Суперстан: Сулуушкам, менден качпачы... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сулуушкам, менден качпачы...

#1 Пользователь офлайн   Ali_Bolotbek   07 Август 2017 - 14:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Май 2023 11:34

Эсимде. Күз мезгили болчу. Кечинде адаттагыдай сага жөнөдүм. Кандай сезимдер азгырат билбейм эмнегедир күн батары менен эки бутум сенин үйүнө алып жөнөчү. Ал кезде телефонуң жок эле. Кантип чакырам? Байкең чыгып калса кантем деп үйүңө жеткиче сарсанаага батчумун. Сени чакыра албай айлам кеткенде кудум эле ууру кылган мышыктай болуп терезеңдин түбүндө отура берер элем. Сени көрбөсөм, үнүңдү укпасам дагы терезеңдин түбүндө туруу мен үчүн бакыт болчу. Сенин ар бир кыймылыңды аңдып отуруп кыялымда сени менен жашап алчумун. Ооба. Кыял деген керемет нерсе эмеспи. Бирде көк асмандын алтынчы катарына чыксаң бирде жердин жетинчи катмарына кирип кетесиң. Кыялымда сени менен канча жерди аралап келдим. Анын бирин билбейсиң. Айтсам сага жомок сыяктуу сезилип, ишенбейсиң.
Ошол күнү сага жолукканым эч качан эсимден кетпейт. Кошунаңдын огородуна кирип алганбыз. Кучагыма кысып, ааламдагы эң бактылуу адам болуп, жашоо ошол түн менен токтоп турса экен деп кыялга батып турдум. Назик эриниңден өпкөнүмдө сага ыраазычылыгымды кантип билдирээримди билбей жаттым. Ошол учурда сенде кандай сезимдер болду экен деп күнү бүгүнкүгө чейин ойлоном. Аны убагы келгенде бетме-бет отуруп айтаарсың.
Эсиңдеби, классташың менин каттарымды сага жеткирип турчу. Бирок ошол каттарга бир дагы ирет жооп берген эмессиң? Балким жактырчу эмессиң? Балким улуу деп мени теңиңе алчу эмессиң. Андан бери канча жыл өттү. Айылдагылар айткандай "жапжаш жүргөн Дөпө картайды" . Азырчы? Үй-бүлөсү бар деп качасыңбы? Ал менин теңим эмес деп качасыңбы? Эмне себептен жолуккуң келбей жатканын билгим келет.
Сага эч кандай жаман оюм жок. Сен дагы кайын журтуңа абийириң менен барышың керек. Менин үй-бүлөлүү болгонумдун бир жакшы жери ушул теманы бойдок балдарга караганда жакшы түшүнөм.
Болгону сени менен жолугуп, сүйлөшүп, сулуу жүзүңдү тойбой кайра-кайра карап, жибектей назик колдоруңду кармап, жумшак бетиңден жыттап, эрдиңден өөп отургум келет. Сулуушкам менден качпачы.

Билдирүүнү түзөткөн: Ali_Bolotbek: 07 Август 2017 - 14:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   diku89   07 Август 2017 - 15:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 08 Март 17
  • Соңку аракети: 04 Апр 2020 13:25

ой-боой кызыкго!? уйлонгон болсонуз аялыныз менен эле бактылуу жашаганы аракет кылбайсызбы? бечара кызды да жаман атту кылбай уй булолуу эркек менен жолугушуп журот дедиртпей эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Aksy.2001kg   07 Август 2017 - 15:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 07 Август 17
  • Соңку аракети: 16 Окт 2017 07:17

Базар жок ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   asi.gulum   07 Август 2017 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Ушу үй-бүлөлүү адамдар башка бирөөнү ойлогонуна таң калам. Не кереги бар күнөөгө батып?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   vavilon.   07 Август 2017 - 18:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 055
  • Катталган: 12 Февраль 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2024 19:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо

Эркек экенсин, бул гүндөрүң да өтүп кетет бирок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   maratbek88.88   07 Август 2017 - 21:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 18 Фев 2022 01:18

Бул не бала деп салды Аялы бар туруп и тигининда эри бар окшойтко кайын журтуна дегенине караганда.Жыттап Кучактап деп жолуккусу келип анан не болот кучактап опкулолоштон кийин не болушун билбейби бул
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   asylbekova   07 Август 2017 - 22:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 112
  • Катталган: 04 Май 16
  • Соңку аракети: 25 Мар 2025 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Озунчо озу айтмакчы кыялданып коюптурда.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   mikoo   08 Август 2017 - 00:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 30 Июль 16
  • Соңку аракети: 03 Янв 2021 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Октябрьский

Ушунчалык болуп калыптыр убагында уйлонуп эле албаптырсыз дааа
..... . .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   defne15   08 Август 2017 - 01:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 367
  • Катталган: 05 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 22:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сонун айылда

Тема ачып бир тамаша кылайын дегенго автор чамасы.
Токол кылып уйлонуп ал.Куноого да батпайсын,кантседа ак никелуу аялын болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Narinka   08 Август 2017 - 16:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 06 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2017 10:04
  • Жынысы:Аялзаты

Турмушта ар нерсе болот да.Жаман оюм жок деп жатат го.Журок коксоп самап турса уй булосу бар экенине карамак беле.Эрининен ооб,деген жери кичине аша чабыптыр.Бирок суйлошуп отурса эмнеге болбосун.(Менин оюм ушундай,каттуу критакалабагыла).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   08 Август 2017 - 16:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Биринчи суйуу унутулбайт окшобойбу…
Откон нерсе откон чакта калганы кандай жакшы, кайра-кайра энсоону кучотпой…
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   buku   08 Август 2017 - 17:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 19 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 10:17

Sweet-like калганы кандай жакшы кайра кайра энсетпей, бирок калбайт да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Ali_Bolotbek   08 Август 2017 - 17:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Май 2023 11:34

Просмотр сообщения Narinka (08 Август 2017 - 16:24) жазган:

Турмушта ар нерсе болот да.Жаман оюм жок деп жатат го.Журок коксоп самап турса уй булосу бар экенине карамак беле.Эрининен ооб,деген жери кичине аша чабыптыр.Бирок суйлошуп отурса эмнеге болбосун.(Менин оюм ушундай,каттуу критакалабагыла).


Туур аайттың да ушуну)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   sasik   09 Август 2017 - 09:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Narinka (08 Август 2017 - 23:24) жазган:

Турмушта ар нерсе болот да.Жаман оюм жок деп жатат го.Журок коксоп самап турса уй булосу бар экенине карамак беле.Эрининен ооб,деген жери кичине аша чабыптыр.Бирок суйлошуп отурса эмнеге болбосун.(Менин оюм ушундай,каттуу критакалабагыла).



Эмнеге суйлошот?Эмнени суйлошот?Уйлонгон эркек турмуш эмне экенин билбеген,жаш кыз.Экоонун ортосунда кандай соз болушу мумкун?Эркектин оюнда бир эле ой жашайт да озу деле айтыптырго" ооп"деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   sasik   09 Август 2017 - 10:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Ali_Bolotbek (09 Август 2017 - 00:04) жазган:

Туур аайттың да ушуну)


Сиздин дагы кызынызды ушинтип уйлонгон эркек жумшак колдорунан кармап,жытын жыттап,эрининен ооп турса кантээр экенсиз.Ал дагы бироонун мончоктой болгон кызы да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Deniza88   09 Август 2017 - 21:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 797
  • Катталган: 07 Август 14
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 01:54
  • Калаасы:Ай

Ушу эркектердин мээси башка жагында деген чын. Аялына да бироо ошентип арзып жургондур. Анан Ким жаман аял жаман дегендер сендей адамдан чыгат. Башкага бок издеп уйлондунбу? Албайт белен Ошо сулуушканды? Аялды неге алдын анан? Уффф ушу эркектер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Aijamal0405   14 Август 2017 - 10:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 28 Апрель 17
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2024 16:29
  • Жынысы:Аялзаты

Башталды. ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 05:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: