Суротторду силерге купуя аркылуу жонотобузбу?
14-февраль, сүйүү күнүнө карата соонун СЫНАК! Сүйүшкөндөр чамдагыла!
#42 05 February 2014 - 10:24
Канча сурот керек? качан бутот сынак ?
Сүйүү баяны менен сүрөттөр 7-февраль күндүзгү саат 12:00гө чейин кабыл алынат
!
Канча сүрөт болсо жөнөтө бериңиз. Биз тандап, кайсыны туура десек, ошол сүрөттү добуш берүүгө коебуз. Сүрөттөр сөзсүз түрдө сапаттуу, кызыктуу, өзгөчө болушу шарт.
Канча сүрөт болсо жөнөтө бериңиз. Биз тандап, кайсыны туура десек, ошол сүрөттү добуш берүүгө коебуз. Сүрөттөр сөзсүз түрдө сапаттуу, кызыктуу, өзгөчө болушу шарт.
Суротторду силерге купуя аркылуу жонотобузбу?
Сынактын шарты боюнча, сүйүшкөндөр өзүлөрүнүн чогуу түшкөн кызыктуу сүрөтүн сүйүү баяны менен admin@super.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү керек.
#44 05 February 2014 - 16:17
Менин атым Жибек. Биздин таанышубуз аябай тан калычтуу да бир чети коп кулкуго толгон кундор отту. телефонумдан белайндын операторулырына чалып жардам сурамай болгом. 0611 ошондо Нурлан атуу оператор суроомо жооп бермей болду озум билбеген суролорго жооп алып коштоштук. 2 саатын ичинде кызыктуу смс алдым таанышып алалы дегенден башка эч нерсе жок экен. Жооп берген жокмун. кайра телефон чалуунуз коп экен азрак суйлошкуло деген смс алдым. жооп узатмай болдум каяктан билет экенин менин чалууларымды?
Жооп алдым атым Нурлан таанышып алалы деп. Тааныштык негедир смс аркылуу эле. Суйлошолу десем тамагымдан операция болгом суйлой албайм. бир айга жетпей жолуктук ошондо айтып жатпайбы ошондогу оператор Нурлан экенин суйлошпогону унунон таанып калбасын деп
Ушундай таанышуулар мага жомок сезилчу горсо болот ' экен тагдырын жазылып койсо. Ошол кундон баштап чогуу болуп кыз жигит катары суйлошуп журдук. уйлондук бир балабыздын суйуктуу ата энесибиз. cуйуу бир куну ар бир адамдын башына келет ишенгиле анткени cуйуусуз жашоо жок.

#45 05 February 2014 - 16:26
jibek-nurlan
, сынактын шарты боюнча, сүйүшкөндөр өзүлөрүнүн чогуу түшкөн кызыктуу сүрөтүн сүйүү баяны менен admin@super.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү керек. Болбосо редакциябызга алып келүүгө да болот. Сүйүү баяны демекчи, анда ортоңордогу аруу сезимдердин жаралышы, кызыктуу учурлар ж.б. баяндалып, кызыктуу, бал тилге салынып жазылышы шарт. Ал эми сүрөттөр өзгөчө, оригиналдуу гана эмес сапаты да мыкты болуусу керек!
#46 05 February 2014 - 17:08
jibek-nurlan
, сынактын шарты боюнча, сүйүшкөндөр өзүлөрүнүн чогуу түшкөн кызыктуу сүрөтүн сүйүү баяны мененadmin@super.
kg электрондук дарегине жөнөтүүсү керек. Болбосо редакциябызга алып келүүгө да болот. Сүйүү баяны демекчи, анда ортоңордогу аруу сезимдердин жаралышы, кызыктуу учурлар ж.б. баяндалып, кызыктуу, бал тилге салынып жазылышы шарт. Ал эми сүрөттөр өзгөчө, оригиналдуу гана эмес сапаты да мыкты болуусу керек!
Ошондо кандай суйуу баяны болуп калат?
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#47 05 February 2014 - 17:15
miniusha
,
Сизге, биричиден, эскертүү! Ар кандай комментарийлериңизди ичиңизде сактасаңыз. Бул темага сынак боюнча суроолоруңуз болсо гана жазыңыз.
Сурооңуз түшүнүксүз болуп жатат
Сүйүшкөндөр өзүлөрүнүн сүйүү баянын каалагандай жазышса болот. Балким таанышкан учурун жазышат же чогу өткөргөн кызык күндөрдүн бирин баяндап беришет. Чектөө жок.
Сизге, биричиден, эскертүү! Ар кандай комментарийлериңизди ичиңизде сактасаңыз. Бул темага сынак боюнча суроолоруңуз болсо гана жазыңыз.
Ошондо кандай суйуу баяны болуп калат?
#51 06 February 2014 - 19:01
Менда катышкым келди,бирок,
суйгонум жок дааааа....
Суйушкон тугойлорго ийгилик!
Суйушкон тугойлорго ийгилик!
♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
#52 06 February 2014 - 19:03
Мен да жиберип койсомбу..)
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#54 07 February 2014 - 13:18
Сапаты начар болуп калган да, ушундай мурда тартылган сyроттор болобу?
14-февраль куну ушул кызды Супер инфонун кенсесине ээрчитип бара алсаныз болот!
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#56 07 February 2014 - 15:47
Аа суйгонун менен тушкон сурот илиш керекпи не? Сурот эмес озу жок, алыс эле ойной берет экем.
ЭХ ЧИРКИН ДYЙНӨ!!!
#57 07 February 2014 - 16:17
Сапаты начар болуп калган да, ушундай мурда тартылган сyроттор болобу?
Эгер порталдан көп добуш алып, алдыңкы 4 түгөйлөрдүн катарына кирип калсаңыз, сүрөттөгү түгөйүңүз менен 13-февралга сынакка келишиңиздер керек болот.
Аа суйгонун менен тушкон сурот илиш керекпи не? Сурот эмес озу жок, алыс эле ойной берет экем.
Ооба, сүйгөнүңүз менен бирге түшкөн сапаты жакшы, кызыктуу сүрөт болушу керек.
Мен да таанышсам болову?
Сиз бул сынактан таанышпайсыз. Бул сынакка сүйгөн адамыңыз менен бирге катышасыз.
#58 07 February 2014 - 17:08
Түйгөлөрдүн сүйүү баянын окуп жана сүрөттөрүн көрүп, сиздин оюңуз боюнча "эң таттуу" деген түгөйгө өз добушуңузду бериңиз:
http://www.super. kg/vote
http://www.super. kg/vote
#59 07 February 2014 - 17:12
Дүйшеке жана Какен. - Биз, Дүйшеке Абышов жана Какен Абышова, 70 жылдан бери чогуу өмүр сүрүп келе жатабыз. Биздин убакта таанышып, сүйлөшүү деген жок эле, бир көрүп эле жактырып, турмуш куруп калдык. Ал мезгил согуш мезгили, элдердин жашоосу кыйын эле, азыркыдай үлпөт тойөткөрүү деген жок, сүйүктүү жубайымдыэшекке учкаштырып алып эле алып келгем. Жубайымды катуу сүйгөндүктөн 70 жылдан бери чогуу жашап келе жатабыз. Экөөбүз бири-бирибиз жок жашай алчудай эмеспиз. Кээде балдарыбыз “ооруканага көргөзөбүз” деп Бишкекке бирөөбүздү алып кетсе айылга шашылабыз.Балдар деле түшүнбөйт, сүйүү кары-жашка карабайт дегенди. Кээде Какен апаңарга сүйүүмдү арнап ырдап берип калам, а апаңар болсо кыздай болуп кылыктанып ыйлап калат. Экөөбүздүн ортобузда уруш-талаш болду, бирок биздин сүйүүбүз жеңе алды. Азыркы жаштарга да биздикиндей сүйүү каалайт элем. Какен экөөбүз 11 балалуу болдук, учурда 7 балабыз, 25 небере, 14 чөбөрөбүз бар. Жашыбыз 90го жакындап калды, азыркы учурда Ысык-Көлдүн Кашат айылында турабыз, бактылуу карылыкта уул-кыздардын маңдайындабактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз. Эми, жаман айтпай жакшы жок,Кудай өмүрдөн алса да чогуу алып кетсе деп отурабыз.
Карылык деген кашаң ат,Картайтат экен жакалап
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.
Сиздерди урматтоом менен Дүйшеке Абышов.

#60 07 February 2014 - 17:16
Айдар жана Бегимай.
Жан дүйнөмдүн ээси,
жүрөгүмдүн теңи сенсиң - Айдар!
Биз 1-курста сейил бакка группалаштарыбыз менен баратканда таанышканбыз. Менин оюмча, аны мен биринчи жактыргам. Бирок сезимимди билдирген эмесмин. Айдар башка кыздар менен сүйлөшүп турса, алардан кызганып, жаман болчум. Бүгүн болбосо башка күнү менин жакшы көрөрүмдү билер деп жүрдүм. Күндөр өтүп, ал дагы мени жакшы көрүп калды. А мен эч нерсе билбегендей жүрө бердим. Ал мага сүйүүсүн билдиргиси келди, белектерди берди. Мен болсо кылыктанып, назданып, аны бир аз кыйнадым. Азыркыга чейин айта берет: “Сенин артыңан бир жарым жыл чуркагам, сен караган эмессиң”...деп. Мен эртең менен сабакка дайыма кечигип барчумун. Бир күнү адатымча кечигип аудиторияга кирсем, бардыгы мени карап калышты. Мен таң калдым “буларга эмне болгон?” деп. Эч нерсе байкаган жокмун, көрсө мага сюрприз даярдап коюптур. Чоң батман кагазына менин сүрөтүмдү тартып, чекесине шариктерди илип, өзү чыгарган ырды жазып, кооздоп коюптур. Мен эмне деп айтарымды билбей, унчукпай калдым, сүйүнгөнүмдү айтпаңыздар! Колледждеги студенттер, мугалимдер келип карашып суктанышты. Ошол күн эсимден кетпейт. Ал мени “торпогум,” “козум”, “акылдуум”, “жөжөм” деп эркелетет. Айдар жүрөгүмдүн тереңинен орун алган! Биздин сүйлөшкөнүбүзгө эки жарым жыл болду. Жаратканым “жаштын тилегин берет” дейт го...
Менин тилегим Айдарым менен бактылуу болуу. Биринчи сүйүүм түбөлүк калса дейм. Анын мага чыгарган ырларынын бири:“Таттуусуң сен балдайсың, Сүйүүңдөн сен танбайсың. Кыйнасам да эркелеп, Кыйналбаган жандайсың!”

Супер-Инфо
super.kg
видео