Жаттаган билетим келсин,омииин!
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#13882 25 June 2016 - 14:12
Эй арсыз журогум менин, антип ооруп коркутканынды койгунун, биздин кооп кооп бутпогон ишибиз бар. Азр кетууго болбойт бизге, доктор агаларга барганга да болбойт, ошондуктан чыда, кучтуу бол, билем кыйын бирок мага жардам бер чыда, аракет кыл, жок дегенде аны дагы бир ирет короюн, дагын бир ирет жытын жыттаганга,
колунан кармап жылуулугун сезгенге мумкундук бер, анан мейли эркине коем, озун бил.
#13883 25 June 2016 - 14:42
Бакытка балкып турган чагым. Кудайым ушул бакытын көп көрбөсүн, түбөлүктүү болсун! Тили буудай куруган кызым, төрт тиши гана көрүнгөн уулумдун кылыктарыны көрүп териме батпай кубанып, өмүрүн, ден соолугун гана тилеп жүрөм. Балдарымдын атасы жакшы эле көрөм, жакшы эле көрөм өзүңдү.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#13884 25 June 2016 - 14:44
Журогум менен сыймыктанам.
... уурдалды.....
куйду... жараланды...
бирок дагы деле иштеп жатат.....
#13885 25 June 2016 - 21:12
Эмне кылышты билбей отурам.Не кылсам экен? Оорунду колдон,женилинди жерден алган сайын ,баардык маселени мага жуктогонун тажатып жиберди......Эч нерсе билбеген адамга окшоп эс алууга кетип калсам бекен?
#13886 25 June 2016 - 21:56
Кана, эркек! намыс болсо өзүңдө,
Көңүл буруп түшүнөрсүң сөзүмө.
“Алдап койдум тигил кызды”-, дебечи
Карындашың, эжең бар го өзүңдө.
Азыр заман наалат болуп турабы,
Бузулду деп айтат балдар кыздарды.
Аны бузган, акыл айтпай алдашкан,
Алар кимдер?Ошол эле балдарбы?
Ойлоп көрчү кенен ойго токтолуп,
Кетпейбизби эртең кыргыз жок болуп.
Карындашың, эжең сага ким болот?
Каалайсыңбы жүргөндүгүн кордолуп.
Жок! Акмаксың! Далай кызды алдайсың,
Кечиргин деп айдап жолго саласың.
Анан эртең үйлөнөм деп кыз издеп,
“Таза кыз жок, ишенбейм”-деп айтасың.
#13887 25 June 2016 - 22:19
Ооба Маркс, Эркектерде куноонун баары. Мыноол кызды мынттим деп мактанганына олосунбу. Ээх таразасыз жалган жашоо.
#13888 25 June 2016 - 22:35
Жон гана дуйнодогу эн бактылуу адам болгум келди. Ансыз да бактылуумун,
бирок ошол бакытты татыктуу сезе билгим келет.
Аз калды буйруса аз кундо, кокуроктогу тушунуксуз сезимдерди ойлоого да убакыт жок калат. Мына ошондо чыныгы бактылуу мен болом.
Аз калды буйруса аз кундо, кокуроктогу тушунуксуз сезимдерди ойлоого да убакыт жок калат. Мына ошондо чыныгы бактылуу мен болом.
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#13889 25 June 2016 - 23:06
Боштук...
Ушинтип ары же бери боло албаган ситуация.
Ушинтип ары же бери боло албаган ситуация.
Слова - еще не дело
Ф. М.Достоевский
Ф. М.Достоевский
#13892 26 June 2016 - 00:15
Тутун жыттанган абадан тажадым. Ээх, Кыргызстаным,
жузумдун тубундо жылдыздарды карап ааламды ойлонуп жаткан кундор кандай керемет эле. Алтын тактага жатсамда Кыргызстанымдын ачык асманына тен корбодум сени Финляндия, Швеция. Бирок жашоо керемет Ата эне бир туугандарым гана жетишбейт.
#13894 26 June 2016 - 01:37
Кичинекейим менин. Сени канчалык сагынганыбызды билесинби? Аз эле калды, тез кундо дагы бирге болобуз. Эхх, апакенин экзамендер бутор менен эле жанына учуп барабыз го жаным.
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
#13896 26 June 2016 - 08:11
Монолог монолог кайрале келдим сага темселеп
Бирок бул жолу жакшы нерсе жазайын деп атам
Кечээ бир фильм кордум, ар ким озуно тиешелуусун алат эмеспи. Мага кундолук толтурганы жакты да.Эстесем коптон бери кундолук менен сырдаша элек экенмин. Эми буйруса колдон келсе ар куну жазганы аракет кылам. Ии анан армандуу нерсе дегенди бир грамм дагы кошпойм, мурда кобунчо капаланганда жазчу экенмин. Эми жалан гана бактылуу коз ирмемдерди жазам. Кийин балдарым окуса, ии апам ушундай сонун кундорду жашаптыр дешсин да ээ. Ии бечара тигиндей болуп кыйналыптыр дебей. Коп кыялданып койдум окшойт. Монолог сага деле жалан бактылуу коз ирмемдерди алып келем макулбу, мындан ары арман сарман дегенди жашоомдон чыгарып коеюн деватам.

#13897 26 June 2016 - 09:11
Ухх иий, Кудайыма миң мерттебе шүгүр.
3 күн связь жок айылда жашап апачи болуп кетеин дедим...
3 күн связь жок айылда жашап апачи болуп кетеин дедим...
Внешность - это козырь , но не туз…
#13899 26 June 2016 - 12:13
Вирт менен реалды аралаштыргандар коп окшойт. вирт вирт боюнча эле калганын туура кором.

Супер-Инфо
super.kg
видео