Айылдан шаарга келип көп убакыттан бери шаарда иштеп, жашап келген жаш аз камсыз үй- бүлөөлүүлөр шаардан жер тилкесин бекер ала алышабы?
Же муну бир гана ГОС..жумушта иштеген адамдар оңой алышабы дейм?,
анда карапайым үй-жери жок, жөнөкөй ишкер, жаш балдары бар үй-бүлөө мындайга укугу жокпу?
Угушума караганда көп эле үй-бүлөө очередке туруп жер, же этаждан кв алышат экен, мунун кандай жолдору бар, жана эмнеге баарына жеткиликтүү эмес?!
Шаарда үйү жоктор, жер тилкесин бекер алуу мүнкүнбү?
#2 13 Февраль 2014 - 18:48
Менин билишимче, эгерде айылда үлүш жериңиз, үйүңүз жок болсо, шаарда көп жылдан бери каттоодо турсаңыз жашаган жериңиз боюнча ошол райондун акимчилигине госрегистрдан (жери, үйү жок деген), жашаган жериңизден үй-бүлөңүздүн составы жана көп жылдан бери квартирада турат деген (квартальныйдан),
ишиңизден (профкомдон) справка жана арыз менен кайрылып каттоого турасыз, кезегиңиз келгенде бекер жер аласыз.
Закон боюнча мамлекет тарабынан жарандарга бир гана жолу жер же үй берилет.
Закон боюнча мамлекет тарабынан жарандарга бир гана жолу жер же үй берилет.
#4 09 Апрель 2014 - 12:29
Айылдан шаарга келип көп убакыттан бери шаарда иштеп, жашап келген жаш аз камсыз үй- бүлөөлүүлөр шаардан жер тилкесин бекер ала алышабы?
Же муну бир гана ГОС..жумушта иштеген адамдар оңой алышабы дейм?,
анда карапайым үй-жери жок, жөнөкөй ишкер, жаш балдары бар үй-бүлөө мындайга укугу жокпу?
Угушума караганда көп эле үй-бүлөө очередке туруп жер, же этаждан кв алышат экен, мунун кандай жолдору бар, жана эмнеге баарына жеткиликтүү эмес?!
Суроого Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекттик каттоо кызматынын Кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди:
- Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчиктурак үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун» 7-9пунктарында төмөндөгүдөй айтылат: 7. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жертилкесин алуу укугу Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жарандарына таандык:
- ошоладминистрациялык- аймактык бирдиктин аймагында Бишкек жана Ош шаарлары үчүн 3жылдан, калган аймактар үчүн 1 жылдан кем эмес жашагандар;
- Кыргыз Республикасынын(бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер тилкеси жоктор;
- турак жай аянтыбелгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандардыэсепке албаганда, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жоктор;
- кийинки 5 жылдыничинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.у.с. бүтүмдөрүн түзүп, менчигиндетурган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарынначарлатуучу жарандык-укуктук иштерди жасабагандар;
- 2010-жылдынапрель- июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардынбалдары.
(КР Өкмөтүнүн2014- жылдын 13-январындагы N 23 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жеке менчик турак үйкуруу үчүн жер тилкесин алуу үчүн талапкер адам тийиштүү атайын укуктууорганга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- аныкталган формадагыарыз;
- ким экенин билдирүүчүдокументтин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчикукугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жертилкеси жоктугу тууралуу маалымкаты;
- эмгек китепчесининкөчүрмөсү (эгер болсо);
- эмгек ишмердүүлүгүнжүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнчаберилет);
- атайын укуктуумамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;
- турак жай шарттарынтекшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
- жашаган жериненүй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
(КР Өкмөтүнүн2005- жылдын 30-июну N 276 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жеке менчик турак үйкурууга жер тилкесин алуу үчүн тийиштүү атайын укуктуу органдарга документтапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документтерди берүүчүоргандар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

Супер-Инфо
super.kg
видео










Мобилдүү версия