Кыргыз ак калпагынын азыркы абалы
#1 13 Март 2012 - 16:19
Ак калпак бул биздин улуттук улук баш киймибиз,бирок акрыкы учурларда калпакты жуз аарчыдай урунулганы мени абдан окундурот,калпакты азыр 50-60сомго алса болот экен анан апаларыбыз женелерибиз коноко барганда конокко келегенде калпак которуп алып жономой же бермей,кыргызда баш кийим белекке берилчу эмес эле го.Же ошо арзан калпакты сапатту кыргыздыкындай кылып жасашпайт,кебетесин кетирип жасап жатышат,минтип отурсак ак калпагыбыздын баркы кетип калат го,эмне кылсакк болот?
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#2 13 Март 2012 - 19:32
Конокторго барганда жакшылыка же жамандыка жакшылык каалап бергенибиз он го. Мисалы жалан гана Кыргызстандын майрамдарда берсек калпак унутулуп калат болушу керек деп ойлойм. Базардан канча жолу калпак сатып алып журом бирок кебетеси кеткен калпакты коргон жоккмун. Калпактын саймасына караштуу жана кары жашка деп арзан же кымбат калпактарды коргом

#3 13 Март 2012 - 19:51
lapyska (13 Март 2012 - 16:19) жазган:
Ак калпак бул биздин улуттук улук баш киймибиз,бирок акрыкы учурларда калпакты жуз аарчыдай урунулганы мени абдан окундурот,калпакты азыр 50-60сомго алса болот экен анан апаларыбыз женелерибиз коноко барганда конокко келегенде калпак которуп алып жономой же бермей,кыргызда баш кийим белекке берилчу эмес эле го.Же ошо арзан калпакты сапатту кыргыздыкындай кылып жасашпайт,кебетесин кетирип жасап жатышат,минтип отурсак ак калпагыбыздын баркы кетип калат го,эмне кылсакк болот?
Туура айтсан!

#4 13 Март 2012 - 23:15
Ошончолук дагы эстен чыгарбай ала барып атканыбызга шугур болбосо дагы ушинтип жаза берет экен же болбосо арзан экен деп алып барбай койсо не кылабыз. Кымбат деп өзбектин допусун 150 сомго алабызбы. Кантсе да кыргыз экен деп бөлүп турганына шугур кылайлы калпакты
#5 13 Март 2012 - 23:15
lapyska (13 Март 2012 - 16:19) жазган:
Ак калпак бул биздин улуттук улук баш киймибиз,бирок акрыкы учурларда калпакты жуз аарчыдай урунулганы мени абдан окундурот,калпакты азыр 50-60сомго алса болот экен анан апаларыбыз женелерибиз коноко барганда конокко келегенде калпак которуп алып жономой же бермей,кыргызда баш кийим белекке берилчу эмес эле го.Же ошо арзан калпакты сапатту кыргыздыкындай кылып жасашпайт,кебетесин кетирип жасап жатышат,минтип отурсак ак калпагыбыздын баркы кетип калат го,эмне кылсакк болот?
Мончого кийилгенден көрө, "коноктоп" жүргөнү дээрлик жогору го....
Кара эшек минген мен дагы өлөм... Кара мерс минген сен дагы өлөсүң!!!!
#6 14 Март 2012 - 00:07
men tuzuk ele salt sanaani bilgen kizmin,bash kiyim belekke berilbeyt degen kep ukkan emesmin,ushunday nerse bar bolgon uchurda dele,kayra jakshi emesbi kalpak ar dayim estelip,koldo,kuchakta tutulup jurot.
Al emi kalpaktin sapatina kelsek turduu turduu sonun kalpaktar bar,satuuchular da eldin chontoguno karayt da,baari sapattuu bolup kimbattap ketse,kolunda joktor kantip alat..?
Al emi kalpaktin sapatina kelsek turduu turduu sonun kalpaktar bar,satuuchular da eldin chontoguno karayt da,baari sapattuu bolup kimbattap ketse,kolunda joktor kantip alat..?
все что ни делается все к лучшему :(
#7 14 Март 2012 - 01:34
Калпак эч кандай жуз арчуу болгон жок менимче кайра сонун калпактар тигилип жатпайбы.Мурда бир эки туру бар болчу ал эм азыр сонун жарашыктуу калпактар чыгып жатат.Ушинтип кундон кунго кооздолуп турса менимче баары эле киет.50-60сом депсиз азыр акчанызга жараша беш жуз сомдугу деле бар.Ал эми конокко алып баргандын эч кандай жамандыгы жок.Баш кийимби бут кийимби берсе боло берет.Ким айтты жана кайсыл хадисте жазылыптыр баш кийим берсе болбойт деген?Аялдарга деле жоолук беретко ал баш кийим эмеспи же?Бул ырымго менимче ак калпагыбыздын абалы укмуштай эле бул менин оюм.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#8 24 Март 2012 - 12:41
lapyska (13 Март 2012 - 16:19) жазган:
Ак калпак бул биздин улуттук улук баш киймибиз,бирок акрыкы учурларда калпакты жуз аарчыдай урунулганы мени абдан окундурот,калпакты азыр 50-60сомго алса болот экен анан апаларыбыз женелерибиз коноко барганда конокко келегенде калпак которуп алып жономой же бермей,кыргызда баш кийим белекке берилчу эмес эле го.Же ошо арзан калпакты сапатту кыргыздыкындай кылып жасашпайт,кебетесин кетирип жасап жатышат,минтип отурсак ак калпагыбыздын баркы кетип калат го,эмне кылсакк болот?
Акчан болсо лимонго да аласын Калпакты.

#9 24 Март 2012 - 12:58
Азыркы кезде калпактын абалы оноло тушкондой болуп сезилет мага, эмне дегенде акыркы жылдары жашы да карысы да кийип жургонун коп коруп калдым. Мурун аксаклдар эле кийбесе эч ким деле керек эле.
Ал эмесе калпактын турун тапсан болот базардан , дукондордон . сапаты да жасалгасы да сонун болуп калгандай мурдагыга салыштырмалуу.
Ал эмесе калпактын турун тапсан болот базардан , дукондордон . сапаты да жасалгасы да сонун болуп калгандай мурдагыга салыштырмалуу.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#10 24 Март 2012 - 14:03
Азыр чынында эле ак калпактын абалы оңолгон.Оймо-
чиймелерида кооз.Анан да 5-март ак калпак күнү деп майрамдап калганыбыз сонун болду.Жаш кары дебей,кичинекей балдарга чейин ак калпак кийип жүрушкөнү жакшы экен.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#11 27 Март 2012 - 15:22
Калпактын абалы сонун . Азыр жаштар да кийип журушот . Алардын арасында мен да бармын . )))
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#12 02 Апрель 2012 - 17:44
Кыргызстанда калпактын орду жакшы эле, былтыр Сахалинде Горный воздух лыжный базанын жабылуу кунундо ар ким ар кандай костюмдарды кийип лыжа тебишкен ошондо бир орус узун чапан менен калпак кийип тээп журду. Козуно жакшы корунот
#13 20 Май 2012 - 20:06
Азыркы учурда калпактын абалы жакшы эле, буйруса. Калпактар ар турдуу оймо-чиймелер менен кооздолуп тигилип жатат...
Балам бактым-балам базарым!
#14 20 Май 2012 - 20:43
"Аю" деген фирмада бир бальзам бар кыргыздын чепкенин анан калпагын кийгизип коюптур. Ошол болбойт да.
Мен бир күнү болбосо бир күнү сүрөтүн жүктөп коем.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#15 22 Май 2012 - 12:07
#16 22 Май 2012 - 23:24
lapyska (13 Март 2012 - 16:19) жазган:
<br />Ак калпак бул биздин улуттук улук баш киймибиз,бирок акрыкы учурларда калпакты жуз аарчыдай урунулганы мени абдан окундурот,калпакты азыр 50-60сомго алса болот экен анан апаларыбыз женелерибиз коноко барганда конокко келегенде калпак которуп алып жономой же бермей,КЫРГЫЗДА БАШ КИЙИМ БЕЛЕККЕ БЕРИЛЧУ ЭМЕС ЭЛЕ ГО.Же ошо арзан калпакты сапатту кыргыздыкындай кылып жасашпайт,кебетесин кетирип жасап жатышат,минтип отурсак ак калпагыбыздын баркы кетип калат го,эмне кылсакк болот?<br />
Ким эле сизге бурмалап айтты, бойроктон шыйрак чыгарып, баш кийимди бербейт эле ГОО деп? Озундун баш кийиминди бироого бербеш керек, жана баш кийимди таштабаш керек жерге. Негизи конокко калпак тугул колунан келсе чепкен да кийгизет сый катары. Калп эле албанский суроолорду таап алышат,мынтпейт гоо,тигинтпейт гоо дешип. Калпактын баасы 50-60 сом болсо капчыгына жакшы да, ошончолук эле ал баага ынабай жатсанар,устуно 200-500 сом ашыгы менен сатып ал,сатуучуну кубандырып, ири дукондордо ошончо бааны кошуп сатып жатышпайбы. Катуу тийсе кечириниз
#17 22 Май 2012 - 23:33
Негизи азыр калпакты жакшы жана кооз кылып тигип чыгарып жатканы мага аябай жакты,баасы да арзан. Ойу-чийме,кыргызстан аттуу жазуусу,жана желектин суроту барлар ото жакты.
#18 24 Май 2012 - 05:22
7777777EL (24 Март 2012 - 12:41) жазган:
Акчан болсо лимонго да аласын Калпакты.
менин ойумча азыр жаштар бар бара патриот болуп бара жатышат.Мурун байкабайт элем ак калпак кийген жаштарды азыр кооп кором.Чонуда кичинеси да ак сакалы да копчулугу кийип калды калпакты.Бул мени кубандырат.

Senchi?Sen kiyip atasinbi kalpakti:)?
все что ни делается все к лучшему :(
#19 28 Июнь 2012 - 21:35
Биздин элдин калпагы,бери эле дегенде беш миң жылдык тарыхты өз ичине камтыйт.Демек,
биз,кыргыздар калпагыбыздын тарыхынан,калпактын жасалышынын философиясын,
кол өнөрчүлүктүн туу чокусун,этногенетикабыздын байыркылыгын билип,үйрөнүп,
дүйнөгө жар салуучу кез келди....Биз калпактын гана тарыхын билбестен,бүтүндөй тарыхыбыздын жаңы табылгасы менен ширелишибиз керек,анткени,
тарыхы бар эл,түптүү эл гана бийик төбөлүү калпак кийип жүрөт....
Ошондуктан, кыргыз эли кылымдар өтсө да,Манас атадан калган баш кийимин ыйык сактап,калпагын ыйык тутуп жашап келет....
Кыргызым,алтын калпагың башыңдан түшпөсүн,калпагыңдын бийиктигиндей ойлоруң таза болсун!
Журтубуз эркин,эрктүү, өнөрлүү болуп көбөйсүн!

Адамга адам кымбат болуш керек....
#20 10 Июль 2012 - 13:02
акыркы жолу кыргызстанга барганымда,
калпак ж.б.баш кийимдерди кордум. Аябай жакты. Заманга карата жакшы озгорулуптур тыкан орнаменттери.
Анан баш кийим илгертен бери эле берилип келет эле го билишимче. Баш кийим берилбейт деген хадис укпаган экем. Ал эле эмес азыр москвада да коп эле коруп калам калпак кийген балдарды.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......