Ыраматылык, бейиши болгур эсил кайран СССР гезинде менин чон атам дукондо кароолчу болчу. Кичинекей салынган буткада (аны кароол кана деп койчубуз) чон атам менен жатчумун. Дукондун алдында кап-кап ундар, бочкелерде акмайлар, ары жагында самын, андан ары ящиктерде концервалар жыйылып жатчу. Эсимде дуконго японский жоолук менен помбаркыт деген кездеме келсе адамдар толуп калчу. Аны да бекитип тааныштарына сатышчу. Мармелед деген, Короз кант деген конфеттер болчу. СССР кыйраганда 2-кл окучумун. Ошол жылы декабрда чон атам да оо дуйного сапар алды. Ошентип эгемендик келип ачарчылык башталды. Эрте менен дукондо чек алып "ХЛЕБ" деген машина келгенче кутмой. Анан бирден болко же батон деген булочка алып эптеп озок жалгамай. Анан эле 1.2 жыл отпой 1993-жылы май айында СОМ чыкты. Самандай сапырылган советтик 1000рублин 5сом болуп калды. Анан менчиктештируу башталды. Купон деген чыкты. Ошентип Акаев менен Талгарбековдун реформасы башталды. Обший домубузга батыштын демократиясы келди. Аны менен кошо аркандай бейокмот уюмдар, диний секталар жайнап чыга келди. Эчендеген завод-фабрикалар таланып-тонолуп кытайга металлолом болуп сатылып кетти. Мына ошентип бугунку кунго жетип келдик. (уландысы бар)
СССРден жаңы жашоого аттанган күндөр! Эски күндөрдөн элес
#22 27 November 2013 - 19:21
II basa bir mawyna menen ktaiskyi koinok dep satyp kel4u,owol maalda kyzdardyn bary ele kytaiski loinok kiyip kalganbyz ky4yrap
,azyr bolso kytaiski degenden ka4abyz go.
#23 27 November 2013 - 20:04
Менин иристен башкасы эсимде деле жок.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#24 27 November 2013 - 21:01
Баса аттарчи деген келчу эле атына шалдыр-шулдурларын илип алып, арабага жабышкан балдарды узун камчысы менен чаап коюп, сагыр, шар дагы ушу сыяктууларды шишеге алмаштырып кетчу.
#25 27 November 2013 - 21:13
СССР-учурунда баардык адамдарга иш бар эле.Балдарыбызга садик бар эле.Магазинде каалаган нерсебиз бар эле.Сааты менен иштеп убакытты туура пайдаланганга аракет кылып,озубузго шарт тузот элек.Ишти иштеп келип,уй жумушун аткарып,балдарга тамак берип 8.де 10 минуттук мултикти корсотуп туруп жаткызып уктататып койуп кино театырга чон ата экообуз жашырынып кетер элек.Эгери андан кечиксек жайкы кинотеатр болор эле ал кеч башталат ошого жетишип калат элек.Эртен менен кеч жатсак да балдарды 7-30 га садике жеткирип ишибизге барар элек.Суботник деген бир жылда бир бекерге иштеген кунубуз болор эле.Майрамга баргандай же тойго баргандай шашылып жанталашып эки эсе план берип, иштен кайтканда атыбыз доска почетадан коруп кудундап арзыбаган белектерибизди которуп суйунуп кетер элек.Бекер иштеп атабыз деп конулу бузулган адамды корбогом.Каникулда балдарыбызды арзыбаган акчага лагерлерге жонотот элек.Жай учурунда отпускага чыгыш кыйын болор эле.Булар коп балалуу,ата энеси алыста,балдары каникулга чыканда гана бара алат деп чон ата экообузго жай айына шарт тузуп беришкен.Коп балалууну сыйлашат эле.Муного детиний мать деп дайыма сыйда болор элем..4 Баладан ашканда садик бекер эле.Комунальный услугтарда жарымын толойт элек Иштеген жерибизде заказной магазин болор эле ,коп балалууга продуктуну кобуроок берер эле...
Дарылануу бекер,курортук личения бекер болор эле.Жон эле эс алганы курортко барам десен жарымын профсоюз толойт эле.Иштеген жерибизде обедибиз 15-20 тыйынга тамактана алат элек.Менюда бардык нерсе болор эле.айрыкча балыкты жакшы коро элем.7 тыйынга бир балык.Чон ата 1сом обед деп берер эле мен 15-20 тыйынга тамактанып ,ашканын иним студент эле ага берер элем...Чон ата билип калса эконом буджет деп кулуп койор элем.
Ошондо комунизимге барабыз деп жулунуп журуп,Накта комунизимде жашаганыбызды билбей калыпыз.

#26 27 November 2013 - 21:16
СССР - фундаменти чирик система, адамдар копейкага тамак жегенине суйунуп журо беришкен. Баары бирдей болуш керек "Инкубатор"
сыяктуу.
#28 28 November 2013 - 04:16
Ошо маалдагы кефирдин даамы дагы эле тандайымда.
Биздин уйдо атайын мен учун плитка-плитка гематоген, коробка-коробка соломка печеньелер,
дагы бир топ шириндиктер турчу. Оюнчуктар мен ургулап неткениме карабай ото бышык болчу. Синдим торолгончо аябай эле эрке талтан кыз болуптурмун,
эстесем. Лолулор жалтыр-жултур болбогон нерселерди сатып келишчу. Анан мен чырдап жатып бир кесим улдурогон жалтырак сары жоолукту апама саттырып алдырганым эсимде. Райондун чок ортосунда ЦУМ бар эле. Ал жактан да 'кой-айга'
болбой бир сары мамалакка окшогон жолборсту которуп чыга бергеним... Ошо маалдын балмуздактарынын шириндигин ай! Алманын сыртынан короз кант сымал кызыл кант менен каптап сатышчу, деги эле короз кантын оозанганда жаны таарылгандай жыгач таякчасынын жыты келип бир башкача эле.
Анан Сысысыры кулады. Кеч куздун муздак куну апамдын пух жоолугун колтуктан откоруп салынып, бала бакчага тандырга кыпкызыл кылып жаап берген чоон нанын кучактап алып барганым эсимде. Ар бир бала озуно нан ала барат эле. Жанагы каша, компоттор кара нан, чайга алмашкан, биринчи сорт ун жоголуп, эл эбак экинчи, учунчу сортко откон кундор болчу. Базардан ун сатып албай, буудай алып, аны тазалап, тарттырып жеген кундор келди. Анан талон менен тамактанмай башталды. Апам бизди багам деп аябай тырмышкан маал экен эстесем. Бизге ата да, эне да болуп, кара жанын карч уруп, эч нерседен кем кылбай баккан апамдын эмгегин актай албайм го.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#29 28 November 2013 - 06:13
Темасы "СССРден жаны жашоого аттанган кез" деп турат экен. Анан баарынар эле эсэсэрдеги кезинерди эстеп алгансынар го. 90-жылдан 2000-жылдарга чейинкилерин эстебейсинерби.
Элдер караандай чай менен отуруп калганын кордум. Дискотекадан "коко жампого" тытчу элек деп
Реал чемпиооон!!!
#30 28 November 2013 - 06:14

#31 29 November 2013 - 23:21
Таң көрүү...балалык кезди эстеттиңер го. Халва дегени бар эле аябай даамдуу болчу. Анан Адальс айткан биалак эч эсимден кетпейт,азыр да кээде издеп коём.
Анан кайсы жыл экени эсимде жок,пао-пао деген сагыз чыккан,кийин турбо,бомби- бом,ловис...ж. б,ооз талыганын сезбей чайнайт элек.Юпи жасап ичет элет,ар кандай түстө.
Анан кайсы жыл экени эсимде жок,пао-пао деген сагыз чыккан,кийин турбо,бомби- бом,ловис...ж. б,ооз талыганын сезбей чайнайт элек.Юпи жасап ичет элет,ар кандай түстө.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#32 29 November 2013 - 23:29
Мектепте жаңы жыл майрамы болгондо апелсин,мандарин,
алма,шоколад,
конфет,вафли дегендерди пакетке салып сонун кылып белек берет эле. Ошол элес сакталып калган экен,азыр да мандарин жесем жаңы жылды эстей берем.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#34 30 November 2013 - 01:00
Классташ балдар юпини кычыратып кургак жешкенин эстеп кеттим, эх!
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#35 30 November 2013 - 02:26
Классташ балдар юпини кычыратып кургак жешкенин эстеп кеттим, эх!
Анан да ооздору, колдору кыыыйпкызыл дең
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#36 30 November 2013 - 06:33
#37 30 November 2013 - 10:05
#38 30 November 2013 - 12:35
Ой аijаn айым, юпи порошок болот гой? Анан кантип кычыратып жечу эле? Менимче адашып калдыныз бейм?
Ошо порошокту жешчу да. Билбейм, алар чайнаса, мен кудум кумдай кычырагандай элестетчумун.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#39 30 November 2013 - 13:22
Ошол кездеги сабиз икралар чыгабы азыр? Мен таакыр кездештире албай койдум ушуга чейин.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#40 30 November 2013 - 15:46
Ура, товарищи!
- дегенде, параддарда Урааа деп кыйкырат элек. (Кыйкырбай корчу
).

Супер-Инфо
super.kg
видео