Салам, форумчулар!
Мен силерге ар уй було туш болчу маселеге конул бургум келди. Кыргыздар коп балалуу болууну самашат...Кээ бири уул баланы, кээ бири кызды кутушот, кантсе да Жараткан берээрин унутпасын, берсе да омуру менен берсин, ин шаа Аллах...Канча балалуу болгунар келет? Эгерде, аялы экинчи баланы каалап жатса, ал эми куйоосу каршы чыгып жатса, кантип куйоосун кондурсо болот? (Жубайлар Россияда иштеген учун, куйоосу каршы чыгып жатат, иштеш керек деп)....
Наристе күтүү же пландоо Аялдык бакыт
#2 05 June 2015 - 23:48
Кудайым берсе 2 бала 2 кызым болсо деп кыялданам, анан пландап аял-куйоосу макулдашып эле балалуу болгон жакшы го жашоо шартка карап, баланын келечегине да жакшы деп мен ойлоп жатам.
#3 05 June 2015 - 23:59
Мен да кыялымды айтып коё берейн.Мен да буйруса шериги менен эки уул,эки кызым болсоо))анан пландаган деле жакшы го дейм кенешип кескен бармак оорубайт.Бирок,
Аллах ар биринин ырыскысы менен берет дейт го.Пайгамбарыбыз(С.
А.В)"Никелешип кобойгуло,акыркы кыяматта умотторумдун коптугу менен сыймыктанам"
дегенин да эстеп кеттим.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#4 06 June 2015 - 00:25
Мынча балалуу болсок болот деп чек койбойбуз деле . Кудай насип кылса , көп балалуу болсок деп ниет кылып жатабыз .
#5 06 June 2015 - 13:54
Баарынарды Аллахым тилегинерге жеткирсин и озум да суранам. Ылйым ден соолугубуз эле болсо кооп балдардын суйуктуу ата- энеси болгубуз керет. Бул менин отурсам турсам кудайдан сураган тилегим, умутум.
#7 06 June 2015 - 14:17
Коп балалуу болгум келет.Жашоо-
шартка да караш керек.Азыр бала багыш да кыйын.Бир топ эле расход кетет.Баланча мин акча деле кээде жетпей калат бизге.Витаминге,
питаниеге,кичинесине памперс,чонуна кийим,садигине деп жатып эле бир топ акча кетет.Албетте,
балдарындан аябайсын бирок ошону да таба билиш керек.Ал эми Россияда жургондордун копчулугу уй алабыз дегендер.Уйун болсо,акчадан кыйналбасан торогонго не жетсин.Куйоон макул болбосо торобой эле турганын он.
#8 06 June 2015 - 14:24
Ананда пландаш керек.Тороттун аралыгы торт жылдан болуш керек.Антпесе аялзаты чарчап калабыз.Ьизде кайда беш жылда 3-4баланы патыратып тороп салабыз,кийин бир эс алып алабыз деп.
#9 07 June 2015 - 01:23
Туура ден соолук болбосо катар катар тороп алсыз оорулуу балдарлы тороп аларлы да озубудду да азаптантуу да туура эмес. Ар бир бала оз ырыскысы менен торолот. Кооп балалууларга суктанам.
#10 07 June 2015 - 01:34
Жараткан канча бала берсе ошончо балалуу болом. Эгиз балалуу болгум келет.
Трольдорго ийгилик!
#11 07 June 2015 - 02:14
Ар бир пендеге ата -эне болуу насип кылсын! Бул маселени азыр озум эне болуп анан тушунуп жатам, мурун кудай озу кечирсин. Уйубуздо жалан кыздар болгондуктан урушуп, талашып кетип балалык кылып, ушу азырак эле болуп калсак эмне эле деп калат элем.Азыр ошол копчулуктон уйдо бир гана синдим калды, калгандарыбыз баарыбыз оз жолу менен туш тарапка кеттик)).Ошондуктан айтар элем ар бир пенде оз ырыскысы менен торолот, эч качан мынча балалуу болом деп чектебегиле!
Автор келсек жумуш деп убакытттын отконун да сезбей калат экенбиз ,кенешип торой берсин. Бала эртен эле бойго жетип чоноюп калат ,убакыт зымыр учкан куш .
Автор келсек жумуш деп убакытттын отконун да сезбей калат экенбиз ,кенешип торой берсин. Бала эртен эле бойго жетип чоноюп калат ,убакыт зымыр учкан куш .
#12 07 June 2015 - 23:09
Салам, форумчулар!
Мен силерге ар уй було туш болчу маселеге конул бургум келди. Кыргыздар коп балалуу болууну самашат...Кээ бири уул баланы, кээ бири кызды кутушот, кантсе да Жараткан берээрин унутпасын, берсе да омуру менен берсин, ин шаа Аллах...Канча балалуу болгунар келет? Эгерде, аялы экинчи баланы каалап жатса, ал эми куйоосу каршы чыгып жатса, кантип куйоосун кондурсо болот? (Жубайлар Россияда иштеген учун, куйоосу каршы чыгып жатат, иштеш керек деп)....
Эгер биринчи баласынан кийин аралык коп болсо, анда балалуу боло бериш керек. Удаа торогон кичине кыйыныраак болот. Бирок бага турган адам болсо, удаа торогондон отоору жок. Болбосо улуу бала эгоист болуп калат. Кобунчо удаа торосо бири уул, бири кыз болуп калат.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#13 09 June 2015 - 14:02
БАЛА КҮТҮҮДӨГҮ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР
Кыргыз элинин өзүнө мүнөздүү салт-санааларын үйрөнүп, билиш үчүн коомдогу үй-бүлөлүк мамилелерге токтолуу зарыл. Себеби ар бир кыргыздын үй-бүлөсүн баштан аяк ар кандай ырым-жырым, үрп-адат коштоп жүрөт. Баланын бойго бүтүшүнөн тартып, аны тарбиялоо, эрезеге жеткирип, үйлөнтүп-жайлантып,
өзүнчө энчи бөлүп берүү, андан ары орун-очок алып, акыры о дүйнөгө сапар алышында түрдүү каада-салттар күнүмдүк турмуштун мыйзам-ченемдүү көрүнүштөрү катары кабыл алынып калган. Таалим-тарбиялык мааниси зор бул каада-салттар кыргыз элинин маданиятынын бир жагын көрсөтө алат. Баарабызга белгилуу болгондой бала эненин ичинде жаткан мезгилден тарта эле бул дүйнөнү таанууга аракет жасайт. Эне - бала бири-бирине байланган болот эмеспи. Ошондуктан биздин карылар кош бойлуу айымдарга кылдаттык менен мамиле кылышкан. Алардын жеген ичкенин гана эмес, баса турган маалына да көңүл бурушкан. Мисалга алсак : боюнда бар айым күүгүмдө сууга барчу эмес, мүмкүнчүлүгү болсо тундо эшике да чыкчу эмес. Бала боюна бүткөнүнө үч ай болгондо кандайдыр бир тамакка талгак болсо, анын сосуз таап беришкен. Боюнда бар айымдын айы, күнү жетип толгоо кире баштаганда баканды түндүккө бек тиреп коюшчу, төрөчү келин баканды бек кучактап кармап толгоо тарткан.Төрөлгөн баланы эне сүтү менен багуу абзел. Ал эми эненин сүтү көп жана тогумдуу болушу үчүн, энеге дагы өзгөчө тамактар берилет. Мисалга алсак: кайнатылган талканга айран кошуп, жылуулай ичирилип, кийинчерээк козунун жаш шорпосу менен сут көбүрөөк берилет. Жаны төрөгөн келин кырк күн сууга түшпөйт жана муздак ичпейт. Баланын организми биздин шарттарга көнгүчөктү эне тамагын кылдаттык менен тандап жеш керек.
Бала төрөлгөндөн бир нече күндөрдөн кийин эркек жана кыз баланын чачтарын алдыруу да, бир жашка толгондо кыз баланын кулагын көзөтүү да парз болгон. Баланын чачын алдыруу таекенин милдети болгон. Чачын алган таеке балага мал энчилеп берген. Ал эми кыз баланын кулагын тайенеси көзөгөн да сырга тартуу кылган.
***
Баланын кыркын чыгаруу - эркек жана кыз бала төрөлгөнүнө кырк күн толгондо баланын энеси бүтүн айылды кыдырып кырк курак сурайт, жыйнап келген майда чүпүрөктөрдөн курап көйнөк тигип, аш-тамак даярдап айылдагыларды чакырып даам берет. Кийинки учурларда эл арасында бала жуундурулчу сууга алтын же болбосо төш белгилерин салышып, "атаңдай баатыр бол" же "бай бол" деп тилек кылышат экен. Муну баланын кыркын чыгаруу деп айтабыз.
Ушул жана биз билбеген же унутулуп калган ырым-жырымдар абдан көп. Азыркы жаш үй бүлөлөр кайсы бир ойлонуулардан улам, диний көз караштардан же тарбиядан бы, ушуга окшош каада-салттардан баш тартып келишет. Айткым келгени өзүбүздүн каада салттарыбызды сактап, кийинки элибиздин келечегин ойлоп, өзгөчөлүктөрүбүздү бийик тутуп, баланы тарбиялоодо карылардын кенешин, улуттук педагогиканын сабактарынан колдонсок, анда биз туура жолдо экенибизде күнөм болбойт эле.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#15 02 November 2016 - 19:39
#16 02 November 2016 - 19:41
#17 02 November 2016 - 19:47
Аллахым канча перзент берсе уулбу кызбы багууга куйоом экообуз тен даярбыз буюрса. Уул керек кыз керек деп деле айта албайбыз себеби колубуз менен жасап алчу нерсе эмес Аллахтын бергени да. 1 уул 1 кызыбыз бар.
Агам менен женеме бала жытын жыттоо насип кылсын деп Аллахга суранып келебиз. Сиздер да дубаа кылып коюшунарды отуном.
Агам менен женеме бала жытын жыттоо насип кылсын деп Аллахга суранып келебиз. Сиздер да дубаа кылып коюшунарды отуном.
#18 03 November 2016 - 08:25
мынча балалуу болобуз деп пландаган болбосо керек Аллахтын бергени да балалуу боло албай Балага зар болгондор канча.
#20 04 November 2016 - 13:30

Супер-Инфо
super.kg
видео
















