Суперстан: "Ислам жолу" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Ислам жолу" Насаат

#41 Пользователь офлайн   ROZI   12 Февраль 2015 - 09:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Даанышмандын алдына бир адам келип сурады. Кайгылуу адам.
—Мен сизге аябай капалуу абалда келип олтурам. Кантип бул абалдан чыга алам деди. Анда даанышман. Мен сизге эки суроо узатайын, жооп беринизчи деди.
—Кайгылуу адам, айтынызчы суроонузду деди?
—Сиз бул омурго келгенде жанагы кайгы капаларыныз менен бирге келдиниз беле, деди?
Кайгылуу адам, жок деп жооп берди.
—Сиз бул дуйнодон отсонуз ошол кайгы капаларынызды алып кетесизби?
Кайгылуу адам, жок деди.
Сиз менен бирге келбесе, же чогуу кетпесе. Андай нерсе сиздин жашоонузду кайгыга салууга татыктуу эмес. Бул жашоо Бейиш эмес. Ошондуктан жашоонун иштерине сабырдуу болунуз. Жети кундук жашоону ойлоп капа болбонуз. Сиздин ырыскыныз болунгон, тагдырыныз чечилген. Жашоонуздун туйшукторуно кайгы тартып, артка кетууго татыбайт
Себеби бул жашоодо, жакшылык жамандыктын баардыгы Аллах Тааланын колунда. Аллах Таала менен мамиленерди ондосонор, баары онолот деген экен.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 12 Февраль 2015 - 09:03

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   ROZI   12 Февраль 2015 - 09:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Конул буруп койчу!
Мына ушундай жалган кундор отот экен, Ар адам жолу менен кетет экен. Саждага мандай жузун тийбесе эгер, Тазамын деп акталуу бекер экен. Бироого ушул дуйно арман экен, Жалган дуйно сен мени да алдайт экен. Лондон,Париж бироого арман болсо, сокурларга кунду коруу арман экен. Музыка мээбизди уулайт экен, От баскан журогумду эми кантем. Керен болуп туулган заиптарга Азан унун бир угуу арман экен Арак ташып журобуз дукондордон Кудай эмес коркобуз пенделерден Болгонумда кантет элем журо албас, Аягы жок баса албас пенделерден. АЛЛАХКА САНСЫЗ МАКТООЛОР БОЛСУН БИЗГЕ УШУ КУНДУ НАСИП ЭТКЕН. АЛЛАХТЫН ЫРАЗЫЧЫЛЫГЫ УЧУН ТАРАТ БИЛСИН УЙРОНСУН! Ушул катты досторго жибер мейли очук болсо да! Эринбе, Аллах учун! Ал сага телефонунду карап турган козду берди, жазып жаткан колду берди, угуп жаткан кулакты берди. Эки кол, эки бут, денсоолугун чын. Ушунун баарын сага бир гана Аллах берет, ошондуктан АЛЛАХ ТААЛАНЫ ыраазы кылгандан эринбейли.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   ROZI   12 Февраль 2015 - 09:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Такыбаа койчу.

Бир жолу Абдуллах Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) жолдоштору менен Мадинанын четинде бара жатып, эс алуу үчүн токтошот. Алдыларына жайылган дасторконго жакын жерде кой багып жүргөн койчуну да чакырышат.
Койчу:
- Мен орозомун - деп тамактануудан баш тартат.
- Ушундай ысыкта, талаада кой кайтарып жүрүп да орозо кармайсыңбы? – деп таңданат Ибн Умар.
- Күндөрүмдүн текке кетүүcүнөн коркомун, - дейт тиги.…
Аны сыноо максатында Ибн Умар:
- Бизге бир коюңду сатпайсыңбы? – деп сурайт.
- Менин коюм жок, булар кожоюндун койлору - дейт койчу.
- Кожоюнуңа карышкыр жеп кетти деп коёсуң, бир койду бизге сат, этине өзүң ооз ачасың -дейт, Ибн Умар.
Койчу аны жылмая карап, колу менен асманды көрсөтүп:
- Аллах Таалага эмне деп айтамын - дейт.
Ибн Умар анын аманатка ушунчалык бекемдигине ыраазы болот. Мадинага келгенден кийин, койчуну жана койлордун баарын кожоюндан сатып алат да, койчуну азат кылып, койлорду ага белек кылып берет.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 12 Февраль 2015 - 09:13

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   ROZI   12 Февраль 2015 - 09:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

ТАГДЫРГА ИШЕНҮҮ


Тагдырга ишенүү төрт бөлүктөн турат:


1. Аллах Таала боло турган нерселер жөнүндө жана Өзү жарата турган макулуктар жөнүндө аларды жаратуудан алдын эле билген. Алардын ырыскысын, өмүрүн, иш-аракеттерин, алардын Бейишке же Тозокко кирүүсүн алдын ала билген.

Аллах Таала Куранда: “Ал – Аллах, Андан башка илах жок, Ал гана бар, (Ал) кайыпты да, аныкты да билүүчү” – деп айткан. (Хашр, 22-аят). Дагы бир аятта: “Чындыгында, Аллах баардык нерсени илими менен камтып турат” – деп айткан. (Талак, 12-аят).

2. Булардын баары алдын-ала жазылып коюлган. Аллах Таала калемге буйрук берип, Лавхул Махфузга боло турган нерселерди алдын ала жаздырып койгон. Бул туурасында Аллах Таала: “Жерге жана өзүңөргө эмне жамандык жетсе, ал жаратардан алдын китепте жазылган” – деп айткан. (Хадид, 22-аят).

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Аллах Таала асман менен жерди жаратуудан элүү миң жыл мурда адамдардын тагдырын жазып койгон” – деп айткан. (Муслим).

3. Баардык нерсе Аллахтын эрки боюнча болот б.а. Ал эмнени кааласа болот, эмнени каалабаса болбойт. Аллах Таала: “Эгер Аллах каалабаса, (силер) каалабайсыңар” – деп айткан. (Инсан, 30-аят). Дагы бир аятта: “Аллах эмнени кааласа кылат” – деп айткан. (Ибрахим, 27-аят).

4. Аллах Таала баардык нерсенин жаратуучусу, Андан башкалардын баары жаратылган. Аллах Таала: “Аллах баардык нерселердин Жаратуучусу” – деп айткан. (Раад, 16-аят). Экинчи бир аятта: “Аллах баардык нерсени жаратып, аларды белгилеп өлчөп койгон” - деп айткан. (Фуркан, 2-аят).

Аллах Таала пенделердин жакшы жана жаман иш-аракеттеринин Жаратуучусу. Аллах Таала пенделерине кайсы бир амалдарды аткарууга буйрук берди жана кайсы бир амалдарды аткаруудан тыйды. Ошону менен бирге аларга амалдарды аткарууда эркиндик берди жана алардын мүмкүнчүлүгү жана каалосу менен аткарылып жаткан амалдарына эч мажбур кылбайт. Ошондуктан пенде Аллахтын буйруктарын аткаруудан баш тартып, аны тагдырга шылтоого болбойт. Аллах Таала: “Ким кааласа Роббусу тарапка кайта турган жолду тандасын” – деп айткан. (Наба, 39-аят). Ал эми жөндөмдүүлүк тууралуу: “Аллах инсанды колунан келген ишке гана буйруйт, кылган жакшылыгы да, жамандыгы да өзү үчүн” – деп айткан. (Бакара, 286-аят). Дагы бир аятта: «Аллахтан мүмкүнчүлүгүңөргө жараша корккула (ибаадат кылгыла)» - деп айткан. (Тагаабун, 16-аят).


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   ROZI   13 Февраль 2015 - 09:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Жума күнүндөгү жакшы амалдар :<
- Гусул алуу
- Кахф сүрөөсүн окуу
- Мечитке эрте баруу
- Зикр кылуу
- Дуба кылуу
- Салават айтуу

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 13 Февраль 2015 - 09:04

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   ROZI   13 Февраль 2015 - 09:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛАХТЫ КАНТИП ЭСТЕСЕК БОЛОТ?

Аллахты эстөө, жүрөк, тил жана дене менен болот:

1. Жүрөк менен Аллахты эстөө, Анын ысым-сыпаттарына, өкүмдөрүнө жана аят-белгилерине ой-жүгүртүү менен болот. Мусулман адам ар дайым Аллахты эсинен чыгарбай, Анын ырайымынан үмүт кылып, азабынан коркуп жашоосу керек.

2. Аллахты тил менен эстөө, Куран аяттарында жана хадистерде айтылган белгилүү сөздөрдү айтуу менен болот. Мусулман адам ар дайым ал сөздөрдү айтып жүрүүсү керек. Мисалы:Эртең менен жана кечинде төмөнкү зикир сөздөрүн айтуу керек:

■Аятул курсий.(Бакара. 255-аят). (1 жолу).

■Ихлас сүрөсү. (3 жолу).

■ Фалак сүрөсү. (3жолу).

■ Нас сүрөсү. (3 жолу).

■ «Аллоохумма анта Робби, лаа илааха илла анта, холактани ва ана аьбдука, ва ана ьалаа аьхдика ва ваьдика мас татоьту. Аьуузу бика мин шарри маа сонаьту, абу-у лака би ниьматика алайя, ва абу-у лака би занбии фагфирлии, фа иннаху лаа ягфируз-зунууба илла анта». (1 жолу).

■ «Аллохумма иннии асалукал аьвфа вал аафията фиддуня вал аахиро. Аллохумма иннии асалукал аьвфа вал аафията фи диини ва дуняа-а, ва ахлии ва маалии. Аллохум-мастур авраати, ва амин рова-аати. Аллохум-махфизнии мин байна ядайя ва мин холфии, ва ан ямиини ва ан шимаали, ва мин фавки, ва аьуузу би азоматика ан угтаала мин тахтии». (1 жолу).

■ «Асбахнаа ва асбаха (кечинде асты сызылган сөздүн ордуна - амсайнаа ва амсаа -депайтылат) мулку лил-лаах, валхамду лил-лаах, лаа илааха илла-лооху вахдаху лаа шарика лах, лахул-мулку, ва лахул-хамду, ва хува аьлаа кулли шайин кодиир. Робби асалука хойро маа фии хаазал явми (кечинде-хаазихил- лайла), ва хойро маа баьдаху (кечинде-баьдахаа), ва аьуузу бика мин шарри маа фии хаазал явми (кечинде-хаазихил- лайла), ва шарри маа баьдаху (кечинде-баьдахаа), Робби аьуузу бика минал касали, ва сууал кибари, Робби аьуузу бика мин ьазаабин фин-наари, ва ьазаабин фил кобри». (1 жолу).

■ «Бисмил-Лаахил- лазии лаа ядурру маьа исмихи шаюн фил арди ва лаа фис-самааи, ва хувас-самииьул аьзиим».(3 жолу).

■ «Аьуузу би калимаатил- лаахит-тааммаати мин шарри маа холак».(3 жолу).

■ «Аллохумма бика асбахнаа, ва бика амсайнаа, ва бика нахяаа, ва бика намуут, ва илайкан-нушуур». (Кечинде-асты сызылган сөздөрдүн орду алмаштырылып окулат). (1 жолу).

■«Аллохумма иннии аьуузу бика минал хамми вал хузни, ва аьуузу бика минал ьажзи вал касал, ва аьуузу бика минал жубни вал бухли, ва аьуузу бика мин голабатид-дайни ва кохри рижаал». (3 жолу).

■ «Лаа илааха илаллоху, вахдаху лаа шарика лаху, лахул-мулку, ва лахул-хамду, ва хува аьлаа кулли шайин кодиир».(1, 10 же 100 жолу).

■ «Субхаанал- лоохи ва бихамдихи». (10 же 100 жолу).

Бул зикир сөздөрүн эртең менен айткан адам кечке чейин, кечинде айткан адам таңга чейин жин-шайтандын азгырыгынан аман болот жана ар түрдүү жин оорууларынан өзүн сактайт.

3. Аллахты дене менен эстөө, Ал буйруган намаз, ажылык сыяктуу дене менен аткарылуучу ибадаттарды аткаруу менен болот. Мусулман адам ар бир ибадатты аткарууда Аллахты эстеп, Анын ыраазылыгы үчүн гана аткаруусу керек.

АллахТаала айткан: «Асмандар менен жердин жаралуусунда жана күн менен түндүн алмашуусунда акыл ээлери үчүн белгилер (бар). Алар Аллахты турган абалда, отурган жана жамбаштаган абалда да эстешет…» (Аалу Имран. 190-191-аяттар).

Ааиша энебиз: «Аллахтын элчиси баардык абалда Аллахты зикир кылат эле» - деп айткан. (Муслим).

Мусулмандын ар бир кыймылы Аллахты эстөө менен болууга тийиш. Ошондуктан, эртең менен жана кечинде, үйгө киргенде, үйдөн чыкканда, мечитке киргенде, мечиттен чыкканда, дааратканага киргенде, дааратканадан чыкканда жана башка убактарда айтылуучу сөздөрдү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үйрөтүп кеткен.


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   ROZI   16 Февраль 2015 - 08:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

ШҮГҮР КЫЛУУ ТУУРАЛУУ АЯТТАР, ХАДИСТЕР ЖАНА НАКЫЛ СӨЗДӨР:

Аллах Таала айткан: «Силер Мени эстегиле Мен силерди эстеймин. Мага шүгүр кылгыла, каапыр болбогула». (Бакара, 152-аят).

Аллах Таала айткан: «Эгер шүкүр кылсаңар силерге көбөйтүп беремин». (Ибрахим, 8-аят).

Нуьмаан бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Аллахтын нээматтарын сүйлөө шүгүр, ал эми айтпай коюу куфур (шүгүрсүздүк)” -деп айткан. (Абу Дауд).

Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Зикирдин жакшысы «Ла илааха иллаллооху» ал эми шүгүрдүн жакшысы «Алхамду лиллаахи» - деп айткан. (Абу Дауд).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, эгерде Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жагымдуу окуя болсо:

«Жакшылыктарды толуктап берген Аллахка мактоо болсун» - деп айтар эле. (Ибн Мажих).

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Тамак жегенден кийин жана суусундук ичкенден кийин Аллахка мактоо айткан пендеге Аллах ыраазы болот» - деген. (Муслим).

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Ар бир абалда Аллахка мактоо болсун» - деп айтчу. (Тирмизий).

Абу МусаАшарий (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Бир адамдын наристе баласы кайтыш болгон мезгилде, Аллах Таала периштелерден: «Силер менин пендемдин боор эти менен барабар баласын алып келдиңерби? » - деп сурайт. Алар: «Ооба» - деп жооп беришет. Аллах Таала: «Пендем эмне деп калды?» - деп сурайт. «Сага мактоо айтып, сабыр кылып калды» - дешет периштелер. Ошондо Аллах Таала: «Алар үчүн Бейишке бир үй куруп, аны мактоо үйү деп атап койгула» - деп айтат» - деген. (Тирмизий).

Абуллах бин Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте: «Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайсы бир ишке шүкүр кылса, дароо сажда кылар эле» - деп айтылган. (Тирмизий).

Нуьман бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Азга шүгүр кылбаган адам, көпкө да шүгүр кылбайт» - деп айткан. (Ибн Маажа).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Адамдарга шүкүр кылбаган пенде, Аллахка да шүкүр кылбайт» - деген. (Абу Дауд).

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көп намаз окугандыгынан бутары шишип кетет эле. Ага "Сиздин күнөөлөрүңүз кечирилген го, эмне мынча кыйналасыз? " -деп айтышканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Мен ошого шүкүр кылуучу пенде болбоймунбу» - деп жооп берген. (Муслим).

Умар бин Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

- Силер ыймандуусуңарбы? – деп сурайт сахабалардан. Алар унчукушпай калган мезгилде, Умар бин Хаттаб:

- Ооба, биз ыймандуубуз, – деп жооп берет.

- Ыйманыңардын далили эмне? – деп сурайт, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрадан.

- Кыйынчылыкка сабыр кылабыз, жыргалчылыкка шүгүр кылабыз, Аллахтын тагдырына ыраазы болобуз, – дейт, Умар (Аллах андан ыраазы болсун). Анын сөзүн уккан Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жылмайып:

- Ыйманыңар чын экен, – дейт. (Нисаий).

Абдуллах бин Шажира (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Кыйынчылыкка сабыр кылган, жыргалчылыкка шүгүр кылган, башкадан зыян көрсө аны кечире билген, башкага зыян берсе кечирим сураган адам туура жолдо» - деп айткан. (Тирмизий).

Абдуллах бин Шажира (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Жакшылыкты карап анын ичинен кечиримдүүлүк менен шүгүрдөн башка нерсени көрбөдүм» - деп айткан. (Абу Дауд).

Муаз бин Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Кимде- ким тамактанып бүткөн соң «Мага бул тамакты жедирген жана эч кандай күч-кубатымсыз эле мени ырыскыландырган Аллахка мактоо болсун деп айтса», анын өткөн күнөөлөрү кечирилет» - деп айткан. (Нисаий).

Синаан бин Сунна (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Канаат кылуучу менен шүгүр кылуучу адамдын алган сообу, түнкү намаз окуучу менен орозо кармоочунукундай болот» - деп айткан. (Абу Дауд).


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   ROZI   17 Февраль 2015 - 09:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

КАРЫЗДАН КУТУЛУУНУН ДУАСЫ

Ааламдардын Раббиси Алла Таалага мактоолор болсун жана Анын Элчиси Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Алланын салават-саламдары болсун!

КАРЫЗДАР АДАМГА НАСЫЙКАТ

• САБЫР КЫЛУУ
Карыздар адам кыйынчылыктарга сабыр кылып, бул абалдан чыгууга мүмкүн болушунча аракет кылуусу керек. Анткени сабырдуулук менен бирге аракет кылуу адамды карыздарынан тез арада кутулуусуна шарт түзөт.


• АДАМ ЭМГЕК МЕНЕН АКЧА ТАБУУ
Азыркы учурда акча табуунун жолдору көбөйгөн. Буга карабастан карыздар адам өзүндөгү болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ар бир тапкан кирешеси адал эмгек менен болушу керек. Анткени адал эмгек менен табылган кирешеге Алла Таала береке берет жана көптөгөн кыйынчылыктардан кутулууга себеп болот.


• ЧЫГЫМДАРДЫ АЗАЙТУУ
Ошондой эле карыздан кутулуунун себептеринен болуп жеке чыгымдарды азайтуу эсептелинет. Анткени чыгымдарды азайтуу менен карыздан кутулуунун мөөнөтүн кыскартууга болот.


Ошондуктан кирешеңиздин бир бөлүгүн зарылдуу муктаждыктарыңызга жумшап, ал эми калган бөлүгүн карыз берген адамга кайтарышыңыз керек. Эч качан карызыңызга кайдыгер мамиле кылбаңыз жана ашыкча чыгымдарыңызды азайтыңыз. Карызга кайдыгер кароо жана аны себепсиз созуу – адамга болгон ишенимди кетирет жана анын кадыр-баркын түшүрөт.

• КАРЫЗДЫ КЕЧИКТИРГЕН КЕЗДЕ БИЛДИРҮҮ
Эгерде карызыңызды өз убагында кайтарууга мүмкүнчүлүгүңүз жетпесе, анда карыз берген адамга: “Азыр төлөөгө мүмкүнчүлүгүм болбой жатат, бир аз убактысын созуңуз” деп абалыңызды ачык айтып түшүндүрүңүз. Ушундай кылганыңыз карызды созуудан же бере албай качып жүрүүдөн жакшыраак. Анткени карызды өз убактысынан кечиктирүү карыз берген адамдын ачуулануусуна же ар кандай жаман сөздөрдү айтып басмырлоосуна себеп болушу мүмкүн.


• АЛЛА ТААЛА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕ ОҢДОО
Мусулман адам жакшылыкта да, жамандыкта да Алла Таалага гана ибадат кылып, Ага гана таянат. Эгерде сиздин Алла менен болгон мамилеңизде кемчилдиктер болсо, анда Аллага тооба кылыңыз жана Анын буйруктарына баш ийип, күнөө иштерден алыстаңыз. Ошондой эле жакшылыкта да, жамандыкта да Алла Таалага гана таянып, Андан гана жардам сураңыз жана адамдар менен болгон мамилеңизди оңдоңуз. Анткени Алла Таала дин менен жашаган жана Анын буйруктарына баш ийген пенделерине мындай деп убада берген:


«Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз». Нахл сүрөөсү (16:97)

Ал эми башка аяттарда Алла Таала мындай деп айткан:
«Ким Алладан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет. Ким Аллага таваккуль кылса, Ал ага жетиштүү. Чындыгында, Алла Өз ишин аягына чыгарат. Алла ар бир нерсенин өлчөмүн белгилеп койгон». Талак сүрөөсү (65:2-3)


«Мен айттым: «Раббиңерден (күнөөлөрүңөрдү) кечиришин сурагыла, чындыгында Ал Кечирүүчү. Ошондо Ал силерге нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана мал-мүлк, балдарыңарды көбөйтүп, силерге бактарды жана дарыяларды берет». Нух сүрөөсү (71:10-12)

Демек, Алла Тааладан күнөөлөрүңүздүн кечиришин сурап тооба кылыңыз жана карыздан тез арада кутулууга жардам бер деп дуа кылыңыз. Ошондой эле жакшылык иштерди көп кылууга умтулуңуз. Анткени жакшылык кылган адамга Алла Таала да жакшылыктарды берет жана ага ырайымдуулук кылып, кыйынчылыктардан куткарат.

• КАРЫЗДЫ КАЙТАРЫП БЕРЕМ ДЕГЕН НИЕТТЕ АЛУУ
Эгерде карыз алсаңыз, анда кайтарып берем деген ниетте алыңыз. Ушундай ниетте алсаңыз, анда Алла Таала карызыңыздан кутулууга сөзсүз жардам берет. Бул туурасында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан:


«Кимде-ким кутулам деген ниетте адамдардан карызга акча алса, анда Алла аны карызынан кутултат. А эгер ким кайтарбастан жок кылуу ниетинде карыз алса, анда Алла аны жок кылат». (Имам аль-Бухари)

Ошондой эле карыздар адам Алла Таала карызымдан кутулууга сөзсүз жардам берет деген терең ишенимде болуусу керек. Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам айтты:
«Чындыгында, Алла жаман көрбөгөн жолдо алынган карыздан кутулмайынча Алла Таала карыздар менен бирге болот». (Ибну Мааджа)


• АЛЛА ТААЛАДАН ДУА КЫЛЫП ЖАРДАМ СУРОО
Карызыңыздан тез кутулам десеңиз, анда Алла Таалага чын ыхластан дайым дуа кылыңыз. Кимде-ким дуа кылууда туруктуу болсо, анда Алла Таала анын дуасын сөзсүз кабыл кылат. Анткени Алла Таала бардык иштерде туруктуу жана талыкпаган пенделерин жакшы көрөт. Ошондой эле дуа кабыл болуучу убакыттарды да эске алуу зарыл. Мисалы, түндүн үчүнчү бөлүгүндө, Жума күнү, азан менен икаматтын ортосунда, сапарга чыкканда же ооз ачаардан алдын кылынган дуалардын кабыл болуу ыктымалы көбүрөөк. Бул туурасында көптөгөн хадистер айтылган.


КАРЫЗДАН КУТУЛУУНУН ДУАЛАРЫ

Имам ат-Тирмизи риваят кылган хадисте мындай деп айтылган:
«Күндөрдүн биринде өзүн өзү куткарып алууга кожоюну менен келишим түзгөн бир кул адам Али ибну Абу Талиб, радыяллаху анхуга, келип: «Мен келишим түзгөн өлчөмдөгү акчаны төлөй албай жатамын, мага жардам бер»,– дейт. Ошондо Али, радыяллаху анху, айтты: «Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мага үйрөткөн сөздөрдү сага да үйрөтөйүнбү – эгерде Сир тоосундай карызың болсо да (бул дуаны айтсаң), Алла Таала сени карызыңдан кутултат. Мындай деп айткын:


“О, Алла! Мага адал (ырыскы) берип Өзүң арам кылган (иштерден) сакта жана мени Өз фазилетиң менен Өзүңдөн башкаларга муктаж кылба”. (Имам ат-Тирмизи)
“Аллахумма- кфини би-халялика аън харамик уа агънини би-фадлика аъмман сиваак”.


Ал эми башка хадисте Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты:

«Кайсы бир адам түйшүк тартып, кайгы басканда: “О, Алла! Чындыгында, мен Сенин кулуңмун жана кулуң менен күңүңдүн баласымын. Бешенем Сенин колунда, Сенин өкүмүң мага жүрүүчү, Сенин мага кылган чечимиң – адилеттүү. Мен Сенден Өзүңдү атаган же Китебиңде түшүргөн же жараткандарыңдын бирине үйрөткөн же Кайып илиминде (жашырып) Өзүңө жекелеп койгон ар бир ысмың менен сураймын: “Куранды жүрөгүмдүн жазы, көкүрөгүмдүн нуру жана кайгы-капамды кетирүүгө себепчи кыл”, – деп айтса, анда Алла Таала анын түйшүгүн да, кайгысын да кетирип, кубанычка өзгөртүп койот». (Муснад Ахмад)
“Аллахумма, инни аъбдук, ибну аъбдик, ибну аматик, наасыйати би-йадик, маадын фиййа хукмук, аъдлун фиййа кадаау-к, ас’алука би-кулли исмин хуа лак, саммайта бихи нафсак, ау анзальтаху фи китабик, ау аълламтаху ахадан мин халькык, ау иста’сарта бихи фи иъльмиль-гайби иъндак ан тадж’аъляль- кур’ана рабиъа кальби, уа нуура садри, уа джаля’а хузни уа захааба хамми”.


Анас ибну Малик, радыяллаху анху, айтты:
«...Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын көп укчумун:


“О, Алла! Мени кайгы жана түйшүктөн, алсыздык жана бошоңдуктан, сараңдык жана коркоктуктан, карыздын кыйынчылыгынан жана адамдардын басмырлоосунан коргооңду сураймын”. (Имам аль-Бухари)


“Аллахумма, инни аъузу би-кя миналь-хамми, уаль-хазани, уаль-аъджзи, валь-кясали, валь-бухли, уаль-джубни, уа долаиъд-дайни уа галябатир-риджаали”.



АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   ROZI   18 Февраль 2015 - 09:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Ихлас сүрөсүнүн пайдалары


* "Ихлас сүрөсүн окуу Курани каримдин үчтөн бирин окууга барабар.” (Бухари)

* " Он жолу Ихласты окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.”
(И. Ахмед)

* " Жатаар алдында жүз жолу Ихлас окуган адам Бейишке кирет.” (Тирмизи)

* " Багымдат намазынан кийин 11 жолу Ихлас окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” (Хараити)


* " Багымдат намазынан кийин 12 жолу Ихлас окуган адам Курани каримди төрт жолу хатм кылгандын сообун алат.” (Баззар)


* " Эртең менен жана кечинде үч жолу Ихлас жана Муаввизатайнды (Фалак менен Нас сүрөлөрүн) окуу балээ жана кыйынчылыктардан коргойт.” (Тирмизи)


* " Үйүнө кирип жатып Ихласты окуган адам кедейлик көрбөйт.”
(Т. Куртуби)


* " Ихласты окуган мусулманга Бейиш важип болот.” (Насаи)


* " Бир адам сапарга чыгып жатып 11 жолу Ихлас окуса Аллаху таала сапардан кайтып келгенге чейин анын үйүн коргойт.” (И. Нажжар)


* " Арафа күнү (Бисмиллах менен) миң жолу Ихласты окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубасы кабыл болот.”
(Абу-ш-шайх)


* " Миң жолу Ихлас окуган адам өзүн Аллаху тааладан сатып алган болот.” (Рафии)


* " Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана Муаввизатайнды окуган адам бир жума кырсыктардан, балээлерден жана жамандыктардан коргонот.” (Ибни Сунни)


* " Жатаар алдында Фатиха жана Ихлас окуган адам өлүмдөн башка бардын нерсенин зыянынан коргонгон болот.” (Ибни Абдилбар)


* " Ушул үч нерсе кимде болсо Бейишке каалаган эшиктен кирет:
Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин 11 жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамын кечирип өлгөн адам.” (Барика)


* " Жанга, мал-мүлккө, намыска кол салбай, арактан да сактанып, Ихлас сүрөсүн жүз жолу окуган мусулмандын элүү жылдык күнөөсү кечирилет.” (Байхаки)


* " 50 жолу Ихлас сүрөсүн окуган мусулмандын 50 жылдык күнөөсү кечирилет.” (Дарими)
"Жатаар алдында Фатиха менен Ихласты окуган адам өлүмдөн башка бардык нерседен коргонгон болот.” (Баззар)


* " Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн окуган адамды Аллах кийинки жумага чейин жамандыктардан коргойт.” (Ибни Сунни)


* Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) бир жери ооруганда Фалак менен Нас сүрөсүн окуп үйлөчү жана ооруган жерин масх кылчу. (Бухари)

http://www.super. kg/...dpost&p=2165039

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 18 Февраль 2015 - 09:57

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   ROZI   19 Февраль 2015 - 09:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Аъузу биллахи минашшайтонир рожим.
Бисмиллахир рохманир рахим.

Бир адам озунун эн жакын кошунасын эч коро алчу эмес экен. Бул коралбастык, ичи тардык туну-куну тынчтык бербей, кошунасынан кантип оч алууну ойлой баштайт...
Кундордун биринде уйундогу толгон-токой чыгындыларын бир жаман чакага топтоп, кошунасынын короосуна жайнатып чачып келет да, уйуно кайтып келип, терезеден кошунасын байкай баштайт. Кошунасы бул ыплас ишти ким жасаганын билсе да, унчукпай короосун тазалап, чыгынды салынып келген чаканы жылтыратып жууп, короосундагы бышып калган алма бактан, эн кооз алмаларды терип, ошол адамдын короосуна жеткирип келет. Мындай жоопту кутпогон ал адам сыртка чуркап чыгып:" неге мындай кылдын" деп сураганда, кошунасы: " кимде эмне коп болсо, ошону гана болушо алат башкалар менен" деп кулуп гана жооп берип кайткан экен....
Досторум, жамандыкка жакшылык менен жооп беруу сиз менен биздин алган тарбиябызды айгинелейт эмеспи... Дайыма туура жолдо болууну Аллахтан суранам, инша Аллах



Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Февраль 2015 - 09:50

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   ROZI   19 Февраль 2015 - 09:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ БИЛЕ ЖҮРҮҢҮЗ ~

Суроо: Эгер Аллах жалгыз болсо, эмнеге Курандын кээ бир жерлеринде «Биз» деп айтат?

Жообу: Ыйык Курандын бардык аяттарында Аллахтын жалгыз, бир экендиги таасын айтылган. Ошондой болсо да «Эмне үчүн Аллах Куранда Биз деп айтат» деп кызыктуу суроо жаралат. Бул эң жөнөкөй суроо болгону менен кээ бир адамдардын акылдары менен жүрөктөрүн шек-күмөндөр менен жаралап жаткандыктан, кыскача жооп жазабыз. Ыйык Куран даанышмандыкка толо болгондуктан, Аллах тааланын жалгыз болсо да «Биз» деп айтуусунун көптөгөн терең сырлары бар. Биринчиси: Куран – Мухаммад пайгамбарга Жабрейил периште аркылуу түшүрүлгөн. Аллах таала адилеттүү болгондуктан, Куранда да адилеттүүлүк толук түрдө өкүм сүрөт. Тагыраак айтканда башкалардын укуктарын жана акыларын тебелебейт. Ошондуктан, Куранда толук адилеттүүлүк сакталуусу үчүн Жабрейил периштенин да укугу, акысы тебеленип калбашы үчүн Аллах таала: «Куранды мен түшүрдүм» дебестен, Жабрейил периштенин акысын да эске алып «Куранды Биз түшүрдүк» деп айткан. Же болбосо «Биз асмандан жамгырды түшүрдүк» деген кезде, жамгырдын ар бир тамчысын жерге алып түшкөн периштелерди да эске алып айтат… Демек, бул сыяктуу аяттарда Аллах таала Өзү жалгыз болсо да, адилеттүүлүк үчүн «Биз» деп айтып жатат… Экинчиси: Аллахтын Куранда «Биз» деп айтуусу Өзүнүн көптүгүнөн эмес, тескерисинче жараткан макулуктарынын көптүгүнөн. Мисалы: Бир мамлекеттин өкүлү келсе, өзү бирөө болсо да: «Биз» деп сөз баштайт. Караңыз, өзү жалгыз болсо да «Биз» деп сүйлөйт. Себеби өзүнүн мамлекетинин атынан сүйлөп жатат. Мына ушул сыяктуу Аллах бүткүл адамзат менен жиндерге кайрылып, Өзүнүн башкаруусунун атынан «Биз» деп айтып жатат. Тагыраак айтканда Аллахтын токсон тогуз ысым-сыпаттары бар. Бул ааламды ошол ысымдары менен башкарып турат. Ошондуктан Куранда Өзүнүн бардык ысым-сыпаттарынын атынан «Биз» деп айткан. Анткени бул баяндоодо улуулук бар. Аллах бүткүл ааламдын падышасы. Албетте улуулукту даңазалаган «Биз» деген сөздү колдонуу Аллахтын улуктугунун белгиси. Үчүнчүсү: Менменсиген адамды баары жаман көрөт. Анткени менменсинүү жалгыз Аллахтын Өзүнө гана тиешелүү сыпат. Ошентсе да Аллах таала адамдарга адептүүлүктү тарбия берүү максатында сылык түрдө «Биз» деп айтат. Кандай сонун үлгү!


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   ROZI   19 Февраль 2015 - 09:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ НАСААТ ~

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН КАНТИП КУТУЛАМ?

Хасан аль-Басрийге бир киши келип кургакчылыкты айтып даттанат. Анда ал: “Аллахтан кечирим сура!”-деди. Башка бирөөсү жакырчылыкты айтып даттанды, ага ал : “Аллахтан кечирим сура!”-деп жооп кылды. Дагы бирөө: «Балалуу боло албай жатамын» - деди. Ага да “Аллахтан кечирим сура!”-дейт. Дагы бирөө бактарынын куурап калгандыгын айтып даттанды. Ага дагы: “Аллахтан кечирим сура!”-деп айтты. Биз андан «Ар бири ар кандай суроо менен келди, а сиз бир эле жооп менен кайтардыныз? » -деп сурадык. Хасан аль- Басрий: «Мен жеке өзүмдөн эч нерсе айтпадым.
Аллах Таала “Нух” сүрөөсүндө 10-14 аяттарында : “Жараткандан кечирим сурагыла, анткени Ал – Баарын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгырды жаадырат, силердин мүлкүңөрдү жана балдарыңарды коргойт, силер үчүн бактарды өстүрөт жана силер үчүн дарыяларды жаратат”,-деген деп жооп берди.»

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Февраль 2015 - 09:56

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   ROZI   19 Февраль 2015 - 10:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АР БИР МУСУЛМАН ЭРКЕК ЖАНА АЯЛГА ПАРЗ!

Ыймандын он жетинчи бутагы: илим алууда

Ар бир мусулман адам шариат илимин окуп үйрөнүүсү керек. Шариат илимин алуу ыймандын бир бөлүгү. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Илим алуу ар бир мусулман эркек жана аялга парз» - деп айткан.

Илимдин мааниси - билүү. Ар бир адам ибаадаттарды туура аткаруу үчүн анын илимин алуусу керек. Намаздын илимин албаган адам намазды, орозонун илимин албаган адам орозону, зекетин илимин албаган адам зекетти, ажынын илимин албаган адам ажылыкты туура аткара албайт. Ошондой эле күнүмдүк жашоодогу тамактануу, уктоо, ж.б.у.с. туура эмес аткаруу да илимсиздиктен улам болот. Ошондуктан Аллах Таала Куранда илимдүүлөр менен илимсиздерди салыштырып: «(Оо, Мухаммад! ) Аларга: «Билгендер менен билбегендер барабар болмок беле?» - деп айткын. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алышат» деп айткан. (Зумар, 9-аят).

Шариат илимин алып Куран аяттарын жана Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүннөттөрүн үйрөнгөн адамдын Аллахтан коркуу сезими күчөйт, ыйманы толот. Аллах Таала: «Чындыгында, пенделердин илимдүүлөрү Аллахтан коркушат» - деген. (Фаатир, 28-аят).

Илим алуу менен адам баласы бул дүйнө жашоосунда адашпай туура жолдо жүрөт. Ошондой эле, илимдин пайдасын Кыяматка чейин көрө алат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Адам баласы каза болгондо, анын үч амалынан башка баардык амалдары токтойт. Алар: агып туруучу садакасы (мечит, көпүрө ж.б.), үйрөткөн илими жана ыймандуу баласынын дубасы» - деп айткан. (Муслим).


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   JoldoshMantekov   21 Февраль 2015 - 01:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 14 Июнь 13
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2021 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол- Бишкек

Намаз бейиштин ачкычы.
Убакыт кылыч сыяктуу, сен
аны кеспесен, ал сени кесип
кетет. Андыктан эртен кеч
болуп калышы мумкун. Эн
негизгиси Жараткандын алдында эн биринчи сурала
турган амал да намаз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   JoldoshMantekov   21 Февраль 2015 - 01:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 14 Июнь 13
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2021 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол- Бишкек

ЖЕТИ ЧОҢ КҮНӨӨ
\_________
--------------------- ---------
--------------------- -----------
Чоң күнөөлөр өтө көп,
бирок алардын ичинен да чоңдору жана Мубикаты
сабъа (балакетке түртө
турган жетөө) деп аталган
күнөөлөр жетөө: "Адам
өлтүрүү, зина кылуу,
ичкилик ичүү, ата-энеге ак болуу (тагыраак айтканда
тууган урук менен
байланышты үзүү), кумар
ойноо, жалган күбөлүк
берүү жана динге зыян
берүүчү бидъаларга тараптар болуу".
(Барла лахикасы 335-бет).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   JoldoshMantekov   21 Февраль 2015 - 01:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 14 Июнь 13
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2021 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол- Бишкек

Балдар үчүн 40 хадис
1-хадис
Жүрөгүндө кымындай
ыйманы бар адам бейишке
кирет.
2-хадис Мусулмандардын арасында
ыйманы эң толугу – кулк-
мүнөзү эң жакшысы.
3-хадис
Тазалык – ыймандын
жарымы. 4-хадис
Адамдын эң жакшысы –
адамдарга пайдалуу болгону.
5-хадис
Силердин эң жакшыңар –
Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга
үйрөткөндөр.
6-хадис
Мусулман мусулмандын бир
тууганы.
7-хадис Калп айтуу жамандыкка
алып келет.
8-хадис
Алла Таала силердин сырткы
келбетиңерге эмес,
жүрөктөрүңөргө жана жасаган иштериңерге карайт.
9-хадис
Адамдарга ыраазычылык
билдире албаган адам, Алла
Таалага да шүгүрчүлүк
келтире албайт. 10-хадис
Ар дайым Алланы эстеп
жүрсөң, Ал да сени менен
чогуу болот.
11-хадис
Жакшы, сооптуу иштерди жасаганга умтулгула.
12-хадис
Чыныгы мусулман – тилинен
да, колунан да башкаларга
зыяны тийбеген адам.
13-хадис Тамагын жеп, суусун
ичкенден кийин Жаратканга
мактоо айткан пендесине
Алла Таала ыраазы болот.
14-хадис
Бирөөнүн унаага минүүсүнө жардам берип, жүгүн же
азыгын жүктөшүп берүү да
садака. Жакшы сөз да садака.
Мечитке баргандагы ар бир
кадам да садака. Жолдон
тоскоолдуктарды алып салуу да садака.
15-хадис
Адамдарга мээримдүү
болбогонго Алла Таала да
мээримин төкпөйт.
16-хадис Жарым курма болсо да
садака бергиле.
17-хадис
Кимде-ким мусулман бир
тууганына жардам берсе,
Алла Таала ага да жардам берет.
18-хадис
Кимде-ким Алла Таалага
жана акырет күнүнө ишенсе,
кошунасына жакшылык
жасасын. 19-хадис
Адепсиздиктен сактангыла!
Анткени, Алла Таала
адепсиздикти жакшы
көрбөйт.
20-хадис Намаз – диндин тиреги.
21-хадис
Дуба мээримдүүлүктүн
ачкычы.
22-хадис
Бейиштин ачкычы – намаз. Ал эми намаздын ачкычы –
даарат.
23-хадис
Өзүңө да, башкаларга да
зыян кылба!
24-хадис Алланын ысымын айтпастан
көп сүйлөбөгүлө! Анткени,
Алланын ысымын оозго
албай туруп сүйлөй берүү –
бул жүрөктүн катуулугу.
25-хадис Дүнүйөгө кызыкпа, Аллага
жагасың. Адамдарда бар
нерсеге көз артпа, адамдарга
жагасың.
26-хадис
Аллага ишенем деп айткын жана түз жүр!
27-хадис
Өзүңөргө каалаган нерсени
башкаларга да
кааламайынча толук момун
боло албайсыңар. 28-хадис
Ислам беш нерсеге
негизделген: Алладан башка
кудай жок жана Мухаммад
Алланын элчиси деп күбөлүк
берүү; Беш маал намаз окуу; Рамазан айында орозо тутуу;
Зекет берүү; Ажылыкка
баруу.
29-хадис
Дин – бул насыйкат.
30-хадис Аалымдар –
пайгамбарлардын
мураскорлору.
31-хадис
Ыйманыңарды: «Лаа илааха
иллаллах» менен жаңылап тургула!
32-хадис
Бейиш – энелердин таманы
астында.
33-хадис
Сенин эң чоң душманың – напсиң.
34-хадис
Эки чоң сыйлык бар,
адамдардын көбү анын
баркын билишпейт. Булар:
ден-соолук жана бош убакыт.
35-хадис
Адам баласынын ар бири ката
кетирет. Бирок алардын эң
жакшысы – тообо кылган
киши. 36-хадис
Жүрөгүндө кыпындай
текебердик бар адам
бейишке кирбейт.
37-хадис
Ачуулануу – шайтандан, шайтан болсо оттон
жаратылган, от болсо суу
менен өчүрүлөт.
Ошондуктан, ачуулансаңар
дароо даарат алгыла.
38-хадис Кимде-ким кайгы-капасын
унутуп, бир гана акыреттин
кайгысын ойлосо, Алла Таала
анын дүйнөлүк кайгы-
капаларын жок кылат.
Кимде-ким дүйнөнүн кайгы- капасын ойлой берсе, Алла
анын кайсы жерде өлүп
калышына маани бербейт.
39-хадис
Эки жүздүүлүктүн үч
белгиси бар: Жалган сүйлөйт, сөзүнө турбайт жана
аманатка кыянаттык кылат.
40-хадис
Кимде-ким билип туруп
менин атыман жалган хадис
чыгарса, Тозоктогу ордуна даярдана берсин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   ROZI   24 Февраль 2015 - 11:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Карыган адам 25 жаштагы улуу менен уйунө баруу учун поездге тушушту. Уулу вагондун терезесинин жанына барып олтурду.Поезд журө баштаганда уулу терезеден абага колун чыгарып,бир кезде суктануу менен кыйкырып жиберди.
— Ата карачы,биз алдыга баратсак,дарактар артты көздөй баратат.
Атасы уулун карап жылмайды.
Алардын жанында бараткан жубайлар,25 жаштагы жигиттин жаш балача кыядын коруп,жылмайып, уялып алышты.
Уулу кайрадан суйунүү менен кыйкырып.
—Ата карачы көлдөр жаныбарлар, булуттар баары биз.менен бирге баратат.
Тиги жубайлар,жаш жигиттин кылыгына таң калып бара жатышты.
Бир убакта жамгыр себелеп кирди.Жаандын тамчылары колдоруна себелегенин коргон жигит,көздөрун жумуп,толкундоо менен кайра кыйкырды.
—Ата көрдуңбу,жамгыр жаап жатат,менин колдорума жаап жатат.
Карыянын жанында олтурган жубайлар,кандайдыр бир жардам бергиси келип,жаш жигиттин атасынан сурашты.
—Уулуңузду эмне учун ооруканага алып барбайсыз?
—Биз ооруканадан келе жатабыз.Ооруканадан эми гана чыктык.Бугун менин уулум төрөлөгөндөн бери биринчи жолу дуйнөну көзу менен көрду.
(Себеби жигиттин көзу азиз болчу)
Карыя жанындагы жубайларга бугунку кунубузго Аллахка шугур жана сабыр кылып жашайлы деди.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 24 Февраль 2015 - 11:08

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   ROZI   24 Февраль 2015 - 11:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Кундөрдун бир кунудө кедей турмуш кечирген бир адам Халифа Харун Рашидге барып,жардам сурамакчы болот.Халифанын сарайына кирсе, Халифа намаз окуп болуп,жаратканга алакан жайып, дуа кылып аткан болот.
Анда берки адам,Бирөөго муктаж болгон адам,мага кандай жардам бермек .Андан көру ошол сураган заттан мен да барып сурайын деп артка кайтып кеткен экен.
Жардамды бир гана Аллахтан сурайлы.




Аллахтын берген нээмат жакшылыктарын билбестик, бул чоң наадандык.. Ким сага жакшылык кылса, сен ага рахмат айтасың. Ал эми Аллах сени жаратты, бул дуйнөгө жөнөтту.
Анда эмне учун Аллахка рахмат айтып, шугур келтирбейсиң. Шугур келтирүү "АЛЛАХКА ШУГУР"— деп коюуудан чектелбейт.
ЧЫНЫГЫ ШУГУРЧУЛУК АЛЛАНЫН БУЙУРГАНЫН АТКАРЫП, ТЫЙГАНЫНАН ТЫЙЫЛУУ.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 24 Февраль 2015 - 11:16

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   ROZI   24 Февраль 2015 - 14:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Сенин бактың, бактылуу уй булөң, жана балдарың. Балдарыңа татыктуу тарбиялап, уй булөңду барктай билсең. Аллахтын сага мээрими, жана боорукердиги болот.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   ROZI   24 Февраль 2015 - 14:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

КҮЙӨӨНҮН АКЫЛАРЫ ТУУРАЛУУ
АЯТТАР, ХАДИСТЕР:



•"Эгерде күйөөсү аялын төшөккө
чакырганда, аялы ага келбей коюп,ага күйөөсү
ачууланып уктаса,анда ал аялга периштелер таң
атканча лаанат айтып чыгышат.
(Бухарий,Муслим).


•"Күйөөсү үйдө турган убактп андан уруксат
болбоюнча аялга нафил нафил орозо кармоого
болбойт жана күйөөсүнүн макулдугу болмоюнча
анын үйүнө эч кимди киргизүүгө уруксат
берилбейт" -деген.(Бухарий).

•"Эгер мага кимдир бирөөнү башка бирөөгө
сажда кылууга буйрууга мүмкүн болгондо,анда
аялды күйөөсүнө сажда кылууга буйрумакмын
"(Тирмизий).

• "Кайсы бир аял күйөөсүн ыраазы кылып
өлсө,анда Бейишке кирет"-деп айткан.
(Тирмизий).

•"Боюнда көтөрүүчү,төрөөчү, эмизүүчү жана
күйөөсүнө баш ийүүчү аял намаз окуса,анда
Бейишке кирет"-деп айткан.(Тирмизий).

• "Бул дүйнөдө аял күйөөсүнө азар берген
сайын,анын үр кыздардан болгон аялы:"Аны
кыйнабагын, Аллах ургур!Ал сени таштап бизге
келүүчү коногун гана"деп айтышат"- деген.
(Тирмизий).

• "Умар (Аллах андан ыраазы болсун)
айтат"Исламды кабыл кылуудан кийинки эле
жакшылык-Аллахка моюн сунган төрөөчү
аял,Аллахка ширк кылуудан кийинки жле
жамандык-тили узун ажаан аял".
°"Ибн Аббас(Аллах андан ыраазы болсун)
айтат:"Аялдын жихады-күйөөсүнө баш ийүү
жана аны ыраазы кылуу".
• "Ибн Хузайм айтат:"Ыймандуу аял-бул
дүйнөнүн бактысы".
©Алайчы Сейитбеков агайдын китебинен©


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 01:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: