Жүзүмдөн аяр гана сүйүп кеткин.
Жүзүңдү көрөмүн деп, күйүп кеттим.
Жалгызым, жалгызсырап калбасын деп,
Жакама бал жытыңдан куйуп кеткин.
Сүйүүңдүн тазасынан берип кеткин.
Садагам, жакшы ырымдан сергип кеткин.
Суз тартып, көңүл чөгүп калган кезде,
Сүйүктүүм жаныма бир келип кеткин.
Амираева Уулкан.
Уулкандан ыр белек!
#82 14 Январь 2015 - 02:36
МЕН ӨЗҮМДҮ ТАМЧЫЛАРГА ОКШОТУП.
Арыз муңуң ай-ааламга жомоктой.
Арыздандың айлананы тоготпой.
Неге күндө көз жашыңды көлдөтүп,
Неге жамгыр нөшөрлөдүң шолоктой?
Кабагыңды бүркөп, эрте түнөрүп.
Кайгырасың таалайыңа күнөөлүү.
Сур булутту жолдош кылып алыпсың,
Себеп барбы арманыңа жүйөөлүү?
Таң. Шүүдүрүм. Денем эчак муздаган.
Шамал согуп, бактар уулуп ырдаган.
Мен өзүмдү алсыз десем, эх жамгыр,
Менден өтүп, сыздаганың, сыздаган.
Суз көңүлдүн чертип муңдуу кылдарын.
Сурайсың да, унут калган сырларым.
Тереземе чертсең жамгыр көнөктөп,
Сени менен кошо мен да ыйладым!
Мен өзүмдү тамчыларга окшотуп,
Мен да бүгүн көз жашымды тыйбадым..
Арыз муңуң ай-ааламга жомоктой.
Арыздандың айлананы тоготпой.
Неге күндө көз жашыңды көлдөтүп,
Неге жамгыр нөшөрлөдүң шолоктой?
Кабагыңды бүркөп, эрте түнөрүп.
Кайгырасың таалайыңа күнөөлүү.
Сур булутту жолдош кылып алыпсың,
Себеп барбы арманыңа жүйөөлүү?
Таң. Шүүдүрүм. Денем эчак муздаган.
Шамал согуп, бактар уулуп ырдаган.
Мен өзүмдү алсыз десем, эх жамгыр,
Менден өтүп, сыздаганың, сыздаган.
Суз көңүлдүн чертип муңдуу кылдарын.
Сурайсың да, унут калган сырларым.
Тереземе чертсең жамгыр көнөктөп,
Сени менен кошо мен да ыйладым!
Мен өзүмдү тамчыларга окшотуп,
Мен да бүгүн көз жашымды тыйбадым..
Барпылыктар рулит))
#83 14 Январь 2015 - 02:37
Көнүгүп жалгыздыкка бүткөнсүдүм.
Кайгынын азабына түткөнсүдүм.
А бүгүн эмнегедир үмүт артып,
Жол карап, бир адамды күткөнсүдүм.
Таарыныч турса дагы арабызда.
Тагдырга күнөө койуп алабыз да.
Сен ата, мен энемин бирок, дале,
Сүйүүдө кичинекей балабыз да.
Кусанын төрүн ээлеп сагынычым.
Күл болуп, сапырылды таарынычым.
Жаркылдап, баягыдай күлүп келсең,
Өзүңдү кечирмекмин багым үчүн.
Амираева У.
Кайгынын азабына түткөнсүдүм.
А бүгүн эмнегедир үмүт артып,
Жол карап, бир адамды күткөнсүдүм.
Таарыныч турса дагы арабызда.
Тагдырга күнөө койуп алабыз да.
Сен ата, мен энемин бирок, дале,
Сүйүүдө кичинекей балабыз да.
Кусанын төрүн ээлеп сагынычым.
Күл болуп, сапырылды таарынычым.
Жаркылдап, баягыдай күлүп келсең,
Өзүңдү кечирмекмин багым үчүн.
Амираева У.
Барпылыктар рулит))
#84 14 Январь 2015 - 02:37
ПЕЙИЛДЕРДИН ТАРДЫГЫ
Жакыр ойлор, жаман адат баардыгы.
Кемсинтүүлөр адат болуп калдыбы?
Жек көрүүлөр, ушак, жалган жалаа көп,
Бул дегеним - пейилдердин тардыгы.
Бирөө айтат далил менен чындык кеп.
Табам десе шылтоо үчүн кынтык көп.
Бир адамды жамандаса, айыптап,
Калгандары колдоп кирет, шумдук деп.
Кудай таалам акыйкаттын күбөсү.
Адам жоктур айыбы жок, күнөөсү.
Оңолсо да, заман менен жашоолор,
Оңолбойт эх, адамдардын мүнөзү.
Ылай шыбап адамдардын жүзүнө.
Ырсайышат кылганына сүйүнө.
Мына ушундай парасатсыз пенденин,
Билем, бир күн каргыш жетээр түбүнө.
Күнөөм болсо, келээр жаза убагы.
Бийик кетпей, бирге жерде туралы.
Кимдир менин жан дилимди оорутса,
Тынч уктатпас, көз жашымдын убалы!
Жакыр ойлор, жаман адат баардыгы.
Кемсинтүүлөр адат болуп калдыбы?
Жек көрүүлөр, ушак, жалган жалаа көп,
Бул дегеним - пейилдердин тардыгы.
Бирөө айтат далил менен чындык кеп.
Табам десе шылтоо үчүн кынтык көп.
Бир адамды жамандаса, айыптап,
Калгандары колдоп кирет, шумдук деп.
Кудай таалам акыйкаттын күбөсү.
Адам жоктур айыбы жок, күнөөсү.
Оңолсо да, заман менен жашоолор,
Оңолбойт эх, адамдардын мүнөзү.
Ылай шыбап адамдардын жүзүнө.
Ырсайышат кылганына сүйүнө.
Мына ушундай парасатсыз пенденин,
Билем, бир күн каргыш жетээр түбүнө.
Күнөөм болсо, келээр жаза убагы.
Бийик кетпей, бирге жерде туралы.
Кимдир менин жан дилимди оорутса,
Тынч уктатпас, көз жашымдын убалы!
Барпылыктар рулит))
#85 14 Январь 2015 - 02:39
Койнун ачып өгөй бакыт баласы.
Кучактады, бактылуумун карачы..
- дегем, бирок кучагында муунтуп,
Койооруну билбегем го чамасы..
Айтканда не? Өткөн кетти өтүлүп.
Айла канча, боздогондо өкүнүп.
Үмүт жеңин түрүп алып жаңыдан,
Үй тургузам, жүрмөк белем бекинип?
Тагдыр буруп жүзүн бирде тескери.
Жашоо мени билбейм мынча жектеди.
Толгон чыгаар Турмуш деген агайдын,
Мен жөнүндө жазган сыноо дептери.
Уулкан АМИРАЕВА.
Кучактады, бактылуумун карачы..
- дегем, бирок кучагында муунтуп,
Койооруну билбегем го чамасы..
Айтканда не? Өткөн кетти өтүлүп.
Айла канча, боздогондо өкүнүп.
Үмүт жеңин түрүп алып жаңыдан,
Үй тургузам, жүрмөк белем бекинип?
Тагдыр буруп жүзүн бирде тескери.
Жашоо мени билбейм мынча жектеди.
Толгон чыгаар Турмуш деген агайдын,
Мен жөнүндө жазган сыноо дептери.
Уулкан АМИРАЕВА.
Барпылыктар рулит))
#86 14 Январь 2015 - 02:40
Эн таасирдуу ырларынын бироосу... Копчулуктун козуно жаш алып келген ыр саптар...
АЛЫСТЫК БӨЛҮП БҮТҮНДҮ.
Жарыгым, нурун чачкан күнүм менин.
Жалындап жанып турган сүйүүм менин.
Жүрөктүн тең жарымын алып жүргөн,
Жан балам урматым да, сыйым менин.
Көздөрү жымшык менин көзүмө окшоп.
Мурдусу бучук менин өзүмө окшоп.
Шоктугу, ыйлактыгы, эркелиги,
Дал өзү, менин бала кезиме окшоп.
Убакыт учкан куштай кетип жатат.
Уулум билинбестен өсүп жатат.
Өзүңдү түштөрүмдөн издеп жүрүп,
Сагынчым алыс жакта өтүп жатат.
Бал ширин кезиңди мен көралбадым.
Бал таттуу жытың жыттап өбалбадым.
"Төрөгөн эне" атым болбосо эле,
Энелик мээримимди төгалбадым.
Турмуштун ар шартына пенде калыс.
Түртүндү жерде дагы өмүр жарыш.
Көр турмуш арабасын сүйрөп алып,
Апакең жүрөт бүгүн сенден алыс.
Оорудуң, жол алыс деп келалбадым.
Ар таңда барамын деп неге алдадым..
Кечиргин, уулум кечир айыбым бар,
Мен жакшы эне болуп бералбадым
АЛЫСТЫК БӨЛҮП БҮТҮНДҮ.
Жарыгым, нурун чачкан күнүм менин.
Жалындап жанып турган сүйүүм менин.
Жүрөктүн тең жарымын алып жүргөн,
Жан балам урматым да, сыйым менин.
Көздөрү жымшык менин көзүмө окшоп.
Мурдусу бучук менин өзүмө окшоп.
Шоктугу, ыйлактыгы, эркелиги,
Дал өзү, менин бала кезиме окшоп.
Убакыт учкан куштай кетип жатат.
Уулум билинбестен өсүп жатат.
Өзүңдү түштөрүмдөн издеп жүрүп,
Сагынчым алыс жакта өтүп жатат.
Бал ширин кезиңди мен көралбадым.
Бал таттуу жытың жыттап өбалбадым.
"Төрөгөн эне" атым болбосо эле,
Энелик мээримимди төгалбадым.
Турмуштун ар шартына пенде калыс.
Түртүндү жерде дагы өмүр жарыш.
Көр турмуш арабасын сүйрөп алып,
Апакең жүрөт бүгүн сенден алыс.
Оорудуң, жол алыс деп келалбадым.
Ар таңда барамын деп неге алдадым..
Кечиргин, уулум кечир айыбым бар,
Мен жакшы эне болуп бералбадым
Барпылыктар рулит))
#87 14 Январь 2015 - 02:41
МЕН ЖАМАН
Кай бирөөлөр көңүлү шат, бактылуу.
А мен бүгүн акыйкатка кусамын..
Билбейм неге айыптуу деп табылып,
Качан болсо муңум ичке жутамын.
Баары жакшы, пакизадай тап-таза
Катасы жок, өмүр сүрүп жаткандай
Бир эле мен, баарын бузуп, талкалап,
Бир мен жалгыз таштак жолду баскандай.
Адам бирде жылуу, бирде тескери.
Бирде болсо жүрөк үшүн алат да.
Мартабасы өзгөрсө да жакшырып,
Өзгөрбөсө пейилдери заматта.
Балким, сенин сөздөрүң чын, а балким,
Адашууда жүрөгүңдүн акылы.
Мейли достор, мен жаманмын, башкысы,
Силер жакшы болсоңор мен БАКТЫЛУУ
Кай бирөөлөр көңүлү шат, бактылуу.
А мен бүгүн акыйкатка кусамын..
Билбейм неге айыптуу деп табылып,
Качан болсо муңум ичке жутамын.
Баары жакшы, пакизадай тап-таза
Катасы жок, өмүр сүрүп жаткандай
Бир эле мен, баарын бузуп, талкалап,
Бир мен жалгыз таштак жолду баскандай.
Адам бирде жылуу, бирде тескери.
Бирде болсо жүрөк үшүн алат да.
Мартабасы өзгөрсө да жакшырып,
Өзгөрбөсө пейилдери заматта.
Балким, сенин сөздөрүң чын, а балким,
Адашууда жүрөгүңдүн акылы.
Мейли достор, мен жаманмын, башкысы,
Силер жакшы болсоңор мен БАКТЫЛУУ
Барпылыктар рулит))
#88 14 Январь 2015 - 02:50
АТАКЕМ
Атакем, чалып бүгүн, муунум бошоп.
Ыйладым, эркелетсе жакшы көрүп..
Апамды, баламды да сагынганда,
Мынчалык ыйлабагам жашым төгүп.
" Эркем дейт, ишиң кандай? Эсенсиңби?
- Ооба ата, шүгүр баары, ордум таптым ".
- дедим да, андан ары үнүм бүтүп,
Ыйымды басып жеңим тиштеп жаттым.
Атанын сүрү күчтүү болот тура.
Чоңойуп, укпай калгам эрке сөзүн.
" Эне кызым " - дечү эле кичинемде,
Бүгүн мен кезип келдим бала кезим.
Сагыныч кыйнаса да ыйлабагам,
Атама болгон кусам, бөлөк сезим.
Атакем, чалып бүгүн, муунум бошоп.
Ыйладым, эркелетсе жакшы көрүп..
Апамды, баламды да сагынганда,
Мынчалык ыйлабагам жашым төгүп.
" Эркем дейт, ишиң кандай? Эсенсиңби?
- Ооба ата, шүгүр баары, ордум таптым ".
- дедим да, андан ары үнүм бүтүп,
Ыйымды басып жеңим тиштеп жаттым.
Атанын сүрү күчтүү болот тура.
Чоңойуп, укпай калгам эрке сөзүн.
" Эне кызым " - дечү эле кичинемде,
Бүгүн мен кезип келдим бала кезим.
Сагыныч кыйнаса да ыйлабагам,
Атама болгон кусам, бөлөк сезим.
Барпылыктар рулит))
#89 14 Январь 2015 - 02:50
Ийгилик, калемин курчуй берсин. Мурунда мирден ырларын окуп калат элем.
#90 28 Январь 2015 - 22:00
БАКТЫЛУУМУН.
Жүргөн кезде жалгыздыктан алсырап.
Жараткандан сабыр жана ал сурап.
Сен келдиң да, "жарк" эттирдиң көңүлдү,
Сен бар үчүн дүйнөм менин жалтырак.
Махабаттын милдетин биз аткарып.
Мыйзамы жок жүрөктөрдү башкарып.
Сүйүп турсаң карегимден айланып,
Сен бар үчүн түнүм менин жап-жарык.
Өзүң жокто кайгыга мен үңүлгөм.
Өзүңдү эртең, артык сүйөм бүгүндөн.
Саамайымдан бакыт нуру жаркырап,
Сен бар үчүн бактылуумун бүгүн мен.
Уулкан Амираева
Жүргөн кезде жалгыздыктан алсырап.
Жараткандан сабыр жана ал сурап.
Сен келдиң да, "жарк" эттирдиң көңүлдү,
Сен бар үчүн дүйнөм менин жалтырак.
Махабаттын милдетин биз аткарып.
Мыйзамы жок жүрөктөрдү башкарып.
Сүйүп турсаң карегимден айланып,
Сен бар үчүн түнүм менин жап-жарык.
Өзүң жокто кайгыга мен үңүлгөм.
Өзүңдү эртең, артык сүйөм бүгүндөн.
Саамайымдан бакыт нуру жаркырап,
Сен бар үчүн бактылуумун бүгүн мен.
Уулкан Амираева
Каардан кадыр сураба эрип кетет./
Жыгач дарак болбойт чирип кетет./
Ата-эненди эстеп дайыма дуасын ал./
Алар бир кун бул дуйнодон отуп кетет!
Жыгач дарак болбойт чирип кетет./
Ата-эненди эстеп дайыма дуасын ал./
Алар бир кун бул дуйнодон отуп кетет!
#91 29 Январь 2015 - 16:47
Турмуш жолун биргеликте кузотуп,
Таштак жолду кол кармашып тузотуп,
-деген жандар сунуштарын айтышса,
Журогумдон кетет жалын " тыз "отуп!
Бакыт берчуу жалгыз гана Эгемдир,
Билгиси жок жан дуйномду неге бир?
Колум сурап келгендердин бири да,
Конулумду сурашкан жок негедир!
Суйуу менен баштап турмуш кемесин,
Сезим болсо,бар туйшукту женесин,
-дегениме карабастан тануулап,
Дартым козгоп,озундк ойлоп келесин!
Суроо салдын,кандай жооп камдайын?
Сени дагы,убайымга салбайын.
Буйрук берип,сени суйуп калууга,
Журогумду,айтчы кантип алдайын?
Таштак жолду кол кармашып тузотуп,
-деген жандар сунуштарын айтышса,
Журогумдон кетет жалын " тыз "отуп!
Бакыт берчуу жалгыз гана Эгемдир,
Билгиси жок жан дуйномду неге бир?
Колум сурап келгендердин бири да,
Конулумду сурашкан жок негедир!
Суйуу менен баштап турмуш кемесин,
Сезим болсо,бар туйшукту женесин,
-дегениме карабастан тануулап,
Дартым козгоп,озундк ойлоп келесин!
Суроо салдын,кандай жооп камдайын?
Сени дагы,убайымга салбайын.
Буйрук берип,сени суйуп калууга,
Журогумду,айтчы кантип алдайын?
Krasota-svetitsya iznutri...[size[font="
Tahoma"][/font]="
4"][/size]
#95 06 Август 2016 - 07:41
Акындар сынагында акыркы оорунду берип коюшту элеби ?Мага да ырлары аябай жакты аял киши уй булоо деп коп нерсени курмандыкка чалат экенбиз,
Каалемин курчуй берсин бул жакада жазып тур.
Каалемин курчуй берсин бул жакада жазып тур.
#96 05 Сентябрь 2016 - 01:52
Жашай албайм сенин таттуу балыңсыз.
Сенсиз билсең, жалган жашоо жагымсыз.
Сагынычтар томсорууда өзүң деп,
Күйүп турам, күлгө айланып жалынсыз.
… Кабарың бер, кайда жүрдүң ушул күн.
Карааның жок, сенсиз бүгүн үшүдүм.
Кучагыңа бекем кыскан түндөрдүн,
Кадырыны өзүң жокто түшүндүм.
Күздүн сары баригендей жыртылып.
Көңүл турат кыйкым сымал тытылып.
Куса ээлеп, өзөгүмдү өрттөдү,
Кабагымдын сур булуту тутулуп..
А. У.
Сенсиз билсең, жалган жашоо жагымсыз.
Сагынычтар томсорууда өзүң деп,
Күйүп турам, күлгө айланып жалынсыз.
… Кабарың бер, кайда жүрдүң ушул күн.
Карааның жок, сенсиз бүгүн үшүдүм.
Кучагыңа бекем кыскан түндөрдүн,
Кадырыны өзүң жокто түшүндүм.
Күздүн сары баригендей жыртылып.
Көңүл турат кыйкым сымал тытылып.
Куса ээлеп, өзөгүмдү өрттөдү,
Кабагымдын сур булуту тутулуп..
А. У.
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#97 05 Сентябрь 2016 - 01:56
Көңүлдөргө сезим нурун чачкым келет.
' Кош келгин ' - деп, сүйүүгө эшик ачкым келет.
Кокус дагы каламбы деп жалгыздыкта,
Көңүлүмдү оорутуудан качкым келет.
… Жаштыгымдын таттуу балын таткым келет.
Жан эргиткен бакыттарга баткым келет.
Балким дагы, каламбы деп ара жолдо,
Жүрөгүмдү жамандардан каткым келет.
Уулкан АМИРАЕВА.
' Кош келгин ' - деп, сүйүүгө эшик ачкым келет.
Кокус дагы каламбы деп жалгыздыкта,
Көңүлүмдү оорутуудан качкым келет.
… Жаштыгымдын таттуу балын таткым келет.
Жан эргиткен бакыттарга баткым келет.
Балким дагы, каламбы деп ара жолдо,
Жүрөгүмдү жамандардан каткым келет.
Уулкан АМИРАЕВА.
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#98 05 Сентябрь 2016 - 01:57
Өзүңсүз уйкум качып уктай албай.
Таңды мен тостум бүгүн сени жоктоп.
Жытыңды издеп чыктым жаздыгымдан,
Ушул түн жашоо мага калды токтоп..
… Сен болсо таттуу уйкунун кучагында.
Менчилеп санаа тартпай жүргөндүрсүң.
А балким, сен да издеп караанымды,
Сен деле мендей болуп күйгөндүрсүң
Таңды мен тостум бүгүн сени жоктоп.
Жытыңды издеп чыктым жаздыгымдан,
Ушул түн жашоо мага калды токтоп..
… Сен болсо таттуу уйкунун кучагында.
Менчилеп санаа тартпай жүргөндүрсүң.
А балким, сен да издеп караанымды,
Сен деле мендей болуп күйгөндүрсүң
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#99 05 Сентябрь 2016 - 02:01

Комурго эле эмес, баарына бай - Таш- Комурум,
Кайда журсом сени мн го ой- конулум.
Мезгилге багынбаган балалыкта ,
Кучагында канча ойнодук чан торундун.
Шамалынды сагынганда шашып жонойм,
Шахталардын кен Мекени -Таш - Комурум!
Кайда журсом сени мн го ой- конулум.
Мезгилге багынбаган балалыкта ,
Кучагында канча ойнодук чан торундун.
Шамалынды сагынганда шашып жонойм,
Шахталардын кен Мекени -Таш - Комурум!
#100 05 Сентябрь 2016 - 02:01
Сенектеп жаш баладай жолуң карайм.
Сагынып күткөнүмдү билесиңби?
Байланып жипсиз сага калдым окшойт,
А сенчи? Сен да мени сүйөсүңбү?
… Айланып көпөлөктөй айланаңда.
Алпештеп алаканга салып турам.
А балким, бул жөн гана алсыздыгым,
Жалгыздык коркунучун салып улам.
Бүгүн бар, а эртеге жоксуң билем.
Кантсе да, жакшы күндөр калат эсте.
Баркымды түшүнөөрсүң кеч болгондо,
Жан дүйнөң ак сүйүүнү талап этсе..
Мен бүгүн сендик элем, эртең бөлөк.
Мен деле мезгил менен алмашамын.
Эч нерсе түбөлүктүү эмес тура,
Эч нерсе сен айткандай болбойт жаным..
Сагынып күткөнүмдү билесиңби?
Байланып жипсиз сага калдым окшойт,
А сенчи? Сен да мени сүйөсүңбү?
… Айланып көпөлөктөй айланаңда.
Алпештеп алаканга салып турам.
А балким, бул жөн гана алсыздыгым,
Жалгыздык коркунучун салып улам.
Бүгүн бар, а эртеге жоксуң билем.
Кантсе да, жакшы күндөр калат эсте.
Баркымды түшүнөөрсүң кеч болгондо,
Жан дүйнөң ак сүйүүнү талап этсе..
Мен бүгүн сендик элем, эртең бөлөк.
Мен деле мезгил менен алмашамын.
Эч нерсе түбөлүктүү эмес тура,
Эч нерсе сен айткандай болбойт жаным..
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.