Иштен чарчап келип бакырсамда,
ыйласамда же болбосо унннчукпай безерип суйловой койсомда бир жаман соз айтпаган сизге тан калып буто албайм......
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#17982 17 April 2017 - 01:09
Блииин...оозуман ак ит кирип,кара ит чыгып атат...
Ушунчалык өкүнүп атам. Убакытты артка кайтарганы болгондо,эч ойлонбой качып кетмекмин сени менен бирге. Качып кетели десең корккоктук кылдым ((((.
Өзүң айтмакчы сенден башка мени,бул ааламда эч ким түшүнбөйт окшойт...
Сага эч ким жетпешине бүгүн дагы бир жолу ынанып олтурам... сени менен сөгүшүп урушкан күндөрүмдү дагы сагындым керек болсо ((( бактылуу күндөрүмдү айтпай эле коёюн...
Мен жолуктурган эркектердин ичинен "эң мыктысы"сенсин жаным...
Бактылуу бол ылайым сен ошого татыктуусуң. ..
Ушунчалык өкүнүп атам. Убакытты артка кайтарганы болгондо,эч ойлонбой качып кетмекмин сени менен бирге. Качып кетели десең корккоктук кылдым ((((.
Өзүң айтмакчы сенден башка мени,бул ааламда эч ким түшүнбөйт окшойт...
Сага эч ким жетпешине бүгүн дагы бир жолу ынанып олтурам... сени менен сөгүшүп урушкан күндөрүмдү дагы сагындым керек болсо ((( бактылуу күндөрүмдү айтпай эле коёюн...
Мен жолуктурган эркектердин ичинен "эң мыктысы"сенсин жаным...
Бактылуу бол ылайым сен ошого татыктуусуң. ..
#17983 17 April 2017 - 01:20
АКЫР ЗАМАН – Туяк акын (1856-1912)
Акыр заман болоордо
Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.
Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.
Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.
Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.
Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.
Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.
Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.
Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.
Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.
Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.
Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.
Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.
Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.
Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.
Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулук кылат катының.
Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.
Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.
Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.
Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.
Туяк Эрназар уулу — ойчул жана заманист
акын болжол менен 1856-жылы азыркы
Кадамжай районунун Пум айылында туулган.
Атасы Эрназар Пум айылындагы Төөлөс
уруусуна караштуу Карынчы уругунан чыккан.
Акыр заман болоордо
Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.
Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.
Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.
Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.
Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.
Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.
Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.
Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.
Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.
Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.
Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.
Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.
Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.
Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.
Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулук кылат катының.
Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.
Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.
Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.
Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.
Туяк Эрназар уулу — ойчул жана заманист
акын болжол менен 1856-жылы азыркы
Кадамжай районунун Пум айылында туулган.
Атасы Эрназар Пум айылындагы Төөлөс
уруусуна караштуу Карынчы уругунан чыккан.
#17986 17 April 2017 - 09:52
Бир кызды жактырып журум ага суйуу сезимимди кантим жеткирууну билбей атам .кундон кунго суйуум кучоп барат.
#17987 17 April 2017 - 10:12
Тушунбойм менин ийгиликтуу,
кубанычтуу кундорум бутуп калганбы же эми башталабы?!
!☆
.....
.
.....
#17988 17 April 2017 - 11:15
Жиним келтат... Сен алыста жургондо сенин сабактарынды бутургом... Эми менин жумуштарымды сен бутур дегендей эле кылып койду го, 15 кун эрте чакыртып алып. Спицальна кылдыбы же билбей чакырттыбы тушунбой да калдым...
)
#17990 17 April 2017 - 11:22
Кудайдан суранам, аны менен бирге кыл деп.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#17991 17 April 2017 - 16:02
Мээримдуу Аллах шыпаанды тилеймин. Конул тынч эмес.Конул тынч эмес болсо, уйку да жок.Тынч бир жактарга кетким келип жатат. Сабыр, сабыр дей берип психологически чарчадым.
#17992 17 April 2017 - 16:07
Азыр чоон адам болууп,машинам болсо ээээ. Жанына 1саатта жетип бармакмын...
Машинам го жок,акчам болсо э,алда табылат,учуп жетип барып конул айтып жанында бииир саат болсо да отуруп келууго зармын.
#17993 17 April 2017 - 19:43
Акыркы кундору ыйлак кызга айланып баратам.Жан дуйномдо муздактык орун алган сыякты.
#17994 17 April 2017 - 21:16
Аллахым бешенеме түгөй деп жазбаганды,
сүйүү деп жолуктурбашыңды каалаган элем. Эми сүйүү деп жолуктурганыңды түгөй деп жазышыңды суранам.
#17995 17 April 2017 - 21:18
Аллахым бешенеме түгөй деп жазбаганды,
сүйүү деп жолуктурбашыңды каалаган элем. Эми сүйүү деп жолуктурганыңды түгөй деп жазышыңды суранам.
#17996 17 April 2017 - 22:33
Мен эң бактылуу адамын!!
! АЛЛАХЫМА шүгүрчүлүк кылып ырахматымы айтам.........
#17997 17 April 2017 - 22:59
vavilon.
Бүгүн, 01:20
АКЫР ЗАМАН – Туяк акын (1856-1912)
Таамай айтылган!
Бүгүн, 01:20
АКЫР ЗАМАН – Туяк акын (1856-1912)
Таамай айтылган!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#17998 18 April 2017 - 00:30
Таамай айтылган!
///
Арстанбек Буйлаш уулуна окшош экен.
Тан калам ушундай адамдарга
///
Арстанбек Буйлаш уулуна окшош экен.
Тан калам ушундай адамдарга
#17999 18 April 2017 - 00:37
Монолог кооооп нерсе жазгым келди. Илхом келсе жазаармын. Аллага шугур деп жашоомду улантып жатамын. Баары эн сонун болот Аллах насип этсе...
#18000 18 April 2017 - 00:51
Мендей бактылуу адамдар аз эле болуш керек)Меникиндей жашоону башкаларга да каалайм
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















