Суперстан: "Ислам жолу" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Ислам жолу" Насаат

#61 Пользователь офлайн   ROZI   26 Февраль 2015 - 07:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Бир адам чачын кырктырып,сакал мурутун алдырганы чачтарач канага барат.Чачын кырктырганча чачтарач менен ар нерсени суйлөшуп,Аллах жөнундө да сөз козгошот.Анда мага Кудай жонудо айта бербеңизчи, Кудай бар экенине ишенбейм деп анча жактыра бербейт.Чачын алдырганы келген адам.
—Эмне учун,мындай деп айтуудан коркпойсузбу? Ансыз деле тушунуктуу болуп жатпайбы,Кудайды жок экенин билуу учун көчөгө чыгуу жетиштуу.Карасаңыз эгер Кудай бар болсо,анда эмне учун оорулуу адамдар коп,эмне учун кароосуз калган балдар коп.?
Эгер чын эле Кудай бар болсо,ооруган, жетим балдар жана башка ушул сыяктуу нерселер болмок эмес.Мындайларды көруп туруп кантип адам баласы ишеништуу турдо айталат Кудай бар деп, деди.
Тиги чач алган адам талаш менен эч нерсе чечилбесине ынанып,унчукпай калат.
Чачтарач ишин бутуруп,чачын алдырган киши сыртка чыгып баратса,көчөдө чачы кыркылбаган, сакал муруту өскөн,жудөө адамды көруп,кайра келип кирет да.Билесиңерби чач тарачтар бул дуйнөдө жок окшойт?
—Кандайча,чач тарач таң калып карайт да,менимин да чачтарач.
—Жок,чач тарач ,жок.Эгер алар бар болсо,кочодогу тиги кишиге окшогон чачы өскон,жудоо адам болмок эмес!— деп унун жогорулатты.
Анда тиги чач тарач.
Ой маселе чач тарачта эмес,адамдардын өздөру чачтарачканага келбейт.
—А маселе ошодойбу!
Сиз өзуңуздун сурооңузга өзуңуз жооп бердиңиз.
Кудай бар,бологону аны адамдар издешпейт жана жакындашпайт.
Ошол учун да дуйнөдө ушунча кыйынчылыктар, жана оорулар деген экен.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 26 Февраль 2015 - 07:39

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   ROZI   27 Февраль 2015 - 07:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Уулум, кызым!!! Жашоодо бут нерсе Алла Тааланын эрк каалоосуна жараша болот.Алла Таала бироону бай,бироону кедей,бироону ден соолугу чын,бироо майып,бироо аалым,бироо наадан кылган.Бул дуйнонун тең салмактуулугу ушундай тарзиде гана сакталат.Өзуңдөн томон адамдарды коргонуңдо, бой которуп,аларды томон корбо.Сен алардын,алар сенин ордунда болуп калышы толук мумкун.Ошондуктан кедей кембагалдар менен дос бол!Аларга дайым жылуу мамиле жаса.Адамдык да,мусулмандык да сапатыңды жоготпо.Ошондо гана туболук бакытка жетесиң.Эки дуйнөлук бакытка жеткиң келсе эч кимдин көңулун оорутпа.Өзуңдон жаш адамды корсон,"мунун кунөөсу менин куноомдон аз",ал эми улуу адам корсөң "Бул адамдын сообу меникинен коп.Мен билбеген артыкчылыктары менен менден алдаканча жогору,деген тушунук менен назар сал.Аалым корсоң "мунун илими бар,өзун куткарат" ,сенден илими томон адамды корсон,"Бул билбейт,Алла Таала аны кечирет"деп ойло.Ал эми каапыр адам коргонуңдо, акыркы деми белгилүү болбогондуктан, "Алла Таала буга адал жолдун багытын корсотсо,бардык куноолору кечирилип,акыретке таптаза барышы мумкун.Ал эми менин акыркы демим кандай болот?деп акыркы демиңди ойлон!Өзуңду канчалык таанып,канчалык алсыз деп билсең,Алла Тааланын алдына ошончолук бийик даражада барасың,—деп Чоң атам коп айтчу.




Кочуруп койдум. Автор атын жазбаптыр.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11018774_371118083091104_2851218623192763990_n.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   ROZI   27 Февраль 2015 - 07:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Абандан орой жигит, кары жашы дебей кыжырын ката албай, орой мунөзун корсото берчу. Бир куну атасы аны чакырып, колуна балка жана мык берди.
—Уулум бирөөгө жиниң келсе, бул устундан чыгар, ар сайын кыжырың келгенде бирден мык кагып, деди.
Ошол эле куну устунга көп мык кагылып калат, жигит ойлонуп калды. Экинчи куну кагылган мыктын саны абдан аз эле. Ошентип олтуруп такыр мык кагылбай калган кундор да келет. Баарын байкаган атасы, уулуна мык сууругучту берип, бардык мыктарды сууруп салышын буйурат. Суурулган мыктардын ордуна издери калат, атасы ал издерди карап.
—Көрдуңбу уулум мыктар устунга кандай из калтырды. Бул устун эми эч качан мурдагыдай туз, сыймалак болбойт.
Ошондой эле сенин бирөөгө кылган ар бир орой мамилең так калтырып, канча кечирим сурасаң да дагы, ал так кетпейт деди.
БАРДЫК КЫЛГАН ИШИБИЗ, МАМИЛЕБИЗ ИЗ КАЛТЫРААРЫН УНУТПАЙЛЫ.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11029491_371127433090169_1933391945868960694_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 27 Февраль 2015 - 08:00

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   ROZI   27 Февраль 2015 - 08:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"ИБАДАТКА жаштыкта киришуу абзел. Акылдуу адам АЛТЫН УБАКТЫСЫН текке кетирбейт. Мумкунчулугун олжо катары баалайт. Себеби, бул иш маанилуу. Адам карыганга чейин жашар-жашабасын билбейт".

(Имам Раббани)


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   ROZI   27 Февраль 2015 - 11:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Таасирдуу окуя экен


Аялым биринчи перзентимди төрөгөндө отуз жашта элем...Ошол түн алигүнчө эсимен кет пейт....Дейди досторум менен түн жарымга чейин чайканада сөз жарыштырып отурдук...Маанилүү бир нерсе болгонун эстей албаймын, бирок пайдасыз кайбат,"өрдөк учурмай" сөздөр менен түндү өткөрдүк. Башынан тапан болгонум үчүн, сөздүн жылоосу менин колумда болуп, ар кандай анекдоттор менен курдаштарымдын боорун эздим... Эсимде. ..Ошол түнү чайкананын жанындагы кичинекей базарчада отурган көзү азиз карыяны абдан маскара кылдым: ал кандай аракет жасаган болсо, мен дагы анын дал ошондой аракетин кайталап жасай бердим, досторум күлө берип көздөрүнөн жаш агып кетти.Бул аздык кылгансып, ордунан туруп кетип жатканда бутунан чалып жибердим.Гүпп. Каткырыгыбыз көчөнү жаңыртты...Адаттагыдай үйгө түн бир оокумда бардым...Аялым курсагын чандайтып, аянычтуу абалда күтүп отурган экен, муңдуу үн менен: -Рашид, кайда жүрөсүз, менин дарманым кетип турат. Көз жаруу убактым келип калган окшойт-деди. Ушул сөздөрдү айтканда көзүнөн аккан чолок жаш бетинен ылдый тоголонду... Бечара аялыма көңүл бөлбөй көчөдө, чайканада пайдасыз сөз жарыштырып жүргөнүмө өкүнүп кеттим, тогуз айлык боюнда бар болсо, мен эч ишим жок көчөдө жүрсөм деп өзүмдү өзүм жемеледим. Дароо төрөт үйүнө алып барып жаткырдым.Медсестралардын айтуусунда "бышып калыптыр" , күтүп туруумду өтүнүштү. Бир нече саат күттүм, эч ким чыгып сүйүнчүлөбөдү. Акыры медсестрага телефон номеримди таштап, үйгө кеттим. Бир сааттан кийин телефон чырылдап, төрөт үйүнө чакырышты. Врачтын алдына кирдим. Ал мага Аллахтын тагдыры экен, тагдырга ыраазы болуш керек деген сыяктуу насааттарын айтып : -Уулдуу болдуңуз! Бирок, көзү...сабыр кылыңыз эми деди. Ошол замат базарда шылдыңдаган сокур карыя көзүмө элестей түштү. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду.... Я, Раббим! Эккениңди оросуң дегени ушулбу ? Шордуу аялым ай! Ушундай кайгыны көрүп турса да билдирбегенге тырышат. Тагдырдын жазмышына тан берип , ыраазы болуп жаткан экен. Адамдарды кемсинтип маскара кылганымда мага : „Кишилерди кайбат кылбасаныз жакшы болоор беле“ деп насаат айтчу аялым бул ирет дагы кайраттулугу менен мени таң калтырды. Үйгө келдик. Эми үйдө үчөө болдук. Кичинекей Батыр,апасы жана мен. Чынын айтсам балама эч бир көңүлүм жылыбады. Жадагалса үйдө бар же жок экени мени кызыктырбайт. Көп ыйлай баштаган кезде бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөгө чыгып жатып алчу болдум. Айлар өтүп, чоңое баштады. Бир жашка чыгып, там-туңдап баса баштаганда, бир буту кыска экени билинди. Чолок да экен! Балага болгон мамилем андан бетер сууп кетти. Арадан жылдар өтүп, дагы эки уулдуу болдук: Омар жана Осмон. Жылдар өтө берди. Балдар дагы чоңое берди...Эми мен Батыр жөнүндө таптакыр ойлонбой калдым. Мурунку ыр-күлкү кайрадан өз нугу менен кете баштады. Бирок, аялым менин оңолуп кетишимден үмүт үзбөй, менин кер какшык азилдериме сабыр кылып, ар дайым (көбүнчө өз алдынча калганда) дуба кылаар эле !!! Бирок башка балдарымды эркелетип Батырды четке сүрүп койгонумду көрүп ичинен сызып, билгизбей ыйлап алат курганым. Батыр мектеп жашына жетти. Майыптардын мектебине окууга бердик. Убакыттын өтүшүн анчалык деле байкабайт элем. Күндөрүм коендой окшош таризде – жумуш, уйку, тамак, досторум менен көңүл ачып сайрандоо,эртеси, бүрсүгүнү, кийинкиси... куду ушинтип өтүп жатты. Бир күнү...Жума болчу...саат он бирлерде Бешимге жакын ойгондум. Саат экиде бир жерге тойго барышым керек.Шашылбай жуунуп – таранып, кийинип, жыпар жыттуу атырлардан себинип көчөгө жөнөп калдым. Эшикке жакын калганда Батырдын буулугуп ыйлаганын көрүп көңүлсүз алдына бардым. Көзүнөн куюлган мөлт-мөлт жашы бетин жууп, бөйтөйгөн колдору менен азиз көзүн аарчып үлгүрбөйт! Бул менин ага ымыркай кезинен бери биринчи көңүл буруум эле! Он жыл аралыгында! Бул жолу дагы ички бир шум туйгу карабай кетүүгө үндөдү. Балам болсо, менин бар экенимди билген жок. Муңдуу ый аралаш үн менен „ апаке – ее, кайдасыз! Апаке-е-е кайдасыз! “ – деп ыкылдайт. Батыр, эмнеге ыйлап жатасын ? – деп сурадым. Доошумду угуп ыйлабай калды. Сокур көздөрү коркуудан чоң-чоң ачылды. Жакындаганымды сезгенде, менден өзүн алып качууга далаалат жасады жана айланасын кармалап, кагылып – сүрүлүп бөлмөсүнө житип кетти! Ох!!! Бул өксүктү эч качан унута албасам керек! Анын баскан аракеттери, бөлмөсүндөгү нерселеринин баары тилге кирип: „Он жылдан бери кайда элең!“ – деп айтып жаткандай болду! Артынан акырын басып бөлмөсүнө кирдим. Оболу эмне үчүн ыйлап жатканын айткан жок. Анан...өмүрүмдө биринчи ирет эркелетип,башынан сылап сурадым. Ошондон кийин гана шолоктоп ыйлап, капаланганынын себебин айтып берди. Көрсө, бүгүн аны ар дайым мечитке жетелеп алып барып келүүчү иниси Омар үйдө жок экен. Жума намазы жакындап калгандыктан, биринчи саптан орун алалбай калам деп ыйлап жатканы экен. Батыр ушул арманын айтып улутунуп алды...Сокур көздөрүнөн дагы жаш куюла баштады. Он жаштагы сокур баламдан бул сөздөрүн укканда апкаарып, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду. Батырымдын бетин колум менен сылап, өзүмдү кармай албай, ый аралаш: - Ушул үчүн ыйладыңбы Батырбек ? – дедим. -Ооба, хык... Ошол маалда мен бир нерсени унуттум....досторумду, убада кылынган тойду, баарын...Анан балама кайрылдым: - Батыр уулум, сени мечитке бүгүн ким алып барат билесиңби ? -Омар алып барса керек, хык...бирок кечигип жатат.. -Жо-ок. ..Бүгүн сени мечитке мен алып барамын балам, ме-ен! Батыр айран таң болуп калды. Ишенгиси келген жок. Кантип эле! Башкаларды мазактап, келекелеп жүргөн атасы эми өзүнүн майып перзентин да мазактап жатат деп ойлоду окшойт. Бирок, ниетим чын экенин эптеп билдиргенимден кийин гана мойнума асылып, дагы ыйлап жиберди. Бирок бул Батырдын сүйүнүч жаштары эле. Көздөрүн колум менен аарчып, колунан кармап, машинага отургузууга камынганымда : - Ата, мечит жакын го – мечитке кадамдарымды санап баргым келет-деди. Биз жетелешип алып, жөө жөнөдүк. Мечит адамдарга толо баштаган экен. Ошентсе да, Батыр экөөбүз биринчи саптан орун таба алдык. Жанаша отуруп жума хутпасын уктук, ал менин эмес мен анын жанында намаз окудум. Намаздан кийин Батыр текчеден Кураани Карим алып беришимди суранды. Кызык!!! Көзү азиз болсо кантип окуйт? Укпагандай болуп отура берейин дедим бирок, капа болуп калышынан коркуп, колуна Кураани Каримди карматтым. - „Кахф“сүрөсүн ачып бериңизчи?.. . Ары ачып, бери ачып, таба албай кыйналып, акыры мазмунунан карап араң таап бердим. Кураанды колуман алып, адындагы жапыз столго коюп, азиз көздөрүн жумган бойдон окуй баштады: „Алхамду лиллаах иллазии...“ Оо, Раббим! Оо Жараткан! Уулум Кахф сүрөсүн толук жаттап алган экен! Өзүмөн- өзүм уялып кеттим. Мен дагы колума Кураанды алдым.Ошондо дене боюм титиреп кетти. Уулумдай шатырата албасам да эжелеп окуй бердим...Жасаган күнөөлөрүмдү, акмакчылыктарымды кечиришин Аллахтан суранып...Бир, эки тамчы менен башталган көз жаш, шолоктогон ыйга айланды. Мечиттин ар кайсыл жеринде намаз окуп жаткан адамдардан уялып, ыйымды ичиме жуттум. Ушу бойдон үнсүз ыйлап канча отурганымды билбейм. Бир маалда назик, ичке, алсыз колдор бетимди кармалап таап, селдей агып жаткан көз жашымды аарчый баштады. Бул менин сокур уулумдун колу эле. Уулум! Жүрөгүм толуп - ташып Батырымды кучагыма алдым, боорума узак кысып, ушуларды ойлодум: "Сен сокур эмессин! Чыныгы сокур мен экенмин! Тозокко сүйрөп жаткан бузуку дейдилерге кошулуп алып, суудай ысырап болгон өмүр жолума бир да кылчайып карап койбогон атаң сокур экен!!! " Жетелешип үйгө келдик. ...Ушул күндөн баштап намазды ар дайым мечиттен окуй турган болдум.Эски үлпөттөрүм менен кош айтышып, мечиттен , айылдан жаңы досторду таптым. Мен алар менен жүрүп көп нерселерди үйрөндүм: эч бир намазды калтырбай турган, Кураанды бир айда бир жолу баштан -аяк кайталап (хатм кылып) окуп чыга турган болдум. Үй- бүлөм, бала- чакама болгон илгерки суук мамилем жоголуп, анын ордун мээрбандык, камкордук ээледи. Өмүрлүк жолдошумдун кабагындагы муңдуулук да жоголуп, көңүлү куунак болуп, чырайына чыгып, чыныгы маанисинде он жашка жашарып кеткендей болду. Айрыкча уулум Батырдын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Көргөн адам бул дүйнөдөгү бардык казыналарды таап алган экен деп ойлойт эле......Бир нече күндөрдөн кийин досторум узак мөөнөткө даваатка бара турган болушуп, мага да сунуш кылышты. Батырдын алдына барып, сапарга кетип жатканымды билдирдим. Ал ичке, назик колдору менен мойнума асылып мени менен коштошту.... Сапарыбыз үч жарым айга созулду...Убакыт тапкан мезгилде дароо үйгө телефон чалып, аялым, балдарым менен сүйлөшүп турдум, аларды абдан сагынган элем, айрыкча Батырды...Кызык, качан телефон чалсам Батыр мечитке же мектепке кеткен болот. Аялымдан анын абалын сурасам, менин ага мынчалык байланып калганымды угуп күлүп калаар эле. Анан кайтаардан эки күн мурда телефон чалганымда адаттагы күлкүсүн укканым жок, добушу дагы өзгөргөндөй. .. - Батырга ысык салам айтып кой! - Болуптур, Куда кааласа. Сапар мөөнөтү бүтүп, үйгө жетип келдим. Балдарым, аялыма бир кучак белек-бекчектер менен, андан көбүрөөк сагыныч менен эшикке карап турдум, мына азыр Батыр эшикти кармалап болсо да таап өзү ачат...! Бирок, эшикти Батырым эмес, эми гана төрт жашка чыккан кенже уулум Осмон ачты. Аны көтөрүп алганда "атта...атта" деп бир нерсе айтмакчы болгонун байкап калдым. Батыр кайда?! Жүрөгүмдү бир нерсе мыкчып алгандай болду. "Шайтандын азгырыгынан өзүң асырагын" деген дубаны окуп үйгө кирдим. Эмнегедир аялымдын куунап- жайнаганын да байкабадым. Кабагы салыңкы. Көздөрү дагы муңдуу... - Тынчылыкпы ? Эмне болду сага ? - Эч нерсе... - Батыр кайда ? - ... ... .. - Аялым бул суроомо башын четке буруп, буркурап ыйлоо менен жооп берди. Көңүлүм андан бетер караңгылашып кетти. Ушул мезгилде Осмон келип өзүнүн толук чыга элек чулдур тили менен: "Атта, Батый акам даннатка тетти...Аллага тетти" десе болобу! Турган жеримде селейип калдым! Кулагым тунжурап эч нерсе укпайт! Ким, эмне дегенин укканым жок. Сезимдерим өлүк! Болгону аялымдын бетин басып үйдөн чыгып кеткенин элес- булас байкадым. Кийин билсем, мен кайтаардан эки апта мурда Батыр кокустан безгек менен ооруп, ысытмасы көтөрүлүп кетиптир. Апасы дароо больницага алып барган. Ысытмасы күчөп, өз атасынын мееримине тойбогон бойдон, ичке, назик колдорун апасына сунган бойдон түбөлүк жайга узап кете бериптир... Доктор Сайфуллах Насирхан
2: Кудай айтат:::кимди менден артык корсон аны сенден алып коем,ансыз жашай албайм дебе ансыз деле жашатып коем, мезгил отот колоко берген дарактардын бутактары кургайт,сабыр тугонот, озундон артык суйгонун да бир куну жат болот, эсин жоголот,досун душманына айланат,душманын келип дос болот. Ушундай кызык бир дуйно. Болбойт деген эмнен болсо баары болот, жыгылбайм дейсин жыгыласын, адашпайм дейсин адашасын, эн кызык ушул дуйно болот.Олдум деп мин кайталасан да ажалын келбесе жашайсын. Кайгырасын кубанасын, жашоого тойдум дейсин тойбойсун. Байлыкты бакыт деп ойлойсун байлыка да жетесин андан эч кандай бакыт таппайсын. Жашоо тугонбойт улана берет омурун тугонот. Суйууну бакыт деп ойлойсун суйгонуно жетесин суйуудон да бакыт таппайсын. аракет кылса баары болот дейсин буйрубаса эч нерсе жок. БАКЫТ бул ислам дининде, намазда. Намаз окусан эки дуйнодо тен бактылуусун. Дин менен жашасан намаз окусан журогунду тазартат. Ошондо элге еле эмес магада керек болосун... урматту момун Мусулмандарым бул создорду баары окуш учун ар досуна жибер досум. Иншаллах , صحح مسرحاص اضرهطي اسجةقيعصتدش Бул бакыт дубасы.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 27 Февраль 2015 - 11:13

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   ROZI   02 Март 2015 - 09:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Азирети Умар ибн Хаттаб мындай дейт.
Аллах Тааланын элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи ва саллам,бизге дил маек куруп берип жаткан. Бир убакта кийинген кийими аппак, чачтары капкара, узун жол жургөн адамдай эмес.
Бирок эч кимибиз тааныбаган киши биз олтурган жерге келди.
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи ва салламга келип, маңдайына тизе бугуп олтурду.
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи ва саламга карап.
— Э Мухаммад мага Исламды тушундуруп берчи?— деди.
Аллахтын элчиси.
—Ислам бул Аллахтан башка кудай жок экенине, Мухаммад анын элчиси экенине, Рамазан айында орозо кармооң, зекет берууң, жана кучуң жетсе ажылыка барууң.
Туура айтың деди. Ал адамдын бир жагынан сурап, экинчи жагынан тастыктап жатканы кызык көрунду.
—Ыйман деген эмне?
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи ва салам.
—Ыйман Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет кунунө ишенүү, тагдырга ишенүү, деп жооп берди.
Тиги дагы.
Туура айтың деп тастыктады.
—Ихсан эмне деп сурады?
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва саллам.
—Ихсан бул Аллахты көруп тургандай кулдук кылууң, Сен аны көрбөсөң да, Ал сени көруп турат деди.
Берки чоочун адам туура айттың деп, кийинки суроосун узатты.
—Кыямат кайың качан болот?
Аллахтын элчиси.
—Сураган киши, бул туралуу, сураган адамдан артык билбейт, деп жооп берди.
—Анда анын белгилерин айтып бер деди?
Алланын элчиси.
—Энелер өздөрунө кызматчысындай мамиле кылган балдарды төрөшу, бутунда кепичи жок койчумандар, бийик бийик укмуш имараттарды куруп, бири бири менен атандашуусу деп айтты.
Андан соң берки адам ордунан турду да, жолуна тушту.
Мен бир саамага отурган жеримде катып турдум. Бир аздан кийин Аллахтын элчиси.
—Эй Умар суроо берген бейтааныш ким? билесиңби деп сурады.
—Мен
Аллах жана анын элчиси эң туурасын билет дедим.
АНДА АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ.
—АЛ ЖАБИРЕИЛ БОЛЧУ.
СИЛЕРГЕ ДИНИҢЕРДИ УЙРӨТКӨНУ КЕЛДИ ДЕП АЙТТЫ.
Алла Таалага жана анын элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва салламга салаваттар болсун.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 10422051_372065389663040_9108883348948185174_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 10885471_372065446329701_5913129249115840213_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 10996497_371886099680969_310335233763376808_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11042978_371887196347526_7384035179821611878_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 02 Март 2015 - 09:31

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   ROZI   02 Март 2015 - 09:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Кудайдын бергенине толук каниет кылып,жокко чөкпөй,барга көппөй жашоосун өткөргөн бир момун пенде бар эле.
Ал кожоюнунун кызматын так аткарып,жумуштан тук кечикчу эмес.Кундөрдун биринде ал жумушка абдан кечигип келди.Кожоюн ага эч нерсе айткан жок.Башка иши менен алагды болуп,кечигип калды окшойт деп,кунумдук маянасына бир теңге кошуп койду.Бирок кызматчы буга эч маани берген жок.Эмне учун,маянам бир теңгеге көп деп бир ооз сурап койбогон кызматчысына, кожоюн да ичинен тынып кала берди.
Арадан бир канча кун өткөндө,кызматчы дагы жумушуна кечигип келди.Анын себебин суроого кожоюн даабады.Болгону кечикен учун кунумдук маянасынан бир теңге азайтып койду.Кызматчы буга да маани берген жок.Эмгек акым эмне учун аз деп сурайт го деп куткөн кожоюн, бул жолу да жоопсуз калды.
Акыры кызматчысын өзунө чакырып,кыжаалат болгон суроосун узатты.
—Биринчи жолу кечигип келгениңде, маянаңды көбөйтуп койдум ага ыраазычылык айтпадың.
Экинчи жолу кечиккениңде маянаңды кайра азайттым ага нааразычылыгыңды да билдирбедиң, жок дегенде бир ооз сөз айтып койсоң боло?
Кызматчы башын ийип жылуу жылмайды.
—Кожоюн алгач кечикенимде, Аллах берип аялым төрөду эле,ошого алагды, болуп кечигип калдым.А сиз кошкон бир теңгени ошол ымыркайга Кудайдын берген ырыскысы деп эсептедим.
Экинчи жолу кечиккенде Кудайдын каалоосу экен,карыган энем дуйнө салып кетти,ошол менен болуп жумуштан кеч калдым.А сиз кемитип салган бир теңгени,энемдин өзу менен ала кеткен ырыскысыго деп тушундум деген экен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11045304_371721669697412_992515848428332089_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 02 Март 2015 - 09:34

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   ROZI   02 Март 2015 - 11:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

УКТААРДЫН АЛДЫНДА

Бир куну Пайгамбарыбыз (с.а.в) уйундо Айша энебизге 4 нерсени аткармайынча жатпагын деп айтты да мечитке намаз окуу учун чыгып кетти:
1- Куранды толук хатмы кылмайынча
жатпагын.
2- Кабатулланы таваф кылмайынча
жатпагын.
3-Пайгамбарларды озуно шафаатчы
кылмайынча жатпагын.
4-Мусулмандарды озундон ыраазы
кылмайынча жатпагын.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) намаздан уйно
келгенче, Айша энебиз уктай албастан,
кабатыр болуп кантип эми бул торт нерсени
кыска убакыт ичинде кандай аткарат
экенмин деп катуу ойлонуп отурган кезде
Пайгамбарыбыз (с.а.в) эшиктен кирип келди
да Айша энебизди карап, ээй Айша эмне
болду ойлонуп калыпсын, деп сурады.
Ошондо Айша энебиз сиз мага айабай оор
нерсени жуктоп койдунуз. Ошондуктан эмне
кыларымды билбей, айлам кетип олтурам
деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в) жылмайып
туруп, ээй Айша эгерде ушул амалдарды
аткарган болсон. анда мен айткан 4 амалды
аткарган болосун. деди.
- Эгерде ихлас суросун 3 жолу окуган болсон,
анда Куранды толук хатмы кылган болосун.


"ИХЛАС" суроосу Бисмиллаахир рохмаанир
рохиим "Кулхуваллооху ахад. Аллоохуссомад.
Лам ялид, валам ювлад. Валам якун лаху
куфуван ахад".
Себеби ихлас суросу курандын учтен бирин
тузот.
“Субхааналлахи вал хамду лиллаахи ва лаа
илааха иллаллооху валлааху акбар. Лаа
хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил
ъалийил ъазиим. Маа шаа аллааху каана ва
маа лам яшаъ лам якун".
Деген келмени
айткан болсон. Каабатуллону таваф кылган
болосун.
- Ал эми
“Аллахумма солли ъалаа
Мухаммадин, ва ъалал анбияи вал
мурсалин, ва ъалаа аалихи асхаабихим
ажмаъиин" .
Деп ушул салаватты айткан
болсон„ баардык Пайгамбарлар сага
шафаатчы болот. (кыйамат куну сенин
куноон, учун кечирим сурап, бейишке
киришине себепчи болот) Себеби сен
баардык Пайгамбарларга Алланын
рахматын тартуулап жатасын.
“Аллохумма магфирли вали ваалидайя
валил муьминина явма якуумул хисааб".
Деген дубаны айткан болсон анда
мусулмандар сенден ыраазы болот. Себеби
сен алар учун дуба кылып жана алар учун
Жараткандан кечирим сурап жатасын.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 02 Март 2015 - 11:21

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   ROZI   02 Март 2015 - 15:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Бир кары адам жалгыз уулу менен жашачу экен.
Уулунун байлыктын аркасынан чуркап, байлыка берилгенине атасынын жаны кейичу экен. Баласы атасынын "балам байлык колдун кири,ыйманына бекем бол"-дегенин такыр укчу эмес экен. Атасы алдан тайып,ооруп жатып калат. Ошондо атасы баласына кейип, баласын жанына чакырат.
-"балам менин айткандарыма такыр кулак салбадын, эми жок дегенде менин керезимди угуп,аткарып кой"-деп уулуна 2кат берет экен. Мен коз жумгандан кийин муну оку деп 1кат,ал эми мени жерге коюп келгенден кийин муну оку деп 2-катты берет экен. Ошентип атасы бул дуйно менен кош айтып кетет экен.
Уулу ошондо 1-катты ачса "балам мени жерге берээрде он бутума байпак кийгизип кой"-деп жазылыптыр. Баласы молдого атамдын керезин аткарам десе молдолор болбойт деп аткартпай коюптур. Баласы атасынын керезин аткара албай калат экен.
Жерге берип келгенден кийин 2-катты окуса "кордунбу балам сен бул дуйнодогу байлыгындан акыретке бир байпагынды да алып кете албайсын" -деп жазылган экен. Баласы ошондон барын тушунгон экен. Бардыгыбыз ушуну ойлоно журсок. Бар нерсебизге Аллага мин мертебе шугур кылалы.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11024214_372065506329695_35960303439966010_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 02 Март 2015 - 15:40

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   ROZI   02 Март 2015 - 15:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

СУБХААН АЛЛАХ!

АЛХАМДУЛИЛЛААХИ РОББИЛ ЪААЛАМИИН - Буткул ааламдардын РОББИСИ - АЛЛАХ ТААЛАМА чексиз мактоолор жана шугурлор болсун!

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 997007_1453802974909939_3556533681910874240_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 10422300_1407527786223877_4328613143299139478_n.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   ROZI   03 Март 2015 - 08:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Өзунду бийик сезбе. Бугун бутундун астында оскон чоп, эртен горундун устундо осоорун унутпа.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11034894_372498526286393_3307675713635657338_n.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   ROZI   03 Март 2015 - 09:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Бир жолу Абдуллах Ибн Умар жолдоштору менен Мадинанын четинде бара жатып,эс алуу учун токтошот.Алдыларына жайылган дасторкондун жакын жерде кой багып жургөн койчуну да чакырышат.
Койчу.
—Мен орозомун деп тамактануудан баш тартат.
—Ушундай ысыкта талаада кой кайтарып журуп да орозо кармайсыңбы? — деп таңданат Ибн Умар.
—Кундөрумдун текке кетүүсүнөн корком дейт тиги койчу.
Аны сыноо максатында Ибн Умар.
—Бизге бир койуңду сатпайсыңбы? — деп сурайт.
—Менин коюм жок,булар кожоюндун койлору, —деди койчу.
—Кожоюнуңа карышкыр жеп кетти деп койосуң, бир койду бизге сат, этине өзуң ооз ачасың,—дейт Ибн Умар сыноо максатында.
Койчу аны жылмая карап, колу менен асманды көрсөтуп.
—Аллах Таалага эмне деп айтамын,—дейт.
Ибн Умар анын аманатка ушунчалык бекемдигине ыраазы болот. Мадинага келгенден кийин койчуну жана койлордун баарын кожоюндан сатып алат да, койчуну азат кылат, койлорду ага белек кылып берген экен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 10471182_372660369603542_6276530679271750397_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 03 Март 2015 - 09:02

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   ROZI   03 Март 2015 - 09:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ ТААСИРЛҮҮ ОКУЯ ~

Күндөрдүн биринде кедей турмуш кечирген бир адам халифа Харун Рашидге барат. Халифанын сарайына кирсе, халифа намаз окуп болуп, Жаратканга алакан жайып, дуба кылып жаткан болот. Анда береги адам: "Бирөөгө муктаж болгон адам мага кандай жакшылык кылмак эле. Андан көрө ал суранган Заттан мен да суранайын," -деп артка кайтып кеткен экен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 10313037_1795338184024076_1917628393660351432_n.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   ROZI   03 Март 2015 - 09:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Ауф бин Малик Пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхи ва салламга келип.
Оо Аллахтын элчиси менин уулум Малик сиз менен казатка кеткен боюнча кайра келбеди, эми эмне кылсам болот, аскерлер баары келди деп сурады.
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху слейхи уа саллям.
—Ауф аялың экөөң "ЛАА ХАВЛА ВА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛАХ" деп көбурөөк айткыла деп кеңеш берди.
Ауф уйунө келди, аялы эшик алдынан тосуп алып суроо узатты.
—Аллахтын элчиси эмне деди.
—Экөөбузду "ЛАА ХАВЛА ВА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛАХ" деп көп айтуубузду буйурду.
Аллахтын элчиси Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям чындыкты гана айтат деди аялы суйунуп. Анан экөө олтуруп,
Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям пайгамбардын осуятын аткара башташты. Кун кечтеп караңгы кирди. Экөө зикирин уланта беришти. Бир убакта кимдир бирөө эшикти какты. Анан ата эне чуркап барып эшик ачты да, көргөн көздөрунө ишенбей туруп калышты.
Эшик алдында уулу Малик туруптур.
Ал өзу эле келбестен, бир канча мал жандыктарды айдап келиптир. Ата энеси менен кучакташып сагынычын таркаган Малик, башынан өткөргөнун минтип айтып берди.
Мушриктердин колуна тушкөнумө бир гана кун болду. Буту колумда темир кишен, кутулуу мумкун эмес эле. Канча аракет кылсам да кутулуунун амалын таба албадым.
Бугун кокусунан эле кишендер кеңейип, буту колум батчудай болуп калды. Учурдан пайдаланып бошонуп чыктым да, мушриктердин малын айдап качып жөнөдум. Чынында алар турган жер мындан уч кунчөлук аралыкта болчу. А мен бир эт кайнам убакта , мында келип калдым. Кандайдыр бир нерсенин устундө келе жаткан ылдамда келдим. Өзум да, мал да чарчаган жок.
Эртеси Ауф Пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхи ва салламга кайра барды.
Аны көргөн Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллям Ауфка карап.
"Суйунчу оо Маликтин атасы. Алла Таала сен тууралуу. Ким Аллахка такыва болсо, Аллах анын жолун ачып койот, жана ойлобогон тараптан ырыскы берет. Ким Аллахка тобокел кылса Аллах өзу жетиштүү. Аллах өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир ченеп өлчөп, белгилеп койгон деген аятты тушурду деп суйунчулөду"
МЫНА ТУУГАНДАР АЛЛАХКА КАНЧА ИШЕНИМ КУЧТҮҮ БОЛСО, ЧЫН ЖУРӨКТӨН БОЛСО, АЛЛАХ СӨЗСУЗ БЕРЕТ ЖАНА АТКАРАТ.


Эми жаттап алалы:
"ЛАА ХАВЛА ВА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛАХ"

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 10408152_372654152937497_619882219307044488_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 03 Март 2015 - 09:14

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   ROZI   05 Март 2015 - 08:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛА ТААЛАДАН уялуу.
Бул адамдын озунон-озу уялуусу сыяктуу эле, жалгыз калганда АЛЛАДАН уялып, буйруган нерселерди аткарып, тыюу салган нерселеринен алыс болуу.


Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Аллах Таала пендесине нээмат берген мезгилде, пенде анын Аллахтан экенин моюнуна алса, аны шүкүр кылды деп эсептейт. Эгерде пенде жасаган күнөөсүнө өкүнсө, Аллах аны кечирим сурай элегинде эле кечирет. Эгер пенде көйнөк сатып алып кийгенде Аллахка мактоо айтса, көйнөк тизесине жете элегинде эле Аллах анын күнөөсүн кечирет» - деген. (Табараний).










ЭЙ, КУЛДАРЫМ! МЕН ТОЙГУЗГАНДАРДАН БАШКА БААРЫНАР АЧСЫНАР. АНДЫКТАН, МЕНДЕН ЫРЫСКЫ ДААМ СУРАГЫЛА, СИЛЕРДИ ТОЙГУЗАЙЫН.


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   ROZI   05 Март 2015 - 08:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Аллах Таала мындай деген :
" Кимде-ким саран болсо жана текеберленсе, Бейишти жалган десе, анда Биз анын жолун кыйынчылыкка (карай) багыттап койобуз жана ал Тозокко ыргытылган кезде аны мал-мулку (азаптан) куткара албайт! " (Лайл:8-11)
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   ROZI   05 Март 2015 - 15:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

«Тамагыңарга чымын түшүп кетсе, аны оболу бир жолу батыргандан кийин чыгаргыла! Анткени чымындын бир канатында оору, экинчи канатында ошол оорунун дарысы жана эми бар». (Бухари, Ахмад ибн Ханбал).
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   ROZI   06 Март 2015 - 08:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Суроттор суйлосун анда:

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 20518_373802396156006_1028198010325312346_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 10422406_373802639489315_5978730817885668898_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 10653408_373802856155960_4965633062516161629_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11024605_457489217731823_5977448329729556574_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11025145_373802219489357_6129641386580765810_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11025819_373802556155990_3216662832843019922_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11029540_373802326156013_7562007160803463171_n.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   ROZI   06 Март 2015 - 08:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

2 чи болум

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11036310_373800172822895_5559822862082209790_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11042657_373802759489303_295281165221297584_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11044577_373803019489277_8495870376488641262_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11045483_373803242822588_6814448642103707453_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11057676_373802942822618_483512845958043213_n.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   ROZI   06 Март 2015 - 08:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Эркин тема: Такыба.. Бисмиллах: такуа- Аллахтан коркуу дегени. Бир аалымдан Такуа дегени эмне деп сураганда, Аалым /СЕН БИР ТИКЕНДУУ ЖОЛДО БАСКАНСЫНБЫ? / деген суроо менен суроочуга кайрылат. Суроочу : Ооба, басканмын, бутумду тикен жок жерге коюп, дагы кадам таштарда абайлап бутумду таштар жеримди карап анан кадам шилтейм/ деп жооп берди. Бул жоопту уккан Аалым /ТАКУАЛЫК ДА УШУНДАЙ АЛЛАХТАН КОРКУП ОЗУНДУ КУНООЛОРДОН САКТАП ЖУРГОНУН ТАКЫБАЛЫГЫН / деп жооп берет.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 23:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: