Суперстан: "Ислам жолу" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Ислам жолу" Насаат

#141 Пользователь офлайн   TAYNAYA   15 Июнь 2015 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Караңгыда мечиттерге дайым каттаган адамдарга сүйүнчүлөгүн, Кыяматта аларга толук нур берилет». (Имам Тирмизи)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   TAYNAYA   15 Июнь 2015 - 11:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

~КҮТТҮРГӨН ЖАРЫК ТАҢ~

✏ Пайгамбардын (саллаллоху алайхи вассалам) келерине саналуу гана убакыттар калган эле. Дүйнө укмуштай нурга чайынып, көк жээкте ажайып сырдуу жарык шоола көрүнө баштады.
Таң шооласы адам баласынын аң-сезимине, жан дүйнөсүнө катуу таасир эткендиктен, көптөгөн меккеликтер акыркы Пайгамбардын (саллаллоху алайхи вассалам) келерин ичтен сезип: «Чыгар-чыкпас Ага шашылгыла! Руху менен жуурулушкула! » деп үгүт-насаат айтууда.

Бүткүл адамзат жаны жай таппай кыйналып, бар үмүтү аз убакыттан кийин келчү куткаруучуга байлануу. Ата-энелер келер элчинин өз тукумунан чыгышын тилеп жалбарыңкы. Көпчүлүгү жашоого жаңы келген перзентине «Мухаммад» деп ат коюшту.

Бирок,Ал азирети Ибрахимден а.с. Исмаилге а.с. жалганып, Абдулмутталибден Абдуллага өткөн алтын тектүү тукумдан келмек. Жакшы жандар да ошол алтын чынжырдын акыркы тогоосундай нурдуу келбетти күтүп жаткан.
Оомал-төкмөл дүйнөнүн ойдо жок окуялары да Алла Элчисинин келерин сүйүнчүлөгөн маанайда, кара түндүн коюулана карара түшкөнү да жарк этип чыга келер таң шооласынан кабар бергенсийт. Ал кездеги адамзат дүйнөсү бийик акылдан, улуу идеялардан куру жалак калган болчу. Адамдардын акыркы аргасы ушул болгон: «Эрме чөл, ээн талаада керимселдин артынан кууган бечара кейпинде. Суусаган адам алыстан суу экен деп ойлоп, чарчап-чаалыгып жеткенде, эч нерсе таппайт».
Аң-сезимдерди да кашайган кара түнөк каптап турган кез: «...Куду түбү терең деңиздеги коюу караңгылык сыяктуу, уюлгуган кат-кабат толкундар, үстүнөн үйрүл-гөн кара булут. Бири-бирин каптаган караңгылыктар. .. Адам колун чыгарса көрө алгыстай...» – «жахилия» (караңгылык). Бирок билимге карата эмес, ыйман менен ишенимге карата айтылган каапырлыктын караңгылыгы болчу. Ошол карайлаган замандын карөзгөй жоруктарын калем учу менен кайрадан козгоп, кеңири сүрөттөө менен жан дүйнөңүздү жаралагым келбейт. Дегинкиси, жаман нерселерди айта берүү аң-сезимди кирдетет эмеспи. Мындайга себепкер болгондун өзү кылмышка тете. Бирок, Алла Элчисинин бүт ааламга мээримдүүлүк катары жөнөтүлгөнүн, мунун кандай улуу жакшылык болгондугун түшүндүрүү үчүн ошол доордун салт-санааларынан бир аз баяндап кетүүгө туура келип жатат. Анын келүүсү – Алла Тааланын адамзатка жасаган эң улуу мээрими жана жакшылыгы болду. Бул туурасында Куранда мындайча айтылат: «Алла алардын арасынан, Озунун аяттарын окуп, аларды тазарткан жана аларга китеп менен даанышман-дыкты үйрөткөн пайгамбар жөнөтүп, момундарга чоң жакшылык жасады».
Алла Тааланын ушул жакшылыгы менен мээримин ой жүгүртүп талдап карап көрсөңүз, адамдарга өз ичинен алардын ой-пикирин тең бөлүшкөн, Жаратканга барар жолдо алардын жол башчысы жана көсөмү, имамга муктаж болгондорго алдыларына өтчү имам, сөзгө муктаж болгондорго кулактарын сөзгө муюткан сөзмөр, амирге мук-таж болгондоруна кол коюп мөөр басчу амир, кол башчыга муктаж болгондорго майданда аларды даанышмандык менен тартипке салып, жеңишке баштай билген кол башчы пайгамбар, элчи жөнөттү.

Ооба, Алла Таала адамдардын күнөөсүн кечирип, аларды азгын-тозгундун баткагынан куткаруу үчүн эң сүйүктүү кулу Мухаммадды (саллаллоху алайхи вассалам) көптөгөн кыйын-чылыктарга жолугарын билип турса да, алардын аргасыздык- тан адашып чачырап кетпеси үчүн, кайра адамдыктын бийик-тиктерине көкөлөтүп, жан дүйнөлөрүн тереңинде, рухтарында Жаратканды дагы да жогору сезсин деп ушул улуу Пайгамбарды (саллаллоху алайхи вассалам) жөнөтүп жатат. Ибрахим а.с. Хаккынын сөзү менен айтсак:
«Көк менен сыйбаймын деген Жараткан,
Купуя кенчтей жан дүйнө билет Аны абдан».

Жан дүйнө казынасы ааламга сыйбаган улуу Жаратканды ар дайым сездирип турары чын. Китептер, дүйнө тааным, акыл-ой, философиялык баяндоолор, жер менен көктөгү жаратылыш атпайдын баарысы Алланы толук кандуу камтып, түшүндүрүп бере албайт. Эч бирөөсүнүн да Аны айтып жеткирүүгө чамасы жетпейт. Бир гана жүрөк, жан дүйнө ааламы аз да болсо Аны айтып түшүндүрүүгө аралжы боло алат.

Ооба, жүрөктүн тили ушунчалык керемет дейсиң, бүгүнкүгө дейре кулак аттуунун баары ошол тилдин айтып жеткизе алганындай укмуш баянды уккан эмес. Андай болсо, адам баласы өз жүрөгүнө жол таап, каалаганын андан издөөгө жана Жаратканга чексиз берилип, Анын сүйүүсү менен ажырагыс жуурулушуп кетүүгө тырышуусу керек. Деги эле Жараткан Алла Мухаммадды (саллаллоху алайхи вассалам) ошол үчүн арабызга жөнөтүп жатпайбы.

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи вассалам) Алланын аяттарын окуп, Анын ар түрдүү мужизаларын көрсөтүү аркылуу адамзатка жаралышынын маани-маңызын үйрөтүү үчүн келген. Ооба, жаралышынын сырын түшүнгөндө гана адамзат өзүн алсыраткан кирлерден арылып, таптаза абалга келет, таза жүрөктүн жана тунук рухтун бийиктигине көкөлөй алат.Ошондой да болду. Алла Элчиси (саллаллоху алайхи вассалам) адамзатка китеп менен даанышмандыкты таалим-тарбия катары берди. Адамдар аны менен нурданып, өз ааламдарын табуу аркылуу акырет ааламын түшүнүп, түбөлүктүүлүктүн даңгыр жолуна түштү. Акыры баарысы жүзөгө ашты.

Ар аптанын касиеттүү Жума күндөрүн, Орозо айт менен Курман айттарды кубаныч менен тособуз. Рамазан айы – бир ай орозо кармоо аркылуу Жаратканга жакындоодо бул айдын улуу берекеси айтып бүткүс нерсе. Курман айт – азирети Ибрахимдин а.с. Алла Таалага арнап курмандык чалган күнү. Ошондой эле, мусулмандардын чын ыкластан күнөөлөрү үчүн Жараткандан кечирим суроого умтулган улуу майрам күн. Ушул максатты көздөгөн адамдар касиеттүү Каабага барып жүзүн тийгизип, Арафат тоосун зыярат кылып, Мухаммадга (саллаллоху алайхи вассалам) таандык рух менен ибадат кылчу улуу күндөрдүн бири.
Ыйман нуру.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   TAYNAYA   15 Июнь 2015 - 23:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

~ИСЛАМГА ЧАКЫРУУ БУЙРУГУНУН КЕЛУУСУ~

...Пайгамбарыбызга пайгамбарлыгы келген алгачкы вахий "Алак" суросу келген эле. Вахий ушундай кийин токтоп үч жылга
чейин келбеди. Ушул арада Исрафил алейхис салам деген периште келип көп нерселерди үйрөттү. Булар вахий эмес эле. Ушул кездерде
кээ бирде Пайгамбарыбызды кайгы басар эле. Пайгамбарыбыз
кайгарган кезде Жабраил алейхис салам көрүнүп “Эй, Хабибаллах” Сен Аллаху Тааланын Пайгамбарысың деп көңүлүн жибитер эле.
Пайгамбарыбыз мындай дейт:
“Вахий токтогон кез эле. Хира тоосунан түшүп келе жатканда кокустан көктөн бир добуш уктум. Көктү карадым. Жабраил алейхис саламды көрдүм. Ал жер менен көктүн арасындагы бир орунда отурганда мен корктум. Үйгө
барып “мени бир нерсе менен жапкыла” дедим. Хак Таала вахий жиберди.
“Эй, оронгон пайгамбар. Тур дагы (Коомуңду Аллаху Тааланын азабы менен) коркут. (Ыйман келтирбесе азапка учурай тургандыктарын кабарла). Раббиңди такбир кыл. Кийимиңди таза
карма” (деген маанидеги) Муддасир сүрөсүнүн алгачкы аяттарын жиберди. Мындан кийин аяттар үзүлбөдү”.
Пайгамбарыбыз адамдарды Исламга чакырып, Аллаху
тааланын буйруктары менен тыюу салган нерселерин түшүндүрө баштады. Жабраил алейхиссалам вахий алып келгенде кээде адам кейпине кирип сахабалардан Дыхйа Келбинин түрүндө келчү.
Кээде Пайгамбарыбыздын жүрөгүнө билдирчү. Пайгамбарыбыз
аны көрчү эмес. Кээде түшүндө, кээде кокунучтуу жоол менен келчү. Вахийдин эң оору ушул болчу. Бул маалдарда суук
күндөрдө да Пайгамбарыбыздын маңдайынан тер шорголоп акчу. Төөнүн үстүндө болсо вахйдин оорлугунан төө жерге жата
калчу. Жанындагы сахабалар дагы вахийдин оор болуп кеткенин сезишер эле. Жабраил алейхиссалам бир нече ирет өзүнүн
кейпинде келди. Аллаху Таала периштесиз жана пардасыз, б.а.,
эч кандай аралык куралсыз дагы Пайгамбарыбызга вахий айткан.
Бул Мираж окуясында орун алды. Алгачкы вахийдин келүүсү
менен Пайгамбарлык кызматын баштаган Мухаммед Мустафа
(саллаллаху алейхи ва саллам) Исламды таблиг кылууну 23 жыл улантты. Анын 13 жылы Меккеде, 10 жылы Мадинада өттү.
Курани карим 22 жыл, 2 ай, 22 күн мезгил арасында түшүп
бүткөн.
Мухаммед саллолоху алейхис салам Умми эле. Б.а., китеп окубаган, жаза албаган, эч кимден сабак албаган. Меккеде туулуп, белгилүү адамдардын арасында өскөн. Ошондой болуп туруп Ал Тоорат менен
Инжилде грек жана римдиктер маалында жазылган китептердеги
маалыматтарды берген. Исламды тартуу үчүн Хижраттын алтынчы
жылы Кичи Азия, Иран жана Хабашстан өкүмдарларына жана
башка да арап падышаларына каттарды жиберди. Ага алтымыштан
ашуун чет элдик элчилер келген. Бул абал Курани каримде: “Сен бул Курани карим келүүдөн мурда бир дагы китеп окуган жоксуң. Жазуу жазбадың. Окуп-жаза ала турган болгонуңда башкалардан
үйрөндүң дешмек”, - деп кабарлаган. (Анкебут сүрөсү 48). Хадиси
шарифте:
“Мен үммү пайгамбар Мухаммедмин, менден кийин пайгамбар келбейт”, - деген. О.э., Курани каримде мындай делинген:
“Ал (Мухаммед алейхиссалам) өзүнөн эч нерсе айтпайт.
Анын сөздөрү Ага вахий менен билдирилет, үйрөтөлөт”. (Нажм
сүрөсү 3-4)

"Хазирети Мухаммеддин (саллолоху алейхи уа салям) омуру" китебинен.

ЫЙМАН НУРУ

Билдирүүнү түзөткөн: TAYNAYA: 15 Июнь 2015 - 23:08

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   ROZI   17 Июнь 2015 - 10:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~АРАК ИЧКЕНДЕРДИН ЖАГДАЙЫ~
Ибн Аббас р.а. айтканынан:
Расул Аллах салаллооху алайхи ва саллам айтты: Кимде-ким арак ичсе ал пендеден иман качат.Тообо кылмайынча иманы келбейт. Олуп кетсе имансыз олот. Расул Алла саллаллаху алайхи вассалам кетип бара жатканда бир корустондон чынырган добуш угулат. Пайгамбар саллаллаху алайхи вассалам жакын келип: "Эй майит,сен эмне учун азап тартып жатасын?- деди.Ошондо аял:" Мен бир араккордун кызматчысы элем, бир куну ал арак ичип олтуруп, мага бир жолу нан бышырууну буюруду. Мен 20 нан бышырган элем, ошол учун мени 20 жыл азапка салды"- деп жооп берди Куранда Наба суросундо шарапкор адамдарды Алла Таала ушул дуйнодо арак ичип жургон куноосу учун суусун ордуна кайнаган суу ичкизет. Буткул ичеги-боору жыдыйт. Артынан 7 тозоктон кысылып аккан кандуу ирин сары сууну ичкизип, азап берээри ачык айтылган.Араккордун от тозогу 75 мин жылдан кийин:" Я Алла мени бул пенденден араккордон куткаргын, жытына чыдай албадым"- деп арыз айтат. Ошондо Алланын амири м-н от тозогунан алып, анын астындагы чыныруу шайе деген жерге кудукка таштайт.
"Жан азыгы"китебинен
Которгон: Эсен уулу Мойдин ажы.
ЫЙМАН НУРУ

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 17 Июнь 2015 - 10:17

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   ROZI   17 Июнь 2015 - 13:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Ля хауля ва ля куввата илля биЛлях.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Дуа 111.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   ROZI   23 Июнь 2015 - 09:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"Аллахума иннии асалука бирохматикаллатин васиьат кулла шайин ан тагфиралин"
Мааниси:
Эй Аллах!!! Бардык нерсени курчап алган ырайымдуулугуң менен менин күнөөлөрүмдү кечиришиңди Сенден Сурайм.
АЛЛАХ КЕЧИРИМДҮҮ ЗАТ.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11140267_420142808188631_2003035481164472654_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 23 Июнь 2015 - 09:06

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   ROZI   23 Июнь 2015 - 09:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"ШАЙТАН СЕНИН ДУШМАНЫҢ ЭКЕНДИГИН ЭЧ КАЧАН ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА, ЖАНА АЛ СЕНИН ИШИҢЕ КИЙЛИГИШҮҮСҮНӨ ЖОЛ БЕРБЕ"
АР ДАЙЫМ.
"БИСМИЛЛАХИР РАХМИНИ РАХИМ" —сөзү менен иш башта.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11216826_422799251256320_5335534974959265214_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 23 Июнь 2015 - 09:10

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   ROZI   24 Июнь 2015 - 09:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ЖУМУРТКАНЫН ХАЛАЛ БОЛГОНДУГУНА ДАЛИЛ~

..Азирети Абу Хурайрадан риваят: Пайгамбарыбыз (саллалоху алейхи үа салам) айтты:

"Качан жума күнү болгондо, периште мечиттин дарбазасында туруп, келген адамдардын аттарын жазат.

1. Күн оогондо биринчи келген адам Аллах Таала үчүн төөнү курбанчылык кылды деген соопко ээ болот.

2. Андан кийин келүүчүлөр уйду курбанчылык кылды деген соопко ээ болот.

3. Андан кийинки келүүчүлөр койду курбанчылык кылды деген соопко ээ болот.

4. Андан кийинки келүүчүлөр тоокту курбанчылык кылды деген соопко ээ болот.

5. Андан кийин келүүчүлөр жумуртканы курбанчылык кылды деген соопко ээ болот.

Качан имам минбар тарапка чыкканда, периштелер өзүнүн жазуучу дептерин жаап , хутба угуучуларга шерик болот. (Бухари,Муслим).

"Ислам асыл таштары" китебинен.

ЫЙМАН НУРУ

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11537936_424656637737248_4775155498555568254_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 24 Июнь 2015 - 10:01

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   ROZI   24 Июнь 2015 - 10:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ШАЙТАНДЫНСУРАНУУСУ~

..Азирети Абу Умамадан риваят:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллолоху алейхи уа салам) айтты:
"Качан Иблис жерге карап жөнөгөндө Аллах Тааладан сурады:
"Оо, Кудай! Сен мени жерге кууп жатасын. Мен үчүн да үй жасап бер.

" Аллах Таала айтат:
"Сенин үйүң мончо".

Андан кийин дагы суранды:
"Мен үчүн олтура турган жай да бер".

Жооп берди:
"Базар жана жол сенин олтура турган жайың".

Суранды:
"Мен үчүн тамакты да белгилеп бер".

Жооп берди:
"Бисмилла окулбаган нерселер сенин тамагың".

Суранды:
"Мен үчүн иче турган ичимдикти да белгилеп бер".

Жооп берди:
"Мас кылуучу нерселердин баарысы".

Суранды:
"Мен өзүмө чакыруучу нерсени да дайындап бер".

Жооп берди:
"Музыкалык аспаптар" .

Суранды:
"Мен үчүн Куран (кайра - кайра окуй турган нерсе) да белгилеп бер".

Жооп берди:
"Ыр сенин Кураның".

Суранды:
"Жазыш үчүн да бир нерсе бер".

Жооп берди:
"Денеде жүрүү сенин жазганың" .

Суранды:
"Мен үчүн сүйлөөнү да белгилеп бер".

Жооп берди:
"Жалган сүйлөө сенин сүйлөшүң" .

Суранды:
"Мен үчүн кайырмак да белгилеп бер".

Жооп берди:
"Аялдар сенин кайырмагың" .


(Жаамиул ахаадиис 2-т, 58-б).



ПАЙДАСЫ:
"Ушул хадистин айтуусуна караганда музыка шайтандын чакырыгы. Бүгүнкү күндө өзүбүздү карап көрөлү! Аллахтын Элчиси Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллямдын айткан сөзүнүн акыйкаты көрүнөт.

"Исламасыл таштары" китебинен.

ЫЙМАН НУРУ

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 24 Июнь 2015 - 10:11

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   ROZI   26 Июнь 2015 - 11:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ДАЙЫМА АЛЛАХКА ЗИКИР АЙТЫП ЖУР~

Аллах Таала Куранда зикир тууралуу мындай деген:

✏"Аллахты эстоо менен журоктор тынчтанат" . (13.Раад:28).

[color=#141823][font=helvetica, arial, sans-serif][size=4]✏" Мени эстегиле. Мен да силерди эстеймин" . (2.Бакара:152).

✏"Аллахты коп эстеген эркектер менен аялдар... Аллах ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду".
(33.Ахзаб:35).

✏"Оо, ыйман келтиргендер! Аллахты коп зикир кылгыла! Эртели-кеч Ага таспих айткыла". (33.Ахзаб:41,42).

✏Оо, ыйман келтиргендер! Мал-дуйнонор менен бала-чаканар силерди Аллахты зикир кылуудан алаксытып койбосун" .(63.Мунафикун: 9).

✏"Аллах кааласа дегин, жана унутуп калганында Раббинди эстегин". (18.Кахф:24).

✏"Жана (беш убак намазга) турганда, Раббине мактоо жана таспих айт. Тундун (бир болугундо) жана да жылдыздар кеткен (тан) мезгилинде дагы Ага таспих айт".
(52.Тур:48,49).

✏"Оо, ыйман келтиргендер! Эгер (душман) жамаатка жолуксанар, бекем-сабырдуу болуп, жеништен умутунор болсо, Аллахты коп-коп эстегиле" .(8.Анфал:45).

Зикир тууралуу Пайгамбарыбыздан саллаллаху алайхи вассалам кээ бир хадистер:

✏"Раббисин зикир кылган менен, Раббисин зикир кылбагандын айырмасы, тируу менен олуктой".

✏ Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи вассаламга бир киши келип:
"Оо, Аллахтын элчиси! Мага Ислам окумдору коп болуп кетти, мен картайып калдым, мага айтууга женилирээк бир нерсе уйротчу ошону айтып журойун", - деди. Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи вассалам ага:
"Тилин Аллахты зикир кылуудан кургабасын" ,-деп айтты.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 10505617_650876001701161_884133568818196678_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 10422051_372065389663040_9108883348948185174_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 10885471_372065446329701_5913129249115840213_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: Дуа 111.jpg
  • Прикрепленное изображение: Келме.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   ROZI   03 Июль 2015 - 08:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АР БИР ҮЙ-БҮЛӨ БИЛҮҮГӨ ТИЙИШ... Суйктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:«Чындыгында, Кыямат Күнү Алланын алдында эң жаман абалда боло турган адам – өз аялы менен жыныстык катнаш кылып, кийин аялынын сырын башкаларга айткан адам». (Сахих Муслим)

Имам Навави хадистин шархында мындай деп айткан:
«Бул хадисте күйөөсү менен аялынын ортосундагы болгон жыныстык мамиле жана аны кеңири айтуунун харам экендиги айтылды. Ошондой эле ошол учурда аялынын айтканы, кылганы же ушуга окшогон иштерди айтуусу да харам». (Шарх ан-Навави, 8/10)
Башка бир хадисте Асма бинт Язид, радыяллаху анха, айтты:«Мен Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдында элем жана ал жерде бир топ эркек-аялдар да отурушкан. Ошондо Алланын Элчиси айтты: «Балким (араңардан) бир эркек өзүнүн аялы менен эмне иш кылгандыгын (башкаларга) айтат чыгаар? А балким (араңардан) бир аял да өзүнүн күйөөсү менен эмне иш кылгандыгын (башкаларга) айтат чыгаар?». Адамдардан эч кимиси унчукпады. Ошондо мен айттым: «О, Алланын Элчиси! Аллага ант болсун, дал ушундай, аялдар да (бири-бирине) айтышат, эркектер да (ушундай) кылышат». Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Андай кылбагыла! Чындыгында, бул (кылганыңар) бир шайтан башка бир шайтанды жолдон кезиктирип, анан адамдар карап турса да жыныстык катнаш кылган сыяктуу». (Муснад Ахмад; Сахих аль-Жаамиъ)
Күйөөсү менен аялынын ортосундагы жыныстык мамиле тууралуу башкаларга айтуу күнөө иштерден. Уккан адам кыйбас курдаш, кан дос болсо да, бул тууралуу ага айтууга тыюу салынган. Анткени үй-бүлөдөгү төшөк сырын жаюу же ал тууралуу башкаларга төкпөй чачпай айтуу - бузукулуктун жайылышына, үй-бүлөнүн бузулушуна жана ортодогу жылуу мамиленин суздашына алып келет. Ошондуктан эркек да, аял да үй-бүлөдөгү ынтымакты, биримдикти сакташ үчүн ич ара сырларды бекем сактоого тийиш. Мындай иш жубайлардын ортосунда гана калыш керек жана эч кимдин аны билүүгө, ага кийлигишүүгө кыпындай да акысы жок. Себеби Ислам дининде эркектин да, аялдын да абийири жогору турат жана алардын абийирин ачуу чоң күнөөлөрдөн. Бул тема учурдагы олуттуу темалардын бири. Көпчүлүк адамдар “Айтса эмне болмок эле” деп буга анчалык маани бербеши мүмкүн. Бирок ушуга окшогон күнөө иштер коомчулуктун бузулушуна себеп болуп жатат. Акыркы кезде бул терс көрүнүш коомчулукта кеңири жайылып бараткандай жана көпчүлүк жубайлар мунун канчалык коркунучтуу экенин да билишпейт, андан коргонуу чарасын да көрүшпөйт.Ислам дини адамзатты бардык учурда жакшылыкка гана багыттаган акыйкат дин. Үй-бүлө коомдун негизги бөлүгү болгондуктан Ислам дининде үй-бүлөнүн ээлеген орду бийик жана ар дайым анын бекемдигине, жубайлар ортосундагы жылуу мамиленин бекем сакталышына үндөйт. Кимде-ким Исламдагы айтылган өкүм-буйруктардын чегинде үй-бүлө куруп, дин менен жашаган болсо, анда ал үй-бүлөдө дайым ынтымак болуп, тынчтык орнойт.

Эрланбек Кушчубек уулу
ИсламОнлайнKG

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 03 Июль 2015 - 08:40

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   XAKER89   16 Август 2015 - 16:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 15 Май 2019 03:38
  • Жынысы:Эркек

Ассалоому алейкум туугандар ар бириниздердин уйунуздордо аманчылык болуп журогунор ыйманга толсун. туугандар Биссимилла деп баштайын, азыркы кундо китепте жазылган ар бир эле хадистер же баяндар тура эмес деп ойлойм. бир созду же хадисти баяндарды элге айтуудан мурун анын маанисине, мазмуунуна конул болуп изилденип кайсы китепте жазылган кайсы курандан алынган ошол соз туурабы илимдуулордон сураштырып сабак алып дегендей анан элге жеткирсек туура болотго деп ойлойм.
мисалы жогоруда жазылыптыр мындай деп
Суранды:
"Мен үчүн кайырмак да белгилеп бер".
Жооп берди:
"Аялдар сенин кайырмагың"
эгерде аялдар шайтандын кайырмагы болсо демек аялдар шайтандын буюму а шайтандын буюму арам андан колдонуу аны менен жакын болуу арам туура бы? дегеле шайтандын буюмунан туулабыз эгерде аялдар шайтандын кайырмагы деген соз туура болсо демек биз да арамбыз.

дагы бир соз. биздин баардык кыймыл аракетибиз Аллах тааланын окуму каалоосу менен болот мисалы: жеп ичишибиз, баскан турганыбыз, жуунганыбыз, ж.б.у.с эгерде ушул создор тура болсо Асстафираллах бироо жарымды олтуруп койсок муну да Аллаа тааланын каалосу менен жасап жатпайбызбы? анан эмнеге биз куноолуу болобуз? ушул соз мени коп ойлондурду акыры медрессеге барып мындай деген Жооп алдым: Аллах таала ар бирибизди оз эркибиз менен жаратат сыноо учун, эркибизди нафисибизди сабырыбызды текшериш учун деп жооп беришти. демек жогорудагы соз - биздин кымыл аракетибиди Аллахтын каалоосу менен деген соз жалган экен.
ЛЮБОВЬ ЗЛА ПОЛЮБИШЬ И КОЗЛА!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Xanif   16 Август 2015 - 19:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Хакер89, сен жогорудагы "Аялдар шайтандын кайырмагы" деген создун туз маанисине тушунуп алыптырсын. Хадис болсун, Ааят болсун, баары бир жактуу маани менен чектелбейт. Биреле Ааят,же Хадис коптогон маанини билдирет...

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 16 Август 2015 - 19:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 03:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~СЕН ЫЙМАНДУУСУНБУ ?ХАСАН АЛ БАСРИНИН ЖООБУ~

Бир ирет Хасан ал-Басриден: “Сен ыймандуусунбу? ” деп сурашканда ал минтип жооп кайтарган экен:
“Ыймандуулуктун эки түрү бар.
Эгер сен мени Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине, Бейишине, Эсеп-кысап Күнүнө ыйман келтирдиң беле деп сурап жатсаң анда жообум: Ооба, мен ыйман келтиргем.
А эгерде сен мени Аллахтын: “Чынында момундар, Аллахтын аты эскерилгенде жүрөкттөрү корккондор, аларга Анын аяттары окулганда, ыйманы күчөйт жана өздөрүнүн Эгесине гана тобокел кылышат. Алар намаз окушат жана Биз берген ырыскылардан Аллах жолуна сарпташат. Булар анык ыймандуулар. Алларга Эгесинин алдында даражалар, кечирим жана мол ырыскылар бар.” (Анфал сүрөөсү 2-4 аяттар. Божомолдуу мааниси.) деген сөздөрү тууралуу сурап жатсаң, Аллахтын аты менен касам ичем, мен ыймандуумунбу же жокпу билбеймин.”

musulman.kg.сайтынан.

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 04:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ ХАДИС ~
Яла бин Шаддад (р а) айтат: "Мага атам хадис айтканда Убада бин Самид (р а) дагы бар болчу (жана) ал анын сөзүн тастыктаган эле. Ал айтат биз: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдында турганда Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): "Колуңарды көтөрүп "Лаа илаха иллаллох" деп айткыла"— деди. Бир аз убакытка колубузду көтөрүп "Лаа илаха иллаллох" деп келмени айттык. Анан Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) колун түшүрүп "Алхамду лиллах" — деп "Оо, Аллах! Сен мага бул келмени түшүргөнсүң, бул келмени (жеткизүүнү өкүм кылгансың. Сен убадага каршы чыкпайсың" — деп андан кийин айтты: Сүйүнбөйсүңөрбү! Себеби Аллах силердин күнөөңөрдү кечирди".

(Ахмаддын "Муснады" ,, Табарони, Баззар, "Мажмау завааид").

"ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР" китебинен

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 18:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Кимде-ким бир жакшылык кылууну каалаганы менен дароо жасаганга мүмкүнчүлүк таба албаса, Алла Таала аны толук кандуу жасалган жакшылык катары каттап койот.
Эгерде кимде-ким бир жакшы иш кылууну каалап, бул каалоосун дароо иш жүзүнө ашырган болсо, Алла Таала ал жакшылыкты ондон жети жүз эсеге чейин, жадагалса андан да ашыкча кылып жазат.
Кимде-ким бир жамандыкка ниет кылып, бирок каалоосунан баш тарткан болсо, Алла Таала анын бул аракетин толук кандуу жакшылык катары каттайт.
Эгерде кимде-ким бир жамандыкка ниет кылып, жүзөгө ашырган болсо, Алла Таала ал жамандыкты бир күнөө катары жазат» (Бухари, Рикак, 31; Муслим, Иман, 207, 259; Тирмизи, Тафсир, 6/3073)

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 17 Август 2015 - 18:46

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 20:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өз хадисинде мындай деп айткан:
«Бир адам: «Кудайга ант болсун! Кудай Таала паланчаны кечирбейт! » деп (Жараткандын эркиндеги ишке) өз алдынча өкүм чыгарып койду. Алла Таала аны суракка тартты:
«– Паланчаны кечирбейт деп касам ичкен сен кимсиң?! Мына, мен аны кечирдим, а сенин жасаган амалыңды абага сапырдым (кабыл кылган жокмун)!» деп буюрган (Муслим, Бирр, 137).
Андыктан Алла Таала тууралуу, айрыкча хадисте айтылгандай, Жараткандын эркине таандык иш-аракеттер жөнүндө сөз кеткенде адампенде өтө этияттап сүйлөшү керек. Айрыкча, чектен чыгып оозду көптүрүп, тизгинди болушунча койо берүүдөн сак болуу кажет.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 20:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Абу Зарр ал-Гифари (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) Кудуреттүү жана Улуу Эгесинин сөзүн мындайча айтып бергенин кабарлайт:
- “О, Менин кулдарым, чындыгында, Мен Өзүмө адилетсиздикти тыюу салып, силерге да аны арам кылгам, ошондуктан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! О Менин кулдарым, Мен Туура Жолду көрсөткөндөрдөн башкаларыңардын баарыңар адашуудасыңар, ошондуктан Туура Жолго салууну Менден гана тилегиле, анткени, (силерди) Туура Жолго салуучу (бир гана) Менмин! О Менин кулдарым, Мен тойгузгандан башкаларыңардын баарыңар ачкасыңар, ошондуктан тойгузууну Менден гана сурангыла, анткени силерди тойгузуучу (бир гана) Менмин! О, Менин кулдарым, Мен кийиндиргенден башкаларыңардын баарыңар жылаңачсыңар, ошондуктан кийиндирүүнү Менден гана сурангыла, анткени, кийиндирүүчү (бир гана) Менмин! О Менин кулдарым, силер түнү-күнү күнөө кыласыңар, күнөөңөрдүн кечирилишин Менден гана сурангыла, анткени күнөөлөрдү кечирүүчү (бир гана) Менмин! О Менин кулдарым, чындыгында, силер Мага эч качан эч кандай зыян дагы, пайда дагы келтире албайсыңар! О, Менин кулдарым, эгерде алгачкы жана акыркы адамдар менен жиндердин баары силердин араңардагы эң такыба адамдын жүрөгүндөй такыба болсо да, Менин Өкүмдарлыгыма эч нерсе кошо албайсыңар! О Менин кулдарым, эгерде алгачкы жана акыркы адамдар менен жиндердин баары силердин араңардагы бузукунун жүрөгүндөй бузуку болсо да, Менин Өкүмдарлыгымды эч кандай алсырата албайсыңар! О Менин кулдарым, эгерде алгачкы жана акыркы адамдар менен жиндердин баары биригип келишип, Менден (каалагандарын) суранышса, Мен алардын сурагандарынын баарын берсем, (ошондо да) Мендеги нерсени ийнени деңизге малып алганчалык да азайта албайт! О Менин кулдарым, чындыгында, бул - Мен санаган нерселер силердин амалыңар, кийин Мен ал амалдар үчүн силерге кайтарым беремин, ошондо ким жакшылыкка жеткен болсо, ал Аллахты мактасын, а ким (азаптуу) башка нерсеге ээ болсо өзүнөн башка эч кимге таарынбасын! ” (Муслим).
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 20:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Күндөрдүн биринде Алланын акыркы Пайгамбары кутман сахабалары менен бирге көрүстөнгө барат. Пайгамбарыбыз:
"Жараткан Алланын саламы-тынчтыгы, бейпилдиги болсун, эй, момундар жайынын тургундары! Кудай буюрса, бир күнү биз да силерге кошулабыз. Боордошторум менен жолугууну чын көңүлдөн каалайм. Аларды абдан сагындым! " деп буюрат. Кутман сахабалар:
- Биз сенин боордошуң эмеспизби, о, Алланын Элчиси?! дешет. Пайгамбарыбыз:
- Силер менин сахабаларымсыңар. Ал эми боордошторум али дүйнө менен жүз көрүшө элек - дейт. Сахабалар:
- Али дүйнөгө көз ача элек үммөтүңдү кантип тааныйсың, о, Алланын Элчиси? - деп суроо салышат. Улуу Жараткан Алланын сүйүктүүсү:
- Бир адамдын төрт аягы ала, ак кашка аты бар деп элестеткиле. Ал киши ак кашка атын өңкөй капкара үйүр жылкынын арасынан кантип тааныбайт?! - дейт. Сахабалар бир ооздон:
- Ырас, тааныйт, о, Алланын Элчиси! - дешет. Анда акыркы Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) мындай деген экен:
"Мына дал ошолор даараттан жүзү нурлуу, колу-буту жарык чачып келишет. Мен алардан оболу барып, абызымын башынан күтүп алам. Ооба, үммөтүмдүн арасынан айрымдары үйүрдөн куулуп бөлүнгөн чоочун төө сыңары менин абызыман оолак калат. Мен аларга "Бул жакка келгиле!" деп үн салам. Бул учурда мага:
"Алар сенден кийин өзгөрүп кетишти (Сен көргөзгөн Жараткандын ак жолунан адашып, башка жолдорго түшүштү)" деген добуш келет. Анда мен да:
"Оолак болушсун, оолак болушсун! " деймин" (Муслим, Тахарат, 39; Фадаил, 26).
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 20:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

УШАК АЙТУУ.

Ар бир адамдын мал-мүлкү, жаны да, намыс-
укугу да корголууга тийиш. Буларга доо кетире
турган айрым жагымсыз жүрүм-турум жана
мүнөздөр бар. Ошондой мүнөздөрдүн эң
ыпластарынын бири – бул ушак айтуу.
Ушак - бир адамдын артынан айыбын же кемчилигин айтуу, жалган жалаа жабуу.
Адамдын жүрүм-турумун, келбет-көрүнүшүн,
адеп-ахлагын жамандоо ушак болуп эсептелет.
Жада калса, кийген кийимине, үйүнө, мүнөзүнө,
аны кедей деп теңсинбей кемсинтип башка
бирөөгө айтуу да аны ушактоого жатат. Жанындагы адамды кол менен жаңсап же
кыймыл-аракет менен кемсинтүү, айрыкча
адамдын сүйлөгөн сөзүн, кыймыл-аракетин
тууроо, аны келекелеп шылдыңдоо-ушактын
дагы бир түрү. Анткени тууроо адамга катуу,
терс таасир берет. Аз. Айша (р.а): Бир күнү үйүбүзгө бир аял келди. Ал кеткенден кийин
колум менен анын боюнун кыска экенин ишарат
кылдым. Пайгамбарыбыз мага :«Сен ал аялды ушактап жатасын» деди.

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 17 Август 2015 - 20:59

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 23:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: