Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1061 28 Июнь 2011 - 22:43
#1062 30 Июнь 2011 - 02:37
Билдирүүнү түзөткөн: Aikyz: 30 Июнь 2011 - 14:00
#1063 30 Июнь 2011 - 11:09
#1064 30 Июнь 2011 - 18:57
Суйуу- деген эмне экенин билчу эмесмин. Бир форумчунун жардамы менен суйуунун таттуусун, ачуусун, кайгысын, жыргалын сезип отурам. Биринчи суйуум жоопту болот деп ишенчумун. Андай болбоду. Ал деле аракет кылды. Бирок, журогуно буйрук бере албады корунот. Мен ал учун баарына даярмын жана омур бою кутом. Билем, сен бул форумдун баардык темаларын, билдируулорун окуйсун, билип кой, сени мен кандай болсон, ошондой жактырам, суйом. Кээде сага тушунбой да кетем. Бир туруп жалгыздыктан тажадым, уй-булоо куруп, балалуу болгум келет дейсин, бирде куйоого тийгенге эрте дейсин. Башка жумуштарды шарт-шарт эле чечип коёсун, чечкиндуу эмес дейин десем. Курбу кыздарын айткандай алып качып кетип калсамбы? Кызык, эмне сени кармап атат? Эмнеге башкаларга мумкундук бербейсин? Эмнеге кыйнайсын? Сенден башка менен Бактылуу болушума козум жетпейт. 2 жылдын ичинде сага ушунча конуп кеттим. Сени башкаларга эмес озумо ыраа корбой кетем. Сыртынан билгизбей шайыр муноз, кучтуу, эрктуу болуп жургонун менен жан дуйнон ушунчалык назик. Сени дайым карап, коргоп, туртку болуп жанында жургум келет. Сени бактылуу кылгым келет.
#1065 30 Июнь 2011 - 20:39
Билдирүүнү түзөткөн: Nuura: 30 Июнь 2011 - 20:40
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#1066 02 Июль 2011 - 11:40

Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#1067 02 Июль 2011 - 17:20

Бир келип кетчи мен жакка.
#1068 03 Июль 2011 - 05:05

Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 03 Июль 2011 - 05:37
#1069 04 Июль 2011 - 04:15
#1070 05 Июль 2011 - 06:55
#1071 05 Июль 2011 - 08:05
Мына тан да атты, а мен козумду ачкандан бери сени ойлойм, кечинде да ойлоп жаткам.... Сенин ар бир суйлогон созунду эстеген сайын козумдон жаш агат, бирок сен аны билбейсин... Сен мен учун кымбат адам экенинди да сезбейсин, журогум ооруп жатат... аны да сезбейсин. Экообуз бирге баскан муноттор эн бактылуу муноттор экен азыр ойлосом, аны мен эми гана ...сени жоготкондон кийин гана сезип жатам. Мен суйуудо ушунчалык алсыз экенмин да, эми кандай айла кылаарымды да билбей калдым....
#1072 06 Июль 2011 - 20:58
Жеңиш - менин тагдырым.
#1073 07 Июль 2011 - 00:56
#1074 07 Июль 2011 - 08:24
#1075 07 Июль 2011 - 12:45
"Кайда эленер?Мен туура эмес чечимдерди кабыл алып атканда кай жакты эленер?Неге ушунча жылдар бою озумду мынчалык жалгыз сезип,мага жат,мен жек коргон адамдардын арасында жашап келдим? Силерге керегим жок,алыста болдум. Неге?"деп алдым...Жыгылгандан тизем ооруксунуп калган эле,этегимди которуп карасам канап атыптыр...Аттин! Конул жарасы да ушундай эле боло койсо кана?! Дары суйкоп,танып койсо 2-3 кундо бутуп калаар болсо кана...Кийин ошол жараттын тагын коргондо," Эмненики эле?" деп эстей да албай калаар болсок кана...
Улутунуп алдым...Коз алдыма кичине кездеги жакшы коргон болмом келе тушту...Мурдунун устно коз айнек кондуруп алып,гезит окуган атам...туймо туйуп мага ангеме айтып берип отурган апам...Ошол кезде дуйно тугол эле го...Козун бакырайтып алып,апасынан башка адамга суйлобогон "Апап тигиге,минтип айтып койчу!" деп журо берчу кызга андан башканын кереги жок эле го...Ошол кичинекей дуйнонун ураганы качан...Ошол болмо ичидегилери менен алыста калганы качан...Баягы кичине кыз бой жетсе да,ошондогу кичинекей дуйносун кайра-кайра жоктоп келет...Ортодо жалгыздыкта откоргон кундорун жектеп,куноолуулорду издеп келет...Алсыздыгы учун озун жек коруп, азыр да жалгыздыкты жон-териси менен сезип,негедир жан-дуйносу тынчтана албай аткан эле...
"Если в детстве у тебя не было велосипеда, то даже если сейчас у тебя мерседес,то в детстве у тебя все равно не было велосипеда. .." деген озумдун кол коймомду эстеп кетти...Ачуу чындык...Ошол жалгыз откоргон кундорум,конулду кара туско боеп,азыркы кундо да баары бир эске тушо жанымды жай койбой келет...Балким ал кундор болбосо мунозум башка болоор беле? Адамдан алдын ала тунуло берме,тунт,алсыздыгымды жаман жагым менен жапканга аракет кылма жайым жок болоор беле...Коодонумдо таарыныч бар...бирок кимге? "Колдорунан келсе башкача кылышмак" дедим озумо... "Кечиргилечи! Силерсиз откон,таарынычка толгон кундорду фотошоп менен кесип салып,башка кундорду кочуруп ордуна кое албайм... Мен калчу жерде,кыздарын келип алып кетчу ата-энелердин жузу,торт бурчта камалып кала берчу озумдун ыйым дале тушумо кирет...Бул менин айтылбас арыз-мунум.. .Айтпайм дагы...."деп ыйлап жаттым...
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#1076 07 Июль 2011 - 15:21
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1077 07 Июль 2011 - 16:14
Бул жарыктыкта жашап жаткан ар бир адамдын ар кандай мунозу болот экен,,,,,,,, Ичимде толтура создор турат бирок кантип тушундуруп жазып берууго алсыз болуп жатам.
#1078 09 Июль 2011 - 07:01
бейтааныш адамдардын тааныш чөйрөсүнө эле эмес, тааныш чөйрөнүн тааныш адамдарынын арасындагы чоочундар бар...жаш туруп, карыгандардын катарын толуктаган кычыраган жигиттер бар....оорубаса да, ойлонуп жүрүп сүйрөлүп калгандар бар...алардын да дүйнөсү бар...тааныш. ...алардын да тааныштары бар...чоочун эмес...ошол дүйнөдө жашашат...ошол тааныштары менен баарлашат... алар өз дүйнөсүнө бейтааныш адамдарды оңой менен киргизишпейт. ..чочуркашат. ..араң жасап алган дүйнөсүн булгап кетпесин деп....өздөрү да башка чөйрөгө оңой менен аралашып кете бербейт...байкап турушат...ал чөйрөнүн баалуулуктарын. ..алар, белгилүү нормалар менен жашаган өз дүйнөлөрүн эч нерсеге алмашышпайт...
Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 09 Июль 2011 - 07:08
#1079 09 Июль 2011 - 15:03
#1080 09 Июль 2011 - 17:08
Бир кезде мен дайыма көңүл чордонунда жүрчүмүн. Баары мени менен дос, же тааныш. Кыскасы, мен үчүн чоочун адамдар жок болчу. Пайда болсо деле, бат эле менин чөйрөмдөгү адамдардын бирине айланчу. Албетте айдын он беши караңгы, он беши жарыктай эле, бир күн мунун баары ойрон болду. Достор да жок, тааныштар да. Мен баарын жок кылып жаттым, өзүмө аларды керексиз деп таптым. Заматта эле баардыгы үчүн чоочун адамга айландым да калдым. Эч ким менин эмне тууралуу ойлонуп жатканымды, керек болсо эмнеге бара жатканымды да билчү эмес.
Кайрадан өзгөрүү. Бул былтыркы жылдан башталды. Чөйрөм алмашты, көп өтпөй жакшы бир достуу болуп калдым. Ушунун баары толкун болуп келип, мен жашынып алган дүйнөгө басып кирди, курган чебимди талкалады. Демейде көп сүйлөбөгөн жаным айта баштадым. Быдылдап баардык нерсе жөнүндө. Эмнени ойлойм, эмнени каалайм, эмнени жакшы көрөм, эмнени жек көрөм... Баягы бир кездеги өзүмдү таап алганыма сүйүндүм. Дайыма жанымда досторум, менин абалымды сурап турган санаалаштар. Байкап көрсөм ага чейин байкабай жүргөн тааныштар мени менен тез-тез кабарлашчу адамдарга айланды. Ушундай. Жашоо өз нугуна түштү. Буга бир адамдын да салымы бар. Мен ага жакында одоно бир сөздү айтып алдым. Бирок өкүнүчтө эмесмин. Ал жоголору менен баарын кайра өзгөртөм деп ойлогом. Бирок жашыруун болуудан тажапмын. Мага азыркы шарт көбүрөөк жагат. Кыскасын айтканда, ал жоголсо да, мен уланта берем. Ачыктыкта жашоону уланта берем. Анткени чоочун болуп калуудан чочулайм, жок корком. Ооба, корком. Бирок баары азыр жакшы жана ушул боюнча уланарына бекем ишенем.
Жеңиш - менин тагдырым.