Суперстан: Кыргызча статустар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (54 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргызча статустар

#701 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Апрель 2016 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Адам 2 нерсени жашыра албайт: Мас экендигин жана ашык болгонун.
Үч нерсе кайра келбейт: убакыт, айтылган сөз, мүмкүнчүлүк.
Үч нерсени жоготпош керек: үмүт,сабыр, намыс. Үч нерсе жашоодо баалуу: сүйүү,ишеним, достук.
Үч нерсе жашоодо туруксуз: бийлик, ийгилик,байлык.
Үч нерсе адамдын ким экенин билдирет: эмгек, ак ниеттүүлүк, жетишкендик.
Үч нерсе адамды бузат: шарап, текебердик, ачууга алдыруу. Сүй!.......... .Бирок татыктууларды гана. Ишен!........ Бирок билген чындыктарыңа гана.
Иште!....... Бирок туура жолдо гана. Бөлүш!..... Бирок кадырыңды билгендер менен гана.
Жаша!....... Бирок ӨЛҮМДҮ ЭСТЕН ЧЫГАРБА!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#702 Пользователь офлайн   Mediziner   13 Апрель 2016 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Китепти көп окуган адам, телевизорду көп көргөн адамды башкаруучу болуп калыптанат.

-Эгер мен унчукпай калган болсом, бул мени сиздин айтканыңыз менен макул болду дегендик эмес. Мен болгону өз оюм боюнча калганмын.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 13 Апрель 2016 - 16:11

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#703 Пользователь офлайн   Geran   13 Апрель 2016 - 17:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

1. Жакшы же жаман улут жок. Жакшы же жаман адамдар бар.
2. Эң сулуу көз - мээримдуу көз менен караган көздөр. Анын көк же кара экени кызыктырбайт.
3. Ар бир адамдын өзүнө жараша баасы болот. Ал жасаган иши, сүйлөгөн сөзү, мамилеси менен айырмаланат. Кээ бир адамдар бар, тыйынга татыгыс сөздөрү абага сиңип жок болот. Бирок, кимдин баасы кандай экенин билүү үчүн, андай адамдар да болушу керек.
4. Жашоодо бирөөгө каттуу ишенбегиле. Керек болсо өз көлөкөңөр да караңгыда таштап кетет.
5. Менин душмандарым жоголуп, мен жөнүндө ушактар айтылбай, мени эч ким эстебей калса, анда мен өзүмдү ийгиликтен четтегеним деп билем.
6. Мансап ( карьера ) - жакшы нерсе. Бирок, ал суук түндөрү кучактап жылытып, көзүңдүн жашын аарчып, сени үйүңдө күтпөйт..
7. Чындыкты айтуу кыйын, жалганды угуу оңой.
8. Сени керек болсо акмактар эстеп калуучудай жашашка аракет кыл.
9. Мен жөнүндө кандай ойлойсуңар мага кызыксыз. А мен силер жөнүндө такыр ойлобойм.
10. Сүйүктүү аял, ар дайым ийгиликти жаратат.
11. Чечкинсиз туура болгончо, чечкиндүү жаңылган артык.
12. Жүрөктөн чыккан каалоонун күчүн, эч ким токтото албайт.
13. Көралбаган адамдарды жек көрбөгүлө. Анткени, сенин мыкты экениңди өздөрү мойнуна алып жатышпайбы. .
14. Боёкко караганда, эс-тутумду өчүрүү татаалыраак.
15. Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык.
16. Убакытты жоготуу - бул акырындык менен өзүн өзү өлтүрүү.
17. Эгер сен өзүңө ишенбесең, анда сага эч ким ишене албайт.
18. Аялдын сулуулугу жашы менен кошо өсө берет.
19. Ишенич - бул күзгү сымал. Эгер күзгүң сынып калса, жамасан болот, бирок өмүр бою жаракасын көрүп өтөсүң.
20. Жашоодо ушундай адамдар бар. Жанына барып: " Мээсиз жашоо кыйын бекен? " - деп, кызыгып сурагың келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#704 Пользователь офлайн   Asema06   13 Апрель 2016 - 21:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

1.Бактылуу омур болбойт, бактылуу кундор гана болот!

2 Журок бирди суйот, конул минди суйот.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#705 Пользователь офлайн   Geran   13 Апрель 2016 - 22:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Ажырашкан сүйүүлөр шамал тийген отко окшош: үлпүлдөгөнүн өчүрөт, өчө элегин - жалбырттатат.



Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктырыш кыйын.


Аялдар кызганычты кечирет, бирок кызганычсыз сүйүүнү кечирбейт.


Аялдыкы туура эмес болсо, биринчи иретте, андан кечирим сураш керек.



Баарына жагам десең - бирине да жакпайсың.



Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана болот.



Бакыт кайдан жараларын айтыш кыйын. Буга байлык да, кедейлик да себеп боло албайт.


Бакытка маарыган адам - акылынан ажырайт.



Бакыттын Кудайы - Фортуна эле сокур эмес, кээде ал бактылуу кылган адамдар да сокур.


Баладай эч ким сыр катпайт.



Бирөөнүн бактысы бирөөгө жугушу мүмкүн. Бирок, бакыттын эпидемиясы жок.


Бирөөнүн бактысы бирөөгө ополтоодой сезилет.



Дени соо адам - табияттын асыл баа чыгармасы.



Дени соо кайырчы - оорулуу падышадан бактылуу.



Дон Кихотко эч бир жери окшобогон адам - бактысыз.



Жакшы күйөө балага жолуксаң - уулдуу болдуң, жаман күйөө балага жолуксаң - кызыңан ажырадың.


Жарык үйдө - көөнүң да жарык.


Жек көрүүнүн да чеги болуш керек.



Жолоочу кембагал каракчынын атасынан да коркпойт.


Жүрөккө бырыш түшпөйт, тырык түшөт.



Кайгыңды шарапка чөктүрөм дебе, ал баары бир калкып чыгат.


Канчалык кары болсоң да - бир жыл өмүр сүрө аласың, канчалык жаш болсоң да - ажалдан кача албайсың.



Карылыкка каршы туруш керек.



Кечириш оңой, бирок, унутуш кыйын.


Кеч төрөлгөн балдар - эрте жетимдер.

Көз көрбөгөндү жүрөк самабайт.


Кумара менен ташты урсаң деле, таш менен кумараны урсаң деле - кумара сынат.


Кызганчаактык - сүйгөндүк эмес, жамандык издегендик.



Оору - миң, ден соолук - жалгыз.


Өмүр - адамга берилген карыз.



Өмүр бою бактылуу болом десең - чынчыл бол.



Өмүрдү узартуунун башкы сыры - аны кыскартпаганга аракет жасоо.


Өмүр - өтө кыска нерсе, кыйналып жашаганда гана убакыт өтпөгөндөй сезилет.



Сүйүүдө даанышмандык жок.



Сүйүүнүн көз айнеги жезди алтын кылып көрсөтөт.



Сүйүүсүз эрди-катын - закондошкон ойноштук.



Сүйүү унчукпай келип, унчукпай кетет.




Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, бирок, өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат.



Түлкүдө амал көп, бирок, кирпинин бир амалы баарынан артык.


Үмүт - кембагалдын наны.


Үч нерсе кайра кайрылбайт: атылган ок, айтылган сөз, өткөн күндөр.



Шамал шамды өчүрөт, бирок, өрт да чыгарат.



Эски чөптү өрттөш оңой, өчүрүш кыйын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#706 Пользователь офлайн   Asema06   13 Апрель 2016 - 22:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Геран эже азаматсыз.буну баарын озунуз жазасызбы автору сизби?
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#707 Пользователь офлайн   Aydanou   13 Апрель 2016 - 22:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 29 Март 16
  • Соңку аракети: 26 Май 2016 03:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ана москва мына москва!

``Чыныгы билимдуу эчнерсе билбейм дейт. Эчнерсе билбеген баарыны билем дейт!´´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#708 Пользователь офлайн   jetinur90   13 Апрель 2016 - 22:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Просмотр сообщения Geran (13 Апрель 2016 - 22:14) жазган:

Ажырашкан сүйүүлөр шамал тийген отко окшош: үлпүлдөгөнүн өчүрөт, өчө элегин - жалбырттатат.



Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктырыш кыйын.


Аялдар кызганычты кечирет, бирок кызганычсыз сүйүүнү кечирбейт.


Аялдыкы туура эмес болсо, биринчи иретте, андан кечирим сураш керек.



Баарына жагам десең - бирине да жакпайсың.



Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана болот.



Бакыт кайдан жараларын айтыш кыйын. Буга байлык да, кедейлик да себеп боло албайт.


Бакытка маарыган адам - акылынан ажырайт.



Бакыттын Кудайы - Фортуна эле сокур эмес, кээде ал бактылуу кылган адамдар да сокур.


Баладай эч ким сыр катпайт.



Бирөөнүн бактысы бирөөгө жугушу мүмкүн. Бирок, бакыттын эпидемиясы жок.


Бирөөнүн бактысы бирөөгө ополтоодой сезилет.



Дени соо адам - табияттын асыл баа чыгармасы.



Дени соо кайырчы - оорулуу падышадан бактылуу.



Дон Кихотко эч бир жери окшобогон адам - бактысыз.



Жакшы күйөө балага жолуксаң - уулдуу болдуң, жаман күйөө балага жолуксаң - кызыңан ажырадың.


Жарык үйдө - көөнүң да жарык.


Жек көрүүнүн да чеги болуш керек.



Жолоочу кембагал каракчынын атасынан да коркпойт.


Жүрөккө бырыш түшпөйт, тырык түшөт.



Кайгыңды шарапка чөктүрөм дебе, ал баары бир калкып чыгат.


Канчалык кары болсоң да - бир жыл өмүр сүрө аласың, канчалык жаш болсоң да - ажалдан кача албайсың.



Карылыкка каршы туруш керек.



Кечириш оңой, бирок, унутуш кыйын.


Кеч төрөлгөн балдар - эрте жетимдер.

Көз көрбөгөндү жүрөк самабайт.


Кумара менен ташты урсаң деле, таш менен кумараны урсаң деле - кумара сынат.


Кызганчаактык - сүйгөндүк эмес, жамандык издегендик.



Оору - миң, ден соолук - жалгыз.


Өмүр - адамга берилген карыз.



Өмүр бою бактылуу болом десең - чынчыл бол.



Өмүрдү узартуунун башкы сыры - аны кыскартпаганга аракет жасоо.


Өмүр - өтө кыска нерсе, кыйналып жашаганда гана убакыт өтпөгөндөй сезилет.



Сүйүүдө даанышмандык жок.



Сүйүүнүн көз айнеги жезди алтын кылып көрсөтөт.



Сүйүүсүз эрди-катын - закондошкон ойноштук.



Сүйүү унчукпай келип, унчукпай кетет.




Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, бирок, өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат.



Түлкүдө амал көп, бирок, кирпинин бир амалы баарынан артык.


Үмүт - кембагалдын наны.


Үч нерсе кайра кайрылбайт: атылган ок, айтылган сөз, өткөн күндөр.



Шамал шамды өчүрөт, бирок, өрт да чыгарат.



Эски чөптү өрттөш оңой, өчүрүш кыйын.
азамат, арасында кокуроко туйуп алчу берметтер коп экен,рахмат бекер акылга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#709 Пользователь офлайн   Geran   13 Апрель 2016 - 22:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Asema06 (13 Апрель 2016 - 22:26) жазган:

Геран эже азаматсыз.буну баарын озунуз жазасызбы автору сизби?

Аа жоок автору мен эмес окугандарымы болушуп койом.
Ушундай акылдуу болуп кетсем анда жакшы болбойт беле%)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#710 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Апрель 2016 - 22:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Гераньдын,жазгандары жакты дагы жаза бергиле таалыкбай.Биз окуп турабыз..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#711 Пользователь офлайн   Jadyrashka   13 Апрель 2016 - 23:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Турмуш бизге лимон берсе биз андан лимонад жасашыбыз керек.

Мен бой көтөрмө эмесмин, мен болгону нукура кыргызча тарбия алгам, ал эми биздин тарбиянын эң башында НАМЫС турат.

Ойлономун копко ойго батамын Коркуп турам кантип кадам таштаймын Балалыгым озун менен коштошуп Келбес болуп кетип бара жатамын...

-Көрбөй туруп сүйүү мүмкүнбү?
-Албетте, Мен Аллахы эч качан көргөн эмесмин бирок баарынан артык сүйөм

Сулуу эмес адамдын үстүнөн күлбөңүз, адамдын сүрөтчүсү Аллах.

Кыздар профилиңерди эмес денеңерди жапканды үйрөнгүлө.

Жашаш үчүн жашоонун маңызын жоготуп салуу туура эмес.

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#712 Пользователь офлайн   uikuchu7   14 Апрель 2016 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен бир гана нерсе билем - эч нерсе билбегенимди!

Кандай болсоңда сени жактырбагандар чыга берет.
Жадагалса суу үстүндө басып баратсаңда. Ал сууда сүзө албайт экен! деп кеп кылышат.

Адилеттүүлүктүн буту чолок. Барчу жерине акырын барат. Бирок, кеч болсо да барат.

Кыйрай турган өлкөдө ишке ашпас мыйзамдар жазыла баштайт.

Адилетсиздикке унчукпай турган эл - тагдырына нараазы болууга акысы жок.

Күндүзү шамын даярдабаган- түнү караңгыда олтурганга ыраазы болсун.

Улуу адамдар бүркүт сыяктуу. Алар канчалык бийик учкан сайын, жалгыз калышат.

Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 14 Апрель 2016 - 00:32


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#713 Пользователь офлайн   asia_92   14 Апрель 2016 - 15:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 494
  • Катталган: 18 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 18:24
  • Калаасы:г Ош..

Просмотр сообщения Geran (13 Апрель 2016 - 22:14) жазган:

Ажырашкан сүйүүлөр шамал тийген отко окшош: үлпүлдөгөнүн өчүрөт, өчө элегин - жалбырттатат.



Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктырыш кыйын.


Аялдар кызганычты кечирет, бирок кызганычсыз сүйүүнү кечирбейт.


Аялдыкы туура эмес болсо, биринчи иретте, андан кечирим сураш керек.



Баарына жагам десең - бирине да жакпайсың.



Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана болот.



Бакыт кайдан жараларын айтыш кыйын. Буга байлык да, кедейлик да себеп боло албайт.


Бакытка маарыган адам - акылынан ажырайт.



Бакыттын Кудайы - Фортуна эле сокур эмес, кээде ал бактылуу кылган адамдар да сокур.


Баладай эч ким сыр катпайт.



Бирөөнүн бактысы бирөөгө жугушу мүмкүн. Бирок, бакыттын эпидемиясы жок.


Бирөөнүн бактысы бирөөгө ополтоодой сезилет.



Дени соо адам - табияттын асыл баа чыгармасы.



Дени соо кайырчы - оорулуу падышадан бактылуу.



Дон Кихотко эч бир жери окшобогон адам - бактысыз.



Жакшы күйөө балага жолуксаң - уулдуу болдуң, жаман күйөө балага жолуксаң - кызыңан ажырадың.


Жарык үйдө - көөнүң да жарык.


Жек көрүүнүн да чеги болуш керек.



Жолоочу кембагал каракчынын атасынан да коркпойт.


Жүрөккө бырыш түшпөйт, тырык түшөт.



Кайгыңды шарапка чөктүрөм дебе, ал баары бир калкып чыгат.


Канчалык кары болсоң да - бир жыл өмүр сүрө аласың, канчалык жаш болсоң да - ажалдан кача албайсың.



Карылыкка каршы туруш керек.



Кечириш оңой, бирок, унутуш кыйын.


Кеч төрөлгөн балдар - эрте жетимдер.

Көз көрбөгөндү жүрөк самабайт.


Кумара менен ташты урсаң деле, таш менен кумараны урсаң деле - кумара сынат.


Кызганчаактык - сүйгөндүк эмес, жамандык издегендик.



Оору - миң, ден соолук - жалгыз.


Өмүр - адамга берилген карыз.



Өмүр бою бактылуу болом десең - чынчыл бол.



Өмүрдү узартуунун башкы сыры - аны кыскартпаганга аракет жасоо.


Өмүр - өтө кыска нерсе, кыйналып жашаганда гана убакыт өтпөгөндөй сезилет.



Сүйүүдө даанышмандык жок.



Сүйүүнүн көз айнеги жезди алтын кылып көрсөтөт.



Сүйүүсүз эрди-катын - закондошкон ойноштук.



Сүйүү унчукпай келип, унчукпай кетет.




Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, бирок, өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат.



Түлкүдө амал көп, бирок, кирпинин бир амалы баарынан артык.


Үмүт - кембагалдын наны.


Үч нерсе кайра кайрылбайт: атылган ок, айтылган сөз, өткөн күндөр.



Шамал шамды өчүрөт, бирок, өрт да чыгарат.



Эски чөптү өрттөш оңой, өчүрүш кыйын.

Мага да ушул цитатагылар жакты....!
[color="blue"]Салам[\ blue]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#714 Пользователь офлайн   Jadyrashka   15 Апрель 2016 - 22:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Эрди-катын бирине көз, бирине кол болуусу керек. Колуң ооруганда көзүң ыйлайт. А көзүң ооруганда, колдоруң жашыңды аарчыйт

Сени сатып кеткендерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү, биринчисинде ата албаган адамга, экинчи ок берүү менен барабар.

Аял затынын айырмалуу куракта гүлдөйт дегендери акмакчылык. Аял заты айырмалуу эркек менен гана гүлдөйт.

Баткакка түшкөн алтын, баарибир алтын бойдон калат, а чаң канчалык бийикке чыкпасын, өмүр бою чаң бойдон калат.

Ийгиликсиз никеде жылдарыңды короткончо, татыктуу түгөй издөө менен жылдарыңды коротконуң жакшы.

Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба албаган эркектер бар


Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#715 Жолоочу_Bojooook_* 16 Апрель 2016 - 19:05

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Кыз деген - таарынтуу учун эмес - эркелетуу учун, айкыруу учун эмес - аярлоо учун, алдоо учун эмес - энсоо учун, уруу учун эмес - суйуу учун жаралган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#716 Пользователь офлайн   Mediziner   16 Апрель 2016 - 20:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Достук бул - эки дененин ичин камтыган бир эле жан дүйнө.

Ар бир адамда күн бар. Болгону ага жаркыроого мүмкүндүк берүү керек.

Тамакка кошулуучу эң мыкты татым бул - ачкалык.

Мен жашоо үчүн жейм, а кээ бирөө жеш үчүн жашайт...

Сулуулук бул - абдан кыска убакытка чейин башкаруучу ханыша.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#717 Пользователь офлайн   KblCHASS   16 Апрель 2016 - 22:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 16 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2017 19:58

Мени табуу кыйын жоготуу оной унутуу мумкун эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#718 Пользователь офлайн   jetinur90   16 Апрель 2016 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

КАНДАЙ БОЛСОН ОШОНДОЙ КОРУН. ЖЕ КАНДАЙ КОРУНСОН ОШОНДОЙ БОЛ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#719 Пользователь офлайн   Geran   16 Апрель 2016 - 23:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Азга ыраазы болбогон - көптөн ажырайт.


Айтар эчтемеси жоктордун сөздөрү - маанисиз.


Акмактарды бактылуу кылган - Кудайлардын чыккынчылыгы.


Акчадан башка эч нерсеси жок адам - бечара.


Акылдуу ой жүгүртүп, акылсыз иш жасагандар аз эмес.



Аялды сүйлөткөнгө миң амал бар, бирок, оозун тыйганга бир да амал жок.



Баарын мактаган адам - бир адамдын да кадырына жете албайт.


Баарын мактаган адамга - ишенбе.


Байлык деген - деңиз суусундай, ичкен сайын суусунуң канбайт.



Билген жасайт, жасай албаган - үйрөтөт.


Бирөөгө сылык ийилип жатып, бирөөгө аркабызды салабыз.



Душмандан да өрнөк ал.


Жалган тарыхчыларды жалган акча жасагычтарча өлүм жазасына тартыш керек.



Жалганчынын чын сөзү да сая кетет.


Жалкоого жиниң келбесе - сен да анын түгөйүсүң.



Жамандарды колдогондук - жакшыларды кордогондук.


Жамандыкты көргөн адам - унутат, жамандыкты жасаган адам - унутпайт.



Жер үстүндө алдамчыларга караганда аңкоолор көп, андай болбосо, алдамчылар кантип күн көрөт?


Жоокерлер кармашта эмес, качканда көп кырылат.



Жүздөгөн кой чогулуп, бир карышкырча жок.



Жүзү каралардын ичинен чечендер да чыгат.



Келесоо жамгырдан сууга кирип жашынат.


Келесоолорго Кудайдын да алы жетпейт.



Коммерсанттын Мекени - анын чөнтөгү.



Консерватор - эки саны соо, бирок, баса албаган адам.



Коркок адам эр жүрөк адамга караганда чырга жакын.



Кошомат жасай билген адам каралаганды да билет.


Кошоматчылардан корккула, алар - чүмбөт тартынган уурулар.



Көзү туруп көрө билбеген адам - даана сокур.



Көп сүйүнгөн пенделер макоо болуп тынышат.



Кулаалынын уясынан шумкарды күтпө.



Кумарга берилген адам аярлыктан ажырайт.


Кумар - эс-акылдын мастыгы.



Куу кекиртек үйрөтпөгөн кесип жок.


Кээ бир адамдар ойлонбой туруп иш жасайт, кээ бирөөлөр - ойлонот, бирок, ищти жасабайт.



Кээ бир жандар убадасын аткарбагандан жа ыракат алат.



Кээ бир кишилерди жакшылык кылгандыгы үчүн эмес, жамандык кылбагандыгы үчүн сыйлаш керек.



Макоонун тили - макиден курч.


Мактанар эчтемеси жоктор көргөн кордугун айтып мактанат.



Мактоону ким сүйбөйм десе - ал аны дайыма уккусу келген адам.



Митайымдык караңгылыктын кампасы.



Намыянга түкөндүн баары - киреше эмес.



Олдоксон колго розанын тикени өч.



Эрки менен кул болгондон артык кордук жок.



Өзүн башкара албаган адам - өңгөлөрдү башкара албайт.



Өзүнө өтө ыраазы адам - өтө таарынчаак келет.


Өтө сыйчылдык - кошоматчылыктын өтө купуя, өтө сыпайы түрү.



Сага бирөөнү жамандаган, эртең сени жамандайт.


Сенин мушуңа жооп бербеген адамдан сактан.



Соргоктон өздөрүнө тиши менен көр казат.



Сүйлөй албасаң - укканды үйрөн.



Тез жыйнаган дүнүйө - тез жоголот.



Түлкү терисин жамынган мактоодон корк.


Убада - макоолор түшкөн тор.


Унчукпагандык - келесоолордун кеменгерлиги.



Үйдөн чыкпас конокко - карыз акча бере сал.



Үйүндө - арстан, сыртта түлкү.



Үйүндө зөөкүр адам көпчүлүк алдында кул кейпин кийет.



Ширин сүйлөнгөн сөздө уу да болот.



Эгерде келесоолор базарга барбаса, жараксыз товарларды ким алат эле?



Эркекти - бычмалга айлантса болот, бирок, бычмалды - эркекке айланта албайсың.


Эскирип айтар эчтемеси жок адам - башы кара, буту айры жан.



Эч нерсе жасабагандык - жумуштун эң эле кыйыны.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#720 Пользователь офлайн   asi.gulum   17 Апрель 2016 - 17:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Баары соонун экен. Рахмат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (54 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 30 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 30, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 09:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: