Суперстан: 2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы Саясатты сөзгө айлантпай быйыл Кыргызстан үчүн эмне кылып бере алам?

#1 Пользователь офлайн   aikow92   30 Январь 2014 - 16:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.





“Кыргыз мамлекеттүүлүгү эки миң жылдан ашык тарыхындагы татаал мезгилдеринин бирин баштан кечирип жатат. XX кылымда орун алган тагдыр чечүүчү окуялардын натыйжасында Кыргызстан эли өз алдынча мамлекет курууга дагы бир мүмкүнчүлүк алды. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн алгачкы жыйырма жылында тапканыбыздан жоготконубуз көп болду. Коррупцияга батып, криминал менен биригип кеткен үй-бүлөлүк-кландык режимдин күч алышы мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын кетирип, улуттук байлыктарды талап-тоноого жол ачты. 2009-жылы Кыргыз Республикасы КМШдагы эң жакыр өлкө болуп таанылган. Мамлекетке болгон жарандардын ишеними кескин төмөндөп, кыргыз мамлекетинин жөндөмсүздүгү жана мамлекеттин жок болуу коркунучунда тургандыгы жөнүндө ачык айтыла баштаган.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aikow92   30 Январь 2014 - 16:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Байыркы кубаттуу Кыргыз каганатынын урашына себеп болгон ички карама-каршылык сыяктуу эле, азыркы “саясий элитанын” абалы Кыргызстандын негизги проблемасына айланып, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудуруп жатат. Буга саясый элитанын көптөгөн өкүлдөрүндө мекенчилдик касиеттин жоктугу, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна албагандыгы себеп. Алар элдин кызыкчылыгын коргойбуз деген кооз сөзгө жамынып, көнүмүш адатынча мамлекетти талап-тоноого, мурдагы кыянаттыктары үчүн жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жаткандыгы көрүнүп турат.

Эң кейиштүүсү мындай аракеттер улуттук коопсуздукка, элдин биримдигине, өлкөбүздөгү тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч жаратып жаткандыгы. Жалданма колдоочулары, өзүнүн менчик жалпыга маалымдоо каражаттары менен кырдаалды атайылап курчутууну, элибизди урууларга, региондорго, улуттарга бөлүп-жарууну көздөгөн саясатчылардын өзгөчө бир тобу калыптанды.

Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүүнүн маселелерин чечүүгө бөгөт болгон дагы бир олуттуу маселе - мамлекеттик түзүлүштүн жана башкаруу системасынын чабалдыгы. Бийлик вертикалы иштебей, мамлекеттик бийлик органдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын тең салмактуулугунун жоктугу, борбордук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ортосундагы байланыштын начардыгы байкалып жатат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aikow92   30 Январь 2014 - 16:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Мамлекеттик бийликтин бир бутагынын маанилүү чечими көп учурларда башка бутактын жеке кызыкчылыкты көздөгөн бүлүндүргүч чечимдери менен жокко чыгарылып калууда. Ошондуктан баш-аламандыкты жаратып, бийликти алсыраткан, өлкөнүн биримдигине жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген ченемдерди аныктоо максатында колдонуудагы мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын талдап чыгуу зарыл. Регионалисттер баш көтөрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын талаш туудурган акыркы чечимдери кабыл алынып жаткан шартта бул маселе өзгөчө мааниге ээ.

Мыйзамдарды өркүндөтүүдө, административдик жана соттук реформаларды ишке ашырууда мамлекеттик бийлик бутактарынын шайкеш ишин бузуп, карама-каршылык жараткан чечимдерди кабыл алуудан укуктук системаны коргогон калыстык жана тең салмактуулук системасын түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо проблемасын чечүү керек. Бул проблема региондорду экономикалык жана социалдык өнүктүрүүдө кыйынчылыктарды жаратып, айрым саясатчыларга саясый упай топтоого шарт түзүүдө.

Проблемалардын дээрлик бир бөлүгү элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын ишке ашырууга, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана аны колдонуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө, ар бир кыргызстандыкка улутуна карабастан толук укуктуу жаран болууга байланышкан.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aikow92   30 Январь 2014 - 16:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Бузуку күчтөрдүн мамлекеттин укуктук системанын кемчиликтерин, жарандардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданият деңгээлинин төмөндүгүн пайдаланышы кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн өзгөчө коркунуч жаратат. Коомдогу жана мамлекеттик институттардагы укуктук нигилизм жана жазаланбай калса болот деген түшүнүк экономикага терс таасир тийгизип, социалдык инфраструктуранын талкаланышына, жер, экология жана башка тармактардагы мыйзамдардын бузулушуна, бирөөнүн менчигин ээлеп алууга жана талкалоого алып келүүдө. Айрым учурларда мындай мыйзамсыз аракеттер бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн жолдорду тосууга, укук коргоо жана сот органдарына кысым жасоого, жүз миңдеген карапайым жарандарыбыздын укуктарынын бузулушуна, охлократия же “сүрмө топтун бийлигинин” күч алышына алып келүүдө. Натыйжада өлкөбүздөгү туруктуулукту жана тартипти сактоо үчүн көп күч жана ресурс жумшоого муктажбыз.

Бузуку күчтөрдүн саясатта келечеги жок болгону менен, алар Кыргызстанды өнүктүрүүгө жолтоо болоору бышык. Себеби алардын колунда материалдык ресурстар бар жана жеке пайдасын көздөп, алар элибиздин тагдырына балта чабууга даяр.

Мамлекеттүүлүктү жана элибиздин биримдигин бекемдөөгө, мамлекетти жана өлкөдөгү саясий уюмдарды башкарууга жаңы адамдарды, айрыкча жаштарды тартуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча чечкиндүү кадамдарды жасоого мезгил келип жетти. Тагдыр чечүүчү мезгилде мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн жеке жоопкерчиликти күчөтүү, бардык күч-аракеттерди Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына баш ийдирүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын негизги милдети болууга тийиш.

Элибизде биримдик жана ынтымак болсо – бардыгы колдон келет. Ар бир саясатчы жана ар бир жаран Мекеним үчүн эмне иш кылдым жана Кыргызстанды өнүктүрүүгө кандай жардам бере алам деп өзүнөн сурашы керек. Кыргызстандыктардын активдүү жарандык позициясы гана кыйынчылыктарга жана сыноолорго туруштук берип, эгемендүү, күчтүү, жаңы Кыргызстанды курууга шарт түзөт.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   aikow92   30 Январь 2014 - 16:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

1. 2014-жыл Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин жана алардын жетекчилеринин мамлекеттүүлүктү бекемдөө боюнча ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү болуп 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу жыйынтыктары эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөргө багытталган мыйзам долбоорлорун, башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну тездетүү сунуш кылынсын:

1) мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекемдөө, мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу;

2) бүткүл вертикаль боюнча натыйжалуу мамлекеттик башкарууну калыптандыруу, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын оптималдуу айкалышуусуна жана тең салмактуулугуна жетишүү;

3) башкаруу системасына жаңы муундагы жогорку квалификациялуу кадрлардын келиши үчүн шарттарды түзүү;

4) региондор аралык, этностор аралык жана диний чөйрөлөрдөгү мамлекет үчүн бүлүндүрүүчү тенденцияларды жоюу, саясий экстремизмге жол бербөө боюнча алдын алуучу иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

1) Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин практикалык ишин төмөнкү милдеттерди ишке ашырууга багыттоону камсыз кылуу:

– жарандардын мамлекетке, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин арттыруу;

– мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын арттыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик деңгээлин жана жоопкерчилигин жогорулатуу;

– элдин биримдигин чыңдоо, регионализм жана улутчулдук фактыларын болтурбоо, жарандык патриоттуулукка тарбиялоо, жарандардын укуктук маданиятын, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу, Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун институттарын жана жарандарды активдүү тартуу жана алардын тилектештигин камсыз кылуу;

2) жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу жана тиешелүү практикалык иш-чараларды бекитүү менен Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитеттерин бир айлык мөөнөттө түзүү;

3) мамлекеттүүлүктү бекемдөө, анын символдорунун, натыйжалуу жана ак ниет башкаруунун принциптерин, региондорду экономикалык жана социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү проблемаларын ийгиликтүү чечүүнүн идеяларын даңазалоо боюнча иш-чараларды кароо;

4) Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүүгө зор салым кошкон уюмдарды, мекемелерди, юридикалык жана жеке жактарды, анын ичинде тиешелүү конкурстарды өткөрүү жана жарандык коомдун өкүлдөрү ишке ашыруучу долбоорлорду каржылоого көмөк көрсөтүү жолу менен сыйлоонун мүмкүндүгүн табуу;

5) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, башка жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча натыйжалуу маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин өткөрүүнү камсыз кылуу.

5. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенип мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин биримдигин, өлкөдө мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелеринде алардын күч-аракетин бириктирүү жана жоопкерчилигин жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу сунушталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына ушул Жарлыктан келип чыгуучу милдеттерди ишке ашыруу жөнүндө жалпыланган маалыматты
2014-жылдын июлунда жана 2015-жылдын январында берсин.


7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aikow92   30 Январь 2014 - 16:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

2014-жылы Саясатчылардын кандай убада берет экен деп карайбыз. Ким Кыргызстан үчүн эмне иш кылам деп сөз бере алат? Мен берем!!!

- Азырынча каражат маселесин чечүүдө колумдан эч нерсе келбейт. Чет өлкөдөн инвестор чакыра албайм.

- Социалдык жактан жардам көрсөтүүгө аракет кылам. Өткөн жылы карылар үйүндөгү Дүйшөнбүбү чоң апага тамак жасап келем деген бойдон кеткем. Уялам азыр. Сөзсүз барам!

- Таштандыларды көрүнгөн жерге таштабайм! !!

-Жаратылышты коргоого бүт күчүмдү жумшайм!! !


-Буюрса Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн катарын дагы 1 жаш бүлө менен толуктайм! !!)

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 30 Январь 2014 - 16:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mekenchil_jigit   30 Январь 2014 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2018 01:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

2014-жыл бийликти узурпациялоону өнүктүрүү жылы деп жарыяласа жакшы болмок!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Kubanychbekkagan   30 Январь 2014 - 17:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 01 Июнь 07
  • Соңку аракети: 11 Апр 2014 14:09
  • Жынысы:Эркек

" Жакшы тилек жарым ырыс"-деген биздин ата-бабаларыбыздан калган жакшы сөз бар. Жакшыдан тилек кылып, алдыга карай жолбузду улай берсек Жаратканым буюрса өнүгөбүз. Өнүгүп келатабыз. Өзөктөн чыккан өрт жаман, ичтен чыккан жат жаман деп кыргызыма душмандык кылып жаткан АКШнын бийлиги менен кошо оомийн болушсун! !!
Гуд бай, форумчулар! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   zhiza   30 Январь 2014 - 23:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Kubanychbekkagan (30 Январь 2014 - 17:59) жазган:

"Жакшы тилек жарым ырыс"-деген биздин ата-бабаларыбыздан калган жакшы сөз бар. Жакшыдан тилек кылып, алдыга карай жолбузду улай берсек Жаратканым буюрса өнүгөбүз. Өнүгүп келатабыз. Өзөктөн чыккан өрт жаман, ичтен чыккан жат жаман деп кыргызыма душмандык кылып жаткан АКШнын бийлиги менен кошо оомийн болушсун! !!


Хе - хе, ушунчалык дагы окшоштук болобу ээ? "Жаратканым буюрса өнүгөбүз..." Тааныш фраза...
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Likvidator   31 Январь 2014 - 00:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Былжыраган соз болуптур. Ушунча жылдан бери бекемделбеген мамлекеттуулук бир жылда бекемделеби? Мен оз оюмда бекем мамлекетте жашап жатам деп журупмун. Корсо адашкан окшойм АШАнын созуно караганда.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   PROS   31 Январь 2014 - 06:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 21 Май 12
  • Соңку аракети: 17 Янв 2022 10:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета

Бийликти бекемдешет, мамлекетти эмес! Мамлекетти бекемдейм десе армияны да кучотуш керек болчу, пикетке каршы тузгон полкту чекарага жиберет бекен? Эч качан жибербейт.
Өзүн актагандан өлө кач!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aijan   31 Январь 2014 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Былтыр эмгекчилердин жылы болду эле. Кандай иш- чаралар ишке ашты, кабарынар барбы?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   31 Январь 2014 - 11:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Акаевдин тоо жылынан караганда жаман эмес
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Jeka   31 Январь 2014 - 11:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мамлекеттүүлүк жыл жарыялангандан бекемделбейт. Ал үчүн экономиканы түптөш керек. Экономиканы өнүктүрүү үчүн бирдеке чыгарып, аны сыртка сатуу керек. Ортодон түшкөн айрыма - таза киреше болот. Анан, ошол кирешени сарамжалдуу колдонуу керек. Азыркы биздин Кытайдан товар алып келип, кайра сатканыбыз -эптеп күн көрүүнүн амалы.
Жыл жарыялоо - мурункулардан калбайын деген эле кеп.
Айтмакчы, өткөн жыл "Иштерман" жылы деп жарыяланган. Эмне, иштермандар көбөйүп кеттиби же элдин баары иштерман болуп кеттиби? Башкаларды билбейм, мени менен иштегендер мурун кандай иштесе, ошондой эле иштеди.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 31 Январь 2014 - 11:31

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Karagulov90   31 Январь 2014 - 14:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 916
  • Катталган: 24 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2015 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

1) Дуйно жузун кыдырып чыгууну самайбыз -Кыргызстанды кыйратып кыдырып чыга элекпиз. 2) Олчойгон айлык алабыз - кайырчыга 1 сом бербейбиз. 3) Ырдай албайбыз -ырчыларды сындайбыз. Бийчилерди сындайбыз - бийлей албайбыз. 4) Экономисттерибиз коп, акылдууларыбыз коп, байларыбыз коп - итке минген кедей олкобуз. 5)Тилибиз буудай кууруйт, саясатты семичкедей чагабыз - колубуздан эчтеке келбейт. 6) Жаны машина алабыз - бырчаланган жолго айдап талкалайбыз. 7) Акчаны суудай чачып той откоробуз - базардан соодалашып 5 сомго тушуп кой деп жалдырайбыз. 8) Кредитти олчойто алабыз - толой албай Россия, Казакстанга качабыз. 9)Генералдарыбыз коп - олкобуздо журуу кооптуу, чек арабыз тынч эмес. 10)Кен байлыктарыбыз коп, алтындын устундо жашайбыз - жарды, кайырчы олкобуз. 11) Акылдуу, маданияттуу суйлойбуз -чындыгында трайбалист, уруучул кокуй, акмакпыз.Чындык - ачуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   WwWwWwW   31 Январь 2014 - 15:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2016 14:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Karagulov90 (31 Январь 2014 - 14:55) жазган:

1) Дуйно жузун кыдырып чыгууну самайбыз -Кыргызстанды кыйратып кыдырып чыга элекпиз. 2) Олчойгон айлык алабыз - кайырчыга 1 сом бербейбиз. 3) Ырдай албайбыз -ырчыларды сындайбыз. Бийчилерди сындайбыз - бийлей албайбыз. 4) Экономисттерибиз коп, акылдууларыбыз коп, байларыбыз коп - итке минген кедей олкобуз. 5)Тилибиз буудай кууруйт, саясатты семичкедей чагабыз - колубуздан эчтеке келбейт. 6) Жаны машина алабыз - бырчаланган жолго айдап талкалайбыз. 7) Акчаны суудай чачып той откоробуз - базардан соодалашып 5 сомго тушуп кой деп жалдырайбыз. 8) Кредитти олчойто алабыз - толой албай Россия, Казакстанга качабыз. 9)Генералдарыбыз коп - олкобуздо журуу кооптуу, чек арабыз тынч эмес. 10)Кен байлыктарыбыз коп, алтындын устундо жашайбыз - жарды, кайырчы олкобуз. 11) Акылдуу, маданияттуу суйлойбуз -чындыгында трайбалист, уруучул кокуй, акмакпыз.Чындык - ачуу!


өтө туура
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Jeka   31 Январь 2014 - 21:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Karagulov90 (31 Январь 2014 - 14:55) жазган:

1) Дуйно жузун кыдырып чыгууну самайбыз -Кыргызстанды кыйратып кыдырып чыга элекпиз. 2) Олчойгон айлык алабыз - кайырчыга 1 сом бербейбиз. 3) Ырдай албайбыз -ырчыларды сындайбыз. Бийчилерди сындайбыз - бийлей албайбыз. 4) Экономисттерибиз коп, акылдууларыбыз коп, байларыбыз коп - итке минген кедей олкобуз. 5)Тилибиз буудай кууруйт, саясатты семичкедей чагабыз - колубуздан эчтеке келбейт. 6) Жаны машина алабыз - бырчаланган жолго айдап талкалайбыз. 7) Акчаны суудай чачып той откоробуз - базардан соодалашып 5 сомго тушуп кой деп жалдырайбыз. 8) Кредитти олчойто алабыз - толой албай Россия, Казакстанга качабыз. 9)Генералдарыбыз коп - олкобуздо журуу кооптуу, чек арабыз тынч эмес. 10)Кен байлыктарыбыз коп, алтындын устундо жашайбыз - жарды, кайырчы олкобуз. 11) Акылдуу, маданияттуу суйлойбуз -чындыгында трайбалист, уруучул кокуй, акмакпыз.Чындык - ачуу!

Ой азамат, берчи колду, кысып койоюн! Баарын айтып, туура диагноз коюпсун. Сөз жок башка!
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   muxammet   31 Январь 2014 - 21:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 641
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 24 Мар 2014 18:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

2014-жыл биронун Турцияга кете турган жылы экен.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   barabei   31 Январь 2014 - 23:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 28 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2014 04:02

Просмотр сообщения muxammet (31 Январь 2014 - 21:55) жазган:

2014-жыл биронун Турцияга кете турган жылы экен.

тура мен колдойм эки колдоп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   aikow92   03 Февраль 2014 - 19:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ПРЕЗИДЕНТ ЭМНЕ КЫЛАРЫ МААНИЛҮҮ ЭМЕС. АР КИМИБИЗ САЛЫМ КОШУШУБУЗ КЕРЕК. БАК ТИКСЕК ДА КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ЭМЕСПИ. АЗЫР САЯСАТТЫ ТАЛКУУЛАБАЙ ИШТЕГЕНИБИЗ ОҢ.

БААРЫ ЭЛЕ СЫНДАП ОТУРСА ЭЧ КИМИБИЗ ЭЧ НЕРСЕ КЫЛБАЙТ ОКШОЙБУЗ. МЕН АЗЫР ЖУМУШТА ОТУРАМ "АКЧАНЫ ӨЗ ЧӨНТӨГҮМӨ САЛСАМ ДА ИШТЕП ЖАТАМ" ЖУМУШСУЗДАРДЫН САНЫН ТОЛУКТАГАНДАН КӨРӨ АР КИМИБИЗ ӨЗ АРАБАБЫЗДЫ СҮЙРӨБӨСӨК СЕН МЕНИ МЕН СЕНИ ТААНЫБАЙМ ЗАМАНГА БАРЫП ТАКАЛАБЫЗ! !!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Авг 2025 02:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: