Суперстан: Төрөттөн кийин ичтин катуусуна кандай чара колдонсо болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Гастроэнтерология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Төрөттөн кийин ичтин катуусуна кандай чара колдонсо болот?

#21 Пользователь офлайн   momuntay   30 Март 2015 - 23:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Запорго регулакс дары жа кшы. Ашкабак менен кызылча да эн сонуназык б.с
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Sarabanda   31 Март 2015 - 02:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 857
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 10 Апр 2017 06:06
  • Жынысы:Аялзаты

Кефир+кефир. ..
Мен бактылуумун. !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 01:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ич катуу - узакка заңдабай калуу, өз убагы менен ичеги арылбай, кыйналып заңдоодон, ич катуу көптөгөн оорулардан, айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен, начар тамактануудан келип чыгат. Дени соо адамдардын заңдоосу алардын тамактанышына, жашоо шартына жана көнүмүш адатына жараша ар кыл болот. Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңдашат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет.

Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн (аномалиясынан), механикалык, эндокриндик (калкан сымал, бөйрөк үстүндөгү, жыныс бездеринин) жана психикалык, ошондой эле денедеги туз жана суу алмашуунун бузулушунан жана башка болот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу жана шартсыз рефлекстердин, ички бездердин начарлашынын жана башка факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан ич катуу көп кезигет. Ага узак убакыт бир түрдүү тамактануу, аз кыймылдоо жана тиштин начарлыгы, суюктукту аз ичүү себеп болот.

Сүрөт

Белгилери

Ич катуунун белгилери өтө ар түрдүү. Ал оорунун себептерине жана өөрчүшүнө жараша болот. Кээ бирөө 3-4 күндө бир заңдаса, кээ бирөөнүкү жумалап созулат, ал эми кээ бир учурда жарым айлап барат. Кээде күнүгө заңдаган менен заң кыйналып, аздан чыгат да, адам канааттанбай, кандайдыр бир мүчүлүштүк сезилип турат. Ич катууда заң катуу, кургак, койдун корголундай болуп чыгат, ич ооруйт же көөп чыгат; адамдын иреңи кубарып, саргыч тартып, тил кургап, көөнөрүлөнүп турат, көңүлү чөгүп, тамакка табити тартпай, уйкусу качып, чыйрыгып, буту-колу чымырайт. Кээде жүрөк дикилдеп, демигет.

Сүрөт

Дарылоо

Дарылоо негизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Эгер туура эмес тамактануудан болсо азык заттын мүнөзүн өзгөртүү зарыл. Тамактын составында бүкүлү клетчаткалар көп болуп, суюктукту көп (1,5-2 л) ичүү талапка ылайык. Ич алууну күчөтүүчү тамак-аштар: кымыз, ачыган айран, жемиш ширеси, кесек ундан бышырылган нан, кара өрүк, кургатылган жемиш кагы жана башкалар сунуш кылынат. Маалы менен заңдоону адатка айландыруу жакшы. Ич катууну дарылоодо өтө кылдаттык керек. Жоон ичегиге түрдүү дары чөптөр менен микроклизмалар жасаса болот.Витамин менен дарылоо, психотерапия, айыктыруучу физкультура сунуш кылынат.

Сүрөт

Алдын алуу

Ичтин катышын алдын алуу ар кимдин колунан келет, ал адамдын жашоо шартына тыгыз байланыштуу. Баланы дайыма бир убакта күлтүккө отургузуу, заңдоо учурунда оюнчук же сөзгө алаксыбоосуна көз салуу керек. Кызыктуу ишке алаксып заңдоону токтотуу туура эмес. Дааратканада отуруп окууга же тамеки тартууга болбойт. Бирдей убакытта тамактануу, эртең менен жакшылап тамак ичүү, ар дайым тамак-аш рационуна жашылчаларды (сабиз, кызылча, туздалган же чийки капуста, помидор, бадыраң, баклажан, кабак, ашкабак, гүлдүү капуста), мөмө-жемиштерди (өзүн же алардын маңызын), сүт, айран азыктүлүктөрүн, өсүмдүк майын, бал кошуу зор мааниге ээ. Айрым азык заттар (күрүч, быштак, курма, анар, кара мөмө, ачуу татымалдар) жана спирт ичимдиктери ич катуунун пайда болушуна жана анын өөрчүшүнө алып келет. Ар күнү эртең менен курсакка күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасоо, жүгүрүү, жөө же велосипедде жүрүү, олтуруп иштегендер дене-бойду жазылтуучу көнүгүүлөрдү жасоосу ичегинин нормалдуу иштешине шарт түзөт.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Lenin   14 Июнь 2015 - 09:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:http://marykaynsd.com/

Просмотр сообщения Sarabanda (31 Март 2015 - 02:53) жазган:

Кефир+кефир. ..

Айран кефир дегендер ичти катырат.
marykaynsd. com- бул ссылка эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Mediziner   15 Январь 2016 - 17:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Lenin (14 Июнь 2015 - 09:12) жазган:

Айран кефир дегендер ичти катырат.


Катырбайт, тескерисинче организмди тазалап чыгат.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   aijan   17 Январь 2016 - 18:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Lenin (14 Июнь 2015 - 09:12) жазган:

Айран кефир дегендер ичти катырат.

Зматря(смотря) кандайы.
Жаны уютулганы менен кобуроок туруп калгандын эффективно эки болок.

Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 17 Январь 2016 - 18:35


Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   DAMIR2011   06 Май 2016 - 19:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 20:57

Мен кыздарымды Кыргызстанда тороп,ич катып,кыйналганмын. А уулумду болсо Москвада тородум.Врачтар торогон кунум да эртеси да кипитокко май аралаштырып, ошону гана беришти.Куйоомо ачка калдым деп жалдырайм.Тоок этти кайнатып,шорпосун алып кел дептир врач. Суу,кефир,творог, алма,банан жегенге уруксат беришти учунчу куну.Бирок кыйналбадым. Кадимкидей эле ич келип,баардыгы жайына тушту.Кыздарымда клизма жасашканынын азабын дагы деле тартып келем.Эрте менен созсуз бал кошулган кипиток ичишим керек.Болбосом ичимде озгоруулор башталат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   jetinur90   06 Май 2016 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Керектуу маалымат экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Glucke   23 Август 2017 - 21:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Ич катканда туздалган бадырандын суусу менен муздак сутту (жарым стакандан) аралаштырып ичсе жакшы натыйжа берет.

Билдирүүнү түзөткөн: Glucke: 23 Август 2017 - 21:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Stervamyn   09 Сентябрь 2017 - 21:48

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 14 Февраль 16
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда

Бир стакан айранга бир чон кашык таза ак майдан кошуп аралаштырып ичсе да ич катыбайт экен,то есть катыганы кетет.Чем жанагындай слабительный ичкенге караганда.
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   aszyma   08 Август 2018 - 23:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 24 Январь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2019 07:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва шаары

Ыы. Мен да төрөп ичим катып геморрой чыгып кеткен болуш керек. Мындай бир дөмпөкчө бар. Азырга чейин катат.
Чон жардам болдуго мага. Рахмат айыммдар кенешинерге жардамынарга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Гастроэнтерология
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: