25-июлда "Ислам мамлекети" террордук тобу "Кыргызстандын элине кайрылуу" деп аталган видеотүрмөк жарыялаган. Видео интернетке (ХХХХ) 25-июлда кечинде чыгып, жарыялангандан 6 саат өткөндөн кийин ХХХХ видеохостингинин администрациясы аны өчүрдү. 9 мүнөткө созулган тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жарандын кайрылуусу орун алган. Анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга чакырык ташталганы айтылды. Кайрылууда Кыргыз Республикасы "каапырлар өлкөсү" деп аталып, жарандар адамдар тарабынан ойлоп табылган мыйзам, эрежелер менен жашап жатканы белгиленген.
28-июлда УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов видеокайрылуу жасаган жаран Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун тургуну экенин айтты. "Бир жылга жакын убакыт мурун Орусияга иштөө үчүн жөнөп кеткен экен. Өзү гана эмес, өмүрлүк жарын жана балдарын кошо ала кеткени аныкталды. Туугандарынын айтымында, ошол учурдан бери кыргыз жериндеги бир туугандары менен байланышкан эмес",- деди Сулайманов.

Бул видеону коруп мен Кыргызстандын келечеги тууралуу коркуп калдым. Биздин келечек деги эмне болот?

Супер-Инфо
super.kg
видео













