Ойлогом сенсиз кундор кандай болот деп. Бирок ошол откон кундор дале отуп жатат...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#3422 02 May 2014 - 13:08
Сизди катуу суйгондуктонбу.
.? Айтор сиз жонунуздо ойлосом эле журогум тез тез согуп кынынан чыгып кетчуудой согуп баштайт..
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#3423 02 May 2014 - 14:37
Мен алсыз...чечкинсиз.
..кыз болгонума өкүнөм. Кандай деген жүрөктөгү,көңүлдөгү сөздөрдү айталбай келем...
Эх,
где то золотое время, когда меня хвалили за то, что я поспала и хорошо покушала!!!
#3424 02 May 2014 - 15:51
Мен сени бул кылыгына тушунбой калдым .......... арадан 2жыл отту сен кайра менин жашоомдо пайда болдун. .........
#3425 02 May 2014 - 16:39
Сени эстебейин десем да,айланамдагылар баары эле сени эстетишет…… ууууфф тажап кеттим,баарынан тажадым,баарынан!
:(
#3426 02 May 2014 - 16:57
Апа,сизди абдан сагындым!
Сиз кыйналбанызчы,
капа болбонузчу,
окунбонузчу!
Сиздин ушкуругунузду укканда,кылаар айламды таппай калып жатам...Дегеле жашоодо апалар кыйналбаныздарчы!
#3427 02 May 2014 - 21:48
Жашоо кызыксыз болуп баратат.Күндө окшош күндөр.Баарын жыйыштырып салып жаңы жашоо баштагым келет бирок..... колдон келбейт,келсе да моюн жар бербейт.Себеби эски күндөрүмө санаалаш досторум,убагында сүйүп жүрүп жете албай калган сүйгөнүм жипсиз байлап турат.Мейличи ..... күндөр өтүп мен дагы кубанаармын чын жүрөктөн.Калп,
жасалма эмес бүткүл дүйном менен кубанаармын,
сүйүнөөрмун,
төбөм көккө жетээр..... Алты саным аман, ата энемдин кашында тынч жүргөнүмо шүгүр кылайынчы...
Кайгырба жүрөк.Күл,жырга. Түшүном сырыңды.Мейли калп болсо деле күлө бер.Жаныңдагыларга жүрөгүң жаралуу экенин билгизбе.....
Кайгырба жүрөк.Күл,жырга. Түшүном сырыңды.Мейли калп болсо деле күлө бер.Жаныңдагыларга жүрөгүң жаралуу экенин билгизбе.....
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#3428 02 May 2014 - 23:59
Эх... бугун менин журогум кандай гана бактылуу болду. Журогундогу суйуусун суйуктуусуно айтып алып уялып жаткан кербези. Аны коргусу келип, сагынып сагынып туйлап жатат кайран гана БАЙКУШ ЖУРОК...
#3430 03 May 2014 - 14:14
Кунуго жон дуйномдогу жакшы создорумду сизге айткым келет...Мына азыр келсе эле уялбастан журоктун тупкурундо жашырынып жаткан ар бир созумду калтырбай айтам деймин..Бирок эмнегедир сизди короорум менен тилим айланбай,эмне деримди билбей козунузго тик карай албай,журогум бат баттан согуп, тайсалдай тушом...
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#3431 04 May 2014 - 01:46
МЕН УЧУН ЭЧ КАНДАЙ СУЙУУ ЖОК ЖОК! Болсо кана? Ал учун канчалык азап тартканымды билбейт. Жан дуйном жанчылып майда майда бырчаланып,
козумдон молтур жаштар токтобой агып жатат. ..
#3432 04 May 2014 - 07:56
Сен жонундо коп ойлоно турган болдум...Убакытым аз калды, кайра кайтып келе албасам керек мый-мый! Бир нерсе десенчи!
Алдыга койгон максаттарым коп, аткарышым керек!
Алдыга койгон максаттарым коп, аткарышым керек!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#3433 04 May 2014 - 18:01
Жашоомдун мазмуну бир гана сизсиз...Сизсиз жашоонун бир мунотунда элестете албайм..Бактыма бар болушунузду жараткандан суранам!!
!
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#3434 04 May 2014 - 19:17
Сыгылып кеттим! Эмне учун, ыйласам коодонум женилдээр беле?! Бирок ыйлай албай жатам. . Журогу муз, мерез адамга айланып бараткандаймын.
Эмне себеп? Кечээки саксайган адамбы? Ошол биз экообуздун ортобузга жарака койдубу? Сенин мен жонундо оюн ушунчалык томонбу? Мени андай ойлоого ошол адам себепби же дагы башкабы? Билбейм сенден бир ооз эркелеткен соз уккум келет. Бирок сен антпейсин, же жондомун жокбуу?! Сени эркелетсем дердендеп аласын, мени тенине албагандай кылып. Же менин оюм жаманбы?! Ооба мен жаман, менин оюм жаман! Сага татыктуу аял боло албай келем! Сен ото таза тыкан адам болушумду каалайсын, бирок 5 айдан бери 13 сааттан иштеп, болгону 3 кун эс алыптырмын.
Ал эс алуум да себеби менен. Жалгыз торт бурчту тиктеп, отурамын. Суйлошоорго,
сырдашаарга дос да керек экен, бул шаарда сенин эженден башка эч кимим жок. Озумдукулор баары алыста аларды кыжаалат кылгым келбейт. "Баары жакшы" деген созду жаттап алгам. Ооба жакшы эле болсунчу баары! Аларга сенин мага копол мамиленди айтсам, алар сени жаман коруп калышат. Айтпаймын кызымдын атасын жаман корушун каалабайм. Ээх бир аз болсо да женилдедим!
Алладан ата-энем, бир боорлорум, туугандарым,
кайын журтум, достор, УЙ-БУЛОМ аман болуусун тилейм!
#3435 04 May 2014 - 21:42
Ыйладым…
Ата сөөрөйдүн жоктугуна өкүнүп мына азыр чын дилимден "Ата" аттууну жек көрүп, жектеп, ыйладым. Жашка муунуп баратам…
Ушу мени тааныбаган бир форумчу мени ушунча кемсинтеби ээ? Мени тааныбай туруп кемсинтеби ээ?! Жүрөгүм бычаксыз тилинип барат… Өхх... Сабыр бере көр...
Ооба, туура айтат, менде да жок нерсе бар! Бирок сүйлөгөн сөзүн аңдаган жок. Мага канчалык катуу тиерин билген да жок!
Макул бул да унутулат. Аллахтын раазычылыгы үчүн кечирим сурадым баарынан!
Үйгө баргым келбей отурам эшикте.
Эки көзүмдүн доодой болуп шишигенин көргөн Мамама не деп жооп берем. Бир форумчу үчүн ыйладым деппи?!
Азыркы абалымды Апакемдин көрбөгөнүнө раазымын. Бүгүн чалбаса экен...бүгүн чалбаса экен...
Ата сөөрөйдүн жоктугуна өкүнүп мына азыр чын дилимден "Ата" аттууну жек көрүп, жектеп, ыйладым. Жашка муунуп баратам…
Ушу мени тааныбаган бир форумчу мени ушунча кемсинтеби ээ? Мени тааныбай туруп кемсинтеби ээ?! Жүрөгүм бычаксыз тилинип барат… Өхх... Сабыр бере көр...
Ооба, туура айтат, менде да жок нерсе бар! Бирок сүйлөгөн сөзүн аңдаган жок. Мага канчалык катуу тиерин билген да жок!
Макул бул да унутулат. Аллахтын раазычылыгы үчүн кечирим сурадым баарынан!
Үйгө баргым келбей отурам эшикте.
Эки көзүмдүн доодой болуп шишигенин көргөн Мамама не деп жооп берем. Бир форумчу үчүн ыйладым деппи?!
Азыркы абалымды Апакемдин көрбөгөнүнө раазымын. Бүгүн чалбаса экен...бүгүн чалбаса экен...
В каждой шутке есть доля правды...
#3436 04 May 2014 - 22:50
Sweet Lika анын созуно маани бербениз,анын сизди кемсинтууго бирда акысы жок,кайгырбаныз озунуз айткандай тааныбаган бир форумчуну деп.Журогунузго жакын албаныз.
#3438 04 May 2014 - 23:30
Өзүңдү колго ал Lika, тааныбаган бирөөнүн кыска ойлуулук кылып, ойлонбой айткан сөздөрүнө терикпе. Ал сага ким, көз жашыңды короткудай.
Көйгөйлөрүңдүн арасына кошпо аны, көңүл сыртынан кетир. Болоор болбос нерсе деп бил жана андай нерселерди көңүлгө жакын алба. Баарын жүрөккө жакын кабыл алсаң, жүрөк, нерв калабы.Ыйлаба,
андай адамдар үчүн!
#3439 04 May 2014 - 23:52
Мир не без добрых людей.
Аллах раазы болсун баарыңыздарга!
Аллах раазы болсун баарыңыздарга!
В каждой шутке есть доля правды...
#3440 05 May 2014 - 00:13
Болдубу? эми жашабайбызбы мындан ары?-деп кучактап турган калыбымда сага суроо узаттым.А сен болсо башынды которуп козундогу аккан жашты сурткончо мага тике карап-Болду,
жашабаймым,сен созуно турган жоксун дедин. Ооба.Мен созумо турган жокмун,сага соз бергеним чындык,а бирок мен бул ишти озумдун эрким менен атайылап жасаганым жок да.Кокустук болду,кокустук.
Же мени Кудай жазалады,менде куноо коп билем жана ошондой эле жакшылык иштерим да аз эмес.Аллахым!
менин бул дуйнодо билип-билбей кылган куноолорумду кечире кор!Азап берсен бир озумо азабынды корсот.Ата энеме,бир туугандарыма,
алтындан кымбат жубайыма,алмончоктой алтын балдарыма каарынды сала корбо!Жазаласан бир мени жазала,куноо менде аны билем,бирок кокустук жана да кокустук.Ушундай болушун эч качан ойлогон эмесмин.Аллахым,
мага жазанды женилдете кор.Биздин баш кошконубузга бир нече жыл болсо да,мен учун коз ирмемдей гана жылт этип учуп барып очкон жылдыздай болду.Жаным,
мени кечир,сени жакшы кором жана омур бою жакын адамым бойдон каласын. Сени коп эркелетип,сенин айтканындай,
сенин дегениндей жашоо мени ушул кунго алып келди.Сени эч нерседен кем кылбай,баардык жашоонун туйшугун оз мойнума алып жашаганымдын да кесепети болду.Уй булодогу эн чон куноо бул зынаакорлук деп билем, кээ бир уй булодо зынааны да кечирип жашап кеткендерди мен да сен да коруп билип эле журосун.А биздин ортодогу таарынычыбыз анын астында соз да эмес.Зынаа иш ата энеге эмес балдарына терс таасир берет деген созду кучтуу илимдуулордон укканмын,ошол учун мен балдарым учун бул иштен алысмын.Журогум ооруп турат,сыздап турат.Балдарымдын келечеги сени ойлондурбаганына зээним кейит.3 ай жашап анан ажырашабыз деген чечимге келдик.Арадан 3 кун отту,бул 3 кундо мен канча азап тарттым а сенден эч озгоруу байкалбады.
Балким мени дагы сынап жаткандырсын.
.,жок биз бири бирибизди сынап бутподук беле. Же дагы да башкача жашоого умтулуп жатасын бирок менсиз!Мейли.
Ар бир адам оз жашоосун озу башкарат,куч менен соз менен адамды кармап кала албайсын.Аз да болсо кудайым бизге бактылуу жылдарды берди,ошого шугур.Омур бою бир бололу,бактылуу бололу деп кудайдан кундо тиленчуу элем.Жанылдым,
сага соз берип созумо тура албадым.Кокустук болду десем ишенбедин.Сен деп соккон журогумдун кан тамырлары четинен узулуп,быт-чыты чыга баштаганын сезбедин.Бул кундор да отоор.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















