Сөз көп мааниге ээ. Сөздүн маңызы анын эмне жөнүндө экендигине,
ал эми сүйлөм текстке, көтөрүңкүлүкө же басаңдыкка,
ал текст баяндаган кырдаалга ж.у.с. байланыштуу бөлөт, ал эми тексттин мааниси айлана-чөйрөгө,
социалдык, табигый абалга жараша түзүлөт. Жадегенде жөнөкөй гана “стол” деген сөз өзүнчө турганда мааниге ээ эмес, ал “жазуу столу”, “заказ алуучу стол”, “Киевдик алтын стол”, ж.у.с. айкалыштар аркылуу мазмунга ээ болуп чыга келет. Бирок бул семантикалык айырмачылыктар жөнөкөй болгондуктан сөз эмне жөнүндө болуп жатканын ким болбосун оңой эле түшүнөт. Бирок ушундай эле көп маанилүү түшүнүктөр,
алардын мааниси жымсалдат ылган учурда — бир төп татаалдыкты пайда кылат. Мисалга “өлтүрүү” деген сөздү алалы. Баарыбызга белгилүү: карактоо үчүн өлтүрүү — кылмыш; кыйнап моокум кандыруу үчүн өлтүрүү — кара ниеттүү кылмыш; бирок дуэлде өлтүрүү — жорук, ал жазаланууга татыктуу жорук болгонуна карабай кылмыш эмес, анткени тиги тирүү калган адам да өлүп каларын билип туруп, башын тобокелге сайып, намысын коргоду; согуш учурунда душманды өлтүрүү кылмыш эмес, эрдик; кылмышкерди желдеттин өлтүрүшү — бул да өлтүрүү экендигине карабай — желдеттин кызматтык милдети, ал эми алдын ала күнөөсү жок адамды жазага тартып, өлтүрүү кылмыш кылуудан да жаман иш, бул — күнөө.
Калп — принцип катарында Эмнеге калп айтабыз?!
#1 31 December 2013 - 00:08
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 31 December 2013 - 00:09
“Калп” деген түшүнүккө кайра кайрылып келелик. Ал жандуу табиятта барбы? Кайсы бир деңгелде — ооба, бар десек да болот. Жаныбарлардын мимикриясы (айлана-чөйрөнүн түсүнө окшошуп өңүн өзгөртүп алышы) — жырткычты же олжосун алдоого жасалган аракет. Кантсе да, жырткычтар
да, аларга жем болчулар да оз жандарын же ачкачылыктан, же жем болуудан сактоого укуктуу, андыктан мимикрия жакшылык менен жамандык түшүнүгүнөн сырткары жактарда жатат жана ал биочөйрөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү менен акталып турат. Согуш учурларында адамдар өз душмандарына жалган даректерди берет. Бул калпка киреби? Ооба, формалдуу түрдө ал калп, бирок согуш — өзгөчө абал, андыктан ар бир дарекке ишене берүү жарабайт. Даректерди тактап туруу зарыл, себеби алдоо — оюндун эрежесине кирет. Кейпи,
бул жерде кеп башка түшүнүк жөнүндө болуп жатканына карабай, анын аталышы да “калп”. Семантиканын түрлөнүшүнө анча маани бербөөгө терминдин өзү түрткү болууда.
да, аларга жем болчулар да оз жандарын же ачкачылыктан, же жем болуудан сактоого укуктуу, андыктан мимикрия жакшылык менен жамандык түшүнүгүнөн сырткары жактарда жатат жана ал биочөйрөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү менен акталып турат. Согуш учурларында адамдар өз душмандарына жалган даректерди берет. Бул калпка киреби? Ооба, формалдуу түрдө ал калп, бирок согуш — өзгөчө абал, андыктан ар бир дарекке ишене берүү жарабайт. Даректерди тактап туруу зарыл, себеби алдоо — оюндун эрежесине кирет. Кейпи,
бул жерде кеп башка түшүнүк жөнүндө болуп жатканына карабай, анын аталышы да “калп”. Семантиканын түрлөнүшүнө анча маани бербөөгө терминдин өзү түрткү болууда.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 31 December 2013 - 00:10
Байыркы адамдар бул маселеде чаташышкан эмес. Алар “ант” деген түшүнүктү жашоо турмушуна кийиришкен.
Анысы юридикалык жактан негизделген пайдалуу, кээде сактап калуучу калптан баш тартуу дегендик эле. Алдоого, айткорлонууга,
тайсалдоого адамдардын укугу күндөлүк турмушунда сакталып кала берген. Ал эми ант дегенибиз табияттын мыйзамына багынуудан,
т. а. өзүн сактап калуу инстинктинен баш тартуу катары маанидеги өзгөчө түшүнүк. Андыктан анын күбөлөрү болууга — анттын бек тутулушун көзөмөлдөөгө кудайлар же духтар тартылып, алар ант бузарларды жазалоого тийиш бөлгөн. Анттын супер натуралдык мааниси ушундан улам дагы күч алган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 31 December 2013 - 00:12
Евангелиеде өзүн өзү жеткилең кылып өркүндөтүү же такыбаалыктын жолуна түшкөндөргө ант бербөө, анын ордуна ар дайым чындыкты айтуу сунуш кылынган. Ал эми калган башка карапайым адамдар үчүн ант берүү бардык христиандык өлкөлөрдө касам ичүү деп аталган жана ал эмдигиче маанисин жана маңызын жоготпой, жарым юридикалык — жарым-диний акт катары сакталып келатат. Анткени калп айтып алдоо — бул жөн эле бейпарасат жорук эмес, ант бузуу, т. а. ишенген адамды алдоо — бул адамзаттын табиятына каршы жана кудайга каршы жасалган кылмыш, бул дүйнөлүк тартипти шылдың кылгандык — чыккынчылык.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 31 December 2013 - 00:13
Калп, жеке адамдын деңгелинде — кылык- жоруктун жагымсыз түрү гана эмес, ал этникалык жана ландшафттык айлана-чөйрөгө таасир этүүнүн ыкмасы да болуп саналат. Жамааттык деңгелде болсо бул, антисистемадагы социалдык жана маданий чөйрөгө таасир этүүчү жалпы алдамчылыкка айланып кетет. Биочөйрөлүк деңгелде жөнөкөйлөнүү процесси жүрөт: ал жогорку баскычтагы жаныбарлардын микроорганизмге айланышына алып келет (өлүктүн чириши): жандууну жансызга айландырат;
жансыз нерсе молекулаларга ажырайт; молекулалар — атомдорго, атомдордун ичкери жактарындагы реалдуу бөлүкчөлөр — виртуалдык бөлүк- чөлөргө айланып, фотондор болсо “Тунгуюкка” т. а. вакуумга чөгүлөт. Мындай карасаң баары кайсы бир болбогон нерседен башталгансып көрүнөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 31 December 2013 - 00:15
Ал эми калптын карама-каршысында туруучу акыйкат деген эмне? Көзгө көрүнгөн, байкоого алынган даректердеги кемчиликтер мыйзамдуу ченеминен ашпаган ой жүгүртүүгө адекваттуу түшүнүктөрдү акыйкат деп айта алабыз. Координаттын ок сызыгы аркылуу текшере келгенде акыйкат ой жүгүртүүлөр оң мааниге, ал эми калп терс мааниге, болгондо да глобалдуу масштабдагы мааниге ээ болуп чыга келет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 01 January 2014 - 14:58
... байкоого алынган даректердеги кемчиликтер мыйзамдуу ченеминен ашпаган ой жүгүртүүгө адекваттуу түшүнүктөрдү акыйкат деп айта алабыз.
ушу жери түшүнүксүз болуп жатат, же табышмакпы ))))
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.

Супер-Инфо
super.kg
видео








