Суперстан: Гриль.... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Ашкана сырлары
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Гриль.... Пайдасы жана зыяны?

#21 Пользователь офлайн   Feijipiao   11 Август 2014 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Эт багытындагы тоокту балапан кезинен антибиотиктердин, дарылардын жардамы менен семиртишерин билсек деле көбүбүз тоок этине жабышабыз. Анткени баасы арзан, даярдаганга оңой. Өзөк жалгап алыштын оңой жолу да азыр - гриль. Шам-шум эткенге мындан өтөөр кандай жакшы тамак бар? Бирок гриль кыска убакыттын ичинде ден соолукка канча зыян келтирип жатканын ойлогондор да, билгендер да аз.

Гриль жасоо үчүн бүтүн тооктун бир канчасын чоң идиштеги ар кандай кошулмаларга чылашат. Тооктун эти көп учурда чет өлкөдөн экспорттолот. Эт эки түрдө: бүтүн бойдон жана жиликтенип (окорочка) алынып келет. Айрым сатуучулар грилди үйдүн тоогу, колго багылган деп сатышы да мүмкүн. Ага миң ишенсеңиз да кыргыз тоогу андай семирбейт. Негизги санитардык эреже боюнча тооктун эти эки жумадан ашык турбашы керек. Санитардык көзөмөлдү мындай кой, кээ бир учурда жумалап өтпөй тура берип бузулуп калган тоок эти кайра "сипсивежий" болуп сатыкка чыгат. Кантип? Түнү бою уксус аралашмасына чыланган эттин эски жыты ар түрдүү татымдар, сарымсактын жардамы менен "өлтүрүлүп" гриль жасоочу аппаратка келип түшөт. Эгер тооктун чийки эти мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо аны формалин менен жууп, жапжаңы кыла коюшат. Формалин суюк аралашма. Анын курамы 40% формальдегид, 8% метил спиртинен (көздүн көрүүсүн начарлатууга шарт түзөт) жана 52% суудан турат. Этти, денени былжыратып ийбей көпкө чейин баштапкы калыбында сактап туруу касиети бар. Формалин организмге киргенде ичегидеги бүт микрофлораны өлтүрүп, боор, бөйрөк дегенди түп орду менен талкалайт. Формалиндин зыяны аныкталган соң Европа өлкөлөрүндө колдонууга тыюу салынган. Бирок жогорудагыдай ыкмаларга дагы деле тынымсыз колдонулуп келет. Тооктун эти формалин менен иштелген, иштелбегенин билүү үчүн аны жыттап көрүү жетиштүү. Ал болоор-болбос дары жыттанып турат. Өкүнүчтүүсү ал бышкандан кийин формалин эмес андан башкасына чыласаң да билинбей өтө берет.
Мунун баарына ишенгиңиз келбесе да, грилдин бул зыяндарын эске ала жүрүңүз.
Эң жөнөкөй зыянынан баштасак, үч катар тизилип, кызара бышып жаткан грилди элестеттиңиз да. Сатып алып жатканда астыңкы (үстүнөн санаганда) катардагы грилди алган адам көп зыян тартат. Анткени эки катардан сарыгып аккан май үчүнчү катарга токтолот. Өтө майлуу тамак жоон ичегинин, ашказандын сезгенишине алып келет. Ал эми грилдин сырткы кабыгын сыйрып жегенди сүйүүчүлөр бир чайнаганда эң көп зыяндуу нерсени жеген менен барабар. Грилди үзбөй жеген адам жоон ичеги, эмчек рагынын башталышына шарт түзүп берди дей бер. Статистика боюнча тез татымдардын арасында зыяндуулугу боюнча биринчи орунда гриль турарын да унутпаңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   aibek0001   11 Август 2014 - 11:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 23 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2017 17:41
  • Жынысы:Эркек

чоон рахмат, жакшы кенеш экен, кудайга шугур мен грильден алыс элемин, билбей жеп жургондор болсо сабак болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   alisherchik   11 Август 2014 - 16:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 885
  • Катталган: 25 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 07 Июн 2025 11:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

грилдин зияны коп, мен жебейм.

биринчиден кандай тоокту алып келгени белгисиз.
экинчиден даамын жакшыртуу учун ото коп специй колдонушат, арасында адамдын ден соолугуна зыяндары бар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Oceana   11 Август 2014 - 18:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Gril zyian.
Birok men suiup jeim.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   alisherchik   18 Август 2014 - 23:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 885
  • Катталган: 25 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 07 Июн 2025 11:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Uydo grill jasasa bolot.
Gaz + kastryul menen ele.
kizikkandar lichkaga jazgila
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   mister   07 Февраль 2015 - 20:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 516
  • Катталган: 19 Май 07
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 08:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аксы

Гриль гриль гриль
Жанынан отсон козундо тооктун эти тизилип баскын келбей калатго. Шилекейинди жутунуп аласын. Ачуу соусуна грилди чылап жесен ээээххх жашооо кереметда...
Аткан тан ийгиликтердин башаты болсун!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Aikoo2014   11 Март 2015 - 20:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Грильдин зыян экенин билсемда жей берем.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   vema_87kg   11 Март 2015 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Жегим келбейт,кээ кээде бир аз ооз тийгенимле болбосо.

Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 11 Март 2015 - 22:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   bema_bema   13 Март 2015 - 04:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

KFC ден крылышки жейм кээде,гриль коонумо тийген бирде жолдон алып машинада жейли деп фалгадан ачып жейли десек ичегиси менен кошуп бышырып салыптыр,бляяк эстесем конулум айланат.Жолдошум грильдин бутун оозуна салып жеп алып даамы эмне ачуу дейт карасак эле ичи бутун экен))).

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 13 Март 2015 - 04:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   LoLoPePe   19 Август 2021 - 11:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 875
  • Катталган: 13 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 19 Мар 2024 03:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:рес. Cyперстан\ г. LoLo\ ул. PePe\ кв. 2

Маринад:
- куркума 1,5 ч.к.
- зире (майдаланган) 1,5-2 ч.к.
- оливка майы 1-2 а.к.
- чеснок 6-7 зубчик
- черный перец 1 ч.к.
- красный перец (ким кандай кааласа)
- паприка 2-3 ч.к.

Бутун тоокту (тондурулган боло ээритип) таза жууп, суусун кургатып аарчып кол аарчы менен. Маринадты жакшылап аралаштырып алып анан тоокко жакшылап суртуп ичин сыртын калтырбай, шашылбасанар холодильникке тункусун калтырып койсонор же шашып жатсанар комнатный температурада 2-3 саат койуп коёсунар. Духовканы 180-190 градуста жылытып алып андан сон тоокту тош жагын ойдо каратып бутун байлап противеньди бир аз майлап аласынарда духавкага 1,5-2 саатка салып койёсунар (ар кандай духовка ар кандай жылытат бышканын коруп ала бересинер саатты карап отура бербей)

Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ашкана сырлары
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: