Колдо бар алтындын баркы жок демекчи, убагында мен да алтын элем. Менин баркымды билбей, намысымды тепселетип жургон учурда мен ал учун, озум учун суйуубузду сактап калам деп биртоп аракет жасап журдум. Жанынан кетип калуу ойдо жок болчу, коп нерсеге чыдадым, коп туйшукту котордум, ары карап ыйлап-бери карап жылмайып баарын женип келдим. Эми баарысы тескерисинче.
..менин козумду карап, таманымдан чыккан чанды суртуп, астыма ысык чай коюп, колунан келсе асмандагы жылдызды да алып бер десем ошого да даяр болуп, менден башка эч ким козуно корунбой калган учурда...менин конулум сууп, журогум ал деп сокконун байкабай келем.Жанымда турса кыжырым келет, суйлосо кулкум келет, опкулосо жииркенем...
Бирок жанынан дагеле кеталбайм...
Ушундан уламбы, мени дайыма кусалык басып турат, сагына берем,кимди сагынам озум да билбейм,конулум эч нерсеге тойбой келет. Туболуктуу эч нерсе жок экенин мен жаш кезимен эле билчимин.
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1161 17 September 2011 - 17:18
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#1162 18 September 2011 - 03:16
Адам деле гүлдөй болот турбайбы,эч ким көңүл бөлбөсө,жылуулук,
мээрим жок болсо соолуп калат экенбиз...күндөн,
күнгө соолуп бараткандаймын.
Сагыныч,кусалык жан дүйнөмдү жеп бүттү окшойт,бирөө келип түртүп койсо кулап калчудаймын.
Жасалма адам болгондон чарчадым ,аран жүрсөм да баары жакшы деп күлүп коём анан эмне кылам...айлана чөйрөмдөгүлөрдүн бары жасалма,бирөөсүнөн жылуу көз карашты көрбөйсүн.Ата энемдин маңдайында,
эрекелеп жүргөн күндөрдү,экоонан алган мээримди,жан дүйнөмө кубат берчү жылуулукту сагындым.Жакын адамдарымдан алыс болуп,жалгыздыктан тажадым.Кээде элдин көзүнчө,бугумду чыгарып ыйлагым келет,бирок эч убакта анте албайм,алсыздыгымды эч кимге көрстөкүм келбейт и көрстпөйм дагы!Эми дагы 1 ай 8 күн чыдасам,өз мекениме кайтып,ата энемдин,бир туугандарымдын,
жанымдын,досторумдун жанында болуп калам кудайым буюруса....ошо күндү күтүп,эки көзүм төрт...
Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
#1163 18 September 2011 - 18:40
Эээх таяэже, эмне анчалык журогумду ооруттун экен, таятамды эле жоктом кыркына барган болчумун го, ушул жетим балага жардам болсун деп мурастап кеткен чыгар ошол уйду, (чон кызынын баласы эмесминби) ошентсе да, кереги жок ошол уйдун мага, озунорго буйрусун, ата-энемден калган уйум бар а калганын кудай буйруса оз колум менен табамын, жашмын али.
Ушунча жылдан бери келбеген таятана тез каттап калдынго дединиз, Чындап баргым келчу, барсам эле ыйлап эле журогумду эзчу эле, ошонун ордуна мен алып кетпейби деп, Ошондо Айна таяжем айтпады беле 75-тен ашкан абышканын жан дуйносун кыйнап чанда келе бербегилечи деп...... ошону учун гана барчу эмес элем, эмне мага тууган керек эмес дейсизби, хотя сиздей туугандан алыс эле болуш керек го.
Ошондо айткан создорунуз жок журогумдун ичине кирип зыркылдатып жатат дагы эле, ээх кантип адам баласынан ушундай суук создор чыгат... Дагы бир жолу кыйкырып айткым келет МАГА СИЛЕРДЕН ЭЧ НЕРСЕ КЕРЕГИ ЖОК. Ээх экинчи ошол кок-арт жергесине басып барбай.... кош бол менин тая журтум......... .
Таята жаткан жерин жайлуу болсун, ошол сизге берген 80жашты кудайым мага да, карындашыма да берсин ылайым... Бизди кором деп аябай аракет кылыпсыз мен да окунум бир коруп калбаганыма. ..........
ТУНУЛУП УШУЛ ЖАШООДОН
ОО ДУЙНО КЕТТИ ДАГЫ БИР ЖАН

Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#1164 19 September 2011 - 12:52
Бироо айтмакчы, "ушул башын менен кантип кыштан чыктын?" дегенди мен сага бергим келип турат. Башын бар, акылын ордунда анан эмнеге анкоосуй бересин? Билип туруп билмексенге салганындын айынан, ашыкча керсейгениндин кесепетинен кур-жалак калбасан болду, коп нерседен. Коз жуумп коюп кой деген сайын кок мээн иштебей калат, мына эми жообумду угуп каттын да калдын. Тынч уктайын, тийишпечи мага
#1165 19 September 2011 - 13:04
Жүдөмүштөрдү ушунчалык "сүйөм"
... аж, бүкүлү жутуп салгым келет, чайнабай... адамдын керек болсо ар бир сөзү, кыймылы, караганы, жылмайганы,
ыйлаганы - мунун баарында мен маңыз бар деп эсептейм... күндө кайталанган көнүмүш бекерчиликтен эмес да туурабы? ар бир айтылган сөз шамалга эмес да, же мен жаңылышып жатамбы? же мен баарын олуттуу кабыл ала берем, кээ бирлер "боло берет" дегендей деп жашап калганбы? анан туруп... туруп... ойлонуп... жакшылап ойлонуп... "сен мени кымындай чымынчалык көрбөйсүң"
дегенди укканда, болгон сабырым, чыдамым, нерв клеткаларым калбай калды... эмне ушунчалык кээ бирлер табиятынан кем акыл төрөлүбү? же сөзсүз баарын сөз жүзүндө айтып, керек болсо жазып, ал жетпесе чуть ли документ түрүндө даярдап бериш керек?.. чын... мен эч нерсеге мээм жетпей калды... балким, анын оорусу жугуштуудур!
тез арада вакцинага муктажмын!
жети атасын кошуп туруп, үч-коргонго дүңүнөн айдап, болду, тынчытам!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#1167 25 September 2011 - 00:40
мына жаны тун! мен кайрадан канаттарымды жайып, кыялдарымда учуп жонойм. Мен билем сага созсуз жолугаарымды.
Ошондо сен мени байкайсын, бирок мен толкундануумдун кучтуулугунон байкалбас колокого айланам. ошентип сен кайрадан жанымдан мени корбой отуп кетесин, а мен болсо сени коз карашым менен кучактап алам. Мен сага колум менен жетким келет,бирок сен мени билбейсин, тааныбайсын,
башка адам жонундо кыялданасын.
..эми тан атты...бул кун мен учун ушунчалык узун, тугонгус кун болот, тун келгенче кантип чыдап жашайм...себеби мен тундо гана сени менен жолугушууга сапар алам.
мен коп деле сурабайм кудайдан, мен сени коридордон, же кочодон коруп калсам, бир гана сенин коз карашынды кармап калып, анан кирпиктериндин учуна озумдун коз карашым менен бир нече секундга тийсем ошол мага жетиштуу болоор эле, ошондо мен сени сыйкырлап салат элем, анткени мен сени баардыгына кызганам, а балким сен, менин коз карашымдан баарын окуп, журогун баардыгын сезип, башкача согуп калат?
балким менин чырайым суук, кыялдарым да акылсыз, бирок баарибир мен кыялдарыма так ишенем, жан дуйном жайында эмес,кан тамырымдын согуусу да тынч эмес, буга себеп-сени менен болгум келген менин жиндидей каалоолорум. калын элдин арасынан сени кором, озумду жондон жок жек кором, кыялдуу тундорумду суу каптап, мен ошол сууда чомом. Чындап баардыгы ушундай болгонсуп озумду кароону да унуткам. Ошол мен сени коруп калган кунум курусун!

.....
#1168 26 September 2011 - 02:55
Я сегодня японка. И мечтаю о кимоно, зонтике от солнца,веере,
прохладе под сакурой,а зовут меня- Комуто Херовато.
кАроче, журок ооруватат...
кАроче, журок ооруватат...
#1170 26 September 2011 - 14:53
Баягы эле корунуш, жудомуш, жудомуш. Качан тын болуп, калп намыстан ойгонуп, козунду ачар экенсин. Кайгыр, ошол сенин кайгырып, капаланып, туталанып, куйуп-жанышынды каалап турам. Ооба, мерезмин, таш журокмун, бирок таш журокту жибитчу сен элен го. Аны андабадын, андабайсын,
алдабайсын!
Уйгу-туйгу болгон ойдон кутулчу мезгил да келет, ошондо же сен же мен озгоробуз, окунобуз, бармак тиштейбиз, не пайда андан, не табасын? Эч нерсе таппайсын, бекер кылыпмын деп буркурайсын,
боздойсун, болбойт анда, кайрылып келбейт анда. Тынчыбаган журогундун согушун башкага арна, чын ошону мен каалайм, бир кун кайгырып, эки кун капа болумуш болуп, учунчу куну соороном. Билем, балким жанынды коерго жер таппай, таманын кай жерге тиерин таппай темселеп журорсун азыр. Ошону айтсан болот беле, болот эле. "Коксун, былтыйдынбы?
" деген созду тескериге бурсан болот беле, болот эле. Баары оз колунда эле, ошол кушту учуруп ийбегидей кылсан озуно жакшы, кокус кылдан кыйкым издесен анда жаза бастын, байкушум. Боорум ооруйт, конулум кирдейт, неге?
#1171 28 September 2011 - 04:57
Чачын жая шамаалга карабай чуркап бара жаткан кыздын силуеттин ар дайым айдын толгонунда корчу элем. Ай толуп калганда айылдагы арыктын жанындагы домбочтун устуно отуруп алып, ошол кыздын силуеттин карап, бир арыктан аккaн шыдырым арык суусунун унун угуп, анын устундогу Айдын кумуш нурларына суктанып карап отууру конумуш деле адатка айланган...Ар дайым жаныма жалгыздык батканда, козумо мончок туздуу жаштарым толгондо, баарынан тажаганда .Ошол Айдагы кыздай болуп чуркагым келет эч тоскоолго карабастан,
ыйлагым келет жаны тамган жашымды шамаал кургаткыча.
...СЕНИ тапкым келет...Жаны Ай чыгып Ай толуп турганда...Кун менен Ай жолукканда.
.. Жер, Ай Кун орбитада айланып жана Мен жашап турганда СЕНИ тапкым келет!!!
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#1172 28 September 2011 - 12:42
Негедир сен экөөбүз үн алышып сүйлөшүүгө краганда смс аркылуу оюбузду, ички туюмубузду жакшы билдиребиз.
.. оозубуздан андай сөз чыкпайт (өзгөчө менден). Мисалы кечеги жазышкан смстин маңызын жашоодо жүз тиктешип же телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө жок, чыкпайт, айтылбайт да болчу. Сенин экөөбүздүөн болочоктогу балдарыбыз тууралуу жазган смсин менин жүрөгүмдү ушунчалык жибитип, көзүмө мончок жаш алганга алып барды. Чын эле тагдыр буюруп бир болсок, сен мени бактылуу аялзатынын тизмесине кошосуң дегени ишенимим чоң, ошол эле учурда мен да сени эң бактылуу мырзалардын катарына кошулушуңа бүт аракетимди жумшайм!
#1173 28 September 2011 - 20:57
Бирөө мага "бийиктикке умтула бербе, жалгыз каласың"
деди эле. Бул сөзгө жок дегенде беш-алты жылдай болуп калды. Эмнеден улам айтканын деле түшүнбөйм. Көбүнө окшобогон мүнөзүмбү, же массадан айырмаланган жүрүм-турумумбу?
Билбейм, бирок анын айтканы туура чыгып жатат. Материалдык,
же жумуштук пландагы бийиктик эмес, бул кандайдыр бир деңгээлдеги духумдун бийиктиги. Өзүмө окшошун таппай кыйналып келем. Экөөбүз бир тилде сүйлөгөн, жарым сөздөн түшүнгөн, кабак-кашынан баарын сезип турган...
Бүгүн биринчи жолу ага боорум ооруду. Күткөн эмесмин. Кубанычымда чегим жок. Эми башым катып жатат. Кайсы бир тасмада "эгерде сага бирөө жагып калса, ордуңда туруп, күтө бербе, ага карай кадам ташта" деп айтылат. Мен бүгүнкүсү менен экинчи кадам таштадым. Барган сайын бул аралык жакындап барат. Мейли, мен күткөндөй тез болбосун, бирок ушул ортодогу аралыктын жакын арада жок болушуна ишенгим келет. Анткени ар кимден алыс болуп, чек ара коюп, эч кимди жакындатпай, баары үчүн чоочун жашоодон тажадым. Ишенгим келет, таянгым келет, бактылуу болгум келет...

Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
#1174 28 September 2011 - 21:09
Маанайым жок бугун эч нерсеге конул жок болуп жатат. Жашоонун кызыгы кете баштады.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#1175 29 September 2011 - 00:26
Ubakyt zymyrap uchkan kuw siyaktuu oto tez uchup jatat, emne kilip kundun otkonun bilbey kalyp jatam, birok buga da Kudayima min mertebe shugur, bosh jurgon jokmun, kichine bolso da elge kyzmat kilip jatabyz...Buyursa uwunday temte ulana bersin!
Mekenim - Kyrgyzstan!
#1176 02 October 2011 - 12:21
Рахмат, сага! Чоң рахмат!
Шашылып чуркайм. Эстеп отурсам, экөөбүздүн курбу болуп жүргөнүбүзгө он жылдай болуптур. Жаңы таанышканыбызда сенин ушунчалык оптимист адам экениңе таң калгамын. Он биринчи классты аяктап, баягы күндө жолугуп, кун сайын чогуу болуу сааттар соңуна чыкканын билгенде,сендей досторумдун көп болушун кааладым. Бирок мына баары бир сен жалгыз бойдон калдың. Мен буга кубанычтамын. Анткени ошол жалгыз адам дагы көбүндө таптакыр жок болсо керек. Кийин тапкан көптөгөн досторумдун арасынан кээ бирлери мени жалгыз жакын досум деп билишет. Мен бирок анте албадым.
Бир гана сага ачыла алам. Баарын төкпөй чачпай айтып бере алам. Сени менен сүйлөшкөндө "керемет жашоонун" азырынча жомок гана экенин мойнума алам. Дайыма айта бересиң "качан чоңоесуң?" , "убакыт карап отурбайт" , "чогуу бактылуу бололу" дейсиң. А мен чайналган кассетадай "бир аз... дагы бир эки жыл... азыр мен даяр эмесмин" деп кутулам. "Окудуң, иштеп жатасың, сага дагы эмне керек?" деген жоопсуз суроолорду жаадырганда, "билбейм. .." деп гана шашылам. Балким чындап эле убакыт жеткендир. Көз жумуп башка жашоо баштоо зарылдыр. Билбейм. Чын, менде андай муктаждык пайда боло элек. Же кийин кеч болуп калабы? Баары окшош суроону кайталаганда, мен аргасыз ойлорго жетеленем. Азырынча каалабайм, даяр эмесмин, чын айтам деген сөздөрүм барган сайын негиздүүлүгүн жоготуп барат.
Байкатпай... атайын... кызыңды мага жакындатып көрүү менен сынайын дейсиң... Мен ал жөжөнү ушунчалык жакшы көрөм... жаш балдар периштедей эмеспи... мага ого бетер ынтылат... чоң дүкөндүн ичинде чогуу жүрдүк... демейде мен улуу катары аны колунан жетелешим керек эмеспи? жок... ал мени колумдан кармап, таттуулар сатылган бөлүккө чуркадык... мен туш келди ар таттууну кармалай, жөжөгө көрсөтө бердим... бажырайган көздөрүнөн ал дагы эмес, бул дагы эмес экенин түшүнүп жаттым... бир мезгилде бир текчеге токтоду да, быйтыйган колдору менен момпосуйдун баштыгын алды... өзүмдү алсыз сезип кеттим... жашоомдун ушул моментте боткого айланганын түшүндүм... мен эмнеге токтолорумду аңдай элекмин... жөжөчө да жокмун... мага эмне жагарын билбейм... кассага жакындадык. .. төлөдүк... ачып бер деди... анан ичинен бирөөнү алып чыгып, прям оозума салып берди... анан мени кайрадан колуман кармап, эшикти көздөй жөнөдү... бир гана жөжө түшүндү... мен дале чоңое элекмин...

#1177 04 October 2011 - 12:33
Мага эмне дегим келди. Бирок баары бир намыс деген бар да, тобо. Анда жок окшойт. Ыйламсырап,
жардам сурап, кенеш сурап эле журо турган бир группалашым бар. Ото эле ашыкча боор ооруй берген адатымды эч таштай албай койдум. Ошол боорукердигимди билеби билбейм, менин эле мээмди жей берет да, кой эми ушуга бир жакшы соз айтып конулун которуп коеюн дечумун. Бугун чалып кыйраткан окуясын айтат. Ага жакса мага жакпады, окуясы. Мен омурумдо андайга кабылган эмесмин, ылайым кабылбай эле коеюн. Менде бир гана ой пайда болду, болду, боор ачыба деген. Мен андай адамдардан алыс качам, жиниме тийип дос деп алганычы. Суранам ушул созду сен айтпай эле койсон болмок. Менин атымды дагы кимдерге сатып досум деп ыплас иштерине аралыштырып жургонунду бир озун билбесен мен биле албайт экем. Иий бетим, ыззззз азыр да мактанганынды,
кечээки абалынды айтканынды эстесем жийиркенип кетип жатам. Сендей группалаштын барынан жогу, чын. Балким сага ал нерсе оор деле эмес, конумуш адатка айлангандыр,
бирок мен учун сенин кылыгынды кубаттоо жокко эсе. Кой, кокуй, дагы жакшы бир шаарда жашабайбыз.
Жо-жоок, айланайын аман эле бол...
салгым келди.
#1178 05 October 2011 - 04:43
Жамгырды аябай сагындым.....
эмнегедир жаан жаганда озумду жакшы сезем.........
Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#1179 05 October 2011 - 12:32
Кайрадан баш бактым сага монолог... билбейм негедир жан дуйномду боштук ээлей баштады... жашоодогу кубанычтарым тугонгондой.
.. алыстарга кетким келчу... темене болгум келчу...азыр эчтеме каалабайм...
каалайм...бирок.
.. неде себеби? чечкинсизминби?
миллиарддаган адамдардай эле кун кечирип келем...тан калаарлык...
неге жашоону аз жаратты экен Жараткан...
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1180 05 October 2011 - 13:24
Озумду начар сезип жатам. Озум уй булоолу болгонума 4 жыл болуп калды. Бир кызым бар. Эмнегедир акыркы кундору омурлук жолдошума болгон сезимдерип очуп бараткансыды.
Ушундай кундордун биринде офисимдин мандайында иштеген башка улуттагы жигитке конулум тушту. Башында жон эле достошкум келди. Коп отпой аны менен фейсбуктан таанышып, суйлошо баштадык. Экообуздун суйлогон создорубуз,
ойлорубуз, жашоого болгон коз караштарыбыз коендой окшош экен. Бара бара экообуз жакшы достошуп кеттик, андан ары ага сезимдер пайда болуп баштады. Ал менин уй булоолу экенимди башынан эле билчу. Болгон проблемаларымды ага айтчумун. Дайым мени кубаттап, кенеш берип турчу. Ар бир мунот сайын коз алдыман анын элеси кетпейт. Ошол гана бала жоундо ойлоно бердим. Жакында ага болгон сезимдеримди айттым. Чыдай албай калганда айттым. Ичимдеги болгон сезимдерим менен алпурушуп курошуп жаттым. Акыры чыдабай айттым, ачыкка чыгардым сезимдеримди.
Ал мага эч нерсе айта албады... Албетте эч нерсе айта албайт... Эмне дейт? Азыр менин абалым начар,жогоруда бироо жазгандай актриса болуп журом азыр. Уйдо жолдошумдун жанында роль ойнойм... Жолдошум эч нерсени билбейт. аны аяйм, кызымды аяйм. Тигил жигитти унутууну ойлойм, тырышам, бирок эч майнап чыкпай жатат. Ал мурда мени менен абдан жакшы суйлошчу, суййймду билдирген сон менден алыстагандан алыстап кетип бара жатат... Эмне кылам? Кантип аны унутуп, жолдошума болгон сезимдеримди кайра башынан ойготом? Же ушу менен жашоомдун акырына чейин жашаймынбы?
Мага жардам бергилечи?

Супер-Инфо
super.kg
видео