көрө өз жакшы
Ыйлабаган көз жакшы
Сыйлаймын сөзгө чеберди
Туура айтылган сөз жакшы.
Жека мырза айтышка
Ортого кебин салыптыр
"Ээлеп алам" деп өзү
Эмнени деги айтыптыр?
Ээлейсизби Мэрини?
Же бул айтышкан жердиби?
Түшүндүрүп кетсеңиз
Келгенде эми, мейлиби?
```
#945 25 Август 2010 - 14:47
Стратег иним табышмак
Болуп мага турасың
Саптарың жакшы, окусам
Уйкаштырып курайсын
“Ээлейм” деген сөзүмө
Болуптурсун бушайман
Так таба албай маанисин
Коротупсун сен шайман
Бул айтышта чын эле
Карылардын биримин
Ал анткени айтыштын
Башынан бери “тирүүмүн”
Мэри акындын жазганын
Мурун дагы окугам
Дарамет жетпей ал кезде
Бир аз коркуп, чочугам
Азыр болсо айтышта
Акындар аз көрүнөт
Арасында жалгыз кыз
Акындардан бөлүнөт
Ошондуктан Мэрини
Айтып аркы-беркини
Алаксытуу максатта
“Ээлегемин” селкини
Болуп мага турасың
Саптарың жакшы, окусам
Уйкаштырып курайсын
“Ээлейм” деген сөзүмө
Болуптурсун бушайман
Так таба албай маанисин
Коротупсун сен шайман
Бул айтышта чын эле
Карылардын биримин
Ал анткени айтыштын
Башынан бери “тирүүмүн”
Мэри акындын жазганын
Мурун дагы окугам
Дарамет жетпей ал кезде
Бир аз коркуп, чочугам
Азыр болсо айтышта
Акындар аз көрүнөт
Арасында жалгыз кыз
Акындардан бөлүнөт
Ошондуктан Мэрини
Айтып аркы-беркини
Алаксытуу максатта
“Ээлегемин” селкини
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#946 25 Август 2010 - 15:42
Озумдун агам экенсиз
Форумдун ушул айтышын
Коркун ачып келесиз
Айтыштын шартын билесиз
Чымчылап койсом мен бир аз
Таарынып мага кетпейсиз
Арабызда бир сулуу
Баарыбыздан сиз улуу
Улуусу мен деп Мэрини
Эелесениз болчубу.
Талашкым келбейт сизден мен
Таалим алсак сиздерден
Бизге деле бериниз
Сураныч ушул Стратегтен.
Форумдун ушул айтышын
Коркун ачып келесиз
Айтыштын шартын билесиз
Чымчылап койсом мен бир аз
Таарынып мага кетпейсиз
Арабызда бир сулуу
Баарыбыздан сиз улуу
Улуусу мен деп Мэрини
Эелесениз болчубу.
Талашкым келбейт сизден мен
Таалим алсак сиздерден
Бизге деле бериниз
Сураныч ушул Стратегтен.
```
#947 25 Август 2010 - 19:02
Катуу кетпе агалар,
Талаштан тактык жаралар.
"Талашка" тушчу мен эмес
,
Талаша турчу сиз эмес.
Талашчу нерсе соз болсун,
Таамай айткан оз болсун.
Мэри жонун сурасан
Мен кыргыздын кызымын.
Айтыштагы "жылдызмын"
.
Апасы болом бир кыздын.
Кийимдин кием кызылын
,
Корсом дейм жашоо кызыгын.
Боз ат минген 30 жаш
Мага да келген конокко.
30га чейинки жылдарым
Айланып кетти жомокко.
Туура байкап агалар,
Мурунку айтыш-сынакта
Женгенимди айттынар.
Байге учун мен анда
600 бирдик алгамын.
Бирдикке
Байып жатып калганмын.
Демоорчу болуп Аечка,
Дем берип, колдоп Еретик,
Айтыш болуп кызыктуу
Айтыштан алдык кызыкты.
Азыр алар корунбойт
Кабары такыр билинбейт.
Ооба, мен да барганмын
Жаздагы жолугушууга.
Мумкундук болду ал жерде
Таанышып, чер жазууга.
Рахмат супер гезитке
Жылуулук сепкен сезимге.
Сапарым карып баратат,
Кайтайын уйго батыраак
.
Талаштан тактык жаралар.
"Талашка" тушчу мен эмес
Талаша турчу сиз эмес.
Талашчу нерсе соз болсун,
Таамай айткан оз болсун.
Мэри жонун сурасан
Мен кыргыздын кызымын.
Айтыштагы "жылдызмын"
Апасы болом бир кыздын.
Кийимдин кием кызылын
Корсом дейм жашоо кызыгын.
Боз ат минген 30 жаш
Мага да келген конокко.
30га чейинки жылдарым
Айланып кетти жомокко.
Туура байкап агалар,
Мурунку айтыш-сынакта
Женгенимди айттынар.
Байге учун мен анда
600 бирдик алгамын.
Бирдикке
Байып жатып калганмын.
Демоорчу болуп Аечка,
Дем берип, колдоп Еретик,
Айтыш болуп кызыктуу
Айтыштан алдык кызыкты.
Азыр алар корунбойт
Кабары такыр билинбейт.
Ооба, мен да барганмын
Жаздагы жолугушууга.
Мумкундук болду ал жерде
Таанышып, чер жазууга.
Рахмат супер гезитке
Жылуулук сепкен сезимге.
Сапарым карып баратат,
Кайтайын уйго батыраак
#948 26 Август 2010 - 15:45
Арабызда бир сулуу
Баарыбыздан сиз улуу
Баарыбыздан сиз улуу
Адегенде баарыңа
Саламымды айтайын
Жообуңардын баарысы
Жаккандыгын айтайын
Байкашымча айтыштын
“Күзгү” туру башталды
Куйкум, уйкаш ырлардын
Түрү чыга баштады
Стратег иним айткандай
“Улуулукка” салбайын
Тамаша айткан сөзүмдү
"Удалить" этип салайын
Акындардан жалгыз кыз
Талашсак кетет баркыбыз
Кадырлап чогуу ырдайлы
Канагат кылып жыргайлы
Стратег сенин жазганың
Жазып жатып айтканың
Эске салат - негедир
СССР достун каламын?
Мэри мыкты жооп берди
“Талаштарга” жок деди
Агаларын токтотуп
Тактык жакка жол берди
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#949 28 Август 2010 - 00:46
Саламымды айтайын
Анан сөздуүбаштайын
Суперде ушул айтышта
Ортого кепти таштайын
Мэри айымды карасам
Түшүнбөй бизге калыптыр
Агаларына таарынып
Санаага мени салыптыр
Талашканым - сиз менен
Айтышкым келип жүрөм мен
Ошол учун Жекадан
Бизге деле бер дегем
Жека ага айтасыз
Эски эле акын деп
СССР мумкун деп
Бул сөздөн качан кайтасыз?
Дагы бир жолу айтайын
Айтышка келдим атайын
Ушул суперфорумдун
Мен акындарын байкайын
Стратег деген атым бар
Куулугу жок затым бар
СССР эмесмин
Ишенгиле акындар...
Анан сөздуүбаштайын
Суперде ушул айтышта
Ортого кепти таштайын
Мэри айымды карасам
Түшүнбөй бизге калыптыр
Агаларына таарынып
Санаага мени салыптыр
Талашканым - сиз менен
Айтышкым келип жүрөм мен
Ошол учун Жекадан
Бизге деле бер дегем
Жека ага айтасыз
Эски эле акын деп
СССР мумкун деп
Бул сөздөн качан кайтасыз?
Дагы бир жолу айтайын
Айтышка келдим атайын
Ушул суперфорумдун
Мен акындарын байкайын
Стратег деген атым бар
Куулугу жок затым бар
СССР эмесмин
Ишенгиле акындар...
```
#950 30 Август 2010 - 14:03
Эгемендик күн менен
Куттук айтам баарыңа
Эскергендей түр менен
Кулак кагам жалпыңа
Эгемендик майрамды
Он тогуз жыл тособуз
Майрам шарты ушул деп
Куттук ырын созобуз
"Баары жакшы" дегенден
Жакшы болуп кетпейбиз
Кемчиликтер - көп эле
Эстетсем капа этпейбиз
Башкаларды карасам
Өнүгүүнүн үстүндө
Бизде болсо бир-бирин
Өлтүрүүлөр күчүндө
Он тогуз жыл ичинде
Биз эмнеге жетиштик
Сыйлабаган чоңдордү
Сыртка айдап кетирдик
Колдо турган алтынды
Центеррага алдаттык
Үзөнгү-Кууш тарапты
Кытайларга карматтык
Алдап туруп казактар
Каркыраны алышты
Баткен жакты "акалар"
Анкылаптап калышты
Колхоз, совхоз чарбанын
Завод, фабрик шайманын
Баарын чачып жоготтук
Ага дагы тойбодук
Бул жашоонун максаты
Акча болуп калганбы
“Пулуң болсо – кулуңмун”
Же айтканым жалганбы
Куну кетти бийликтин
Беш жыл сайын алмашып
Бычакка сап жигит жок
Элде калды тизгин жок
Айта берсе түгөнбөйт
Бул замандын арманы
Айтпаганды айтышаар
Акындардын калганы
Куттук айтам баарыңа
Эскергендей түр менен
Кулак кагам жалпыңа
Эгемендик майрамды
Он тогуз жыл тособуз
Майрам шарты ушул деп
Куттук ырын созобуз
"Баары жакшы" дегенден
Жакшы болуп кетпейбиз
Кемчиликтер - көп эле
Эстетсем капа этпейбиз
Башкаларды карасам
Өнүгүүнүн үстүндө
Бизде болсо бир-бирин
Өлтүрүүлөр күчүндө
Он тогуз жыл ичинде
Биз эмнеге жетиштик
Сыйлабаган чоңдордү
Сыртка айдап кетирдик
Колдо турган алтынды
Центеррага алдаттык
Үзөнгү-Кууш тарапты
Кытайларга карматтык
Алдап туруп казактар
Каркыраны алышты
Баткен жакты "акалар"
Анкылаптап калышты
Колхоз, совхоз чарбанын
Завод, фабрик шайманын
Баарын чачып жоготтук
Ага дагы тойбодук
Бул жашоонун максаты
Акча болуп калганбы
“Пулуң болсо – кулуңмун”
Же айтканым жалганбы
Куну кетти бийликтин
Беш жыл сайын алмашып
Бычакка сап жигит жок
Элде калды тизгин жок
Айта берсе түгөнбөйт
Бул замандын арманы
Айтпаганды айтышаар
Акындардын калганы
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#951 31 Август 2010 - 11:27
Эгемен калкым аманбы,
Элиме айтам саламды.
Кутмандуу калкым аманбы,
Кубанып айтам саламды.
Калкыма келди кубаныч
Кадырлап тоскун, сураныч!
Кыргызга келген ушул кун
Кут болсун улуу бул майрам!
Эгемен олко болсо деп
Эчендер баштан айрылган.
Элине кылып ак кызмат
Эрендер кеткен бул жайдан.
Колго конгон бакытты
Учуруп алба, кыргызым!
Нурдан буткон кыргызым,
Жана берсин жылдызын!
Кадырын, баркын биле кор,
Эгемен, эркин олконун.
Кетирип алба колундан
Бейиштей жердин коркомун.
Осо бер, элим, мекеним!
Озунсун менин медерим.
Сыймык менен айтамын
Мекеним бар экенин!
Элиме айтам саламды.
Кутмандуу калкым аманбы,
Кубанып айтам саламды.
Калкыма келди кубаныч
Кадырлап тоскун, сураныч!
Кыргызга келген ушул кун
Кут болсун улуу бул майрам!
Эгемен олко болсо деп
Эчендер баштан айрылган.
Элине кылып ак кызмат
Эрендер кеткен бул жайдан.
Колго конгон бакытты
Учуруп алба, кыргызым!
Нурдан буткон кыргызым,
Жана берсин жылдызын!
Кадырын, баркын биле кор,
Эгемен, эркин олконун.
Кетирип алба колундан
Бейиштей жердин коркомун.
Осо бер, элим, мекеним!
Озунсун менин медерим.
Сыймык менен айтамын
Мекеним бар экенин!
#952 31 Август 2010 - 12:00
Бали-бали акындар
Эгемен элдин уул-кызы,
Айтыш ичин жандантып,
Алтындай кептер айттыңар.
Аздектеп сөздүн асылын,
Чукугандай таптынар.
Бабалардын өнөрүн,
Бапестеп жакшы бактыңар.
Өсө берсин өнөрүң,
Өлбөйт силер барында.
Такшала берсин талантың
Ийгилик каалайм баарыңа!
Эгемен элдин уул-кызы,
Айтыш ичин жандантып,
Алтындай кептер айттыңар.
Аздектеп сөздүн асылын,
Чукугандай таптынар.
Бабалардын өнөрүн,
Бапестеп жакшы бактыңар.
Өсө берсин өнөрүң,
Өлбөйт силер барында.
Такшала берсин талантың
Ийгилик каалайм баарыңа!
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#953 08 Сентябрь 2010 - 12:09
Октябрь айдын онунда
Парламентти шайлайбыз
Ага чейин ал жакка -
Барчуларды байкайбыз
Боршайкомго отуздай
Партиялар келишти
Жүз жыйырма адам бар
Тизмелерин беришти
“Ата-Мекен” эң эски
Партия деп саналат
Башкарууга өлкөнү
Жасап жатат далалат
Ысдыпыка дегени
Форум менен Арашан
Андан башка жерлери
Дагы барбы, талашам
Жаштыгына карабай
Күүлөнүүдө “Ак шумкар”
Эрип бүткөн темирдей
Күчтөнүүдө “Ак шумкар”
Шайлоолорго кызыксаң
Чай, тойлорду кызытсаң
Эл алдында айта жүр
Ал – “Бүтүн Кыргыстан”!
“Ата журттун” тизмесин
Мурункулар толтурат
“Реваншист” деп кээ бирлер
Момундарды коркутат
Бул айтылган көзүрлөр
Башталышы тизменин
Шайлоо кандай өтөөрүн
Айтып берчи билгениң.
Парламентти шайлайбыз
Ага чейин ал жакка -
Барчуларды байкайбыз
Боршайкомго отуздай
Партиялар келишти
Жүз жыйырма адам бар
Тизмелерин беришти
“Ата-Мекен” эң эски
Партия деп саналат
Башкарууга өлкөнү
Жасап жатат далалат
Ысдыпыка дегени
Форум менен Арашан
Андан башка жерлери
Дагы барбы, талашам
Жаштыгына карабай
Күүлөнүүдө “Ак шумкар”
Эрип бүткөн темирдей
Күчтөнүүдө “Ак шумкар”
Шайлоолорго кызыксаң
Чай, тойлорду кызытсаң
Эл алдында айта жүр
Ал – “Бүтүн Кыргыстан”!
“Ата журттун” тизмесин
Мурункулар толтурат
“Реваншист” деп кээ бирлер
Момундарды коркутат
Бул айтылган көзүрлөр
Башталышы тизменин
Шайлоо кандай өтөөрүн
Айтып берчи билгениң.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#954 09 Сентябрь 2010 - 19:58
Кандай болот шайлообуз
Аны эч ким айталбайт
Ким алат канча добуш
Ким артта калат тарталбай...
Ким алат эми бийликти
Айымбы же жигитпи
Шайлоо кандай отсо да
Кыргыз элим бириккин.
Аны эч ким айталбайт
Ким алат канча добуш
Ким артта калат тарталбай...
Ким алат эми бийликти
Айымбы же жигитпи
Шайлоо кандай отсо да
Кыргыз элим бириккин.
```
#955 30 Сентябрь 2010 - 19:32
Акындар кеп салса
Асыл создор деп атса
Абдан эле кубанам
Бирок мында башкача
Саясатты соз кылып
Талкууга алып партияны
Темадан чыгып алыска
Кетпегиле суранам
Асыл кенч созду жазгыла
Конулго сулуу ой берип
Адамдарга жаккыла
Бовосо мындан качкыла ...
Асыл создор деп атса
Абдан эле кубанам
Бирок мында башкача
Саясатты соз кылып
Талкууга алып партияны
Темадан чыгып алыска
Кетпегиле суранам
Асыл кенч созду жазгыла
Конулго сулуу ой берип
Адамдарга жаккыла
Бовосо мындан качкыла ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#956 06 Октябрь 2010 - 17:05
Карасам эч ким келбептир
Бул жерге соз жазылып
Накыл кептер делбептир
Капа болуп калган го
Акындардын баардыгы
Тамашалуу создорго
Же болбосо акындар
Ырга созго жакындар
Шайлоо жарыш ишине
Кызуу кирип ашыга
Партияга жашына
Журушобу алыста ???
Унутулуп каада салт
Эстен чыгып урп-адат
Калбасбы деп коркомун
Бул ырым менен мен азыр
Акындарды жоктоймун
Келгиле бул баракка
Айтышалы чер жазып
Кеп байлыгын биз казып
Отуралы ыр айтып
Себеби мен баарынды
Жон калтырып койбоймун
Тийишип бирден баарына
Кызуу оюн ойноймун
Баары бир достор туугандар
Силер менен соз куруп
Кеп колундо бир сузуп
Ойногонго тойбоймун
Келгиле эми жашынбай
Айталы жакшы создорду
Бекитип албай, жашырбай ...
Бул жерге соз жазылып
Накыл кептер делбептир
Капа болуп калган го
Акындардын баардыгы
Тамашалуу создорго
Же болбосо акындар
Ырга созго жакындар
Шайлоо жарыш ишине
Кызуу кирип ашыга
Партияга жашына
Журушобу алыста ???
Унутулуп каада салт
Эстен чыгып урп-адат
Калбасбы деп коркомун
Бул ырым менен мен азыр
Акындарды жоктоймун
Келгиле бул баракка
Айтышалы чер жазып
Кеп байлыгын биз казып
Отуралы ыр айтып
Себеби мен баарынды
Жон калтырып койбоймун
Тийишип бирден баарына
Кызуу оюн ойноймун
Баары бир достор туугандар
Силер менен соз куруп
Кеп колундо бир сузуп
Ойногонго тойбоймун
Келгиле эми жашынбай
Айталы жакшы создорду
Бекитип албай, жашырбай ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#957 11 Октябрь 2010 - 17:24
Омееей ботом туугандар
Ырды созду куугандар
Жоксунар го бул жакта
Не болдунар бул тапта??????
Ырды созду куугандар
Жоксунар го бул жакта
Не болдунар бул тапта??????
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#958 12 Октябрь 2010 - 01:18
Aссaлому aлейкум
Форумчу достор aмaнбы?
Кошулуп кaлдым узaктaн
Кaбыл aл менин сaлaмды
Конулго илxaм чaкыргaн
Окудум сонун ырлaрды
Aнaн дa кaлды есимде
Aз екен депсин кыздaрды
Кыз издеп aйтыш мaйдaндa
Журуптур Жекa,Стрaтег
Коруптур aсыл жубaйды
Муроктун суусун ичкенби?
Кыз екени тургaн кеп
Колокого тон бычып
Комокойго соз кыпчып
Тaлaшып биздин тулпaрлaр
Тaaмaй aйтып кaн кызып
Журокту суйуу ороду
Жолду шaйтaн тороду
Суйкaйгaн сулуу селкибиз
Xе,xе,xе
Aнaн aйтсa болобу?
Мен бир кыздын aпaсы
Болбосун еч ким кaпaчы
Ееееееееееееееееееей
Тибиртке чыккыр тилимди
Токтото aлбaй ийдимби?
Тaртa aлбaй колумду
Кaтa aлбaй кулкумду
Тийишип ыр жaзыпмын
Жинини терен кaзыпмын
Иншaллax
Кaйырлуу болсун aягы
Тийбесин кaтуу 'тaягы'
Aлыстaн сурдуу корунот
Стрaтег,Жекa жaнaгы
Форумчу достор aмaнбы?
Кошулуп кaлдым узaктaн
Кaбыл aл менин сaлaмды
Конулго илxaм чaкыргaн
Окудум сонун ырлaрды
Aнaн дa кaлды есимде
Aз екен депсин кыздaрды
Кыз издеп aйтыш мaйдaндa
Журуптур Жекa,Стрaтег
Коруптур aсыл жубaйды
Муроктун суусун ичкенби?
Кыз екени тургaн кеп
Колокого тон бычып
Комокойго соз кыпчып
Тaлaшып биздин тулпaрлaр
Тaaмaй aйтып кaн кызып
Журокту суйуу ороду
Жолду шaйтaн тороду
Суйкaйгaн сулуу селкибиз
Xе,xе,xе
Aнaн aйтсa болобу?
Мен бир кыздын aпaсы
Болбосун еч ким кaпaчы
Ееееееееееееееееееей
Тибиртке чыккыр тилимди
Токтото aлбaй ийдимби?
Тaртa aлбaй колумду
Кaтa aлбaй кулкумду
Тийишип ыр жaзыпмын
Жинини терен кaзыпмын
Иншaллax
Кaйырлуу болсун aягы
Тийбесин кaтуу 'тaягы'
Aлыстaн сурдуу корунот
Стрaтег,Жекa жaнaгы
все что ни делается все к лучшему :(
#959 14 Октябрь 2010 - 13:59
Ассалоому алейкум улуу КЫРГЫЗ калкым
Акындыр бизде көп экен, билебизби баркын
Үйрөнөсүн угуп жүрсөн көп нерсенин сырларын
Ошондуктан угуп жүргүн сен булардын ырларын
Элиф айым айткандай, көңүлгө илхам чакырат
Бул өнөрдү билбегендин ооздорун ачтырат
Акындарга кайрыламын, тарагыла дүйнөгө
Керек болсо анча мынча тартылгыла киного
Бат өнүксүн, өркүндөсүн айтыш деген бул өнөр
Таанысынчы кыргызымды таң калышып дүйнөңөр
Акынмын деп өзүмдү мен эч качанайта албайм
Кырыгыздагы акындардын тырмагы жете албай
Капа болбой ары жагын өзүңөр улагыла
Кйрадан дагы көрүшкөнчө саламатта калгыла
Акындыр бизде көп экен, билебизби баркын
Үйрөнөсүн угуп жүрсөн көп нерсенин сырларын
Ошондуктан угуп жүргүн сен булардын ырларын
Элиф айым айткандай, көңүлгө илхам чакырат
Бул өнөрдү билбегендин ооздорун ачтырат
Акындарга кайрыламын, тарагыла дүйнөгө
Керек болсо анча мынча тартылгыла киного
Бат өнүксүн, өркүндөсүн айтыш деген бул өнөр
Таанысынчы кыргызымды таң калышып дүйнөңөр
Акынмын деп өзүмдү мен эч качанайта албайм
Кырыгыздагы акындардын тырмагы жете албай
Капа болбой ары жагын өзүңөр улагыла
Кйрадан дагы көрүшкөнчө саламатта калгыла
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#960 14 Октябрь 2010 - 18:01
Алик айттым ооо акындар баарына
Кандайсынар, кайдасынар, аманбы...
Мен жазбаймын силерге окшоп катыра
Сындагыла жакшыбы же жаманбы...
Келип калдым аранарга жаныдан
Жаза баштайм мындан ары аз аздан
Жазгандарым жакпай калса суранам
Бетке айткыла, сын созго мен таарынбайм
Сынайт десе баса калып башыман
Шашпагыла баткак менен шыбашка
Келечекте аракетим куч болсо
Табаармын орун акындардын жанынан...
Кандайсынар, кайдасынар, аманбы...
Мен жазбаймын силерге окшоп катыра
Сындагыла жакшыбы же жаманбы...
Келип калдым аранарга жаныдан
Жаза баштайм мындан ары аз аздан
Жазгандарым жакпай калса суранам
Бетке айткыла, сын созго мен таарынбайм
Сынайт десе баса калып башыман
Шашпагыла баткак менен шыбашка
Келечекте аракетим куч болсо
Табаармын орун акындардын жанынан...
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙

Супер-Инфо
super.kg
видео














Мобилдүү версия