Суперстан: Уулкандан ыр белек! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Уулкандан ыр белек!

#61 Пользователь офлайн   Baktyluumun   08 Июль 2014 - 05:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Июл 2025 17:38
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

Uulkan eje odnoklassnikige jaza berbey bul jakka dagu jazsanyz!
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Uulkan2288   08 Июль 2014 - 23:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Просмотр сообщения Sweetdream (05 Июль 2014 - 11:33) жазган:

Uulkan eje, yrlarynyzdan ilip turunuzchu, kopko kutturboi)))


Бул жакка анча түшүнө бербейм да, болбосо илмекмин. ))
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Uulkan2288   08 Июль 2014 - 23:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Сагынганда батпай ичке каламын.
Өчөшкөнсүп, мокой түшөт каламым.
Нур төгүлөт, ошол замат жүзүмдөн,
Кандайсың ? - деп, кокус айткан саламың.

Эстегеним болуп жалгыз бир өзүң.
Эркелесем, шылдың кылып күлөсүң.
Билбейм неге, кыйнап мени сагынтып,
Билбейм кандай максат менен жүрөсүң?

Көзүм ачсам, көз алдымда элесиң.
Көзүм жумсам, түштөрүмө келесиң.
Кулагымда атың сенин жаңырат.
Кимсиң деги? Мынча азап бересиң?
..................... .................



Жеңалбай мен, сүйүү деген сынакты.
Жашоом менин неге мынча сынат бу?
Өчүрбөстөн мен да бүгүн уктадым,
Сен жандырып жаткан ошол чыракты.

Үйрөнүп да, өзүңө көнүп алып.
Үзүлбөгөн үмүттөн өнүп алып.
Кайгы таптым кайрадан сен аркылуу,
Кейип турам жашоодон көңүл калып.

Жүрөгүм ооруп турат таарынычтан.
Жүзүмдүн нурун кайгы алып учкан.
Муз тоңуп калган өңдүү тереземе,
Муң тартып баратамын сагынычтан.
..................... ..............




Издечү болдуң кыйкым, акыргы күндөрү кылдан дагы.
Кызганчу болдуң неге, жада калса калемден, ырдан дагы?
Мен ырсыз жашай албайм, " жазба " - деп урушпачы суранамын,
Көңүлдүн баркын билбей, сен мени себеби жок кызганбагын!

Буулуксам ыйлабаймын, жаш төгүп башкаларча жеңил гана.
Бул өнөр мени таппай, мен аны тапкан болсом эми гана.
Сен мени жемелейсиң, дартыңды жазбагын деп, ырлар менен,
Сезбейсиң, бул ырымдын пайдалуу экенин деми гана.

Эби жок чыр саласың, " өрттөйм " - деп, тер төгүп жазганымды.
Эркимден ажыратпа, маңдайга жараткандын жазганы бу.
Тийбегин эмгегиме, өнөрүм көмүскөдө өксүбөсүн,
Ырларым жашайт кылым, кааласаң берейин ме? Ал жанымды!!!
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Kosmira   14 Июль 2014 - 22:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 01 Июнь 14
  • Соңку аракети: 22 Окт 2014 23:58

Ырларыныздын мааниси ото терен....
Калеминиз курчуй берсин, коп-коп ырларды жарата берин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Eltuzor   16 Июль 2014 - 19:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Бапакелде! !! супер ырлар экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Baktyluumun   10 Август 2014 - 03:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Июл 2025 17:38
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

Талантынызга таазим! Дагы да ырларыныздан кутобуз!Сүрөт
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   18 Ноябрь 2014 - 22:08

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

БИЛБЕЙМ НЕГЕ?


Курмандыгы болдум сүйүп бирөөнүн.
Кыйналууда жапаа тартып жүрөгүм.
Бирге жашоо сүрбөшүбүз билсем да,
Билбейм неге жакшы көрүп жүрөмүн.?..


Мазмуну жок махабатты жетектеп.
Жаш баладай көйнөгүңдөн этектеп.
Ээрчип жүрөм көлөкөдөй керексиз,
" Менин сүйүүм экөөбүзгө жетет " - деп..


А сен болсо пайдаланып көңүлүм.
Ачык айтпай максаттын чын-төгүнүн.
Арасааттап үмүтүмдү жүрөсүң,
Айыптуу деп, өтсө сенсиз өмүрүм.


Айып эмес, сүйгөнүмө жетпесем.
Айып болоор адал жолдон четтесем.
Сүйүп калуу - бул жүрөктүн буйругу,
Сүйүү - бакыт, эгер аны эптесең.


Билбейм неге сүйүп, неге сагынам?
Балкый түшөм мен өзүңдү эстесем..
АМИРАЕВА У:
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Uulkan2288   19 Ноябрь 2014 - 15:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Просмотр сообщения barpynynkyzy (18 Ноябрь 2014 - 22:08) жазган:

БИЛБЕЙМ НЕГЕ?


Курмандыгы болдум сүйүп бирөөнүн.
Кыйналууда жапаа тартып жүрөгүм.
Бирге жашоо сүрбөшүбүз билсем да,
Билбейм неге жакшы көрүп жүрөмүн.?..


Мазмуну жок махабатты жетектеп.
Жаш баладай көйнөгүңдөн этектеп.
Ээрчип жүрөм көлөкөдөй керексиз,
" Менин сүйүүм экөөбүзгө жетет " - деп..


А сен болсо пайдаланып көңүлүм.
Ачык айтпай максаттын чын-төгүнүн.
Арасааттап үмүтүмдү жүрөсүң,
Айыптуу деп, өтсө сенсиз өмүрүм.


Айып эмес, сүйгөнүмө жетпесем.
Айып болоор адал жолдон четтесем.
Сүйүп калуу - бул жүрөктүн буйругу,
Сүйүү - бакыт, эгер аны эптесең.


Билбейм неге сүйүп, неге сагынам?
Балкый түшөм мен өзүңдү эстесем..
АМИРАЕВА У:


Ваай, рахмаат саксааш, ушинтип эле жазып турсаң :)

Билдирүүнү түзөткөн: Uulkan2288: 19 Ноябрь 2014 - 15:31

Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   21 Ноябрь 2014 - 19:15

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Келиндер торкунуно кайтпаса экен!!!

Келинге катуу айтып какпаса экен.
Кемсинтип кемчилигин айтпаса экен.
Жетелеп балдарыны туболукко.
Келиндер торкунуно кайтпаса экен.

Булоону суйуусу жок курбаса экен.
Бироонун тагдыр шагы сынбаса экен.
Кыр издеп жумурткадан чыр чыгарып.
Куйоолор аялдарын урбаса экен.

Булактын суусун сазга бурбаса экен.
Арамды адал сууга жуубаса экен.
Болбогон буюм учун балта чабып.
Кайын журт келиндерин куубаса экен.

Бироого бироо шылдын кулбосо экен.
Келиндер турмушунан куйбосо экен.
Балдарын багамын деп туйшук тартып
Талаалап апакелер журбосо экен.

Мас болуп эркек жанжал баштабаса.
Апалап балдар козун жаштабаса.
Аялын таштаса да мейли бирок..
Аталар балдарыны таштабаса.
Автор Уулкан Амираева
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   FREZIYA   21 Ноябрь 2014 - 20:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2014 06:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гулдор олкосундо...

ушул эженин ырларынан таасирленпм да аябай
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   rozka   21 Ноябрь 2014 - 21:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Апр 2020 08:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:новосибирск

Мен дагы одноклассниктее Уулкандын ырларын коп окуймун ушунчалык жакшынакай создорду маанилуу нерселерди жазат онорун оркундоп эч жамандык корбой калемин курчуп журо бер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   28 Ноябрь 2014 - 22:05

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Уулкан Амираева
Курмандыгы болдум суйуп бироонун.
Кыйналууда жапаа тартып журогум.
Бирге жашоо сурбошубуз билсем да,
Билбейм неге жакшы коруп журомун..

Мазмуну жок махабатты жетектеп.
Жаш баладай колдорундан этектеп.
Ээрчип журом колокодой керексиз,
Менин суйуум экообузго жетет деп..

А сен болсо пайдаланып конулум.
Ачык айтпай максаттын чын- тогунун.
Арасааттап умутумду журосун.
Айыптуу деп отсо сенсиз омурум .

Айып эмес суйугонумо жетпесем.
Айып болоор адал жолдон четтесем.
Суйуп калуу бул журоктун буйругу,
Укпаса эмне махабатты кет десем.

Билбейм неге суйуп, неге сагынам.
Балкый тушом бал созунду эстесем..
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   28 Ноябрь 2014 - 22:06

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Уулкан Амираева

Бир кун келип билик сымал очоорбуз.
Балким чогуп балким бийик осоорбуз.
Сары кагаз чоркок калем учообуз
Ыр калдыгын терип журуп отоорбуз.

Ким бироого кулку болоор жазганым.
Ким бироолор айтаар чындык жалганын.
А мага не? Мен баарына кайылмын.
Коро берем тагдыр башка салганын.

Акын деген жаман атты туу тутуп.
Ар сабынан моокум кана суу жутуп.
Жаза берем ысык суугун ылгабай.
Бирде шербет бирде ачуу уу жутуп.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   28 Ноябрь 2014 - 22:07

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Уулкан Амираева


Кыйнап барат жалгыздыктан журок демим.
Кыял гана турат колдон суйоп сени.
Кезигишип махабаттын жолдорунда
Ким бироону суйгум келип журот менин.

Издеп журом чын ашыгым тенимди.
Толтурсам деп толтосу бош жеримди.
Балким кимдир издеп журоор мени да.
Башы ташка тийген мендей келинди.

Жан дуйнонун жанырыгы эзип журок.
Жаным сыздап абдан жургон кезим жудоп.
Жашыралбай баратамын айыбымды
Ким бироону сагынгым келип журот.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   28 Ноябрь 2014 - 22:08

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Уулкан Амираева


Тынч албай сезимдерим.
Журогум согуп алсыз.
Жабыркап махабаттан
Сен жалгыз мен да жалгыз.

Даай албай алыстыкка.
Далай биз сагыныштык.
А балким ашык болуп
Арзышып жанылыштык.

Озунду жоктоп улам.
Комузум турат четте
Сен суйгон ошол обон
Отконду салат эске.

Сезимдер болуп жансыз
Сен жалгыз менда жалгыз.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   realbek89   28 Ноябрь 2014 - 22:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 101
  • Катталган: 01 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Май 2018 14:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Озгонский

Жакшы жазыптырсыз, аябай жакты баардык ырларыныз.Ийгилик сизге
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Angel92   30 Ноябрь 2014 - 18:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Сиздин ырларды башка желелерден да окуп турам.Талантынызга таазим...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   kammilla   01 Декабрь 2014 - 17:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 969
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 05:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Ар дайым алга!!! Азаматсын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Uulkan2288   02 Декабрь 2014 - 17:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Чооң рахмат баарыңарга.
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   14 Январь 2015 - 02:35

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

ТИЗЕ БҮКТҮМ
Бул ашыктык азабы эзип жүрөк.
Ысырапка жайнаган жердей жүдөп.
Дагы сүйүп, сезимди жаралатып,
Көңүлүмдү кирдетким келбей жүрөт.

Сүйүү эмне? Кайгыга түшкөн сезим.
Күтүүлөрдөн түңүлүп жүргөн кезим.
Билбейм, бирок башканы сүйгүм келбей,
Сен менен да болалбай жүрөм өзүм.

Жап-жаш туруп сүйүүдөн жүдөп бүттүм.
Жолдор карап зарыктым, көпкө күттүм.
Эй боору таш махабат, эми чындап,
Акыйкатка мен бүгүн тизе бүктүм..
У. Амираева.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 30 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 30, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: