Депрессиядан чыгуунун жолдору интернетте толуп турат. Бирок, анда шопинг кыл, шоколад же демейлер экен. Акчасы жоктор кантип чыгышат? Шопинг турмай, шоколадка жете турган акчаң жок болсочу? Депрессия деген немең акчаң бары-жогуна карабайт турбайбы. Же акчалуулар гана чыгып, акчасыздар калып кете беришеби?))
Акчасы жоктор депрессиядан кантип чыкса болот?
#3 10 August 2016 - 02:49
Депрессиядан чыгам деп жоон отурса берсе,анан акча озу келет шондо чыгасынар депрессиядан.
.
Т.б. "Алма быш,оозума туш" деп отура бербей акча табуунун аракетин кылыш керек. Эмне коп,иш коп,табылат иш. Аз акча болсо да,берекеси менен болсо жеткирсе болот.

Salam baaryna
#4 10 August 2016 - 09:48
Өлүмдөн башка бардык нерсенин айласын табууга болот дешет эмеспи. Сиз да куру кол отуруп калбаңыз, бир барак алып колуңуздан кандай иш келсе баарын варианты менен жазып чыгыңыз. Мүмкүн бул варианттардын ичинен сизге кошумча пайда алып келүүчү жумуш табылып калаар.
Өз жашооңузду өзүңүз колго албасаңыз, жашоо өзү сизди каалаган тарабына ыргытуусу мүмкүн. Ошондуктан күчүңүздүн барынча аракет кыла бериңиз, чалынып жыгылсаңыз ошол бойдон токтоп калбай кайра туруп тырмыша бериңиз, мына ошондо чыныгы ийгиликти жарата аласыз.
Депрессиядан чыгуу үчүн белгилүү инсандардын, алсак көп ийгиликтерге жетишкен адамдардын өмүр баянын, же психологиялык китептерин окуңуз. Байкасаңыз алардын көпчүлүгү жөнөкөй эле адам болуп жарык дүйнөгө келишкен, бирок талбай изденүүнүн, аракетчилдиктеринин айынан ушундай даражага жетишип отурушат.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#5 10 August 2016 - 10:16
Акчан жокто озунду бир аз алаксытуу учун ,шартылдап аккан сууга чайканыныз ,барддык жаман ойлорунузду сууга агызыныз ,бир аз эс алган сон жумуш издеп акча табыныз.Баары жакшы болот ,омурдо жакшы ,жаман кундор коп.Таза суу баарын тазалайт.Колго эмес ,эстеп калыныз ,АГЫН сууга ,,шар аккан .
#7 10 August 2016 - 11:41
Акчасы жоктор депрессияга көп кабылышпайт,
билесизби.? Депрессия ошол акчанын айынан чыгат ко көпчүлүк учурда.
Айылда жүрсөң ыракат, шаарга келсең ыракаттан дайын жок. Эмне үчүн? Анткени акчаа керек. Квартирага, тамакка, ичкенге, кийгенге, барганга, келгенге... Баланчадан карыз сурайын десең мурдакы карызын бере элексиң, түкүнчөдөн карызыңды доолайын десең ал таптырбай жүрөт. Үчүнчүдөн сурайын десең, ал сенден сураганы келген. Кечинде квартирага барсаң ээси акчасын күтүп, кайтарып отурат. 2 күндөн кийин сүйлөшкөн кызыңдын туулган күнү. Кураторуң болсо издеп жүрөт "отчислениеге кетип атасың" деп. Жада калса, акыркы калган байпагыңдын бармагы жыртылып калган. Анан Кош кел ДЕПРЕССИИИЯЯ! !!
Ушундан көрө айылга барып кой кайтарып жүрө берсемби...

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#8 10 August 2016 - 15:48
Акчасы жоктор депрессияга көп кабылышпайт,
билесизби.? Депрессия ошол акчанын айынан чыгат ко көпчүлүк учурда. Айылда жүрсөң ыракат, шаарга келсең ыракаттан дайын жок. Эмне үчүн? Анткени акчаа керек. Квартирага,
тамакка, ичкенге, кийгенге, барганга, келгенге... Баланчадан карыз сурайын десең мурдакы карызын бере элексиң, түкүнчөдөн карызыңды доолайын десең ал таптырбай жүрөт. Үчүнчүдөн сурайын десең, ал сенден сураганы келген. Кечинде квартирага барсаң ээси акчасын күтүп, кайтарып отурат. 2 күндөн кийин сүйлөшкөн кызыңдын туулган күнү. Кураторуң болсо издеп жүрөт "отчислениеге кетип атасың" деп. Жада калса, акыркы калган байпагыңдын бармагы жыртылып калган. Анан Кош кел ДЕПРЕССИИИЯЯ!
!!Ушундан көрө айылга барып кой кайтарып жүрө берсемби...
Эээ айылдын деле озунун депрессиялары бар. Койду жыргап ашып кетсе 10 15 кун кайтарарсыз анан баягы эле инсанчылык башталат. Кунумдук кайталанма жудотмо кара жумуш зеригичтуу кундор. Ваннада жуунгун келип кетет, паркта айлангын келет,магазин аралагын келет. Кыскасы 2/15/30.
Озунду эр ойлосон , бироону шер ойло!
#9 10 August 2016 - 17:39
Эээ айылдын деле озунун депрессиялары бар. Койду жыргап ашып кетсе 10 15 кун кайтарарсыз анан баягы эле инсанчылык башталат. Кунумдук кайталанма жудотмо кара жумуш зеригичтуу кундор. Ваннада жуунгун келип кетет, паркта айлангын келет,магазин аралагын келет. Кыскасы 2/15/30.
Мисал кыла кеттим да. "Акча көбүрөөк талап болгон жерде депрессия көп, азыраак жерде тескерисинче" депчи.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#10 10 August 2016 - 19:39
Депрессиянын себеби "акча" болсо, анда "движЭниЭ кылыш керек", а башка болсо жоо басып/ чуркап, сууга тушуп/жуунуп,
китеп окуп, жакын достор менен таза абада баарлашуу бепбекер)))
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#11 10 August 2016 - 20:40
Депрессиядан чыгуу акчага такалат деген туура эмес капырай )
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#12 11 August 2016 - 00:07
Акчасы жоктор депрессияга көп кабылышпайт,
билесизби.? Депрессия ошол акчанын айынан чыгат ко көпчүлүк учурда.
Айылда жүрсөң ыракат, шаарга келсең ыракаттан дайын жок. Эмне үчүн? Анткени акчаа керек. Квартирага, тамакка, ичкенге, кийгенге, барганга, келгенге... Баланчадан карыз сурайын десең мурдакы карызын бере элексиң, түкүнчөдөн карызыңды доолайын десең ал таптырбай жүрөт. Үчүнчүдөн сурайын десең, ал сенден сураганы келген. Кечинде квартирага барсаң ээси акчасын күтүп, кайтарып отурат. 2 күндөн кийин сүйлөшкөн кызыңдын туулган күнү. Кураторуң болсо издеп жүрөт "отчислениеге кетип атасың" деп. Жада калса, акыркы калган байпагыңдын бармагы жыртылып калган. Анан Кош кел ДЕПРЕССИИИЯЯ! !!
Ушундан көрө айылга барып кой кайтарып жүрө берсемби...
Айылда жүрсөң ыракат, шаарга келсең ыракаттан дайын жок. Эмне үчүн? Анткени акчаа керек. Квартирага, тамакка, ичкенге, кийгенге, барганга, келгенге... Баланчадан карыз сурайын десең мурдакы карызын бере элексиң, түкүнчөдөн карызыңды доолайын десең ал таптырбай жүрөт. Үчүнчүдөн сурайын десең, ал сенден сураганы келген. Кечинде квартирага барсаң ээси акчасын күтүп, кайтарып отурат. 2 күндөн кийин сүйлөшкөн кызыңдын туулган күнү. Кураторуң болсо издеп жүрөт "отчислениеге кетип атасың" деп. Жада калса, акыркы калган байпагыңдын бармагы жыртылып калган. Анан Кош кел ДЕПРЕССИИИЯЯ! !!
Ушундан көрө айылга барып кой кайтарып жүрө берсемби...
Сиздин жообунуз эле кимди болбосун депрессиядан чыгарып коет го)) Көптөн бери мындай жыргап күлө элек элем. Рахмат.
#13 11 August 2016 - 00:09
Уйкуну азайт. Тан эрте туруп ырыскынды издеп чык кочого,форумдан,
интернеттен акча чыкпайт. Мээнет менен эгин эгип дыйкан бол-акча,мал бак-акча,тушуму шыр кетчу бак тигип багбан болуп ырахаттан,акыбети-
туболуктуу акча. Сварщик бол-акча,окуп же уйронуп жук ташы машиналарда-
акча,кесип кылып курулушта иште-акча. Уста болуп эмерек жаса,техника ондоп-тузот-
акча. Тыйынды тыйынга кошуп соода башта-онбогондой акча. Жок дегенде кой союп касапчы бол,ал да акча. Бирок кунумдукту эмес келечекти ойлоп онор уйрон. Мээнетсиз акча болбойт. Азыр дени-карды соо жигит киши акчам жок десе жарашпаган уят заман. Акчаны ойлоордон алдын кирешелуу,туруктуу кесип керек. Онорун менен жан уроп эмгектенсен акча озу издеп калат артындан. А эгер ойлогон оюн,суйлогон созун акча болсо,анда туболук депрессиядан чыкпайсын. Акчанын ордун тургузуп план менен алгылыктуу пайдалансан акча маселеси жаралбайт. Акча тапкан менен эсебин таба албасан журо бересин бирин эки болбой,акча ойдон кетпей,же ойдогу акчага жетпей.
#15 11 August 2016 - 10:59
Уйунордун чекеси жылтылдай турчу кылып жыйнап, жууп чыксанар депрессиянар кошулуп тазаланып кетет. Ана сага беппекер)))
#16 11 August 2016 - 21:33
Аябай кызыктуу тема. Бир кун бошогондо ушул темага кайрылып кетээрмин. Автор дуйноонун жалган убактылуу экенин тушун. Эртен олсон эки метр чункур. Байлык жана башка эч нерсе эмес. Акчан болсо бей бечерага берип сооп топто. Дуйно кез, кыдыр эл жер кор. Дуйноо тааным Кыргызстан мн чектелбейт.
Мындаай ойлонгулачы адамзат. Депрессия бекерчиликтен чыгат кыймылдагыла
#17 11 August 2016 - 23:03
менда азыр акчанын айынан депрессияга тушуп,жинди болоюн дер калган учурум..Бирине тапсан экинчисине жок.Мына сага деп 15-число да клип жатат 15,000 сомду даярдап кой кредит келтат деп. Анысы аз келгенсип тойлор уда-уда.Телевизордун устун караштан да коркуп калдым,чакыруу баракчасы жок беккен деги деп
Сентябрьда келтат,балдарга кийим кылвш керек..Акча акча акча болуп калды года...Жараткан ОЗУ колодосун...

#18 11 August 2016 - 23:43
Жашоо кызык!Адамды көптүргөн дагы,чөктүргөн дагы атың өчкүр акча болуп калбадыбы...
"Акча"десе эле жүрөгүм зыркырай түшөт.Анткени,
канчалаган жакындарымды,
бир туугандарымды көрө албай,байланыша албай жүрөм.Бешиктеги балдар эненин ууз сүтүнө тоё электе энесинен ажырап ким көрүнгөндүн колунда калууда.Эмнегедир,
банктардын саны көбөйгөн сайын,эл карызга белчесинен батып калды.Карызга баткан соң,эмнелерге гана батпайсың.Эң алгач кыялдарың Кара деңизге батат,түрдүү ойлорго,сансыз санааларга батат,келбетиң келишип,жүзүңдөгү бырыштарга көргөн азап-тозогуң батат.Анан ушинтип-ушинтип олтуруп,адам өзүнө-өзү батып,стресс,
депрессия боло баштайт.
Зээнимдин кейигени,канчалаган ишке жарамдуу мекендештерибиз башка өлкөгө барып,чаң жутуп,колу тоңуп көчө шыпырып,өзүнөн эки эсе оор жүк көтөрүп,аз уктап,колун муздак суудан чыгарбай пол жууп,даараткана тазалап,карыган өз ата-энесин,бала- бакырасын карабастан, "акча"," акча"деп башка бирөөлөрдү багып,карап жүргөнү эхх...Азыр акылы менен акча тапкан эч ким жок.А арам акчаны койчу,мейли, 1 000 000 сомуң болсо да арам болсо эгер жукпайт,жарытбайт. Анан айла жок кантип табат,ден-соолугун кетирип акча табат.Орусияда жана башка чет өлкөдө иштегендерибиз ден-соолугун Россияга барып,акчага алмаштырып салып жатканы ачуу чындык.Муну баарыңар эле билесиңер! ...Депрессия, стресстин айласын таап дарттан чыгып кетүүгө болот.А бирок,баарынан кымбат ден-соолукту кайра табууга биздин чет мамлекеттен тапкан акчабыз да жетпейт.Жашоо кайда эле агылып баратат.Кээде үй-бүлө куруп,балалуу болуп,эне сүтүн оозанбастан калган наристелерге, баласына куса болуп көргөзбөй сагынган эжелерге,сиңдилерге боорум ооруп,турмушка чыккым да келбей кетет.Стресс, депрессияга акчалуулар же акчасы жоктор батат деген болбогон нерсе...

Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#19 15 August 2016 - 18:27
Акчасы бары да, жогу да биринчиден озундогу плюстарды эсептеп чыгуусу керек: буту басабы ,Козу коробу, ата эне, бир туугандары аманбы ж.б. Андан кийин эмнеден депрессия болгонун талдоо керек, акчадан да естественно.
Депрессияга азыркы замандын адамдары бир эле жол менен тушот: озун тигиге, буга салыштырып,
андагы машина, уй, кийим менде жок деп. Ошол нерседен арылуу керек. Ал учун коп китеп окуу керек. Оной эле, мына, бир дагы жерде акча ж.до жазбадым. Адам озуно жол тапканда иши да журушот, бактылуу да болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео