Тагдыр...Ооба,
тагдыр!Бул сөздү маектешкен ондон ашык адамдын сегизинин оозунан угам.Ойлосом,
"тагдыр"
,"эптеп-септеп"
деген сөздөрдү өзгөчө көп колдонот экенмин.Адамдар өз тагдырынын жолун өздөрү куруп,кайра курган тагдырына наалат айтып кала берет тура.Кылган каталарын,жетпей калган армандарын,
туура пайдалана албай калган убакыттарын,
ооруткан миң түркүн күнөөлөрүн,
айтор,терс тарабына адам өзүн күнөөлөп,акырында оңой сөз менен "тагдыр да!"-деп кала берет тура."Тагдырына моюн сунуу"деген көрсө ушундай болот тура.Бүгүнтөдөн баштап мен үчүн "тагдыр"
жоксуң.Мурда болуп келсең болгондурсуң.
Эми эшигимди каккылоого да дареметиң жетпейт...
"Жаштын тилегенин берет"-деп апам кичинемде кулак мээмди жечү эле.Ошондо балалык кыялдарым менен көп нерсени тилептирмин.
Ал кезде "эптеп"
деген сөз,сөз куржунумда такыр эле болбосо керек.Жашың арта баштагандан кийин,жашоо бир аз татаалдашып,
убакыт менен жарыша баштаганда,
кайдан-жайдан тилиңе өзүнөн-өзү "эптеп"
деген сөз келе берет тура.Ойлоп көрсөм,"эптеп"
деп тилеген иштерим,максаттарым эптеп-септеп эле бүтүп калгандай.А аруу,таза кыялдарым,тилегенимдей орундалды.Демек,
бул эки сөзгө азыр ирээнжип,наалат айтып турам эмнегедир...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#14323 26 July 2016 - 04:31
Кээде эсиме келип каласын, андайда сагынып кетем. Бирок мен учун жок адамсын..
Salam baaryna
#14324 26 July 2016 - 06:04
Жок дегенде сени ушу дуйного алып келген энени ойлоп койбойсунбу,
жараланып буттуго журок байкуш..кандай бир м..оо болдун,бизди куйдургон,э ээ кудайым ушу балага ынсап сабыр бере корчу,..туура жол корсото кор (((((((
Эмне кылсак,айла калбай калды...
Эмне кылсак,айла калбай калды...
Сагынуу. ......
#14325 26 July 2016 - 08:23
Байкушум болбогон нерсе учун да таарынып, былтыйып суйлобойм койом.Ойлоп корсом болбогон эле нерселер.Ал болсо мен учун баардык нерсени кылат.Эми антбейм ошол адатымды акырын таштайм деп соз берем.Бешенеме бар болун♥
#14326 26 July 2016 - 09:33
Бугундон баштап форумга билдируу жазбайм, себеби менин жазгандарым кээ бир адамдарды кыжалат кылат экен, жактырбайт дагы, макул мен капа деле болбойм! Университеттин патриоттору аман болсун! Бул менин акыркы билдируум...
Бирок форумду дайым окуп турам деп соз берем! Макул анда корушкончо достор!
#14327 26 July 2016 - 10:20
Биздин уйдун ичи аябай душно. Айрыкча после обеда кирууго мумкун эмес. Терезе, эшик ачык, желдеткич иштеп турат.
Кошунанын уйуно барсан тим эле салкын... Балам уйго батпай, ыйлаганы ыйлаган. Эмне кылыш керек? Уйду кантип салкындатам? ?? Эшикте да тим эле кун кайнайт)))
Кошунанын уйуно барсан тим эле салкын... Балам уйго батпай, ыйлаганы ыйлаган. Эмне кылыш керек? Уйду кантип салкындатам? ?? Эшикте да тим эле кун кайнайт)))
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#14329 26 July 2016 - 11:51
КАЙДА БАРА ЖАТАБЫЗ???
Жоолукчан көрсө чочушту
Жоромол ойун токушту
Катынбай ачык жүргүн деп
Катындар менен согушту
Сирия десе чочушту
Себебин таппай койушту
Система менен күрөшпөй
Сакалдар менен согушту
Террорист десе коркушту
Тамырын таппай койушту
Халатта байкуш эмне айып
Хиджабтар менен согушту
Жуманын жолун тосушту
Жанарын каршы койушту
Жарандык укук тебелеп
Жарандар менен согушту
Аалымдан неге коркушту
Акылсыз закон токушту
Аалымга берип жазаны
Ак жолго бутун тосушту
Арзымат болсоң жактырды
Алкашка медал тактырды
Ак жолду элге көргөзгөн
Аалымдын оозун жаптырды
Кемчилик айтса таптырды
Кама деп сотко тапшырды
Күлдүрүп жүргөн куудулду
Коколоп оозун жаптырды
Балыгы баштан сасыды
Байышып ичин кашыды
Беришпей,кесип жөлөк пул
Бечара байкуш жашыды
Спикер жаңы шайланды
Арактар агып майланды
Арактын ээси шайланып
Баарынын башы айланды
Аалымдын оозун жаптырды
Арактын жолун ачтырды
Жоолукту зордоп чечтирип
Жылаңач жүрсө жактырды
Партия күчкө байланды
Пара алчуу жайга айланды
Марадер менен баскынчы
Депутат болуп шайланды
Канцлер келсе чочушту
Кошамат нерсе токушту
Кудайдын парзын мазактап
Көчөгө илип койушту
(Нур)
Жоолукчан көрсө чочушту
Жоромол ойун токушту
Катынбай ачык жүргүн деп
Катындар менен согушту
Сирия десе чочушту
Себебин таппай койушту
Система менен күрөшпөй
Сакалдар менен согушту
Террорист десе коркушту
Тамырын таппай койушту
Халатта байкуш эмне айып
Хиджабтар менен согушту
Жуманын жолун тосушту
Жанарын каршы койушту
Жарандык укук тебелеп
Жарандар менен согушту
Аалымдан неге коркушту
Акылсыз закон токушту
Аалымга берип жазаны
Ак жолго бутун тосушту
Арзымат болсоң жактырды
Алкашка медал тактырды
Ак жолду элге көргөзгөн
Аалымдын оозун жаптырды
Кемчилик айтса таптырды
Кама деп сотко тапшырды
Күлдүрүп жүргөн куудулду
Коколоп оозун жаптырды
Балыгы баштан сасыды
Байышып ичин кашыды
Беришпей,кесип жөлөк пул
Бечара байкуш жашыды
Спикер жаңы шайланды
Арактар агып майланды
Арактын ээси шайланып
Баарынын башы айланды
Аалымдын оозун жаптырды
Арактын жолун ачтырды
Жоолукту зордоп чечтирип
Жылаңач жүрсө жактырды
Партия күчкө байланды
Пара алчуу жайга айланды
Марадер менен баскынчы
Депутат болуп шайланды
Канцлер келсе чочушту
Кошамат нерсе токушту
Кудайдын парзын мазактап
Көчөгө илип койушту
(Нур)
[ quote][/quote]
#14330 26 July 2016 - 12:02
Ойлоно берип, тажап кеттим. Эч ким жок жакка 1-2күнгө болсо да кетип калгым келип атат))
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#14331 26 July 2016 - 12:03
Шугур кылам!
Шугур кыл алты санын аманына,
Шугур кыл бут жетишкен заманына.
Шугур кыл бир тууганын ата энене,
Шугур кыл колдоп журчу адамына.
Шугур кылам мин ирээт жаратканга,
Катарына коштун мени адамзатка.
Шугур кылам ушул кундо жургонумо,
Атам апам бир тууганым мандайымда •••
Шугур кыл алты санын аманына,
Шугур кыл бут жетишкен заманына.
Шугур кыл бир тууганын ата энене,
Шугур кыл колдоп журчу адамына.
Шугур кылам мин ирээт жаратканга,
Катарына коштун мени адамзатка.
Шугур кылам ушул кундо жургонумо,
Атам апам бир тууганым мандайымда •••
[ quote][/quote]
#14332 26 July 2016 - 14:03
Коптон коп тилеген максат ойлоруна жеткенде кандай гана бактылуу болосун адам баласы. Мен бул максатыма жетуу учун ушунча аракет кылып, мына кубанычым асман тиреп турган убагым. Бирок бул кубанычымды мага кошулуп тен болушкон адамым жок, суйунучтун кучагына алган адам жок.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#14337 27 July 2016 - 04:39
Эххх...качаааан өзүмдү бир нерсе кылып алат экенмин деп коркомда. Бирок күнөөгө батамда, өзүнө өзү кол салганды кудайым эч качан кечирбейт дагы. Бир жагы апамды аяп кетемин. Ал адам өзү топуракга жеткиче боздоп өтөтго...дейт бир келесоо!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#14338 27 July 2016 - 05:09
Мээси жок эле кыз экенсиңда өзүчү. Көп эле кыйынчылыктарды өз күчүң менен жеңип өттүң. Баарына сабыр кылдың, чыдадың, сынбадың, чыйралдың. Келечегиңе көп эле тажрыйба топтодуң. Алдыга көп пландарды койдуң. Буюруса ошол ниеттериңе жет!
Анан, анан болсо бир адамдын сасык сөздөрүнө, сен бактысызсың дегенине ушунча ойлорго батып кеттиңби! ? Ушундай кең ааламга батпай баратасыңбы? Акылы кем адамдардай болбочу! Жооо-жок эгер билсең бул ааламда эң-эң, акылдуу, бактылуу адам сенсиң, сен болосуң!
Көрөсүң баары сага суктанышат. Кайгынын артында кубаныч бар. Сенде баары жакшы болот. Кези келсе алдыңа келип кечирим сурашат. Ушунчалык сонун күндөр сени алдыда күтүп турат. Болгону бир аз сабыр кыл акылдуум менин. Аз эле күндөр калды. Ойлогон ойлоруңдун баарын аткарасың мен сага ишенем бир гана коркута көрбө. Сабыр, сабыр алтыным менин.
Анан, анан болсо бир адамдын сасык сөздөрүнө, сен бактысызсың дегенине ушунча ойлорго батып кеттиңби! ? Ушундай кең ааламга батпай баратасыңбы? Акылы кем адамдардай болбочу! Жооо-жок эгер билсең бул ааламда эң-эң, акылдуу, бактылуу адам сенсиң, сен болосуң!
Көрөсүң баары сага суктанышат. Кайгынын артында кубаныч бар. Сенде баары жакшы болот. Кези келсе алдыңа келип кечирим сурашат. Ушунчалык сонун күндөр сени алдыда күтүп турат. Болгону бир аз сабыр кыл акылдуум менин. Аз эле күндөр калды. Ойлогон ойлоруңдун баарын аткарасың мен сага ишенем бир гана коркута көрбө. Сабыр, сабыр алтыным менин.
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#14339 27 July 2016 - 10:42
kozunek., akylbekovich,
always-here, бул темада башка колдонуучунун билдирүүсүнө жооп жазууга тыюу салынат. Оозеки эскертүү.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#14340 27 July 2016 - 11:12
Мен "сени" унутушум керек. Бул жашоодон атынды да сызып салышым керек... Кетчи ары, оюмдан да, тушумдон да! Жайыма койчу! Журогум ооруп журот. Ага дабаа да жок... Эхх... Мынча алсыз болбосом....
АльхамдулиЛлях!

Супер-Инфо
super.kg
видео





















