Суперстан: Дипломду мыйзамдаштыруу (легализация диплома) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • > Өкмөт жооп берет
  • > Тышкы иштер министрлиги
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Дипломду мыйзамдаштыруу (легализация диплома)

#1 Пользователь офлайн   aliya   27 Август 2013 - 08:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 06 Май 07
  • Соңку аракети: 07 Дек 2017 00:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Muzdak

Саламатсыздарбы?
Менде дипломду мыйзамдаштыруу тууралуу бир катар суроолор бар эле.
Сиздердин официалдык сайтыңыздардан толук маалымат алдым. Бирок, менин жекече абалымдагы бир канча суроолор боюнча кайрылып жатам. Ошол суроого жооп берип койсоңуздар.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aliya   27 Август 2013 - 08:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 06 Май 07
  • Соңку аракети: 07 Дек 2017 00:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Muzdak

Сиздердин сайтта дипломду мыйзамдаштыруу боюнча төмөндөгүдөй маалымат бар экен.
(жазсам форматы өзгөрүп кеткенине байланыштуу сүрөтүн тартып илдим)

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Маалыматка шилтеме: http://www.mfa. kg/co...ization_kg.html

Билдирүүнү түзөткөн: aliya: 27 Август 2013 - 08:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aliya   27 Август 2013 - 08:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 06 Май 07
  • Соңку аракети: 07 Дек 2017 00:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Muzdak

Эми суроолор:

1. Мен азыр чет өлкөдөмүн. Бул жактагы КР дын элчилигинен менин дипломумду мыйзамдаштыра турган адамдын атына ишеним кат (доверенность) жаздырып аны КР дагы адамга берип жибергем.
Дипломдун түпнускасы (оригинал), котормосу, ал котормосун нотариустан тастыкталганы бардыгы менде. Мен дипломду мыйзамдаштыруу үчүн Кыргызстанга дипломдун ошол которулуп, нотариус тарабынан тастыкталганын эле электронук почта менен жөнөтүп (сканер-принтер) ошол кагаздарды силердин сайтта көрсөтүлгөн көрсөтмөгө ылайык мыйзамдаштыра береби же мен сөзсүз түрдө дипломдун өзүн дагы жөнөтүшүм керекпи?

2. Бул жактагы элчиликтен нотариалдык тастыкталган ишеним кат кыргыз тилинде. Аны менен Бишкектеги чет өлкөнүн элчилигине / консулдугуна (USA, Germany ж.б.) барганда ал ишеним катты англисче/немисче которуу керекпи же ошол кыргыз тилиндеги эле ишеним кат (доверенность) менен мыйзамдаштырыла береби?
Анткени, минтип жазылган экен:
Кыргы Республикасынын ДОКУМЕНТТЕРИН МЫЙЗАМДАШТЫРУУНУН СХЕМА СЫ (ТАРТИБИ ) :

1) Кыргыз Республикасынын Биринчи Бишкек нотариалдык кеңсеси – Совет жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат бөлүмү - Жаш Гвардия, Киев көчөлөрүнүн кесилиши
3) Кыргыз Республикасынын ТИМ ККДи
4) Документти колдонуу пландалып жаткан өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси.

Алдын ала ыракмат! Тез аранын ичинде жооп күтөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aliya   27 Август 2013 - 08:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 06 Май 07
  • Соңку аракети: 07 Дек 2017 00:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Muzdak

Урматтуу форумчулар, эгер силердин убактыңар болсо менин абалыма кирип ушул суроолорду Тышкы Иштер Министрлигине берип жообун алып берсеңер жакшы болор эле.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коомдук кабыл алуунун жана ишеним телефондорунун иштөө тартиби
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коомдук кабыл алуусу
Министрликтин компетенциясынын чегиндеги маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коомдук кабыл алуусу жарандарды жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алууну ишке ашырат.
Жарандарды кабыл алуу күнүнө жумуш убактысында жүргүзүлөт.
Жарандарды жеке маселелери боюнча Министр, статс-катчы жана министрдин орун басарлары бекитилген график боюнча кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинин жарандардын жеке маселелери боюнча кабыл алуусунун графиги

Сүрөт

Министрликте коомдук кабыл алуунун жана ишеним телефону: 62-50-88

Министрликте коомдук кабыл алуунун жана ишеним телефонунун иши үчүн жооптуу КРнын ТИМнин Документтер менен камсыздоо департаментинин кеңсеинин ага адиси Васильева Татьяна Владимировна

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" 2007-жылдын 4-майындагы Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка ээ болуу укугу жөнүндөгү" 2006-жылдын 28-декабрындагы №213 - Мыйзамына ылайык жарандардын арыздары, сунуштары жана даттануулары менен ишти мындан ары алып баруу, тартипке салуу жана өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын планынын 3,4-пунктун аткаруу максатында КРнын ТИМнин "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасында жана Дипломатиялык Академиясында "ишеним телефондору" аныкталган жана жоопкер кызматкерлер дайындалган, жарандардын оозеки кайрылуусу боюнча жоопкерчиликтүүлөр:
1. Латифова Е.В. - "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасынын жалпы жана укуктук бөлүмүнүн башкы адиси, ишеним тел.: 66 -34 - 23;
2. Акунова Г. - КРнын ТИМнин Дипломатиялык Академиясынын окуу бөлүмүнүн кеңсе-менеджери, ишеним тел.: 62-43-44;
3. Кадыров Бакыт Мырзабекович - ККДнин укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, тел:66-50-58;
4. Маткеримов Руслан Акылбекович - ККДнин жалпы консулдук суроолор боюнча бөлүмүнүн биринчи катчысы, тел: 66 -26-43;
5. Шакиров Бахтияр Алдаярович - ККДнин паспорттук- визалык бөлүмүнүн экинчи катчысы; тел: 66-32-70;
6. Каптагаев Кубаныч Эмилбекович - ККДнин консулдук саясат бөлүмүнүн үчүнчү катчысы; тел: 66-26-11.


Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги жарандардын кайрылуулары менен иш алып барууга Министрликтин ишмердигинин жарандардын кызыкчылыгын коргоо жана алардын актуалдуу жарандык демилгелерин колдоо боюнча маанилүү бир багыты катары өзгөчө көңүл бурат.

Биздин дарек:
Бишкек ш. Эркиндик бульвары 57
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

Билдирүүнү түзөткөн: aliya: 27 Август 2013 - 08:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Тышкы иштер министрлиги
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Сен 2025 02:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: