Ассаламу алайкум! Мындай тема көрбөдүм, болсо урушпай кошуп койууңуздарды өтүнөм.
Бул темага: Аалымдардын,
ойчулдардын,
акындардын,
ырчылардын ж.б. Дин (Ислам дини) тууралуу айткан сөздөрүн, ырларын жазсаңыздар болот. Ислам динине байланыштуу болгон нерселердин баары, сахабалардын,
даанышмандардын сөздөрү.
Эгер жеңилүүгө учураган болсоң Жаратканга сажда кылып: "Йаа Жаббаар! (О, Кудуреттүү Кудай) абалымды оңдо" - деп дуба кыл.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эгер заалымдын зулумдугуна дуушар болуп зулум чегип жаткан болсоң: "Йаа Аадил! (О, Адилеттүү Алла! Мага жардам бер" - деп дуба кыл.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эгер айры жолдо калып, эмне кылаарыңды билбей арсар болуп турсаң: "Йаа Басиир аршиднии!
(О, Ашкере-жашыруунду,
кайыпты, сырларды баарын көрүп туруучу Алла! Мага туура жолду көрсөт) - деп дуба кыл.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эгер муктаж болуп жаткан болсоң: "Йаа Мужииб! Ажибнии" (О, дуаларды кабыл кылуучу Алла! Дуаларымды кабыл кыл жана Өзүңдөн башкага муктаж кылба) - деп дуба кыл.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эгер жүрөгүң эч кимди сүйө албай жаткан болсо "Сүйүүңдү Аллага арна, анткени чыныгы сүйүүгө Андан башка эч ким татыктуу эмес".
Чын сүйүү бул - Жаратканга жанашуу,
Калгандары уруш-жаңжал талашуу.
Ислам динине байланыштуу цитаталар Ойчулдардын, акындардын, аалымдардын сөздөрү ж,б,
#1 28 February 2016 - 11:43
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#2 28 February 2016 - 12:02
لا تبالغ في المجاملة حتي لا تسقط في بئر النفاق.
لا تبالغ في الصراحة حتي لا تسقط في وحل الوقاحة.
Мааниси:
Кооз сүйлөп,ыгы жок чечендик кыла бербе.
Эки жүздүүлөрдүн кудугуна түшүп калбооң үчүн.
Оюңдагыны өтө эле ачык сүйлөп, чечендик кыла бербе.
Уятсыздык баткагына батып калбооң үчүн.
لا تبالغ في الصراحة حتي لا تسقط في وحل الوقاحة.
Мааниси:
Кооз сүйлөп,ыгы жок чечендик кыла бербе.
Эки жүздүүлөрдүн кудугуна түшүп калбооң үчүн.
Оюңдагыны өтө эле ачык сүйлөп, чечендик кыла бербе.
Уятсыздык баткагына батып калбооң үчүн.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#3 28 February 2016 - 12:03
قال يحيي بن معاذ: القلوب كالقدور تغلي بما فيها.
و ألسنتها مغارفها، فأنظر الي الرجل حين يتكلم ،
فإن لسانه يغترف لك مما في قلبه.
حلو....حامض... عذب...أجج ...وغير ذلك.
و يبين لك طعم قلبه اغتراف لسانه.
Мааниси:
Яхя бин Мааз деген аалым айтат:
Жүрөктөр, ичиндеги бар нерсесин кайнаткан "казанга" окшош.
Тилдер,ал казандын ичиндеги нерсени сүзүп чыгаруучу "чөмүчкө" окшош.
Сизге сүйлөп жаткан кишини байкасаңыз.
Анын тили сизге,жүрөгүндөгү бар нерсени сүзүп чыгарып жатат. Таттуусун... ..кычкылын.... .жагымдуусун. ....шордуусун.
Ал сизге жүрөгүндөгүсүн баяндайт.
Пайдасы:
Мына достор кээ бир кишилер ар нерсени айтып, көңүлдү ооруткандан кийин таарынба тамаша деп койот.
Тамаша да чын жүрөктөн чыгат, аны билдирбөө үчүн тамаша деп кутулат адепсиз.
Шарыятта тамашалап айтса "ТАЛАК" да түшөт.

#4 28 February 2016 - 12:03
اذا كنت وحدك فاحفظ قلبك.
و اذا كنت في الناس فاحفظ لسانك.
وإذ كنت علي المائدة فاحفظ بطنك.
وإذا كنت في الضيف فاحفظ عينيك.
Мааниси:
Эгер жалгыз болсоң жүрөгүңдү(жаман ойлордон) сакта!
Эгер элдер менен чогуу болсоң анда тилиңди сакта!
Эгер дасторкондун(тамактын)үстүндө болсоң анда аш-казаныңды(ашыкча жегенден)сакта!
Эгер бирөөнүкүндө конокто болсоң аңда көзүңдү(буюмдарынан жана кыз келиндеринен)сакта!
Пайдасы:
Руханий ооруунун пайдасын амал кылып аткарып көрсөк билебиз.
Кандай эле даары ичкенде дененин оорууганы бир аздан соң басылгандай.

#5 28 February 2016 - 12:05
القلب السليم من ذكر الله كثيرا.
والقلب المريض من غفل عن ذكر الله.
و القلب الميت من نسي ذكر الله.
اذا مات القلب ذهبت الرحمة.
وإذا مات العقل ذهبة الحكمة.
وإذا مات الضمير ذهب كل شيء.
Мааниси:
Аллахты көп эстеп зикир кылган жүрөк "саламат" жүрөк.
Аллахты эстөөдөн капылетте калган жүрөк "оорулуу" жүрөк.
Аллахты эстөөнү унуткан жүрөк "өлүк" жүрөк.
Качан кишинин жүрөгү карарганда "ырайымдуулугу" кетет.
Качан кишинин акылы кеткенде сөзүндөгү "даанышмандыгы " кетет.
Качан кишинин уяты кеткенде" бардыгы" кетет.
والقلب المريض من غفل عن ذكر الله.
و القلب الميت من نسي ذكر الله.
اذا مات القلب ذهبت الرحمة.
وإذا مات العقل ذهبة الحكمة.
وإذا مات الضمير ذهب كل شيء.
Мааниси:
Аллахты көп эстеп зикир кылган жүрөк "саламат" жүрөк.
Аллахты эстөөдөн капылетте калган жүрөк "оорулуу" жүрөк.
Аллахты эстөөнү унуткан жүрөк "өлүк" жүрөк.
Качан кишинин жүрөгү карарганда "ырайымдуулугу" кетет.
Качан кишинин акылы кеткенде сөзүндөгү "даанышмандыгы " кетет.
Качан кишинин уяты кеткенде" бардыгы" кетет.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#6 28 February 2016 - 12:06
أمران لا يدومان في الإنسان
شبابه و قوته.
وأمران ينفعان كل إنسان
حسن الخلق و سماحة النفس.
و أمران يرفعان من شأن الناس
التواضع و قضاء حوائج الناس.
و أمران يدفعان البلاء
الصدقة و صلة الأرحام.
Мааниси:
Эки нерсе инсанда даайым тура бербейт,
жаштыгы жана күч-кубаты.
Эки нерсе ар бир инсанга пайда берет,
жакшы адеп ахлагы жана кечиримдүүлүгү.
Эки нерсе инсандын кадырын көтөрөт,
кичи пейилдиги жана адамдардын муктаждыгын бүтүрүүсү.
Эки нерсе инсандан балээлерди кайтарат,
берген садакасы жана туугандары менен бекем байланышта болуусу.

#7 28 February 2016 - 12:07
لا تسيئ للشخص الذي
يحبك.
لا تقل مشغول للشخص الذي
يحتاجك.
لا تغش الشخص الذي
يثق بك.
لا تنس الشخص الذي
يتذكر فيك دائما.
Мааниси:
Сени жүрөгүнөн жакшы көргөн кишиге, жамандык кылба.(себеби ал сени сүйгөндүгү үчүн,байкуш болуп ыңгайсыз абалда калат)
Сага кажети түшүп келген кишиге, колум бош эмес деп айтпа.
Сага ишенген кишиге кыянат кылба.
Сени дайыма эстеп жүргөн кишини, сен да унутпа.

#8 28 February 2016 - 12:07
Бир киши набайчыдан күнүгө алты нан алат.
Анда набайчы сурайт сен дайым эле неге алты нан аласын?-деп.
Ал киши жооп берет алты нандын экөөсүн аялым экөөбүз жейбиз,экөөсүн карызга берем,экөөсү менен карызымды төлөймүн дейт.
Набайчы сурайт бул кандай?-деп.
Анда киши жооп берет. Атам менен энеме эки нан бергеним карызымдан кутулганым.
Эки балама эки нан бергеним аларды карыз кылганым деп.
Пайдасы:
Мына достор ким балдарын бакса алар да ата энесин багат.
(Каарылар үйү жок)
________________________
Анда набайчы сурайт сен дайым эле неге алты нан аласын?-деп.
Ал киши жооп берет алты нандын экөөсүн аялым экөөбүз жейбиз,экөөсүн карызга берем,экөөсү менен карызымды төлөймүн дейт.
Набайчы сурайт бул кандай?-деп.
Анда киши жооп берет. Атам менен энеме эки нан бергеним карызымдан кутулганым.
Эки балама эки нан бергеним аларды карыз кылганым деп.
Пайдасы:
Мына достор ким балдарын бакса алар да ата энесин багат.
(Каарылар үйү жок)
________________________
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#9 28 February 2016 - 12:08
من أبتغي صديقا بلا عيب،
عاش وحيدا.
من أبتغي زوجة بلا نقص،
عاش أعزبا.
من أبتغي حبيبا بدون مشاكل،
عاش باحثا.
من أبتغي قريبا كاملا،
عاش قاطعا لرحمه.
Мааниси:
Ким айыбы жок досту кааласа, анда жашоосун жалгыз өткөрөт.
Ким кемчилиги жок аялды кааласа,анда жашоосун бойдок өткөрөт.
Ким мүшкүлү жок сүйгөндү кааласа, анда жашоосун издөө менен өткөрөт.
Ким жакындарын (ойдогудай)толук болушун кааласа,
анда туугандарынан ажырап жашоосун өткөрөт.
Пайдасы:
Мына достор турмуш өзү татаал.
Бирок тил табышып жашоо Пайгамбарыбыз (С.А.В)дын сүннөтү.
Пенденин кемчилиги болот. Анын даарысы сабыр менен кечирим.
Алла Таалам Субхаан (кемчиликтен таза) зат.
Баарыбызга жакшы адеп- ахлак насип кылсын.

#10 28 February 2016 - 12:12
قد يجمع المال غير أكله.
ويأكل المال غير من جمعه.
نصيبك يصيبك و لو كان بين الجبلين.
غير نصيبك لا يصيبك ولو كان بين الشفتين.
Мааниси:
Кээде инсан өзү жебеген малды чогултат.
Кээде инсан башканын чогулткан малын жейт.
Сенин ырыскың келип жетет, эгер ал эки тоонун ортосунда болсо да!
Сага(буюрбаган) ырыскы насип кылбайт, эгерде ал эки эриниңдин ортосунда болсо да.
Пайдасы:
Бай да жейм дейт куйрукту.
Кедей да жейм дейт куйрукту.
Кудайым билет буйрукту.
( эгер өзумө буюрсун десеңиз анда кайрымдуулук кылыңыз. Кайрым иш кыяматта кайтат өзүңүзгө.)

#11 28 February 2016 - 12:16
نمضي النصف الأول من حياتنا بحثا عن المال.
وتمضي النصف الثاني منها بحثا عن الأطباء.
Мааниси:
Өмүрүбүздүн биринчи жарымын акча чогултуу менен элек болобуз.(ден соолука карабай)
Өмүрүбүздүн экинчи бөлүгүн бөлүгүн(күчтүү) доктур издөө менен алек болобуз(акчага карабай)
Пайдасы:
Адам баласы негизи кызык. Жаштыгында чоңойсом дейт, картайганда жаш болсом дейт.(киши жаштыкка канча бойонсо да жете албайт)
____________________________________________________________________________________
قيل لأحد الحكماء اي اولادك احب اليك؟
قال صغيرهم حتي يكبر.
مريضهم حتي يبرأ.
غائبهم حتي يحضر.
Мааниси.
Бир даанышмандан: Сиз балдарыңыздын ичинен кимисин жакшыраак көрөсүз ?-деп суралганда, ал мындай деп жооп берет.
Алардын ичинен кичинекейин жакшы көрөм, чоңойгонго чейин.
Ооруганын жакшы көрөм, сакайганга чейин.
Сапардагысын сагынып жакшы көрөм, үйгө келгенге чейин.
Пайдасы.
Мына досторум эң жеңил нерсе адамдарды сүйүп коюу.
Ал эми эң оор нерсе адамдарга сүйкүмдүү болуу.
Эмне үчүн бешиктеги бөбөктү баары келип, бетинен кечке эле жыттап өбө берет.Себеби ал жылмайып күлгөндөн башка сизге жооп кайтара албайт.
_______________________________________________________________________________
الكلمات تشبه المفاتيح.
اذا استخدمتها بشكل صحيح.
تغلق بها فم ام تفتح بها قلب.
Мааниси:
Сүйлөгөн сөздөрүң ачкыч сыяктуу.
Эгер аны орундуу, туура негизде сүйлөсөң.
Туура сөз менен(маңдайыңдагы) кишинин оозун кулпулайсын же жүрөгүн ачасын.
Пайдасы:
Жакшы сөз менен жылан ийинден чыгат.
Жаман сөз менен киши динден чыгат.
___________________________________

#12 28 February 2016 - 12:18
Адамдардын улуу акылдуулары менен дос бол.
Ысырапкор кадырлуу наадандарды ташта.
Акылдуунун берген уусун ичкин.
Наадандын берген даарысын жерге төгүп сал.
Жыйынтык:
1- Уудан максат сөз болсо, анда акылдуунун сөзү (ачуу чындык) пайда болот.
Ал эми наадандын сөзү( балдай таттуу азгырык) алдоо болот.
2 - Уудан максат даары болсо акылдуунун берген даарысы (шыпаа )болот.
Наадандын берген даарысы (ууландырып )койот.
Ысырапкор кадырлуу наадандарды ташта.
Акылдуунун берген уусун ичкин.
Наадандын берген даарысын жерге төгүп сал.
Жыйынтык:
1- Уудан максат сөз болсо, анда акылдуунун сөзү (ачуу чындык) пайда болот.
Ал эми наадандын сөзү( балдай таттуу азгырык) алдоо болот.
2 - Уудан максат даары болсо акылдуунун берген даарысы (шыпаа )болот.
Наадандын берген даарысы (ууландырып )койот.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#13 28 February 2016 - 12:22
تكلمت و انت غاضب ، ندمت باقي عمرك.
ان تكون أخرس عاقلا خير ، من ان تكون نطوقا جهولا.
Мааниси:
Ачуулу кезиңде сүйлөдүң , калган өмүрүңдө өкүндүң.
Наадан сөзмөр болгонуңдан көрө, Акылдуу дудук болгонуң жакшы.
( Башыңа келген балеелериңе, тилиңди өкүл кылып жибергениң эсиңдеби?. )
____________________________________________________________________________
لا تعامل كل الناس بأسلوب واحد.
فليس كل المرضي يأخذون نفس الدواء.
Мааниси:
Элдин барына , бир эле ыкмада мамиле кылба!
Оорулуу кишинин баарына эле, бир түрдүү даарыны бербейт.
(Жети жашына чейин балаңа падышаңдай мамиле кыл ! Он төрт жашына чейин балаңа кулуңдай мамиле кыл ! Жыйырма бир жашына чейин балаңа досуңдай мамиле кыл!
Анан үйлөп уядан учуруп, калган өмүрүнө балаңдын кеңешчи акылманы бол!)
_______________________________________________________________________________
عندما ترتفع .........سيعرف اصدقاؤك من انت !.
لاكن عندما تسقط.......... ستعرف من هم أصدقاؤك.
Мааниси:
Кадырың бийик болгондо..... ...сенин ким экениңди досторуң билет!.
Ал эми кадырың төмөн болгондо..... ..досторуң ким экенин сен билесин.
______________________________________________________________________________
اذا جالست الجاهل فانصت له.
و اذا جالست العالم فانصت له.
فإن في انصاتك للجاهل زيادة في الحلم(يعني الصبر).
و ان في انصاتك للعالم زيادة في العلم.
Мааниси:
Эгер наадан (жахил) киши менен чогуу олтуруп калсаң , ага ун чыкпа.
Эгер аалым киши менен чогуу олтуруп калсаң , ага да ун чыкпа.
Себеби , наадандын жанында ун чыкпаган кишинин сабыры көбөйөт.
Ал эми аалымдын жанында ун чыкпаган кишинин билими көбөйөт.
_________________________________________________________________________
لا تفتخر بشكلك لأنك لم تخلفه.
و لا تفتخر بنسبك لأنك لم تختره.
إنما افتخر بأخلاقك فأنت الذي اكتسبتها.
Мааниси:
Сулуулук келбетиң менен мактанба! Аны сен жараткан жоксун.
Урууң менен мактанба ! Аны сен тандап алган жоксун.
А бирок адеп-аклагыңдын жакшылыгы менен сыймыктан себеби, аны кесиптенип таптың (кашыктап чогулттуң)
_____________________________________________________________________________
الأب الجاهل يفرح بجمال ولده،و لا يبالي بقبح أخلاقه.
و الأب العاقل يفرح بأخلاق ولده،وأن كان من أقبح الناس.
Мааниси:
Наадан (жахил) ата-баласынын сулуулугуна сүйүнөт. Адеп ахлагы начар болсо да, көңүл бурбайт.(мындай баланы тышы жалтырак ичи калтырак делет)
Акылдуу ата-баласынын адеп ахлагына сүйүнөт. Келбети адамдардан сулуу болбосо да.(мындайды күмүш күлдүн ичинен жалтырап көрүнөт делет)
Демек, кадырман досум ата-эне балага жакшы кулк мүнөз, адеп-ахлактан өткөн нерсе бере албайт.Келбети, өңү жөнүндө эмнеге ак, эмнеге кара деп сенден суралбайт.

#14 28 February 2016 - 12:24
قيمة الانسان ليست بما يملكه،بل بما يمنحه.فالشمس تملك النار لكنها تملاء الكون بالنور.
Адамдын кымбаттуулугу ээлик кылган байлыкта эмес,балким ошол байлыгынан (кайыр кылып)бергенде. Күндүн ээлик кылганы "от"
бирок, ал жылуук нурун бүт ааламга берет.
_______________________________________________________________________________
بسم الله الرحمن الرحيم.
إحياء علوم الدين.الجزء4 الصفحة 30.
في كثرة الطعام ست خصال مذمومة.
1-أولها أن يذهب خوف الله من قلبه.
2-ان يذهب رحمة الخلق من قلبه لأنه يظن أنهم كلهم شباع.
3- أنه يثقل عن الطاعة.
4- أنه إذا سمع كلام الحكمة لا يجد له رقة.
5-اذا تكلم الموعظة لا يقع في قلوب الناس.
6- أنه يهيج فيه الأمراض.
Тамакты көп жегендин алты зыяны.
1- Көп жеген кишинин жүрөгүнөн Аллахтан болгон коркуу сезими кетет.
2- Киши көп тойгон кезде адамдарга болгон боорукерлиги кетет себеби, элдин баарын өзүндөй курсагы ток деп ойлойт.
3- Ибаадаттан (намаз орозодон) жалкоолоно баштайт.
4- Көп жеп алган киши, даанышман кишилердин сөзүн укканда, маани маңызын таппайт.(себеби ашказан башка нерсе менен алек )
5- Киши көп жеп алып, маселе айтса, сөздөрү адамдардын жүрөгүнө жетпейт. (Элестетип көргүлө шашлык, манты, казы-карта, чучук, чеснок жыттанып, кан басымы өтө жогору абалда элге насаат айтып жатса. Андай абалда айтуучу эл менен эмес, өзү менен өзү алек болот дейт билгендер.)
6- Көп жеп алган кишинин ооруулары аракетке(козголуу) түшүп тынчын ала баштайт.(байкуш эч кимге аны айтпат)
(Туугандар ошондуктан Пайгамбарыбыз (С.А.В) айтты: Орозо туткула ал дененин тынчтыгы деп.)
Ихяу улуумуддин китебинен Газалийдин топтмунан.4том. 30бет.
_____________________________________________________________________________
Шуратулислаам деген эски китепте
айтылат.
Мухаммад Яманий деген даанышмандан сурашат.Сиз неге дайым орозо кармап жүрөсүз?-деп.
Анда ал жооп берет.Мен алты кишиге алты түрдүү суроо берип, бир жооп алганымдан, орозо кармадым деди.
Анда алар кайсы суроолор деди.
Жооп берет.
1-Дарыгерлерден сурадым. Ден соолукка шыпаа тамак кайсы десем, алар "аз жеп ачка жүрсөң" оорубайсын деди.
2- Аабидтерден( Кудайга кулчулук ибаадатын кылгандардан) бул даражага кантип жеттиңер деп сурасам "аз жеп ачка жүрүү" менен деди.
3- Даанышмандардан канткенде менин сүйлөгөн сөзүм жүрөктөргө таасирлүү болот деп сурасам "аз жеп ачка жүрүп" сүйлөсөң таасирлүү болот деди.
4- Заахидтерден (Такваа Кудайдан корккон дүйнө ушактарынан оолактардан)кантип бул даражаны таптыңар деп сураганымда "аз жеп ачка жүрүү менен" деп жооп беришти.
5- Аалымдардан( Кары аке Аалым молдолордон) канткенде куран хадистер жүрөгүмө тез жатталат деп сурасам "аз жеп ачка жүрүү "менен деп жооп беришти.
6-Падышаалардан сиздер тамакты жакшы билесиздер, кандай тамак таттуу деп сурасам, алар күндө жеген бал таттуу болбой калат. Ошондуктан "аз жеп ачка " болгон күнү суу да таттуу болот деп жооп беришти.
Мына ушунун негизиде орозо кармап жүрөмүн деп жооп берди Мухаммад Яманий.
__________________________________________________________________________________

#15 28 February 2016 - 12:24
__________________________________________________________________________________
يقول بعض الحكماء: حمارك الأعرج يغنيك عن سؤال عن حصان اللييم.
Мааниси:
Кеебир даанышмандар айтат:
Сурансаң бербеген сараң адамдын айгырынан көрө, өзүңдүн аксак эшегиң көп жумушуңду бүтүрөт.
(Демек, досум айылга айда жылда бир барганда бирөө минип жүргөн жиптен көрө, жайдары өзүң минип көнүп калган фиттен өтөөрү жок.)
Эчтеке эмес, ат алгыча эшек жарап турат-деген мурункулар.
_______________________________________________________________________________
قال أحد الحكماء : لا تجادل الاحمق فقد يخطئ الناس في تفريق بينكما.
Бир Даанышман айтты:
Сен акмак киши менен талашып-тартышпа . Көргөн элдер экөөңдүн кимиңер акмак экениңерди, ажырата албай калышат.

#16 28 February 2016 - 15:51
жакшы.
Разговоривать с полным ртом не красиво.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.

#17 28 February 2016 - 15:58
БАКЫТ-БУЛ АДАМДАРГА ЖАКШЫЛЫК ЖАСАП, ЖАСАГАН ЖАКШЫЛЫГЫНДАН РАХАТ АЛУУ
Шейк Чубак ажы Жалилов.
Шейк Чубак ажы Жалилов.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#19 10 March 2016 - 13:59
Мен тамеки тартпайм, бирок жаныма ширенке салып жүрөм.
Качан менин жүрөгүм күнөөгө тартыла баштаганда, ширенкени күйгүзүп алаканыма жакындатам да өзүмө айтам: "Али сен ушунчалык ысыкка чыдабайсың, анан тозоктун отуна кантип чыдайсың?"
Мухаммед Али.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#20 10 March 2016 - 14:03
"Эгерде сен жакшы көргөн нерсени Аллах дайым берүүнү кааласаң, анда сен да Аллах жакшы көргөн иштерди дайым аткар"
Имам Ахмад
Имам Ахмад
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.

Супер-Инфо
super.kg
видео