Чубак ажы Жалиловдун теле жана радиолор аркылуу сабак өтүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Чубак ажы жакынкы күндөрү жума намазда эл алдында баян айтып жатып билдирди. Буга чейин ал 3-4 телеканал жана радио аркылуу баян айтып, эл тарабынан берилген суроолорго жооп берип келген. "Мындан башка сүйлөй турган жердин баары азыр биз үчүн тосулуу, бир гана минбар (мечиттин трибунасы) тосулган жок. Анткени "бул киши азыр сүйлөсө болбойт" деп чечимди бирөөлөр чыгарган болуш керек", - деп билдирген.
Эскерте кетсек, июнь айынын башында Чубак ажы Жалилов жума намаз убагындагы түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу боюнча сунушту активдүү колдоп, депутат Жанар Акаевдин дарегине катуу сын айткан. Бул маселе коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган.
Андан кийин УКМК Жалиловду суракка чакырып, эскертүү берген эле.
- (2 )
-
- 1
- 2
Чубак ажынын теле жана радиолор аркылуу сабак өтүүсүнө тыюу салынды ...
#2 11 July 2016 - 14:00
Озу кыргыздар бирин бири буттан тартып турбаса жашоолору кызыксыз болуп калабы ?
Эл баалап ,эл учун иштеп жаткандарды неге коро алышпайт билбейсин .
Эл баалап ,эл учун иштеп жаткандарды неге коро алышпайт билбейсин .
#3 11 July 2016 - 14:16
Кечээ эле Азаттыкта элдин таламын талашып жургон балакай бугун эми молдокени ооздуктатып койдубу?Ажыке,
озунуз айтмакчы минбарда гана кенен кесир суйлой берин,убагы келип,Аллахым озу эле корсотот корсото турган чон соройлорго.
#4 11 July 2016 - 14:28
Саналуу эле көзгө илээр аалымдарыбыз бар, алардын акыбалы бул. Чынын айтканда, аларга караганда пайдалуу иштерди ушул устазыбыз аткарып аткан. Устаз, Аллах жардамчыңыз болсун! Буйруса биз тарапка да күн тийээр...
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#5 11 July 2016 - 14:49
Ар ким алы жеткенин гана кыла алат.....
А биздикилердин бирөөнү караламай, аңдымай, көтөрүлүп кетсе ичтери таарып кетип буттан тартмай болсо, ошого гана алдары жетсе эмне кылалы эми ..
Өзү иштей турган, өлкөнү кантип өнүктүрү жөнүндө иштер көп эле, ошолорду аткарышса болмок. Ушакчылардай болуп, сүйлөгөндүн оозун пайлап олтурушпай ..
А биздикилердин бирөөнү караламай, аңдымай, көтөрүлүп кетсе ичтери таарып кетип буттан тартмай болсо, ошого гана алдары жетсе эмне кылалы эми ..
Өзү иштей турган, өлкөнү кантип өнүктүрү жөнүндө иштер көп эле, ошолорду аткарышса болмок. Ушакчылардай болуп, сүйлөгөндүн оозун пайлап олтурушпай ..
#6 11 July 2016 - 14:49
Бул адамды суйлотпой коюшунар мумкун...бирок Аллахтын азабынан эч качан качып кутула албайсынар.
..бир кунду корушунор бар го жакында жеп жуткурлар...
#7 11 July 2016 - 15:15
Чыгарган китептери менен үнү радиодон көрө алыска жетет.
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
#8 11 July 2016 - 15:40
Убагында; элдин унун, ыйын теле аркылуу жеткирип, озу кубо болуп жургон Ж.Акаев сол колун которуп колдогондон кийин калганына кайран соз, кайран эл.
#9 11 July 2016 - 18:39
Теледен суйлотбой койуп ажыкебизди токтото албайт азыр бардыгы онуккон интернет дегенден коруп алсада болот Динге каршы чыккандар этият болушсун жаман дин мн ойногон
++++++++
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#10 12 July 2016 - 03:57
Тыюу салгандардын оздоруно тыюу салуу керек!!!
*Кумшекер сыяктуу бол! Озун ээрип кетсен да башкалардын жашоосуна даам тартуула! *
#12 12 July 2016 - 10:34
Жанар Акаев озун жааман кыйын сезет, бизди (студенттерди) шайлоодон алдын алып барышканле,
бироо дин боюнча суроо бергенле, жооп бербей койгон, туталанып. Аллах ага шыфаа берсин.
#14 12 July 2016 - 13:57
#15 12 July 2016 - 14:14
Ошо Чубак ажыны короалбай,динди тушунбой жаткандарга Аллахым озу ынсап берсин.
#17 12 July 2016 - 16:11
Динге каршы адамдарга Аллах ОЗУ ынсаф берсин,Чубак ажыга сабр берсин!
Жонокой инсан
#18 12 July 2016 - 18:04
Негизи эл эмнени кааласа, массалык маалымат каражаттары элге ошону берип туруш керек эле. Бирок учурда элге карабай эле, оздоруно ылайыктуу чыгып жатканы окунучтуу. Минтип отурса эл да гезит окубай, радио-теле корбой калат таптакыр эле. Интернеттен озуно керектуусун таап алат.
#19 12 July 2016 - 18:33
диний маалыматтарды чыгарбай оздоруно жаккан козу ачктарды тенирчилердин беруулорун бере берсин жанарга дагы кудай бар
#20 12 July 2016 - 23:29
Урматтууларым,
силер келечекке бир коз жугуртсонор,
эртен эле президенттик шайлоо болот. Аз эле убакыт калды. Ким билет, Чубак ажынын тарапташтарынын колдоосуна татуу учун, калп болсо деле кайсы кандидат эмне кылаар экен? Утуп чыкканы балким биротоло канал эле ачып берээр. Эл сыйлаган киши чыкпай койсо эле унутулуп кетет дейсинерби?
Созсуз бир жерден болбосо болок жерден, бир политик болбосо башкасы колдоп чыгат. (Элге Чубак ажы керек болсо, аткаминерлерге элдин добушу керек) Менимче, чыныгы балит... тоюс, политиктер жондон жон эле мындай кадамга барбайт, ушул чечимдин артында турган "серый кардинал"
эртен бул кишини пайдалануу,
"типа мен кайра чыгардым"
акциясын уюштуруу учун ушул нерсени жасады.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

























