Оозум ачылып эле турам. Жанымдагы кыз сага эмне болду деп коет... Мынчалык бийик уйлорду коргон эмесминда. Жакшы жер экен деп суйундум. Андан ары уйго жеткичекти оозум ачылгандан эле ачылган. Алгач бийик уйлорго, кооз имараттарга,
ж.б.у.с. кызыгып ачылса, коп отпой эле жергиликтуу калкты коруп жаагым жабылбай калды. Алардын коз караштары мага сот процессиндеги жабыркаган тараптын коз караштарын элестеттирип жатты...
Бул шаарга келгенче чейин мен аябай жакшы корчумун... Ошондой болду, бардым баягы суйуумо суйуу кошулду.Бирок копко эмес. Уйго кирип келгенге чейин тиги коз караштарды карап олтуруп, чунчуп кетиптирмин.
Жетээрге чейин жанымдагы бала кайра кайра бир орус менен урушуп жаткан. Эмнеге урушасын десем, бул азыр тушкондон кийин 180градуска озгорулот деди эле. Ошонусу чын экен. Орустар мени, т.е. кыргыздарды жаман коргондон коруп эле баратышты.
Бир куну бир орус менен суйлошуп олтуруп соз Кыргызстанга бурулуп кетти. Ал жамандап баштаганда мен жанталашып актандым. Бирок бир жерге келгенде мен...очтум:
-Жашоонор аябай начар силердики, менин чеккен тамеким силердин танкы тамактануунардан бийик турат.
-Кайдагыны айтасын? Бизде деле баары сонун, ар бир жаран озунун мамлекетин мактайт, макул болсон керек.
-Баары сонун болсо эмне келдин анан?
-Мен бул жерге акча табайын деп келген жокмун! Таекемдикине келдим. Таекемдер совет доорунда эле ушул жерден уйлонуп кала беришкен.
-Макул, а жердештерин неге келишет?
-...
-Мына кордунбу?!
! Миндеген кыргыздар оз мекенин чанып Россияга келип жатышат! Бок барбы бул жерде силерге? Макул, иштегиле, кеткиле. Аша чаап кетип, РФ жарандыгын алып атасынар. Билесинби, эмне деп кол коюп туруп алат? "Мен КРнан оз эрким менен баш тартам" дегенди уккансынбы?
бул деген мен тукурдум деген соз. Кана эми айтчы, Кыргызстан жакшы жерби?
-...
Мен очтум! Айтаарга созум калбай, тилим кыймылдабай эле калды. Жиним келип аябай урайын дейсин-бироонун жери. Ары анын айтканы да туура.
Эки айдай болдум. Орустар жеткен ит адам болушат экен. Ага чейин мен аларды абдан жакшы корчумун. Адашып кетип кокус орустардан бир даректи сурай корбо: такыр башка тарапты коргозушот.
Бир жолу метродо кетип жатам. Боюнда бар адам асытма келип калды. Аны коруп эле орун бошотоюн десем, рахмат мен отурбайм деп калды. Тушунбой эле турсам, жардам бергиле, торотумо акча жок деп калды. Журогум оозума тыгылып чонтогумдон ceeheg бердим. Тушумдагы орус аялдын да журогу бар экен, берди. Калганы аны шылдыпдап карап, кулушуп эле атышты. Дароо Аллахтан жардам сурадым. Ичимден, О Аллах, бул эмне деген пенден? Жардам бер ушул пендене деп ыйлагым келип атты. Тушумдагы аял коздорунон жаш агыза баштады...
Кеч кирип калганда уйго кайтып келе жатып, бир мас кыргызды коруп калдым. Кызык, кыргыздар аран журушсо бул эмне ичип журот? Ангыча мага келди да суйлоно баштады. Уккум келген жок. Бирок, созунон байкап олтурсам, орустар аны 15 кун иштетип туруп, калп жалаа жаап, бир тыйын бербей жумушунан кууп чыгышыптыр.
Эми анын жашаганга шарты жок экен. Жашаган уйунон акчасы жок айдаганы атышыптыр.
Кыскасы, эки айда тушумо кирбеген окуяларга туш болдум. Кетээрде сумкамды алып алып уйдун астынан эки орус аял турушуптур.
Мени коруп эле бироосу жыргап кетти. Жанындагысына "Уйуно кетип жатат" деп калды. Мен аны угуп алып, урушайын деп камдандым. Бирок рейстен кечигип бараткам. Урушканга убактым жок болчу. Ошентип аман эсен КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ ЖЕТИП КЕЛДИМ!
МОСКВАНЫ ЖЕЛКЕМДИН ЧУНКУРУ КОРБОСУН!
Кечир мени Ала-Тоо менден кеткен,
Эгиз жер болбойт тура, окшош келген.
Баракча 1 - 1
Кечир мени Ала-Тоо менден кеткен, Эгиз жер, болбойт тура окшош келген...
#1 07 Февраль 2009 - 06:25
Киргиз,
суйлоп корчу таза кыргызча,
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
#2 07 Февраль 2009 - 15:35
Sagy, неизгиси мекенине аман-эсен кайтып келгенин жакшы болуптур. Сен коргондор чети эле да. Ал жакка бакыт издеп, бай болобуз деп кетип жатышпайбы.
Мейли, кетишсин. Бирок жыйынтыгы кандай болуп жатат, кеп ушунда болуп жатпайбы. Ден соолуктарынан ажырап, жакшынакай уйбулолор ажырашып, никесиз эле жашап алгандар коп экен. Канчалары дайынсыз жоголуп кетип же каза болуп калышууда. Канчалары орустарга жек корунду болуп журушот. Жигиттердики да билинбейт, а кыздар эмне болуп жатышат. Каадасы менен турмушка чыкпай... Бир комнатада 15-20 киши жашайт экен. Барганда иш дароо эле табыла калбайт да. Квартиранын акысы, тамак-аш деген маселе бар. Ал эми оорукананы айтпай эле койсо болот. Ал жакка барып иштегендердин 100дон бири гана бул жактан уй-жай албаса, калганы эптеп эле журушот болуш керек. Мунун баарын эле угуп, билип, сезип, айрымдарын теледен коруп жатпайбызбы.
Бейиштей болгон мекенин таштап, коргону ошол. Бул жактан эле жер иштетип, мал бакса деле жашоо отмок да. Айрым маалыматтар боюнча, озбек, тажик туугандар чек арадан улам берилеп отурукташып,
бизге маселе жаратышууда,
айылдарда карылар, жаш балдар эле калышты. Бул да ойлоно турган маселе. А биздин жарандар же уйдо эмес, же Чуйдо эмес болуп, кор болуп жургондоруно кейийсин. Бир чети оз коздору менен коруп, оз баштарынан откоруп келгенде анан мекендин баркын тушунот болуш керек. Кыскасын айтканда, Россияга кетип анча-мынча каражат табабыз деген менен, кыргыз элинин намысына, тукумуна, аброюна доо кетип жатат. Менин да жээним азыр Москвада. Келгенге акчасы жок, эки жолу акча салдык. Биринчисин квартирасына берип коюптур. Бизге аман-эсен келсе болду. Эмне дейбиз, биздин экономикабыз оссо, мамлекетибиз байыса, кекткендер кайрылып келет деп ойлойбуз, "ат айланып казыгын табат", "адашкандын айыбы жок, кайтып уйун тапкан сон" дегендей...
#3 11 Февраль 2009 - 10:09
Жакшы маселенин башын көтөргө
нсүз, Sagy. «Ат айланып казыгын табат» деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Биз канча аракет кылсак да, орус же кандайдыр бир башка улуттун тилин, дилин, маданиятын,
тарыхын үңү
лө үйрөнсө
к да, алардын катардагы адамынан ашып кете албайбыз. Ошондуктан,
кыргыз болгондон кийин кыргыздыкты сыйлап, кыргыздын ким экенин түшүнгө
н жаштардан болушубуз керек. Башка варианты жок!
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#4 11 Февраль 2009 - 12:51
Урматтуу Сагы, мага айткан окуяныздын чын журоктон чыкканы жакты.
сизге айтар кенешим томондогучо:
1. Бардык окуяларды журогунузго жакын ала бербениз. мындай темп менен кетсениз, эртен же бурсугуну журогунуз кармап калышы мумкун.
2. бир жолу Каныбек Иманалиев минтип айтты эле: "Намыстан улут кайра жаралат" деп.
дал ушул соз туура болсо керек. мейли, биз бугун кыйналып жатабыз, мейли бизди бугун тебелеп отуп, бетибизге тукуруп жатат. мунун баары бизди жаман нерсеге эмес, жакшылыкка гана алып берет деп ишенем. сизге окшогон, ж.б. кыргыздар ошондойлорду коруп, бара-бара андан арылганга аракет кылат.
эн эле баналдуу корунуш атасы аракты окурто ичсе, демейде баласы (башы бар болсо) аракты жек коруп калат.
Сагы сизге ийгилик кааалайм! бирок кайталап отойун, бардык нерсени озунузго жакын ала бербениз.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#5 17 Февраль 2009 - 01:57
Мен кыргызмын!
Мен билем, урпактардын ата салтын,
Мен билем кыргыз элдин сырларын.
Мин турлуу сан жылдызга алмашкыс,
Менталитетин, оз элимдин айырмасын.
Ышкырамын, жар саламын ааламга,
Ыраазымын кыргыз болуп жаралганга.
Ылгабастан кыргыз атын эч качан,
Ырдасам дейм, данктасам дейм сагынганда.
Ар бир созун уксан кандай рахат берет,
Апа деген наристе да даамын сезет.
Ата-мекен кайдасын сен, мени батыр,
Адазатта журок болот, сыздай билет.
Дем ала албайм ботон жерде аба жетпейт,
Дымыгып барам кусалыктан ким ишенет?
Дарыянын шар толкунун эстегенде,
Добушуна зар боломун, жетким келет.
Кечир мени Ала-Тоо менден кетсе,
Кысып ал бооруна, колун жетсе.
Кул болоюн оз жеримде, оз элиме,
Кыргызыма тен келбес жерде, эч нерсе!
Элим сонун, намыс коргоп жашап келген,
Эне сонун, балага таалим бере билген.
Эчен жерди коруп келдим ааламда,
Эгиз жер болбойт тура, окшош келген.
Билем жетем, аман болсо журогум,
Балалыгым откон жерде конулум.
Батасына зар болгондо атамдын,
Барамын деп кыялданат коодонум.
Мен кыргызмын кымыз ичип чонойгон,
Мен кыргызмын, кыргыз жерден ойгонгон.
Манас баатыр биз учун жоо кууганда,
Мен кыргызмын, эл тагдырын ойлогон.
Мен кыргызмын! !!
20.12.08.

#7 19 Март 2009 - 15:28
Жалгыз бой жашаган келиндерге,
балдарын таштап салып кеттип калгандарына абдан жиним келет. Аталары жок болсо, анысы аз келгенсип энеликтен балдарды ажыратышып уйаттары жок, ойлонуп иш кылышпай. Балага, эненин жанында нанды суу менен иччсе дагы бакттылуу...
ошону кантип тушунушпойт?
балага байлык кереги жок, эркелетип эне мээрими керек. Катуу кетсем кечиргиле бирок балдарын таштап кетткен келиндерге коз карашым туз эмес.
#8 06 Ноябрь 2010 - 17:46
Жүрөгүмө муң толтурат, ар бир айткан сөздөрүң
Нөшөрлөтүп жаш агызып, ыйлап турат көздөрүм
Таштап кетсе, баш тартышып, кыргыздарым өлкөсүн
Мына ушу, тирүү туруп кыяматты көргөнүм
Оор турмуштун айынан канчалары запа чегип
Чет жактарда иштеп жүрөт, үйбүлөөсүн таштап кетип
Боорум ооруйт кыргызымдын кор болгонун көргөндө
Бөтөн элдер шылдың кылып "каралар" деп бөлгөндө
Бул кандай калк!? Аайткылачы! !! Баарын мээсиз деп билген.
Туура жолду сурап барсаң ката жолго кетирген
Кош бойлууга орун берип жардам кылуу ордуна
Шылдың кылып, каткырышып, бой көтөрүп керилген!
Жеген нанды тебелешип, берекени качырган
Тамак аштан кымбат турган, чылымдарды тартышкан
Бул жашоодо өмүр сүрүп гүлбак куруу ордуна
Билбей туруп өздөрүнө терең, терең көр казган.
Турмуш экен, тиричилик, мен да жүрөм чет жакта
Жашоо мыкты болсо дагы жүргөндөймүн абакта
Көкүрөктө турган жүрөк, жана бүтүн ойлорум
Кыргызстан деп аталган, бейиш сымал ГҮЛБАКТА
Өкүнөмүн ар бир күнгө, бөтөн жерде өткөргөн
Сагынамын, куттуу жерим токойлорду көгөргөн
Кыргызымдай, бийик турган, теңдеши жок дүйнөдө
Тоолоруңду чокусунан узактарды көргөзгөн...
Москва 06.11.2010
Кыргызыстанды сагынып Амантур Ысманбай тегин

Билдирүүнү түзөткөн: amantur: 06 Ноябрь 2010 - 17:48
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#9 22 Ноябрь 2010 - 02:15
Ашуу барбы кыргыз буту баспаган
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган
-деген ыр саптарында айтылгандай кыргыздар дагы далай-далай жерлерге барып көп нерселерди башыбыздан өткөрөбүз го. Кандай болсо дагы, кайсы жерде жүрбөсөңөр дагы өз элиңерге, өз жериңерге болгон сүйүүңөрдү, сагынычыңарды жүрөк түпкүрүнөн суурулуп чыккан ыр саптары менен билдирип турганыңар эт жүрөгүмдү болк эттирип денемдин ар бир клеткасына чейин жетти. Бөлөк эл бөтөн жерде аман болгула ООрубагыла!

#10 22 Ноябрь 2010 - 13:32
Aibengo (21 November 2010 - 23:15) жазган:

Рахмат доске
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
Баракча 1 - 1