Суперстан: Какач - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Трихология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Какач Жардам

#41 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 23:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара


Какачтын кайдан, кантип пайда болорун билбей, ар нерсеге жоруй бермей адатыбыз бар эмеспи. Какач менен кантип күрөшүүгө болот, канткенде аны жоготсо болот? - деген суроо көпчүлүктүн башын катырып, кээ бири байма-бай шампунь алмаштырса, кээ бири ар кандай майлар менен майлашат. Кээ бирлер "Башымда какачым жок эле, бирөөнүн тарагы менен тарана коём деп какачтап кеттим", - деп калышат. Мындай мифтин канчасы чын, канчасы калп экенин билүүгө аракеттендик. Көрсө, какач тарак аркылуу жукпайт экен. Өзүбүздүн ички органдардын себебинен улам пайда болгон организмибиздин реакциясы экен. Башкача айтканда, какачты башка адамдан жуктуруп алдым деген таптакыр чындыкка жатпаган иш. Чачты өтө тез убакыттын ичинде жууй берсе, чачтын майлуулугу кетип, кургап калат дагы, баш теринин абалын начарлатып жиберет. Чачтын абалына карап тандалган шампунь баш терини жакшыртат. Ошондуктан, эч кандай химиялык кошулмалары жок эле жөнөкөй, жумшак шампунь тандаган дурус. Чачты баттан тарап туруу какачтын жок болушуна жакшы жардам берет. Бирок тарайт деген ушу экен деп катуу тарай берсеңиз, баш териңизди жабыркатып алышыңыз ыктымал. Ошондуктан жай, башыңызга акырындан тийгизип тарашыңыз керек.
Какачка каршы
Калай идишке 4 аш кашык оливка майы менен лимондун жарымынын ширесин кошуп кайнатасыз. Ал кичине муздап калганда, чачыңызды экиге бөлүп алып, чачыңыздын түптөрүнө сыйпап чыгыңыз. Мындай ыкма чачыңыздагы кычкылдыкты калыбына келтирип, какачтын жок болушуна шарт түзөт.
Эки жумуртканын сарысы менен лимон ширесин аралаштырып, 2 тамчы чачты калыбына келтирүүчү майларды кошуп чачыңыздын түбүнө сүртөсүз.
Календуланын кайнатмасына кастор майынан кошуп чачыңызга сүйкөсөңүз дагы жакшы жыйынтык берет.
Майлуу чачтагы какачты кетире албай жатсаңыз, 1 аш кашык пияздын ширесине 2 аш кашык арактан кошуп туруп сүртсөңүз, какачыңыз сен көр, мен көр жоголот.
Кызылчанын суусу да какачты тез кетирүүгө жардам берет. Таза жуулган кызылчаны экиге бөлүп кайнатып, кайнатма менен башыңызды жуусаңыз да какачыңыздан арылып, жыргап эле каласыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   ms.miss.kaprizz95   09 Август 2014 - 21:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 05 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 17:26

Kakachty kettirunuun onoi joldoru bar kyzylchany ekige bolup suuga kainatyp bawynyzdy chaikasanyz kakach ketet dagy bir jolu bar eki jumurtkanyn sarysyn bir kawyp limon wiresin uch kawyp zaityn maiyn aralawtyryp bawka maska jasasanyz bolot
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Сентябрь 2014 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Чачтын какачын бирге дарылайбыз
Көпчүлүк учурда баштын териси кургак болсо, какач пайда болот дешет. Бирок медицинада бул оору менен майлуу баштар жабыркайт деп айтылат. Анткени теринин май чыгаруучу бездери туура эмес иштей баштаганда гана чач какачтанат.

Статистика боюнча дүйнөнүн ар бир бешинчи адамы какач менен күрөшүп келет. Ким бирөөбүз ондогон каражатты пайдалануу менен кутулбаганда, экинчибиз бир каражатты алууга да акчабыз жетпейт. Чындап эле, бүгүнкү күндөгү медицина какачтын дарысын таба элекпи?
Көпчүлүк учурда баштын териси кургак болсо, какач пайда болот дешет. Бирок медицинада бул оору менен майлуу баштар жабыркайт деп айтылат. Анткени теринин май чыгаруучу бездери туура эмес иштей баштаганда гана чач какачтанат. Күнөөнүн баары Pityrosporum ovale деген грибокто жатат. Чачтын какачы - теринин оорусу катары эсептелип, ага "себорейлүү дерматит" диагнозу коюлат. Окумуштуулардын айтымында, теринин май чыгаруучу бездери гиперактивдүү болгондо, жогоруда аталган грибок иштелип чыкпай калат. Кайсы мезгилде бездер активдүүлүктүн туу чокусуна жетет? Бул - оор стресс, антибиотиктерди кабыл алуу, иммунитеттин төмөндөшү, витамин жетишсиздиги жана эски оорулардын козголгон учуру. Сиз сынак бердиңизби? Жаңы жумушка орноштуңузбу? Же үй-бүлө чыр-чатагы - ушунун баары адамды стресс кылат. Сиз башыңыздан оор мүнөттөрдү гана өткөзбөстөн, көп өтпөй какачтуу да болосуз. Ошондуктан, туура тамактанып, көбүрөөк эс алыңыз.

ДАРЫЛОО
Какачты дарылоодо адиске кайрылганыңыз оң. Бирок өз алдынчалыкка көнүп, убактыңыз тар болсо, чачыңыздын түрүн аныктап алуудан баштоо зарыл. Кийин гель-пилинг менен тазалап, какачтан арылууга чыгарылган шампунь менен жууйсуз. Аны чачка 3-4 мүнөт коюп, жылымык суу менен чайкайт. Жуулган баштын терисин массаждайбыз, мында кандын айлануусу жакшырат. Бул шампунду аптасына 3-4 жолу колдонуп, кийин башты эс алдыруу керек. Какачка каршы шампунду сатып алууда, анын составына көңүл буруңуз. Эгерде сыртында төмөндөгүдөй жазуу болсо:
1. Салицилдик кислота, дисульфид селена, октопирод - бул каражат какачты жок кылат, бирок теринин грибогу менен акырына чейин күрөшө албайт.
2. Кара май (дёготь) жана күкүрт - клетканы кабыгынан ажыратат, муну какач менен күрөшүүнүн биринчи этабында колдонууда жакшы жыйынтык берет.
3. Цинктин пиритиону, климбазол, кетоконазол - Pityrosporum ovale грибогун "өлтүрөт" .
4. Циклопирокс - бул бактерияга каршы күрөшүүчү мыкты каражат.

"ЖОК, МЕН ШАМПУНСУЗ ЭЛЕ ЖОК КЫЛАМ"
Майлуу чачка:
1. 1 чоң кашык кастор же уйгактын майы менен 10 чоң кашык календуланын спирт кошулган тундурмасын аралаштырасыз. Күнүнө 2 жолу чачка сүйкөлөт.
2. 1 чоң кашык чалканды 1 стакан кайнак сууга бир жарым саатка демдейбиз. Кийин дакиден өткөрүп, жуулган чачка сүртөбүз. Аны баштык менен ороп, 30-40 мүнөттөн соң алабыз. Чачты чайкабайбыз. Жумасына 2-3 жолу кайталоо зарыл.

Кургак чачка:
1. 1 чоң кашык тууралган пияз, 2 чоң кашык алкоголь, 1 чоң кашык кастор майын алып аралаштырабыз. Кургак чачка бир саатка сүйкөп, кийин жууп салабыз.
2. 2 чоң кашык төө жалбырактын майдаланган тамырына бир жарым стакан суу куябыз. Аны жай күйгөн отко кайнатабыз. Башында болгон өлчөмдөн эки эсе азайганда, аны дакиден өткөрөбүз. Жасалган дарыны аптасына 1-2 жолу 2 ай бою пайдаланасыз.
Андан сырткары, сары чачтуулар пияздын кабыгынын тундурмасы менен жууп турса, какачтын пайда болушун алдын алат. Кара чачтуулар кара май самыны менен жууса, какачтан кутулат, чачы да кулпуруп калат.

КАКАЧТЫ АЛДЫН-АЛУУ
Мында эфир майлары жардамга келет. Майлуу чачка - розмарин, эвкалипт, чай дарагы. Кургак чачка - кедр, лаванда жана ромашканын эфир майлары чачтын өзүнө да пайдасын тийгизет. Какачтан кутулган соң, анын кайрадан пайда болбошу үчүн:
1. Баш теринин микрофлорасын жөнгө салган шампундарды аптасына бир жолу гана колдонуңуз. Анткени, мындай шампунь чачты кургатып жиберет.
2. Дарылануу курсунан кийин ачуу тамак жана ичимдиктен баш тартыңыз. Булар май чыгаруучу бездерине таасир берет. Кошумча иретинде А жана В тобуна кирген витаминдерди көбүрөөк кабыл алыңыз.
3. Баш кийимдин тазалыгына көңүл буруңуз. Күздөбү, же кыштабы какачка кабылуу оңой. Шапкенин ичинде чач тез майланышат жана баштын териси дем албайт.
4. Чачты жасалгалоо каражаттарына маани буруңуз. Чачыңыз майлуу болсо, андай каражаттардын санын азайтыңыз. Кургак болсо, майлуу кремдерди тандаңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   peri-jan   18 Сентябрь 2014 - 04:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 460
  • Катталган: 24 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Июл 2016 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сырдуу дуйно

Просмотр сообщения Giza (23 Июнь 2014 - 17:45) жазган:

Баш жуубагандан какач пайда болбойт. Мисалы мен башымды күндө, бирок фен колдонгондуктан чачымда какач бар. Башында мен да эмнеден экенин билбей түрдүү шампунь колдондум.





Bashty juubay koygondon emes albette bul da bir sebep birok bashka sebepteri kop bul medicinada ooruu bolup eseptelet bash terisin kurgak je mayluu bolgonduktan kakach payda bolot ,kobuncho kurgak bolgondon payda bolot .Eger oto ele kop bolso kakachtar albette vrachka kayryluusu zaryl atayin shampundardy jana teri, chach ,tyrmaktarga arnalgan vitaminderdi jazyp beret . A fen menen kurgatuuga kelsek fendi da tuura tandoo kerek ionizatsialangan fenderdi aluu kerek bul chachtardy jana bash terisin kurgatpayt
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   alibekova94   26 Сентябрь 2014 - 01:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Просмотр сообщения no_comment (09 Декабрь 2013 - 00:19) жазган:

Койдун майы менен жууш керекСүрөт



Боорум Ий :rofl:

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   aruuzat88   27 Сентябрь 2014 - 04:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Какачка ромашка гулу абдан жардам берет.Ромашканы сууга кайнатасыз. кайнатмасын сузуп алып башынызды чайканыз.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Akul-Kara-chach   27 Сентябрь 2014 - 11:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 02 Июль 14
  • Соңку аракети: 26 Сен 2015 00:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Улуу кочмон мекени!

Уксуз кошулган суу менен жууш керек.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы![
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Farmka   27 Сентябрь 2014 - 16:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 15 Июль 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2015 19:12

haikinazol shamynyn koldonso da jardam beret
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   kanyshaikg   04 Ноябрь 2014 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

мен канча аракет кылсам да кетпей койду
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Январь 2016 - 17:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Какачка алоэнин ширеси да жардам берет. Башты жуугандан 2-3 саат мурун алоэнин ширеси менен баштын терисин сүртүү керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 11 Январь 2016 - 17:43

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Nuriza90941214   22 Август 2017 - 15:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 05 Март 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2020 19:08

Какачтан арылуунун жолдору
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Nuriza90941214   22 Август 2017 - 15:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 05 Март 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2020 19:08

Саламатсыздарбы? туура эле жака тема ачтым деп ойлоймун.Сурайн дегеним кандай шампунь колдонбойун чачымдын какачы кобойуп,чачым тушуп жатат.кимле кандай билген сырлар бар,билгендер болсо кеп-кенешиниздерди айтып койунуздврчы сураныыч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Август 2017 - 16:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Какачтан арылуунун жолдору" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Nuriza90941214   22 Август 2017 - 18:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 05 Март 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2020 19:08

баарыныздар эле кыйратып койгонсуп какач эмне ана мына дейсиздерго. от перхоть шампундар бекеринен чыгарылбаса керек ошо баштары какачтагандан улам да.тим эле айдан тушконсуп жуу чайка депсиздер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   22 Август 2017 - 19:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Кадимки кир самын менен эле жууган жакшы. Эгер чачым башкача болуп калат десеңиз, артынан өзүңүз колдонуп жүргөн шампунь мн жууп алыңыз.

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Трихология
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: