Кайнене менен тил табышуунун жолдору
#41 03 Июль 2015 - 17:52
Мага кенеш бериниздерчи жаны турмушка чыкканыида кайненем ото кызганчу менден баласын а азыр болсо кичине жалгыз калсак эле зв кыла берет менда тажайм россияда бирге турабыз кечке чала берет баласына иште болсо деле даже мен анча чалбайм бир уул болсого тушунуктуу дейин 3уулу бар кечкеле менин куйому чакыра берет комнатка отдельно кирсек эле
mmm
#43 03 Июль 2015 - 18:34
aayjamalka (03 Июль 2015 - 17:52) жазган:
Мага кенеш бериниздерчи жаны турмушка чыкканыида кайненем ото кызганчу менден баласын а азыр болсо кичине жалгыз калсак эле зв кыла берет менда тажайм россияда бирге турабыз кечке чала берет баласына иште болсо деле даже мен анча чалбайм бир уул болсого тушунуктуу дейин 3уулу бар кечкеле менин куйому чакыра берет комнатка отдельно кирсек эле
Ошондо, сиз күйөөңүздү кайын энеңизден кызганып жатасызбы? Баласы болгон соң чалат, чакырат. Жакшы дагы күндөшүңүз эмес ээ, тообо. Сизге зыяны жок болгон соң унчукпаңыз да. Андан да жаман кылык–жоруктуу кайненелерди көрүп жүрбөйбүзбү. .
#44 03 Июль 2015 - 19:27
aayjamalka (03 Июль 2015 - 17:52) жазган:
Мага кенеш бериниздерчи жаны турмушка чыкканыида кайненем ото кызганчу менден баласын а азыр болсо кичине жалгыз калсак эле зв кыла берет менда тажайм россияда бирге турабыз кечке чала берет баласына иште болсо деле даже мен анча чалбайм бир уул болсого тушунуктуу дейин 3уулу бар кечкеле менин куйому чакыра берет комнатка отдельно кирсек эле
"даже мен анча чалбайм" деп озунузду апасынан да жакын койуп атасызбы? Куйонуздун акылы болсо аялдан мурда апаны биринчи оорунга койот.
Балким кайын энениз баласынан кобуроок чалганы кобуроок кабатыр алаттыр, сиз аны кызганууга жооруп жаткандырсыз. Сизге айтаарым кайын эненизди андыбай жароокер болунуз!
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#45 04 Июль 2015 - 01:09
Кайын энеге деле кичине ич жылытып жакшы суйлоп турсан ал да ээрийт.Эртенки куну озун да кайын эне болосун.Келининден бир ооз жакшы соз уккун келет,сени сыйлап турса дейсин.Ошолорду азыртан ишке ашыра бергиле.
#47 04 Июль 2015 - 10:10
#48 04 Июль 2015 - 10:23
Оргулдум ошо кайненеден,
отунан кирип кулунон чыксанда ,баары бир кыйкым таап турат коройун деген козум жок! кайненемди,
мага кооп азап берген кудайга салдым кудай озу кубо, озу тараза
#49 04 Июль 2015 - 10:30
Тобоо! бул жерде укмуш акылдуулар коопко, жаман кайненелер деле толтура баласыны кызгангандар да коп , силердин кайнененер жакшы болсо керек да, беш кол тен эмес корбогондон кийин кайдан ишенмек эленер? Кудай ар бир адамга ыйман берсин да,
#50 04 Июль 2015 - 10:46
s9zen098 (04 Июль 2015 - 10:10) жазган:
Ар бир келин сиздей кайын энесин сагынгыдай жакшы корсо, Кыргызстан бактылуу кайын энелердин мекенине айланмак.
Кайненемди жакшы көрбөй коё албаймда. Алтын адам. Эчкимге жамандыгы жок, ушунчалык таза жан! Өзүмдүн апама караганда кайненем мн тез-тезден сүйлөшуп турам, тез эле сагынып кетем кадимкидей.
А мүмкүн кайненем жаман болсо, мен деле жамандап жазып отурсам керек эле. :p
#51 04 Июль 2015 - 13:06
Менин кайненем дагы алтындай,келин болгонума мына 3жыл болуп калыптыр ойлоп корсом эч жаман соз суйлогон эмес экен.Телефондо суйлошуп турабыз анан анча мынчада бир айылга барып калабыз ошондо дагы отуруп алып ар нерселерди айтып берет,менда жон отурбай анан не болуптур каяка кетиптир деееп суйлошкончо ишими кылып алам.Анан келип кайсиндилериме ушундай болуптур айылда мындай жанылык экен десем сиз каяктан угуп келдиниз мунун баарын деп кулуп калышат апам айтты десем ушу апам экоонуздор жакшы ушакташасыздарда дей беришет
#52 04 Июль 2015 - 13:19
Кайненемди жакшы кором,жакшы коралбай коё албайм.Ал болбогондо Нюнусумду кайдан тапмакмын?Тороп чонойтуп койгону учун рахмат эле айтам.Бар болушсун ылайым.
#53 04 Июль 2015 - 14:13
Мен деген ойлойм да адам кандай болсо кайненеси ошондой болот окшойт деп кооп байкагамда эжемдердин характери кандай болсо озуно окшош кайненеге туш келишкен коп досторуман дагы байкадым адам озуно билинбегени менен башкалар билген характерлери барда анан кайын энелерин айтып атканда угуп байкааап отурсан озуно окшош болуп калат ошого мен негедир ошентип ойлой берем)))
#54 04 Июль 2015 - 14:41
aayjamalka (03 Июль 2015 - 17:52) жазган:
Мага кенеш бериниздерчи жаны турмушка чыкканыида кайненем ото кызганчу менден баласын а азыр болсо кичине жалгыз калсак эле зв кыла берет менда тажайм россияда бирге турабыз кечке чала берет баласына иште болсо деле даже мен анча чалбайм бир уул болсого тушунуктуу дейин 3уулу бар кечкеле менин куйому чакыра берет комнатка отдельно кирсек эле
1-сен озу тороп эне болгонсунбу?
2- сенин апан барбы? Сага окшогон кызды "Эне коргон кыз эмес,эндик сурткон бет эмес "- дешкен ата бабабыз.Орозонун улук кунундо жаман коргонун аз келип,аллага салып каргаганын да ашыкча го дейм.Аллахым да бейиш эненин таманында деп бекер айтылбаса керек.Бугун сен кайнененди асмандан тушконсуп,бир энени кор тутуп турасын.Кайтар дунуйо дейт,озуно кайтып келинин озунон ашып тушушун ойлон,али кеч боло электе.Кызганат деген созду кантип оозун барды.Бул созун, эгер оз эненди сыйласан,эгер сен эне болгон болсон,айтмак турсун ойломок да эмесин эсиз келин,эсиз кыз.Аял затын элдин астында кор кылган,жузун жер караткан кыз демекмин.Эри жок анан менден баласын кызганат деп кеп кыласынар,Эри жок эненин айыбы барба?Энебайкуш уйго кирип эне болуп,тышка чыгып ата болуп,кор турмуштун азабын тартып журуп чонойтсо...
Келини оозун керип баласын менден кызганат десе аны уккан эне кандай кундо калды экен аа...Эне байкуш балам деди го,жаштыгын арнады го... эсиз,эсиз..
Эмне демекмин ушундай созду айтырган уул,тарбиялай албаган апасына наалат демекмин...
Ар пенденин келини уяттуу баласы намыстуу болсун деп тилеп кетейин.Силер да жылдар отуп кайнене болосунар... . Бул тагдыр кайталанбасын деп орозо оозум менен тилеп кетейин.
#55 05 Июль 2015 - 01:34
Рая апа кана ушу созунуз таасир берип,кайненесин оз апасындай коргондор кобойсо,бирок.
..

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#56 05 Июль 2015 - 13:55
Кайненем жөнүндө жаман сөзүм жок. Тез эле тарбиясына түшүрүп алган, өгөйлөп жаман айтпайт. "Бегимайым"
деп сүйлөйт экен мен жокто.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#57 05 Июль 2015 - 21:13
Баардык кыздарга тушунуктуу,
оз кызындай кабыл алып,кайненелик кылбаган,кайненелер туш келсин,оооомииин))).
Коп жамандабагыла,
буюрса силер да кайнене болуп,келин жумшап каласынар.Жашоо бумеранг.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#60 06 Июль 2015 - 16:09
Эс тарткандан эле элдерге окшоп жолдошум жакшы болсун дебей, кайненем жакшы болсо экен деп тиленчу элем. Жаштын тилегин берет дегендей Кудайга шугур кайненем мыкты аял, колумдан келбесе да мактап турат ар дайым. Уйго конок келгенде озу салат жасап конокторго келиним жасады да деп мактанат мени уят кылып. Жаны кийим алып кийсе да балам менен келиним алып берди деп турат. Жолдошума караганда кайненем кобуроок конул бурат мага. Москвада жургонубуздо жолдошум жумуштан келгенде мен бош эмес болсом кайненем колуман ишими алып, бар сен кирип куйоон менен чогуу дем ал деп жок деп уялганыма конбой киргизип салат эле. Азыр телден акыбалымды сурап, белек бечкектерин жиберип турат. Ар дайым жасанып, супсулуу болуп жургун, элдер менин келинимди коруп суктанышсын деп айтып кулдурот. Абдан ыраазы болом, Кудайга мин мертебе рахмат айтам ушундай кайненеге туш болгонума...