Керектелуучу азыктар: ( 2 порция учун) 1 даана банан, 2 даана киви, 1 даана алмурут, 20 г шекер пудрасы, 200 мл.алма ширеси, 10 г шоколад.
Даярдалышы: Момо-жемиштердин кабыгын аарчып, туурап, блендердин жардамы менен пюре кылабыз. Пюреге шекер пудрасын, алма ширесин кошуп аралаштырабыз. ( кааласаныз алма ширесин кошпосонуз да болот, коюу кашык менен жей турган таттуу момо-жемиш пюреси болуп калат). Даяр болгон коктейлге кыргычтан откон шоколад себелеп коесуз.

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия