"Ислам жолу" Насаат
#81 06 Март 2015 - 13:05
Абу Зар (разияллооху анху)дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) хадиси кудсиде Алла Тааланын мындай дегенин айтат: "Оо, пенделерим! Мен зулумдук кылууну Өзүмө тыюу салгам. Ошондой эле силердин бири-бириңерге зулумдук кылууңарга тыюу салам. Андыктан, бири-бириңерге такыр зулумдук кылбагыла. Оо, пенделерим! Силердин баарыңар адашуудасыңар, бирок, Мен түз жолго салган киши гана туура жолдо болот. Андыктан, Менден түз жолду сурагыла, Мен силерди түз жолго салам. Оо, пенделерим! Силердин баарыңар ачкасыңар, бирок, Мен ырыскы берген киши гана ток болот. Андыктан, Менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы берем. Оо, пенделерим! Силердин баарыңар жылаңачсыңар, бирок, Мен кийиндирген киши гана кийимчен болот. Андыктан, Менден кийим сурагыла, Мен силерге кийим берем. Оо, пенделерим! Силер күнөөнү күнү-түнү кыласыңар, Мен баардык күнөөлөрдү Кечирүүчүмүн. Андыктан, Менден кечирим сурагыла, Мен силерди кечиремин. Оо, пенделерим! Эгер Мага зыян жеткирүүнү кааласаңар, аны эч качан кыла албайсыңар. Оо, пенделерим! Эгер Мага пайда алып келүүнү кааласаңар, аны да эч качан кыла албайсыңар. Оо, пенделерим! Эгер, силердин оболкуңар менен эң акыркыңар, бардык инсандар менен жиндер, айтор бүт баарыңар Менден өтө катуу корккон, такыба кишинин деңгээлинде болсоңор да, Менин падышачылыгымды кыпындай да байыта албайсыңар. Оо, пенделерим! Эгер, силердин оболкуңар менен эң акыркыңар, бардык инсандар менен жиндер, айтор бүт баарыңар аябай күнөөкөр кишинин деңгээлинде болсоңор да, Менин падышачылыгымды кыпындай да кемите албайсыңар. Оо, пенделерим! Эгер, силердин оболкуңар менен эң акыркыңар, бардык инсандар менен жиндер, айтор бүт баарыңар чөлгө чыгып, каалаган нерселериңерди сурасаңар. Ар бириңерге сураган нерселериңердин баарын берсем да, деңизге ийнени салып, кайра алганда деңизден эч нерсе кемибеген сымал, Менин дагы казынамдан эч нерсе кемибейт. Оо, пенделерим! Силердин амалыңар гана, акыйкатта, Менин алдымда эсепке алынат (сакталат), андан соң алардын сообун берем. Андыктан, ким жакшы амал жасоого мүмкүнчүлүк тапса, Аллага мактоо айтсын. Ал эми ким башка нерсени тапса, эч кимди күнөөлөбөй, өзүн-өзү гана жемелесин" -деди. (Себеби, күнөө жасоо напсинин талабына карата болот)".
(Муслим).
#82 06 Март 2015 - 13:25
Ля илааха иллалах мухаммаду расул аллах.
#83 07 Март 2015 - 16:52
#85 13 Март 2015 - 00:01
#86 19 Март 2015 - 14:43
Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир адам келип, насаат айтуусун суранганда, ал үч жолу "ачууланба" деп айткан. Анткени, ачуулануу адамды ар кандай жаман иштерге түртүүсү мүмкүн. Үй-бүлөөнүн бузулуусу 85 пайыз күйөөнүн, же аялдын ачууга алдыргандыгынан улам болот экен. Ата менен баланын, бир туугандардын жана жоро-жолдоштордун ортосундагы келишпестиктердин башаты да ачууга алдыруунун айынан болору аныкталган. Ал эмес ачуунун айынан адамдар бири-бирин өлтүрүүгө да барышат. Ачуу келген учурда адамдын каны кызып, кан айлануу ылдамдай баштайт. Натыйжада, адамдын көзү, бети кызарып, кан тамырлары көөп чыгат. Адабий китептерде "Баланчанын жини келип, көзүнөн от чачырап чыкты" деген сыяктуу саптарды көп кездештиребиз. Демек, "жини келди" деген сөз - кан кызып, адам өзүн токтото албай калган учурга айтылат. Мындай учурларга күбө болгондо, пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
"Жин-шайтан силердин каныңар менен кошо айланат" деген сөзүн эстеп, анын чыныгы Аллахтын аяны менен гана сүйлөөчү пайгамбар экенине дагы бир жолу ынанабыз.
Адамдын ачуусу келген учурда үнү катуулай баштайт. Ачуу күчөгөн сайын, анын кыйкырыгы да күчөй берет. Анткени, адамдар бири-бирине ачууланган мезгилде, алардын жүрөгү алыстай баштайт да, ага жеткирүү үчүн катуу кыйкырууга туура келет. Ачуу күчөгөн сайын жүрөк алыстай берет, жүрөк алыстаган сайын үн көтөрүлө берет. Ал эми тескерисинче, адамдар бири-бирин жакшы көрүшсө, жүрөктөрү жакындай баштайт. Жүрөк жакындаган сайын алар акырын сүйлөшүп, жакшы көрүү сезими абдан күчөгөн учурда шыбырашып калышат. Ал эмес бири-бирин абдан жакшы көргөн эки адам шыбырашууга да муктаж болбостон, жөн гана көз карашы менен сүйлөшүп калган учурлар да болот. Демек, бирөөнү жакшы көрүү да, жаман көрүү да, жүрөктүн иши болгондуктан, бул иштер адамдын ыйманына көз каранды болот. Ошондуктан пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аларды ыйманга байланыштырып:
"Силер бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар" - деген.
Ачууну басуу үчүн илимде да, элдик адатта да муздак сууну колдонушат. Ачууланган, же мас болуп калган адамдардын башына бир чака муздак сууну куя салуу менен аны соолуктурууга болорун көрүп жүрөбүз. Ошондой эле ачууланган адамды тынчтандыруу үчүн сот залында, ж.б. жайларда стол үстүнө бир стакан муздак сууну коюп коюшат. Бул туурасында мындан он төрт кылым мурда эле пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Шайтан силердин каныңар менен айланат. Кимдин ачуусу келсе, даарат алсын. Анткени, шайтан оттон жаралаган, отту суу өчүрөт" - деп айткан. Ошондой эле ачууну басуунун дагы бир жолу туурасында, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан:
"Ким ачуусу келген учурда турган болсо, анда отурсун.
Ким отурган болсо, жатып алсын". Чындыгында ачуу келген мезгилде адам өйдөлөй баштайт. Отурган болсо тура калат. Ал эми бул амалдардын тескерисин жасоо менен шайтандын белин сындырууга болот. Эч ким, жатып алып урушуп жаткан эки адамды көргөн эмес.
#87 19 Март 2015 - 14:47
Биз ата-энелерге перзенттер кандай урмат кылышы керек туурасында өтө көп айттык. Бирок ошол эле учурда ата-эне дагы перзенттерине эмне кылуусу керектиги туурасында көптөгөн окуялар көптөгөн хадистер көптөгөн сөздөр бар. Мына ошол сөздөргө ин шаа Аллах кулак салабыз.
كَانَ سُفْيَانُ الثَّوْرِيُّ , يَقُولُ : حَقُّ الْوَلَدِ عَلَى الْوَالِدِ أَنْ يُحْسِنَ اسْمَهُ ، وَأَنْ يُزَوِّجَهُ إِذَا بَلَغَ ، وَأَنْ يُحْسِنَ أَدَبَهُ
Азирети Суфян Ас - Саврий (рохимаху Аллахи Таала анху ) айтат: “Перзенттин ата-энедеги акысы: анын атын жакшы коюсу, көркөм жакшы ат тандап коюсу, балагатка жеткенде үйлөндүүрүсү жана анын адеп-ахлагын көркөм бир адеп-ахлак кылууга аракет кылуу” – деди.
Мына ушул риваятта перзенттин ата-энедеги акылары туурасындагы акылардан үчөөсү зикр кылынган.
Биринчиси: Ата-эне өзүнүн баласынын, кызынын, перзентинин атын өтө кооз көркөм жана мусулманча кылып коюусу керек. Айрыкча биздин кыргыздарда ат койгондо өтө аша-чаап кеткен учурлар кездешип калат. Ээрчиме эл болуп ошол ээрчимелигибиз ат койгондо дагы калбайт. Мисалы үчүн Итибай, Күчүкбай, Тешебай деген аттарды дагы коюшат. “Эмне минтиң?” – десең, “Эптеп ошол тешедей болуп адамдарга жарап жүргөн болсо ошол болот. Итибай, Күчүкбай ошондой күчүктүн баласындай жүрсө деле болот” – дешет. Айтор ушуга окшогон аттарды коюшат. Ат койгондо адам өтө бийик маанилерди ойлонуп жакшы адамдардын, пайгамбарлардын атынан коюсу керек болот. “Эптеп эле болсо болду. Эл арасында жүрсө болду” - деп эмес, жогорку деңгээлди алыш керек. Ал эмес биздин элибизде туура эмес түшүнүк бар. Чоң аттарды койсо, атты көтөрө албай калды деп туура эмес түшүнүктү айтышат. Атты көтөрө албай калды деген сөз жок! Ал туура эмес түшүнүк. Көтөрөт! Аттын баардыгы жакшы. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям: “Пайгамбарларынын аттарынан койгула. Ошондой эле Абдурахман, Абдулла деп койгула”- деген. Жакшы аттар бар. Демек ата-эне ат тандаш керек. Анан кээде ат койгондо мусулманча эмес аттарды коюп, мисалы үчүн Марсель деп коёт. Башка деп коюп алышат. Эми ошол дин суздап турган убакта коюлуп калган аттар. Айтор ата-эне баласына атты тандап эң жакшы мааниси бар, эң бир көркөм, бала уялбай турган деңгээлдеги аттар коюлуусу кажет.
Экинчиси: Перзент балагатка жеткенде аны үйлөп коюуу керек. Эгерде кыз бала болсо турмушка чыгарып, эгерде уул бала болсо аны үйлөө ата-эненин мойнундагы милдети болуп эсептелет.
Андан кийинкиси: Ошол перзентине ата-энеси адеп бериш керек. Аллах Таала ырыскыны камсыз кылган. Биз адеп берүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан балдардын адебин жакшылап бере турган болсок ин шаа Аллах балдарыбыз жаман жакка кетпейт.
عَنْ أَبِي الْمُعْتَمِرِ ، قَالَ : تَذَاكَرُوا عِنْدَ عُمَرَ بْنِ عَبْدِ الْعَزِيزِ ، فَقَالَ رَجُلٌ : بَلَغَنِي أَنَّ الْمَوْلُودَ إِذَا مَاتَ وَلَمْ يُسَمَّ يَقُولُ لأَبِيهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ تَرَكْتَنِي وَلا اسْمَ لِي
Азирети Абу аль-Муътабирден риваят кылынат: Умар ибн Абдулазиздин алдында чогулулушуп отурат эле. Ошол жерде көп сөздөрдү айтышты. Ошол жерде бир адам айтты мага кабар жетти (Пайгамбарыбыздан же сахабалардан). Бир сөз уктум дейт. Ат коюлбай туруп өлүп калган бала Кыямат күнү атасына “мени ысымсыз, атсыз калтырдың” - деп айтат деди. Демек төрөлгөн балага жакшы ат коюу атанын милдети болот. Маани бербей коюп, ага көңүл бурбай коюп, ат коюлбай калат. Эгерде жаңы туулган балада жандын бар экендиги билинсе, жандын бар экендиги сезилсе, ага дароо ат коюш керек. Атасы мына ушул аталык милдетин аткарууга шашылыш керек. Кудай сактасын бирок төрөлгөн баланын аты коюлуш керек болуп туруп, атсыз өлүп калып, андан кийин атсыз көмүлүп калган болсо, Кыямат күнүндө: “Мен туулганда жаным бар эле! Мага ат коюшуң керек эле! Мени аты жок калтырдың! ” - деп ошол бала доогер болот. Ошондуктан эгерде бала төрөлгөндө, төрөлүп эле үн чыгып өлө турган болсо ага ат коюлуп, андан кийин кадимкидей ошол баланы көмгөнгө туура келет. Ата-эне баланы багуусу, жедирип-ичиндирүүсү, кийиндирүүсү, жууп-тароосу, аны тазалоосу милдет болот. Жаңы төрөлгөн бала төрөлүп эле өлүп кала турган болсо “Эмне үчүн мага ат койгон жоксуң?” - деп доогер боло турган болсо, албетте мындан башка дагы өзүнүн укуктарына ал доогер болуп талап кылат. Перзенттин укуктары жөнүндө кээ бир маалыматтарды бере турган болсок Ислам динибизде перзенттин укуктары өтө камкордукка алынган. Ата-эне же алардын туугандары, ошол жердеги коомчулук ошол балдарды тарбиялоого милдеттүү болуп эсептелет. Балдардын тарбиясын, балдардын укуктарын берүү үчүн азыркы учурда ар кандай НПОлор, ар кандай коомдор, уюмдар балдардын укугу дейт. Бирок динибизде айтылгандай балдардык укугу эч бир жерде корголгон дагы, козголгон дагы эмес.
Ошол балдардын укуктарынын биринчиси балдардын тегин сактоо. Тек нике менен сакталат. Ошон үчүн никеси жок, көрүнгөнгө кошулуп отуруп, анан бир күн анданбы же мынданбы белгисиз болуп, теги белгисиз болуп төрөлүп кала турган болсо бул жакшы эмес иш. Никенин негизги максаттарынын бири мына ушул - текти сактоо. Үй-бүлө дагы, коом дагы мунсуз болбойт. Ошон үчүн перзент ата-энесинин никеси болуп, никеден кийин никелүү болуп төрөлгөнгө укуктуу. Ошол укукту алып берип койбошубуз керек.
Андан кийинки балдардын укуктарынын бири боло турган перзентке ылайык болгон ата жана энени тандоо. Бул, эгерде адам эркек болсо өзүнүн келечектеги балдарынын энесин тандоого өтө аракет көрүү керек. Таза, жаман жолдо жүрбөгөн, жакшы тарбия алган, адептүү адамга үйлөнүп, ошол баласынын энесин туура тапканга эркек милдеттүү болот. Ошондой эле аял заты дагы келечектеги балдарынын атасын тапканга аракет кылыш керек. Көрүнгөнгө эмес, ата боло турган, балдары атам деп сыймыктана турган адамга турмушка чыккандын аракетинде болуу керек. Ал үчүн аракет кылыш керек. “Болсо беш болбосо он беш” - деп күйөөгө тийип кетип калбастан, аракетин көрүш керек. Азирети Айша радыя Аллаху Таала анха айтат: “Силер өзүңөрдүн урук тууганыңарга, уругуңарга ылайык болгон үй-бүлөнү тандагыла. Өзүңөргө ылайык болгон адамга үйлөнүп, келечекте балдарыңар: “Эмне үчүн менин энем ушул болуп калды же менин атам ушул болуп калды?” - деп өкүнбөй турган таризди кармагыла”. Имам Ибн Маажа, имам Даарукутний мына ушундай риваят кылышат.
Андан кийинки перзенттин укуктарынын бири эмизүү болуп эсептелет. Төрөлгөн бала эмизилүүгө муктаж. Бул эненин милдети. Кайсы бир шарий үзүр себеп менен эне эмизе албай калса, анда эмизүүчүнү табып, аны ыраазы кылуу атанын милдети болуп эсептелет. Аллах Таала Бакара сүрөсүндө: “Ким эмизгенди мукаммал кылып, толуктаганды кааласа, энелер перзенттерин толук эки жыл эмизсин” – дейт. Перзеттерди эки жыл эмизүү - перзенттин акысы. Эгерде андан мурда эмизбей коё турган болсо, энеси же атасы күнөөңкөр болот. Анткени перзеттин укугун тебелеген болуп эсептелет. Эгерде перзенттер энесинин сүтүн иче турган болсо анын денеси же анын руханий өсүшүнө дагы ошол өтө жардам берет. Эненин сүтү менен баланын сөөктөрү катып, эненин сүтү менен баланын башка тараптары да өсүп-өөрчүйт. Эки жыл деп Кураани Каримде айтылды. Бирок акыйкаттан адашып кеткен инсаният 1400 жылдан кийин ошону түшүнүп жетти. Азыркы илимий текшерүүлөрдөн кийин жаш балага эң жакшы азык эненин сүтү жана толук эки жыл эмизгенде бала толук ошондон жакшы пайда алат деген маанини азыр айтып турушат. А мындан 1400 жыл мурда Кураану Каримде ушундай маани келген.
Ошондой эле баланын ата-энесиндеги акыларынын бири балага ылайык көркөм жакшы ат-ысым тандоо. Ар бир адам өзүнүн ысымдары менен сыймыктанат. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям : “Аттардын ысымдардын эң жакшысы анын пенделик жана мактоону билдирип тура турган ысымдар” - деп айтты. Ошон үчүн Абдуллах, Абдуррахман, Абдуссаттаар деген аттарды койсо Аллах Тааланын пендеси деген маанини туюндурат. Андан сыркары Хамидуллох Аллах Таалага мактоолор болсун деген ат же болбосо ошол сыяктуу пайгамбарлардын аттары же сахабалардын аттары же мурдагы өткөн азиздерибиздин аттарын коё турган болсок, булар жакшы аттар болуп эсептелет. Ошондой эле кыздарыбызга дагы илгери өткөн ыймандуу, илгери өткөн энекелерибиздин, сахаба аялдардын аттарын коюп жана жакшы аттарды коё турган болсок албетте бул нерсе жакшы болот.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Март 2015 - 15:02
#88 19 Март 2015 - 14:59
"Шайтан Бисмиллах айтылбаган тамакты өзүнө халал деп көрөт.” [Муслим]
"Шайтандан коргонуу үчүн үйгө кирип баратканда салам бергиле жана тамакты Бисмиллахты айтып жегиле!” [Табарани]
"Үйдөн чыгып баратканда "Бисмиллахи таваккалту алаллах, ла хавла ва ла куввата илла биллах” деп айткан адам коркунучтардан коргонот жана шайтан ал адамдан алыстайт.” [Тирмизи]
"Эй, Расулуллах! Канча көп жесек дагы тойбой жатабыз, тамагыбыздын берекеси болбой жатат”, - деп айтышты. Расулуллах: "Тамакты өзүнчө бөлөк жебей бирге жеп, Бисмиллах айтылса берекелүү болот.” – деп жооп берди. (Ибни Мажа)
Расулуллах саЛлоЛлоху 'алайхи саЛлям хазреттери Бисмиллахты айтып, сууну үч дем менен иччү, ичип бүткөндө Алхамдулиллах дечү. (И. Сүнни)
#89 19 Март 2015 - 15:05
менен чогуу болгум келет. Үйүмө барганда сени сагынгандыгыман кайра эле сага келип жатам.
Эртең эле сен дагы мен дагы өлөбүз, мен
бейишке кирсем деле экөөбүздүн ортобуз алыс
болот. Анткени, сен башка пайгамбарлар менен
жогорку жакта болосуң, ушуну ойлоп, санаа
тартып, убайым тартуудамын” дейт. Аллахтын
элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) ал адамга эч нерсе дебейт. Бирок
кийин төмөндөгү аят келип түшкөн: “Ким
Аллахка жана Анын элчисине баш ийсе, анда
алар Аллах өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн
пайгамбарлар, чынчылдар, шейит болгондор
жана салих адамдар менен бирге болушат.
Алар эн сонун шериктер”.
(Ниса сүрөсү, 69-аят).
Бул аят түшкөндөн кийин Аллахтын элчиси
(саллаллаху алейхи ва саллам) ал сахабага “Пенде жакшы көргөн адамы
менен чогуу болот” деген сүйүнчү кабарды
айткан. Абу Хурайра да: “Сахабаларды бул
хадистей эч нерсе бактылуу кыла алган эмес”
деп айткан.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Март 2015 - 15:08
#90 19 Март 2015 - 15:14
«Күндөрдүн биринде өзүн өзү куткарып алууга кожоюну менен келишим түзгөн бир кул адам Али ибну Абу Талиб, радыяллаху анхуга, келип: «Мен келишим түзгөн өлчөмдөгү акчаны төлөй албай жатамын, мага жардам бер»,– дейт. Ошондо Али, радыяллаху анху, айтты: «Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мага үйрөткөн сөздөрдү сага да үйрөтөйүнбү – эгерде Сир тоосундай карызың болсо да (бул дуаны айтсаң), Алла Таала сени карызыңдан кутултат. Мындай деп айткын:
“О, Алла! Мага адал (ырыскы) берип Өзүң арам кылган (иштерден) сакта жана мени Өз фазилетиң менен Өзүңдөн башкаларга муктаж кылба”. (Имам ат-Тирмизи)
“Аллахумма- кфини би-халялика аън харамик уа агънини би-фадлика аъмман сиваак”.
#91 25 Март 2015 - 13:04
Бир жолу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху аллейхи ва саллам) Меккеге келе жаткан жолдо картайып калган кемпирди көрүп, анын колундагы жүгүн алып Меккеге чейин көтөрүп келет. Ушунчалык алыс жолдо жардам бергендиги үчүн ага кандай ыраазылыгын билгизерин билбеген кемпир:
- Менин сага бере турган эч нерсем жок эле. Бирок, сен сыяктуу жакшы адамды куру кол калтыруу мен үчүн уят. Ошондуктан, сага бир осуят айтайын сен аны ушул эмгегиңдин акысы катары кабыл алып, ар дайым эсиңде сактап жүр – дейт да, сөзүн андан ары улап:
- Меккеде өзүн пайгамбар атап Мухаммад деген бир жалганчы чыгыптыр. Ал ата-бабабыздын дининен кайтарып, атаны балага, тууганды тууганга душман кылат экен. Сен ошол жалганчыдан алысыраак жүрө көр – деп осуятын айтат. Кемпирдин сөзүн унчукпастан угуп турган Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жылмайып:
- Энеке, ошол сиз жалганчы деген Мухаммад сиздин алдыңызда турат - деди. Кемпир өзүн оңтойсуз сезип:
«Эгер сен чын эле ошол Мухаммад болсоң, анда мен күбөлүк беремин бир Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу зат жок, сен Анын элчисисиң» деп динге кирет.
#92 27 Март 2015 - 09:24
Кундордун эн жакшысы жума кунунуздорду АЛЛАХ ТААЛАМ тынчтыкка жана берекеге болосун!
Бул маалыматты интернет баркачасынан окуп, сиздер менен болушууну туура кордум.
КАРАҢГЫДА МЕЧИТКЕ КАТТАГАНДАРГА АЛЛАХТАН СҮЙҮНЧҮ КАБАР
Кыяматта багымдат намазы адамга нур болот. Ал күндө азыркыдай жаркыраган Күн, жарык чачкан Ай, жайнаган жылдыз болбойт. Бүткүл Ааламды караңгылык каптайт. Көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта адамдар кайрадан тирилет. Чартарапты каптаган караңгылыктан адам көз алдында турган нерсени да көралбайт. Бардык адамдарды жаналекетке салган мына ошол азаптуу күндө ар бир адам жарыкка муктаж. Айрыкча Сырат көпүрөсүнөн өткөн кезде өтө муктаж. Анткени бир эле туура эмес кадам таштасаң, астыңдагы алоолонгон Тозокко кулайсың. Сырат көпүрөсүнөн Аллах каалаган пенделери гана аман өтөт. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сыраттан өткөн адамдардын абалын сыпаттап мындай деп айтты:
«... Аларга берилген нурларынын (өлчөмү) кылган иш-аракеттерине жараша болот. Кээ бирине алдынан (жаркыраган) тоодой нур берилет, кээ биринин нуру андан кичине болот. Кээ бирине оң тарабында (жаркыраган) курма дарагындай нур берилет, кээ биринин оң тарап нуру андан кичине болот. Ошентип эң акыркы адамдын нуру бутунун бармагындай болуп, ал бирде жаркыраса, бирде өчөт. Эгерде (нуру) жаркыраса басат, өчсө (жылбай) туруп калат. Баарысы Сырат (көпүрөсүнөн) өтүшөт. Сырат (көпүрөсү) – кылычтын мизиндей курч, тайгак жана сыйгалак. Ошондо аларга: «Нуруңарга жараша (Сыраттан) өткүлө»,– деп айтылат. Кээ бири учкан жылдыздай (ылдамдыкта) өтсө, кээ бири куюндай тез өтөт. Кээ бири көз ирмемде өтсө, кээ бири жөө чуркап өтөт. (Сыраттан) өтүү – алардын кылган иш-аракеттерине жараша болот». (Хаким “Мустадрак”)
Аллах Таала Кыяматта ыймандууларга нур берет. Алардын нурлары бул жашоодо кылган иш-аракеттерине жараша болот. Бирок Сырат көпүрөсүнө келгенде мунафыктардын нуру өчүп, чыныгы ыймандуулардын гана нуру калат.
Эмне себептен ыймандуулардын нуру өчпөйт? Анткени алар бул дүйнөдө Аллах нур берем деп убада кылган иш-аракеттерди кылышкан. Мына ошол иш-аракеттердин бири – багымдат намазын жаамат менен мечитте окуу. Ал эми мунафыктар тилдери менен ыйман келтирип, жүрөктөрүндө Аллахка куфурлук кылышканы себептүү нурлары өчтү.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын сүйүнчү кабарын жеткирип мындай деп айтты:
«Караңгыда мечиттерге дайым каттаган адамдарга сүйүнчүлөгүн, Кыяматта аларга толук нур берилет». (Тирмизи)
«Чындыгында, Аллах Таала караңгыда мечиттерге барган адамдарга Кыямат Күнү жаркыраган нур берет». (Табарани “аль-Аусат)
Демек, кимде-ким караңгыда окулган куптан менен багымдатты жамаат менен мечитте окуса, анда ага Аллах Таала Кыяматта жаркыраган нур берет. Анткени ал мечиттин алыстыгына, эшиктин караңгылыгына карабастан Аллах үчүн мечитке барды. Ошол себептен Аллах Таала Кыямат караңгылыгында ага сыйлык катары нур берди. Бул нур ал адамды Бейишке киргенге чейин коштоп жүрөт. Оо, Аллах! Бизге бул дүйнөдө да, кабырда да, Кыяматта да нур бер!
Ошондой эле Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнө алардын жашоосун, кабырын нурланткан жана Акыретте Бейишке карай жолду жарык кылган нурду Аллахтан кантип суроону үйрөттү. Бул дубаны Пайгамбарыбыз мечитке баратканда дайым айтчу:
«Оо, Аллах! Менин жүрөгүмө нур бер, көзүмө нур бер, кулагыма нур бер; оң тарабымдан нур бер, сол тарабымдан нур бер, үстүмдөн нур бер, астымдан нур бер, алдымдан нур бер, артымдан нур бер! (Оо, Аллах!) Мага нур бер». (Сахих аль-Бухари; Сахих Муслим)
«Аллахумма- джъаль фи қольби нуурон, уа фи басари нуурон, уа фи самъи нуурон, уа аън йямиини нуурон, уа аън йясаари нуурон, уа фауқыи нуурон, уа тахти нуурон, уа амаами нуурон, уа ҳальфи нуурон, уа-джъаль ли нуурон».
ЭЛЕСТЕТ...
Кыямат башталды. Чечүүчү Сурак Күн келди. Бул күндүн кандай экендигин билесиңби?
Бул күн – адамдар кыпындай да соопко зар болгон күн. Бул күндөгү коркунучту сөз менен айтып бүткүс күн. Ата-эне өз баласынан безген күн. Азаптан кутулуш үчүн жанындай көргөн адамын садага чаап жибере турган күн. Коркунучунан жаш наристенин чачы агарган күн. Бүгүн сенин тагдырың чечиле турган күн.
Адамдар баары бир тегиз тирилди. Арасында сен да барсың. Көзүңдү ачсаң эч нерсе көрүнбөйт. Айлана капкараңгы. Айгайлаган ызы-чуу, жаналекетке салган чуру-чуу кулак тундурат. Азаптуу үндөр, жан чыдасыз кыйкырыктар гана угулат. Кайда бурулба, кудайлаган адам. Эми эмне болот деп өкүргөн адам. Жашоомдо жаңылдым деп өкүнгөн адам. Жаным аман калсын деп жандалбастаган адам. “Неге мени эскертпедиң? ” деп бири-бирине жалаа жапкан адам. Караңгылыкта жол издеп кайсалактаган адам. Аттиң, топуракка айланып жок болуп кетсемчи деп жер чапчыган адам. Азаптан кутулуулун жолун издеп жанталашкан адам. Кайда качып кутулат? Бүгүн сурактан качып кутулуу мүмкүн эмес! Жашооңдо Кудайдан качсаң да, бүгүн эч жакка качып кутулбайсың!
Кыямат башталды! Кыяматың башталды!
Бир маалда адамдардын арасынан кээ бирлеринин жүздөрү четинен жаркырай баштады. Баары эмес, саналуу гана адамдар. Балким менин да жүзүм жаркырайт деп үмүт кылгандар андан көп. Жүзү жаркыраган адамдардын сүйүнүчүндө чек жок. Сага да жакындап калды. Саналуу гана адам калды. Кудайга ичиңден “Мага да нур бере көр” деп жалынып, жалбарып жатасың. Сенин да кезегиң жакындап калды. Жаныңда тургандардан эч кимисинин жүзү жаркырабады. Мына сен күткөн учур да келип жетти. Сага нур...
Кандай ойлойсуң, сага нур берилеби? Сен бул жашоодо Кыяматтагы нурга татыктуу эмне иш кылдың? Эртеңки Кыяматка бүгүн кандай даярдык көрдүң? Бул суроолорду өзүңдөн сурачы?
Мусулман бир тууганым! Кыяматка бүгүнтөн даярдан, эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Бүгүнкү берилген мүмкүнчүлүк эртең болбой калышы мүмкүн. Анткени мындай мүмкүнчүлүк бир эле жолу берилет, аны колдон чыгарба!
ИсламОнлайнKG
#93 30 Март 2015 - 00:47
Бейиште "Үр" кыздар бар дейт. "Алардын бармагынын учу бул жалган дүйнөгө көрүнө турган болсо, күндүн нуру тартылып кетмек. Ал эми бир тамчы шилекейи деңизге түшө турган болсо, деңиз толугу менен эң таттуу балга айланып кетмек" деп айтылат.
Эми бул жалгандагы аял заты 3 эле нерсеге бекем амал кылса, алардын даражасы "Үр" кыздардан алда канча бийик болот делинет.
Аял:
1. беш убак намаз окуса, орозо кармаса.
2. өзүнүн уяттуу жерин сактаса.
3. күйөөсүнө баш ийсе, ал бейиштин каалаган эшигине кирет жана "Үр" кыздар ал аялдын нурунун алдында көрүнбөй калат.
Ыйманга бекем 1 аялдын даражасы 70 "Сыддык" (чынчыл, ишеничтүү, ар тараптан үлгүлүү) эркектен бийик болот. Сыддык деген ысымга Ислам тарыхында Абу Бакр ас-Сыддык разияллоху анху ээ болгон. Абу Бакрдын разияллох .анхү. даражасы Пайгамбарлардан кийинки орунда турат.
Аял киши:
Кыз кезинде - атасынын бейишке киришине себепкер болот.
Жар кезинде - күйөөсүнүн жарым ыйманынын ээси болот.
Эне кезинде - бейиш таманынын астында калат..
Мындан бийик аял кишиге даража берген ким бар???
АЯЛ КИШИНИН БАРКЫН ИСЛАМ ГАНА БИЙИК ТУТАТ..

#94 01 Апрель 2015 - 10:16
Тагдырга ишенүү төрт бөлүктөн турат:
1. Аллах Таала боло турган нерселер жөнүндө жана Өзү жарата турган макулуктар жөнүндө аларды жаратуудан алдын эле билген. Алардын ырыскысын, өмүрүн, иш-аракеттерин, алардын Бейишке же Тозокко кирүүсүн алдын ала билген.
Аллах Таала Куранда: “Ал – Аллах, Андан башка илах жок, Ал гана бар, (Ал) кайыпты да, аныкты да билүүчү” – деп айткан. (
Хашр, 22-аят).
Дагы бир аятта: “Чындыгында, Аллах баардык нерсени илими менен камтып турат” – деп айткан.
(Талак, 12-аят).
2. Булардын баары алдын-ала жазылып коюлган. Аллах Таала калемге буйрук берип, Лавхул Махфузга боло турган нерселерди алдын ала жаздырып койгон. Бул туурасында Аллах Таала: “Жерге жана өзүңөргө эмне жамандык жетсе, ал жаратардан алдын китепте жазылган” – деп айткан. (Хадид, 22-аят).
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Аллах Таала асман менен жерди жаратуудан элүү миң жыл мурда адамдардын тагдырын жазып койгон” – деп айткан. (Муслим).
3. Баардык нерсе Аллахтын эрки боюнча болот башкача.айтканда, ал эмнени кааласа болот, эмнени каалабаса болбойт. Аллах Таала: “Эгер Аллах каалабаса, (силер) каалабайсыңар” – деп айткан.
(Инсан, 30-аят).
Дагы бир аятта: “Аллах эмнени кааласа кылат” – деп айткан.
(Ибрахим, 27-аят).
4. Аллах Таала баардык нерсенин жаратуучусу, Андан башкалардын баары жаратылган. Аллах Таала: “Аллах баардык нерселердин Жаратуучусу” – деп айткан. (Раад, 16-аят). Экинчи бир аятта: “Аллах баардык нерсени жаратып, аларды белгилеп өлчөп койгон” - деп айткан.
(Фуркан, 2-аят).
Аллах Таала пенделердин жакшы жана жаман иш-аракеттеринин Жаратуучусу. Аллах Таала пенделерине кайсы бир амалдарды аткарууга буйрук берди жана кайсы бир амалдарды аткаруудан тыйды. Ошону менен бирге аларга амалдарды аткарууда эркиндик берди жана алардын мүмкүнчүлүгү жана каалосу менен аткарылып жаткан амалдарына эч мажбур кылбайт. Ошондуктан пенде Аллахтын буйруктарын аткаруудан баш тартып, аны тагдырга шылтоого болбойт. Аллах Таала: “Ким кааласа Роббусу тарапка кайта турган жолду тандасын” – деп айткан. (Наба, 39-аят). Ал эми жөндөмдүүлүк тууралуу: “Аллах инсанды колунан келген ишке гана буйруйт, кылган жакшылыгы да, жамандыгы да өзү үчүн” – деп айткан. (Бакара, 286-аят). Дагы бир аятта: «Аллахтан мүмкүнчүлүгүңөргө жараша корккула (ибаадат кылгыла)» - деп айткан.
(Тагаабун, 16-аят)
#95 06 Апрель 2015 - 14:02
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям:
«Бир адарың ажылмайганың – садагаң» -деген. [Тирмизий]
~Жылмайбаган жүз –дараксыз бактай.
~Жылмайуу жүрөктүн эңкүчтүү дарысы.
~Жүздөгү жылмайуу –жүрөккө кубаныч.
~Жылмайуу арзан, бирок мөмөсү кымбат.
~Жүрөккө эң жакын жолдун аты –жылмайуу.
~Жылмайуу – которууга муктаж болбогон жалгыз тил
~Жылмайуусуз адам - жыпарсыз гүл.
"ЫЙМАН НУРУ"
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 06 Апрель 2015 - 14:03
#96 15 Апрель 2015 - 13:27
Пайгамбарыбыз Мухаммад Салоллоху Алейхи Вассалам ,,Дуба мусулмандын куралы, асман менен жердин нуру ". деп айткан!
Оо Аллахым! Сен бул ааламдын падышасысын, Сенин барлыгын Хак! Сен бардан жок, жоктон бар кылуучу улуук затсын! Биздин тагдырыбыз, жашообуз, жатышы быз, турушубуз, журушубуз, олушубуз Сага гана таандык ! Сенин бул дуйнону пенделерин учун жараткан кооздуктарын айтып буткус, пенделерин учун берген нематтарын, ырыскындын чеги жок ! Сага чексиз Мактоолор! Чексиз Шугурлор ! Чексиз Суйуулор! Чексиз Тооболор! болсун Аллахым! Оо Аллахым Сага тилим менен айтып чын дилим менен ишенип кайрыламын ! Ар бир Мусулман пендесинин уй булоосуно ,ден соолук, иштерине ийгилик, бакытылууулук, мээр акыбет, сый урмаат, ыймандуулук, ынтымак, бер ошолордун катарында менин уй булоомо да бер кор Аллахым! Оо Аллахым мен Жалгыз сага гана ишенемин, Сенден гана тилеп сураймын, Сенден гана Умут кылып жашаймын, Сенден гана кутуп сураймын, Сага гана умтуламын, Сага гана жалынамын биз пенделерге жардам беруучу Жалгыз сенсин! Баардыгы сенин калоон менен болот. Сен сурагыла , Сурагыла, Сурагыла! Мен берем дегенсин! Сага ишенемин Аллахым!
Оо Аллахым Сен Мээримдуу, Ырайымдуу затсын! Оонтоп ооруп жаткандарга озун шыпаа бер! Бала жытына зар болуп жургондорго бала бер! Бактысыз болуп жургондорго бакыт кушун кондур! Илим алган инсандарына илимине береке бер! Алыскы олко, шаарларда уй булоосу учун суук ,ысыгына карабай жумуш кылып жургон инсандарга , ден соолук, иштерине ийгилик, тапкан акчаларына береке , аманчылык , куч кубат, бер ! Озун колдогун, озун коргогун Аллахым! Оо Аллахым Биздин кылган ниетибизди, окуган намазыбызды, зикирлерибизди, окуган курааныбызды, тооболорубузду, шугурлорубузду, тилектерибизди, жалынып сураган дубаларыбызды кабыл кыл Аллахым! Саллаллаху алейхи уа саллам Пайгамбарыбыз Мухаммадка салам салаваттар болсун "САЛОЛЛОХУ АЛЕЙХИ ВАССАЛАМ" ..Кыяматта шапаат болуусуна насип кыл! Ар бир Мусулман пендесинин колун кокко которуп кылган дубаларын кабыл кыл Аллахым ! Аллахым ! Аллахым! Омиин!
Насиба Абдуллаева.
ИСЛАМ-ЖАШООМДУН НЕГИЗИ
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 15 Апрель 2015 - 14:23
#97 15 Апрель 2015 - 14:45
#98 19 Апрель 2015 - 23:28
Билдирүүнү түзөткөн: JoldoshMantekov: 20 Апрель 2015 - 00:12
#99 22 Апрель 2015 - 09:47
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) өмүрлүк жубайларынын бири да ал тууралуу жаман сөз айткан эмес.
Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваттары
болсун) алгачкы вахий келип, ал катуу коркунучтун кучагында калган кезде, өмүрлүк жары Хадича энебиздин айткан сөздөрү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кандай адам болгондугун дагы бир жолу айгинелеп турат. Тердеген, титиреген күйөөсүнө мээримин төккөн Хадича:
«Аллахка
ант ичип айтам, Аллах сага жамандык кылбайт. Сен туугандарга жакшы мамиле кыласың, алсызга жардам бересиң, карыяларды сыйлайсың, конокторго жакшы мамиле жасайсың жана адамдарды жакшылыкка үндөйсүң» деп көңүлүн көтөрбөдүбү.
Ал эми Айша энебиз, Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын
салам-салаваттары болсун) сыпатын бир гана:
«Анын мүнөзү Кураан эле» деген сөз менен сыпаттап койгон болчу.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары бол-
сун) жогорку деңгээлдеги кулк-мүнөз, адеп-ахлагын сөз менен айтып же калем менен жазып жеткирүү мүмкүн эмес. Анын өзгөчөадамдык сыпатын түшүнүүгө Жаратуучунун гана айткан сөзү жетишээрлик болуусу мүмкүн:
«Чындыгында, сен эң сонун кулк-мүнөздүн ээсисиң»
(Калам. 4-аят).
"ОЧПОС ОМУР" китебинен
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Апрель 2015 - 09:50
#100 22 Апрель 2015 - 09:50
ROZI (22 Апрель 2015 - 09:47) жазган:
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) өмүрлүк жубайларынын бири да ал тууралуу жаман сөз айткан эмес.
Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваттары
болсун) алгачкы вахий келип, ал катуу коркунучтун кучагында калган кезде, өмүрлүк жары Хадича энебиздин айткан сөздөрү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кандай адам болгондугун дагы бир жолу айгинелеп турат. Тердеген, титиреген күйөөсүнө мээримин төккөн Хадича:
«Аллахка ант ичип айтам, Аллах сага жамандык кылбайт. Сен туугандарга жакшы мамиле кыласың, алсызга жардам бересиң, карыяларды сыйлайсың, конокторго жакшы мамиле жасайсың жана адамдарды жакшылыкка үндөйсүң» деп көңүлүн көтөрбөдүбү.
Ал эми Айша энебиз, Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын
салам-салаваттары болсун) сыпатын бир гана:
«Анын мүнөзү Кураан эле» деген сөз менен сыпаттап койгон болчу.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары бол-
сун) жогорку деңгээлдеги кулк-мүнөз, адеп-ахлагын сөз менен айтып же калем менен жазып жеткирүү мүмкүн эмес. Анын өзгөчөадамдык сыпатын түшүнүүгө Жаратуучунун гана айткан сөзү жетишээрлик болуусу мүмкүн:
«Чындыгында, сен эң сонун кулк-мүнөздүн ээсисиң»
(Калам. 4-аят).
"ОЧПОС ОМУР" китебинен