Менин денем өзүмдүкү, аны эмне кылууну өзүм билем! Ушундай ураан менен бир канча Европа өлкөлөрүндө зордуктоого кабылган же төрөө эненин ден-соолугуна олуттуу зыян алып келүүсү мүмкүн болгон убактан башка убактарда аборт кылууга тыю салган мыйзамга каршы демострациялар өтүп жатат. Демонстранттардын айтымында бул мыйзам, алардын өз денелерин каалагандай колдонуу укуктарын тебелейт экен.
Чындыгында алар өз денелерин каалагандай колдонууга укуктуу эмес. Анткени адам денесин өзү жасап алган же сатып алган жери жок. Аны Кудай жараткан. Демек, алар денелерин Кудайдын мыйзамдарына жараша гана колдонуулар керек. Макул, алардын денелери өздөрүнө тиешелүү экен деп ойлонгон күндө да алардын ушундай жол тутууга акылары барбы? Анткени алар өз денелерин эмес, башка бирөөнүн денесин кескилеп, жок кылып жатышпайбы?
Ошол “энелердин” курсаганды жайгашкан түйүлдүк, алардын денелеринин ичинде болсо да, алар өзүнчө дене түзүлүшкө ээ эмеспи? Алардын денелерин кескилөөгө укукту алар кайдан алышты? Аларга бул укукту ким берди? Бүгүнкү күнү “өз укуктарын коргоп жатышкандардын” энелери да, ошол “укук коргоочулар” алардын курсагында болгон убакта, ушундай “укуктарын” колдонушкан болсо эмне болот эле? Алар өздөрүнүн бир эмес, эки жолу башка бирөөнүн (биринчи жолу атасынын,экинчисинде энесинин) денесинен ичинен чыккандыктарын,
чыкканда да каерден чыгышканын унутуп калышкан сыягы. Өздөрүн тим эле асмандан түшкөндөй сезип алышканкандарын көрүп таң каласың.
Арабтар Ислам динин кабыл алаардан мурда, алар да төрөлгөн кыздарын жерге тирүүлөй көмүшөт эле. Алардын кээ бирлери периштелер Аллахтын кыздары деп эсептешип, кыздарды Аллахка кошуп беребиз деген туура эмес түшүнүк менен бул ишти кылышкан болсо, башкалары жардылыктан,
муктаждыктан же согуш убагында алар туткунга түшүп күң болуп калууларынан коркушкандыктары үчүн өз кыздарын тирүүлөй жерге көмүшкөн. Ал эми кадыр барктуу деп эсептелген байлар болсо, кыздуу болууну уят иш деп эсептешкендиктери үчүн кыздарын өлтүрүшкөн.
Ошол жахилия (караңгылык,
түркөйлүк) доорунда жашаган арабтар менен бүгүнкү күндөгү аборт кылууну колдоп жаткандардын айырмасы кандай? Айырмасы Исламга чейинки арабтарда УЗИ болгон эмес жана алар аборт кылуунун коркунучсуз методторун билишкен эмес. Эгерде билишкен болсо, УЗИ ден карап туруп эле, кыздарды аборт кылышмак. Бул нерселер жок болгондугу үчүн гана алар алгач төрөшүп, андан кийин жерге көмүшкөн. Кээ бир аялдар боюна бүтөөр замат эле чуңкур казып даярдап коюшкан. А бүгүн чуңкур казууга муктаждык жок. Бүгүн бул ишти ак халатчан адам өлтүргүчтөр аткарышат.
Исламга чейинки түркөй арабтардын кээ бирлери кыздарын өлтүрүп, аларды иттерине салып беришкен. Ооба, ооба, итке салып беришкен!
Жийиркендиңизби!
? Аларды жек көрүп жатасызбы!
? А бирок бүгүнкү күндө Кытайда ошол түйүлдүктөрдү итке да салып бербестен, адамдар өздөрү жешет. Бул нерседе алар ошол Исламга чейинки арабтардан да ашып кетишти. Анктени алардын ошондой кылууга “укуктары” бар! Бүгүн көпчүлүк өлкөлөрдүн али төрө элек адамды өлтүрүүгө “укугу” бар. А бирок түйүлдүктүн жашоого “укугу” жок! Ошондуктан өлтүрүп жатышат. А кээ бирөөлөр аларды жегенге да “укук” алышкан. Ким билсин балким башка өлкөлөр да жакында бул “укукту” алышаар! Мисалы Кытайга кошуна жайгашкан Кыргызстан.
Мен билген боюнча төрөлө элек адамды өлтүрүү “укугу” биздин өлкөдө да бар. Эгер биз унчукпай отура берсек жакында аларды жегенге да “укук” алып калышыбыз мүмкүн. Анткени өздөрүн укук коргоочулар деп аташкан шайтандын адвокаттары бул ишти да өз пайдаларына чечүүсү толук ыктымал.
Шайтандын адвокатындай болгон “укук коргоочулар” буга чейин да канчалаган иштерди өз пайдаларына чечип келишкен. Алар алгач Европа өлкөлөрүндөгү адамдарга ар кандай укуктарды алып беришип, андан кийин бизге келишет. А Европаны ээрчүүнү өзүбүзгө милдеттүү деп билген биз кыргыздар, аларды кабыл албоодан башка аргабыз жок. Анткени европаны ээрчибесек биз маданияттан артта калабыз. Ошондуктан биз этти бычак, вилка менен жегенден баштап, түйүлдүктөрдү өлтүрүүгө чейин аларды туурайбыз. Кийген кийимибиз,чачыбыздын прическасы,
адамдарга болгон мамилебиз, айтоор баары алардыкындай болгонго аракет кылабыз. Ошондуктан да биздин өлкөдө бирден көп аял алууга укук берилген эмес. А бирок никесиз жыныстык байланыш кылууга укук берилген. Эки аялың болсо сот жообуна тартыласың.
Бирок миң ойношуң болсо да сага эч ким эч нерсе дегенге акысы жок. Анткени сенин буга “укугуң” бар. 18 ге жашы жете элек кыздардын турмушка чыгууга укугу жок. А бирок аларга жыныстык байланыш кылууга укук берилген. Болбосо мектептерде безопасный сексти окутуп үйрөтүүдөн кандай максат көздөлгөн болушу мүмкүн. Эң безопасный секс, турмушка чыгуу эмеспи? Мектепке жоолукчан барууга укук берилген эмес, а бирок жоон санын көрсөтүп кийинүү укугу берилген. Президентти шайлоого укугубуз бар, а бирок президент бизди башкарууга укуктуу эмес. Анткени бизде демократия.
Баарын эл башкарышы керек. Айтоор, “укук коргоочулар” бизге көп эле “укуктарды” алып беришти. Бирок биз эмнегедир бул “укуктардан” жыргап кеткенибиз жок. Бул “укуктар” менен биз Исламга чейинки түркөйлүк дооруна кайтып бараткандайбыз.
Европа өлкөлөрүндө мышыкты өлтүрмөк турсун, аны көчөгө кууп чыккандыгың үчүн сот жообуна тартыласың.
Баракелде!
Укук коргоо деп ушуну айт. А бирок али жарык дүйнөгө келе элек, мышыктан да алсыз балдардын жашоого болгон укуктарын ким коргойт!? Мышыкты көчөгө кууп чыксан, эптеп жан багып кете алат. Ал эми жатындагы баланы жаткан жеринен кууп чыксан ал жашай албасы анык. Алардын жашоого болгон укуктарын тебелегендери аз келгенсип, кээ бирөөлөр аларды адамча көмүлүү укугунан да айрып, аларды жеп жатышат. Ошондой экен, эмне үчүн аборт кылгандар сот жообуна тартылышпайт?
Же эмне адам баласынын укугу мышыктын укугунча да болбой калдыбы? Кимдир бирөө итин же мышыгын өлтүрүп койсо, дүйнөдөгү телеканалдардын баары аны жаңылык катары көрсөтүшөт.
Аны көргөн адамдар ошол адамды дүйнөдөгү эң мыкаачы адам катары карашат. А бирок миңдеген, миллиондогон жардамсыз ымыркайларды өлтүргөндөр менен эч кимдин иши жок. Анткени алардын жошоого болгон укугу, ошол ит же мышыктын жашоого болгон укугуна тең эмес деп билебиз. Эгерде тең деп билген болсок, анда ит менен мышыкты өлтүргөн адамды сот жообуна тарткандай эле, эч бир себепсиз аборт кылган адамды да сот жообуна тартмакпыз.
Адамдын укугун иттин же мышыктын укугуна теңөө адам үчүн уят иш болушу керек. Албетте адамдын укугу алардын укугунан жогору болушу керек. А бирок жогору коймок турсун, аларды бир катарга да койбой жатпайбызбы?
Мына сага демократия.
.. Мына сага адам укуктары урматталган заман...
“Укук коргоочулардын” кылган эмгектери жөнүндө дагы көп нерсе айтсак болот. Мисалы: алар Европа өлкөлөрүндө гомосексуалисттерге кадимки эле адамдардай укуктарды алып беришти. Ошондуктан алар өздөрүнүн ким экендиктерин жашырбастан көчөдө ээн эркин жүрүүгө, бири-бирлерине үйлөнүүгө ж.б. нерселерге “укуктуу”.
Ал эле эмес Германияда алардын укуктары тууралуу окутууну, ар бир адам өзү каалагандай тандоо кылууга укуктуу экендиги тууралуу окутуп үйрөтүүнү мектеп программасына киргизүү аракети болуп жатат. Акыркы күндөрү биздин өлкөнүн ММКда да гомосексуалистердин укуктары тууралуу темалардын четтерин чыгара башташты. Бул, жакында аларга биздин өлкөдө да европадагыдай укуктарды алып берүүгө аракеттин башталгандыгынын белгиси болуп жүрбөсүн. “Гомосексуалисттер бул укукту алышса эмне болуптур, алар деле кадимкидей эле адамдар. Болгону алар ошондой төрөлүп калышса эмне кылышсын байкуштар” - деген “толеранттуу” адамдар да чыкпай койбойт. Аларга төмөндөгүдөй жооп беребиз:
Биринчиден:
гомосексуалисттер гомосексуалист болуп төрөлөт деген сөз жөн гана теория. Б.а. далилденбеген божомол гана. Божомолго таянып мыйзам кабыл алуу канчалык даражада туура болот? Бир убактары Ч. Дарвиндин теориясына таянып, динди мамлекеттен бөлүп салдык эле, акыр аягы эмне болду? Мындан ким пайда тапты да, ким зыянга учурады? Бүгүнкү күнү Дарвиндин теориясы туура эмес экендиги толугу менен далилденгендигине карабай, ал алып келген зыянды азырга чейин тартып келүүдөбүз.
Анын теориясына чейин адам болуп келген болсок, анын теориясынан кийин маймыл эмес, маймылдан да төмөнкү жаныбарларга айланып кеткенибиз жалганбы? Жалган десең аборт тууралуу айткан сөздөрүмдү дагы бир сыйра окуп көр!
Экинчиден:
Алардын гомосексуалист болуп калууларынын себептери тууралуу башка пикирлер да бар. Эгерде бир канча пикир бар болуп, медиктердин арасында бул нерсе али толук аныкталып бүтө элек болсо, анда эмне үчүн биз ошолордун ичинен алар ошентип төрөлүшөт деген теорияны туура деп тандап алуубуз керек? Бул теориянын артында “адам укуктарын коргоо” - деген кулака жагымдуу сөз жаткандыгы үчүнбү? Анда бул адамдардын акыйкатты билүүгө болгон укуктарын тебелөө болуп калбайбы? Себеби божомолду акыйкат деп билдирүү, акыйкатты билүүгө болгон укукту тебелөөдөн башка нерсе болушу мүмкүн эмес. А эгер бул теория туура эмес болгон болсо, анда бул укук тебелөө эле эмес, адамдарды алдоо деп да эсептелет.
Үчүнчүдөн:
Кыргызстанда жашаган элдин 85% өзүн мусулман деп билет. А мусулмандардын ыйык китеби деп саналган Кураанда Аллах Таала гомосексуалисттерди жазалагандыгы тууралуу айтылган. Эгерде Аллах аларды ошентип жараткан болсо, анда эмнеге аларады ошол иштери үчүн жазаламак эле? Ошондуктан биз мусулмандар аларды Кудай ошентип жараткан деген сөздү эч качан кабыл албайбыз. Мейли бүткүл дүйнөнүн медиктери бир ооздон алар ошентип төрөлүшөт деп айтышсын, барибир биз аны чындык катары кабыл албайбыз. Анткени адам баласы жаңылуусу мүмкүн. Ал эми Аллах Таала жаңылбайт. Эч бир мусулман Аллахтын айткан сөзүн адамдын сөзү менен бир катарга койбойт. Ал Аллахтын сөзүн башкалардын сөзүнөн үстөм деп билет. Ошондуктан мусулман адам жогорудагы теорияны эч качан кабыл албайт. Дарвиндин теориясы акыйкат катары бүткүл дүйнөгө тараган убакта да, чыныгы мусулмандар аны акыйкат катары кабыл алышкан эмес. Акыр аягында акыйкат ачыка чыгып, Дарвиндин теориясынын жалган экендиги белгилүү болду.
Төртүнчүдөн:
Кыргызстанда жашаган калган 15% эл да (мейли 13% дейличи, даже 10% болгон күндө да) кайсы бир диндин өкүлү. Ал эми гомосексуализмди эч кайсы дин колдобойт. Демек Кыргызстанда жашаган элдин дээрлик баары алардын ошентип төрөлүп калгандыгына ишенбейт. Эч ким ишенбеген теорияны чындык катары таңуулап, ошол таңууланган чындыкты далил кылуу аркылуу мыйзам кабыл алуу Кыргызстан жарандарынын укуктарын тебелөө болуп эсептелбейби?
Бешинчиден:
Кыргыздан качан гомосексуалист чыкты эле? Алар биз баарыбыз европаны туурай баштаганда эле пайда болушпаса, ата-бабаларыбыздын убагында мындай нерсе такыр болгон эмес.
Алтынчыдан:
Кайсыл өлкөдө алардын укуктары корголгон болсо, ошол өлкөдө алардын саны көбөйгөндүгү белгилүү. Гомосексуалисттер балалуу болушпаарын акыл-эси соо адамдардын баары билет. Андай болсо, алардын саны кантип көбөюп жатат? Албетте башка бирөөлөрдүн балдарын өз катарларына кошуу аркылуу. Эгерде өз балаңызды аларга кошулуп кетүү коркунучунан сактагыңыз келген болсо, алардын биздин өлкөдө көбөйүүсүнө тоскоолдук кылууга аракет кылууңуз керек болот. “Казанга жакындасаң көөсү жугат” - деген накыл кепти ата-бабаларыбыз бекеринен айтышкан эмес. Жаштык кезде акыл толук боло бербейт. Ошондуктан жаш кезинде туура эмес нерсени да туура деп үйрөтүү оной болот. Ал эмес азыр чоң адамдарга деле туура эмес нерсени туура деп үйрөтүү оңой болуп калды. Алардын кайсы бир нерсени чындык деп кабыл алуулары үчүн телевизордон бир-эки телеберүү көрүү же интернеттен бир-эки макала окуу гана жетиштүү болуп калды.
СССР убагында апам мектептен “улуу атабыз Ленин...” – деп окуткан эжекесинин сөзүн угуп келип, таятама (Аллах өмүрүн узун кылсын) “Ленин биздин атабыз экен” – деп айтса, таятам ачууланып: “ал сенин атаң эмес! Кайдагы каапырды атам дебе!” – деп урушкан экен. Биз түздөн түз орустардын колонизациясы астында болгон убакта да, адамдар ак менен караны ажыратып, бирок бийликтин камчысынан коркондуктары үчүн акыйкатты айталышпай келген болсо, өлкөбүз эгемендүүлүкө жеткенден кийинки ак менен караны ажыраткан адамдар азайып кеткен сыяктанат. Же ажыраткандар көңүл кош болуп кетишкенби айтоор түшүнүү кыйын.
Андан сырткары “укук коргоочулардын” кылган аракеттери натыйжасында кээ бир өлкөлөрдө атасы менен кызы, агасы менен карындашы ж.б. туугандары менен болгон жыныстык байланыштарга уруксат берген мыйзамдар да кабыл алынган. Бул мыйзамдарды биздин өлкөгө да алып кирүү аракети көрүлбөйт деп ким кепилдик бере алат? Биз толерентуулука шылтап, көңүл кош болуп жүрө берсек же ар кимдин тандоо укугу бар деп өзүбүзчө укук түшүнгөн адам болуп жүрө берсек, анда бул нерселер да көп өтпөй бизе жетип келет.
Тандоо укугу бар экендигин четке какпайбыз. Бирок тандоого жараша жоопкерчилик болуусу керек деп билебиз. Кылмышты тандаган адам кылмышына жараша жооп беруусу керек деп билебиз!
Бир канча туура нерселердин арасынан бирин тандап алган адамдын тандоосун сыйлайбыз. Мисалы кимдир бирөө “мен дарбыз жебейм, коон жейм десе”, биз анын тандоосун сыйлайбыз жана ага мажбурлап дарбыз жедирбейбиз.
Ал эми туура жана туура эмес нерсенин арасынан туура эмесин тандап алуу бул, - кылмыш. Биз кылмышкердин тандоосун эч качан сыйлабайбыз.
Мисалы душманга каршы согушуу учурунда адам өлтүрүү менен тынч эле жашап жаткан адамды өлтүрүүнүн арасынан экинчисин тандаган адамдын тандоосун кылмыш деп билебиз жана анын бул тандоосун урматтабайбыз.
Ошондой эле өмүрүнө коркунуч туулган убакта боюнан алдыруу менен эч кандай коркунуч жок болгон убакта боюнан алдыруунун арасынан экинчисин тандаган адамды да кылмышкер деп билебиз. Ошол сыяктуу эле өзүнөн башка жыныстагы адам менен үй-бүлө куруу менен өз жынысынан болгон адам менен үй-бүлө куруунун арасынан экинчисин тандап алган адамды да кылмышкер деп билебиз. А кылмышкердин жазасын калуусуна биз эч качан ыраазы болбойбуз. Алар сөссүз жазалануулары керек деп айтабыз. Тандоо укугу бар деп эле туура эмес нерсени тандаганга да толеранттуу мамиле кыла берген болсок, анда адам өлтүргөнгө деле, норкаманга деле, өзүн өзү өлтүргөнгө деле, сойкуга деле толеранттуу мамиле кылуубуз керек болот. Себеби алар ошол нерсени тандап алышты. А аларга толеранттуулук менен мамиле кылуу жер жүзүндө бузукулуктардын көбөйүшүнө алып келет. Аялы, кызы сойку болуп, баласы гей болуусуна ыраазы болгон адам гана аларга толерантуу мамиледе болушу мүмкүн.
Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам): “силердин аранардан кимдир бирөөңөр кайсы бир туура эмес ишти көрсө аны колу менен (жакшы жакка) өзгөртсүн. Эгер колу менен өзгөртүүгө күчү жетпесе, тили (сөзү) менен өзгөртсүн. Эгер ага да күчү жетпесе анда жүрөгү менен өзгөртсүн (б.а. ошол ишти жүрөгү менен жек көрсүн). Ушул (жүрөк менен жек көрүү) ыймандын эң алсызы”- деп айткан.
Алу Лейс ас-Самаркандий бул хадисти түшүндүрүп жатып мынтип айткан: Кээ бир аалымдар: “кол менен өзгөртүү башчыларга,
тил менен өзгөртүү аалымдарга,
жүрөк менен өзгөртүү жалпы адамдарга милдеттүү” - деп айтышкан. А башка бир аалымдар: “кимдин кайсы нерсени кылууга күчү жеткен болсо, ошентип өзгөртүү ага важиб (милдеттүү) болот” – деп айтышкан.
Бул хадистен белгилүү болгондой, биз мусулмандар мындай бузуку иштерге ыраазы болмок турсун, аларга көңүл кош кароого да акыбыз жок. Эң эле болбоду дегенде андай иштерди жүрөгүбуз менен жек көрүү биздин милдетибиз.
Биз толерантуулук деп эле баарына макул боло бербейбиз. Биз толеранттуу боло турган жерде гана толеренттуу болобуз. Ал эми болбой турган жерде болбойбуз. Анткени өлүк адам гана бузукулуктарга каршы күрөшпөгөн,
толук толеранттуу адам болот!
Аллах Таала баарыбыздын ыйманыбызды бекем кылып, бузукулуктарга каршы күрөшүүчүлөрдөн кылсын! Эч эле болбогондо бузукулуктарды жүрөгүбүз менен жек көрүүчүлөрдөн кылган болсун! Аамиин!
Адам укуктары деп эле кыйкырабыз...
#2 31 January 2014 - 17:26
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#3 31 January 2014 - 17:52
Азамат ,зерикпестен кичине болсо да элге тарбия болуп калсын деп ушунча нерсени жазыпсын.Сага окшогондор коп болсо коом качан эле озгорулуп жакшы жакка багыт алмак.Адам укугу деген бизде болуп корбогондой кучак жайды.Адам милдети деген нерсе такыр жоголду.Укук коргоочулар ото кооп кетишти.Алардын оздорун камаш керек.Мисалы озбек элинин укугу деп журуп укук коргоочулар улут аралык чыр чыгарышты.Бала деген ата-энеге каяша айткан эмес азыр баланын укугу деген чыккан.Адам укугу кучтуу учун мамлекетте хаос.Бийликтен эч ким коркпойт.Айта берсе соз коп.
#7 31 January 2014 - 19:58
Аминь!
Аллах раазы болсун!
Рахмат сизге, бар болуңуз!
Аллах раазы болсун!
Рахмат сизге, бар болуңуз!
В каждой шутке есть доля правды...
#8 31 January 2014 - 21:33
Менин денем өзүмдүкү, аны эмне кылууну өзүм билем! Ушундай ураан менен бир канча Европа өлкөлөрүндө зордуктоого кабылган же төрөө эненин ден-соолугуна олуттуу зыян алып келүүсү мүмкүн болгон убактан башка убактарда аборт кылууга тыю салган мыйзамга каршы демострациялар өтүп жатат. Демонстранттардын айтымында бул мыйзам, алардын өз денелерин каалагандай колдонуу укуктарын тебелейт экен.
Чындыгында алар өз денелерин каалагандай колдонууга укуктуу эмес. Анткени адам денесин өзү жасап алган же сатып алган жери жок. Аны Кудай жараткан. Демек, алар денелерин Кудайдын мыйзамдарына жараша гана колдонуулар керек. Макул, алардын денелери өздөрүнө тиешелүү экен деп ойлонгон күндө да алардын ушундай жол тутууга акылары барбы? Анткени алар өз денелерин эмес, башка бирөөнүн денесин кескилеп, жок кылып жатышпайбы? Ошол “энелердин” курсаганды жайгашкан түйүлдүк, алардын денелеринин ичинде болсо да, алар өзүнчө дене түзүлүшкө ээ эмеспи? Алардын денелерин кескилөөгө укукту алар кайдан алышты? Аларга бул укукту ким берди? Бүгүнкү күнү “өз укуктарын коргоп жатышкандардын” энелери да, ошол “укук коргоочулар” алардын курсагында болгон убакта, ушундай “укуктарын” колдонушкан болсо эмне болот эле? Алар өздөрүнүн бир эмес, эки жолу башка бирөөнүн (биринчи жолу атасынын,экинчисинде энесинин) денесинен ичинен чыккандыктарын, чыкканда да каерден чыгышканын унутуп калышкан сыягы. Өздөрүн тим эле асмандан түшкөндөй сезип алышканкандарын көрүп таң каласың.
Арабтар Ислам динин кабыл алаардан мурда, алар да төрөлгөн кыздарын жерге тирүүлөй көмүшөт эле. Алардын кээ бирлери периштелер Аллахтын кыздары деп эсептешип, кыздарды Аллахка кошуп беребиз деген туура эмес түшүнүк менен бул ишти кылышкан болсо, башкалары жардылыктан, муктаждыктан же согуш убагында алар туткунга түшүп күң болуп калууларынан коркушкандыктары үчүн өз кыздарын тирүүлөй жерге көмүшкөн. Ал эми кадыр барктуу деп эсептелген байлар болсо, кыздуу болууну уят иш деп эсептешкендиктери үчүн кыздарын өлтүрүшкөн. Ошол жахилия (караңгылык, түркөйлүк) доорунда жашаган арабтар менен бүгүнкү күндөгү аборт кылууну колдоп жаткандардын айырмасы кандай? Айырмасы Исламга чейинки арабтарда УЗИ болгон эмес жана алар аборт кылуунун коркунучсуз методторун билишкен эмес. Эгерде билишкен болсо, УЗИ ден карап туруп эле, кыздарды аборт кылышмак. Бул нерселер жок болгондугу үчүн гана алар алгач төрөшүп, андан кийин жерге көмүшкөн. Кээ бир аялдар боюна бүтөөр замат эле чуңкур казып даярдап коюшкан. А бүгүн чуңкур казууга муктаждык жок. Бүгүн бул ишти ак халатчан адам өлтүргүчтөр аткарышат.
Исламга чейинки түркөй арабтардын кээ бирлери кыздарын өлтүрүп, аларды иттерине салып беришкен. Ооба, ооба, итке салып беришкен! Жийиркендиңизби! ? Аларды жек көрүп жатасызбы! ? А бирок бүгүнкү күндө Кытайда ошол түйүлдүктөрдү итке да салып бербестен, адамдар өздөрү жешет. Бул нерседе алар ошол Исламга чейинки арабтардан да ашып кетишти. Анктени алардын ошондой кылууга “укуктары” бар! Бүгүн көпчүлүк өлкөлөрдүн али төрө элек адамды өлтүрүүгө “укугу” бар. А бирок түйүлдүктүн жашоого “укугу” жок! Ошондуктан өлтүрүп жатышат. А кээ бирөөлөр аларды жегенге да “укук” алышкан. Ким билсин балким башка өлкөлөр да жакында бул “укукту” алышаар! Мисалы Кытайга кошуна жайгашкан Кыргызстан. Мен билген боюнча төрөлө элек адамды өлтүрүү “укугу” биздин өлкөдө да бар. Эгер биз унчукпай отура берсек жакында аларды жегенге да “укук” алып калышыбыз мүмкүн. Анткени өздөрүн укук коргоочулар деп аташкан шайтандын адвокаттары бул ишти да өз пайдаларына чечүүсү толук ыктымал.
Шайтандын адвокатындай болгон “укук коргоочулар” буга чейин да канчалаган иштерди өз пайдаларына чечип келишкен. Алар алгач Европа өлкөлөрүндөгү адамдарга ар кандай укуктарды алып беришип, андан кийин бизге келишет. А Европаны ээрчүүнү өзүбүзгө милдеттүү деп билген биз кыргыздар, аларды кабыл албоодан башка аргабыз жок. Анткени европаны ээрчибесек биз маданияттан артта калабыз. Ошондуктан биз этти бычак, вилка менен жегенден баштап, түйүлдүктөрдү өлтүрүүгө чейин аларды туурайбыз. Кийген кийимибиз,чачыбыздын прическасы, адамдарга болгон мамилебиз, айтоор баары алардыкындай болгонго аракет кылабыз. Ошондуктан да биздин өлкөдө бирден көп аял алууга укук берилген эмес. А бирок никесиз жыныстык байланыш кылууга укук берилген. Эки аялың болсо сот жообуна тартыласың. Бирок миң ойношуң болсо да сага эч ким эч нерсе дегенге акысы жок. Анткени сенин буга “укугуң” бар. 18 ге жашы жете элек кыздардын турмушка чыгууга укугу жок. А бирок аларга жыныстык байланыш кылууга укук берилген. Болбосо мектептерде безопасный сексти окутуп үйрөтүүдөн кандай максат көздөлгөн болушу мүмкүн. Эң безопасный секс, турмушка чыгуу эмеспи? Мектепке жоолукчан барууга укук берилген эмес, а бирок жоон санын көрсөтүп кийинүү укугу берилген. Президентти шайлоого укугубуз бар, а бирок президент бизди башкарууга укуктуу эмес. Анткени бизде демократия. Баарын эл башкарышы керек. Айтоор, “укук коргоочулар” бизге көп эле “укуктарды” алып беришти. Бирок биз эмнегедир бул “укуктардан” жыргап кеткенибиз жок. Бул “укуктар” менен биз Исламга чейинки түркөйлүк дооруна кайтып бараткандайбыз.
Европа өлкөлөрүндө мышыкты өлтүрмөк турсун, аны көчөгө кууп чыккандыгың үчүн сот жообуна тартыласың. Баракелде! Укук коргоо деп ушуну айт. А бирок али жарык дүйнөгө келе элек, мышыктан да алсыз балдардын жашоого болгон укуктарын ким коргойт!? Мышыкты көчөгө кууп чыксан, эптеп жан багып кете алат. Ал эми жатындагы баланы жаткан жеринен кууп чыксан ал жашай албасы анык. Алардын жашоого болгон укуктарын тебелегендери аз келгенсип, кээ бирөөлөр аларды адамча көмүлүү укугунан да айрып, аларды жеп жатышат. Ошондой экен, эмне үчүн аборт кылгандар сот жообуна тартылышпайт? Же эмне адам баласынын укугу мышыктын укугунча да болбой калдыбы? Кимдир бирөө итин же мышыгын өлтүрүп койсо, дүйнөдөгү телеканалдардын баары аны жаңылык катары көрсөтүшөт. Аны көргөн адамдар ошол адамды дүйнөдөгү эң мыкаачы адам катары карашат. А бирок миңдеген, миллиондогон жардамсыз ымыркайларды өлтүргөндөр менен эч кимдин иши жок. Анткени алардын жошоого болгон укугу, ошол ит же мышыктын жашоого болгон укугуна тең эмес деп билебиз. Эгерде тең деп билген болсок, анда ит менен мышыкты өлтүргөн адамды сот жообуна тарткандай эле, эч бир себепсиз аборт кылган адамды да сот жообуна тартмакпыз. Адамдын укугун иттин же мышыктын укугуна теңөө адам үчүн уят иш болушу керек. Албетте адамдын укугу алардын укугунан жогору болушу керек. А бирок жогору коймок турсун, аларды бир катарга да койбой жатпайбызбы? Мына сага демократия. .. Мына сага адам укуктары урматталган заман...
“Укук коргоочулардын” кылган эмгектери жөнүндө дагы көп нерсе айтсак болот. Мисалы: алар Европа өлкөлөрүндө гомосексуалисттерге кадимки эле адамдардай укуктарды алып беришти. Ошондуктан алар өздөрүнүн ким экендиктерин жашырбастан көчөдө ээн эркин жүрүүгө, бири-бирлерине үйлөнүүгө ж.б. нерселерге “укуктуу”. Ал эле эмес Германияда алардын укуктары тууралуу окутууну, ар бир адам өзү каалагандай тандоо кылууга укуктуу экендиги тууралуу окутуп үйрөтүүнү мектеп программасына киргизүү аракети болуп жатат. Акыркы күндөрү биздин өлкөнүн ММКда да гомосексуалистердин укуктары тууралуу темалардын четтерин чыгара башташты. Бул, жакында аларга биздин өлкөдө да европадагыдай укуктарды алып берүүгө аракеттин башталгандыгынын белгиси болуп жүрбөсүн. “Гомосексуалисттер бул укукту алышса эмне болуптур, алар деле кадимкидей эле адамдар. Болгону алар ошондой төрөлүп калышса эмне кылышсын байкуштар” - деген “толеранттуу” адамдар да чыкпай койбойт. Аларга төмөндөгүдөй жооп беребиз:
Биринчиден: гомосексуалисттер гомосексуалист болуп төрөлөт деген сөз жөн гана теория. Б.а. далилденбеген божомол гана. Божомолго таянып мыйзам кабыл алуу канчалык даражада туура болот? Бир убактары Ч. Дарвиндин теориясына таянып, динди мамлекеттен бөлүп салдык эле, акыр аягы эмне болду? Мындан ким пайда тапты да, ким зыянга учурады? Бүгүнкү күнү Дарвиндин теориясы туура эмес экендиги толугу менен далилденгендигине карабай, ал алып келген зыянды азырга чейин тартып келүүдөбүз. Анын теориясына чейин адам болуп келген болсок, анын теориясынан кийин маймыл эмес, маймылдан да төмөнкү жаныбарларга айланып кеткенибиз жалганбы? Жалган десең аборт тууралуу айткан сөздөрүмдү дагы бир сыйра окуп көр!
Экинчиден: Алардын гомосексуалист болуп калууларынын себептери тууралуу башка пикирлер да бар. Эгерде бир канча пикир бар болуп, медиктердин арасында бул нерсе али толук аныкталып бүтө элек болсо, анда эмне үчүн биз ошолордун ичинен алар ошентип төрөлүшөт деген теорияны туура деп тандап алуубуз керек? Бул теориянын артында “адам укуктарын коргоо” - деген кулака жагымдуу сөз жаткандыгы үчүнбү? Анда бул адамдардын акыйкатты билүүгө болгон укуктарын тебелөө болуп калбайбы? Себеби божомолду акыйкат деп билдирүү, акыйкатты билүүгө болгон укукту тебелөөдөн башка нерсе болушу мүмкүн эмес. А эгер бул теория туура эмес болгон болсо, анда бул укук тебелөө эле эмес, адамдарды алдоо деп да эсептелет.
Үчүнчүдөн: Кыргызстанда жашаган элдин 85% өзүн мусулман деп билет. А мусулмандардын ыйык китеби деп саналган Кураанда Аллах Таала гомосексуалисттерди жазалагандыгы тууралуу айтылган. Эгерде Аллах аларды ошентип жараткан болсо, анда эмнеге аларады ошол иштери үчүн жазаламак эле? Ошондуктан биз мусулмандар аларды Кудай ошентип жараткан деген сөздү эч качан кабыл албайбыз. Мейли бүткүл дүйнөнүн медиктери бир ооздон алар ошентип төрөлүшөт деп айтышсын, барибир биз аны чындык катары кабыл албайбыз. Анткени адам баласы жаңылуусу мүмкүн. Ал эми Аллах Таала жаңылбайт. Эч бир мусулман Аллахтын айткан сөзүн адамдын сөзү менен бир катарга койбойт. Ал Аллахтын сөзүн башкалардын сөзүнөн үстөм деп билет. Ошондуктан мусулман адам жогорудагы теорияны эч качан кабыл албайт. Дарвиндин теориясы акыйкат катары бүткүл дүйнөгө тараган убакта да, чыныгы мусулмандар аны акыйкат катары кабыл алышкан эмес. Акыр аягында акыйкат ачыка чыгып, Дарвиндин теориясынын жалган экендиги белгилүү болду.
Төртүнчүдөн: Кыргызстанда жашаган калган 15% эл да (мейли 13% дейличи, даже 10% болгон күндө да) кайсы бир диндин өкүлү. Ал эми гомосексуализмди эч кайсы дин колдобойт. Демек Кыргызстанда жашаган элдин дээрлик баары алардын ошентип төрөлүп калгандыгына ишенбейт. Эч ким ишенбеген теорияны чындык катары таңуулап, ошол таңууланган чындыкты далил кылуу аркылуу мыйзам кабыл алуу Кыргызстан жарандарынын укуктарын тебелөө болуп эсептелбейби?
Бешинчиден: Кыргыздан качан гомосексуалист чыкты эле? Алар биз баарыбыз европаны туурай баштаганда эле пайда болушпаса, ата-бабаларыбыздын убагында мындай нерсе такыр болгон эмес.
Алтынчыдан: Кайсыл өлкөдө алардын укуктары корголгон болсо, ошол өлкөдө алардын саны көбөйгөндүгү белгилүү. Гомосексуалисттер балалуу болушпаарын акыл-эси соо адамдардын баары билет. Андай болсо, алардын саны кантип көбөюп жатат? Албетте башка бирөөлөрдүн балдарын өз катарларына кошуу аркылуу. Эгерде өз балаңызды аларга кошулуп кетүү коркунучунан сактагыңыз келген болсо, алардын биздин өлкөдө көбөйүүсүнө тоскоолдук кылууга аракет кылууңуз керек болот. “Казанга жакындасаң көөсү жугат” - деген накыл кепти ата-бабаларыбыз бекеринен айтышкан эмес. Жаштык кезде акыл толук боло бербейт. Ошондуктан жаш кезинде туура эмес нерсени да туура деп үйрөтүү оной болот. Ал эмес азыр чоң адамдарга деле туура эмес нерсени туура деп үйрөтүү оңой болуп калды. Алардын кайсы бир нерсени чындык деп кабыл алуулары үчүн телевизордон бир-эки телеберүү көрүү же интернеттен бир-эки макала окуу гана жетиштүү болуп калды.
СССР убагында апам мектептен “улуу атабыз Ленин...” – деп окуткан эжекесинин сөзүн угуп келип, таятама (Аллах өмүрүн узун кылсын) “Ленин биздин атабыз экен” – деп айтса, таятам ачууланып: “ал сенин атаң эмес! Кайдагы каапырды атам дебе!” – деп урушкан экен. Биз түздөн түз орустардын колонизациясы астында болгон убакта да, адамдар ак менен караны ажыратып, бирок бийликтин камчысынан коркондуктары үчүн акыйкатты айталышпай келген болсо, өлкөбүз эгемендүүлүкө жеткенден кийинки ак менен караны ажыраткан адамдар азайып кеткен сыяктанат. Же ажыраткандар көңүл кош болуп кетишкенби айтоор түшүнүү кыйын.
Андан сырткары “укук коргоочулардын” кылган аракеттери натыйжасында кээ бир өлкөлөрдө атасы менен кызы, агасы менен карындашы ж.б. туугандары менен болгон жыныстык байланыштарга уруксат берген мыйзамдар да кабыл алынган. Бул мыйзамдарды биздин өлкөгө да алып кирүү аракети көрүлбөйт деп ким кепилдик бере алат? Биз толерентуулука шылтап, көңүл кош болуп жүрө берсек же ар кимдин тандоо укугу бар деп өзүбүзчө укук түшүнгөн адам болуп жүрө берсек, анда бул нерселер да көп өтпөй бизе жетип келет.
Тандоо укугу бар экендигин четке какпайбыз. Бирок тандоого жараша жоопкерчилик болуусу керек деп билебиз. Кылмышты тандаган адам кылмышына жараша жооп беруусу керек деп билебиз! Бир канча туура нерселердин арасынан бирин тандап алган адамдын тандоосун сыйлайбыз. Мисалы кимдир бирөө “мен дарбыз жебейм, коон жейм десе”, биз анын тандоосун сыйлайбыз жана ага мажбурлап дарбыз жедирбейбиз. Ал эми туура жана туура эмес нерсенин арасынан туура эмесин тандап алуу бул, - кылмыш. Биз кылмышкердин тандоосун эч качан сыйлабайбыз. Мисалы душманга каршы согушуу учурунда адам өлтүрүү менен тынч эле жашап жаткан адамды өлтүрүүнүн арасынан экинчисин тандаган адамдын тандоосун кылмыш деп билебиз жана анын бул тандоосун урматтабайбыз. Ошондой эле өмүрүнө коркунуч туулган убакта боюнан алдыруу менен эч кандай коркунуч жок болгон убакта боюнан алдыруунун арасынан экинчисин тандаган адамды да кылмышкер деп билебиз. Ошол сыяктуу эле өзүнөн башка жыныстагы адам менен үй-бүлө куруу менен өз жынысынан болгон адам менен үй-бүлө куруунун арасынан экинчисин тандап алган адамды да кылмышкер деп билебиз. А кылмышкердин жазасын калуусуна биз эч качан ыраазы болбойбуз. Алар сөссүз жазалануулары керек деп айтабыз. Тандоо укугу бар деп эле туура эмес нерсени тандаганга да толеранттуу мамиле кыла берген болсок, анда адам өлтүргөнгө деле, норкаманга деле, өзүн өзү өлтүргөнгө деле, сойкуга деле толеранттуу мамиле кылуубуз керек болот. Себеби алар ошол нерсени тандап алышты. А аларга толеранттуулук менен мамиле кылуу жер жүзүндө бузукулуктардын көбөйүшүнө алып келет. Аялы, кызы сойку болуп, баласы гей болуусуна ыраазы болгон адам гана аларга толерантуу мамиледе болушу мүмкүн.
Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам): “силердин аранардан кимдир бирөөңөр кайсы бир туура эмес ишти көрсө аны колу менен (жакшы жакка) өзгөртсүн. Эгер колу менен өзгөртүүгө күчү жетпесе, тили (сөзү) менен өзгөртсүн. Эгер ага да күчү жетпесе анда жүрөгү менен өзгөртсүн (б.а. ошол ишти жүрөгү менен жек көрсүн). Ушул (жүрөк менен жек көрүү) ыймандын эң алсызы”- деп айткан.
Алу Лейс ас-Самаркандий бул хадисти түшүндүрүп жатып мынтип айткан: Кээ бир аалымдар: “кол менен өзгөртүү башчыларга, тил менен өзгөртүү аалымдарга, жүрөк менен өзгөртүү жалпы адамдарга милдеттүү” - деп айтышкан. А башка бир аалымдар: “кимдин кайсы нерсени кылууга күчү жеткен болсо, ошентип өзгөртүү ага важиб (милдеттүү) болот” – деп айтышкан.
Бул хадистен белгилүү болгондой, биз мусулмандар мындай бузуку иштерге ыраазы болмок турсун, аларга көңүл кош кароого да акыбыз жок. Эң эле болбоду дегенде андай иштерди жүрөгүбуз менен жек көрүү биздин милдетибиз. Биз толерантуулук деп эле баарына макул боло бербейбиз. Биз толеранттуу боло турган жерде гана толеренттуу болобуз. Ал эми болбой турган жерде болбойбуз. Анткени өлүк адам гана бузукулуктарга каршы күрөшпөгөн, толук толеранттуу адам болот!

Аллах ыраазы болсун, абдан сонун, койгойлуу маселелер жазылыптыр, бирдеме деп коммент жазып булгай турган нерсе эмес, уландысын кутобуз !!!
#9 01 February 2014 - 13:12
эмне деп жазыптыр,кыскача комментарий берип койгулачы
Аборт кылба дейт, дененди сатпа дейт, кыскасы ушундай сыяктуу ото эле терен ойлор, адамдын укуктары, тушунугу кемдерге врятли жетет.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#10 01 February 2014 - 13:24
Баары туура сонун терен ойлор бир эле кейиткени илгери деле кызды баалашкан эмес тура атангору. Кыздуу болгондон уялышып, ошондо деле азыркы жагдай бар тура. Азыр деле 5 кыз торосо арманда калышат балалуу болгон жокмун деп, а бирок 5 эркектуу болсо анчалык деле кейибейт кызым жок деп.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#12 01 February 2014 - 15:46
Эч кандай алымча кошумчанын кереги жок.Бирок,эч себепиз боюнан алдырып,кыз эле торой бересин деген кыйындарыбызда бирдеме деп кктишсе бомок.Форумда деле болуш керек,андай адамдарыбыз,
ошолордун оюн уккум келиватыр
!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#13 01 February 2014 - 19:34
.Бирок,эч себепиз боюнан алдырып,кыз эле торой бересин деген кыйындарыбызда бирдеме деп кктишсе бомок.
Кыйындар, кыйын боло бербегиле! Аллах каалаганына кыз берет, каалаганына уул берет. Каалаганына уул да кыз да бербейт. Каалаганына ал экоон тен берет. Каалаганына эгизден берет, каалаганына жалгыздан берет. Аллахтын бергенине нараазы болуу куноо.
Кыскача айтып койдум.
#14 01 February 2014 - 19:38
бир эле кейиткени илгери деле кызды баалашкан эмес тура атангору. Кыздуу болгондон уялышып, ошондо деле азыркы жагдай бар тура.
Ооба, Ислам дини келгенге чейин мындай корунуш арабтарда эле эмес, башка элдерде да болуп келген. Бирок Ислам келгенден кийин мындай жоруктарга тыю салынган.
Ал эле эмес кыздуу болуп, аларга жакшы тарбия берип чонойткон адамдын бейишке кирээри тууралуу пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) оз созундо айтып откон.
Бугунку куну кыздуу болсо нараазы болгондор, алар оз динин жакшы билбегендер.

Супер-Инфо
super.kg
видео