Суперстан: Ош шаарында! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ош шаарында! Келечекке кызмат кыла турган көпүрө

#21 Пользователь офлайн   KUMU89   29 Ноябрь 2013 - 03:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 16:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Boloor bala degendei, boloor mer uwuntip ele iwtei beret. Kanchalagan jakwy iwterdi buturup jatat!? Bul bizdin, bizdin urpaktarga kaluuchu nerse. Eger uwuncha iw buturup, el kozuno korunboso. Biyliktegilergeda korunmok emes, bawka merlerge okwop iwtemiw bolup jurmok. Iwtep jatat! El baalap jatat.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Декабрь 2013 - 00:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине
75 жыл толду
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Декабрь 2013 - 00:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ОГПИде 1-курстардын ортосунда өткөрүлгөн “Таланттууларды издейбиз” кароо сынагы жыйынтыкталды. Сынак ушул убакка чейин факультеттердин ортосунда жүргүзүлүп, тандалган таланттуу студенттер Ош улуттук драма театрында чоң гала концерт тартуулашты. Мындай иш-чара жылына салтка айланып таланттуу, шыктуу жаштарды колдоо жана алардын табият тарабынан берилген жөндөмдөрүнүн өстүрүү максат болуп саналат. Мыкты катышкан бардык студенттерге окуу жай тарабынан дипломдор жана белектер тапшырылды. Концерт атайын лоторея оюну менен коштолуп көрүүчүлөргө мыкты маанай жарата алды. Ошону менен бирге алгачкы окуу жайдын босогосун аттаган студенттерди кабыл алуу аземине карата зачеттук китепче жана билим ачкычы бүтүрүүчү курстар тарабынан берилди.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Декабрь 2013 - 00:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эгемберди уулу Кубанычбек учурда бокс, Валету-до, нагаГриплинг ( күрөштүн мусулманча түрү. Мында кайруу ыкмасы менен каттуу уруп согуу жок, жеңишке жетүүгө болот) түрлөрү боюнча Кыргызстандын спорт чебери, Эр кулатуу таймаш ММА спорттун түрү боюнча эл аралык класстагы спорттун, ошондой эле панкратион (эрежесиз эр уруш) боюнча бир топ жеңиштерди багындырып, чемпион аталып, Кыргызстандын намысын коргоп келе жаткан чагы. Жаштайынан спорттун түрлөрүнө кызыктырып, өлкөнүн туусун желбиретүүгө, намыс үчүн күрөшүүгө тарбиялаган Кубанычтын атасы Эгемберди Исмаиловдун эмгегин опол тоодой экендигин баса белгилегенибиз туура болчуудай. Уядан эмнени көрсө… Атасынан спорттук таалим-тарбия алган Кубаныч, үй бүлөсунө гана кубаныч тартуулабастан жалпы Ош шаарынын элине жана Кыргызстанга да сыймык алып берүүдө. Анткени ага спорт майданында алга сүрөгөн, машыктырган спорт чеберлери, машыктыруучуларынын таасири абдан чоң. Алар: Кылыч Капанов, Эмил Токтогонов, Нурланбек Кулдашов, Дильшад Темиров жана Шайлообек Атазов агайлары. Мына жогорудагы аты аталган агайларын көрүп, алар басып өткөн жолду кайталап, жеңишти багындырып келе жатат жана мындан ары көптөгөн ийгиликтерди жаратаарына ишенебиз. Американын Флорида штатында… Нага Гриплинг ( күрөштүн мусулманча түрү. Мында кайруу ыкмасы менен каттуу уруп согуу жок, жеңишке жетүүгө болот) боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлүп, ага катышкан Кубанычбек 63 кг салмактагылар арасында 1-орунду камсыз кылып, Кыргызстандын чемпиону аталган. Мына ушул жеңиштен кийин чемпион катары атайын Америкага жолдомо алып, Флорида штатынын Маями шаарында өткөрүлгөн чемпионатка катышып келди. Бөтөн жерде да намысты колдон
чыгарбай 59 кг салмактагылар арасында жеңишке жетишип, 1-орун алуу менен алтын курду тагынып келгендиги Кыргызстандыктарга өзгөчө сыймык алып берди. Анткени Кыргызстандан барган 8 спорт чеберлеринен жалгыз Кубанычбек Ош шаарынын атынан кошулган эле. Бактыга жараша океандын аркы өйүзүндө да алтын курду тагынып, Кыргызстандын желегин желбиретип, Кыргыз Гимнин шаңдуу жаңыртып кайтты. Баракелде, Кубанычбек! Оштуктар спорт чеберлерин колдойт… Быйылкы жылы Ош шаарынын мэри баш болуп, шаардыктар жаштарыбыздын спорт жаатында ийгиликтерди жаратып келе жатканына сүйүнүп, аларга колдоо көрсөтүп жатат жана жеңишти камсыз кылган спорт чеберлерин массалык маалымат каражаттарында чагылдырып, теле берүүлөрдөн көрсөтүп, мактоого даярбыз. Ал эми спорт чеберлерин чет элге жөнөтүүдө материалдык жардам берүү да абдан чоң мааниге ээ экендиги талашсыз. Бирок Кубанычбекке каржы маселесинде Америкага узатып, материалдык жактан дайыма колдоп жакындан жардам берген агасы жана демөөрчүсү Сүйүн Нурматов жана Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадыровичтин салымын айтпай кетүүгө болбойт. Спорт жаатында жакшы саамалыктарды жараткан шаардык спорт комитетинин жаштарына жана спорт чеберлерине жалаң жеңиштерди каалайбыз. Бар болуңуздар, шаарыбыздын жана өлкөбүздүн намысын коргогон спорт чеберлери!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Декабрь 2013 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ош гуманитардык – педагогикалык институту «Жусуп Мамайдын «Манас» эпосун мурас катары сактап калуудагы кошкон салымы» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференцияга ОГПИнин окутуучуларынан сырткары ОшМУ, ОшТУ, ЖАМУ, Ж. Баласагун атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жана Кытай Эл Республикасынын окумуштууларынын 50дөн ашык макалалары киргизилип, алар төрт сексияда иш алып барышты. Илимий конференция белгилүү манасчы Р. Исаковдун манас айтуусу менен башталды. Бүгүнкү күндө кыргыздын өчпөс мурасы болгон “Манас” эпосунун орду анын натыйжалуулугу, дегеле Манас атабыздан калган таалим-тарбияны унутта
калтырбай, учугун улаган Жусуп Мамайдын өмүр
чыгармачылыгы биздин эсибизде. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Вице-президенти А. А. Акматалиев өкмөт тарабынан берилген жарлыкты
ишке ашырууга биринчилерден болуп киришкен окуу жайга терең ыраазычылыгын билдирди.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Декабрь 2013 - 00:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ош шаардык муниципалдык турак-жай мекемесинин башчысы Ошто суу өткөрүүчү лотокторду куруу иштери аяктоо алдында турат. Суу өткөрүүчү лотокторду шаардын Ленин, Абдыкадыров Джинн көчөлөрүнө жана Мотодром аймактык кеңешине куруу пландалган. Аталган курулушту Ош шаардык муниципалдык турак-жай мекемеси колго алган. Азыркы убакта Ленин көчөсүндө куруу иштери аягына чыгып калды. Суу өткөрүүчү лотоктордун жалпы узундугу 2531 метр
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Vazir   02 Декабрь 2013 - 02:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Kyrgyz today .kg сайтынан алынды :Ош шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгүнө даярдык күч алган сайын Мелис Мырзакматовду колдогон шаардык кеңештин депутаттарына жана мэриянын чиновниктерине куугунтуктоо күч алды. Муну менен бийлик мэр Мелис Мырзакматовдун командасын талкалап шайлоонун астында жылаңач калтыргысы келүүдө. Буга чейин Ош шаардык мэриянын Мелис Мырзакматов таянган 13 чиновнигине кылмыш иши ачылып, сурактарга чакырылып, укук коргоо органдары тарабынан кысым көрсөтүлүп келатса эми Ош шаардык кеңешинин "Улуттар биримдиги" фракциясынын 5 депутатына каршы ар түрдүү кылмыш иштери ачылды. 2013-жылдын 29-ноябрында Ош шаардык соту шаардык кеңештин "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаты, шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн жана Кыргызстандын 5 жолку чемпиону Шайлообек Атазовду 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Соттук бул чечим БШКга жетери менен Шайлообек Атазов депутаттык мандатынан ажыратылат. Шайлообек Атазовго өзү жетектеген ишкананын мурунку жетекчиси чыгарган чечимди аткаргандыгы үчүн айып тагышты. Ага чейин "Улуттар биримдиги" фракциясынын дагы бир депутаты Ишматов Хажинаби да укук коргоо органдарынын кысымынан кийин жүрөгү кармап каза тапкан. Натыйжада, жакынкы күндөрү Ош шаарынын мэрин шайлоого добуш берүүчү Ош шаардык кеңешинин башкаруучу көпчүлүк коалициясы азчылык коалицияга айланганы турат.

Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 02 Декабрь 2013 - 02:29

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Vazir   08 Декабрь 2013 - 05:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Бул М.Мырзакматовду колдоп чыккан эл. "3 миң кишиден коркпойм" ,-деген АШАнын дѳѳдүрѳгүнѳ жооп. 20 миңден ашуун колдоочулар. Тээ, облустук осол бийлик, Шарип аксакалдын кызмат десе эт-бетинен кеткен Сооронбайдын эшигин карасаңар. Аскерлер тизилип турат. Сокеңер айнектен ичи тарып, Мекеңди колдогон элди карап, "мени да ушинтип колдосо ээ",-деп кыялданып атса керек. Ишенип койгула, Сокени бир ѳрѳѳндүн кулуну катары айтам, 20 киши колдобойт. деп жазыптыр Социалдые туйундо ))))))
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   kanat4ik   09 Декабрь 2013 - 01:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жакында Ош шаардык Депутаттар Кеңешинин төрагасы Таалай Сабиров жетектеген Ош шаардык мэриясынын делегаттары Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн шаарлар аралык экономикалык өнүгүү боюнча эл аралык форумга катышты. Форумга Кыргызтан, Түркмөнстан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Турция, Өзбекстан, Тажикстан жана Грузия мамлекеттринин өкүлдөрү “Улуу Жибек Жолунун экономикалык коридорун” шаарлар менен биргеликте өнүктүрүү боюнча үрүмчү кызматташтыгына кол коюшту. Ошондой эле, соода-экономикалык кызматташтык, “Улуу Жибек Жолунун экономикалык коридорун” шаарлар аралык маданий, билим берүү, саламаттык жана спорт боюнча биргелешкен кызматташтык боюнча 5 протоколго кол коюлду. Мындан сырткары, экономикалык жактан өнүктүрүү, илимий техникалык биримдик, өнөр жай ишканаларын биргеликте өнүктөрүү, обөектилерди куруу жана “Улуу Жибек Жолунун экономикалык коридорун” шаарлар аралык базарларды кеңейтүү боюнча протоколдорго кол коюлду.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   kanat4ik   09 Декабрь 2013 - 01:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Келдибеков жалгыз эмес! Муну
эки жактуу жана албетте тар жана кеңири мааниде да түшүнсө болоорун Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын УКМС абагынан үй камагына алмаштыруу талабы менен көчөгө чыккан тарапкерлери да, «Бириң өрүк, бириң тал, бириң өлүп, бириң кал!» Кыязында четте карап – багып тургандар да жүйөөлөшүүдө. Биринчилери өзүнүн чыгаан уулдарынын бирин бийликтин өкүмзорлук зомбулугуна жөн эле салып бере койбойбуз дешсе, экинчилеринин баамында Кыргызстанды чейрек кылымга чукул мезгилден бери чебер курттай жеп, сүлүк курттай канын соруп келаткандардан Келдибеков жалгыз эмес. Ошол чейрек кылымга жакын мезгилден бери бийликтин кайсыл бир эки тизгин, бир жылоосун мыкчып олтургандардын бирин да калтырбай дал ушундай усул- ыкма менен аз айып, көп күнөөгө жыкса болоорун эсеп-чоттон өткөргөндөр андан көп. Кудай үчтү сүйөт! Деген орустун макалын кыргызга үчүнчү төңкөрүш маанисинде колдонуунун бетин жараткан Эгем ары кылсын! Бирок, азыр бизде «Көчө демократиясы» күчүнө дагы кирип, анын Шайлообек Дүйшеев айткан «Бузулган адам оңолор бир күн, бузулуп турган замандан сакта!» болубаткан маал. Бизде эле дейин десең, оо бир кезде утурумдук президент Отунбаеванын дем-шыгын ойготкан жоогазын революцияларынын биринин мекени Украинанын борборуна жыйылып «Беркут» атайын бөлүкчөсүнүн жоокерлери менен алармандарга тытышып жаткан жүз миңдеген митингчилерди көргөндө жакаңды кармайсың. Расмий маалыматка караганда, биздеги жол бууп көчөгө чыгып жаткандардын саны алар өзлөрү санаганчалык эле көп эмес экен да, митинг-пикетке чын ниет адилет пикир менен чыккандар аз имиш. Угуп-көрүп олтурсаң элдин баары эле сатылып, сары улактай садагага чабылып бүтүптүр.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   kanat4ik   09 Декабрь 2013 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин алдындагы «Кыздар кеңеши» тарабынан «Бекем үй-бүлө, бекем өлкө» аттуу медициналык окуу долбоору өз ишин баштады. Долбоордун негизги максаты: жаштардын өз ден-соолугуна кам көрүүсү боюнча медициналык маалымат берип, жаштар арасындагы түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу болуп саналат. Ошондой эле окуу төмөнкү багыттарда 3 айлык мөөнөттө акысыз окутулат: Алар алгачкы жардам, акушер-гинекологиялык жардам, урология, массаж, психология жана ымыркайга кам көрүүнү үйрөтөт. «Окуу долбооруна Ош шаардагы жогорку жана атайын орто окуу жайлардагы студенттери жана мектеп окуучулары кабыл алынды. Тренерлер Ош шаардык ооруканалардан келип, атайын интерактивдуу методдор менен сабак өтүшөт”-деп билдирди окуу долбоорунун координатору Махаббат Ибрагимова. (А.О)
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   kanat4ik   09 Декабрь 2013 - 01:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ош шаарынын «Коңурат» спорт комплексинде эркектер арасында спорттун Волейбол түрү боюнча 1-чемпионат болуп өттү. Түштүк региону боюнча 1-жолу өтөрүлүп жаткан бул мелдешке Кыргызстандын беш волейбол клубу «Дархан» ОшТУ, «Жаштык» Сузак району, «Жаш Күч» Ош шаары, «Ош бажы» волейбол клубу жана «Тримекс» ОшМУнун волейбол командалары катышып, оюндун биринчи турун жыйынтыкташты. Спорт күйөрмандарын кызыктырган кызуу мелдеште «Жаштык» волейбол командасы биринчиликти , 2-орунду «Ош бажы» командасы ээ болушту. Ал эми 3-орунга 3 команда («Жаш Күч», «Дархан», «Тримекс») бештен упай чогултуп, тең баратышат. Чемпионат Ош шаарынын жана облустук волейбол федерациясынын демилгеси менен Билайн компаниясынын демөөрчүлүгү аркасында өткөрүлүүдө. Мелдештин байге фонду 50 миңди түзүп, өзгөчөлөнгөн оюнчуларга ар түрдүү номинациялар менен жеке баалуу белектер уюштурулган. Ал эми таймаштын 2-туру 15-16-декабрда өткөрүлөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   kanat4ik   09 Декабрь 2013 - 01:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу балдар мектебинин жамааты мектептин ачылгандыгынын бир жылдыгын салтанат менен белгилешти. Бир жылдыкка арналган жыйында ушул мезгил ичиндеги аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, слайд-шоу көрсөтүлдү. Мааракеге келген меймандарга мектеп жамааты ыр, бий тартуулап, мектеп шаңга бөлөндү. Жыйында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын методикалык жетекчиси Гүлмира Осекова, «Олимп» гимназия мектебинин директору Александр Алексеевич Язов жана башкалар куттукташып, мектеп жамаатынын ишине ийгиликтерди каалашты.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Mr.katagan   09 Декабрь 2013 - 01:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 550
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Мар 2014 22:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Башы оогон жерде

Просмотр сообщения kanat4ik (26 Ноябрь 2013 - 00:37) жазган:

Прикрепленный файл 045a0513d5addf28fd8a298d782fb904. jpgПрикрепленный файл 1e5708983576f2ea3662c9fabb72d76c. jpgПрикрепленный файл a95abdce3bb9a33765c734819843f2b5. jpgКөпүрөнүн проекти: Ош шаарынын Навои көчөсүндө курулушу башталган бул көпүрө келечекте Ош шаарындагы кооз курулуштардын бири болмокчу. Ош шаардык мэриясынын вице-мэри Рустам Мирзаматовдун билдирүүсүнө караганда азыркы мезгилде көпүрөнүн алдындагы коммуникациялык түтүкчөлөр алмаштырылууда. Түтүкчөлөр алмаштырылып бүтөөрү менен курулуш иштери башталмакчы. Курулушту тендерде Кытайлык көпүрө куруу боюнча чоң тажрыйбасы бар компания утуп алды. Жаңы көпүрөнүн курулушу 500 миллион сом менен бүткөрүлмөкчү. Азырынча курулуш жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат жана атайын эсепке которулган, шаар тургундарынын колдоосу менен түшкөн каражат менен башталууда. Көпүрөнүн курулушун Ош шаарынын тургундары колдошууда. Эски көпүрө качан кулап түшөөр экен деп кооптончу элек, жаңы көпүрөнү баштаганы үчүн Мелис Мырзакматовго ыраазыбыз, эми кудай колдоп бүтүп кетсе экен,-дешет көпчүлүк шаар тургундары. Көпүрөнүн жерден көтөрүлүп турган бөлүгүнүн узундугу 430 метр, эндүүлүгү 24 метр болот. Көпүрө менен жолдун жалпы узундугу 940 метр болмокчу.

Мына жарашат экенго ушундай козго жагымдуу кулака уккулуктуу нерселерди жазсак рахмат Канатчик.
Кечке еле максарлап каралап кайым айтышып олду ал адам эмес кетириш керек жеш керек самса наавай нан деп кереели кечук урушпай.Жакшылык иш аста аста дейт
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Jamalym   10 Декабрь 2013 - 12:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Просмотр сообщения Vazir (08 Декабрь 2013 - 05:56) жазган:

Бул М.Мырзакматовду колдоп чыккан эл. "3 миң кишиден коркпойм" ,-деген АШАнын дѳѳдүрѳгүнѳ жооп. 20 миңден ашуун колдоочулар. Тээ, облустук осол бийлик, Шарип аксакалдын кызмат десе эт-бетинен кеткен Сооронбайдын эшигин карасаңар. Аскерлер тизилип турат. Сокеңер айнектен ичи тарып, Мекеңди колдогон элди карап, "мени да ушинтип колдосо ээ",-деп кыялданып атса керек. Ишенип койгула, Сокени бир ѳрѳѳндүн кулуну катары айтам, 20 киши колдобойт. деп жазыптыр Социалдые туйундо ))))))


Элестетип алып уйду жарып каткырдым го :хаха:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   happyfamily90   10 Декабрь 2013 - 14:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 24 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Июл 2014 18:08

ОШ шаарында кун чайыттай ачык,асман кокмок бир да ак булут жок. Эшикте жаны торолгон наристесин, артынан бир же эки баласын ээрчиткен жаш келиндер,аларга кошулуп мен да балам менен сейилдеп келдик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Maxabat81   11 Декабрь 2013 - 14:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 12 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Июн 2014 01:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Инша Аллах баары жакшы буйурса, Мэр аман болсун даагы даагы коптогон жакшылыктарды жасай берсин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Aidana91   11 Декабрь 2013 - 22:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Мар 2021 03:21
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Алай

Мэр аман болсо,эл колдойт. Бирок адамдардын колунан баары келет
May7.14
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Декабрь 2013 - 01:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Агентство США по международному развитию (USAID) организовало серию общественных мероприятий в Кыргызской Республике, чтобы отметить Всемирный день борьбы со СПИДом. Мероприятия проводились в городах Бишкек и Ош, а также в Джалал-Абадской и Чуйской областях. Согласно данным Республиканского центра СПИД, на 1 ноября 2013 года в Кыргызской Республике зарегистрировано 5,060 человек с ВИЧ инфекцией; по утверждениям экспертов это число гораздо выше. В Кыргызской Республике ВИЧ, в основном, передается через общее употребление игл и шприцев потребителями инъекционных наркотиков. Эта группа составляет 57% всех случаев ВИЧ в стране. Представители USAID, местной администрации, персонал Центра семейной медицины и участники метадоновой программы собрались в селе Сокулук, чтобы поделиться своей историей и опытом. Была жаркая дискуссия о трудностях, с которыми сталкиваются потребители инъекционных наркотиков во время посещения метадонового пункта, и о нехватке юридической помощи. Представители НПО, которые проводят информационно- разъяснительную работу, открыто и честно говорили с теми, кто пришел на это мероприятие, рассказали им об их правах, а также объясняли участникам, как получить услуги по профилактике и лечению. Проект USAID «Диалог по ВИЧ и туберкулезу» предоставляет техническую поддержку, тренинги по улучшению доступа к услугам по профилактике и лечению ВИЧ и туберкулеза среди групп населения, которым грозит повышенный риск заражения данными заболеваниями. Проект осуществляется консорциумом партнеров, возглавляемым «Population Services International» (PSI), в состав которого входят также «Project HOPE» и «СПИД фонд восток-запад» (AFEW). Данная программа является одной из многочисленных проектов оказания помощи, реализуемых при поддержке американского народа через Агентство США по международному развитию. За более подробной информацией о программах USAID посетите веб-сайт: www.usaid.gov или https://www.facebook. ..DKyrgyzRepublic
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   anara85   12 Декабрь 2013 - 18:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 423
  • Катталган: 25 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Май 2014 03:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эки тоонун ортосу

Баарыбыз колдойбузго таза шайлоо болсолеСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 22:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: