Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1621 25 June 2012 - 15:01
күндөрүм дагы деле өтүп жатат...ыйлайм,
кайра өзүмө келем,эстебейин дейм,бирок унута албайм.Мына жакында кайра Ошко карай сапар алам...Апаке 40 күндүгүңө кетип жатам..ушунча убакыт тез өтүп кеттиби?мен дагы деле ишенбей келем.алыс бир жерде жүргөндөйсүң.
Анан отуруп,терең ойго батып,сенин көзүңдү ачпай жатып калганыңдан баштап каза болгон күнүнө чейин эстеп,бар жокту ор ордуна коюп,анан чындап эле сенин да бул дүйнөдө жок экениңди түшүнөм,түшүнбөй эле койсом жакшы болмок,кыйналам,
озүмдү да күнөөлөйм,мүмкүн сени мен жетишерлик карай албадым,жаныңда көп убакыт болбодум.:"
Кечке эле жаныңда колун кармап отура бересиңби?козун ачпайт баары бир,өзүнө келе элек,үйүңө барып эс алып кел."деп врачтар урушса,жиним келип эшикке чыгып кетип,айнектин түбүнө барып алып,сенин уктап жатканыңды карап туруп,врачтар кеткенде,айланып келип кайра жанына кирип алчумун..Күндө эртең менен туруп,сени карачумун,көзүн ачтыбы?турдубу?
деп үмүттөнүп.Бирок үмүтүм актанбайт эле Апаке.Күттүрүп жүрүп,зарыктырып бизди,өтүп кеттин."Жалгыз уулум эле бар" деп,анын көзүн карап,эркелетип,
айланып кетет элең.Билесиңби?
ал күндө келип,колуңду кармап:"Апа мен келдим,кандайсыз?
жакшы жатып турдуңузбу?
мени таанып атасызбы?көзүңүздү ачсаңыз,мени карасаңыз,мен келдим го,мени угуп жатасызбы?"
деп жалдырап кетет эле байкушум.Менден сурайт"Апа жакшы болуп кетет бекен?врачтар эмне деп атышат,кечке эле уктап жатат го,зыян эмес бекен?"деп,
мен аны алдачумун :"ой көзүн ачат жакында,мынтип уктаганы кайра жакшы экен,мээси эс алып,бизге кыжалаат болбойт,буюрса өзүнө келет,күтө туралы"деп.
Аны алдаганым үчүн озүмдү жаман көрүп кетчүмүн.Байкушум мага ишенип үйгө кетчү.Сен бизди түбөлүккө таштап кеткен күнү,ал өзү жалгыз үйдө эле,кантип ага айтарыымды билбейм,эжелериме силер чалып айткыла дейин десем,өздөрү эстери ооп жатышкан...Анан өзүмду колго алдым да чалдым :"Эмиль,Апа көзүн ачты,сени издеп жатат,тезирээк келе кал"десем сүйүнгөнүн айтпа"Чындап элеби?алдабай элесизби?эмне деп сурады мени?качан көзүн ачты?азыр эмне кылып жатат,азыр Эмиль келет деп айтыңыз,кайра уктап калбасын"
дагы көп суроолорду берди,мен үнүмдү чыгарбай ыйлап аттым,телефонду койду,бирок менин ыйлаганымды сезген жок.Келди... сени жансыз жаткан денеңди көрүп өңү кубара түштү,коркуп кеттим.Сени үзүлүп кетти деп ойлогон жок,себеби сен дем алып жаттың,ооба дем алып жаттың.Врачтар бизди коркуп кетпесин деп сага дем алдырып турган аппараты коюп коюшкан экен.Мен деле ишенген эмесмин:"
дем алып жатат го,эмне эле эжелерим эстери ооп жатышат?"
деп ойлогом...Алар эшикте жүргөндө жаныңа кирип,сени карап,мен да Жаратканга жалынып сурана баштадым,келме айтып жаттым кайра-кайра,
көп нерселерди сурандым.Эгер тирүү алып калсаң көп айткан нерсеңди аткарам деп убада берип жаттым.Колунду кармасам муздак,чочуп кеттим,жүрөгүңө колумду койдум,эхх жүрөгүң сокпой жаткан..Ошондо сенин чындап эле бизди таштап кеткениңе ишендим...көзүмдөн жаштар агып,сага бир жагынан жиним келип,бир жагынан сени аяп карадым...Ооба жиним келди,бизди ойлобой,Атакемди сагынып жүрүп жанына кетип калганыңа жиним келди...Канча күн жатып,алыста жүргөн балдарыңдын көрбөй,жалдырап кете бердиң...Азыр ойлойм,ушунча күн жатып,күттүң окшойт:"балдарымдын баарын көрүп,көңүлүм ток болуп кетейин"деп.
..бирок сен ойлогондой болгон жок Апаке..Мени кечир,мүмкүн мен аларга эртереек кабар бергенимде,
алар дагы сени тирүү кезиңди көрүп калышмак...Мен аларды кыжалаат болбосун деп,"жакшы болуп кетип атат,буюрса бутуна туруп кетет" деп алдачумун. Эгер мен аларды алдабаганымда алар ошол замат жетип келишип,сенин акыркы күндөрүңдө,
сени карап,сени кучактап тоюп-тоюп,жыттап алганга мүмкүнчүлүк алышмак.же бул жерде дагы өзүмдүн эгоисттик сезимим кармадыбы?билбейм.
...Мен алардын алдында аябай күнөөлүүмүн.
.
Только злые люди, зла боятся!
#1623 25 June 2012 - 18:55
Кечээ ушундай буулугуп ыйлагым келди. Кундо сени менен копко суйлошуп конуп алыпмын. Алыскы жолго чыкканыны билип, аман-эсен жетип алса экен деп кечке ойлондум. СМС жазып же чалгым келди, алаксып бир нерсе болуп кетпесин деп чочуладым. Чын, бат эле ушунчалык суйлошкум келип, сагынып кеткениме озум тан калдым... Кечке куттум, зарыгып куттум. Анан кечинде жакшы аман-эсен жетип алдым деп чалдын. Билбейм неге, кечке куткондонбу,
аябай суйундум, маанайым сооонун болчу. Суйлоштук, конгон адатымча копко суйлошобуз го дегем, бирок пландар озгоруп кетти. Билбейм ашыкча эле капризная болуп баратамбы, конулум чого тушту. Ошол ошол болду, озумчо эле маанайым чогуп, смс жаздым, жагымсыз сага. Кайра озумчо эле буулугуп козумдон жаш тегеренет, аран озумду кармасам тим эле баш бербей чыгып кетти. Сени сагындым, алыска кетирбейм деп башында мага тандоо койгондой болдун эле, дагы шартты тушунуп жоноттун. Мен мынчалык куса болом деп ойлогон эмесмин. Кээде суйлошкондо ушунчалык сагынгандан байкатпай коз жаш да кылып алам. Кээде озумчо эле характеримди корсотуп сага таарынган болом? Хотя сага неге таарынмак элем??? Ушундай кызык кызмын да... Ошентип туну менен да жакшы уктай албай сагабы же озумобу же кимге билбейм таарынып, жаман болдум. Бугунго чейин ошол бойдон журдум. Сага болгондой сезим эч кимге болгон эмес десем ишенбейсин.
Азыр да ар кандай суроолорду берип отурасын
. Мындай ишенбеген суроолорунду токтотуп койсон деле болот. Экоостун жакшы пландарыбыз бар го...
#1624 26 June 2012 - 00:40
Унутам деп коз жашымы кошо жутуп, сизден кечким бар... Бирок, чыдап жашап кетишиме козум жетпей турат. Кайсы бир куну жашоонузга бастырып кирип, озумчулдугумдун арты менен ката кетирип алсам эмне болот....
Сизден коп нерсе сураган эмес болчум го, же башка кыздарга окшоп "мени ресторан, кафеге алып бар, гулдун турлорун тартуула, жалтур жултур алтындарынды белек кыл"-деп кыйнаган кундорум болгон беле? Мен экообуздун келечегибиз учун гана курошуп журом. Сиз айткандай "уулубуз мага окшогон бойлуу, кызыбыз сизге окшогон "сулуу" " болуп, биз жетпеген нерселерге аларды жеткирип, жакшы окутуп, таза кийгизип гана жургонго эмне жетсин. Уулубуз менин атымы чыгарып кимдин баласы десе "Паланчанын" баласы дегидей кылып спортсмен кылам, кызым ырчы болсо жаманбы? -деп кыялданган тундордон кантип кечем, качан унутам...
Кайсы ойлордон улам кандайча мээнизге синирип алгансыз тушунбой койдум эч эле. Кайсы бир кундордо "суук" создорду да угам сизден. "Сенин багына, Кыргызстанда эле ордун тапкан адам болсом болбойт беле, омур бою ушул жашоодо жашасам сени бактылуу кыла албайм го, ошого да чыдайсынбы? Дегеле сени жыргатпадым го..." Мен ушул сиз бакыт деп бааланган нерселерди, сиз менен гана курууга кудиретим жетет. Бирок, сизсиз деле жашай берем, жаш кетем.....

Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#1625 26 June 2012 - 22:48
Эхх... акыркы 4 жылдын ичинде озгордун деп айтышат, эгоист, таш боор, озунду гана ойлойсун деген создор уктум... ооба озгорсо озгоргондурмун,
4 жыл башта студент болчумун эч нерсе менен ишим жок окуумду гана ойлогон кыз элем, азыр жашоо озу ошого алып барат экен ...
Всегда вперед ............
#1626 27 June 2012 - 16:12
Ата Апа сүйүнчү дагы бир неберелуү болдуңар....Биздин үй-бүлөөдө кайгыдан кийинки кубанычыбыз деп өзүмчө сүйүндүм."
Эжең кыз төрөдү"дегенде аябай толкунданып,
кимге биринчи сүйүнчүлөшүмдү билбей турдум.Ары басам,бери басам,силер тирүү болгонуңарда:
"мама,папа"
деп силерге чалмакмын да....ата-энемдин ордуна жалгыз инимди гана көрөм деп,ага чалып сүйүнчүлөдүм.
Аябай сүйүндү...Эжемдин жанына кирсем,ыйлады.
Мен сүйүнгөнүнөн ыйлап жатат экен деп ойлогом.жаңылыптырмын.
"Мамам мен төрөгөндө жаныңда болом" деп айткан,деп ыйлады."Менин балдарымды көрбөй кетишти экөө тен" деп кайгырат.Мен билем силер ал жакта көрүп,билип,
сезип турасыңар бар жокту.Мен да ыйлагым келди ,бирок ыйлабадым.Кудайым мага сабырдуулук,
күч-кубат берип атат окшойт.....мейли,
азыркы колумда бар нерселерге деле шүгүр кылам....
Кудайымдан суранам,мындан ары,биздин үй-бүлөөдө,жалаң гана жакшылыктар,
бактылуу күндөр болсунчу...Атаке,
Апаке балдарыңарды колдоп жаткыла....
Только злые люди, зла боятся!
#1627 27 June 2012 - 21:46
Билесинби сени ойлоп, эми озумду кыйнап,журогомду оорутуп жургум келбейт.баарына убакыт даары дегендей барган сайын сенден конулум калып,муздап,
сага деген сагынычым да,суйуум да тугонуп бараткансыйт.
Кызык суйуу да тугончу беле.бирок откон омурду кайтара албагандай эле,калган конулдуу да жылытуу кыйын экен.кечир,куноо сенден да,менден да кетти.ортодо наристебизге эле кыйын болду.бирок, бул азыр кичинекей балапан.озуно деген сезимим муздаса да,кызым сени оюма салып турат.куду эле озун го.ушул балапан чоноюп,атам кайда десе,эмне жооп айтарымды билбейм.баланын назары сынып,сени жок коруп калбагыдай кылып,тушундурууго соз табат бекем...

#1628 27 June 2012 - 22:33
Акыркы кундору жолдошумдун ичкиликти кобуроок ичип жатканы журогумду оорутчу болду. Билбейм эмне кылышты, айтсан жаман корот. Иштеп атпайымбы дейт. Жашы отуз бешке келип калды, жашоодо озуу каалаган нерсесине жетпеген учунбу же эмнеге билбейм. Кудайдан сурайм ыйман.
#1629 28 June 2012 - 01:38
Конулум чогуп копко отурдум. Эл сыяктуу ачылып да эч кимге айта албайм. Жакшыны да, жаманды да ичиме сактап журо берем. Элдикиндей дос, курбу да жок. Кезегинде мага бир аз жакпаган нерселерди,
б.а. ич тардык кылышкан, ошол бойдон барынан кол узгом. Азыр ото берилип эч ким менен дос болгум келбейт, жон гана, салкын мамиледемин.
Конулум чоксо ыр жазам, козумдон жашым, кокурокто кайгым ырыма тогулот. Мен ошондо женилдейм.
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
#1630 30 June 2012 - 11:57
Тайата,
жаткан жерин жайлуу, топурагын торколуу болсун! Сени сагындым,аябай сагындым, сенин эми эч качан кайра келбешинди билем!Журогум ооруп жатат, кантип сени жоготуп алдык, сен мен учун олбочудой болуп эле журупсун,сени жоготом деп эч качан ойлогон эмес экенмин!Сен менин тайатам,атам,
агам, иним элен го! Эми кимге сойконом, ким менин жологум болот, тируундо кадырына жетпесем мени кечир! жашоо ушунчалык таш боор белен!Эххххх арман дуйно!
#1631 30 June 2012 - 15:06
мен сени бугун сагындым.... аябай катуу сагындым... сени канчалык суйоорумду билсен кана...билем баарибир ишенбейсин.
..
#1632 01 July 2012 - 00:07
4yndap aitsam jalgyzdykka aiabai kondym bolgonu jumuwka baram, 4ygyp ele yigo jonoim da kelip ele internetke asylam, konylym 4ogot, baardygyn sagyna berip sagyny4ym sargayp, tygonyp je tawtai katyp kalsa kerek, e4 paida 4ykpasyn bilip al dagy, syiyydon da namysty oido dep saga 1 ooz soz aitpastan basyp kana kete berdim, ozymo ozym 4ykkyn4y boldym,akyrky kyndory tywymdon takyr ketpei jatasyn, emnege, mende ne o4yn bar ele, unutuuga jol ber4i, ozym alys jyrgonym az kelgensip azapka salyp kyinaisyn, koio ber4i meni, bawka adamga jol ber4i
#1634 01 July 2012 - 13:13
Мхх,жашоо кандай табышмактуусун.
алдыда дагы канча сыноон,канча табышмактарын турат,аны биз биле албайт экенбиз...
Кызык,сага жолуккан кундон тартып,журогумдун ээси,туболук бактым деп ойлочу элем.тогуз жыл ичинде,канча тентектигине, канча кылыктарына чыдап,сени кармап калам дечумун...
Бирок андай болбоду,канчалык келбесинди билсем дагы,катардагы эле адаттын,акыры мага болбосо да,кызын учун ойлонуп артка кайтасын деген умутто элем.аттин.. .ал тилегимди таш каапты,кече сен уйлондун.акылсызым, мейли эми сага деген журогумдо сезимди,очурууго акылуумун.эми мага эч куноо коё албасан керек.анткени мен сени акырына чейин кутком.мына эми баары бутту.сен эми толугу м.н ошол адамдыкысын. биз эми сага жат адамбыз.мындай дебеске аргам да жок.кош бол менин соолуган махабатым! !!

#1635 01 July 2012 - 19:30
Эч кимге айтпаган (озуно да билдирбеген ) сырым менен болушкону келдим сага монолог.Бугун да озунду сагынып кусамын.Калпле жок дегеним менен баарибир сагынам.Анткени сени ар дайым эстейм, качаааан жолугаарын кутом. Аз калгандыр мумкун, бирок мага убакыт токтоп калгандай сезилет. Сен мени жактырбайсын билем дей берип тажатмай болдун((( Эмкиде айтпайм деп убада бердин..Ал убадана турар бекенсин(аны убакыт корсотсун) бирок оз оозум менен жок деп жооп бергеним менен журогум башка дейт.
#1636 02 July 2012 - 00:29
Мен сени суйом! Бирок бул создорду озуно айта албаймын себеп намыс кургур жол бербейт кееде озумду озум жек кором намыс деп азаптанып журом журогумду сыздатып сен да менден алыстабайсын же айтпайсын сени суйом деп балким мени чынында эле карындаш катары короттурсун бирок мен сени суйом эгер бул созду сага айтсам а мен жок деген жооп алуудан корком
#1637 02 July 2012 - 04:09
myna bygyn da keldim, buulugup ynym 4ykpai yiladym, emne kylam anan, jok degende yiym menen 4ygyp ketsin baary, ozymo ozym soz berdim uwul yilaganym akyrky bolsyn dedim, ekin4i estebeim seni, omyr boiu ele menden kabar albai jawap kal, uwul boiun4a takyr korbosom eken, unutuuga daarmanym jetet, sen kimsin, seni taanybaim, jok men yiladym al uidogylordy sagyndym tyygandarymdy sagyndym, ayilymdy sagyndym, a sen y4yn bir da tam4y jaw korotkum kelbiet, uwul ubakta apam bolso janymda, kandai sonun al kundor da keleer.
#1638 02 July 2012 - 08:02
Асыл адамсын ... Сендей инсандын бар экенин байкабаптырмын мурда ...Ыраазы болдум чын дилден , кызыкчылык эмес жонокойлук менен жасаган мамилен,чынчылдыгын ,камкордугун менен журокту жылытасын ... Ар бир жагдайда мени колдой аласын , тушуносун...
Сенде аруулук, кирдей элек адамдык сапат,жакшы кулк - муноз бар ...
Акыркы кундордо айланамдагы канча бир адамдардан конул калса да ,сендей жароокер адамдардын бар экени суйундурот ... Озун сезген - менменсинген , эки жуздуу - жылмаланган адамдардан кол узгонум - чечкиндуулук - эн туура кадам ... Ишенем мен тарапта сендей асыл адамдар , ишенимдуу сендей досум , жана дагы эн жакын курбуларым бар экени сыймык ! Мен ар дайым бактылуумун , иншаАЛЛАХ !

ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#1639 06 July 2012 - 00:22
Сени коро элек кыялданган болчум,мына кордум 3 кундон бери,сага озгочо байланып бараткам,Сени менен озун менен,кол кармашып акыры таныштык,атымды уксан деле,кайра,кайра сурадын кулуп коздорунду менден ала албай жатын.
Сени акылдуулугун, коздорун,озунду алып журушун,коз карашын и жана мага озгочо коз менен карашын аябай жакты.
Сездим журогум менен бул убактычналык жактыруу деп ойлобойм,себеби 2 биз тен бири,бири бизди коргондо кубанып атабыз,озубузго сезидрбешке аркет кылганыбыз менен,барибир козго корунбогон бир сыйкырдуу сезим бизди тартып жатат,жакындаштырып жаткандай.

Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#1640 06 July 2012 - 01:38
Кээде жайбаракат жашоодон чочулап кетем. Чоң жолдо, эки жагы эң кооз үйлөр менен тизилген, ар бир терезеден жолдошун күткөн бактылуу жубайды, кунаак ойноп жаткан жаш балдарды көрүп бара жаткандаймын.
Дарбазалардын алдында теректер тигилген, гүлдөр жайнаган, балким бул үйдүн кире беришин каптаган кытай розасыдыр. Ушундай гүлдү билесизби? Кадимки роза эмес, ал узарып кете берет, улам бийиктикти көздөй өсө берет, анан бир заматта канчалык жайылса, ошончо аймактын ичинде кыпкызыл розалар ачылат. Эгерде келечекте жер тамда жашасам, үйүмдүн кире беришине дал ушундай роза тикмекмин. Көчөдөн өткөндөр суктанышса,
дал мен бир кезде суктангандай.
.. Албетте, арыкта аккан суу, таптаза жана муздак суу...
Дал ушундай көчөдө бара жаткандаймын. Мурункудай эмес. Кайсы бурчтан кимиси чыгып кетет экен деп аңдыбай да калдым. Же күтүүсүздүк өзү менден безе качкандай. Балким тажрыйбадыр, ар бир сюрпризди кадыресе кабыл алып калгандырмын.
Кантсе да, ушул жолумдун узакка созулушун каалар элем. Кете берсем, кете берсем, бирок көчө тынбаса... Маңдайымдан бир гана бактылуу жүздөр чыкса... Кесилиштен бирөө чыга калып, сапарымды токтотуп калбаса... Баарынан да, жүрү деп мени өз көчөсүнө азгырып кетпесе... Анткени адашып калуудан тажадым. Адаштыргандардан да!
Мени издегендер, же чогуу баскысы келгендер, камтама болбогула, керектүү болсоңор, өзүм таап алам. Кайтчу жолду билем. Бирок бара жаткан жолумдан артка кайтуумду суранбагыла. Чын, каалабайм. Жалбарсаңар да, тиленсеңер да, ыйласаңар да, сыздасаңар да, азыр ал жакка келгим келбейт. Балким мен ошого акылуу чыгармын. Эмне үчүн жок?! Мен дагы кубанууга, бактылуу болууга, алдыга умтулууга акылуу болсом керек.
Жөн гана менсиз да жашап көрүшүңөрдү каалайм. Өзүм дагы...))

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.

Супер-Инфо
super.kg
видео