Суу чечек деген кандай оору?
Суу чечек - орус тилинде "ветряная оспа" (ветрянка) деп аталат. Анткени бул ооруну шамал алып келет. Башкача айтканда, суу чечектин вирустары абада жашоого жөндөмдүү. Ал жерде суу чечек менен ооруп жаткан бала жок болсо дагы оорунун козгогучтары абада жүргөн болот. Айрыкча жаңы жарылган ыйлаакчалардан оору козгоочу вирустар көп бөлүнүп чыгат.
Балага кантип чыгат?
Суу чечек жуккандан соң эки күндөн кийин бүдүрлөр чыга баштайт. Ага чейин баласынын ооруп калганын энеси да байкабайт. Көпчүлүк учурда суу чечек менен 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар оорушат. Бир жашка чейинки балдардын ооругандары да көп эле кездешет. Баланын жашы канчалык чоң болсо, оору ошончолук татаал өтөт.
Ар бир бала сөзсүз түрдө ооруйбу?
Суу чечек чыккан бала менен байланышта болгон башка балдардын 80-90 пайызына суу чечек жугат. Ал эми жукпаган балдардын иммундук системасы ошол учурда башка оору менен күрөшүп жаткан болот. 15 жашына чейин балдардын 95 пайызы бул оору менен ооруп бүтөт.
Суу чечек экинчи жолу
да чыгышы мүмкүнбү?
Жок, бир жолу суу чечек менен ооруган бала өмүр бою бул оорудан кутулат. Кээде ата-энелер баласынын эки жолу бул ооруга чалдыкканын айтышат. Мындай болушу мүмкүн эмес. Болгону экөөнүн бирөөсүнө туура эмес диагноз коюлган.
Суу чечектин бир өзгөчөлүгү бар: анын кайсы бир бөлүгү жүлүнгө жакын жердеги нерв жолдорунда жашай берет. Бирок көп жылдар бою ал тынч жашайт. Иммунитет алсызданганда ал жанданышы мүмкүн. Андай учурда адамга, айрыкча карыган учурда жара (темиретки) чыгат. Ал эми балдарда бул вирус суу чечекти чакырат. Ошентип бул балдар оорусунун алып жүрүүчүлөрү чоң ата, чоң энелерибиз болуп калышат.
Жугузуп алуудан сактанса болобу?
Мүмкүн эмес. Анткени дүкөнгө сиздин алдыңызда эле суу чечек менен ооруп жаткан бала кирип чыкканын билбейсиз да. Ал учурда суу чечектин вирустары абада учуп жүргөн болот. Балаңызды бул вирустан катуу коргогон күндө деле баары бир өспүрүм курагында же чоңоюп калганда ооруйт. Белгилүү болгондой, ал куракта оору алда канча оор өтөт. Мындан тышкары, денесинде, бетинде тактар калып калышы мүмкүн. Ошондуктан бала бул оору менен канчалык эрте ооруса, ошончолук жакшы.
Ооруну кантип аныктоого болот?
Так диагноз үчүн төмөнкү үч белги маанилүү:
1. Баланын денесине окшош бүдүрлөр чыга баштайт. Алардын айланасы кызыл, ортосу ак болуп, ичине кол тийсе эле жарылып кеткидей болгон суу толуп турат.
2. Мындай ыйлаакчалар дененин бардык бөлүгүнө, атүгүл башка да чыгат.
3. Бир эле учурда денеде жаңы чыгып келе жаткан кызыл тактар, ыйлаакчалар жана ката баштаган тактар болушу мүмкүн.
Оору канча убакытта жугат?
Инкубациялык мөөнөт 10-14 күн. Суу чечек менен ооруган бала менен байланышкан соң балаңыз аны жуктургандыгы же жуктурбагандыгы мына ушунча убакыттан кийин гана билинет. Ага чейин бала өзүн жакшы сезип эле жүрө берет. Ал эми бүдүрдүн чыгышына 1-2 күн калганда балада бир аз өзгөрүү байкалат: анын дене табы көтөрүлүшү мүмкүн, же болбосо ал чарчаңкы тартып, кыңкыстай берет.
Суу чечекти дарылоо
Суу чечек денени кычыштырат.
Бала аны тырмап, ичине инфекция киргизип жибербеш үчүн анын тырмагын алып, таза кармаңыз. Тырматпаганга аракет кылыңыз, болбосо суусу чыгып, бүдүр денеге көп тарап, алардын ордунда так калып калат. Ооруган балага калың кийим кийгизүүнүн кажети жок. Үйдүн ичи да салкын болууга тийиш. Жай мезгилинде суу чечек менен ооруган бала сыртка чыкканда көлөкөдө жүрүүсү керек.
Суу чечек кычыштырып кыйнаганда аны бешинчи күндөн баштап бир аз марганцовка кошулган сууга киринте берүүгө болот. Же болбосо бир чыны коюу демделген кара чай кошулган сууга киринтсеңиз да болот. Чайдын курамындагы танин дененин кычышуусун басаңдатат.
Эркек баланын жумурткасына,
кыз баланын жыныс органдарынын ичине бүдүрлөр чыгып кеткен учурда мындай аралашмага баланы отургузуу жакшы жардам берет. Улам чыккан бүдүргө жашыл бриллиант эритмесин (зелёнка) сүйкөгөндөн башка суу чечекке каршы дары жок. Мындан тышкары ооруган бала диета кармоого тийиш. Ооруп жаткан учурда ачуу, туздалган, ышталган, майлуу азыктарды рационго кошпош керек. Андан көрө сүт ботколорун,
кайнатылган тамактарды берүү керек. Жашылча-жемиштерди жана алардын ширесин берүү зарыл. Бирок кычкыл жемиштерди бербей эле турган оң. Мындан тышкары, суудан көп берүү керек.
кочуруп келдим.
Наристелүү апаларга жардам Жаңы төрөгөн жаш балалуу энелер үчүн кеңештер
#2702 20 April 2016 - 14:25
кызым кичине муздак ичип калса эле жотолуп, тамагы ооруп, мурду агып эле болбой калат. дайым жылуу берип кондуруп койсом керек. бул менен тендер мороженое жеп эле жакшына журушот, кызыма бердим дегиче башталат 10 кундой кыйналабыз.
жакында эле 3-4кун температура болуп басылган, анан столдун устунон муздак чай алып ичип алыптыр, кайра баштады. врач бисептол, ингалип жазган. бромгексин кошуп берип жатам..кыжаалат кылат да кишини. кантип калтырса болот ошонусун. куздо учко чыгат.
Менин балам да муздак сок, компот ичсе,муздак йогурт,алма, банан, сладкий жесе жотолчу, мурду куюлчу.Озум уйдо аптекадан сироп, анаферон ичирип сакайта албай койдум.Кичине сакайганда кайра муздак жеп дагы ооруп калат.Анан педиатрга алпарсам дары жазып берди, убагында ичип 5кундо толук айыктык.
1.флемаксин салютаб 3раза 5дней
2.линекс 3раза 7-10д
3.ингалит 3р 7д
4.геделикс 3р 7д
2.
#2703 21 April 2016 - 08:00
суу чечек .ветрянка болсо керек. зеленка эле жакшы ага. кичинесинде болсо анча кыйналбайт дейт, чонойгондо жаман экен. мен чоноюп эле 22ге чыкканда болуп аябай жаман болгом, 3-4 кун тура албай жатып калгам. 2 жумага барып анан айыккан. кычышканын айтпа(((. бир болсо кийин кайталап болбойт экен.
Рахмат.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#2704 21 April 2016 - 23:20
коздун агы эмнеден кызарат? бир жак козунун бир тарабы тегиз кызарып калыптыр, эч нерсе деле болгон эмес эле. мындан 2ай мурун аллергия болуп, врач ломилан деген таб жазган эле 5 кун бер деп, ошол дарыны бергенден кийин козу ошонтип кызарганынан 3кун берип, бербей койгом. билгендер айтып коесуздарбы?
#2705 22 April 2016 - 10:55
коздун агы эмнеден кызарат? бир жак козунун бир тарабы тегиз кызарып калыптыр, эч нерсе деле болгон эмес эле. мындан 2ай мурун аллергия болуп, врач ломилан деген таб жазган эле 5 кун бер деп, ошол дарыны бергенден кийин козу ошонтип кызарганынан 3кун берип, бербей койгом. билгендер айтып коесуздарбы?
Менин да баламын сол тарап козу кызарып калыптыр, эмне кылсам деп кире калсам, аллергия мн алышып келип жатканда бул эмнеси деп кире калсам, озу негизи торолгондон бери козу чылпактап кооп ооруйт?
#2706 22 April 2016 - 11:59
коздун агы эмнеден кызарат? бир жак козунун бир тарабы тегиз кызарып калыптыр, эч нерсе деле болгон эмес эле. мындан 2ай мурун аллергия болуп, врач ломилан деген таб жазган эле 5 кун бер деп, ошол дарыны бергенден кийин козу ошонтип кызарганынан 3кун берип, бербей койгом. билгендер айтып коесуздарбы?
Бизде да ошентип кызарып калганда чайды коюу демдеп козун ошол чайга ватаны салып аарчып турганбыз. Кунуно 3-4 жолу 2 кундо кетти кызарганы,ушалабай да калды козун
#2707 22 April 2016 - 14:29
Балам бир жаш торт ай болуп калды.Эмчектен чыгарып салсамбы дегем.Туну менен эмип жанымды сууруп атат.эркек бала каттуу тиштеп эмет экен. Эмне менен алаксытышты да билбей атам.
#2708 22 April 2016 - 16:24
Менин балам 1жашынан бери ангина болуп ооруйт кичине шамалдаса жотолуп мурду агат.4жылдан бери ошентип айына укол же сироп ичирип сакайтабыз болницага барып чарчадым.Акыры дагы бир кун ангина болуп оруп калды ингалипт дагы тугоп калган экен анан шприцке сийдигин куйуп тамагына мурдуна куйуп парацетамол ичирип ороп жаткызып койдум 2жолу ошентим эле жакшы болуп калды.Болбосо 1жума жатат эле азыр башталса эле ошентем мурдагыдай коп оорубай уколдон кутулуп калды.
#2709 22 April 2016 - 16:47
Менин да баламын сол тарап козу кызарып калыптыр, эмне кылсам деп кире калсам, аллергия мн алышып келип жатканда бул эмнеси деп кире калсам, озу негизи торолгондон бери козу чылпактап кооп ооруйт?
Менин кызымкамын козу да кызарып калат маал маалда.Уктаганда эритромицин мазь суйкоп койсом жакшы болуп калат эртеси.
#2710 23 April 2016 - 10:59
Жакшы кенеш экен. Биринчи тепкичи эки уч кундо бала эмчектен чыгат. Эки кун ыйлайт анан унутат. Экинчи тепкич- туура гормоналдык даарыдан кийин эки кун колу бутун оорлошуп кыймылдай албай да каласын, бирок сут жарым жылга чейин келе берет (сыкса сут эе суу чыгат). Бирок бул ыкманы колдонуш учун биринчи ыкмага жардамга жонойсун. Себеби наристеге баарыбир эмеспи дары ичтинби жокбу, а эмизиш ото коопту, гормондор сут аркылуу балага да таасирин берет.
Учунчу ыкма абдан узак, бирок толк жок. Себеби ушул жол менен чыгарам деп уулум торт жарым жыл журду ынжыктап, бербей койсо депрессия, психоз, жада калса нехватка внимание деген диагноздорду невролог коюп жетишти. Тапкан пайдам коррекциялык кабинетке жети жашка чейин жолдомо болду. Биринчи экинчи ыкма менен чыгарсам мынча болбойт эле. Озумо озум пробл.ды тоодой кылып уйуп алдым. Кызымда биринчи экинчи ыкманы колдондум. Эки кун ыйлады (эки жыл эмес). Бала тез унутту, жана азыр эстеп да койбойт. Уулум болсо азыр деле умут кылып журот. Бул менин жеке практикам. Мумкун силер да болушо кетээрсинер
Учунчу ыкма абдан узак, бирок толк жок. Себеби ушул жол менен чыгарам деп уулум торт жарым жыл журду ынжыктап, бербей койсо депрессия, психоз, жада калса нехватка внимание деген диагноздорду невролог коюп жетишти. Тапкан пайдам коррекциялык кабинетке жети жашка чейин жолдомо болду. Биринчи экинчи ыкма менен чыгарсам мынча болбойт эле. Озумо озум пробл.ды тоодой кылып уйуп алдым. Кызымда биринчи экинчи ыкманы колдондум. Эки кун ыйлады (эки жыл эмес). Бала тез унутту, жана азыр эстеп да койбойт. Уулум болсо азыр деле умут кылып журот. Бул менин жеке практикам. Мумкун силер да болушо кетээрсинер
#2711 23 April 2016 - 11:42
Менин кызым 3 ыкма менен 1 жаш 4 айлыгында. чыккан. Башында ачуу нерсе суйкоп коргом,бирок болбойт экен. Бара бара тушундуруп,
жок калды же дагы башка нерселерди айтып алаксытып,алды ачылбаган кийим кийип алыстаткам.
2 жумага жетпей чыккан,ал да депрессия болгон жок,менин да сутум толуп кеткен жок.
#2712 23 April 2016 - 11:45
Укканым бар,канчалык баланы копко эмизсен ошончолук чыгаруу кыйын деп,мисалы 3 же 4 жашына чейин.
#2713 23 April 2016 - 14:01
Мен бир жыл мурун жумшак жа табыйгый жол мн бир ай ичинде чыгардым.Эрте жазда чыгарсан жакшы дегенинен бир ай мурун аз аздан эмизгенди азайта баштаганмын.
Кызым 2жаш болуп эмчек десе магниттей жабышат эле.Эн оной ыкма ушул экен акырында 1мартта чыгардым бир жумада эсинен чыкты башка тамак деле жарытып жебейт болчу.3маал ыссык тамак жасап ач койбогонго аракет кылдым ойноп жургондо колуна печенья ,колбаса карматып коем анан витамин бергем аппетитин ачсын деп,туну деле эч Ким карашып жаткан жок озум бир эки ойгонуп мама десе сок ,кипиток жылытып берип кайра таптап уктатчумун.
Бирок азырга чейин уктаарда мойнумду кармап уктайт ал туулгандан берки прывычкасы ))Апам кантип чыгаарар экенсин дейт эле акырында озу тан калды,ошондо февралдан баштап эмизгенди азайта баштапмын.И баса кокурогум деле шишиген жок,ооруткан деле жок танбадым деле бир жумада сут таркап кетти эч кыйналбадык кызым экооз тен.Бул ыкманы интернеттен ушул жерден окуп билдим.
#2714 24 April 2016 - 10:40
Салам энелер мен торогондо эки кокурогум да жара болуп кеткен эле бир кокрогумдо кобураак эмизген элем бириси чонураак бириси кичинереек болуп калды эмне кылсам болот.
А
#2715 26 April 2016 - 13:05
Салам апалар мен бир эки кундон бери башым ооруп температура чыгып чыйрыгып жатам баламды эмизсем болобу.Тамагым да жутунсам ооруп жатат даара ичип жатам,анын устуно министиратциям да гелтат даари ичсем токтоп калабы,ичпесем башым жарылайн деп ооруп атат эмне кылсам.ката жассам кечирестер.
А
#2716 26 April 2016 - 18:12
Ассаляму Алейкум! Наристелуу апалар кандайсыздар?
Аман-эсен чонойушуп жатасыздарбы?
Ухтилер мен бир суроо берейин деген элем. Билгендер жооп берип коюнуздарчы?
Балам 2 жаш болду 10 кун алдын гемоглабинге кан тапшырсак 101 чыкты эле. Бугун дагы кан тапшырсак 80 чыкты. Эми сурайын дегеним канга даары ичип жатканда кайра каны тушуп кетиши мумкунбу? Сураныч билгендер жооп берип коюнуздарчы.
АЛЛАХЫМ ыраазы болсун!
#2719 27 April 2016 - 03:40
Салам энелер мен торогондо эки кокурогум да жара болуп кеткен эле бир кокрогумдо кобураак эмизген элем бириси чонураак бириси кичинереек болуп калды эмне кылсам болот.
Кичирээк тарабын кобуроок, чонураагын азыраак эмизсениз тенелет. Чону толуп калса учун бир аз эле саап женилдетип коюу керек.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#2720 27 April 2016 - 03:46
Салам апалар мен бир эки кундон бери башым ооруп температура чыгып чыйрыгып жатам баламды эмизсем болобу.Тамагым да жутунсам ооруп жатат даара ичип жатам,анын устуно министиратциям да гелтат даари ичсем токтоп калабы,ичпесем башым жарылайн деп ооруп атат эмне кылсам.ката жассам кечирестер.
Грипп жуктурган болсонуз кайра тескерисинче эмизе беруу керек. Себеби энеден балага баары бир жугат да, а сиздин сут менен барган ооруга каршы антителолор баланын батыраак сакаюусуна жардам берет. Жуктурбоо учун маска тагып эмизип корунуз, бирок сизди тааныбай калса эме береби, бир карап коросуз го.
Башыныз ооруса балдарга уруксат этилген дарылардан ичууго аракеттениниз. Ошол эле парацетамол же ибуфенден. Бирок парацетамол ичкенде ибуфен ичпейсиз, жана тескерисинче. Экоону алмак-салмак ичкендин ортосунда канча бир саат отуусу керек. Андан болок баланызда аллергия жок болсо, же жылуу сууга бал менен лимон ширесин аралаштырып же малина кыям кошулган чай ичсениз да таасир берет. Малина аспирин сымал таасир этет.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео














