Суперстан: Тырмака кантип кам коробуз... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тырмака кантип кам коробуз...

#1 Пользователь офлайн   Begai_kg   31 Июль 2015 - 22:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Тырмакка кандай кам көрүү керек?

Адамдардын жаш курагын көбүнчө анын колундагы жана моюнундагы бырышынан жана тырмагынын сулуулугунан билсе болот. Андыктан, тырмакты жана колду сулуу алып жүрүү үчүн эмне кылуу керектигине көңүл буруңуз.

Негизи адам дене мүчөсүн жакшы алып жүрүү үчүн каражатты аябаш керек жана алар ден-соолукка да зыянын тийгизбеши абзел. Тырмактын сынышы, чачтын түшүшү бул адамдын көркүн, сырткы келбетин бузат. Адистердин берген кеңеши боюнча тырмакка кам көрүүнүн эң жөнөкөй жолу күн сайын жок дегенде кайнатылган бир литр сууга бир кашык тузду аралаштырып 10-15 мүнөт колду салып туруу керек. Ал эми териси сезгич айымдар үчүн бир аш кашык оливка майын кошуп койсо болот. Бул ванна колдун бырышынын да алдын алат.

Андан сырткары косметологдор тырмакты өстүрүү үчүн метакрилат деген каражатты колдонушат. Тырмактын түбүндөгү бизге көрүнбөгөн майда микробдор ден соолукка зыян. Ошонун натыйжасында тырмактар морт болуп сына баштайт, бул учурда тырмактарыңызга кастор майын сүйкөп, массаж жасап туруңуз. Тамактанууда балык, деңиз азыктарын көп колдонуңуз. Ошондой эле курамында кальций, темир бар витаминдерди кабыл алыңыз.

Жасалма тырмакка кандайча кам көрсө болот?

Учурда көпчүлүк кыз-келиндер жасалма тырмак жасатууда. Бирок, тилекке каршы ага кам көрүүнү көпчүлүк биле бербейт. Жасалма тырмакты алгандан кийин өз тырмагың бузулбасын десеңиз төмөнкү кеңешке көңүл буруңуз.

* Тырмак алгыч менен кайчыны колдонбой, жасалма тырмакты өгөө менен гана формага келтирүү керек.

* Жасалма тырмактар ысыкты көп сүйө бербейт.

* Колду көпкө чейин сууда кармоо жасалма тырмакка зыян.

Негизи жасалма тырмакты өстүрүүнүн эки түрү бар: акрил жана гель. Акрил менен өстүрүүдө упа атайын суюктук менен аралаштырылат. Ал эми гель менен өстүрүүдө суюктук тырмактын үстүнө куюлуп, ультра кызыл нурлардын жардамы менен катырылат. Бизде мындай кызматтын баасы 100 сомдон 6000 сомго чейин. Бирок, жасалма тырмактын зыяндуулугу бар экенин эстен чыгарбаңыз. Кийин өз тырмактарыңыз сынып, ыңгайсыздыкты жаратат.


Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 18:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: