
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1101 19 Июль 2011 - 11:16

#1102 20 Июль 2011 - 05:21
#1103 21 Июль 2011 - 20:43
#1104 22 Июль 2011 - 14:06
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#1105 23 Июль 2011 - 09:09
Акылдан адашсак эгер...алдыбызды, аркабызды көрө албай...көзү ачык көкүрөгү көр азизге айланаарбыз. ..акыл тушалганда. ..колу бар бирок изги иш жасабаган мунжуга айланаарбыз. ..акыл чынжырланып байланганда. ..чыркыраган чындыкты айтпай...дудукка айланаарбыз. ..байкабай калаарбыз... мунун баарын...баарын акыл билээр эле...эгер байланбаса, тушалбаса...
Сезим...мээм жетпейт...кээде ойлонуп жүдөп кетем...акыл мээде болсо, сезим жүрөктөбү... акыл болбосо сезим болоор беле...акылсыз адам сезимтал боло алабы...акылсыз адам сүйө алабы...сезим болбосо, адамдар мерез болоор беле...сезим менен жеткенди акыл менен табууга мүмкүнбү... сезимдин падышасы...сезимдин ханышасы болгон жакшыбы...же акылдын кулу болгон артыкпы...суроо көп...жооп жок....
Дүйнөнү сулуулук сактайбы...абийирби. ..улуулукпу. . .же акылбы...
Денесин саткан сулуулар...элин аткан улуулар...жерин саткан акылсыз куулар...дүйнөнү кантип сактайт...
акыл болсо...сулуулар денесин сатмак беле...улуулар элин атмак беле...жерин сатмак беле...
Жараткан баарыбызга. ..сулуу...улуу. ..намыстуу... абийирдүү. ..АКЫЛ берсин...
#1106 23 Июль 2011 - 19:28

#1107 27 Июль 2011 - 05:22
#1108 28 Июль 2011 - 06:16
Жашоомо кирип келгениңден чыгып кеткениң бат болду окшойт...байкоосуз кирип, капыстан чыгып кеттиң...бир жарк этип жок болгон чагылганга окшоп...нөшөрлөгөн жамгырдын кабарчысындай болуп...көкүрөктү кысып, тумчуктуруп турган сүйүүм ырга айланып, жамгырдай нөшөрлөп, селдей агылып чыгып, араң дегенде терең дем алып калган болчум...карттанган жарамды кайра тырмаганга аракет кылганыңа жол болсун...жүрөгүм "СЕН" деп согуп жүргөндө...дартка чалдыгып "СЕН" менен ооруп жүргөндө кайда элең???!! ! "САГА" суусап турганда, "САГА" жетпей куурап турганда кайда элең???!! !
Деги билдиң бекен...сезимдеримди таманың менен кошо чаңга аралаштырып тебелеп кеткениңди. ..сездиң бекен...кооздоп жасап алган жан-дүйнөмдү булгап кеткениңди. ..көзүм жетпейт, билээриңе да, сезээриңе да...
Өзүнүн кадырын билбеген адам кантип башканын кадырына жетсин...өзүн сыйлабаган адам башкасын сыйламак беле...мерездер сезимди түшүнмөк беле...
Өзгөргөн окшойсуң, бар экениңди эстеткиң келгенине караганда... "акылдын" чындыгына моюн сунганыңбы. ..мени алдаганыңбы. ..өзүңдү алдаганыңбы. ..тигини алдаганыңбы. ..а балким башка бирөөлөр бизди адаштырыштыбы. ..жылуулукка, мээримге, сүйүүгө муктаж болдуңбу... же мен адашып жатамбы.... ай ким билет....мээм дегеле жетпеди...тактап койоорсуң балким...ошондо кийинки кадамдарымды да адашпай шилтегенге жол көрсөтөөр элең...
Акыркы жолу үнүңдү качан укканымды эч эле эстей албай койдум...
Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 28 Июль 2011 - 06:24
#1109 28 Июль 2011 - 16:00
#1110 28 Июль 2011 - 16:20
(артымдан айткан создорун эстегенде)бара бара суйлогум да келбей баратат...Эки жуздуулук эн жаман сапат экенин эмнеге билишпейт... андан пайда коруп жатышабы же((( Эмне кылсам? таптакыр жоголуп кетким келип журот...Бирок кантип??? качан ушул создордон кутулам...ит уро берет,кербен журо берет десем да баари бир экен... бир кездеги жакын курбулардан конулум ушинтип калаары тушумо да кирбеген...Достуктарын дагы бир жолу "даназалап" коюшту...
Мейли эми алар бироонун конулун калтырганды жакшы корушот экен...бирок мен алардай жашагым келбейт ...Эмне деп суйлосо да, ойлосо да баари бир деп басып кеттим...Бир гана нерсе конулумо жагып, ал гана мени тушунгонсуйт. ..бирок ал дагы кечикти((кайда журду болду экен эртереек...ал эми менин сыр сандыгыма айланды)))
#1111 29 Июль 2011 - 00:15
#1112 29 Июль 2011 - 10:42
Баардык жылуу, аруу нерсенин баарын жалгыз сага арнаймын. Сен бар менин дүнүйөм түгөл. Сенден урган мээрим деми гана жүрөгүмө жарык шам жагып келет. Жалгыз сен үчүн, сенин жакшы маанайың үчүн жанымды да берүүгө даярмын. Жылмайсаң, жылмаюууңдун себеби мен болоюн, ыйласаң көз жашың менен тең кулап жерге урунуп жок болоюн. Бир гана Жараткандан суранаарым, оорубачы, АПА!
#1113 29 Июль 2011 - 11:52


Билдирүүнү түзөткөн: Janayim: 07 Февраль 2012 - 10:39
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
#1114 01 Август 2011 - 11:11
Жеңиш - менин тагдырым.
#1115 01 Август 2011 - 19:42
#1116 05 Август 2011 - 02:36
Эмнелер жазылды?
Мага пайда алып келеби?
Же мени зыянга учуратабы?
Мен турмуштан эмне сабак алдым?
Эмне таптым? Эмне жоготтум?
Ушул суроолордун кээ бирине жооп бере алсам, кээ бирлерине жоопту өлөр өлгөнчө ала албасымды билемин. Мен ошого бекем ишенем. Бир гана нерсени билем, эми мындан ары менин жашоомдо эч кандай суроо болбойт. Мен ар бир пайда болуучу суроого жооп таба аламын. Көрсө жашоо жеңил эле экен. Аны оордотуп жаткан шоркелди инсандын өзү тура. Ачык турган эшикти байкабай, элес албай жылчык издеп убара болот экен. Туура жолдо шамчырак күйүп турса да, караңгы көчөгө тартылат.
Жанагы анекдотто айтылгандай атасына баласы каяша көрсөтөт айтат эмеспи: "Ата сиздин куракта Македонский дүйнөнү багынткан" , - деп. Менин азыркы курагымда көп эле инсандар ар кандай жетишкендикке жетишкен. Менин амбициям канчалык күч болсо да жетпей калган нерсемди арман кылбаймын. Мен мунун баарын бир гана сөзгө батырып коёмун. ТАГДЫР. Тагдыр жазмышында эмне жазылганы болду, а жазылбаганы болбоду. Болбогон нерседе, демек, мага зыян бар эле. Аллах билет, мага эмне пайда, эмне зыян экенин.
Ооба, бул бардык жагы азгырык, алдоо, жан далбастоо менен курчалган жалган дүйнөдө оорчулук болду. Кыйналдым, кысталдым, ачка болдум, чарчадым, чаалыктым. Бирок, оңбодум, нойбодум, кайра чыйралдым, чыңалдым, кайралдым, курчудум. Турмуш мени өзүнүн катаал сабактары менен окутту. Мен ошол мектепти бүткөнүмө ыраазымын. Эми мен эч ким оңдой алгыс жашоо нугуна түштүм. Ушуга жеткизген Аллахка чексиз шүгүрлөрдү айтам. Мени ар дайым колтуктан жөлөгөн, өзүнүн баасыз кеңештери менен мени колдоп турган, мени жарым сөздөн түшүнүп турган адамдарга туш кылган Жаратканга ыраазымын.
Бирок, ушунун баары бакытпы?
Не ал бакыт деген?
Кармап алаар кушпу?
Же сатып алаар буюмбу?
Сүйүү да дешет. Мен сүйгөнүм менен бирге эмесмин. Демек, мен бактысызмынбы эмне?
Жо-ок, мен, тескерисинче бактылуумун деп кесе айта алам. Анткени, менин рухум кандайдыр бир тынчсыздануудан, кабатыр болуудан, кейип-кепчүүдөн алыс. Жана эч качан кайра кайрылбайт.
Менин бакыт чөйчөгүмдүн бир гана кемтиги бар. Ал ийгиликтүү өлүм. Аллахтын жалгыздыгын даңазалаган сөздү оозанып өлсөм, менден бактылуу адамды табыш кыйын болуп калмак.
Эй, Аллахым, мени татыктуу өмүр кечиртип, өз диниңде татыктуу өлүм кабыл алышымды насип эт!
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Август 2011 - 12:39
#1117 06 Август 2011 - 04:53
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1118 08 Август 2011 - 10:16
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#1119 08 Август 2011 - 17:32
#1120 09 Август 2011 - 02:48
....Эмнегедир сени бугун эстедим...баш багып калыпмын...куздун жыты келе жаткандай сезилди...муздак шамаал менен жаандын мээримсиз тамчылары тереземди какылап, тынчтык бербеди...Терезенди ач!!! ач!!- деп мени да муздаткысы келдигоо тобоо. Жайдын нурун жаныдан алып жылый баштаганда, аны да коро албадын окшойт...Макул, макул сен биринчи куз эмесин...сары жалбырактарына мени кошо ороп кыштын кыран суугуна кошо аттаналы деп атсан керек ага да макулмун...Бир гана сураныч менин жан дуйномду коп козгобой, тынчтыгын албай жон койчу суранам...
.....андай болбосо монологдогу жашоом кайра нугуна келчудой...монолог. ..