Баланын коркунучун кантип жеңүү керек?
Сунуш кылынбайт:
Баланы ээн бөлмөгө жалгыз калтыруу;
Колуна, бетине уруу;
Ар кандай жаныбарлар менен коркутуу;
Баланы коркоктугу үчүн шылдыңдоо, айрыкча башка балдардын көзүнчө;
Корккондугу үчүн жазалоо.
Бөбөктөргө байланыштуу кеңештер
#81 13 Февраль 2014 - 21:35
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#82 13 Февраль 2014 - 21:37
Уктар алдында мүмкүн эмес:
Ызы-чуулуу оюндарды уюштурганга;
Коркунучтуу фильмдерди көргөнгө;
Карышкыр, каардуу сыйкырчы, жез кемпир тууралуу жомокторду окуп бергенге. Эгерде бала жез кемпирден корксо - анын сүрөтүн тартууну сунуш кылыңыз;
Караңгыдан корксо - ал отурган бөлмөнүн эшигин катуу жаппаңыз;
Иттен корксо - оюнчук ит сатып берип, аны менен ойноого үйрөтүңүз

#83 14 Февраль 2014 - 14:35
Балалуу болгон кандай бакыт.Бойдок мезгилинде анча маани бербейсин.Бирок балалуу болгондон кийин бир башкача сезимдер пайда болот
Негизинен баланы уч жашка чейин бир атмосферада чонойтуш крек экен (врачтардын айтымы боюнча).Бирок азыр шартка байланыштуу болуп жатпайбы баары.Россияда тороп Кыргызстанга алып барып чонойтуп же Кыргызтанда тороп россияга алып келип дегендей. Бирок андайда бизге билинбеген менен балдар кыйналып калышат экен.
Баланы бир гана эмчек суту менен тойгозгонго аракет кылыш керек.Копчулугу "тойгозо албай атам" деп эле "искуственный" (смесь) тамактарды берип жатышпайбы. Бирок эмчек сутун кобойтконго аракет кылса болот экен.Мисалы кобунчо суюк тамактар менен тамактанып же сут чай ичип дегендей.Такыр болбой жатса сутту кобойтуучу чайлардымжана дарыларды колдонсо болот.Алар балага зыяны жок.(мис:АПИЛАК гриндекс.баланын аллергиясы болбош керек)
Ананда бала эмизген эне тамактарынада ото маани бериш керек.Мисалы цитрус жемиштерин такыр эле жебей эле койгон жакшы.Айрыкча бала жок дегенде 3-4 ай болгуча.Себеби бул жемиштер баланын ичин откорот жана жел толтурат.Куурулган тамактарды, ото ачуу же ото таттуу тамактарды, спирт ичимдиктерин ичкен.ге болбойт.Тез- тез тамактанып туруш керек ,себеби, сут болот.Дайыма эле кою тамактарды жей берсе да баланын ичи катат(Баланын ичи отсо ЭНТЕРОЛ(капсула)ЭНТЕРОФУРИЛ(сироп)ЛИНЕКС (капсула)СМЕКТА (порошок)ж.б ушулар жардам берет.Ал эми ичи катканда ДЮФАЛАК ж.б жардам берет
Баланын бир жери ооруганда билип билбей ар турдуу дары дармектерди колдоно берген болбойт.Созсуз турдо врачка кайрылып жана алардын айткандарын гана аткарыш керек.Болбосо биз "хуже" кылып жиберишибиз мумкун.Бир мисал айта кетейин ...бироонун баласынын ооздору оюлуп кетиптир,ал озу билип эле баланын оозуна ар нерсе кое берген жана оозун йод менен тазалаган, жыйынтыгында баланын оозу йодго куйуп калган.Ошентип баланы копко чейин кыйнаган болбойт.Эгер оозу оюлса (тилдери аппак болуп оозунун ичи тегерек актар пайда болуп калган болсо(ртавая молочница) врачка барганга убактыныз болбой жатса)анда КАНДИД клотримазол (для нанесение в полости рта) жардам берет.
Негизи родомдон чыгып келээриниз менен эле аптечка даярдап алыш керек...не бар не жок дегендей.(кудай сактасын) бирок бала куттусуздон ооруп калышы мумкун.Торогондон кийин йодамарин ичиш керек бала бир жашка чыккыча.Бул озунузго эле эмес балагада пайдалуу.
Эгер баланын температурасы 38 гр тан жогору болуп кетсе ИБУФЕН,НУРАФЕН сиропторун бериш керек,бирок 3 айга чейинки балдарга болбойт.
Баланын кочугу,такымдары, подгузниктен же пеленкадан(жалаяк)кызарып кетсе БЕПАНТЕН жана ПАНТОДЕРМ маздары жардам.БЕПАНТЕН баланын бети диатез болгондо да колдонсо болот.
Копчулук , айрыкча биринчи торогон аялдардын эмчегинин учу жарылып кетет ошондо да ПАНТОДЕРМ жана ДЕПАНТЕНОЛ маздраы жардам берет.Бул маздардын баланын оозуна pszys жок,болгону, эмизгенден кийин шыбаш керек,кийинки эмизгенге чейин синип кетет.
#84 14 Февраль 2014 - 16:37
Бала багып алууну каалаган ата-эне:
1 Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун акиминин атына максаты
тууралуу арыз жазат
2 Паспортторунун көчүрмөлөрүн даярдашат
3 Нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн даярдашат
4 Жергиликтүү бийлик органдарынан жашаган жери тууралуу аныктама
алышат
5 Жергиликтүү бийлик органдарынан тапкан кирешелери, алган айлык
акылары тууралуу аныктама алышат
6 Иштеген жерлеринен өздөрү жөнүндө мүнөздөмөлөрдү жаздырып
алышат
7 Өздүк автобиографияларын жазышат
8 Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттолбогондугу жөнүндө аныктамаларды жаздырышат
9 Турак-жайга ээ экендиктери тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан
аныктама алышат.
10 Саламаттыктары тууралуу аныктамаларды даярдашат. Анда сөзсүз
түрдө ички органдар, кургак учук, наркология, психоневрология, СПИД,
жугуштуу жана онкологиялык оорулардын адистеринин көзөмөлүнөн өтүшөт.
Акырында ушул документтердин топтомун Октябрь райондук Социалдык
өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнө
алып барышат. Бул процессти толугу менен бүткөрүүгө үзгүлтүксүз
аракет кылган адам бир ай убакыт сарптайт. Документтер текшерилет да,
баары туура болсо бала асырап алуучулардын колуна наристе тууралуу күбөлүк берилет.
1 Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун акиминин атына максаты
тууралуу арыз жазат
2 Паспортторунун көчүрмөлөрүн даярдашат
3 Нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн даярдашат
4 Жергиликтүү бийлик органдарынан жашаган жери тууралуу аныктама
алышат
5 Жергиликтүү бийлик органдарынан тапкан кирешелери, алган айлык
акылары тууралуу аныктама алышат
6 Иштеген жерлеринен өздөрү жөнүндө мүнөздөмөлөрдү жаздырып
алышат
7 Өздүк автобиографияларын жазышат
8 Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттолбогондугу жөнүндө аныктамаларды жаздырышат
9 Турак-жайга ээ экендиктери тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан
аныктама алышат.
10 Саламаттыктары тууралуу аныктамаларды даярдашат. Анда сөзсүз
түрдө ички органдар, кургак учук, наркология, психоневрология, СПИД,
жугуштуу жана онкологиялык оорулардын адистеринин көзөмөлүнөн өтүшөт.
Акырында ушул документтердин топтомун Октябрь райондук Социалдык
өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнө
алып барышат. Бул процессти толугу менен бүткөрүүгө үзгүлтүксүз
аракет кылган адам бир ай убакыт сарптайт. Документтер текшерилет да,
баары туура болсо бала асырап алуучулардын колуна наристе тууралуу күбөлүк берилет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#85 15 Февраль 2014 - 00:51
рахмат кеңештериңизге.
жок, атасы калат, мен мурун көп эле жолу границадан өткөм чоң уулум менен доверенность(согласие на выезд и въезд) сурабады эле, бүгүн билет алган жерден, сурашы мумкун деди го, и айткандай гр-во РФ бизде, бул жонундо да айта кеткилечи
Сөзсүз түрдө сурайт атасынын макулдугун тастыктаган нотариус кагазын. Ансыз өтө албайсыз. Мен кызым менен атасы жок учуп калган учурларымда сөзсүз сурайт,мен Турцияга учам анан билбейм Россияга учкандардан сурайбы же сурабайбы,закон баарына эле бирдей да. Даярдап алыныз,аэропорттон кайра артка кетип убара тартпай,ашыкча деле болбойт да. Сөзсүз түрдө көчүрмөсүн жасатып алыныз,сураганда көчүрмөсүн таштайсыз.
#87 02 Август 2014 - 15:07
Бала багып алууну каалаган ата-эне:
1 Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун акиминин атына максаты
тууралуу арыз жазат
2 Паспортторунун көчүрмөлөрүн даярдашат
3 Нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн даярдашат
4 Жергиликтүү бийлик органдарынан жашаган жери тууралуу аныктама
алышат
5 Жергиликтүү бийлик органдарынан тапкан кирешелери, алган айлык
акылары тууралуу аныктама алышат
6 Иштеген жерлеринен өздөрү жөнүндө мүнөздөмөлөрдү жаздырып
алышат
7 Өздүк автобиографияларын жазышат
8 Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттолбогондугу жөнүндө аныктамаларды жаздырышат
9 Турак-жайга ээ экендиктери тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан
аныктама алышат.
10 Саламаттыктары тууралуу аныктамаларды даярдашат. Анда сөзсүз
түрдө ички органдар, кургак учук, наркология, психоневрология, СПИД,
жугуштуу жана онкологиялык оорулардын адистеринин көзөмөлүнөн өтүшөт.
Акырында ушул документтердин топтомун Октябрь райондук Социалдык
өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнө
алып барышат. Бул процессти толугу менен бүткөрүүгө үзгүлтүксүз
аракет кылган адам бир ай убакыт сарптайт. Документтер текшерилет да,
баары туура болсо бала асырап алуучулардын колуна наристе тууралуу күбөлүк берилет.
1 Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун акиминин атына максаты
тууралуу арыз жазат
2 Паспортторунун көчүрмөлөрүн даярдашат
3 Нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн даярдашат
4 Жергиликтүү бийлик органдарынан жашаган жери тууралуу аныктама
алышат
5 Жергиликтүү бийлик органдарынан тапкан кирешелери, алган айлык
акылары тууралуу аныктама алышат
6 Иштеген жерлеринен өздөрү жөнүндө мүнөздөмөлөрдү жаздырып
алышат
7 Өздүк автобиографияларын жазышат
8 Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттолбогондугу жөнүндө аныктамаларды жаздырышат
9 Турак-жайга ээ экендиктери тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан
аныктама алышат.
10 Саламаттыктары тууралуу аныктамаларды даярдашат. Анда сөзсүз
түрдө ички органдар, кургак учук, наркология, психоневрология, СПИД,
жугуштуу жана онкологиялык оорулардын адистеринин көзөмөлүнөн өтүшөт.
Акырында ушул документтердин топтомун Октябрь райондук Социалдык
өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнө
алып барышат. Бул процессти толугу менен бүткөрүүгө үзгүлтүксүз
аракет кылган адам бир ай убакыт сарптайт. Документтер текшерилет да,
баары туура болсо бала асырап алуучулардын колуна наристе тууралуу күбөлүк берилет.
Сонун кенеш экен , рахмат.
Ушул убакта бизге ушул маалымат керек болчу.
Документ даярдоо учун, бир ай убакыт кетсе, бирок бизде Кыргызстанда туруктуу иши жокторго( диплом бар, иштеген иши чет олкодо) кандай болот экен ээ?
#89 03 Август 2014 - 12:23
Бийдин пайдалары
Ден соолук үчүн. Жүрөккө пайдалуулугу жагынан бийге эч нерсе жетпейт. Мындан тышкары, бий булчуңдарга, кан тамырларга, муундарга да жакшы. Ал коопсуз болгондуктан, баланы 4 жашынан баштап бийге берүүгө болот. Бой-келбет. Компьютердин заманы болгон бүгүнкү күндүн балдарынын көпчүлүгүндө туура эмес бой-келбет өөрчүйт. Спорттун бир дагы түрү далыны, омурткаларды бийдей түздөй албайт.
Жарашыктуу басык.
Эгер ата-эне балага кичинесинен жакшы бийлегенди үйрөткөн болсо, демек, жарашыктуу басууну үйрөттү. Сүйлөшүү, мамиле куруу. Ооба, бардык эле балдар бири-бири менен сүйлөшүшөт. Атүгүл бала бакчадагы балдар да. Бирок, бийлеген балдар жалпы тилди тезирээк табышат. Жагымдуу музыка жана бий классындагы атмосфера балдарды жакындаштырат. Мындан тышкары, бий баланы эркиндикке чакырат. Эгерде уулуңуз же кызыңыз жоош, тартынчаак болсо, аны бийге бериңиз - бий аны күчтүү жана эркин кылат.
Жакшы маанай. Бала бийлеп жатканда андагы стресстер бүт чыгып кетет (балдар да чоңдордон кем эмес стресс алышат). Мындан тышкары, бийлөө учурунда бүт органдарга, анын ичинде мээге да кандын куюлуусу жакшырат. Демек, маанай көтөрүлөт.
Сезимталдуулук. Бий менен үзгүлтүксүз машыгуу баланы сезимтал кылып, угуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Анткени, балдар бийлеп жаткан убакта аны менен катар музыканы угуп, аны түшүнүүгө үйрөнүшөт.
Сырткы келбет. Эгер бала кичинесинен баштап бийлесе, анын сөзсүз түрдө фигурасы келишимдүү, өзү ийилчээк болот. Ошондой эле алар жарашыктуу кийинишет. Ушундай мыйзам ченемдүүлүк бар: бийлеген балдардын кийимге болгон табити жакшы болот. Ишенбесеңиз, кызыңызды бий ийримине бериңиз.

Кызык , меним балам музыка чыкты дегиче кыйшаңдап баштайт , телефонго чакыруу келгенде да . 10 айлыкта Кара жорго ырына түшүп баштады , тообо .......Күйөөм урушат , сен үйрөтүп жатасыңбы деп , кайдан өзү эле бийлей берет .
#90 05 Август 2014 - 13:04
Саламатсыздарбы?
Менин синдим азыр 8 жашта.Жакшы бийлейт,кызыгат.
Анан аракети текке кетпесин дедик да,былтыр бий кружогуна бердик.Эмнеге экенин билбейм,барбай койду.Азыр убак-убагы менен колу-бутун чоюп,машыктырып,
бийлетип турам.Мумкун,
кийинчерээк дагы каалоосу болобу деп.Уйдон,оз алдынча даярдайын десем,менин да колум бошобой калат,окуум бар дегендей,ошондуктан сиздерден сурайын дегем.Кантип кондурсом болот?Же озу каалабаса аракет кылбай эле коеюнбу?
Негизи эле балдардын эмнеге кызыкканын азыртан билип,машыгууларды жургузо берген пайдалуубу?
P.S:Кенешиниздерди кутом...
Негизи эле балдардын эмнеге кызыкканын азыртан билип,машыгууларды жургузо берген пайдалуубу?
P.S:Кенешиниздерди кутом...
Я закрыла дверь в свое сердце и написала "ВХОДА НЕТ!". Но пришла Любовь и сказала просто: "Я не умею читать..."
#91 05 Август 2014 - 13:52
Саламатсыздарбы?
Менин балам мартта 1жашка чыгат вооще эмбейт кичинелигинде бир соска салып анан эмчек салып алдап аран эмизет элем. Азыр болсо бир аз чоноюп алданбай калды толька уктап атканда туну эмет ойгоо жургондо эч эмбейт,эмчекти тиштеп туртуп салат. Ананда аябай коп тердейт башы суу суу болуп кетет кичине эле ойноп койсо. Коп калын деле кийинтпейм,
бир футболка бир шым киет. Аябай ожор каалаганын кылдыртат. 10айлык болду азыр,4эле тиши чыккан. Же ушундай кеч чыгабы. Билгендер болсо айтып койгула.
Озу ушундай аз эмген балдар эн мээримдуу келишет. Кичинесинен эле апасынын кучагынын чыккысы келип чонойгусу келет экен. Бир байкем 6 айлыгында эле эмбей койгон экен, азыр баарыбызга, Атам-апама куйуумдусу, мээримдуусу ошол, жардам берет, коп эмген бала эрке болот экен.
Коп эмизуу баланын ден-соолугуна пайда болгон учун айтылган.
Мээримдуу бала эмбесе деле мээрим тогуп турат.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#93 12 Август 2014 - 01:52
Саламатсыздарбы?
Менин синдим азыр 8 жашта.Жакшы бийлейт,кызыгат.
Анан аракети текке кетпесин дедик да,былтыр бий кружогуна бердик.Эмнеге экенин билбейм,барбай койду.Азыр убак-убагы менен колу-бутун чоюп,машыктырып,
бийлетип турам.Мумкун,
кийинчерээк дагы каалоосу болобу деп.Уйдон,оз алдынча даярдайын десем,менин да колум бошобой калат,окуум бар дегендей,ошондуктан сиздерден сурайын дегем.Кантип кондурсом болот?Же озу каалабаса аракет кылбай эле коеюнбу?
Негизи эле балдардын эмнеге кызыкканын азыртан билип,машыгууларды жургузо берген пайдалуубу?
P.S:Кенешиниздерди кутом...
Негизи эле балдардын эмнеге кызыкканын азыртан билип,машыгууларды жургузо берген пайдалуубу?
P.S:Кенешиниздерди кутом...
Барбай койгонунун себеби эмнеде,
1. Эгер эжейи урушуп, группа менен келишпесе кайра башка бий ийримине берип,
2. Эгер озу бийлегиси келбесе башка жаккан ийримине берип, кыскасы, синдиниздин жообуна жараша аракеттенуу керек.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#94 01 Сентябрь 2014 - 07:56
Арыбагыла!
Уулума жакында 2 ай болот. Тамагы ооруп, врачтын корсотмосу менен ибуфен'д бергем,(2 гана кашык) бети-башына аллергия чыгып,кыжаалат болуп жатабыз. Ушундай кырдаалга тушуккандар барбы? Не кылам?
#95 07 Октябрь 2014 - 12:23
достор силердин баланар канча айлыгында отурган. менин балам 3 айлык отурду балага зяны тийбейби
#96 07 Октябрь 2014 - 12:49
достор силердин баланар канча айлыгында отурган. менин балам 3 айлык отурду балага зяны тийбейби
Мынтип жар салып жазбай эле койбопсунда. . ак-коз,кок-коз дегендер бар.. коз тийип,сугу,кинееси кирип кетпесин жаш балага
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#97 07 Октябрь 2014 - 12:56
"балам"
темасы менен бириктирилди.
shura89, суроолорду ушул темага калтырыңыз.
shura89, суроолорду ушул темага калтырыңыз.
#98 08 Июнь 2015 - 02:09
Тили чыга элек бөбөк менен үй жаныбарлары бири-бирин жакшы түшүнө алышат. Мындай жыйынтыкка Нигериянын окумуштуулары келишти. Ошондуктан өтө кабанаак иттер да кичинекей балага үрбөйт. Окумуштуулар чыгарган жыйынтык боюнча балдарды үй жандыктары көздөрүнөн көбүрөөк түшүнөт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#99 09 Июнь 2015 - 01:37
Памперс – энелер үчүн ыңгайлуу буюм. Түндө туруп баланын алдын улам кургактабайсың,
бир жакка чыкканда да жалаяктарды додо кылып алып жүрбөйсүң.
ПАМПЕРСТИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Сапатсыз памперс начар кийим сыяктуу эле аллергияга алып келет. Алтургай жыныстык мүчөлөрдү сезгентип, ооруга чалдыктырышы да толук мүмкүн. Андыктан көчөдө арзан сатылган памперсти албаган оң. Памперсти дарыканалардан маркаларына карап, сертификатын сурап, анан сатып алуу зарыл.
Арзан памперстер заараны жакшы сиңирбей, сапатсыз материалы абаны өткөрбөй, денени кысат. Мындан тышкары терини дүүлүктүрүп, кычыштырат. Арзандарынын көбү калың болуп, бала жөрмөлөгөндө, басканда, ойногондо тоскоол болуп жүдөтүп, чүнчүтөт.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Памперстин зыяндуу жактары аны күн-түндөп колдонууда, сапаты начарларын пайдаланууда экендигин билдиңиз окшойт. Демек, памперсти чеги менен сапаттуусун колдонсо, зыяны жок.
ПАМПЕРСТИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
- Памперс – адамды кир жуугандан жана үтүктөөдөн куткарчу буюм. Андыктан ата-эне балага көбүрөөк көңүл бура алат. Бирок бардык учурда эле ата-эне цивилизациянын бул жетишкендигин туура колдоно бербейт.
- Ымыркайга биринчи ирет памперс кийгизгенден соң сөзсүз түрдө терисинде кызаруу жокпу, текшерүү кажет. Эгер кызаруу билинсе, анда башка маркадагы памперске алмаштыруу керек.
- Памперс – сейилдөөдө, бейтапканага каттоодо алмаштыргыс буюм. Болгону, аны бир күндө 4-6 саат гана кийгизүүгө болот. Памперсти алгандан кийин, бала жылаңач жата турушу керек. Бул баланын жука чурайы “аба жутушу” үчүн зарыл. Анан кийин баланын алаасын нымдандыруучу крем менен майлап коюу туура.
- Нымды соруу менен баланын териси үчүн жайлуулукту түзүп берет.
- Колдонууда жеңил.
- Зааранын заматта сорулуп кетиши баланын заара кылуу процессин сезбей калуусуна жеткирет. Башкача айтканда, рефлекс иштелип чыкпай калат. Дал ошондуктан дайыма памперс менен жүргөн бала горшокко өз алдынча заара ушатууну көп убакытка дейре үйрөнө албайт.
- Дайыма памперс менен жүргөн бала заарасын кармап турууну, токтотуп калууну таптакыр билбей калат. Бул акырындап энурезге (зааранын токтобой калышы)алып келиши мүмкүн.
- Окумуштуулардын айтуусунда, памперсти көп колдонуу уул балдарды кийин тукумсуздукка алып келиши ыктымал. Анткени памперстин жука чурайды ысытуучу таасири бар. Демек, баланын умасы (урук калтасы) да ысыйт. Бул анын ичиндеги жумуртканын нормалдуу өсүшүнө зыян тийгизет. Ошентип, кийин бала тукумсуз болуп калышы мүмкүн.
Сапатсыз памперс начар кийим сыяктуу эле аллергияга алып келет. Алтургай жыныстык мүчөлөрдү сезгентип, ооруга чалдыктырышы да толук мүмкүн. Андыктан көчөдө арзан сатылган памперсти албаган оң. Памперсти дарыканалардан маркаларына карап, сертификатын сурап, анан сатып алуу зарыл.
Арзан памперстер заараны жакшы сиңирбей, сапатсыз материалы абаны өткөрбөй, денени кысат. Мындан тышкары терини дүүлүктүрүп, кычыштырат. Арзандарынын көбү калың болуп, бала жөрмөлөгөндө, басканда, ойногондо тоскоол болуп жүдөтүп, чүнчүтөт.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Памперстин зыяндуу жактары аны күн-түндөп колдонууда, сапаты начарларын пайдаланууда экендигин билдиңиз окшойт. Демек, памперсти чеги менен сапаттуусун колдонсо, зыяны жок.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#100 12 Июнь 2015 - 02:25
Балакайдын кеч басуусуна эмне себеп болот?
Балакай жарык дүйнөгө келгенден бери көптөгөн жаңы окуяларга кабылып өзүбүздү бактылуу сезет эмеспизби. Маселен, биринчи чыккан сүт тиши, күлкүсү, отурушу, дене-боюн кармап өйдө турганы ж.б.у.с жоруктары менен жанга жагымдуу маанай тартуулайт.
Эми анын качан кадам шилтеп басаарын чыдамсыздык менен күтүү учуру келет. Баланын качан жана канча жаштан басышына бирдиктүү жооп жок. Ар биринде өзгөчө учур менен ар кандай убакта келет. Бирок, талапка ылайык, кайсы учурда кандай өзгөчүлүктөрү байкалышы керек, муну билип алуумаанилүү.
Талапка ылайык балакай 9 айдан баштап 1,5 жашка чейин өз алдынча кадамдарын таштоого тийиш. Эң биринчи ал бир нерселерди кармап турууга аракет жасайт. Андан кийин өз алдынча башкалардын жардамысызбирден кадам таштап баштайт.
Жогоруда айтып өткөндөй ар бир баланын басуусу ар түрдүү. Мында, генетикалык өзгөчөлүк өзгөчө ролду ойнойт. Эгер ата- энесинин бири кеч баскан болсо, анда балакай дагы кеч басат. Ошондой эле салмагы ашыкча же толук балакайлар дагы кеч басат. Мындан сырткары, кыздар эркек балдарга караганда эртерээк басышат.
Балакайдын темпераменти дагы таасирин тийгизет. Жоош балакайлар басууга көп шашылышпайт. Ал эми тентек, кыймылдуулар басууга аракетти ашкере көп жасашат.
Балакайдын басыгына көңүл буруу маанилүү
Алгачкы кадамдарыншилтеп баштаган соң, артынан калбай ээрчип кароо керек. Себеби басып бара жаткан мезгилде олдоксон отуруп калса ар кандай жаракат алышы ыктымал. Ошондой эле катуу чочуп калса да кайра басуудан коркуп калат. Жыгылган мезгилде дароо чуркап барып эт- бетинен түшө калуу да туура эмес. Жайбаракат, жагымдуу жана акырын сүйлөп кайра туруусун сураныңыз. Жыгылгандан кийин өзү турганы жакшы.
Эрте басканына сүйүнүү керекпи, же.....
Эгер балаңыз эрте басса көп эле сүйүнө бербей олуттуу мамиле жасаңыз. Анткени анын сөөктөрү өтө борпоң жана талаптагыдай бекемделе элек. Басып баштады деп эле кечке аны бастыра берген туура эмес. Сөөктөрүнө күч келет. Андыктан өзү каалаган мезгилде бассын. Мажбурлабаңыз.
Балакайдын басуусуна кантип жардам берүү керек? Көнүгүүлөр жана массаж
Басып баштаган балакайга шарт тузүп бериңиз. Бөлмөдөгү ашыкча буюмдары чыгарып салган жакшы, анткени кенен болот. Андан сырткары, күн сайын массаж жасапбериңиз. Булчуңдары бекемеделет. Көнүгүүлөрдү жасаңыз. Мында сөөктөрдүн ийкемдүүлүгү жакшырат. Жыгылган кезде сөөктөрүн кокустатып алуудан сактайт.
Жылдырма оюнчугуна салбай эле койгонуңуз дурус. Ал басууну кечеңдетет.
Биринчи бут кийими
Алгач, байпак эле кийгизесиз. Андан кийин дурус басып калгандан кийин таманы анчалык катуу эмес жумшак тапичкелерди кийгизе берсеңиз болот.
- Өз өлчөмүнө ылайыктуусун алыңыз. Кичине же чоң болбошу керек.
- Таза териден тигилген, жумшак жана аба кирип тургандай бут кийим болуусу шарт
- Күн ысыкта ысык кумга жылаңайлак бастыруу ден- соолугуна чоң пайдасын тийгизет.
Баланын басуусу кечндеп жатканын кантип байкоого болот?
1,5 жаштан өтсө деле басууга аракет жасабаса, анда сөзсүз түрдө дарыгерге алып баруу зарыл.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия