Суперстан: Монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...

#1241 Пользователь офлайн   Merischka   17 Ноябрь 2011 - 21:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

butpogon kyjmyldyk...bekem zhapkan terezemenda uunalardyn unu tyjylbaj ugulup kelet...zhok degende dem alsyh kunu tyjylyp kalsa bolbojbu!!! Chimirilgen dongoloktor, kocho poezdinin kychyr kychyr dep zhurup baratkany...zhana unsuz adamdardyn tez tez baskan kadamdary...Keede terezeden karap , karap menin zhan dujnomdo ubakyt toktop kalgandaj sezilet...bir gana kozdorum kyjmyldykka kubo...
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1242 Пользователь офлайн   Leanor   18 Ноябрь 2011 - 01:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

Жан-дуйномдо уйгу-туйгу,эмнегедир ыза,бук болуп турам.Бир нерсе жетишпегенсийт, сыгылам,бирок озум да билбейм,эмнени каалап жатканымды. Жай мезгили,эрте мененки кундун кылтыйышы,жапжашыл токой,сайраган булбул,коптогон гулдордун арасы,дарактарда тыйын чычкан,апакай коенектер,колумда сонун,кызыктуу журнал,а мен гамакта плед жамынып жатсам,очурулгон телефон-жан дуйном ушуларды энсеп турат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1243 Пользователь офлайн   akusya   18 Ноябрь 2011 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Сүрөтуфффффффффф ..... Эмне эле болуп журом журогум уйгу туйгу, эч ким мени жактырбай, эч ким мени тенине албай жаткансып жатам гооо...... Мени мынча кыйнап жатасынар, аа а.................барган сайын эле озумчо сезимтаал анан аябай эмоцияга алдырган алсыз сезип баратам гоо......

Эх мен жакшы кызмын мен кучтуумун мен баардык нерсеге оз кучум менен жана болуп жаткан ар бир тоскоолдукту, суноолорду жалгыз чечишим, отушум, жооп беришим керекСүрөт........ ..А сен кубат бер .......
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1244 Пользователь офлайн   akusya   19 Ноябрь 2011 - 11:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Сүрөт жашоо ушул экен да ээ бугун бар эртен жоксун акырын эле алып аласын озундун жанына......... Он гулунун бири эми ачылып жатты эле гооо.... Бир туугандарынан да озгочо жан эле гооо...... Эх жакшы адам жаратканга керек экен де чон энемдер да айтып калчы эле, ошол себептен эрте кетет анын жанына деп ...... ушул чынбы ыя ..Сүрөтанда жаман эле адам болсунчу, баары дайыма жаныбызда болсунчу.... Жинин келип жатса керек бала кыялын менен сенин деп оа тушуном бирок жаш гооооСүрөтэрте алып кетип калбадынбы жанынаааааааааа ошого капамын 10-ноябрь туну уктум жаман кабарды ошодон бери осумо келе албай журом го журогум уйгу туйгу менен анан дагы эмне мынча эрте алып кетти деген кыйрык менен толуп сыгылып бутту гооооооооооооооСүрөт
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1245 Пользователь офлайн   andormeda   21 Ноябрь 2011 - 13:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Жанагы бар го, сулуу, жылдыздуу, акылдуу кыргыз кыздарычы (мага окшогончу :crazy-girl: )...Ошолорду не жер жутуп кетти беле? Шагырап эле жүрүшөт го, четинен "мени ал" деп. Токтой турган жериң, тандооң ушул болсо, сенден биротоло түңүлдүм. бир кезекте кыргызы чалып алып эзсе, эми кореянкаң мээмди тоңкойтот турбайбы. :blink:
Сезбей элесиң да, менин кандай грандиозный пландарым бар экенин. Билбей эле кое тур, бирок мен муну жөн эле калтырып койбойм. Сөзсүз, бүгүн болбосо да, эртеңки күнү менин колум коюлган СҮЙРҮПРААААЙЗ аласың :crazy-girl:
Шашпа коёнегим, шашпааа!

Билдирүүнү түзөткөн: andormeda: 21 Ноябрь 2011 - 13:07

˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1246 Пользователь офлайн   Aslana   22 Ноябрь 2011 - 11:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 04 Июнь 09
  • Соңку аракети: 21 Окт 2013 09:37
  • Жынысы:Аялзаты

Кыш койсо кыш коюп, аш койсо аш койгон адатындан арыла албадын сен да мен да. Кыш койсон аш коеюн эле дейм бирок мен деле кыш койгум келип кыжырданып туруп алам. Узун узак жол бастык, чарчадык, арыдык, бирок карый элекпиз, конул кала элек болчу. Жоо жомок болуп кетпесин деп аракет кылдым, майнап чыкпады. Ошентип, табышмак, жанылмачтын да тугончу туру бар экен. Жомоктун да бутчу куну келип калган турбайбы, бутурдук. Табышмактын жандырмагын жалгыз таба берип жаным кашайган экен. А сен болсо жанылмачты айталбай, кайталоодон тилин сынып, унун буулуккан бойдон "кала бердин танк алдында тепселип! ". Бутту, жомок аяктады, адабият сабагы эми кирбейт. Андагы ар турдуу жанрлар (лирикалык, эпикалык, драмалык)кайталанып окутулбайт! !! :макоо:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1247 Пользователь офлайн   Calipso   22 Ноябрь 2011 - 15:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 17 Март 11
  • Соңку аракети: 24 Июл 2017 11:16
  • Жынысы:Аялзаты

Такыр суйлобоймунбу? Суйлойм эле...жон гана сен менин суйлогон создорумду туура тушунчу адам эмессин. Менин создорумду, кулкумду, ар бир кыймыл-аракетимди, коз карашымды чып-чыргасын кое бербей тушунчу адам алыста... Эмнеге бугун айттым? Анткени жамгыр дайым бутуп бара жаткан жарамды ачып жиберет. Буулугуп кимге айтаарымды билбей кеттим. Сыртымдан жылмайып куло берем билем...конул бурба ал жон эле бир адат. Жаманбы,жакшыбы билбейм иши кылып бир адат. Козум токтоп, жузумдо жинди болгон неменикиндей жылмаюу пайда болгондо, билип жур ал убакта мен сенин жанында эмесмин. Мен ал убактарда куру,кайтпас кыялдарым менен жетелеше, акыры мени алып тынчу тунгуюка кетип бара жаткан болом. Эмнеге жакшы элемин деп жооп бердим? Андай эмес десем бир нерсе озгорот беле? Бир нерсе озгорто алчу сен эмессин...мен да эмесмин. Сенден жардам сураганым жок. Кандай келсен,ошондой бурулуп алып кетип кала бер. Ооба. Баары бир... Сен,ал,тигил, бул баары бир...баары бирдей. Мен жалгыздыкка конуп калгам. Жалгыз гана жамгыр жааганда озумо батпай, суйлобой койчу создорду суйлоп алам...

Билдирүүнү түзөткөн: Calipso: 23 Ноябрь 2011 - 10:33



-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1248 Пользователь офлайн   Janayim   23 Ноябрь 2011 - 13:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 25 Март 10
  • Соңку аракети: 13 Янв 2014 09:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эзилип кеттим, кечоо жаап...бугун ээриген кардай эзилдим... Сени эстедим...жон эле. Туулган кунун да эмес,бул дуйнодон отуп кеткен кунун да эмес бугун... Жон эле бук болуп ар турлуу ой башыма кире берчу болду. Эстегиле бирок ыйлабагыла! дешкен эле... Ал маалда эсиме келе албай,ыйдан опком кооп турган маал эле, конулумо деле алган эмесмин. Азыр болсо эч ким сен жонундо суйлобойт. "Уй-булодо соз кылынбасын! " деп ооз эки кабыл алынган мыйзам бар... Мыйзамдарга баш ийбейм да. Ыйладым...ботодой боздоп,жаны гана "ал эми жок" деген кабарды уккандай ыйладым...сагындым анткени. :(
Кимге муктаж болсом, ошолор үчүн жашайм...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1249 Пользователь офлайн   ona   23 Ноябрь 2011 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Кайрадан кыш... конумуш адатка салып дагы да жазды кутуудон тажабайм...Жашоонун манызы ушулбу же... тим гана жашайынчы деп коем... баарын конгон цифралар дуйносуно салып Cash flow тузуп койгонум качан... тим гана ошол пландын алкагында иш кыла беруум керек...Баары болот, баары мен ойлогондой болот... Бирок... бул канчалык туура же натуура айта албайм...Нени каалап жатканымды сурайм озумон... кайра эле кош конул жооп алам... ошентип омур уланууда...
Аттин дейм, ушул "право выбора" болгонуна кээде... жанылып кылт этсен бутчудой сезилет баары...кээде ойлонуп алдыда коп жол бар экенине, дагы бирдемелердин кылып жетишеериме ынанчу элем...Эми ошол чечуучу мезгил... эки айрылыш жолдогудай. ..кайда багыт алсан ошого жараша уланат баары... "Атын да,озун да олбогондой" эле жол дечи, тигиндейи да мындайы да... кетенчиктеп эле тура бергенин, ары бери откондорду карап да болбой турган иш болуп жатат...Баары убактылуу,андыктан шашылуум керек...Ийгиликтер. ..


"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1250 Пользователь офлайн   solnyshko   23 Ноябрь 2011 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Эххх ошол 1 июньду эстесем.....аттин ай билсем акыркы жолу көрүп.акыркы жолу кучактап,акыркы жолу өөп атканымды... .анда эч жакка ,эч качан кетпей...бар жокту таштап,сенин жанында калмакмын... Жоготом деп эч качан ойлогон эмесмин...өмүр бою менин жанымда...мени эркелетип: "Менин кара кызым"деп. ..бешенемен өөп,эч качан мага жаман сөз тийгизбей жанымда болот деп ойлогом....өткөн күндөрдү эстесем,менин жанымда болгонуңда аябай бактылуу жан экен элем...Кышында "кызым муздак сууга бетин жуубасын,үшүбөсүн" деп,таң эрте туруп,суу жылытып,андан кийин тамакты ысытып,ысык чай коюп,анан мени ойготчусуң. .. жада калса,өтүгүмдү печканын түбуно коюп койчусун,түнү менен эшикте калып,муздап калыптыр,кийип атканда бутуң үшүбөсүн деп..Азыр анткен адам жок!Күндө эле,кыштын ысык суугун билбей...эртен менен туруп бетимди жууп атканда,сени эстейм,суу менен кошо,жаш төгөм.Күлгөнүңду, кылыктарыңды эстеп,ичимен күйүп-күйүп кетем,жүрөгүм ооруп,сыздап: Эмнеге мынча Кудайга керек болдун?Кайсы кылган күнөөң үчүн?Бир адамга каттуу сүйлөбөйт элең...Кээде жайдын күнүндө эшикте отуруп,асманды карап:"Мен кеттим жылдыздардын арасына,сен калдын турмуштун балээсине "деп ,айтып калчусуң, ошол кезде ошол сөздүн маанисин,билчу белең?өзүң айткандай кете бердиң,жылдыздардын арасына....а биз кала бердик,аркаңдан сыздап....эч жаным тынчый албай,мен дагы аркандан алыскы,кайра кайтып келбес сапарга ,жылдыздардын арасына кетип калгым келет...Балдарындын жакшылыгын көрбөй жапжаш бойдон кете бердиң....мен турмушка чыгып атканда,ким менин бешенемен өбүп:"Кызым бактылуу бол"деп айтат....Сен тирүү кезде көчөдөн таяк,кармап бараткан карыган аксакал кишилерди көргөндө мен ойлочумун сени да ошолорго окшоп картайып,аксакал болот деп...азыр да ошол аксакалдарды көргөндө жаман болуп кетем,көзүмө жаш тегеренип,аркасынан карап ,жалдырап калам,сен да ошондой болуп карысаң эмне?тилекке каршы жашоодо биз ойлогондой боло бербейт экен....кеттиң таштап бизди...айла жок,жашап келем....апам үчүн ,бир тууганым үчүн..канчалык сени сагынганымды билдин бекен?Кээде кечинде уйкуга батып баратканда, Жараткандан жалдырап,жалбарып, суранып жатам,түшүмө сени кирсин деп....бирок негедир кирбейсиң,же кыжалаат кылгын келбейби?Канчалык сени сагынганымды билдиң бекен?жашоомдо бар жогумду бермекмин,сени бир көрүп ,кучактап,жытыңдан жытташ үчүн,жада калса,өз бактымдан да кечмекмин... .Бирок бул эч качан болбойт....мен жөн гана,ичимден сыздап,эзилип, жаш төгүп,жанымды коерго жер таппай,өмүрүм өткөнчө АТА мээримине зар болуп,жашап келе берем....Атаке сагындым сени...

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 23 Ноябрь 2011 - 18:11

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1251 Пользователь офлайн   Rabiga   23 Ноябрь 2011 - 19:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 07 Январь 09
  • Соңку аракети: 17 Фев 2020 12:55

Джаны- ы-ым, сени канчалык жакшы көрүп, сөздөрүңө ичим жылып, ээрип турсам да "мен сени сүйөм" деп айта албайм!! ! Сүйөм, сүйөм, бирок ичимден! Сыртыман сага угузуп айтсам бул сезимдин, сөздүн баркы жоголуп кетчүдөй туюлат, андыктан "Сүйөм" деп айтчы деп суранбачы, джаным, суранбачы, суранам сенден! Буга чейин сурабачу элең, бүгүн өзгөчө сурадың?! Мүмкүн ортобуздагы аралык, сагыныч, кусалык буга алып баргандыр... Неси болсо да буга таарынбачы! !! Баары бир сени сүйөм да, муну менин сага кылган мамилемден, смстен, анан сени караганда башкача жанып күйгөн көздөн көрсөң болот го!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1252 Пользователь офлайн   urmatto   24 Ноябрь 2011 - 03:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 09 Июнь 11
  • Соңку аракети: 19 Янв 2021 00:38
  • Жынысы:Эркек

Эхх бул жерге кирбегениме да көп болуп кетиптир,жана айтатко:башы оорубагандын кудай менен иши жок деп,аны сыңарындай мен да бул жерди унутуп калбадым беле.Эми мынантип тынч жашоом бузулуп ичим уйгу туйгу болуп жаткан кербези.Ооба балалыкта сүѝгөмүн,бирок ал кездер артта калып баары унутулду деп ойлогом.
Мына сага тагдырдын тамашасы,экинин атасы болгондо унутулган сүѝүүм жолугуп,менин жашоомдо өзгөрүү башталды.Туура мен сени издегемин,бирок сен да мени издеп жүргөнүңдү мен кайдан билди дейсиң.Ошол таза балалык сезимдерди, төҝпөѝ-чачпай жүрөгүңө сактап жүргөнүңдү билбептирмин. Билсем сенин жана өзүмдүн жашоомо бүлүк салып издемек эмесмин.Кечир мен акмакты.
Ушундай нерсени китептен окуп,же кинодон кана көргөн элем.Өзүмдүн башыма келет деп үч уктасам түшүмө ҝирген эмес.Мен күндөн күнгө эзилип,эки жүрөҝтүн ортосунда калдым.Бул жагымды карап жубайымды,балдарымды кече албайм.Ары жагымды карап сени кече албайм,эмне кылаарымды билбей калдым.Оо аллах кечир күнөөкөр пендеңди.....
Не бойтесь того, что ваша жизнь должна окончиться, бойтесь того, что она так и не начнется.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1253 Пользователь офлайн   Romantic   24 Ноябрь 2011 - 03:47

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Ertereek jai mezgili kelse bolot ele...Tajadym sensiz... Juzuno zar bolot dege uwu turbaiby(( Emi kelsen janyman jarym karyw 4ygrbaim buiursa... Bilem, sen da al jakta jalgyzdyk maidanynda kusalyk,sagyny4 menen kurowup jatkanyndy...Ooba janym, menin da senin janynda bolgongo eki kozum tort... Mintip kyinalaarymdy bilgende ketirbei alyp kalat elemda...

Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 24 Ноябрь 2011 - 03:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1254 Пользователь офлайн   zaki   25 Ноябрь 2011 - 09:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 164
  • Катталган: 24 Май 10
  • Соңку аракети: 25 Апр 2013 05:28
  • Жынысы:Эркек

"Эрегиштен эр өлөт" дейт. А мен эр өлгөндөн кырылып калсын - баары бир эрегишем. Чөкпөйм, көппөйм. Сынбайм, сындырбайм дагы. Мүнкүрөбөйм. Болгону, мен орусча айтканда "убиваю добротой" . Ушундай мага жарашат. Башкача эч качан болбойт!
Жөн эле келип дүйнөгө
Жөн эле өтүп кетпейли..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1255 Пользователь офлайн   Elika   25 Ноябрь 2011 - 10:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 19 Дек 2021 14:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз Жери.

Кечир алтыным!Дагы эле сени алтыным деп суйлой берем,сени унута албай кыйналып кеттим. Ал убакта сенин кадырынды билбедим,ак суйуунду сезбедим.Жаштыгыма чиренип тагдырымдын кайда бурулуп кетээрин билбей жургон экенмин.Сен менин биринчи жана туболук суйуум экенинди эми сездим.Ооба алтыным мен баарына куноолуумун, кечир мени.Сагындым, сени коруп ичимдеги болгон арыз-мунумду айтып,сага эркелеп отурсам деймин.Бирок барыбир издеп таап,сени корсом деген умутум бар!

Билдирүүнү түзөткөн: Elika: 25 Ноябрь 2011 - 10:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1256 Пользователь офлайн   solnyshko   25 Ноябрь 2011 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Сени жоготкондон бери туура 1 жыл,5 ай жашап келатабыз... .Ушул убакыттын ичинде,канча жолу Жаратканга нараазы болуп:Эмнеге мынча таш боорсуң?Менин Атакемден башка адам көзүңө көрүнбөдүбү? деп нараазы болдум..Баарынан да ичим ачышканы..сен жашоодон акыркы үзүлүп аткан минуталарда, жанында бир жакын адамың жок,жалдырап кете бердиң...же өзүңдүн өмүрүңдөн да артык көргөн кыздарынды, неберелеринди, 30 жыл сени менен кайгы-кубанычта чогуу жашаган жарыңды да көрбөй кете бердиң....Балким бизге айта турган сөзүң бар беле?арманың, акыл насаатың бар беле?Эмнеге мынча бизди сыздаттын?Муздак жерге барып жатып алдын...эч нерседен кабарын жок...эхххх Атаке,мынча Кудайга керек болдун экен?Сени алып чыгып кетип аткан күндү эстесем....10 июнь эле....эч качан унутпайм ал күнду...өмүр бою ....сени алып баратканда. ....болгон күчүм,ыйым менен "Атаке" деп кыйкырдым... .кишилердин аркасынан чуркадым...токтотуп калышты...өзүмдү жоготтум,андан аркысы эсимде жок! Эртеси күнү "жайыңа" бардык....сен жаткан жерди казып,сени каттуу-каттуу кучактап,сени менен кошо жаныңа жатып алгым келди....көзүмдөн жашым тегеренип,ыйлап баштасам,урушуп коюшту"ыйлаба, жаны кыйналат" деп....сени кыйналбасын деп...өзүмду токтотуп калдым...,сени аябай каттуу сагынып калган экенмин...топурагындан кичине алып,уйгө барып,сууга аралаштырып ичип алдым....Кийин үйгө кирип,кийимдеринди бүктөп атып,кийимдеринди жыттап,сүрөтүңдү кайра-кайра карап өптүм....үч уктасам да түшүмө кирген эмес,ушинтип, жытына зар болуп....караанына зар болуп калам деп....Оштогу үйгө баргым келбейт,барсам эле,сен үйдон чыгып мени тосуп алчудайсын. ..сени эстеп эле эзиле берем.....өңгөчө сен өз колуң менен эккен эшиктин алдында өсуп турган гүлдөрду көрүп....Эсимде бир жолу бир кызыл гүлду жулуп ыргытып ийсем,көрүп алып,мени урушкансың: "Ал гүл сага эмне кылды?кайра ордуна отургузуп кой"деп... .азыр дагы деле бар ал гүлдөр....бул жылы да өзүнчө өсүп чыкты....Сени сагындым Атаке...Акыркы жолу Ошко барганда..." өрүк жегим келатат" десем...ооруп, аксаңдап жүргөн бутуң менен,даракка асылып,өрүк үзүп бергенсиң... .кийин кетип атып...эшикти ачып эле"Папа мен кеттим,жакшы калыныз"деп эшикти жаап кетсем,аркамдан чыгып...аксаңдап, ,мени өөп,кучактап. ..."Эмне атан менен коштошпой кетип атасын"деп. ...мени узаткансын. ....эххххх ошол күну сени акыркы жолу көрүп атканымды сезбеген экенмин....Атаке сагындым сени.....Келип турам бул жакка...сага жашоомдо эмне болуп атканын айтып турам.....

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 25 Ноябрь 2011 - 19:51

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1257 Пользователь офлайн   solnyshko   25 Ноябрь 2011 - 21:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Атаке мен дагы келдим, чыдабай....сени менен суйлөшкум келди....негедир журөгум ооруп,ыйлагым келип,көңүлүм аябай ооруду...кайсы бир куну ,жумуштан чыгып баратып ,сага окшош бир кишини көруп,кечке тиктеп кайра-кайра карадым...бою дагы...өзү дагы,сага окшош экен...көзүчү? сеникине окшош бакырайган. ...негедир сени көргөндөй болуп карай бердим....ал мени көрүп тан калса керек,тиги кыз эмне эле мени карап атат деп....ал остановкадан тушуп калгыча карадым жалдырап,көзүмөн жаш тегеренип,жанына барып кучактап алгым келди...уйгө келгиче сени ойлоп келдим... Билесиңби,канчалык каттуу сени сагынганымды. ..Бул дуйнөдө жок экенине таптакыр ишенбейм...Мен учун сен алыыыс бир жакта жургөндөйсүң. ..Оюмда сени бир куну Жарк этип эшиктен кирип келет деп кутөм....издейм ....көзүмө жок дегенде арбагың көрүнсө экен деп тилейм....өзүмдү сооротом,арбагыңды көрсөм дагы коркпойм...коркуп сени качырып ийбейин деп...азыр дагы отурам....сени ойлоп......эхххххх ....бир жолу бутуң аябай ооруп,ыйлаганың эсиңдеби?түнү менен уктабай чыккансың... мен кирип барсам эле бутуңду каттуу кармап алып Кудайдан:" эмнеге мынча таш боорсуң?эмнеге мынча кыйнайсың?мындай оору берип кыйнагандан көрө,мени алып кет жаныңа "деп суранып жаткансың... ошол сөзүң мага канчалык каттуу тийсе дагы...сыртымдан билдирбей... .сага дары алып келип берип,жүрөгүм ооруп,чыдабай, акырын сен жаткан бөлмөнүн эшигин жаап чыгып кеткенмин... ордума барып жатып....сени ойлоп эч уктай албай койдум....анан акырын сен жаткан бөлмөгө баш бактым....бутуңду кармаган бойдон уктап калыптырсың. ...жаш баладай көзүңдүн тегерегинде жаштар уюп калыптыр....сени бир топ убакыт "дем алып атабы?"деп карап турдум....дем алып аттың...билбейм эмнеге мага ошол кезде мындай ой келди...кайра чыгып кеттим,эртеси күну туруп эле,сени издедим...эшикте отурдуң,асманды карап....менин турганымды байкаган да жоксуң....азыр ойлоп көрсөм..ооруңа чыдабай...сен өзүң Кудайдан суранып эле,жанына кетип калдың окшойт...бизди ойлогон жоксуң....ишенбейм сенин жок экениңе....ичим күйүп кетет.....кандайдыр бир нерсе ичимден чыгып,ачышып. ...журөгүм каттуу согуп....кыйналып кетем....эхххх алтыным Атам.....өзүң айтмакчы:" я единственный экземпляр" деп...сендей адам бул жашоодо жок эле...аябай ак көңүл,боорукер, бирөөгө каттуу суйлөбөгөн жумшак адам элең...өмүрүң өткөнчө менин кыздарым ,балдарым деп жашадын...дагы деле тушунбойм,эмнеге мынча Кудайга керек болдун экен???азыр уйкуга кетем.....уктаардын алдында Кудайдан дагы суранып жатам....сени жок дегенде түшүмдө көрөйүн,каттуу кучактап,сагынычымды жазып алайын... деп....менин тушүмдө көрүшкөнчө Атаке....

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 25 Ноябрь 2011 - 21:45

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1258 Пользователь офлайн   aibek_kyrgyz   25 Ноябрь 2011 - 23:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 22 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2012 22:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Эхх бул жака журок сырын жазат турбайбы. Менда азыраак жазып кетейин. Анда мен 11-класста окучумун, досумдун тамашасынын айынан 9-класс кыз менен журуп калдым, албетте кандайча деген суроо берилет.
Чогу окуган дос балам менен ал кыз телефондо дос катары суйлошчу экен, бир куну ал кызга менин атымды айтып жакшы коруп калыптыр деп айтып коюптур. Эртеси мага айтат, мени калпычы кылбай журуп алчы деп, мен ага сорго макул болгом. Ошентип досумдун тамашасынан ал кыз менен 2 ай суйлошкондо эле таштап кетти, менин ийиий жиним ошондо, суйуу пуйуу болбогон бир жомоктой сезилген. Билбейм мен учун ал кундор кызык эле болуп ото берген, озумо кулкум келет. Ошентип мени ушул убакытка чейин 2 суйгонум тен таштап кетти сволучтар:-):)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1259 Пользователь офлайн   Камал   27 Ноябрь 2011 - 21:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 04 Февраль 11
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ар дайым оорусам мамамды эстейм, айланчыктам тегеренип кордо жасап берчу эле, туну менен жаным кыйналып катуу оорудум, аран жеттим аптекага, ушунчалык ооруганды жаман кором. Бат айыгып кетсем экен, жыл сайын грипп болчу элем кышында бул жылы болсо кашайып эрте келип алыптыр.

Карындашымдын башка жака кетеерин угуп алып капамын, кетпей эле менин жанымда болсо журогум ток болоор эле го, суйлошуп жатып кетпей эле кой деп айтканга духум жетпей койду... эми болсо мен да ал жакка кетиштин айласын издеп журом, билем озумду алыс болсо чыдай албайм


Жизнь не остановилась, все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1260 Пользователь офлайн   admin_superstan   29 Ноябрь 2011 - 13:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

akusya ,

Сизге эскертүү!

Бул бөлүмдөгү билдирүүлөргө комментарий жазууга болбойт. Дагы бир жолу кайталанса жаза берүүгө мажбур болобуз.











  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Авг 2025 08:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: