Коопсуздук боюнча эксперт, генерал Артур
Медетбеков:
Жакында Мырзакматов ар түрдүү кысымдардан
улам өз үй-бүлөсүн Орусияга көчүрүүгө аргасыз
болгонун жарыялаган.
Байкоочулар мурдагы мэр
кайрадан шайланбай калса, анда анын арты
массалык нааразылыктарга алып келет деп
эсептешет. Жергиликтүү агенттиктерде мурдагы президент
Бакиевдин жакындары да Оштогу кырдаалды
курчутууга аракет кылууда деген маалыматтар
тарап кеткен. Коопсуздук боюнча эксперт,
генерал Артур Медетбековдун айтымында
Кыргызстандын туруктуулугуна ушул тапта Оштогу кырдаал тууралуу такталбаган
маалыматтар көбүрөөк зыян келтирип
жаткансыйт.
“Мырзакматов жеңилип калса, анын
жактоочулары Ошту басып алат экен. Ага
кошулуп, Бакиевдер дагы бир жактан аракет
көрүп жатыптыр. Жаныш Бакиев Кытайдын
Үрүмчү калаасына келиптир дегендей акылга
сыйбаган билдирүүлөр жасалууда”,
- дейт ал. Мурдагы чекист Оштогу мэрди шайлоо алдында
саясатчылар эң биринчи кезекте 2010-
жылдагыдай улуттар аралык жаңжал чыгып
кетүү коркунучтарына өзгөчө көңүл бурушу керек
деп эсептейт. “Оштогу талаш-тартыштардын арты менен
кандайдыр бир чатак чыкса, аны пайдаланууну
көздөгөн күчтөр дагы чыгышы мүмкүн. Улуттар
аралык жаңжалды курчутуу коркунучтары эң
опурталдуу жагдай деп эсептейм”, - деди
генерал. Кыргызстандагы саясий жана экономикалык
жактан стратегиялык мааниге ээ болгон эки
негизги шаарда жаңы мэрлерди шайлоого
саналуу күндөр калды. Талапкерлер шаарды өнүктүрүү үчүн кандай
долбоорлорду сунуштайт, экономикасын кантип
көтөрөт деген суроолор унутта калгансыйт.
Айрыкча, Ош калаасындагы мэрдин орду, мурда
кийин кийин болуп көрбөгөндөй саясатташып
турган чагы.
Ош шаарында! Келечекке кызмат кыла турган көпүрө
#61 12 Январь 2014 - 19:06
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#62 12 Январь 2014 - 19:07
Кыргызстандын бийликтери Бишкекте жана
Ошто 15-январда мэр шайлоо учурунда
кырдаалды бузуп-жаруу аракеттер болушу
мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Ошон үчүн
мурдакы президент Бакиевдин үй-бүлөсү, бир
туугандары каршылык акцияларын уюштурган жатат деп маалымат
каражаттарына чыгып кеткен маалыматтын
чын-бышыгы текшерилүүдө. Бул туурасында
вице-премьер министр Токон Мамытов
билдирди.

Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 12 Январь 2014 - 19:07
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#63 14 Январь 2014 - 01:02
Ошто шаар мэрин шайлоого үч-төрт күн
калганда көчөлөрдө жана базарларда өзбек
улутундагы депутаттардын сүрөттөрү жана
даректери жазылган баракчалар пайда болду.
Улут аралык кандуу кагылыштан жүрөгү
калып калган шаардыктар муну дароо эле жамандыкка жорушту. Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы
Замир Сыдыковдун айтымында, коогалаң ойго
салган баракчалар азыркы учурда алынып
салынды. Бул сүрөттөрдү ким кандай максатта
жарыялап илип жатканын азыркы учурда
компетенттүү органдар текшерүүгө киришти. Ош шаардык кеңештеги өзбек тектүү
депутаттардын сүрөттөрү жана даректери
жазылган баракчалар адегенде базарларла
таратылган. “Негизинен базарда эртең менен сатуучулардын
прилавкаларына алып келип таштап кетишкен.
Шаардык кеңештеги өзбек тектүү депутаттардын
сүрөттөрү жана даректери жазылган,
ксерокопиядан чыгарылган баракчалар. Бул
баракчаларды шайлоодо ат салышып жаткан атаандаштар тарабынан жасалды деп айтууга
азыр негиз жок. Үчүнчү күчтөр тарабынан да
жасалган аракеттер болушу мүмкүн. Бул ишти
иликтөө үчүн атайын топ оперативдүү түзүлдү”,-
деди Замир Сыдыков. Ошто мэрди шайлоо алдында мурдакы
президент Бакиевди жактаган күчтөр тополоң
чыгаруу операциясын камдап жатат деген
маалымат тарап, укук коргоо органдары
коопсуздукту күчөтүп, бардык булакты аңтарып,
текшерип жатышканын айтышкан. Бирок реваншисттердин версиясын аныктаган
маалымат боло элек. Ош шаардык кеңешиндеги өзбек улутундагы
сегиз депутат бар. Беш депутат Оштун мурдакы
мэри, азыр кайрадан талапкер болуп жаткан
Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги”
фракциясында, үч депутат шаардык кеңеште
азыр көпчүлүктү түзгөн КСДП, "Республика" фракцияларынын коалициясында.

#64 14 Январь 2014 - 01:03
Байкоочулардын баамында чагымчыл
баракчалар Ош шаардык кеңешиндеги
депутаттарга мэр шайлоонун алдында астыртан
эскертүү, коркутуу максатында жасалган саясий
жүрүш болушу мүмкүн. Ош шаардык
кеңешиндеги депутаттар өздөрү дагы ушундай ойдо болуп жатышат. “Мен азыр депутат Аманулла Иминов менен
сүйлөштүм. Ал айтат, кандайдыр бир күчтөр
көчөгө сүрөттөрдү илдирип, адрес-
телефондордон бери жазып көрсөтүп
жармаштырып коюптур, демек бизди коркутайын
деп атат, - дейт Оштогу «Мыйзам жана тартип» коомдук бирикмесинин жетекчиси. - Шайлоо
мезгилинде улуттар аралык картаны ойнотуп,
кайрадан тополоң чыгаргысы келген күчтөр бар,
аны ачык айта алам”,-дейт Изатулло
Рахматуллоев. 15-январда боло турган шайлоодо Ош шаарында
мэр кызматына эки күчтүү талапкер ат салышат.
Шаардык кеңештеги бийликчил партиялардын
фракциясы Айтмамат Кадырбаевди көрсөтүшкөн.
Мелис Мырзакматовдун артында болсо өзү
негиздеген “Улуттар биримдиги” партиясынын фракциясы турат. Ош шаары төрт жыл мурда болгон кандуу
окуялардан толук сакайа элек. 2010-жылы июнда
болгон улут аралык кагылышуу көп сандаган
адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып
келди. Бардыгы болуп 470тей адам өлгөн. Эки
миңдей адам жаракат алган. Шаарда талап- тоноо, үй-жайларды, имараттарды өрттөө,
каракчылык өңдүү каргашалуу окуялардан
шаардыктар жүз миллиондогон материалдык
зыян тарткан.

#65 15 Январь 2014 - 06:09
#66 17 Январь 2014 - 18:25
Маалыматтарга караганда, шаар мэринин үч
орун басары (Ильяс Раджапов, Рустам
Мирзаматов, Дастан Ходжаев), мэрия
аппаратынын башчысы Айдар Казиев жана
мэриянын 4 бөлүмүнүн кызматкерлери иштен
кетти. «Коомчулук менен байланышуу боюнча кызмат жетекчиси Камил Сыдыков да кетүү
тууралуу арызын жазды. О.э. басмасөз
кызматында иштегендер кетишти», - дешти иштен
бошонгондор. Бул Оштун жаңы мэрине карата каршылыкпы
деген суроого, жооп болгон жок.
орун басары (Ильяс Раджапов, Рустам
Мирзаматов, Дастан Ходжаев), мэрия
аппаратынын башчысы Айдар Казиев жана
мэриянын 4 бөлүмүнүн кызматкерлери иштен
кетти. «Коомчулук менен байланышуу боюнча кызмат жетекчиси Камил Сыдыков да кетүү
тууралуу арызын жазды. О.э. басмасөз
кызматында иштегендер кетишти», - дешти иштен
бошонгондор. Бул Оштун жаңы мэрине карата каршылыкпы
деген суроого, жооп болгон жок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#67 17 Январь 2014 - 18:27
Оштун вице-мэри Дастан Ходжаев отставкага
кеткенин «24.kg» МАга ал өзү билдирди. Аткаминердин айтымында, ал өз эрки
менен кызматтан кетип жаткандыгы тууралуу
арызын жазып, вице-мэрдин ыйгарым укуктарын
тапшырды. «Менин аракетимде саясый негиз
жок. Жаңы мэрде жаңы команда болуш керек», -
деди ал. «Өз эрки менен кызматтан кетип аткан башкалар
тууралуу эчнерсе айта албайм. Мен өзүм үчүн
гана жооп бере алам», - деди Дастан Ходжаев. Мэриянын басмасөз кызматынан бул
маалыматка комментарий беришкен жок.
кеткенин «24.kg» МАга ал өзү билдирди. Аткаминердин айтымында, ал өз эрки
менен кызматтан кетип жаткандыгы тууралуу
арызын жазып, вице-мэрдин ыйгарым укуктарын
тапшырды. «Менин аракетимде саясый негиз
жок. Жаңы мэрде жаңы команда болуш керек», -
деди ал. «Өз эрки менен кызматтан кетип аткан башкалар
тууралуу эчнерсе айта албайм. Мен өзүм үчүн
гана жооп бере алам», - деди Дастан Ходжаев. Мэриянын басмасөз кызматынан бул
маалыматка комментарий беришкен жок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#68 17 Январь 2014 - 18:30
Зайырбек Ажыматов: Ош мэрин шайлоода
бийлик уят болду, жеңиш Мырзакматовго
ооду
Мындай пикирин «24.kg» агенттигине белгилүү
акын Зайырбек Ажыматов билдирди. «Мелис Мырзакматов абдан туура кадам кылды.
Баарыбыз мыйзамды сыйлашыбыз керек.
Шайлоодон утулдуңбу, унчукпай басып кет.
Бирок бул жерде күлкүлүү окуялар да аябай көп.
Менимче, Оштогу мэрди шайлоодо бийлик өтө
уят болуп, тескерисинче, Мырзакматовго жеңилип берди. Себеби Мырзакматов коркуп,
калтырап турган бийликти таңгалтып, сырттагы
котолоп турган элди тарагыла деп басып кетти»,
– дейт Зайырбек Ажыматов. «Айрымдарга бул окуяда бийлик жеңгендей
көрүнүп атса керек. Бирок чындыгында маселе
башкада. Эң башкысы, азыркы бийлик бир экс-
мэр менен кармашам деп атып өзүнүн болгон
дараметин көргөзүп алды. Эл алдында кадырын
кетирди. Бүтүндөй мамлекеттик машиненин кайсы бир экс-мэрге каршы иштегени, чегара
унутта калганы, а тургай бийликтин этегин үзө
баскан кошоматчыларынан бери экс-мэрге каршы
иштегени күлкүнү келтирди. Бул көрүнүш азыркы
бийлик үчүн өтө аянычтуу көрүнүш болуп
калды», – деп кошумчалады.

#69 05 Февраль 2014 - 23:02
Жергиликтүү ОшТВ телеканалынын үстүнөн
аймактык араздашууга алып баруучу
материалдарды таркаткандыкка шылтап
Кылмыш-жазык кодексинин тийиштүү беренелери
боюнча иш козголушу Кыргызстандагы азыркы
бийликтин өзүнүн саясий атаандаштарына каршы пландуу, иреттүү, ойлонулган иш-аракеттерди
жүргүзүп жатканын толук далилдеди. Канткенде
да бул факты тосмодон ашып өтөм деп абакка
камалган, мандатынан ажыраган жана
парламенттеги мандат саны жагынан эң үлкөн
фракциянын кунарынын учушуна себеп болгон, сөз менен бийликтерге тап берип, бирок иш
жүзүндө колдоп турган Камчыбек Ташиевге да
коңгуроо чалып койду. Анын “7-канал” деп
аталган ММКсы азыр түштүк аймагында
маалымат таркатуу жагынан лидер болуп турган
кези. Убактылуу Өкмөт пайда болуп, анын алешем
аракетинен улам түштүктөгү каргашалуу окуялар
чыгып, жүздөгөн жарандар мерт кеткенден кийин
Ош калаасынан жетекчиси Мелис Мырзакматов
келген бийликтерди мыйзамсыз деп эсептеп,
аларга карата катуу сын-пикирлерди айта баштаган. Кийин өзүнүн “Мен издеген чындык”
аттуу китебинде да Убактылуу Өкмөттүн бетин
ачып, кыргызстандыктарга гана эмес, чет
элдиктерге да апрель-июнь айларындагы болуп
өткөн окуялардын чындыгын ачып берген. Кийин да М. Мырзакматов борбордук
бийликтерге болгон сын пикиринен жазбады, ал
эле эмес катуу, ачуу сындарыменен өлкө
башчысына катылгандан да кайра тартпады.
Албетте, мунун баары борбордук бийликтердин
алсыздыгы, социалдык базасынын начардыгы, жетекчилердин лидер боло албагандыгынан эле.
Ошол эле кезде М. Мырзакматов шаардын
социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу,
элдин арасындагы айрым проблемаларын чечүү,
тартип орнотуу жагынан аракеттерди жасап,
жалпы шаардыктардын арасында гана эмес, анын чегинен тышкары жактарда да кадыр-барк
топтой алды. Кала берсе, өлкөнүн алыскы
аймактарында да анын ысмын урмат менен атай
башташты. Албетте, өзүнүн саясий атаандаштарын саясий
чөйрөдөн четтетмейинче жакшы нерсеге жете
албасын сезген, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү
Азиз Батукаевдин жаза өтөп жаткан жеринен
Чеченстанга зор урмат-сый менен узатылышына
түздөн-түз себепкер болуп калган азыркы бийликтин эл арасында кадыры түшүп кетти. Ага
кошумча Кумтөр маселеси келип чыгып, ал
жерде да бийликтин кадыры жерге оонады. Мына
ушундай шартта азыркы бийлик кандайдыр бир
башка нукта иш алып баруу менен саясий
атаандаштарын жеңип алышы керек болчу. Бийликтер коррупцияга каршы кампания баштап,
парламент депутаты Ахматбек Келдибековду
абакка алышты. Иштин кайда баратканын жакшы
түшүнгөн М. Мырзакматов Ош шаарында А.
Келдибековду колдоо боюнча өткөн митингде
аны колдоп чыкты. Бирок, М. Мырзакматовду тузакка түшүрүү максатында тыкан иш алып
келаткан бийликтер текебаевдик мыйзам
долбоорунун кабыл алынышы менен дароо аны
чаап түшүп, анын ордуна кечээки бакиевдин
бандасынан талапкер таба коюшту. Азыркы бийлик саясий тынч атаандаштык жолу
менен саясий атаандаштарын жеңип аларына
көзү жетпейт, себеби атаандаштарынан
социалдык базасы жагынан алсыз. Өлкөдө
нааразылыктар күчөп баратат, экономика аксап,
социалдык абал кургуйга түшүүнүн алдында. Эгерде мигранттардын эмгеги менен чет жактан
келип жаткан каражаттар болбосо, абал ого
бетер кыйындамак. Ошону үчүн бийликтердин
бир гана жолу калды - ал репрессия жолу.
Саясий атаандаштарды репрессиялап, өзүнүн
абалын бекемдөө, 2010-жылдан берки болгон иштерге күтүп турган жоопкерчиликтен аман
калуу үчүн башка жол да жок. Эл ичинде лидер болуп турган М.
Мырзакматовду биротоло талкалоо үчүн анын
коомчулук менен байланышуучу эң маанилүү
куралы – ОшТВ телеканалын муунтуп, мүмкүн
болсо жаап же менчигин өзгөртүп, ошол эле
кезде тийиштүү массалык маалымат каражаттарынан массалык медиа аткылоолорду
уюштуруу, албетте, өзүнүн натыйжасын бербей
койбойт. Негизгиси, кийин М. Мырзакматовду
абакка алуунун массалык кесепеттерин
минималдаштырат. Андан кийин кезекте
бийликке катуу сын айтып, түшүнөн чоочуткан айрым депутаттар абакка алынары турган кеп. А чыныгы репрессия эгер март-апрель тынч өтүп
кетсе, май айларынан башталат. Ага чейин
оппозициянын коомчулук менен байланышуу
мүмкүнчүлүгүн азайтуу, алардын үнү калкка
жетпей турган абалды түзүү жагынан иреттүү,
пландуу жана артка кайтпаган иштер жүрөт. Ал эми ОшТВ телеканалынын кысымга учурашы –
биринчи коңгуроо. Баякы 2010-жылдын апрелиндеги, май жана
июнь айларындагы каргашаларга себеп
болгондор, банк ячейкаларындагы акчаларды
уурдагандар, бюджеттик каражаттарды
туугандарына тилкат менен сарптагандар,
мародерчулук уюштургандар, кримтөбөлдөрдү абактан сый менен чыгарып, калктын үшүн
алууга пайдалангандар, чет элдик
компаниялардын кызыкчылыгын коргоп, элдин
акысына заара ушаткандар, кыргыз
мамлекеттүүлүгүн эл аралык деңгээлде
маскаралап, көз карандысыздыкты башкаларга белек кылгандар жоопко тартылбайт. Алар жана
аларды ээрчигендер эч бир ойлонбой иштей
берсе болот. Эмне демекпиз: башталды...

#70 06 Февраль 2014 - 02:37
Эми ишенгенибиз Мелис мэрден кулады. Кайра АШАнын доорунда олсо да келе албайт. Деги Кыргызстанды ойлогон аткаминер калдыбы? Эми эмне болот? Жазында карапайым эле калктын каны тогулбосо экен...
АльхамдулиЛлях!
#72 06 Февраль 2014 - 12:55
lucky_star (06 Февраль 2014 - 02:37) жазган:
Эми ишенгенибиз Мелис мэрден кулады. Кайра АШАнын доорунда олсо да келе албайт. Деги Кыргызстанды ойлогон аткаминер калдыбы? Эми эмне болот? Жазында карапайым эле калктын каны тогулбосо экен...
Жаңы мер иштей алат бекен ошону күтө туралы.
Барга көппө - Жок го чөкпө
#73 10 Февраль 2014 - 11:36
Мелис Мырзакматов келип коомду озгортууно ишенип ниет кылам биздин коом озгорууго ото муктаж
#74 10 Февраль 2014 - 11:54
Мелис Мырзакматовдун ишин оштуктар гана эмес баткен лейлек эли да колдочу,азыр биз да окунуп атабыз,чынын айтсак баткендин мерин эмес губернаторун да жакшы тааныбайбыз,
козго корунгон жумушу жок да ошон учун эл тааныбайт.чынында М.Мырзакматов эл учун иштеген киши болчу да,аттин....баткен М.Айбалаевсиз корксуз,ош М.Мырзакматовсуз корксуз!
#75 20 Февраль 2014 - 14:44
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына
келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын иши
тууралуу КР Жогорку Кеңешинин токтому кабыл
алынды. Токтомго ылайык, Ош жана Жалал-Абад
шаарларын калыбына келтирүү боюнча
мамлекеттик дирекциянын иши жетишсиз деп табылды. Жыйынга премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев баштаган мамлекеттик органдар
менен текшерүү мекемелеринин жетекчилери,
Дирекциянын мурдагы жетекчилиги, жарандык
коом өкүлдөрү катышты.
келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын иши
тууралуу КР Жогорку Кеңешинин токтому кабыл
алынды. Токтомго ылайык, Ош жана Жалал-Абад
шаарларын калыбына келтирүү боюнча
мамлекеттик дирекциянын иши жетишсиз деп табылды. Жыйынга премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев баштаган мамлекеттик органдар
менен текшерүү мекемелеринин жетекчилери,
Дирекциянын мурдагы жетекчилиги, жарандык
коом өкүлдөрү катышты.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#76 20 Февраль 2014 - 14:49
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов Ош шаардык сотунун Ош шаардык кеңешинин экс- депутаты Нурадил Жолдошевдин мандатын кайрып берүү чечимин туура эмес, деп эсептейт. Бул туурасында Р.Нурдинов соттук чечимден соң өз оюн билдирип жайтып айтты. «Мен аймактык шайлоо комиссиясын Н.Жолдошевдин мандатын алууда күнөөлүү деп таптым», деди сот, бирок ал андай эмес. Аймактык шайлоо комиссиясы мыйзам чегинде иш жүргүзгөн жана биз шаардык соттун чечими боюнча Жогорку сотко арызданабыз.
Биз ошондой эле коомчулукту адаштырууга алып барып жаткан соттун кызматтык ордуна туура келеби деген маселе боюнча да кайрылабыз»,
- деп белгилейт Р.Нурдинов.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#77 20 Февраль 2014 - 14:53
«Замандаш» партиясынын Ош шаардык кеңешиндеги депутаты Нурадил Жолдошев Ош шаардык сотунун чечимине ылайык, депутаттык ишмердигин уланта тургандыгын билдирди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
«Ош шаардык соту менин арызымды канааттандырып,
аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 20-декабрындагы №3 мыйзамсыз токтомун жокко чыгарды. Демек, менин мандатым эч качан күчүн жоготкон эмес. Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуу депутаты катары учурда шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну талап кылып жатам», - деди Нурадил Жолдошев. Соттун чечиминен шилтеме: «КРнын референдум жана шайлоолорду өткөрүү боюнча мыйзамдын 20-беренесинде көрсөтүлгөндөй,
Ош шаардык шайлоо комиссиясында депутат Н.Жолдошевдин каттоосун жокко чыгаруу укугу жок. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесинде жана «КРнын нормативдик укуктук актылар» жөнүндөгү мыйзамдын 9-беренесинин 5-пунктунда көрсъө \үгөндөй,
2013-жылдын 16-октябрдагы «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамынын 24-беренесинин 10-пунктунда көрсөтүлгөн норма Ош аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан туура эмес колдонулган.
Анткени, мыйзам өткөөл мезгилде колдонулбайт.
Соттун өкүмү кабыл алынган учурдан баштап күчүнө кирет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#78 20 Февраль 2014 - 14:54
Ош шаарындагы «Жапалак» автоунаа базары мурунку ордуна көчөт деген сөз туура эмес, базарды жылдыруу боюнча бизде эч кандай буйрук, токтом жок, деп билдирди Ош шаарынын вице-мэри Иляс Ражапов журналисттерге берген маегинде. Аны билдирүүсүнө караганда, буга чейин шаардык кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев негизсиз эле «Жапалак» автоунаасы мурунку ордуна жылат деген маалымат тараткан. Айтылып жаткан ушак-айындарды негизсиз экенин билдирүү максатында шаардын вице- мэри бүгүн «Жапалак» автоунаасында Ош шаардык жеке менчик ишканасынын башчысы жана Жапалак айылдык аймагынын башчысы менен биргеликте журналисттер менен жолукту. Анда билдиргендей,
эски автоунаа базар башка бирөөнүн менчиги болгон, ошондуктан ал жай жаңы орундукка жылып, жаңы «Жапалак» автоунаасы мэриянын менчигине өткөн.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#79 20 Февраль 2014 - 14:56
18-февраль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, диний
экстремизмдин алдын алуу маселелерин талкуулашты. ИИМдин Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кварталдык комитеттердин, коомдук профилактикалык борборлордун, аялдар кеңешинин, жаштар комитетинин төрагалары жана диний ишмерлер катышты. Ош ШИИБнын жетекчиси Кылычбек Жолдошев диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча боюнча маалымат берип, жолгушуунун катышуучуларынан өздөрүнүн аймактарындагы диний экстремисттик окуяларга көз салып туруусун өтүндү. Ошондой эле, милиция кызматкерлерине диний экстремизмге бөгөт коюу иштерине жардам берүүсүн суранды. Жыйындын катышуучулары Ош шаарында стабилдүүлүктү сактоо үчүн бул багытта милиция кызматкерлери менен бирге иш алып барууга макулдашышты.
экстремизмдин алдын алуу маселелерин талкуулашты. ИИМдин Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кварталдык комитеттердин, коомдук профилактикалык борборлордун, аялдар кеңешинин, жаштар комитетинин төрагалары жана диний ишмерлер катышты. Ош ШИИБнын жетекчиси Кылычбек Жолдошев диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча боюнча маалымат берип, жолгушуунун катышуучуларынан өздөрүнүн аймактарындагы диний экстремисттик окуяларга көз салып туруусун өтүндү. Ошондой эле, милиция кызматкерлерине диний экстремизмге бөгөт коюу иштерине жардам берүүсүн суранды. Жыйындын катышуучулары Ош шаарында стабилдүүлүктү сактоо үчүн бул багытта милиция кызматкерлери менен бирге иш алып барууга макулдашышты.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#80 20 Февраль 2014 - 14:57
Ош шаарынын көчөлөрүндөгү көрнөк- жарнактардын ордуна мектепте мыкты окуган жана олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү илинди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Шаардын Кыргызстан,
Курманжан Датка, Ленин көчөлөрүндө илинип турган окуучулардын сурөтү
шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп саналат. Шаардык билим берүү мекемесинин кызматкерлери билдиргендей, бул саамалыктын максаты - жаштарга үлгү катарында, жакшы окууга жана патриоттуулукка тарбиялоо. Олимпиаданын жүрүшүндө аймактык баскычта 1- орунга ээ болгон окуучулар март айында өткөрүлүүчү республикалык олимпиадага жолдомо алышты. Шаардык олимпиаданын жыйынтыгында 805 окуучудан 293 окуучу жеңүүчү деп табылды.