Эркек мүнөз: Сиз назик, сексуалдуу боло алганыңыз менен, бир ишти териштире сүйлөгөнүңүз,
көйгөйдүн себебин так аныктап чечүүңүз эркекке мүнөздүү. Эркектер үчүн сиз эң мыкты пикирлеш, жардамчы боло аласыз. Маселени эркекче чечип салганыңыз ар дайым аларга жагат, бул үчүн баалашат. Бирок, эмнегедир көбүрөөк сүйлөгөн, тырмагын боегон, обу жок назданган немелерге качып кетишет. Таңгалычтуу,
эч чатак жок, ортодогу мамиле өз жайында эмес беле… Кеңеш. Эркектер эркек мүнөздүү чечкиндүүлөрдү баалаганы менен, карама-каршылыктарды жакшы көрүшөт. Бул, социалдык мыйзам. Сүйүктүүңүзгө акылдуу сөздөрдөн сүйлөп устат болуудан, психотерапевттик кылуудан алыс болуңуз. Мындай өтө карамдуулугуңуз аны чочутат. Андан көрө, жаныңыздагы эркек да айрым маселелерди өзү чечип жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүңүз.
Айымдар ай, айымдар…
#1 22 November 2013 - 02:17
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 22 November 2013 - 02:18
Карапайым сулуу : Сиздин уялчаак, карапайым мүнөзүңүз табиятыңыздан экени түшүнүктүү.
Карапайымдыгыңызды кемчилик катары санап, өзгөрүүгө умтулган учуруңуз бар. Бирок, сиз эркектерге турган турпатыңыз менен эле жагарыңызды унутпаңыз. Аялдын ар жак-бер жагына чыгып шуулдап таанышып жүргөндөр сизди кепке оңой тарта билгени менен, өзүңүзгө окшогон карапайым, тартынчаак мүнөздөгүлөргө кыйла кыйын. Мени качан байкаар экен деп алар да жүрө беришет. Кеңеш. Жигиттер менен таанышканда баамчыл болуңуз. Ал эми ээрчишип жүргөн жаныңыздагы жубуңузду качырып алуудан сак болуңуз. Себеби, жоош, ишенчээк, ийкем мүнөздөгүлөр ушунчалык токтоо болгондуктан… алардын мемиреген токтоолугунан айланада да мемиреген жымжырттык жаралып, мындан улам эркек качып кетүүгө даяр. Качып, калемпир-мурчтуу кызыкчылыктарга кабылгысы келет. Ошондуктан,
өзүңүздү колго алып, андай калемпир-мурчтуу сезимдерди ортодо өзүңүз жандыра билиңиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 22 November 2013 - 02:19
Феминистка: Сиз дайыма аялдын укугу, эркиндиги эркектердики менен бирдей экендигин далилдеп какшай бересиз. Башыңыздан өткөн оор үйбүлөлүк турмуш эркектер жакшы эмес жандар экендигин көкүрөккө түйдүрүп койсо керек. Өз мүнөзүнүн алсыздыгын билген эркектерге гана сиздикиндей катуу мүнөз жагат. Калгандарын болсо сиздин мүнөзүңүз "үркүтүп"
гана турат. Кеңеш. Эркектер менен маектешүүдө башкача манерада сүйлөп, өзүңүзгө эксперимент жүргүзүп көрүңүз. Бүгүн мен жумшак мүнөзмүн, ийкемдүүмүн,
комплименттерге жылмая жооп берем, жадагалса алардан кеңеш дагы сурайм деп, бир күн бою ушул жагдайда калууга аракеттениңиз.
Мындай мамилеңиз менен өзүңүзгө ачылыш таап алышыңыз мүмкүн: эркектерге эрегишүүнүн деле кереги жок турбайбы!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 22 November 2013 - 02:20
Колтийбес: Эркектердин көңүл буруусун баалай билесиз, бирок, өзүңүздү алардан ала качып, тоотпогондой мамиле кыласыз. Сыягы, бала кезиңизден эле тарбиялуу кыз кандай болуш керек экендигин кулагыңызга куя беришкен окшойт. Ошондон улам, табиятта таптакыр жок укмуш бир эркектин образын түзүп алып, аны күтүү менен кыялыңызда учуп жүрөсүз. Муздактыгыңыз айрымдарга жакканы менен, көпчүлүк мүнөзүңүздү кербезденген,
түнт катары кабылдайт. Кеңеш. Жалаң эле эркектерге эмес, айланаңыздагы баардык элге жакын болуңуз. Себеби, сиздин мүнөзүңүз сиздин жашооңузга таасир берип атат да. Сөзсүз эле эркектерге биринчи болуп сөз башта дебейбиз, сиздин адамгерчиликтүү ачыктыгыңыз,
жагымдуу маектешүүңүз,
ийкемдүүлүгүңүз эле эркектер үчүн зор стимул болуп, мурунку түнттүгүңүз чочутпай, өзүңүздү дили менен жандап жүрүүгө өбөлгө болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 22 November 2013 - 02:21
Вамп-айым: Мындай айымдар убакытты эркектер менен эффективдүү өткөрүүнү жана сексти баалашат. Алар - агрессивдүү мүнөз күткөн, өзүнүн мүчө келбетине, сулуулугуна өтө ишенимдүү караган, эркекке үстөмдүк кылууну көздөгөндөр.
Булардын секстен тартынбаган ачыктыгы, чек койбогону баардык эркектердин тилегиндей көрүнгөнү менен, алардан да артын карабай качкандар аз эмес. Кеңеш. Маңдайыңыздагы эркекте сиздикиндей бекем ишеним, баса калчу күчтүү кумар жок экенин байкап калдыңызбы?
Демек, секстеги албууттугуңузду азайта түшүңүз, болбосо бул жолугуу акыркы болуп калышы ыктымал. Жалаң эле кумар эмес, мамиленин бекемдиги да кызыктырса,
эсиңизге түйүңүз - жылуулук, түшүнүүчүлүк,
назиктик дагы айымдардын негизги сапаттары катары жогору бааланат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 22 November 2013 - 02:22
Кылыктанган айым: Эркектерге жагынганды билесиз: кимиси болбосун сиздин жаныңызда өзүн өзгөчө сезет, бирок… качан гана баары менен эле ушундай кылыктана бергениңизди түшүнгөндө,
ал үчүн өзүнүн "өзгөчөлүгү"
урап түшөт. Баарынан да жандап жүргөн жигитиңизге кыйын болот. Табиятыңыздан кылыктанган жан экениңизди,
ала жипти аттабаарыңызды билип турса да, баардыгы менен эле тамашалашып кылыктана бергениңиз аны ыңгайсыз абалга калтырат. Кеңеш. Токтоолук - жакшы көрүнүш, андыктан өзүңүздү кармай да билиңиз. Дайыма эле кылыктанып жүрө берүү эртеби-кечпи эркектерди тажатат. Себеби мындай мүнөз жасалма көрүнөт эмеспи. Анүстүнө кылыктануу жаш өткөн сайын өзгөрүп турушу кажет. 20 жашыңыздагы кылыктанууңузду 40-50 жашыңызга чейин сүйрөп барсаңыз - макулук катары көрүнүп, шылдыңга алынасыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 28 November 2013 - 10:06
Сонун маалымат го
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#11 12 April 2014 - 13:03
Бирок ото тартынчакты эркектер каалашпайт
Алганга чейин тартынчаак болушу мумкун, бирок алгандан кийин ошол "тартынчаактык" сапаты деле жоголуп кетсе керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#13 12 April 2014 - 14:29
Айымдар үчүн жакшы маалыматтар көп экен.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#14 12 April 2014 - 15:16
Эркектерден аялдарга совет экен
Мен дагы аялдар жонундо ушундай ойлойм ущундай болсонор кем болбойсунар
Мен дагы аялдар жонундо ушундай ойлойм ущундай болсонор кем болбойсунар
#15 12 April 2014 - 15:41
Мен да тартынчаак элем турмушка чыкканга чейин,азыр куйоомдон тартынбайм,
башкаларынан дагы деле тартына берем

Супер-Инфо
super.kg
видео














