Бисмилла рахмани иррахим,
Жакшылыгыңдан jанба,
Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
Ымыркайынан ырыска бөлө.
Арчадай узак жаш бер,
Акылга толо баш бер.
Жүзүнөн мээрим төгүлсүн,
Колунан көөрү төгүлсүн.
Апасынын сүтүн актасын,
Жалаң айылы эмес,
Жалпы журту мактасын.
Адамга сүйкүм кеби болсун,
Абийиринин чеби болсун.
Түбөлүгүн оңдосун,
Жараткан өзү колдосун!
Каада салт Аталардан ак бата
#22 06 February 2014 - 13:22
Бисмилла рахмани иррахим,
Жакшылыгыңдан жанба, Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
Ымыркайынан ырыска бөлө.
Арчадай узак жаш бер,
Акылга толо баш бер.
Жүзүнөн мээрим төгүлсүн,
Колунан көөрү төгүлсүн.
Апасынын сүтүн актасын,
Жалаң айылы эмес,
Жалпы журту мактасын.
Адамга сүйкүм кеби болсун,
Абийиринин чеби болсун.
Түбөлүгүн оңдосун,
Жараткан өзү колдосун!
Жакшылыгыңдан жанба, Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
Ымыркайынан ырыска бөлө.
Арчадай узак жаш бер,
Акылга толо баш бер.
Жүзүнөн мээрим төгүлсүн,
Колунан көөрү төгүлсүн.
Апасынын сүтүн актасын,
Жалаң айылы эмес,
Жалпы журту мактасын.
Адамга сүйкүм кеби болсун,
Абийиринин чеби болсун.
Түбөлүгүн оңдосун,
Жараткан өзү колдосун!
#23 06 February 2014 - 13:24
Мына ушундай баталардан кийин бешикке бөлөнгөн бала батаны түшүнгөнсүп,
бактысын күтүнгөнсүп,
жамажайын жайылтып, жай термелип уктап калган. Айтып отурсак, бата берүүнүн түрлөрү эң эле коп. Бата кайсы убакта берилээрин эч ким чектебейт дагы. Кимдир бирөөнүн жакшылыгын көрүп жаткан адам ага ыраазы болгонунан дагы бата берет. Анткени ал адам ыраазы болгонунан жетине албай, ыраазылыгын кантип билдирээрин билбей, агыл төгүл болуп алкайт. Мына ошондо ал адам чын дилинен агыл төгүл болуп турса, анысы батага айланып кетиши мүмкүн. Мисалы, төмөндөгүдөй,
#24 06 February 2014 - 13:26
Башыңдан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы
жетпесин.
Балдарың чечен болсун,
Туугандарың эсен болсун.
Кыдыр сага даарысын,
Кылымга атың таанылсын.
Көл боюнда талың болсун.
Көкөлөтөөр чагың болсун.
Короо толгон коюң болсун,
Козголбос тоодой оюң болсун.
Аттанып үйдөн чыкканда,
Айчүрөктөй жолуң болсун!
Тилиң кызыл болсун,
Тилегиң узун болсун.
Бак карасын башыңа,
Кыдыр даарысын ашыңа.
Куру сайыңа суу аксын,
Элиңе ишиң жаксын.
Берекет берсин ашыңа,
Кызыр келсин кашыңа.
Узун өмүр жаш берсин,
Бала чака башыңа.
Уучуң узарсын,
Жаның жайылсын.
Өмүрүң жайык болсун.
Ырысың журттан ашсын,
Көңүлүң толкуп жатсын.
Эч нерседен кем болбо!
Башканын каргышы
жетпесин.
Балдарың чечен болсун,
Туугандарың эсен болсун.
Кыдыр сага даарысын,
Кылымга атың таанылсын.
Көл боюнда талың болсун.
Көкөлөтөөр чагың болсун.
Короо толгон коюң болсун,
Козголбос тоодой оюң болсун.
Аттанып үйдөн чыкканда,
Айчүрөктөй жолуң болсун!
Тилиң кызыл болсун,
Тилегиң узун болсун.
Бак карасын башыңа,
Кыдыр даарысын ашыңа.
Куру сайыңа суу аксын,
Элиңе ишиң жаксын.
Берекет берсин ашыңа,
Кызыр келсин кашыңа.
Узун өмүр жаш берсин,
Бала чака башыңа.
Уучуң узарсын,
Жаның жайылсын.
Өмүрүң жайык болсун.
Ырысың журттан ашсын,
Көңүлүң толкуп жатсын.
Эч нерседен кем болбо!
#26 06 February 2014 - 13:55
Мал болсун!
Баш болсун!
Берекелүү аш болсун!
Узун өмүр жаш болсун!
Ики деген оору болбосун.
Келе деген доочу болбосун...
Баккан балээ болбосун,
Жапкан жалаа болбосун!
Калк ордунда болсун,
Кан тактысында болсун!
Кандын касабасын сактасын...
Ашуусу бийик тоодон сактасын!
Айкырып кирген жоодон сактасын!
Бак карасын!
Эл ичи тынч болсун!
Эмгек кайнап турсун!
Береке жайнап турсун!
Карыяларыбыз нускалуу болсун!
Байбичелерибиз берекелүү болсун!
Келин-кыздарыбыз уяттуу болсун!
Жаштарыбыз ыймандуу болсун!
Көрүшөргө көз болсун,
Ырыскы дөөлөт тез болсун!
Оомийин!
Баш болсун!
Берекелүү аш болсун!
Узун өмүр жаш болсун!
Ики деген оору болбосун.
Келе деген доочу болбосун...
Баккан балээ болбосун,
Жапкан жалаа болбосун!
Калк ордунда болсун,
Кан тактысында болсун!
Кандын касабасын сактасын...
Ашуусу бийик тоодон сактасын!
Айкырып кирген жоодон сактасын!
Бак карасын!
Эл ичи тынч болсун!
Эмгек кайнап турсун!
Береке жайнап турсун!
Карыяларыбыз нускалуу болсун!
Байбичелерибиз берекелүү болсун!
Келин-кыздарыбыз уяттуу болсун!
Жаштарыбыз ыймандуу болсун!
Көрүшөргө көз болсун,
Ырыскы дөөлөт тез болсун!
Оомийин!
#27 06 February 2014 - 14:09
Жарык дүйнөгө ымыркай төрөлүп, жентек той берилгенде,
же бешикке салынгандагы бата Адам баласы ыңаалап жарык дүйнөгө келип, жалтыратып көзүн ачкандан баштап анын өмүрү бата менен башталуучу экен мурда. Ошондо алгач баланы бешикке, укум тукуму өскөн, умай эне сындуу касиет куту бар, жүрөгүнөн, жүзүнөн мээрим төгүлгөн ак жаркын байбиче салган. Ал баланы бешикке бөлөөрдүн алдында ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп, арча менен бешиктин ичи-сыртын аластап, ар кимиси өзүнүн чыгармачьшык жөндөмүнө жараша төмөнкүдөй баталар менен бөлөгөн:
#28 06 February 2014 - 15:10
Жараткан өзүн жалга,
Жакшылыгыңдан жанба!
Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
Ымыркайынан ырыскы бөлө!
Кесепеттүүнүн сөзүнен сакта,
Каргашалуунун көзүнөн сакта.
Кара жердин төшүнөн сакта!
Касиетсиздин өзүнөн сакта!
Акелерине атчы болсун,
Инилерине башчы болсун!
Жамандан адаштыр, Жакшыга жанаштыр!
Теңтупгун кең кыл, телегейин тең кыл!
Арамдыктан алыс кыл, ар ишке калыс
кыл.
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын,
Шердей үндүү бол, жолборстой сүрдүү бол,
Ырыскыңдан маңдайлуу бол!
***
Жакшылыгыңдан жанба!
Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
Ымыркайынан ырыскы бөлө!
Кесепеттүүнүн сөзүнен сакта,
Каргашалуунун көзүнөн сакта.
Кара жердин төшүнөн сакта!
Касиетсиздин өзүнөн сакта!
Акелерине атчы болсун,
Инилерине башчы болсун!
Жамандан адаштыр, Жакшыга жанаштыр!
Теңтупгун кең кыл, телегейин тең кыл!
Арамдыктан алыс кыл, ар ишке калыс
кыл.
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын,
Шердей үндүү бол, жолборстой сүрдүү бол,
Ырыскыңдан маңдайлуу бол!
***
#29 06 February 2014 - 15:11
Көйнөгүң мала болсун,
Таягың ала болсун!
Калпагың ак болсун,
Төбөсүндө чок болсун!
Атың кашка болсун,
Алты асый жашта болсун,
Камчы сабың кайың болсун,
Казыгында дайым болсун!
Улуунун жашын берсин,
Жакшынын башын берсин.
Күчтүүнүн алын берсин,
Малдуунун малын берсин!
Таягың ала болсун!
Калпагың ак болсун,
Төбөсүндө чок болсун!
Атың кашка болсун,
Алты асый жашта болсун,
Камчы сабың кайың болсун,
Казыгында дайым болсун!
Улуунун жашын берсин,
Жакшынын башын берсин.
Күчтүүнүн алын берсин,
Малдуунун малын берсин!
#31 06 February 2014 - 15:21
Кайын атаңды кандай көр,
Кайын энеңди жандай көр.
Айткан акыл-насаатын,
Агарып аткан таңдай көр.
Ичээр ашын, тамагын,
Айттырбастан камдай көр,
Кызмат кылып талыкпай,
Урмат кылып жалыкпай,
Купулга куп толо гөр.
Адебиңе эритип,
Акылыңа мээритип,
Урпагыңа уланаар,
Ак батасын ала гөр.
Ашкан айкөл бала гөр,
Кайнагаңды бектей гөр,
Кайнилериң чептей гөр.
Кайын эже-сиңдиңи,
Жатындаштан жакшы гөр,
Жаркылдап колдо барыңды,
Жая кескен жалдай бер.
Суу сунсаң да сумсайбай,
Алтын аяк балдай бер.
Чоң абысын колдосун,
Кичи абысының жолдосун.
Айныбай келип тилегиң,
Алганың болуп тирегиң,
Ынтамык, ырыс, бак бассын!
Уюгандай коргошун,
Ортоңорго от жагар,
Опосуздар оңбосун!
Басыгыңды байым даарып,
Барган жериңде,
кайын элиңде,
Бакты-таалай орносун!
Кудайым жалгасын,
Тилегинди берсин,
Алдыңды бала бассын,
Кудай ынтымак ырыс берсин,
Ызаатуу жаштан кылсын,
Башыңарды таштан кылсын.
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары.
Калкыңдын сөзүн жыйнагын,
Кайын журтту сыйлагын.
Алганыңа акжолтой бол.
Ажарың коштоп тоо башын,
Ак элечегиң башыңдан ообасын!
*****
Кайын энеңди жандай көр.
Айткан акыл-насаатын,
Агарып аткан таңдай көр.
Ичээр ашын, тамагын,
Айттырбастан камдай көр,
Кызмат кылып талыкпай,
Урмат кылып жалыкпай,
Купулга куп толо гөр.
Адебиңе эритип,
Акылыңа мээритип,
Урпагыңа уланаар,
Ак батасын ала гөр.
Ашкан айкөл бала гөр,
Кайнагаңды бектей гөр,
Кайнилериң чептей гөр.
Кайын эже-сиңдиңи,
Жатындаштан жакшы гөр,
Жаркылдап колдо барыңды,
Жая кескен жалдай бер.
Суу сунсаң да сумсайбай,
Алтын аяк балдай бер.
Чоң абысын колдосун,
Кичи абысының жолдосун.
Айныбай келип тилегиң,
Алганың болуп тирегиң,
Ынтамык, ырыс, бак бассын!
Уюгандай коргошун,
Ортоңорго от жагар,
Опосуздар оңбосун!
Басыгыңды байым даарып,
Барган жериңде,
кайын элиңде,
Бакты-таалай орносун!
Кудайым жалгасын,
Тилегинди берсин,
Алдыңды бала бассын,
Кудай ынтымак ырыс берсин,
Ызаатуу жаштан кылсын,
Башыңарды таштан кылсын.
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары.
Калкыңдын сөзүн жыйнагын,
Кайын журтту сыйлагын.
Алганыңа акжолтой бол.
Ажарың коштоп тоо башын,
Ак элечегиң башыңдан ообасын!
*****
#32 06 February 2014 - 16:28
Келген жериңе кенен бол,
Кылаар ишиңе белен бол.
Алганыңа таттуу бол,
Ажарың ачкан аккуу бол.
Шаар кылып үйүңдү,
Шар турмушка шаттуу бол.
Кайын-журтка жага бил,
Каалаганың таба бил.
Кайнатанын сынын бил,
Кайнененин сырын бил.
Суусаганын байкасаң,
Сураттырбай суусун бер.
Чарчаганын байкасаң,
Чагылгандын күүсүн бер.
Ойлогонун тандап бер,
Орундугун камдап бер.
Жубуң менен бирге болуп,
Кармашкан колуңар бузулбасын.
Бири-бириңе ысык болуп,
Кыялыңар кызык болуп,
Көңүлүңөр сыздабасын,
Очогуңар муздабасын!
Маанайыңар жарык болсун,
Бул күнүңөр кийинкиге,
Айтып жүрөр тарых болсун!
Кылаар ишиңе белен бол.
Алганыңа таттуу бол,
Ажарың ачкан аккуу бол.
Шаар кылып үйүңдү,
Шар турмушка шаттуу бол.
Кайын-журтка жага бил,
Каалаганың таба бил.
Кайнатанын сынын бил,
Кайнененин сырын бил.
Суусаганын байкасаң,
Сураттырбай суусун бер.
Чарчаганын байкасаң,
Чагылгандын күүсүн бер.
Ойлогонун тандап бер,
Орундугун камдап бер.
Жубуң менен бирге болуп,
Кармашкан колуңар бузулбасын.
Бири-бириңе ысык болуп,
Кыялыңар кызык болуп,
Көңүлүңөр сыздабасын,
Очогуңар муздабасын!
Маанайыңар жарык болсун,
Бул күнүңөр кийинкиге,
Айтып жүрөр тарых болсун!
#34 06 February 2014 - 19:53
Ашың-ашың, ашыңа,
Береке берсин башыңа.
Бөдөнөдөй жорголоп,
Кыргоолдой койкоңдоп,
Кыдыр келсин кашыңа.
Сенден байлык кетпесин.
Теңирим берген кесибиң,
Тебелесең кетпесин.
Чуулдашып карашкан,
Козучактар энеси, Соолук бассын үйүңдү.
Эки-экиден сүзүшкөн,
Музоочактын энеси,
Сыйыр бассын үйүңдү.
Кишенешип тебишкен,
Кулунчактын энеси,
Бээ-жылкы бассын үйүңдү.
Эки өркөчү салпылдап,
Боточактын энеси,
Төөлөр бассын үйүңдү.
От жаккыдай чыт курсак,
Бала бассын үйүңдү.
Төр жакалай отурган,
Конок бассын үйүңдү.
Шыңкылдашып күлүшкөн,
Келин бассын үйүңдү.
Эртели-кеч сайрандап,
Элиң бассын үйүңдү.
Дасторконуң дайым толуп турсун,
Башыңа бакыт кушу конуп турсун!
Береке берсин башыңа.
Бөдөнөдөй жорголоп,
Кыргоолдой койкоңдоп,
Кыдыр келсин кашыңа.
Сенден байлык кетпесин.
Теңирим берген кесибиң,
Тебелесең кетпесин.
Чуулдашып карашкан,
Козучактар энеси, Соолук бассын үйүңдү.
Эки-экиден сүзүшкөн,
Музоочактын энеси,
Сыйыр бассын үйүңдү.
Кишенешип тебишкен,
Кулунчактын энеси,
Бээ-жылкы бассын үйүңдү.
Эки өркөчү салпылдап,
Боточактын энеси,
Төөлөр бассын үйүңдү.
От жаккыдай чыт курсак,
Бала бассын үйүңдү.
Төр жакалай отурган,
Конок бассын үйүңдү.
Шыңкылдашып күлүшкөн,
Келин бассын үйүңдү.
Эртели-кеч сайрандап,
Элиң бассын үйүңдү.
Дасторконуң дайым толуп турсун,
Башыңа бакыт кушу конуп турсун!
#35 06 February 2014 - 19:57
Дасторконуң дайыма майлуу сүттүү болсун!
****
Өрүш толо малың семиз болсун.
Тубар малың эгиз болсун,
Сойгон коюң семиз болсун.
Айдан жылдан аман чыккын,
Эл-журтка жаккын.
Дасторкон жайган пейилиңден,
Шыбага, ырыс тапкын!
****
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп,
Жайлооңордо жылкыңар жайласын,
Өзөнүңөрдө балыгыңар жайнасын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Бир туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Куру сайыңардан суу аксын,
Кылган ишиңер элге
жаксын!
****
Өрүш толо малың семиз болсун.
Тубар малың эгиз болсун,
Сойгон коюң семиз болсун.
Айдан жылдан аман чыккын,
Эл-журтка жаккын.
Дасторкон жайган пейилиңден,
Шыбага, ырыс тапкын!
****
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп,
Жайлооңордо жылкыңар жайласын,
Өзөнүңөрдө балыгыңар жайнасын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Бир туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Куру сайыңардан суу аксын,
Кылган ишиңер элге
жаксын!
#36 06 February 2014 - 20:05
Албаан- албан рахмат
Келинге берилген батаны окуп уйлонуу тоюбузду бир эстеп алдым.
'Бата менен эл когорот'. Анан да ушинтип бата беруунун озу да озгочо шыкты талап кылып, бата берген кишинин аброю да которулот го дейм. Рахмат. Уландысын кутуп калдым.
'Бата менен эл когорот'. Анан да ушинтип бата беруунун озу да озгочо шыкты талап кылып, бата берген кишинин аброю да которулот го дейм. Рахмат. Уландысын кутуп калдым.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#38 06 February 2014 - 20:07
Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Суктанарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып,
Кол кармашып жүргүлө!
Эчкиңер эгиз туусун,
Эки жылда сегиз туусун.
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Суктанарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып,
Кол кармашып жүргүлө!
Эчкиңер эгиз туусун,
Эки жылда сегиз туусун.
#39 06 February 2014 - 20:10
Ат берсе, ала берсин,
Томолок баш бала берсин.
Эчки берсе, теке берсин,
Эшиги ачык Мекке берсин.
Пайгамбар назарын берсин,
Кызырың баарын берсин.
Дасторконуң жабылбасын,
Силерге кайгы кабылбасын.
Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын,
Кара ниеттер асылбасын.
Казынаңар чачылбасын,
Каймагыңар бузулбасын.
Кайнаган казаныңар токтобосун,
Жаман ой бирөө козгобосун.
Уулдарыңар урум болсун,
Кыздарыңар Кырым болсун.
Томолок баш бала берсин.
Эчки берсе, теке берсин,
Эшиги ачык Мекке берсин.
Пайгамбар назарын берсин,
Кызырың баарын берсин.
Дасторконуң жабылбасын,
Силерге кайгы кабылбасын.
Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын,
Кара ниеттер асылбасын.
Казынаңар чачылбасын,
Каймагыңар бузулбасын.
Кайнаган казаныңар токтобосун,
Жаман ой бирөө козгобосун.
Уулдарыңар урум болсун,
Кыздарыңар Кырым болсун.
#40 06 February 2014 - 20:11
Уул үйлөп, кыз берген жерде батанын көбү жаңы келген келинге карата берилген:

Супер-Инфо
super.kg
видео









